Фин жомогу

Ит менен карышкыр токойдон жолугуп калышат. Карышкыр ошол жерден итти кежигеден тиштеп, үңкүргө сүйрөп жөнөйт.

– Карышкыр, мени жегенде эмне? – дейт кыңкыстаган ит, – жүрү андан көрө адамдардын үлпөт тоюна, ал жерде шумдуктай тамактардын түрүн жейсиң.

– Тойгобу?! Ал жакка кантип кирем? – дейт таңгалган кашаба[1].

– Мени менен барасың да. Кечке жуук кампага кел, ошол жерден экөөбүз ээрчишип барганыбызды эч ким байкабай калат.

Карышкыр кечке күтүп, айтылган маалда кампага жөнөйт, ангыча ит да келет.

Той кызып калган болот. Ит менен карышкыр шырп алдырбай той өткөн үйгө кирип, дүйүм тамак жайылган үстөлдүн алдынан орун алышат. Отуруп, отуруп, ит шимшилеп баштайт. Аны байкаган меймандар: эт, сөөк, боорсокторун ыргытып, айтор, үстөл астындагыларды да карк тойгузушат. Атургай жандарындагы жыгач челекте квас турган эле, меймандар итке деп идиш алдырып, андан да куюп беришет.

Карды кампайган карышкыр адамдар арасында отурганын такыр унутуп, көңүлү көкөлөп, итке сунуш айтат:

– Эй, кел ырдайбыз.

– Жинди болбоң! – дейт чочуган ит. – Үнүңдү укса, адамдар дароо билип койбойбу!

Карышкыр бир аз тынчып, кайра сурайт:

– Ырдабайлыбы, ыя?

– Жинди болбо деп атам, эй! – кайра эскертет ит. Карышкыр макул болгонсуйт. Дагы бир аз отурат, отурат, чыдабай кетет:

– Анда өзүм эле ырдайм! – дейт да, улуганды баштайт: – Аууу-у! Аууу-у! У-у!

Меймандар дүрбөп калат, кыйкырык-чуу, биринен-бири сурап кыйсыпыр:

– Карышкыр кайдан келди, кокуй?!

– Үйгө кантип кирип келди кашаба?

Меймандардын бири от көсөөч, бири союл, бири кычкачты алып карышкырды кууп калышат. Карышкыр болсо артын карабай куйругун кыпчыган бойдон качып, токойго житиптир!

Кыргызчалаган О.ШАКИР

[1] Кашаба – карышкыр.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *