Мусакун САТЫБАЛДИЕВ – кыргыз адабиятына келген өзгөчө феномен. А мүмкүн дүйнө адабиятында жок. Мусакедей тагдыр кечирген, Мусакедей төрт дубалдын ортосунда өмүр бою кадалган Адам дүйнө адабиятынан кезикпес чыгар. Бала күнүнөн тубаса майып болуп төрөлгөндүктөн, элге окшоп мектеп босогосун аттабаса да онтоткон оорусуна карабай 12-13 жашында өз алдынча тамга таанып, адабият астанасын аттаган жан бу дүйнөдө болду бекен?! Алты саны аман жүргөн адамдарда жок кайратты Мусаке кайдан алган?! «Өзүмдүн жандүйнөмө канат жасап,\Кайгыны тебелейм да, кээде күлөм»\ – Мындай саптарды биз жөн гана кара күч же кажырлуу кайраттын деми менен болсо да жазып коюшубуз ыктымал, бирок бул эки саптын артында катылган тагдыр биздики болбогондуктан – окурмандын өнө боюн өрлөп жетээр беле?.. Мындай саптар моралдык соолугу таза адамдын гана көөдөнүнөн булактай сызылып чыгар.

Арийне, алты саны аман жүргөн акындар жандүйнөнүн жасалма канаты менен учуп жүргөндүктөн, алар эч качан «Кайгыны тебелейм да, кээде күлөм» дей алышпас.

Мусакенин көркөм поэзиясындагы тереңдикке сүңгүй келсек:
«Күндүн өзү Күн экенин биле албайт, \Мүлдө ааламга сепкен өмүр үрөнүн» — дейт-ов! Көкүрөгү улуулукту тааныган даанышман-суфий дервиштери, суфий-акындары жеткен акыйкатты мусапыр-майып-акын Мусакенин поэзиясынан кезиктирдим! Бул эки сапта жөп-жөнөкөй улуулук жатат. Хафис, Саади, Руми, Жами сындуу Чыгыштын улуу акындары адамзатка мураска калтырып кеткен көөнөргүс саптар ириде эң жөнөкөй болгон үчүн бүгүн даа аалам кезип жүрү. Жарык чачып…

Орус адабиятынын күмүш доорунан бериге нечендеген символист, футурист, обэриут, акмеист, ижаминист агымындагы акындар чыкса, кыргыз жазма адабияты калыптанган күндөн берки байтактуу адабиятыбызга саресеп салсаң, жамакчылык менен ыр токугандын баары акын деп эсептелип, бүгүнкү күндө кыргыз адабиятынын саман-топону ажыратылбаган бойдон жатат. Чириги да, ириги да аралаш… Адабий агымдарды тургай, адабияттын жакшы-жаманын ажыратуу кыйын; кыргыз акындарынын чыгармаларына үңүлө келгенде… Баарыныкы эле уйкаштык жагынан шаңгырап угулуп тургансыйт, көркөмдүк маанисине келгенде – талдаган киши жок! Ооз ачкан киши жок! Адабиятчылардын, сынчылардын колдору бош эмес! Айтматов жаратып кеткен адабиятка баарынын тиштери өтөт деле, учур адабиятына келгенде: алардын азуулу тиши мокок же алар үчүн татыктуу таланттар жокко эсе…

Жогоруда орус адабиятындагы түрдүү агымдар туурасында учкай кеп кыстарганымдын себеби: биз сөз кылган Мусакун Сатыбалдиевдин поэзиясы кыргыз адабиятынан өз ордун, өз агымын табарына бөркүмдөй ишенем. Келечекте адабият арибин, адабият теориясын жетик өздөштүргөн адистер Мусакун аванын акылга төнгөн нукура поэзиясын окурман журтуна тааныта турган учур да келет…

Олжобай ШАКИР

ПОЭЗИЯ

ЫРЛАР ТИРҮҮ
Шаңы жанып, дүбүрт чыгат алыстан,
Дөөлөтүндө бир кылымды карыткан.
Ой, сезимге ак шам болуп, адамдын,
Акыл-эсин, жан-дүйнөсүн жарыткан.

Акбоз аттын жал-куйругун сапырып,
Киргилт ойду жуутпастан, качырып.
Ыр-дүйнөсүн желбиретип, кулпунтуп,
Жетип келди бир кылымды ашырып.

Акбоз атын шайбырлантып алп акын,
Даңктап келет Ата Журттун, эл атын.
Бөксөрбөгөн азык болгон бүт жанга,
Улуу дөөлөт кылып ырын, сөз затын.

Тигилбеген чырпык өсүп, көгөрбөйт,
Күрпүлдөгөн дайра жеңил бөгөлбөйт.
Улуу журттун дартын алган мойнуна,
Мындай акын дүйнөдө көп төрөлбөйт.

Ажарлантып ыр дүйнөсүн бир башка,
Жасап кеткен солк этпеген зор аска.
Акын келип, ырын жазган бу жээкте,
Кол тийгизип, суктанамын зыл ташка.

Дартка шыпаа Ата Журттун деминен,
Ойчул акын күч-дарман таап көлүнөн.
Мөл булактай тазарткан жан-дүйнөнү,
Ырдан эмес, бир тагдырдан кемиген.

Көл толкуну — ыр таап берген акынга,
Сезим көрктөп, гүл өстүргөн акылга.
Корунам мен, акын бүрксө кабагын,
Ыр дайрасын булгап турган бакылга.

Менин дүйнөм — ырларында акындын,
Мөлтүр дилге, тунуктукка жакынмын.
Алп акындын жалгыз сабын туу тутуп,
Өзүмдү эч айта албаймын «акынмын».

Дүбүрт чыгат кыргыз элдин доорунан,
Жарып чыгып келбестиктин боорунан.
Кайдасыңар кыргыз журттун чыгааны,
Ата Журт деп, акынга окшоп ооруган.

Мезгил келсе тоо да кулап, чап болот,
Таш агызган дайра бир күн токтолот.
Кыргыз журту, соңку кыргыз калгыча,
Алыкул бар, ырлар тирүү, жаш болот!

БУЛ  ӨМҮРДӨН
Мезгил ушул көз ирмемге токтобой,
Чырпык өсөт чынар болуп жетилип.
Кечээки күн биздин күнгө окшобой,
Кемип барат өмүр да улам кетилип.

Турмуш деген улуу күрөш ушундай,
Тыным албай толуктап да кемиткен.
Дүйнө кезген Пикассонун кушундай,
Жаш муундун дүбүрттөрү демиткен.

Адам келет максат жүктөп жарыкка,
Өмүр жибин чырт эттирбей, улоого.
Күнү түшүп кээде жыртык чарыкка,
Кездер болот бийик жардан кулоого.

Өмүр баркы кыйын-кезең жолдордо,
Чыйрак адам таман жыртып арбытат.
Жашоо деген тууну кармап колдордо,
Наркын билген адам гана барды утат.

Те байыркы адамзаттык салтты улап,
Босогосун аттап бул күн турмуштун.
Жакшылыктын үмүт атын камчылап,
Жаңы үй-бүлөө керегесин тургуздуң.

Түшпөс болсун ушул үйдүн түндүгү,
Ынтымак да сүйүү менен чырмалып.
Жаңы турмуш Айга татып күндүгү,
Таалай ыры турсун дайым ырдалып.

Берген батам ушул болсун — үйүңөр,
Толуп турсун күлкүсүнө балдардын.
Өмүр бою жаркын жанып сүйүүңөр,
Тээ учунда турсун самби талдардын.

Ыйманы ысык, кенен пейил болгула,
Кадыр-барктап ата-энени туу туткан.
Бала өстүрүп, бак-дөөлөткө толгула,
Болуп дайым бул өмүрдөн көп уткан.

* * *
Күн баратат менин соңку күнүмдөй,
Көз алдымда бүлүнүп да, бүлүнбөй.
Үмүттөрдүн бейитинде жылмайып,
Карап турам мен үмүттөн түңүлбөй.

Тирүүлүктүн тизгининде карышып,
Өзүм менен өзүм келем жарышып.
Бу жашоонун дөңгөлөгүн айлантам,
Күрөш менен дале тынбай алышып.

Бу дүйнөнүн толтурчудай бөксөсүн,
Аламын деп тагдырдын бир өктөсүн.
Шам ордуна өзүмдү-өзүм жагамын,
Күн өчсө да, пенде үмүтүөчпөсүн.

* * *
Жарыкты караңгыдан сыгып алып,
Өксүктүн башын бүтүн ага малып.
Өмүрдүн жарышында алгалаймын,
А кээде дүбүртү жок, чаңда калып.

Жол узак чаалыгамын, мүдүрүлөм,
Күздөгү барик болуп дир күбүлөм.
Өзүмдүн жандүйнөмө канат жасап,
Кайгыны тебелейм да, кээде күлөм.

А кээде бут алдымда күндөр сынат,
Карекке терең чөккөн бейит турат.
Жашоого өлүү үчүн келбеш керек,
Өмүрдү сарптаганда майнап чыгат.

Өмүрдү мен өмүрдөн бөлүп туруп,
Үмүтүм – ыр сабынан мунар куруп,
Алсам дейм. А болбосо кетишим оң,
Башымды бодур ташка өзүм уруп.

СОҢКУ ӨМҮРДӨ
Таалайымды желбирете булгалап,
Ак таңы аз тагдырыма суктандым.
Сүйүү болуп ааламымды талкалап,
Жүрөгүмө капысынан тып тамдың.

Ошо тамчы эми менин жашоомдой,
Өз дүйнөмө күнүм болуп жагылды.
Кечеки өмүр селге кетип басылып,
Көз алдымда чөлгө гүлзар агылды.

Чагылгандын шапалагын алдым да,
Кеттим эми көздү жумуп шартыма.
Феникстей оттон турдум кайрадан,
Мен өзүмдү таштап салып артыма.

Карегимдин тереңинде жашайсың,
Асманымы ээлеп алган Нургыздай.
Тизгини жок тулпар атын теминип,
Сезимдерим учат сага жылдыздай.

Сенин кусаң, бүт санааңа айланып,
Сары кырдан келет менин үйүлгүм.
Бир жаркытып жарыгы кем өмүрдү,
Жалгыз гана келет саган сүйүлгүм.

Сар жылдыздай терезеңден агылып,
Сен күтпөгөн бир керемет жасасам.
Торгой болуп безеленип тынымсыз,
Жүрөгүңдөн түнөк куруп жашасам.

Менин өзүм сүйүү болуп бүтүндөй,
Келип турат жалгыз сага төгүлгүм.
Балким менмин өмүрдөгү табылгаң,
Бир көлкүлдөп сага келет өбүлгүм.

Жүрөк өзү сүйүү менен жүрөктүр,
Жалыны тап, чогу кызыл көмүрдө.
Менин эле же өзүңдүн бактыңдыр,
Ушул сүйүү балким, соңку өмүрдө.

СЕНДЕН СЕЗДИМ
Гүл болсоң эгеримде жашыл кырда,
Ыргалып эрке желге жайнап турган.
Балтаны шилтемекмин ойлобостон,
Өзүмдүн кош колума саган сунган.

Ажайып көркү болсоң бул дүйнөнүн,
Сан жетпес каректерди карыктырган.
Ошондо жүрөгү жок таш болмокмун,
Суктары өтпөсүн деп жарып турган.

Эгер сен мажүрүм тал болуп калсаң,
Саяңды башка жандан корумакмын.
Кыжаалат кылган түштү көрсөң дагы,
Бир гана жакшылыкка жорумакмын.

Сапырып саамай чачың жел ойнотуп,
Жыңайлак шибер кечип баратсаң сен.
Тикенди балким, басып албасын деп,
Өзүмдүн көөдөнүмө саймакмын мен.

Эгерде чалкып жаткан сүйүү болсоң,
Толкуну жээкке урган көлдөн терең.
Бу дүйнө жарыгынан качкан бойдон,
Түпкүргө көз ирмебей чөкпөс белем.

Кокустан эки айрылыш жолго түшүп,
Асыл жан барын билбей калганымда:
Шооласын аткан таңдын элес албай,
Күн кечип жүрмөкмүн өз арманымда.

Сен менин кушум болгун закымдаган,
Зарлатып, зарыктырган, саматтырган.
Дүйнөм бол ээлеп алган жалгыздыгы,
Ай чыкпас, Күнү күңүрт таң аттырган.

Мейли түк колум жетпес үмүт болгун,
Асманда көз ымдаган сар жылдыздай.
Арманым, таалайым бул сенин барың,
Ар бир күн өтөт сенсиз жүрөк сыздай.

Бу дүйнө сендей асыл менен көрктүү,
Эми мен жалгыздыктан оолак бездим.
Сагыныч, көйгөй, күтүү, сүйүү толгон,
Жүрөгүм тирүү экенин сенден сездим.

МЕН БАРМЫН
Сен өзүңдүн ким экениң билбейсиң,
Асыл гүлсүң — бул дүйнөдө өспөгөн.
Асмандагы жылдыздар да суктанган,
Ыйык көлсүң мендей сага чөкпөгөн.

Сенин барың бул дүйнөдө сезилет,
Түндүгүмдөн аккан кутум, берекем.
Тиргиликтин гүлү болуп кулпурган,
Сен турганда — Мона Лиза ким экен.

Сага тийген күндүн нуру маа тийип,
Мен өзүмдүн бакытыма сыя албайм.
Тик кароого жүрөк чиркин даабаган,
Бир тал чачың мен өзүмө кыялбайм.

Асыл жандан — каректери карыгып,
Сен тарапка Күн да жалтаң кылчаят.
Бодур ташка ажайып бир гүл чыгып.
Сен жылмайсаң айталаа да жылмаят.

Кубанычтан согот жүрөк дирилдеп,
Сен жаралган бул ааламга жаралып,
Жашап келем гүлзарында өмүрдүн,
Сен дем алган абадан мен дем алып.

Бирок аттиң… күн бетинде кара так,
Бешенеде жазган жазуу ар кандай…
Бир үшкүрүк солк эттирет дүйнөнү,
Сага жетпес өксүк жалгыз армандай.

Күн чыкпаса жердин бети не болот,
Ошол сымал сенсиз менин дүнүйөм.
Сендей асыл жанга колду суналбай,
Таалайдан да, бакыттан да түңүлөм.

Өлгөн үмүт, кусалыктан жаралган,
Мен өзүмдү бир арманга бергемин.
Жыргалынан жыласы көп жашоого,
Жалгыз сени сүйүү үчүн келгемин.

Күтүп жүргөн бул өмүрдө зарыгып,
Балким, сага ак таң болуп атармын.
Асыл жандын жүрөгүндө топчудай,
Сүйүү болсо дүнүйөдө мен бармын.

БАР ЭКЕНИҢ
Күндүн өзү Күн экенин биле албайт,
Мүлдө ааламга сепкен өмүр үрөнүн.
Тирүүлүккө бир чакырык таштаган,
Менин Күнүм өзүңсүң деп билемин.

Мөлтүр мүрөк болуп берген адамга,
О, насилин билет ким бу жарыктын.
Чагылгандын кабылгандай коомуна,
Асыл жандын аруусунан карыктым,

Наз келбетиң жылдызды да уялткан,
Аялзаттан мен таппадым сага эч тең.
Көзүм кайып четке чыгат жалтанып,
Бул дүйнөнүн тунук заты сен белең?

Бир күңүрттүк сезимине түшпөсүн,
Киргилт ойлор жакындаба, тооруба.
Чымчым жылуу өттүбү деп өзүңдөн,
Бутуң тийген ташты кысам боорума.

Жалгыздыктын чокусуна байырлап,
Жашагансыйм бу дүйнөнүн четине.
Басып өткөн жолуң дагы бактылуу,
Менден көрө, нур жайылып бетине.

Түк чыгалбай кусалыктын айлынан,
Кумдай чачып мен өзүмдү жоготом.
Сапырылган кеч күздөгү жалбырак,
Сыяктанып, жашоону бош коротом.

Сен тарапка алып барчу жолду мен,
Селге айланып бузамын да, курутам.
А анткени дүйнөң бийик мен жетпес,
Жок сени эмес, бүт дүйнөнү унутам.

Э-эх, периштем, мен өзүмдү жоготуп,
Сүйүү болуп эркимен тыш актым да.
Асманында жылдыздар аз дүйнөмдө,
Бар экениң — арманым да, бактым да.

*     *     *
Жашоосу жок жашоодо жашагандай,
Башы жок, соңу да жок ой-санаанын.
Адашып көчөсүндө жүргөнсүйм мен,
Белгисиз, курула элек бир калаанын.

Жоготуп өзүмдү өзүм, издеп таппайм,
Толкундар сан толкунга жутулгандай.
Ак шамын чоң үмүттүн шамал үйлөп,
Мен өксүп бир жарыштан утулгандай.

Жашоонун тамчы суусуз чөлүндө күн,
Кечирип жүргөнгө окшойм убайымда.
Серп салбай мен тарапка асыл жаным,
Ыргыткан таштай көргөн кудайым да.

Чырт ачат ак жамгырдан гүлдөр ажар,
Көңүлдүн ааламына бир көрк берген.
Ал мага  нөшөр болуп жаайт көп ой,
Көйгөйдүн сарбариктей гүлүн терген.

Алыска менден жашоо качкан сымал,
Жан-дүйнө түпкүрүндө жашайт куса.
Бир жактан сагыныч да айоо билбес,
Кыйнайт жанды кучакка бекем кыса.

* * *
Сен менден төрөбөйсүң асыл бөбөк,
Ойногон көкүлүндө бир нур көбөк.
Коротуп өмүрүмдү жалгыз сен деп,
Боло албайсың оогондо мага жөлөк.

Сен менден татына кыз төрөбөйсүң,
Бапестеп, бал бешикке бөлөбөйсүң.
Бир сен деп жүрүп акыр бүт түгөнүп,
Жыгылып баратсам да жөлөбөйсүң.

БОЛСО ЭКЕН
Кол карышып тизгининде турмуштун,
Дал башыма кээде муштум ургуздум.
Антсе деле, таштан сыгып тамчыны,
Таштак жерге гүлзарымды тургуздум.

Сарбариктин арман ырын уга алдым,
Чулу таштан чыккан гүлдөн уялдым.
Күндүн жарты тамчысына бой урган,
Ошол гүлдүн кан тамырын туялдым.

Терип алып өксүктөн мен данекти,
Таттуу жемиш өстүрдүм жеп жан этти.
Маңдай терим мөл булакка айланып,
Актап келет жаш сураган мээнетти.

Тамчысынан канагат таап өмүрдүн,
Датын эмес, затын алдым темирдин.
Жашоо мага болсун үчүн ыраазы,
Миң айландым дал чогуна көмүрдүн.

Баса турган дабан бийик болсо экен,
Бу тагдырдын бир кемтиги толсо экен.
Төгүнүнөн келбептир деп дүйнөгө,
Өмүр маган чын ыраазы болсо экен…

ТЕРЕК
Жүрөгүм бүт айлым жакта калгандай,
Ансыз жашоо мунарыктай, жалгандай.
Коңур күздүн баригиндей бир куса,
Дем кыстырып, төө бастыга алгандай.

Киндик каным тамган айлым Сарууга,
Ылаажым жок ай жаңыртпай барууга.
Кош каректен күйүп-жанса сагыныч,
Миң чачырайм — айлангандай тарууга.

Алыс жактан көзгө урунуп теректер,
Ич тызылдап, нымдалышат каректер.
Жаштык дүйнөм сиңип калган боюна,
Бул атамдан калган кымбат белектер.

…Сезимимде дале жашайт ошол күн,
Бир чымчымы кетилбестен бүп-бүтүн.
Таң аткандан шамал турду дуулдап,
Күнү бүгүн угулгансыйт шуу-шуу үн.

Атам калды бак тигем деп камынып,
Мен  отурам үйдөн чыкпай камыгып.
Мине турган чырпык атым куураган,
Карт тагдырдын буйругуна багынып.

Чыгам дедим мен да тышка көшөрүп,
Жашым сүртүп, атам чыкты көтөрүп.
Көк чепкенге бекем ороп, кымтылап,
Калбасын деп желге урунуп жөтөлүп.

Мен олтурдум төштү тосуп шамалга,
Моюн сунуп тагдыр берген «амалга».
Бир бармагым тийбесе да, ой менен,
Жан-дилимди арнап коюп «бадалга».

«Бадал» эмес, терек болуп өстү алар,
Дүркүрөшүп, көргөн адам таң калар.
Окшоп кетчү ошол кезде негедир —
Бир чырпыгы сынса кызыл кан тамар.

Мезгил өзү кайрымы жок нерсе экен,
Каршы турар дүйнөдө күч бар бекен?
Асман тиреп, тизилишкен теректер,
Көп кыйылды — тагдырлары тар экен.

Атам тирүү — бул бактан сезилгендей,
Жүрөгүм бир мыкчылат эзилгендей.
Карайган дүмүрлөрдү көрсөм дайым,
Мен сезем өз буттарым кесилгендей.

Атам тиккен теректен төртөө турат,
Шуулдап, ичтен тынып, ойго тунат.
Бир терек тиге албадың тирүү өлүк,
Деген ой жан сыздатып, бетке урат!

* * *
Чегилген арабага: мен атка окшоп,
Тирликти күчүркөнө сүйрөп келем.
Жарыгын жылт эткизип алга качып,
Бир ыйык кызыктырат өмүр деген.

Эгерим мүмкүн болбос теңештирүү,
Дүйнөнүн бүт асылын тамчысына.
Мен анын гүлүн искеп калайын деп.
Жонумду тосуп бергем камчысына.

Бир ууртам ширесине тобо кылып,
Сеңселтип бороонуна чачты тарайм.
Ак таңдын тамчы нурун тутуп алып,
Тагдырдын катаалына күлө карайм.

Эң соңку күндөн качып келе жатам,
Мен эмес, өмүр менден бакыт дегдеп.
Тирликтин жолуна өзүм төшөлөмүн,
«Өмүрдүн наалатына калба сен» деп.

КЕЧИРГИЛЕ
Кечиргиле күндөрүм, кечиргиле,
Өзүңөрдү баалабай жүрсөм эгер.
Куру өткөрсөм эсептен өчүргүлө,
Ошол мага түгөнбөс азап берээр.

Кечиргиле күндөрүм, кечиргиле,
Өлгөн үмүт көтөрүп сени тоссом.
Ошол замат катардан кетиргиле,
Болбос ишке эгерде колум созсом.

Кечиргиле күндөрүм, кечиргиле,
Туталбасам зымырык мүнөтүңдү.
Коротпостон ак нуруң, өчүргүлө,
Токтотту деп билгиле күрөшүмдү.

Кечиргиле күндөрүм, кечиргиле,
Сарбариктей сапырсам өзүңөрдү.
Бүгүн мени «өлдү» деп өкүнгүлө,
Карабасам жалтактап, көзүңөрдү.

Кечиргиле күндөрүм, кечиргиле,
Куру жалак калтырсам көңүлүңдү.
Аз дебесең мен берем, бөлүшкүлө,
Ар бириңе бир чымчым өмүрүмдү.

ЖАРКЫН ТАҢ
Оо, жаркын таң!
Буйрулдубу жүз көрүшүү — кайрадан,
Жашоо мага ажарлуу бир жылмайды.
Үмүт турду кеч күүгүмдө жайраган,
Селт жазгана түпкүрдөгү муң, кайгы.

Оо, жаркын таң!
Жарык нуруң көз карекке мелтилдеп,
Күлгөн күндү мен кучактап турамын.
Саамай чачым желаргыга селкилдеп,
Жайып кулач, чексиздикке сунамын.

О, жаркын таң! Көргөн сайын өзүңдү,
Мен кайрадан жаңыланып, тирилем.
Куружалак келсем бир күн, көзүңдү,
Карай албай миң бөлүнөм, тилинем.

О, жаркын таң! Сен тирүүлүк булагы,
Ууртам нуруң мага кымбат, сыйынам.
Дүйнө чиркин, былк этпестен турабы,
Бир жыгылсам мен өзүңдөн жыгылам.

О, жаркын таң! Чачыраган кумдардан,
Бирден терип, мен бакытты чогултам.
Көңүл калбай жашоо деген кумардан,
Айсыз түндө издеп келем нур ууртам.

Оо, ыйык таң! Мен өзүмчө кемиймин,
Татысам дейм бир кочуштай нуруңа.
Жанетти жеп, томук муздай эриймин.
Бул жашоонун чыгамын деп тууруна.

О, жаркын таң! Ак шоолаңа бой урам,
Балким, бүгүн көксөткөнгө жетемин.
Ак нур менен кошо агып, мен тунам,
Кечээ жетпей калганга азыр кетемин.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *