Бейшебай УСУБАЛИЕВ

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…
(Салижан)

АҢГЕМЕ

Түн. Капкараңгы. Баары укташкан. Уктап жатышабы, же жокпу, айтор, баары төшөктө. Алым гана соксоюп жалгыз отурат. Ал далай жолу ушинтип жалгыз калган эле. Бүгүн да соксоюп жалгыз. Алдында китептер. Негедир көңүл чаппайт. Баарына. Окуюн дейт – окугусу келбейт, ойлоноюн дейт – ойлонгусу келбейт. Жатайын дейт – негедир чочулайт, коомайсызданат. Анан негедир дайыма ушул маалда соксоюп өзү жалгыз калары эсине шак дей түштү. “Кантип эле? – деди анан өз оюнан корккондой селт этип. – Менден башкалар деле бардыр?” Ордунан турду да, маңдайындагы үйдү карады. Жарыгы өчүптүр. Укташкан экен да. Дагы шуу үшкүрдү.

“Буларга эмне?! – деди өзүнчө кыжына. – Качан уктайм десе, өз эрки да!..” Ордуна отурду. Өзү отурган жок. Кыжырдануу менен кошо ичтен кайнап чыккан кандайдыр бир күч аны сүйрөп келип ордуна отургузуп койгондой болду. Тамдын бурчтарын, шыбын карай баштады. Баары ураган. Бирөө катуу жөтөлсө эле, кулап кетчүдөй. Ал тамдын сыртын да көрүп тургандай болду. Көзүнө шыдыр эле тамдын оңурайып калган бир бурчу элестеди. Жүрөгү шуу дей түштү. Муну канча жолу оңдободу дейсиң – апта сайын оңдойт. Жаан жааган сайын оңдойт. Жаан менен бул бурч өч. Жаан жааса эле бүттү, бул бурчту кемирип-жеп оңурайтып кетет. Жаан менен чычкан окшош окшойт. Кемиргени опокшош: жаан да кемирет, чычкан да кемирет. Экөө тең кемире берет. Ушул үйдү экөө кемирип келатат. Кайрадан бурчту элестетти. Ал оңурайган кейпинде көз алдына тартылды. Дайыма ушундай элестелет. Таңдана башын чайкады. Анан ушул бурчтун жанынан өтүп бараткандай, кымырылына калды. Такай ушундай. Күнүнө беш-алты жолу өтөт. Өтүп баратканда кымырылып-кысынып өтө аяр басат.

Ары өткөндө да кымырылынат, бери өткөндө да. Катуу басса эле, атүгүл карап койсо эле, каран калгыр бул бурч күү этип урап түшчүдөй туюла берет. Ошон үчүн катуу баскандан, карагандан чочулайт, коркот. Негедир кыжырдана кетти. Бурчка кыжырданды. Азыр эле оңдосо, ошол эле замат оңурайып калганын көргөндөй, кыжырдана колун шилтеди. Ордунан турду да, кайрадан бет маңдайындагы үйдү карады. Караңгы. Тирүү жан бар экени түк билинбейт. Муңая тиктеп кыйлага турду. Анан дагы эле кыжына кетти: “Буларга эмне, баары бир эмеспи!..” Тура берди. Маңдайындагы үй бүткүл турпаты менен көз алдынан чубап өттү. Ичи да, сырты да. Кожоюнунун үйү. Жалтырайт. Өзгөчө сырты. Ичине кирсең – иренжий түшөсүң. Куду котур тайлактай. Боору түлөгөн. Үйдүн бурчтарына кайрадан көз жүгүртүп чыкты да, шуу үшкүрдү: “Буларга эмне, баары бир эмеспи!..”

Муну кимге багыштаганын билбеди, бул сөздү өзү эмес, башка бирөө айткандай туюлду. Эчтекеден бейкапар уктап жаткандарга назар тикти. Көтөрүп кетсе да туйчудай түрү жок. “Чарчашкан окшойт…” – деди шыбырап. Анан баягүнү эле болуп өткөн бир окуя эсине түшүп, жылмая кетти. Түштө жумуштан келаткан. Үйгө жакындай бергенде, аялы менен уулу алактап-шалактап алдынан чыга калды. Аялы ымыркайды кучагына бекем кысып алыптыр, өң-алеттен кеткен. Уулу ыйлап алыптыр. Алым эмне дээрин билбей, дабдырап туруп калды. Анан эсине келе калып:

— Эмне болуп кетти?! – деди элеңдеп.

— Жер титиреди… — деди аялы титиреп.

— Ыя?! Ким айтты?

— Эч ким айткан жок. Өзүбүз билдик. Жер дүңгүрөп, тарылдап. Үй кулаганы аз эле калды. Ким билет, азыр кулап калгандыр. Кулай турган болгондо эле, биз качып чыктык. Басып калабы деп корктук… — Өзүн токтото албай, дале титиреп атты.

— Ыя?!

Эмне дээрин билбей, эки жакты карады. Элдин баары бейкапар. Булар билет эле да. Жүргүлө дегендей ишарат берди да, өзү алдыга түштү. Өзүн негедир күнөөкөр сезди. Үй-бүлөдө кандайдыр бир кем-карч болуп калса эле, ал өзүн айыптуу сезе берчү. Өзгөчө үй маселесине келгенде. Жер карап келатты. Арсайган-терсейген из. Асфальт арсак-терсек. “Трактор өтүптүр, болгондо да “ДТ”, — деди ичинен. – Ыя?! – деди анан кайра чочуп. Шак токтоду да, эми эле алдынан килейген трактор чыкканын эстеди. Эстеди да, каткырып күлүп жиберди. – Ой, жер титиребей эле, трактор өткөн тура…”

— Тракторго эле ошентеби? – деди аялы ыйлактап.

— Үйүңдүн кейпи тиги болсо, катуу кыйкырса деле бийлейт да аның…

— Мен эчак эле билгем, — деди уулу дердеңдеп, — мамама айттым, бул трактир дедим. Биздин айылда да ушундай болчу, үйдүн жанынан өтүп баратканда үйүбүз титирей баштачу, чынылар да титиречү, биз да титиречүбүз. Кайнап жаткан чайнектей титиречүбүз. Апам урушчу, титиретпей айдабайбы, тимирен калгыр дечү…

Үчөө ээрчишип үйгө келди. Аман-эсен. Үй кулабаптыр. Үйүнүн соо экенин көргөндө Алым ого бетер каткырды. Ичинен каткырды. Анан шыдыр эле баягы бурчка жөнөдү. Мына сага, бурч да соо экен. Коңшу-колоңдордон сурады. Эч кимиси туйбаптыр. Ийиндерин куушурушту. А уулу муну таптакыр унута албай койду. Азыр да айтат. Үйгө ким келбесин, баарына жобурай берет: “Биринчи дүркүрөй баштады, анан менин айылдагы үйүмдөй (чоң атасынын үйүн негедир меники дейт) титирей баштады. Мамам өлгүдөй коркок экен, бол, бол бачым, азыр там басып калат, жер титиреп жатат дейт. Мен коркконум жок, бул трактир, мама, мен карап келе коёюн дедим. Өкүрүп-бакырып мени жибербей койду, жинди болуп каласың дейт. Трактир экенин мен шыдыр эле билгем…” Ушинтип божурай берет, божурай берет. Алым ушуну эстеди. Күлөйүн деди, негедир күлө албады. Ындыны өчтү. Күлө турган деле эчтекеси жок экен деп ойлоп койду. Анан шыбырай кетти: “Жер титиребесе экен, эптеп ушул үйдөн көчүп кеткиче титиребесе экен…”

Ордунан шык турду да, кайрадан бурчтарды карай баштады. Эчтеке болбоптур. Санаасы тынгандай ордуна отурду. Китептерге кол сунуп, бирөөнү алды. Көркөм чыгарма экен. Окууга көңүлү чаппады – аны ордуна койду да, башкасын алды. Илимий китеп. “Баягы экен, — деди өзүнчө шыбырап, — “Адамдын келип чыгышы”…” Окуй кетти. Окуп келатып, кайра токтоп калды. Эч нерсени түшүнө албай жатканы эсине шак дей түштү. Эми эмне кылам дегендей, бир азга ойлонуп отурду. “Кой, — деди анан чымыркана, бүт дитимди бурайынчы. Ойду алагды кылбайын, окуп жатканымды гана ойлоюнчу…” Окуй баштады. Бир аздан соң кайра токтоду. Дале түшүнбөй жаткандай болду. Китепти жиндене ыргытты. Тарс дей түштү. Ушуну эле күтүп жаткансып, бешиктеги ымыркай чукурана баштады. “Ойготтум окшойт!..” – деди өкүнгөндөй. Уулу чукуранары менен, аялы ордунан ыргып турду да, уктаган боюнча эле бешикке өбөктөй кетти. Ымыркай жанталашып жатты.

“Эмчек издеп жатат…” – деди Алым ичи жылып. Тиги чопулдатып соруп кирди. Бирөө тартып алчудай болуп, жанталашып соро берди. Аны карап туруп, Алым көңүлү чөккөндөй башын чайкап, шыбырай кетти: “Жашооң кандай кыйын, кандай татаал…” Кара терге түшүп, жанталаша эмчек соруп жаткан ымыркайды көргөндө, Алым дайыма ушинтип ойлойт. Башын чайкап, кимдир бирөөгө боору ооруп турду. “Ии-ий… оңбогур!..” – деди аңгыча аялы тызылдап. “Тиштеп алды окшойт!…” – деди Алым жылмая. Ымыркай ыңаалап кирди. Эмчегин тартып алды окшойт. “Эмнеге тиштейт? – деди Алым таңдана, ийнин куушуруп. – Кызык…” Колу менен мамасын оозуна такаганда кың деп койбойт, ал эми оозунан тартып алайын деп, колун көтөрөрү менен эле ыңаалап коё берет. Тигинде да кол, мында да кол. Кол мээрман, кол каардуу. Эненин колу. Алым кандайдыр бир ачылыш жасагандай кубанды. Ымыркай басылбай жатты. Чечип алчы деп айтканы ордунан обдулуп келатып, кайра отурду. “Чечкенде уктабайт… — деди шыбырап. – Кайра бөлөтмөгү да тозок…” Адам туулганда эле эркиндикти эңсеп-көксөп түшөт окшойт. Муну баланы бөлөп жатканда өзгөчө сезесиң. Жөн бөлөткүсү келбейт: туйлайт, тыбырчылайт… Кийинткенде да… Ымыркай басаңдай баштады. Энеси эч ким түшүнбөгөн, бир түшүнсө ушул ымыркай гана түшүнө алгандай тилде кыңылдап, бешикти аста термете баштаганда эле, ымыркай ыйын токтотту.

Өзү да түшүнө бербеген өз үнүнө эне да көшүлүп кетти. Эптеп эрмектеп отурган нерсесин бирөөгө тарттырып жибергенсип, Алым шалдая түштү. Көңүлсүз боло баштады. Улуу баласын карады. Ал, адаттагыдай эле, оозу менен дем алып жатыптыр. “Жылаңач ойногон да! – деди ачуулангандай. – Карасаң, көйнөкчөн жаткан тура. Эртең менен эле аппак эле, карала-торала болуп…” Бүгүн уулун тааныбай калганын эстеп, күлкүсү келди. Бакчага күндөгү эле маалда барган. Барса, кире бериште төрт-беш бала ойноп атыптыр. Өздөрүнчө кужулдашып, бир нерсе талашкан түрлөрү бар. Аңгыча бирөө Алымды көрө коюп, сүйүнүп кетти да, кыйкырып жиберди:

— Дядя, дядя! Черненко умер или жив?

Алым чочуп кетти, анан өзүнө келе калып:

— Что?! Черненко? Он жив… А что?..

Бул сөздү угары менен тиги Алымга назар буруп да койгон жок. Балдарды карап, дердеңдей кетти:

— Во-от, я же сказал. Черненко жив. Андропов умер. А Черненко…

Калган сөзүн Алым укпай калды. Эмне үчүн сураганын билгиси келди, балдар балакет болчу эле, кудай уруп чын эле Черненко кете берип жүрбөсүн, кырылдап-кирилдеп араң жүрөт эле деген ой келди башына. Балдар аны уга турган эмес, дагы эле күжүңдөшүп талашып атышат. Алым аларды кыйлага карап турду да: “Бу силерге Черненко менен Андроповдун эмне кереги бар?..” – деди аягандай. Башын чайкады да, сапарын улады. Бир кезде бет маңдайынан чымын-куюн болуп жүгүрүп келаткан баланы көрдү. Таңдана туруп калды. Жүгүргөнү баласынын өзү, бирок көйнөгү бөлөк. Талып турду. Муну сезгендей, тызылдап келаткан баласы да тык токтоп, көйнөгүн карады да, таңданып туруп калды. Эртең мененки аппак көйнөгү карала-торала болуп булганганын эми араң сезди окшойт. Эсине келгендей, алаканына түкүрдү да, көйнөгүн сүрткүлөй баштады. Алым унчуккан жок – эмне дешти билбей койду. Негедир ичи жылыды. Үйдөн тил угат экенбиз да деп шыбырады.

— Тим кой, — деди анан уулуна кайрылып, — ого бетер булгайсың. Кийинип чык, кетели…

Көп өтпөй уулу менен тарбиячысы экөө ээрчишип чыгышты. Аларды көргөндө: “Аа… Бирди кылган экенсиң ээ, эргул…” – деп койду Алым өзүнчө. Экөө ээрчишип келатты. Уулун карап турду. Күнөөлүүдөй. “Чын эле, бирди кылган экенсиң…” – деди Алым кайра.

Тарбиячы күлүп учурашты да:

— Биз жакшы эле жазаладык, — деди тигинин башынан сылап. – Сиз тийбеңиз. Бүгүн уулуңуз жоголуп…

— Жоголуп?! Кайдан?..

— Көчөгө чыкканбыз. Келсек эле – жок. Сиздин уулуңуз, анан Артык…

Сөзүн улабады. Күлүп койду. Алым да жылмайымыш болду. Эми кетелик дегенсип, уулуна карады. Муну сезгендей, тарбиячы коштошту да, бакчаны көздөй басты. Экөө ээрчишип келатышты. Үндөбөдү. Эмне дешти билбей чайналып келатты. Тажадыбы, уулу бир кезде сайрай баштады:

— Мен өзүм качкан жокмун. Артык азгырды. Жүр, үйгө барабыз, — деди. Барсак үйү бек окшойт, ача албай койдук. Тарсылдата койгуладык, түрсүлдөтө тепкиледик. Ачылбай койду. Анан аркы өйүзгө чыктык. Папама барабыз деди Артык. Мен барбай эле коёлук дедим. Десем, анан кайда барабыз, садикти таппайбыз да дейт Артык. Коркуп кеттим. Анда баралык дедим. Бардык. Килейген чоң үйдө иштейт экен. Бизди көргөндө жүрөгү түшүп калды. Анын машинеси бар экен, бизди машинесине салды да, садикке жеткирип таштады. Келсек, воспитательницабыз ыйлап отуруптур. Кызык… Бизди көргөндө эле күлүп жиберди. Анан өптү. Анан… — Уулу көпкө дейре бажылдап сайрап келди.

Алым үндөбөдү. Атүгүл уулун карап да койгон жок. Эмне деп айтсам деп чайналып келе берди. Үйгө жете бергенде негедир түтпөй кетти да:

— Урдубу? – деди.

— Ким?

— Тарбиячыңчы?

Мукактанып турду да:

— Урду.

— Ыйладыңарбы?

— Артык катуу ыйлады.

— Сенчи?

— Мен да ыйладым. Ыйлабасам, кайра урат да.

Уулунун адилеттигине ичи жылый түштү.

— Мени көп деле урган жок, — деди уулу аңгыча кубанычын жашыра албай. – Коркту. Сенден коркот да. Сен урушасың да… — Үндөбөй калды да, чочугандай. – Папа, сен эмне эле баары менен эле уруша бересиң?..

— Ким менен?

— Баары менен эле. Мамам менен да. Апам келсе, апам менен, атам келсе, атам менен деле. Менин воспитательницам менен да… Мен иттей коркком, эми эртең өлтүрөт го дегем…

— Качан?!

— Баягындачы. Сен воспитательница менен урушканда.

Алым качан уруштум эле деп, ойлонуп калды. Акыры эстеди. Урушкан деле эмес. Жөн эле кер-мур айтышкан. Бир жолу Алым иштен чарчап бакчага келсе, тарбиячы алдынан тосуп чыкты. Анан оңдуу аликке келбей туруп эле:

— Уулуңуз эмне үчүн орусча билбейт!.. – деди басынткандай. – Үйдөн кыргызча сүйлөшөт окшойсуңар, орусча сүйлөшкүлө, болбосо…

Ансыз деле сиркеси суу көтөрбөй араң турган Алым тырчый түшкөн:

— Эмне, болбосо?.. – деген кыйкырып. – Айылдан жаңы келсе…

— Болбосо, — деген тигил Алымды толук сүйлөтпөй, — биз кабыл ала албайбыз. Башка, кыргызча, бакчага бергиле.

— Биринчиден, — деди Алым да кызууланып, — кыргызча бакча бул жерде жок. Экинчиден, баласын кайсы тилдеги бакчага берет, бул сиздин эмес, ата-энесинин иши. А үйдөн кыргызча сүйлөшүшүм керек. Эне тилин билиш керек! Бул эртеден-кечке силерде болот. Анан өзүңөр үйрөтүшүңөр керек да…

— Албетте, албетте, — деди тиги жалтайлай, — эне тилин билиш керек деңизчи. Бирок ошентсе да, сиз жардамдашып…

Алым түшүндүм дегендей башын ийкегилеген.

— Эмнеге уруштуң, папа? – деген уулу бакчадан чыгар менен элеңдеп.

— Сени орусча билбейт деп жатпайбы.

— Аа…

— Аа деп коёт. Эмне үчүн билбейсиң? Сүйлөй бербейсиңби.

— Билбесем эмне деп сүйлөйм.

Алым өкүргөн:

— Билбесең да сүйлөй бер да!..

Уулу башын жерге салып, өзүнчө күңкүлдөп тим болгон:

— Баары менен эле уруша берет экен!..

Алым ушуларды эсине түшүрдү да, биресе аягандай, биресе эркелеткендей уулунун башынан сылагылай кетти. Уулу буга эреркеп:

— Воспитательница кыйкырганда эле, — деди кыткылыктай, — Артык байкуш ыйлай баштады. Мен ыйлаган жокмун.

— Эмне үчүн?

— Мен анын эмне деп атканын жакшы түшүнбөйм да. А Артык орусчаны жакшы билет. Тырнактайынан бери садикте экен. Балдардын баары эле жакшы билет. Орустар да. Анан ыйлай башташат. Ура электе эле, сүйлөй баштаганда эле, ыйлап ийишет. А мен ыйлабайм. Эмне деп кыйкырып атканын жакшы билбейм да. Урса эле ыйламыш болуп коём…

Уулунун адилдигине кайрадан ыраазы болду.

— Кантип качып кеттиңер? – деди анан сөз таппай калгандай.

— Оңой эле, — деди тиги дердеңдей алдыга өтүп. – Артык айтты да, жүрү үйгө барабыз, момпосуй жейбиз, тамакка тойбой калдык… Анан тизилип келатабыз. Бир жерде кыркылган кодо бактар бар экен, ошо жерге келгенде Артык кеттик деди, экөөбүз тең шапа-шупа култ этип ага кирип кеттик. А тигилер карап да койгон жок, кете беришти, кете беришти.

Алымдын жүрөгү шуу дей түштү:

— Эмне, артта эжейиң жок беле?!

— Бар болчу, — деди тиги колун шилтеп. – Аның да көрбөй калды. Жаныбыздан өтүп баратканда, бугуп жатып калдык дейсиң…

— Эми качпагын. Бирөө уурдап кетет. Жоголуп кетесиң… — Өз сөзүнөн өзү калтаарый. – Каныңды соруп кетиши да мүмкүн.

— Качпайм. Артыкка айтып койсоң, мени азгырбасын.

— Айтам. Эртең аныбы…

— Сен аны урбагын. Ал бүгүн көп таяк жеди. Воспитательница аны көп урду. Папасы да кечинде кел, өлтүрөм деп кыйкырып кетти. Сен аны урбагын, ээ…

Алым макул дегендей башын ийкеген. Азыр да ийкеди. Өзүнөн-өзү эле ийкелип кетти. А уулу болсо жанагы көйнөгүн чечпей, оозу менен дем алып, бейкапар уктап жатат. Уулун тиктеп турду да, ичи жылый жылмайды. Анан экөөнүн дайыма бакчага ээрчишип барып, ээрчишип келерин эстеди. “Эки жолубуз бар” – деп койду бүдөмүк. Көз алдынан чуурта баштады. Негедир өзүн ушинтип алаксыткысы келди.

Ал жумуштан көбүнчө саат алтыларда чыгат. Чыгат да, эч ойлонбой эле жөө жөнөйт. Буттары ойлонот. Ойлонууга чамасын келтирбей, буттары өзүнөн-өзү эле алып жөнөйт. Бакча алыс деле эмес. Ашып кетсе жарым саатта шүдүңдөп жетип барат. Кээде эрте да барып алат. Анда уулу: “Эмне үчүн эрте келдиң? Тамак ичкенден кийин келип жүр дебедим беле!..” – деп тултуңдай кетет. Алым мындан мурда да далай жолу ушинтип ыйлактаганын ошондо араң эстейт. Өкүнөт. “Унутуп калган экенмин да, — дейт өзүнчө шыбырап. – Кечээ эле айтпады беле…” Уулуна кайрылат: “Болуптур эми, мен күтүп турайын. Тамагыңды иче бер…”  Шокшоюп күтүп отурат. Кичине кечирээк эле келип жүрбөсөм деп коёт өзүнө-өзү убада берип. Бирок кайра эле… Кээде кеч да келет. Жай басып келет. Жолдон дүкөнгө кайрылат. Чөнтөгүн аңтарат. Тыйыны болуп калса, бир-эки бөтөлкө пиво алат да, дүкөндөн чыгат. (Акчасы жок болуп калса, жыйылып турган пиволорду карап бир азга турат да, санаасы тынып, каниет алгандай жөнөп калат.) Оозун ача албай далайга алектенет. Көбүнчө тиши менен ачат. Муну көргөн орус кемпир-чалдар: “Ой, ой, ой…” – деп баштарын чайкап өтөт. Алым аларга деле назар бурбайт. Зыркыраган тишин ого бетер зыркыратып пробкаларын жулуп алат да, өчү бардай кыжырдана ыргытат. Ошол учурда да: “Ой, ой, ой…” – деген үндөрдү угат. “Кудай алмак беле, сынбаса болду да…” – деп коёт кайдыгер. Тишин ушинтип аяйт, өзүн да ушинтип аяйт, жооткотот. Оозун ачарын ачып алып, эми пивосун кайдан ичерин билбей, кайпастай баштайт. Дүкөндүн алды – калың бак. Бирок ал жерден ичүүгө болбойт. Эл аркы-терки өтө берет. Бул да эчтеке эмес. Милийсага түшүп, шоруң кайнап калышы ыктымал. Ичкениңди, атүгүл ичпей эле, оозу ачык бөтөлкөнү көтөрүп баратканыңды көзү чалып калдыбы, кайдан-жайдан экени белгисиз, эки-үч милийса жалаңдап жетип келет. Кармап кетишет. Бас деп да айтпайт, жүрү деп да айтпайт. Мал жетелегендей эле жетелеп кетишет. Үн-сөзсүз эле жетелешет. Басасың. Баспай көрчү… Алым өзү кармала элек дечи. Бирок кармалгандардын далайын көрбөдүбү. Алардын баарын жетелеп кетишкен. Маспы, сообу, анысын териштирбей туруп эле жетелеп кетишкен.

Чын эле, милийсаларга баары бир: массыңбы, же соосуңбу, иши кылып дүкөндүн жанында пиво шыңгытканыңды, же колуңа оозу ачык бөтөлкө кармап кайпастап жүргөнүңдү көрдүбү, кой-айга келбей эле жетелеп кетишет. Сен жетеленип кете бересиң. Жетелеп жана жетеленип кетип бараткандарды көргөн сайын, Алым минтип шыбырап коёт: “Аа, байкуштар, шоруңар каткан экен…” (Бул – жетеленип бараткандарга айтканы.) “Кызык, буларды кайда алып баратасыңар?..” (Бул – жетелеп бараткандарга айтканы.) Ошентип, кайпастап жөнөп калат. Эки колуна оозу ачылган бөтөлкөнү кармайт да, тааныштар көрүп калбасын дегендей, эки жагын элеңдей карап, асма көпүрөнү карай жөнөйт. Асма көпүрөгө чыга берер жерде кичинекей жыгач дүкөн бар. (Баса, кээде бул дүкөндө да пиво сатылып калат. Бирок баасы он тыйынга кымбат. Эмне үчүн мындай десең, кайдыгер гана биз ресторан баасы менен сатабыз деп коёт. Алып жаткандар ойлонуп-ойлонбой туруп эле, түшүнүктүү дегендей аа… деп коёт да, бөтөлкөлөрдү шагыратып көтөрүп алып жөнөп калат. Алым да ушинтет. Чыга берерде гана: “Кызык, — дейт өзүнчө, — эмне үчүн ресторан баасы менен сатат? Же бул дүкөн ресторан эмес. Кызык…” Башы маң боло, башын чайкайт да, жолуна түшөт.) Ушул дүкөндүн артына турат да, же милийса, же таанышым чыга калбасын деп, улам-улам асма көпүрө жакты элеңдей карап, пивону кылкылдата жутуп кирет. Көп өтпөй эле дабырт угулат. Алым пивону шаша-буша аркасына жашыра калат да, бирөөнү зарыга күтүп турган кишидей болуп, асма көпүрөнү какыя карап, мелтиреп калат. Дабырт дабырттап келет да, Алымга жакындайт. Алар деле Алымдай кишилер. Пивону аларын алып алып, кай жерде ичерин билбей, карайлап жүргөндөр. Кээси Алымга тааныш. Көрүшкөндө бир-бирин карап жылмайып коюшат. Анан Алым өзүнчө шыбырайт: “Ушул кишинин дайыма эле пиво ичип жүргөнүн көрөм… — Ичинен күлөт. – Өзүмчү…”

Аңгыча дагы дабырт чыгат. Баары бир кишидей бөтөлкөлөрүн жыпшыра салышат. Дабырт жакындап келет да, Алымдарды тегерете карап (булар, көбүнчө, пивого тоюп келаткандар болот), аа кургурлар, силер деле биздей экенсиңер да, коркунуч деле жок турбайбы дегендей, бейкапар гана баягы көк дүкөнгө жаба ышкырта башташат. Ушул маалда заардын жыты мурунду өрдөп кетет. Деги бул жер такай заар жыттанып турат. Бирок аны жаңы келгендер гана элес албаса, Алымдар буга көнүп бүткөн. Ошондуктан мурдун өрдөй баштаганда гана, Алым бул жердин дайыма заар жыттанып турарын, буга жедеп көнүп бүткөнүн, атүгүл кийинчерээк бул жытка да, тиги ышкыртып жаткандарга да назар бурбай баратканын эстейт. Анан тигилерди карап туруп, биресе таңдангандай, биресе өкүнгөндөй башын чайкайт: “Кызык, тетигинде даараткана турбайбы. Анан эмне эле ушул жерге… Баары эле ушул жерге келе беришет. Кызык…” Башын кыйлага чайкап турат да, өзүнчө жылмая кетет. Айылы, бала чагы аргасыздан эске түшөт. Жылмаят. Жылмайган боюнча кылкылдата жутат.

Айлынын чок ортосунда ашкана болор эле. Чоң кара жолдун боюнда. Машинелер дайыма кым-куут. Шоопурлар да, жүргүнчүлөр да көбүнчө ушул ашканадан тамактанышчу. Кызыгы мында деле эмес. Кызыгы пиводо эле. Ошол ашканада күн сайын пиво сатылчу. Күн сайын эл үзүлчү эмес. Эки айылдын эли. Ушу эки айылдын эли бул жерде тамак ичишчү эмес. Пиво ичкени гана келишчү. Карысы бар, жашы бар. Абышкалар жолочу эмес. Эми ойлосо, анда кары дегендердин көбү жаш эле экен да. Ашып кетсе 45-50лөрдө болсо керек эле. Бирок көбүнүн сакал-муруту бар болчу. Ошон үчүн карыдай көрүнчү тура. Келгендердин баары иччү. Жөн ичишчү эмес. Көбүнчө мелдешип ичишчү. Мындай учурларда тамак да кошулар эле. “Баланча Түкүнчө менен мелдешип, мынча чака пивону ичип, мынча мантуну жеп салыптыр да, кайра ошончо пиво, ошончо мантуну утуп алыптыр. Өзү бир тыйын төлөбөптүр. Бүт уттурган киши төлөптүр…” – деген аңыз кеп эки күндүн биринде эле айылды даң салып жүрөр эле.

Мындай мелдешке Алым да далай күбө болбодубу. Атүгүл бир жолу мелдешке катышам деп, таң аткыча картөшкөлөрдүн арасында бүрүшүп да жаткан. Алым бул окуяны эске түшүргөндө, негедир жеңилдей түшөт. Жай аяктап, күзгө таяп калган. Бир күнү Алымдар ойноп жүрүшүп, түш оой ашкананын жанына келишти. Ал жерде, адаттагыдай эле, беш-алты киши пиво ичип отуруптур. Уу-дуу. Ортодо бир чака пиво. Бакылдашып ичип жатышат. Аңгыча бирөө тамшанып кетти: “Баягүнү Асан он күрүшкөнү катары менен тартып жиберип, былкылдабай кете берди дейт. Атаңдын көрү, курсагы курсак экен да…” Муну укканда Алпамыш деген киши:

— Он күрүшкө! – деди мыскылдай. – Ой, мунуңду жаман катын деле ичип коёт да. Мына, мен бир чакага деле былк этип койбойм.

— Байка, — деди Жумадыл. – Ичиң жарылып кетпесин.

— Жарылса да ичем. Кана, мелдешесиңби?

— Эмне саясың?

— Эки чака пиво. Бир улак. Бирок улакты бүгүн эле соймой…

Ортого беркилер түшүштү. Ошентип, мелтилдеген эки чаканы көтөрүп алып, токойду көздөй жөнөп калышты. (Мелдеш көбүнчө токойдо өтөр эле.) Тигилердин артынан салпактап Алымдар жөнөштү. Жолдо баратканда Алпамыш:

— Энеңди урайын, Жумакадыр, — деди. – Бирок сийгенге уруксат. Жарайбы? Болбосо…

Жумадыл аны таңдана карады да:

— Сие бер, — деди шылдың аралаш. – Табарсыгыңды жарып алып, катыныңдын балээсине калгандай алым жок. Бирок куспа. Кустуңбу, ишиң бүттү дей бер…

Көк шиберге келишти. Алпамыш өзү жалгыз бир чаканы, калгандары экинчи чаканы иче башташты. Алпамышты шектене улам-улам карап коюшат. Чака кап ортолоп калганда, Алпамыш жымыңдай ордунан туруп, бадалды көздөй жөнөп калды.

— Эй, сен кайда?.. – деди Жумадыл.

Алпамыш сүйлөөгө дарманы келбегендей, бадалга колун жаңсады. Жумадыл да ордунан ыргып турду да, аны ээрчий басты.

— А сен кайда?.. – деди беркилер кыйкырып.

— Ой, тигиниң кусуп салганы жатпайбы! – деди Жумадыл жаны күйүп.

Бадалга жетишти. Баары элейе карап турушат. Алпамыш бадалдын аркы жагында, Жумадыл берки жагында. Жумадыл улам-улам Алпамыш жакка мойнун созуп карап коёт да, санаасы тынгандай компоюп туруп калат. Бир маалда Алпамыштын үнү заңк этти:

— Энеңди урайын, Жумадыл. Утулдум дей бер!..

Экөө ээрчишип келишти. Кайра иче башташты. Мындан кийин Алпамыш үч-төрт жолу бадалга барды. Барган сайын Жумадыл аны бучкактап ээрчип алат. Барган сайын бадалдын ары жагынан Алпамыштын шаңдуу үнү заңк этет:

— Энеңди урайын, Жумадыл. Утулдум дей бер!..

Акыры пиво да ичилип бүттү. Алпамыш жеңди. Эми Жумадылдын үйүнө бармак болушту. Улакты жеш керек да. Алпамыш ошондо балдарга карап:

— Силер да жүргүлө. Эт жегиле. Көз акыңар бар. Силердин көзүңөрдү карап туруп жеңдим. Көзүңөр мени колдоду. Болбосо… — деди кубанычын жашыра албай.

Балдардан эки-үчөө ээрчип алышты. Жолдо баратканда бирөө Алпамыштан сурап калды:

— Ие Алпамыш, бу сен утарыңды кантип билдиң, ыя?

— Сие албай каламбы деп коркком. Сие баштаганда эле сүйүнүп кеттим, аа жеңдим дедим…

(Кийин муну Алпамыш катын-эркек, улуу-кичүү дебей баарына дайыма жар салып, мактанып жүрдү: “Энеңди урайын Жумадыл, мени жаман оюнда сие албай калат деп ойлогон да. Мен сие баштаганда эле кыйкырдым, аа буюрса уттум дедим…”)

Алым этке тоюп, эл жаткандан кийин үйгө жайдары келсе, атасы жер сабап отуруптур. Баары издеп суй жыгылган көрүнөт. Акыры Алымдын кайда кеткенин бирөөнөн угушуптур. (Муну кийин айтышты.) Алым кирип келери менен эле, атасы:

— Кайда жүрдүң? – деди сурдана.

— Эт жеп эле…

— Эт жеппи?.. А эмне үчүн ошо этке тойгузган үйүңө биротоло кирип албайсың, ыя? Тур, эшикке чык!.. Чык дейм…

Алым жыла басып, чыгып кеткен да, картөшкөлөрдүн арасында соксоюп отурган. Атам качан уктайт, апам качан “уктады, кире бер” деп айтат деп күтүп, соксоюп отура берген. Ошентип соксоюп отуруп уктап калыптыр. Таңга жуук апасы ойготуп, алып кеткен. Мындан кийин деле далай мелдешке катышты дечи. Бирок түнгө калган жок окшойт. Күүгүмдө жетип келчү. “Ии, эмне болду?” – дечү атасы көбүнчө. (Албетте, ал буга чейин эле эмне болуп, эмне койгонун билип алар эле.) “Ичишти, анан…” – дечү Алым көңүлсүз. (Курсагы ач да.) “Кайда?” – дечү атасы такып. “Баягы жерге да, — дечү Алым ого бетер көңүлсүз. – Курмандын тамынын артына…” “Ошолор жерге кирсин, — дечү атасы ачуулана. – Сийип атып акыры ошо тамды уратып тынышат… Эмне, үйдөн ичишсе, өлүшөбү? Мына, ушуга чейин мен деле үйдөн ичип жүрөм, кудай сактасын, өлбөй-житпей эле келатам… — Алымга кайрылат. – Эмне, алардыкы оозуна куюлуп эле, кайра агып турат бекен?..” Алым түшүнчү эмес: “Эмне?..” “Улам-улам эле сие беришкенин айтам да… — дечү атасы. – Эми ошо кудай ургандар сийип атышып, чын эле Курмандын үйүн кулатышат. Байкуш Курман, там басып калып өлүп, шерменде болор бекен карыганда…” Алым түшүнүп-түшүнбөй эле, мен кайдан билем дегендей, ийинин куушуруп койчу. Чын эле, Курмандын тамынын арты кудум эле жарды эске салчу. Атайы эле кол менен жасап койгондой. Жар бетине тартылган эле сүрөт. Тиги жери оюк, бул жери оюк. Ар түрдүү оюктар. Бири типтик, бири ийри-буйру, бир оңго кетет, бири солго кетет. Оюктардын ичи да түркүн. Бири кыйма-чийме из салынгандай, бири жөн эле түптүз оюлгандай. Баарын кошсо өзүнчө эле бир сүрөт. Бир короо киши топтошуп алып, кеңешип-кесишип, анан там бетине чегишкендей. Алым кайра жылмаят. Буга эч ким башын оорутпаганын, мындай сүрөт өзүнөн-өзү эле пайда болгонун, баарына пиво күнөөлүү экенин эстейт. Пиво иче башташтыбы, биринин артынан бири жүгүрмөй. Бири келсе, экинчиси. Кээде эки-үчөө бирге. Карыш эле жерде, жолдун аркы өйүзүндө, даараткана болор эле. Ага барышчу эмес, жытыгып калышкансып, ушул тамдын артына жүгүрүшчү. Эртеден кечке. Мелдешип алгандай биринин артынан бири. Жайында да, кышында да. Кышында муз кетчү эмес. Сапсары муз. “Бу Курман карыганда музга тайгаланып өлүп, шерменде болор бекен?..” – деп калчу атасы кышында. Кудай сактадыбы, же өзү сакпы, айтор, Курман музга тайгаланып өлгөн жок дечи. Бирок Карыптын килтейген кара ую дал ушул сапсары музга тайгаланып, буту сынбады беле. Ошондо Карып менен Жумадыл жакалашканга чейин барган. “Сен эмне, менден кем ичесиңби, Окендин тайганындай шыпыйган энеңди урайын! – деген жаны күйгөн Жумадыл. – Уюң да өзүңдөй келесоо да. Болбосо, толгондон ушул жерге темселеп, эмнеге келет?!.” Эл арачалап калбаганда, бул чыр чоң жаңжалга айланат болчу. Алым кайра жылмайды. Курмандын байбичесинин далай жолу безилдегенин эстеп, жылмая кетти. Кайсы бир маалда ал үйүнөн атып чыкчу да, тамдын артына барып, алаканын шак коюп, өзүнчө эле безилдеп-жебиреп кирчү: “Сийдик ичкирлер аа, сийдик ичкирлер, эчак эле көлдөтүп салышкан турбайбы. Эмне эле шыркырап-шаркырап атат дейм, суу келдиби деп арыкты карап коём. Көрсө…” Бирок, кызык, баары бир бака-шака түшүп пиво ичип жаткандардын жанына басып барчу эмес. (А тигилер болсо анын эмне деп каргап жатканын угушса да, эчтеке укпаган, көрбөгөн кишидей бейкапар отура беришер эле.) Бир жолу гана Курман аксакал басып келди. Жедеп жанына баткан окшойт: “Ушу аттын сийдигиндей болгон немеден, эмне, атаңар өлдү беле?!” – деди жаалдана. “Оо жарыктык, коюңузчу баланын сөзүн сүйлөбөй, — деди пивого кызымтал Алпамыш бакылдап. – Бул сийдик эмес, бул – тамак. Сакалдуу киши да тамакты ушинтип айтабы?..” “Анда эмне заар жыттанат. Мурда тамдын арты гана жыттанчу эле. Азыр үйдө отурсам да, заар жыттанчу болду! Жүрүсөң мени менен үйгө”. Алпамыш ордунан козголбой, кайрадан тамашага чаргытты: “Ал сийдик да, жарыктык. А бу – тамак. Ичке киргенден кийин… Анан…” Тегерегиндегилердин баары каткырып ийишкен. Курман баарын жаман көзү менен бир сыйра айландыра караган да, кагынып басып кеткен. Кызык. Эртеден-кечке. Жайдыр-кыштыр…

Азыр ал ашкана жок. (Өрттөнүп кетиптир.) Пиво да жок. Үй да жок. Алым кайсы бир барганында үй эмне болуп кулап калды деп сураган. Жаңы үйгө көчүшкөндө, тиги үйдү бузуп салышкан экен. Ошондо Курмандын баласы баягы пивонун жаагын айрыгандарга (өзү деле алардан кем катырчу эмес) оюн-чындан ыраазылыгын билдирди дейт: “Силерге чоң ыракмат. Бузам деп кара терге түшүп, убара болгонум жок. Баягы капталы чыпалагым тие электе эле, күр-р этип өзү кулап түштү…” Алым ушулардын баарын биринин артынан бирин эсине түшүрүп чыгат. Бир окуя экинчисин табат. Кээде жеңилдей түшөт, кээде түшүнбөгөндөй ийнин куушуруп коёт. Анан жүрүп-жүрүп отуруп, негедир тарых агайын эстейт. Ал жини келгенде дааратканага колун жаңсап (класстын терезесинен даараткана даана көрүнүп турат): “Кыргыздар (албетте, өзү да кыргыз болчу), итсиңер! – дечү. – Каршы жерде турган дааратканага баргандан эринип, тамга жая коё берип, жыргап карап турасыңар. Итсиңер!..” Ушул сөз кулагына жаңырганда, Алым селт этип алат да, кимдир бирөөгө көрсөтүп жаткансып, дааратканага колун жаңсап коёт. Ойлуу туруп калат да, бөтөлкөнү айландыра карайт. Ичип бүткөн экен да. Эми ыргылжың боло баштайт: “Бөтөлкөлөрдү өткөрсөмбү, же өткөрбөй эле койсомбу?..” Кыйлага турат. Өткөрбөйт. Бир да жолу өткөрө элек. Бирок дайыма ыргылжың боло берет. Негедир ичи күйөт. Ыргылжың болбой калса эле, ичинде бук калгандай туюла берет. Ыргылжың болсо, ал бук өзүнөн-өзү жазылып кеткендей болот. Мына ушинтип чайналып турган маалда жаман баштыгына бүт дүйнөнү батырган (жарымына карала-торала болгон колбаса, нан, майды… аралаштыра жыйнап, жарымына шыгыраган бөтөлкөлөрдү толтурган), үйлөп койсоң оңкосунан түшчүдөй болгон орус кемпир же чал чычкан аңдыган мышыктай сенин бөтөлкөңдөн көзү өтүп турган болот. Алар ары басат, бери басат. Көздөрү бөтөлкөгө кадалып калгандай. Алар менен кошо бөтөлкө да ары-бери жылып жүргөндөй туюла берет. Лам деп ооз ачып коюшпайт, дудуктарбы деп да ойлоп кетесиң. Көздөрү жайнайт, бөтөлкөгө кадалат да, жайнаганы жайнаган. Бөтөлкө да жайнап-жаркырап тургансыйт. Жайнаган көздөрүн карап туруп да, дудук болсо керек деп ойлойсуң. Аларды тике карап, пиво ичүү – тирүүнүн тозогу.

Сен кылкылдата жуткан сайын, көздөрү ого бетер жайнап чачырай баштайт. Пиво эмес эле, алардын чачыраган көздөрүн жутуп жаткандай болосуң да, тула боюң дүркүрөп, тескери бурулуп кетесиң. Бөтөлкөңдүн бошогонун көргөндө баягы көздөр мурункудан беш бетер чачырап чыгат. Муну көрүү алар үчүн да тозок. Айрымдары чыдай албай кетет да, жаныңа акырын жылып келип, үн-сөзү жок эле чокунуп кирет. Бул – бөтөлкөңдү сураганы. Бирок ушул маалда бөтөлкөнү берсемби, же бербесемби деген ой башыңа түк келбейт, дудук го деген гана ой келет. Кокус бөтөлкөнү кароосуз калтырып кетсең, өчөйүп араң жүргөндөр биринен сала бири жетип келет да, аны баса жыгылышат. Көбүнчө чыр чыгат. Алым минтип ит тартыш кылганды жактырчу эмес. Өзүнүн көңүлү сүйгөн кишисине кармата салчу да, алардын көкүрөгү менен чекесин сайгылап улам-улам чокунганына, жаны тынбай сайраган “спасибосуна” (баса, аларга эми тил кирет: бөтөлкөгө жеткенде же андан ажырап калганда, алар кадимки кишилердей эле сүйлөй башташат) марып, өзү да бул жалганга ыраазы болгондой сапарын улачу. (Кээде бөтөлкө аңдыгандар жок болуп калар эле. Анда чоң бактын артына коюп кетер эле. Эртең алам да, өткөрөм. Сөзсүз… дечү. Бирок эртеси жер сыйпап калчу. Канча жолу катты. Бир да жолу тапкан жок. Бөтөлкөлөрдү бирөө илип кеткенин көрүп, Алым кимдир бирөөгө нааразы болгондой башын чайкап коёр эле.)

Чын эле, пиво ичкен соң көңүлү көтөрүлүп калчу. Дүйнө башкача көрүнүп кетер эле. Ушундай бир ажайып дүйнөдө жашап жатканына ыраазы болгондой, Алым асма көпүрөгө шайдоот чыкчу. Көпүрөнүн жыгачына таянып, каршы-терши өтүп жаткан поюздарды ыраазы боло кыйлага карап турчу. Эчтеке ойлончу эмес. Көзү ойлонтчу эмес. Баары жакшы көрүнчү көзүнө: темир жол, поюздар, андагы жүктөр, жада калса уюлгуп жаткан капкара түтүн, поюздардын тарса-түрсү… Анан каалгып жай түшөт көпүрөдөн. Түшөрү менен дүкөндүн оозундагы сары бочкеге көзү урунат. Анын жанында беш-алты киши пиво шимирип жаткан болот. Ичсемби деп ойлой кетет. Кой, — дейт кайра, — ичпей эле коёюн… Жакындайт. Жакындаган сайын жүрөгү да, мээси да дүкүлдөй баштайт: ичсемби, же ичпей эле койсомбу?.. Жетип келет да, сары бочкеге акырын көз кырын сала кетет. Эчтекеден бейкапар пиво ичип жатышат. Кой, — дейт Алым чымыркана, — ичпей эле коёюн дебедим беле. Ишенимдүү кадам шилтейт. Сары бочкеден өтүп барып, негедир токтоп калат. Жалт артын карайт. Карайт да шыбырайт: “Бирди ичип алайынчы. Бир күрүшкөдөн эмне…”

Муну өзү эмес, көөдөнүндө бугуп жаткан кандайдыр бир нерсе шыбырагансыйт. Алым буга сүйүнөт. Кайрылып келет да, бир күрүшкө алат. Тез иче баштайт. Эчтеке ойлонбой, ойлогондон корккондой тез иче баштайт. Ойлонуп баратса эле, шашымыш болуп, саатын улам-улам карап кирет. Өзүн ушинтип алдагансыйт. Ичет да, шашылыш жөнөп калат. Оңго бурулат. Көөдөнүндөгү баягы купуя нерсе шыбырагансыйт: “Аз эле калды”. Алым башын ийкейт: “Ооба, аз эле калды… Мына азыр солго бурулам”. Солго бурулат. Бурулат да, селт этет. Кызык, ушул тар көчөдөн канча жолу өттү. Бирок дайым эле биринчи жолу өтүп бараткандай туюла берет. Атын дайыма жаттайт, дайыма унутат. Тар көчө. Эки киши катарлаш араң басат. Оң ыптада бир кабат, сол жагында көп кабат үйлөр. Карылыгы жеткен теректер да бар. Алар жолдун эки жагына тигилген.Түркүн кейптеги теректер. Баарынан кызыгы, бир да түз терек жок. Баары ийри-буйру. Айрымдары оңго да, солго да ийилип, үч-төрт бүктөлгөн бүкүрдөй. Бир-бирине түк окшобойт. Катарлаш өсүп, бири жеп-ичкенди, экинчиси жеп-ичип жатса да, ырыскылары опокшош болсо да, бир-бирине түк окшоп койбойт. Бири үч-төрт бүктөлүп жаткан бүкүр кемпир, бири бүкчүйүп отурган кемпир, бири таяк таянып араң басып келаткан бүкүр кемпир. (Эмнеси экенин өзү да билбейт, бул теректер Алымга негедир кемпирлерге окшош көрүнөт.)

Ушундай теректер. Анан Алымдын көзүнө колундагы сеткаларына бүт дүйнөнү аралаштыра батырган, бөтөлкө аңдыган баягы орус кемпир, чалдар аргасыздан тартыла калат. Булар да мага таштап кет деп, көздөрүн жалжылдатып жалдырап тургансыйт. Мына ушундай теректер… Оң ыптадагы үй анча деле узун эмес. Ошол үй бүтөр менен, ага улай узун коргон кетет. Коргон менен үйдүн ортосунда бир дарак бар. Тартаят тим эле. Эки бутагы жолго ийилип, сенден бир нерсе сурап жаткандай. Караңгыда капыл-тапыл чыга калсаң, бул эки бутак садага таштап кет деп шляпасын сунган кайырчыларды эсиңе салбай койбойт. Алым сол жакты анча деле карачу эмес. Бул көчөдө келатканда, башы оңго бурулуп калгандай, коргонду гана элейе карап өтөр эле. Коргондун боору өзүнчө эле бир коркунуч: бир жери жалтыраса, бир жери даакылары чубалжыган иттерди эске салчу. Куду ушундай. Кейпи, муну кайсы бир жылдарда акташкан көрүнөт. Азыр айрым жерлеринин үстү түлөп түшсө, айрым жеринин асты түлөгөн. Анан мындан көзүңдү албай басып баратканда, өңгүл-дөңгүл жолдо өкчөңдөп келаткандай боло бересиң. Коргондун боорундагы издерди ээрчип, көзүң өңгүл-дөңгүл боло берет. Көзүңдү ээрчип, түз жолдо келатсаң да, өзүң да өңгүл-дөңгүлдө желип-жортуп жүргөндөй боло бересиң. Акталган жерлер да соо эмес. Акиси түшкөн жерге кол тийбеген. Акилүү жерлер чамбыл-ала, карала-торала. Көө мененби же кара май мененби, айтор, капкара нерсе менен атайлап эле саймалап кеткендей. Узатасынан сызганы бар, туура сызыгы бар, тегереги бар, жарым тегереги бар, сүйрүсү бар.

Деги бул коргондун боору да өзүнчө эле бир карта. Дүйнөнүн жаңы картасы. Өңгүл-дөңгүл болуп келаткан көзүң бир кезде жазууга шак дей түшөт. Ушул жазууга урунганда, Алым селт этет да, кадамын улай албай, катып калат. Өзү да, көзү да. Жарым тегеректин ичиндеги жазууну карайт да, кыймылсыз мелтирейт. Акталган жарым тегерек. Айланасы бүт түлөгөн. Акиси түгүл, шыбагы да жок. Ошо ак жарым тегеректин ичинде уюган түндөй капкараңгы бир жазуу турат. Алым селт этет да, окуйт: “СМЕРТЬ АЛКАШАМ!!!” Ушундай жазуу бар. Коргондун жарымын ээлеген жазуу бар. Алым аны көзү менен да окуйт, оозу менен да окуйт, башы менен да окуйт, жүрөгү менен да окуйт. Ар бир мүчөсү менен окуйт. Анан көзү да, оозу да, башы да, жүрөгү да капкара болуп калгандай туюлуп кетет Алымга. Дүйнө да капкараңгы. Жапжарык дүйнө. Ушул жапжарык дүйнөнү капкара жазуу жалмап-жутуп алгандай. Баса, бул жазуу эмес эле, сүрөт. Кудум эле сүрөт. Не деген чеберчилик, не деген чебердик менен тартылган. Капкара. Көмүр менен жазган окшойт. Качан жазганы белгисиз. Бирок азыр эле жазып кеткендей. Күндө эле ушундай. Кубулуп турат. Күндө өтөт. Күндө башкача көрүнөт. Кубулат да кубулат. Окуган сайын Алым өзүнчө шыбырай берет: “Муну балдар жазыптыр…” Чындыгында ал ким жазганын көргөн эмес, даана да билбейт: балдар жазганбы, же чоң кишиби?.. Бирок, ошентсе деле, Алымга бала, болгондо да кичинекей бала жазгандай туюла берет. Чоң киши жазганын таптакыр элестете албайт. Кайрадан шыбырайт: “Бул балдардын гана колунан келет…” Анан жүрүп-жүрүп отуруп эле ар бир тамгасы көзгө окшошуп кетет. Бу жарык дүйнөдөгү нерселердин баарынан көңүлү сууп, баарынан жалтаңдап коркуп калган жаш баланын көзүндөй болуп, ар бир тамга өткөн-кеткендер эмне деп жиберер экен дегенсип, жалтаңдап карап тургансыйт.

Көмүр менен жазылган окшойт, карек менен жазылган окшойт. Ушул жазууну окугандан кийин гана Алым сол жагына назар бурат. Кимдир бирөөнү издегенсийт. Жазуунун дал маңдайында төрт кабат үй бар. Бул үй менен жазуу тиктешип турат. Үйдүн алдында кичинекей балдар ойноп жүргөн болот. Алардын бирөөнү да Алым тааныбайт. Атүгүл ырай-пешенесин да көрө элек. Бала экенин боюнан билет, үнүнөн билет, күлкүсүнөн билет, кыймылынан билет. Эчтекеден бейкапар. Алым алардын жанына бир да жолу бара элек. Бирок бейкапар ойноп жүргөнүн туят. Муну да үнүнөн туят. Өзүнчө шыбырайт: “Анда муну ким жазды?..” Кайра жазууну окуйт да, күңгүрөнөт: “Жок… Балдар эле жазган…” Жазууну шыбырап дагы бир жолу окуйт да (“СМЕРТЬ АЛКАШАМ!!!”), сапарын улайт. Эми жазуудан оңой менен кутула албайт. Буга кошул-ташыл жедеп канына сиңип калган бир суроо кулагына жаңыра берет: “Что?! Вы тоже пьёте!..” Бул – кичинекей баланын таңыркоосу. Кичинекей орус бала. Жашы ашып кетсе төрт-бештерде. Алым экөө күн сайын кездешчү. Китепканадан келатканда дайыма ушул баланы көрөр эле. Адам эмес, чыладан бүткөндөй. Дайыма боз ала чаң. Топуракка киринип чыккандай. Алым күн сайын аны көрчү да, дале баягындай экен деп ойлоп коёр эле. Бир күнү кечинде келаткан. Ушул бала алдынан чыкты. Боз ала чаң болуп кумда ойноп отуруптур. Негедир сүйлөшкүсү келди. Жанына барып, отура кетти. Кийими да, бети-башы да карала-торала орус бала. Алымды карап күлүп койду. Алым да жылмайды. Бала жылмая бир топко карап турду да: “Завтра праздник…” – деди күнөөлүүдөй. Алым ошондо эстеди эртең майрам экенин. “Чын эле, — деди ал таңдана, — эртең 7-ноябрь эмеспи…”

Ичи күйдү. Майрамды унутуп калганын эстеп, арданды, өзүнө кыжыры келди. Анан кичинекей баланын көңүлү сынып калбасын дегендей: “Тогда надо завтра пить, раз праздник…” – деди. Бала селт эте түштү. Корккондой, бирөө ийне менен сайып жибергендей селт этти. Элейип кыйлага карап турду. Көзүн ирмей албай карап турду. Анан дагы эле күнөөлүүдөй: “Что?! Вы тоже пьёте…” – деди. Алым да селт этти. “Лимонад..” — деди Алым бир кезде эсине келгендей. “Аа…” — деди бала санаасы тына. Анан Алымды жалооруй тиктеп калды. Алым да көзүн ала кача албай турду. Ошондо бир нерсени байкады да, ичиркенгендей титиреп алды – баланын кийимин, бети-башын гана эмес, көзүн, жада калса карегин да боз ала чаң каптап калгандай сезилди Алымга. Мурда көзүн карабаптыр да. Биринчи жолу карашы. Чамбыл-ала чаң, киргилт. Калп жылмайган да, орундан турган Алым. Бала да жылмайган. Чаң баскан көзү да жылмайган… “СМЕРТЬ АЛКАШАМ!!!” Ушул сөз, анан карегине чейин чаң баскан кичинекей орус бала Алымды бакчага чейин дикилдетип кууп келет. Темир короого жеткенде, Алым эми оңго бурулушум керек деп шыбырап коёт. Шыбырап бүткүчө эле, эшик менен сүзүшүп калат. Бурулат да, ойлонгуча болбой, кирип барат. Кирери менен балдар биринен сала бири кыйкыра башташат: “Улан, за тобой!.. Улан, за тобой!..” Уулу эдиреңдеп чуркап чыгат. Алым жылмаят, уулу да жылмаят.

— Өзүм эле кийинейинчи, балдар шылдыңдайт экен, — дейт уулу.

— Өзүң эле кийин. Чоңойдуң да.

Кийине баштайт. Көп өтпөй улам-улам мурдун тартып, жыт алып кирет. Алым таңданат:

— Эмне болуп атасың?

— Үйлөсөң…

Алым үйлөйт. Уулунун ындыны өчө түшөт:

— Ичкен турбайсыңбы…

— Пиво эле ичтим.

— Пиво да ичпегин да. Садикке келгенде эчтеке ичпеш керек…

— Бирди эле ичтим. Ичпейм эми.

— Дайыма эле ушинтесиң. Ичпейм дейсиң. Анан кайра бирди эле ичтим дейсиң.

Алым күлөт. Чын эле, дайым ушинтип айтарын эстейт.

— Болду эми, — дейт күлгөн боюнча, — мындан кийин ичпейм. Пиво да ичпейм. Кийин, кетели.

Уулу ишенет. Кудуңдап кийине баштайт. Кийинип бүтөт да, жүрү, кеттик дегендей Алымды карайт. Экөө эшикке чыгышат.

— Бүгүн сабак өттүңөрбү? – дейт Алым чыгары менен.

— Билбейм. Өттүк окшойт.

— Эмне үчүн билбейсиң?

— Өттүк окшойт деп жатпаймынбы. Сагласный деп эле баары кыйкырып жатышты.

— Сенчи?

— Мен да кыйкырдым.

— Аа…

Алымдын санаасы тына түшөт. Бирок көп өтпөй эле уулуна кайрылат:

— Кана айты, “б”, “в”, “п”, “ф” кандай тамгалар экен?

Уулу мукактанып турат да:

— Бир тууган тамгалар!.. – дейт шаңдуу.

— Атаңдын башы!.. – дейт Алым кыжырдана. – Ой, булар согласныйлар да.

Уулу моюн бербей чукчуңдайт:

— Булар окшош да…

Алым жооп кайрый албай калат. Өзүң билчи дегендей, колун шилтейт. Өзүнчө жылмаят: “Бир тууган тамгалар…” Ыраазы болгондой башын чайкайт. Башын көтөрүп, уулун карайт. Ал үстүңкү жолго салган болот.

— Эй, кайда барасың? – дейт Алым өкүм.  – Жүрү мындай кетебиз. – Алдыңкы жолго колун жаңсайт.

Уулу кыйылат:

— Мындай эле кетеличи.

— Эмнеге?

— Сен аяктан пиво ичип тура берет экенсиң.

— Ичпейм. Жүрү, автобус менен кетебиз.

Уулу сүйүнүп кетет:

— Жүрү анда. Бирди эле ич, ээ?..

Алым башын ийкейт. Экөө ээрчишип келе берет. Эми баягы тар көчөгө салбайт. Негедир ал жол аркылуу өткүсү келбейт. Аркы жолго салат. Уулун унутуп калгандай, Алым өзүнчө ойго батып кете берет. Уулу да өзүнчө ойноп келе берет. Бир маалда:

— Папа! – дейт уулу чочугандай. – Сен пенсияңды качан аласың?

— Пенсия?! – дейт Алым да чочуп. – Эмне пенсия?

— Акчаңдычы.

Алым түшүнөт:

— Мен пенсия албайм да, айлык алам. Пенсияны кары кишилер алат.

— Апам пенсия алчу.

— Апаң карыган да.

— Пенсиям тийгенде, лесепед сатып берем деген. Анан…

— Эмне анан?..

— Анан мени алып кетпедиңерби… Алдап…

— Аа… — Алым сөздү башкага бурат. – Мен айлык алам…

Уулу үндөбөй калат. Сапарын улашат.

— Анан акчаңды качан аласың? – дейт көп өтпөй уулу.

— Жакында. Азыр тие элек.

— Пенсиям тие элек деп коюп эле пиво иче берет экенсиң, — дейт уулу тултуңдай.

Алым үндөбөстөн жылмайып коёт.

— Тийгенде, сөзсүз лесепед алып бересиңби?

Алым башын ийкейт.

Экөө жол боюна келишет. Баягы сары бочкенин жанына. Автобус ушул жерге токтойт.

— Айтпадым беле, — дейт уулу, — эми сен пиво ичесиң.

— Бирди эле ичем, — дейт Алым күнөөлүүдөй.

— Бирди эле ичкин, — дейт уулу.

Алым көбүнчө бир эле күрүшкө ичет. Анан экөө автобуска түшөт да, үйгө жол тартышат. Кээде үстүңкү жолго салышат. Анда буларды Артык деген бала ээрчип алат. Ал тогуз кабат жаңы үйдө жашайт. Жол боюнда. Мурда бул жерде жепирейген жер тамдар болор эле. Аларды тыптыйпыл кылышты да, ушул үйдү курушту. Жакында эле бүттү. Артык менен уулу өздөрүнчө кужулдашып келе беришет. Алым алдыда басат да, алардын сөзүн тыңшап, бир кыжалаттанат, бир жылмаят.

— Силер кандай үйдө жашайсыңар? – дейт Артык.

— Кандай кандай? – дейт уулу түшүнө бербей.

Артык жол боюндагы көп кабат үйлөргө колун жаңсайт да:

— Силердин үй да момундайбы?

Уулу башын чайкап, бир кабат үйлөрдү көрсөтөт.

— Тетигиндей…

— Аа… — дейт Артык эдиреңдеп. – Биз да мурда ушундай үйдө жашачубуз. Азыр момундай үйгө көчүп келдик.

Үндөшпөй калышат. Көп өтпөй уулу:

— Биздин үй деле үч кабат, — дейт ызалангандай.

— Сен, эмне, санаганды билбейсиңби? Тигиндей үй болсо, бир эле кабат да.

— Билем… Баары бир үч кабат.

— Кандайча?

— Жөн эле… Анда кимдер жашайт, билесиңби?

— Кимдер?

— Биринчи кабатта чычкандар жашайт. Экинчиде – биз. Үчүнчүдө – көгүчкөндөр.

Артык ишенерин же ишенбесин билбей элейип калат.

Алым да демин ичине тартып үндөй албайт. Анан уулунун тапкычтыгына кубангандай, башын ийкегилей кетет. “Чын эле, — дейт өзүнчө шыбырап, үч кабат да. Биринчисинде – чычкандар…” Итиркейи келип, селт этет. Чычканды ойлогондо эле итиркейи келе берет. Чычкандар чыйпылдашып ары-бери жүгүрүп жаткандай туюлуп кетет. Жийиркенет. Бир жолу кинодон бирөөнүн чычканды сылагылап, жыттагылап жатканын көрүп, итиркейи келип, жүрөгү айланып кусуп жибере таштаган. Эки көзүн бекем жуумп алган. Эми ойлосо да, жүрөгү айлана баштайт. Бала кезинде итиркейи келчү. Азыр ого бетер. Чыйпылдашканын уктубу, бүттү… Өзгөчө баласычы. Башың да, жүрөгүң да айланат. Жепирейген тамы – чычкандардын уюгу. Чыйпылдашышат, кытыратышат. Атайылап ушинтишет. Төтөн түн ичинде. Кытыр-кытыр, чыйп-чыйп. Дүпүлдөп даң салганычы. Тим эле жоо кууп келаткандай. Алымда уйку жок, чычкандардын чыйпылдашканын уктубу, көзү умачтай ачылат. Күтүп жата берет. Качан тынчыйт? Тынчыбайт. Тоюшпайт. Кытыр-кытыр. Кытыраган сайын итиркейи, кыжыры келет. Туруп өлтүрөйүн дейт. Тургусу, чычканды көргүсү келбейт. Күтүп жата берет. Кытыр-кытыр. Акыры тажайт. Акырын башын көтөрөт да тыңшайт. Анан кайсы жер кытырап жатканын билет да, ошо жакты колуна илинген нерсе менен берип калат. Тынчый түшөт. Бирок көп өтпөй эле, кайрадан кытыр-кытыр, чыйп-чыйп. Эртеси турары менен тешиктердин баарын мизилдете бүтөп чыгат. Жок. Кайра эле тешип чыгат. Мунусун бүтөсөң, тиги бурчтан тешип чыгат. Айласы кеткенде мештин түбүн тешип чыгат. Ташты да тешип чыгат окшойт. Эмне, булардын тиши темирденби? Өзү эле араң турган тамды казып бүтүрөт көрүнөт. Канчасын өлтүрүшпөдү. Баары бир түгөнбөйт. Өлтүргөн сайын көбөйөбү дейм. Бул бурчтагыны өлтүрсөң, тиги бурчтан дагы бирөө шылдыңдагансып башын кылтыйтат. Ушулардан кутулар күн келет болду бекен! Эмне айлаларды гана кылбады, ар бир бурчка капкан да койду. Алар катары менен үч-төрт чычканды жайлады. Бирок кайра эле чыйпылдашып… Акыры капкандарга адегенде өзү, анан аялы, анан баласы түшүп кала жаздады. Анан аларды алып салды. “Мышык керек экен!..” – дейт Алым кыжына.

— Биздин үйдө кишилер эле жашайт, — дейт аңгыча Артык, Алымдын оюн бузуп, — биринчисинде да, экинчисинде да, үчүнчүсүндө да, төртүнчүсүндө да… Баарында кишилер. Жайнайт… Кечинде киребиз, эртең менен чыгабыз…

— Түндөчү? – дейт уулу түшүнө бербей.

— Чыкпайбыз.

— Анан кантип?.. – Уулу чындап таңдана баштайт. – Эмне, түндө сийбейсиңерби?

— Эмнеге? – Тиги андан бетер таңданат. – Сиебиз. Үйгө сиебиз…

— Үйгө?! – Уулу кыткылыктай баштайт. – Папа, булар үйлөрүнө сийишет экен!..

— Үйдө туалет бар да!.. – дейт тиги ызалана.

— Үйгө сийсеңер, ылдый жактагы кишилердикине куюлуп кетет да. – Уулу дагы эле кыткылыктайт.

— Туалет бар дебедимби! – дейт тиги ыйлап жиберчүдөй.

Биресе таңдангандай, биресе шылдыңдагандай кыйлага кыткылыктап барат уулу. Алым да өзүнчө бүлкүлдөйт. Артык болсо тултуюп үндөбөй калат. Аңгыча алар Артыктын үйүнө жете келишет.

— Байке, — дейт Артык Алымга, эч нерсе болбогондой. – Биздин үйдүн маңдайындагы үй бош эле турат. Силер кирип албайсыңарбы?..

Алым таңдана суроолуу карап калат.

— Эч ким кире элек. Бопбош эле турат. Эч ким кирбей калды го деп папам айтат. Силер кирип албайсыңарбы…

Алым анын оюн эми араң түшүнөт. Аа… дейт да, ичи жылып, башын ийкейт.

— Жакшы кал эми. Эртең келесиңби? – деп коёт анан ойлонуп-ойлонбой.

Тиги башын ийкейт да, үйүнө чу коёт.

— Чын эле, папа, кирип албайбызбы? – дейт уулу бир аз узагандан кийин, тогуз кабатты суктана карап.

— Ал бирөөнүн үйү да.

— Бош деп жатпайбы…

— Бош болсо да бирөөнүн үйү! – дейт Алым ачуулана. – Ээси кийин кирет.

Уулу түшүнгөндөй үндөбөй калат. Алым өзүнчө күбүрөнүп коёт: “Силер эмнени түшүнмөк элеңер!..”

— Көзүңдү карап бас! – дейт анан уулуна кайрылып. – Жүгүрбө. Мындан ары машинелер көп…

Уулу башын ийкейт. Эми сүйлөшпөйт. Заматта эле үйгө кирип келишет…

Ошентип, эки жол бар. Күндө бирөө менен келишет. Бирөөнөн тажаганда экинчиси менен. Алым ушуну эстеди да: “Адам жолдон деле тажайт окшойт”, — деп шыбырай кетти. Өзүн кубаттагансып, башын ийкегиледи. Аңгыча мемиреп уктап жаткан уулу кыткылыктап күлө баштады. Түш көрүп жатат. Күлүп жатабы, карап турсаң, эми ыйлайт деп кобуранды Алым. Ыйлаган жок, күлө берди. Уулун көздөй бет алды. Чын эле күлүп жатпасын деп коркту. Жанына жетери менен күлкүсү тып басылды. Калп эле уктамыш болуп жатпасын деп шек санай баштады. Тигиле карап калды. Жок. Чын эле уктап жаткандай. Тим эле мемирейт. Акырын нукуп көрдү. Былк этип койбойт. “Чарчаган экен эргул…” – деди өзүнчө шыбырап. Үстөлгө бурулду, ал башын бурары менен, уулу каткырып жиберди. Селт эте, кайра бурулду. Жадырап уулу жатат. Көзү умачтай ачык. Уйкунун ныпым белгиси жок.

— Акырын, — деди Алым. – Бала ойгонот. Араң уктады.

Уулу жедеп буга көнүп бүткөн эле, макул дегендей башын ийкеди да, шыбырады:

— Уктап жатат дедиң, ээ.

— Билгем ойгоо жатканыңды. – Алым мойнуна алгысы келбеди.

— Ооба, саа, уктап жатат деп ойлогонсуң. Мен муну билбедимби.

— Кантип?

— Колуң менен сайгылабадыңбы.

— Аа…

Үндөй албай калды. Үстөлүн көздөй басты.

— Эмне, уйкуң келбей жатабы? – деди отуруп жатып.

— Бир кызык болуп атам: улам уктайм, улам ойгоном…

— Аа… Эмнеге күлдүң?

— Баягыга.

— Кайсы баягы?

— Баягычы. Сүргүлгөчү.

— Аа…

— Баратабыз, — деди уулу кыткылыктай. — Сен алдыда, мен артта. Садикке баратабыз. Анан эле сенин артыңда бир нерсе жүрөт сүйрөлүп. Түлкүнүн куйругундай…

— Сен айтып койбойсуңбу анан, элдин баарына шерменде кылбай.

— Биринчи айтайын дегем. Анан унутуп калдым. Качан түшөр экен деп ойлоп келатып эле, унутуп калыптырмын. Кантип айтам деп келатып эле, унутуп калыптырмын. Анын үстүнө сен менден алыс-алыс кетип калбадыңбы. Мени карап да койгон жоксуң. Дайым эле карабайсың… — Уулу мурчуйгансыды.

— Качан?

— Садикке бараткандачы. Карабайсың. Жиниң келе берет. Кимге жиниң келет, папа?

— Эч кимге!.. – Бурк этти.

Үндөбөй калышты. Уулу кайрадан күлө баштады.

— Ошондо былчыйган сары орус аял эмне деди эле?

— “Молодой человек, у вас что-что висит” – деген.

— Анан?

— Анан где? – дедим. Ал жаныма жакын келди да, аркамда салпаңдап сүйрөлүп келаткан сүргүлдү тарткылады.

— Анан?

— Эмне анан! Анан сүргүлдү алдым да, эч ким көрбөсө экен, уят болдум го деп, эки жакты элеңдеп карап туруп, сумкама тыгып салдым. Сен жетип келдиң анан, кыйратып салгансып. Үйдөн чыкканда эле айтсаң болмок, шерменде кылбай…

— Унутуп калыптырмын деп атпаймынбы.

Кайрадан сүйлөшпөй калышты.

— Анан? – деди уулу кайра кыткылыктап, — анан ошол былчыйган орус аял дагы эмне деп айтты дедиң эле?

— “Сначала я думала, что это, наверно, новая мода…” деп.

Уулу ого бетер кыткылыктады. Уулуна кошулуп өзү да жылмайымыш болду. Бир жолу уулу экөө бакчага жөнөп калышты. Шашылыш. Дайыма шашылыш жөнөшөт. Шашып кийинишет. Шашып шам-шум этет Алым. Андан ары жумушка барыш керек да. Бакчадан да шашылыш жөнөйт. Пальтосун жаман илгичтен жулуп алып, шашылып кийинген. Кежигеси негедир дүңкүйүп калгансыган. “Энеңди урайындын пальтосу, кутуруп калган го…” – деп пальтосуна кыжырдана басып-басып койгон. Элес алган эмес. Үйдөн кыйла узап, аялдамага жеткенде гана тигил аял дикилдей Алымга жете келди. “Молодой человек, молодой человек…” – деди ал демиге. Шашып бараткан Алым токтоду да, кыжырдана карап калды. Аял жалтайлай сүргүлдүн сүйрөлүп келатканын айткан. Буга чейин канча кишини кездештирбеди эле. Эч кимиси үндөгөн эмес. Бирок көпчүлүгү таңдана карап өтүшкөн. “Кызык, — деген Алым өзүнчө шыбырап, — эмне эле элдер мени карай беришет? Арыктыгыма таң калышат го…” Көрсө… Алым ошондо жолду карата өзүн таңдана карап, үндөбөй өтүп кеткендердин баарын өзүнчө ашатып барган. А уулун жетер-жеткиче жекире берген. Азыр ошол окуяны көз алдынан чууртту да, негедир уялып кетти.

— Кечиндечи? – деди аңгыча уулу.

— Эмне кечинде?

— Мамамчы. Эмне деди эле. Ыйлактапчы.

— Аа… Жалгыз ырыстуу чоң сүргүлүм болсо, аны да уурдап кетишиптир деген…

Уулу ого бетер кыткылыктады.

— Папа, — деди бир кезде күлкүсүн токтотуп, мостоё, — сен мени жулкулдатпай жүр да. Ошон үчүн…

— Жулкулдатпай? Качан сени жулкулдаттым эле?

— Дайыма эле. Садикке жөнөөрдө дайыма жулкулдатасың. Сийгим келип атат десем деле жулкулдатасың. Жөн турсам деле жулкулдатасың, басып баратсам деле жулкулдата бересиң… Ошон үчүн сүргүл жабышып… Кимге жиниң келет, папа?

— Эч кимге!.. – Кайра бурк этти.

Негедир ызаланды. Уулунун сөзүнө жүрөгү мыжылды. “Билет экен… — деди шыбырап. – Оңбогур десе…” Уулун эркелеткиси келди. Ага боору ооруду. Каргана кетти: “Экинчи жулкулдатпай жүрбөсөм. Жулкулдатсам элеби!..” Ушунчалык эркелеткиси келди. Көңүлүн көкөлөткүсү келди.

— А сен калп уктаганды кимден үйрөнгөнсүң? – деди эркелете мээримдүү.

Уулу эдиреңдеди:

— Садиктен!..

— Ыя?! Эмне, силерди калп уктагыла деп кыйнайбы?

— Жок. Өзүбүз эле калп уктайбыз. Уктабасак…

— Эмне?

— Уктабасак, сабайт да…

— Ким?

— Воспитательница, же нянка.

— Эмне үчүн?

— Уктабайсың деп да. Көзүңөрдү жумгула да, уктагыла дейт. Уктайбыз. Уктабасак да уктайбыз. – Уйкуга мемиреп бараткандай сүйлөй баштады. – Уктабай эле уктай беребиз. Анан бизди уктап атышат деп ойлошот. Кетип калышат. Чуулдабасак таптакыр келишпейт. Чуулдасак учуп келишет. Анан уктап калабыз. Уктабай эле уктай беребиз. Баякында… Айтайынбы?

— Эмнени?

— Баягынычы. Оляны.

— Кайсы Оля?

— Биздегичи.

— Айта бер.

— Баякында… Жатканбыз. Уктагыла деген. Уктабай эле уктап жатканбыз. Бир убакта мен акырын турдум да, керебеттин алды менен жөрмөлөп жөнөдүм.

Алым коркуп кетти:

— Кайда?

— Оляга да. Жөрмөлөп баратам, жөрмөлөп баратам, жөрмөлөп эле баратам. Такыр жетпейм. Бир кезде келдим го деп керебеттин алдынан чыга калсам, чын эле келиптирмин. Оля уктап жатат. Акырын бардым да, бетинен бир өөп алып, керебеттин алдына култ этип кирип кеттим.

— Ыя?! – деди Алым ого бетер далдырап.

Уулу ага назар буруп да койгон жок, куду жөрмөлөп келаткандай, тили да жөрмөлөп сайрай берди:

— Кайра жөрмөлөп жөнөдүм. Жөрмөлөп баратам, жөрмөлөп баратам, жөрмөлөп эле баратам. Энеңди урайын десе, киши корккондо иттей күлүк болуп калат окшойт, бир кезде карасам, өзүмдүн керебетимден да ашып кетиптирмин. Жиним келип кайра жөнөдүм жөрмөлөп. Керебетиме келдим да, төшөгүмө култ этип кирип кеттим. Оля болсо кыйкырып-өкүрүп ыйлап атат дейсиң…

— Эмне деп?

— Мени бирөө өөп кетти деп. Бабаяга өөп кетти деп… Бир убакта воспитательница менен нянка кирип келишти күшүлдөп. Баарыбыз уктап калдык. Оля гана уктабай ыйлап жатат, мени Бабаяга өөп кетти деп кыйкырып жатат. Сени Бабаяга өзү өпкөн жок, сени мобу уктамыш болуп жаткан Бабаягалардын бирөө эле өптү, азыр табабыз, ыйлаба дешти алар. Анан кыдырып, шимшип издей башташты. Жүрөгүм түшүп калды. Иттей катуу уктамыш болуп калдым. Бир кезде менин жаныма келишти да, экөө эки жагымдан жанагы сендей сайгылап көрүштү. Кытыгым иттей келди. – Чын эле кытыгысы келип жаткандай кыткылыктады. – Күлгөн жокмун. Күлсөң эле – өлдүң да. Күлгөн жокмун. Бир убакта сайгылабай калышты. Бир көзүмдү акырын ачып карасам, тигилер кетип баратышат. Сүйүнүп кеттим. Анан ачык көзүмдү жумдум да, жумулуп турган көзүмдү ачтым. Дагы эле кетип баратышат. Иттей сүйүндүм. Билесиңби, папа, эми мен бир көзүмдү жумуп туруп, бир көзүмдү ачканды үйрөнүп алдым. Айылдан такыр үйрөнө албай койгом. Оңой эле экен. Бирөөнү ачсаң, бирөөсүн жум. Бүттү. Оңой эле экен. Анан… — Эмне дээрин билбей калдыбы, тык токтоду.

— Анан? – деди Алым кызыга. – Анан эмне болду? Бабаяганы таппай коюштубу?

— Аа… —  Сүйүнүп кетти. – Анан… Бир кезде эле эки көзүмдү тең ачсам, воспитательница менен нянка Тищинканы, садиктен мени дайыма урат го, ошол Тищинканы сүйрөп баратат. Воспитательница бир кулагынан, нянка бир кулагынан кармап алыптыр. Тиги байкуш ыйлап баратат. Чала сага дедим, мени гана урасың ээ дедим. Сайгылаганда күлүп ийген окшойт. Уктабай эле уктап аткан да. Мендей болуп. Анан күлүп ийген окшойт. Бир сайганда эле. – Табасы кангандай кыткылыктады. – Анан бурчка алып барып тургузуп коюшту. Эки колун көтөрттүрүп туруп, тургузуп койду. Папа, эмне баарын эле байкуш Тищинкадан көрө беришет?

— Эмнени?

— Баарын эле. Башкалар тентек кылса да, шыдыр эле Тищинканы… Кызык…

— Тентек да…

— Аа…

Үндөбөй калды. Ойлонуп жатат окшойт. Бирок көп өтпөй эле:

— Баякында айылга барганда апам мамам экөөңдү өлгүдөй урушкан, — деди чочугандай.

— Эмнеге?!

— Мен калп уктап калдым да. Апам түлкү экен, баарын билет экен. “Кана, кана, ойгоосуң, кыты-кыты…” – дей баштады, мен күлүп жибердим. Калп уктаганды саа ким үйрөттү деди анан. Садик дедим мен. Анан апам урушту. Баламды жеп бүтүрүшкөн тура, күнкор кылып бүтүрүшкөн тура деди. Обу жоктор деди… Дагы… Дагы… — Эсинен чыгып кеткенби, мукактанып туруп калды.

Алымдын жүрөгү дагы мыжылды. Баласына кайрадан боору ооруду. Апасына да. Өзүнө өзү батпай турду. Эптеп өзүн-өзү алаксыткысы келип кайпастады. Анан эсине бир нерсе түшө калды да:

— А сен эмне үчүн өптүң? – деди.

— Кимди?

— Олянычы.

— Өптүм. Билбейм. Жатсам эле, уктабай уктап жатсам эле, өпкүм келип кетти. Анан жөрмөлөп…

— Уят да. Азыр өпсөң, кийин…

— Бизде баары эле өбүшөт. Тищинка деле, Артык деле, Павлик деле, Саша деле… Ии, папа, тиги Аняга айтып койсоң.

— Эмнени?

— Менин бетимди кармалабай жүрсүнчү.

— Бетимди?

— Ооба. Эртең менен сен кеткенден кийин эле ал мага жүгүрүп келет да: “Мой милый, мой малюсенький, у тебя лицо не лицо, а помидор…” – деп эле бетимди сыйпалап сылагылай берет.

— Анан сен эмне кыласың?

— Эчтеке. Күлөм. Чын эле, менин бетим помидорбу, папа?

— Ооба. Кыпкызыл да. – Алым чын дилинен күлдү. – Эми сага аял алып бериш керек экен. Же Оляны, же Аняны…

Уулу кыйкырып жиберди:

— Албайм аларыңды. Өзүң ал. Мен Татьяна Николаевнаны алам.

— Аның ким?

— Биздин берки воспитательницабыз. Сулуу. Баягүнү Марат байкем барыптыр мени алып кеткени. Жолдо келатканда айтат, ушул эжейиң сулуу экен, мен алайынбы дейт.

— Сен эмне дедиң анан?

— Мен айттым, албагын, өзүм алам. Өзүм таптымбы, өзүм алам, — дедим.

Алым каткырды.

— Байкуш Николаевна аз күндөн кийин тууйт окшойт, — деди уулу сыймыктангандай.

— Ыя?! Сен аны кайдан билдиң?

— Ичинен. Ичи мамамдын баягы ичиндей болуп мо-омундай килтейип келатат… — Колун тегерете көрсөттү.

Алым чын дитинен күлдү. Улам бирин эстеп, күлө берди. Акыры:

— Кой эми, укта. Эртең эрте турушуң керек, — деди чарчагандай кайдыгер.

Макул дегендей уулу үндөбөй калды. Бирок көп өтпөй эле:

— Папа, папа, — деди күнөөлүүдөй.

— Ии…

— Мен аял албай эле коёюнбу?

— Ыя? Эмне үчүн?

— Кийин ал мени тепкилебейби?

— Ким?

— Аялымчы.

— Жок! Эмнеге?! – деди Алым чындап чочуп. Анан тамашага чаргытты. – Эмне, мамаң мени тепкилеп жүрөбү?

— Аа… — Санаасы тына түштү да, кобурана кетти. – Баягүнү Сашанын мамасы папасын келтирип туруп бир койду эле, тиги мас окшойт, темтең-темтең этип барып, жерге күп дей түштү.

— Ал мас тура.

— Аа…

— Кой эми, укта. Эртең эрте…

Сөзүн бүтүрбөй уулун тиктеп калды. Кыйлага тиктеп турду. Ал ушул мемиреген калыбында Алымга бир нерсени эскертип жаткандай туюлду. “Кой, — деди Алым жүзүн буруп, — ырымга бир кат жазып коёюнчу. Какшай берип атамдын тили тешилди. Сүйүнүп калсын байкуш…” Чын эле, атасы барган сайын какшайт: “Тилипондон көрөк бир-эки ооз сөз бирдеме жазып турсаңар, амандыгыңарды билдирип. Санаам тынып калат окусам. Тилипонуңарды жакшы укпайм. Анын үстүнө үнүңөр да өзгөрүп кетет экен, оорулуу кишилердикиндей болуп…” Барган сайын ушинтип жалдырайт. Алым да карап тур, жетээрим менен жазбасам деп камынып чыгат. Бирок… Жаза элек. Бир да жолу. Эмнеге? Алым билбейм дегендей ийнин куушурду. Уулу кайрадан кыткылыктай баштады. Алым чочуп кетти:

— Ой, сен дале уктай элексиңби?

— Күлкүм келип атат…

— Эмнеге?

— Иттергечи.

— Иттерге?!

— Ооба. Папа, чөп жакшыбы, же бокпу?

— Эмне деп эле дөөрүп жатасың?!

— Иттерди айтам да. Мээси жок турбайбы алардын. Чөп жебейт да, бок жейт… — Уулу ого бетер кыткылыктады.

Алым да аргасыздан күлдү.

— Ошон үчүн аны ит дейт да… — деди күлкүсүн тыя албай. – Укта эми. Эртең эрте турушуң керек.

Уулу үндөбөй калды. Эмне эле уйкусу келбей жатат деп ойлоп койду Алым өзүнчө. Уулун карап туруп, анын негедир табышмактуу өзгөрүп баратканын ойлоду. Жүрөгү сыгылды. Шыбырай кетти: “Уктаганы да өзгөрүп баратат…” Мурда бул оюна келген эмес. Өзгөрбөгөн эч нерсе жок экенин, адам да өзгөрөрүн билсе да, мындай өзгөрүү болору үч уктаса түшүнө кирбеген. Өзгөчө өз каныңдан жаралган периштенин не бир сырдуу, не бир табышмактуу өзгөрүп баратканы адамды сыгылтпай койбойт тура. Атүгүл бул өзгөрүү өзүнүн табышмактуулугу менен коркунучтуу да туюлуп кетет Алымга. Алым муну биринчи күнү эле туйган. Болгондо да жүрөгү менен туйган. Уулунун бакчага барганына аз эле күн болгон. Бир күнү кечинде Алым алганы барып калды. Биринчи барышы. Тамак ичип бүтүшүптүр. Эшиктен баш багып, карап турду. Жамыраган балдар. Алардын ичинен уулу бөлүнүп турат. Башка түскө боёп койгондой бөлүнүп турат. Чачы жок. Айылдын кызыл жүздүү томурайган баласы. Карап турду. Тиги тамагын ичип бүттү да, табак, күрүшкө, кашыктарын өзү жыйнай баштады. Түшүрүп сындырып албайын дегендей, корунуп бирден ташып жүрөт. Мына кызык. Жүрөгү зырп дей түштү. Бул Алымдын оюна келбептир. Идиш-аяк жыйнамак түгүл, бааланып жатып араң тамак ичкен уулунун заматта минтип калганына негедир ичтен сызып турду. Кызганды. Уулундагы кандайдыр бир кереметти көзгө көрүнбөгөн бир нерсе улам бирден жалмап-жутуп, аны башка дүйнөгө ээрчитип бараткандай сезилип кетти. Алым бергиси келбей, сыздап турду. Аңгыча уулу карады да, мулуңдай кетти. Ого бетер жүрөгү сыгылды. Уулун ээрчитип чыгары менен, чыдай албай:

— Силер эмне, идиш-аяктарыңарды өзүңөр жыйнайт бекенсиңер?.. — деди.

— Ооба, — деди уулу бейкапар. – Бул жерде ушундай экен.

— Аа… — Сен эмнени билесиң дегендей, уулунун башынан сылады да, сыр бербей. – Ооба. Бул жерде ушундай. Балдардын баары эле өздөрү жыйнап жүрбөйбү. Сен да жыйнашың керек…

Өзүн ушинтип жооткоткон. Азыр да ушинтип жооткотот. Ошентсе деле… Башын чайкап койду. Эмне кылам деп жатканын таппай чайналып бир азга туруп калды. Эстеди. Баракты көрүп эстеди. Аны алды. Саргыч экен. Негедир буга жазгысы келбеди. Аппак баракты алды. Кыйлага ойлонуп калды. Эмне деп баштаарды билбей турду. Кимге багышташы керек? “Кандай ата, апа!.. – деп баштайбы. Негедир ыңгайсыз туюлду. Жөн эле “кандайсыздар?” деп баштасачы. Бул да орунсуздай. Башы катты. Муну туйгандай, уулу безилдей кетти:

— Папа, папа…

— Тү-үү ата! – деди Алым кыжырдана. – Ой, дале уктай элексиңби? Эртең менен турбай көр!.. – Ордунан турду да, ары-бери баса баштады. Эсине бир нерсе түшкөндөй тып токтоду да, уулуна кыйкырды. – Мен сага канча какшап жүрөм. Мени “папа” дебе, “ата” деп жүргүн дебедим беле!..

Уулу тырчый түштү:

— Менин атам бар да. Айылда да. Сакалы бар. А сеники…

— Ал сенин чоң атаң болот.

— Жо-ок, атам эле. Мен аны ата дейм. Сени папа дейм…

Алым уулунун ыгына көнгөндөй, кайдыгер гана:

— Аа… — деп койду.

— Папа, папа.

— Ии.

— Аркамды тырмап берчи.

Алым кыжынды. “Тү-үү!.. – деди кыжырдана. – Башкасы бүткөнсүп…” Бирок уулунун көңүлүн калтыргысы келбеди. Аста басып жанына келди.

— Кана, — деди акырын, — көмкөрөңдөн жат.

Уулу көмкөрөсүнөн жатты да:

— Байкуш атам ыйлап жүрөт го?.. – деди умсуна.

— Ыя!.. – деди Алым селт этип. – Эмнеге?..

— Мен жокчу. Эл чакырганда дайыма мен ээрчитип барчумун. Көзү көрбөйт да. Жарык болуп турса да – көрбөйт. Күндүз да көрбөйт, түнүчүндө да көрбөйт. Жарыкта да, караңгыда да. Кызык. Ата, мурда көрчү белең десем, көрчүмүн дейт. Калп айтпа, анда эмне үчүн азыр көрбөй калдың десем, карыдым да дейт. Байкуш атам…

Экөө тең тунжурап калышты.

— Карыганда чын эле көз көрбөй калабы? – деди уулу бир аздан соң.

— Билбейм… — деди Алым кайдыгер. – Ошондой го…

— Атам да кызык, — деди өзүнчө. – Карыбай эле койбойбу…

Алым үндөбөдү. Сен эмнени билесиң дегендей, кыжырдана мыйыгынан жылмайып койду.

— Мен атамды ээрчитип жүргөндө эле баары сурай беришет, — деди уулу таңдангандай, сөзүн улап. – Бу баягы балаңдын баласыбы дешет. Атам ооба, ошол жаманымдыкы дейт. Эл сүйүнүп калат. Эмне экенин билбейм, атам да сүйүнөт. Мени чекемден өөп коёт… Эмне, папа, сен кыйынсыңбы?

Алым селт этти.

— Жок! Аны саа ким айтты?

— Эч ким. Элдин сүйүнгөнүн айтам да.

Алымдын жүрөгү мыжылды.

— Тырмайынбы?.. – деди анан сөздү башкага бургусу келип. – Тырмап бер дейсиң да…

Уулу мойнуна алгандай, үндөбөстөн аркасын тосту. Алым тырмай баштады.

— Андай эмес!.. – деди уулу кыйкырып. – Билбейт турбайсыңбы.

— Эмнени?

— Тырмаганды. Апамдай тырма да. Тырмагың менен эмес, алаканың менен. Мына минтип… — Алаканы менен сүрткүлөп, көрсөтө кетти.

Алым аны туурап, алаканы менен сүрткүлөй баштады. Уулу кыткылыктады:

— Кызык экен. Болдучу. Тырмагың менен эле тырмачы.

Тырмагы менен тырмап кирди.

— Кызык экен, — деди уулу кайра өзүнчө күбүрөп. Алымга кайрылды. – Сенин алаканың бир кызык экен, тырмагы жок тура.

— Кандай тырмак?

— Тырмакчы. Апамдыкындай. Апам алаканы менен эле тырмайт. Алаканы бүдүр-сүдүр. Тырмоок. Тырмактан жакшы. Тытпайт, оорутпайт. Сеники… Жабышып калат экен…

Алым уулу эмнени айтып жатканын эми араң түшүндү. Апасынын алаканын элестеткиси келди. Элестете албады. Оңгулуктуу эстей да албады. Бир гана куудурап турарын эсине түшүрдү. Калганын… Унуткан окшойт…

— Байкуш апам, — деди аңгыча уулу, Алымды дагы селт эттирип. – Ыйлап жатат го!..

— Эмнеге?

— Мен апам менен жатчумун да. Эми жалгыз калды да. Мени алып кетип калбадыңарбы. Ал жалгыз… Силер алдап…

Алым чыдай албай кетти, тигинин сөзүн толук укпай кыйкырды:

— А сен келбей эле койбойсуңбу!..

Уулу биресе күнөөлүүдөй, биресе корккондой үндөбөй калды. Алым өзүнүн эмнени ойлоп жатканын өзү да сезбей, уулунун аркасын өчү бардай сүрткүлөй берди. Уулу кыйладан кийин сурангандай, акырын үн катты:

— Папа, мени жибергилечи.

— Кайда?

— Айылга.

— Эмнеге?

— Сагындым.

— Кимди?

— Баарын. Апамды. Атамды. Анан аттарды, иттерди. Оңолду, Бакытты, Бердибекти… Баарын…

— Буларың кимдер?

— Досторум. Мени да сагынышты го…

— Аа…

Дагы эле эмнени ойлоп жатканын өзү билбей, ойлонуп-ойлонбой сүрткүлөй берди.

— Коё турчу, — деди анан тырмаганын токтото коюп, — бирөө кыйкырып жатабы?

Тыңшап калды. Уулу да кулак төшөдү.

— Ооба, — деди көп өтпөй башын ийкеп. – Бакалар чардап жатат окшойт.

— Бакалар азыр чардабайт, — деди уулу бырс күлүп. – Азыр суук да. Бакалар жазында чардайт. Чардап жатат деп коёт…

— Аа… — деди Алым жеңилгендей.

— Апам келет эле… – деди уулу чоң кишидей ойлуу. – Пенсиясы тийбей жатат го. – Өзүнчө сүйлөнүп кирди. – Пенсиям тийсе эле лесепед сатып берем деди эле. – Алымга кайрылды. – Папа, пенсияң тийгенде лесепед сатып берчи, ээ…

Алым ага назар бурбай, башын ийкеп койду.

— Экөөбүз чогуу жатчу элек… — Уулу умсуна өзүнчө сүйлөнүп кирди кайра. – Мени койнуна алып жатчу. Азыр жалгыз жатат го. Мен да жалгыз…

— Сен эми чоңойдуң да. – Алым чыдай албай, анын сөзүн бөлдү.  – Чоңойгондо жалгыз жатыш керек.

— Билбейм… Апам койнуна алып жатчу эле…

Кимдир бирөөгө таарынгандай үндөбөй калды. Экөө тең дымышты. Уулу уйкуга кетип бараткандай болду. Тырмаганын токтотту да, жуурканды жаап, ордунан акырын турду.

— Папа, — деди уулу эсине бирдеме түшкөндөй, көзүн ачып, — жанагы момпосуйду жебей эле койсок болмок экен, ээ…

— Эмнеге?

— Жакшы момпосуй эле. Мен аны воспитательницама бермекмин.

Таңданды:

— Эмнеге?

— Жөн эле. Ал мени баарынан жакшы көрөт болчу. Башымдан сыламак. Бетимден да өпмөк. Жок! Мен аны заведующийге бермекмин. Баарынан ким кыйын, билесиңби?

Алым эмне деп уйкусурап жатат дегенсип, ойлонуп калды. Анан ушундай жомокту эстеди. Бүгүн ушундай жомокту айтып берсе керек деп койду өзүнчө.

— Биздин садиктин заведующийи кыйын! – деди уулу, Алымдын жообун күтпөстөн дердеңдей. – Андан баары коркушат. Воспитательницалар тим эле чычып ийишет. Заведующий келатат, заведующий урушат дей беришет. А мен коркпойм.

Алым ого бетер таңданды, атүгүл деңдароо боло түштү да:

— Эмне үчүн? – деди элейе.

— Жөн эле. Баягында мен калгаткиси жок барбадым беле. Ошондо заведующий алдымдан чыга калган. Мен коркуп кеттим. Качайын деп кыймылдай албай калдым. Ал урушкан жок. Башымдан сылап койду. Анан күлдү. Мен да күлдүм. Мен аны жакшы көрөм… — Үндөбөй калды да, анан эсине бир нерсе түшкөндөй, элең эте Алымды карап. — Папа, сен эмне эле жатпайсың?

— Иштеп атпаймынбы!..

— Дайыма эле иштей бересиңби? Күндүз деле иштейм дейсиң, түнүчүндө деле иштейм дейсиң… — Уулу негедир нааразы боло кетти.

— Аа… — деп койду Алым, жооп бергиси келбегендей. – Укта эми… Эртең эрте туруш керек…

Алым ары басты. Уулу, өзүнчө элдир-селдир сүйлөнүп, магдырап кетип баратты:

— Артыкта мээ жок экен. Солдаттар оорубайт десем, ооруйт дейт. Солдаттар ок тийсе гана ооруйт десем, ок тийбесе деле ооруйт дейт. Мен канча кино көрбөдүм дейсиң. Солдаттар оорубайт, ок тийсе гана ооруйт. Ал ок тийбесе деле ооруйт дейт. Мээси жок экен…

Алым үстөлүнө келди да, отуруп жатып, шыбырай кетти:

— Эртең эрте туруш керек…

Кайрадан катка асылды. “Бир жолу жазып коёюнчу, — деди күбүрөп, — сүйүнүп калышсын…” Кат жазайын деген баракты колуна алып, көз жүгүртө кетти. Ал актай экен. Өкүнгөндөй башын чайкады: “Эчтеке жаза элек турбаймынбы!..” Эмне үчүн жазбай токтоп калганын эсине түшүрүүгө жан далбас кылды. “Баштай да элек экенмин…” — деди акыры кыжына. Сүйүнүп кетти – бул сөз ага эмне үчүн токтогонун эскерткендей болду. Кантип баштаарды билбей койбоду беле. Жаагын таянып кыйлага отурду да, колун шилтеди. “Саламатсыңарбы?” – деп баштай берейинчи деди. Бул сөздү жазганы келатып, кайра тык токтоду. “Саламатсыздарбы?” – деген сөз айылда айтылбастыгы, окуучулар гана мугалимдерге ушинтип кайрылары эсине шак дей түштү. Айылда мындан бөлөк кандайча учурашарын эске түшүргөнү ойлонуп калды.”Аа, — деди бир мезгилде сүйүнүп, — жакшысыздарбы? – дейт да. Кой…” Жаза баштады: “Жакшысыңарбы? Кандай турасыңар? Атам кандай жүрөт? Апамчы? Биз жакшы эле турабыз? Аба ырайы кандай?..” Ушу жерге келди да, шак токтоду. “Аба ырайынын эмне кереги бар? – деди шыбырап. – Мейли эми, — деди кайра, — жазылып калды”. Бирок ушу бойдон токтоп калды. Канчалык жанталашпасын, жыла албай койду. Эмнени жазып, эмнени коёрду билбей, баш катырып отурду. Жазгандарын шыбырап кайрадан окуду. Ага дагы эле “аба ырайы кандай?” – деген сүйлөм олдоксон туюлду. Анан кайсы гана катты окубасын, баарында тең аба ырайын сөзсүз сурарын ойлоп, өзүн жооткотту. “Эмне үчүн, — деди күбүрөп, — бир-эки сөздөн кийин эле аба ырайын сурайт?..” Бул суроого жооп таба албай, кыйлага бушайман болду. Акыры таптыбы, кудуңдай кетти: “Чын, — деди өзүн-өзү кубаттап, — бул жаратылышка көз карандылыктан. Биз канчалык акылдуу болбойлу, баары бир жаратылыш деген жаратылыш…” Кадимкидей мулуңдады. “Кой, — деди кубанычтан кол үзө албай, — катты улантайын…” Кайрадан окуду. Анан калемди алды да, ойлонуп-ойлонбой эле шыпылдата кетти: “Балдар чоңоюп жатабы?..” Жазып бүткөн соң аны күбүрөп окуду. Коошпогонсуйт. Сөздөрдүн арасына кандайдыр бир колдогой нерсе кирип алгандай. Алым сөздөрдү теше тиктеп турду. Эч нерсе жок сыяктуу. Тамгалар ордунда, ката жок. Аргасы түгөнгөндөй шыбырады: “Анда эмне үчүн?..” Бушайман болуп турду да, акыры тапты. “Келесоомун да! – деди өзүнө кыжырдана. – Кайсы балдарды айтып жатам? Үйдө балдар жок да!.. Анда бул сөз кайдан чыга калды?..” Алымга бул сөздү башка бир киши шыбырап, атайы жаздырып салгандай сезилип кетти. Шектенгендей тегерегин айландыра карады. Эч ким жок. Ындыны өчтү. Нааразылана колун шилтеди да, бул сүйлөмдү чийип салууга камданып келатып, кайра токтоп калды. “Мейли, — деди кайдыгер, — жазылып калды. Тура берсин. Карала-торала кылып…” Уланткысы келип, колуна калем алды. Башына эч нерсе келбей койду. Айтар кеби ушу бир-эки сүйлөм менен эле бүтүп калгандай. Сөз менен ойлорунун баары өздөрүнчө убадалашып алышып, качып кетишкендей. Кантип эле? Башын чайкады. Акыры көптөн бери кат жаза элегин эстеди. Буга удаа эле биринчи жолу кат жазганын эстеди. Төртүнчү же бешинчи класстабы, айтор, бир күнү кыргыз тил сабагынан катка байланыштуу теманы өтүшкөн. Ошондо агайы тууган-туушкандарыңарга кат жазып келгиле деген тапшырма берген. Катты кантип жазыш керектигин да жалпы жонунан түшүндүргөн. Ооба, бул сабак эле. Алым анда анча деле кыйналган эмес. (Атүгүл тапшырма катары да туюлбаган. Азыр тапшырмадай туюлуп отурбайбы.) Шаарда окуп жаткан агасына кат жазган эле. Эч бир кыйналып-кысталып, ыйынып-ычкынып отурбай эле, оюна эмне келсе, ошонун баарын жазып жиберген. Эмнелерди жазганын эсине түшүргүсү келди. Эстей албай кыйналды. Аба ырайын сураганы эсине түштү. Анткени агасы да дайыма аба ырайын сурачу. Анан качан келерин сураган. Анткени кат жазган сайын ушинтип сурачу. Бүттү, канчалык жанталашпасын, калганын эстей албады. Болгону ошондо каттарды ушунчалык ыракаттануу менен эркин жазганын эстеди. Ар бир тамга кымбат, ыйык көрүнчү Алымга. Ар бир тамгага бүткүл ой-санаасын, үмүт-тилегин камтууга жандалбас кылар эле. Сүрөт тартып жаткансып, ар бир тамганы не бир дыкаттык, не бир ыракат-жоопкерчилик менен жазар эле. Азыр ошол учурга бир кайрылып бара калгандай, негедир өзүн эркин сезип кетти. Бирок мындан бат эле ажырап калды. Кийинкилерин эстөөнү ойлогондо эле, мындай сезим күм-жам болду. Кийин… Эми ойлосо, үйүнө бир-эки жолу гана кат жазыптыр. Шаарга келгени бир-эки жолу гана. Жаңы келгенде жазса керек эле. Эсинде: кандайдыр бир муктаждыктан улам жазган. Кандай муктаждык? Алым муну эстей албады. Болгону аргасыздан жазганын гана эстеди. Андан кийин жазбаптыр. Кээде гана телефон менен сүйлөшүп койчу. Алым башын чайкады, кимдир бирөөгө нааразы болгондой, таарынгандай чайкады. “Кой, — деди анан тажагандай кол шилтеп, — адресин толтура турайынчы…” Конвертти алды. (Бул – уулунун конверти эле. Анын конверттери көп. Бетиндеги сүрөттөрүнө кызыгып, апасына саттырып алыптыр…) “Беш тыйын турат экен”, — деди шыбырап. Күбүрөнүп толтура баштады: Тянь-Шанск. р/н, село…

“Жок, — деди бул жерге келгенде башын чайкап, — кайсынысын жазсам?..” Эки анжы болуп туруп калды. Анткени эки айыл коңшулаш эле, бет маңдай жайгашкан. Почта өйүзгү айылда. Өздөрү берки өйүздө турат. Кайсынысын жазуу керек? Тээ илгери кайсынысын жазды эле? Эсинде жок. Ал кат жетти беле, же жетпей калды беле – муну да унутуптур. Өкүндү. Адресин толук сурап албаганы үчүн өзүнө кыжыры келди. Колун шилтеди да, өз айылын жазды. Айылын жазары менен көчөлөргө ат, ар бир үйгө номур коюлганы эсине шак дей түштү. Балээ эми башталды. Айылга канча жолу барбады, үйүнүн бооруна бадырайта жазылып турган көчөнүн атын канча жолу көрбөдү. Аа биздин көчө ушундай турбайбы деп канча жолу өзүнчө шыбырабады. Карачы эми, кашайып эске келбегенин. Канчалык жанталашса да, эстей албады. Жакшылап назар тикпептир да. Жөн эле окуп койсо керек. Жүрөгү мыжыла баштады. Айылын, көчөлөрдү, андагы ар бир үйдү көз алдынан өткөргүсү келип, жаагын таяна, ойлуу отуруп калды. Шыдыр эле эски үйү көз алдына тартылды. Таңданды. Айылын эстегенде, дайыма эски үйү эсине келет. Жалпак үй. Эки бөлмө. Оозунда кепич чечкичи бар. Аны далис дешчү. Азыр бул үй жок. Бузулган. Ордунда картөшкө айдалат. Бирок Алым шыдыр эле аны ойлойт. Жок болсо да, ушул жалпак там көз алдына келе калат. Анын элеси кадимкидей тартылат. Анан ойлору өзүнөн өзү эле эски үйдүн булуң-бурчтарын, айлана-тегерегин жойлоп чыгат. Каалгаларын эстейт. Илгичин эстейт. Мешин сагынат. Түркүктөрү кээде түшүнө кирет. Далай жолу айланкөчөк ойношкон түркүктөр. Анан чоң чылапчынга салып алып, өзүнүн куудураган, бирок жумшак колу менен бетин, аркасын жышып, апасынын киринтип жатканы көз алдынан чуурат. Кымырылып уялганын эстеп, азыр да уялып кетет. Жүрүп-жүрүп отуруп, каалгадагы кулпунун илмегине келет. Каалгада атайы кулпу салчу илмек болсо да, ага бир да кулпу илинбегенин эстеп, өзүнчө жылмаят. Кулпу салмак түгүл, үйдө кулпу да жок болчу. Бир мезгилде кулпу сатып алышкан экен, ал салынбагандыктан дат басып, иштебей калыптыр. Атасы ыргытып жиберген. Аны Алымдар оюнчук кылып кыйлага ойноп жүрүштү. Кийин атасы кулпунун илгичин сууруп салган. “Кереги жок, — деген тызылдаган апасына, — баары бир кулпу салынбайт экен. Ары-бери өткөндө илинип калып жатып, чепкенимди да айрып бүтүрмөй болду…” Жылмайып көпкө турат да, кайра ойго чөмүлөт. Көптү-көптү эстейт, акыры туңгуюкка келип кептелет – эмне үчүн жаңы үйүбүз эске түшпөйт? Каңырыгы түтөйт анан, өмүрүндөгү эң бир жаркын, эң бир кымбат учурлар ошо эски үй менен кошо кеткендей. Ошо жаркын жана кымбат нерселер эмне экенин өзү да билбейт. Болгону айылга барып, эски үйдүн ордундагы картөшкөлөрдү аралаганда, ошо картөшкөлөрдүн арасынан өздөрүнүн бала кездеги чуру-чуусу, күлкүлөрү жаңыргандай боло берет. Бул жаңырыкты ал азыр да укту, жалпак тамы көз алдынан чууруп өтүп жатканда, ал элести өздөрүнүн бала чактагы чуру-чуусу менен күлкүлөрү коштоп жүргөндөй туюлду. Умсуна үшкүрүнө кетти. Эски үйүндө номур, атүгүл көчө дегендин өзү да жок болчу. Көчө деген эмне экенин Алым кийин-кийин билди. (Албетте, “Эне тилден”, же “Кыргыз тилинен”, же дагы бир окуу китептен “көчө” деген сөздү көп эле жолуктурчу. Бирок ал эмне экенин билчү эмес.) Эми ойлосо, анда айылдын адреси деле жок экен да. Адреси жок айыл. Анан мелдешип алышкансып, элдин баары жапырт жаңы үй курууга киришишти. Кийин айылына барса, көчөлөр, номурлар пайда болуптур… Алым ойго чөгүп олтура берди. Көөдөнүн эски нерсе тепкилеп жаткансыйт: адрес, номур. Мына ушул экөө – адрес менен номур – айылындагы үйлөрдү бири-биринен бөлүп, ажыратып таштагандай туюлду ага. Булар жокто алар өз ара чиркешип, бөлүнбөс бир бүтүн нерседей болуп турчу, бир бүтүн айыл гана болор эле, азыр айылдын быт-чыты чыкты да калды. Номурга ушунчалык кыжыры келди. Баарына мына ушул номурлар айыптуудай. Ал зордук менен үйдү үйдөн, айылды айылдан бөлүп таштагандай. Алым буктана колун шилтеди. Бул көөдөнүн тепкен буктан арылуунун жан далбасы эле. Бирок ой эркине койчубу, кайрадан алып-учуп жөнөдү. Өзү бала кездеги айылын аралап жөнөдү. Көчөлөрү жок, номурлары жок айылын жортуп жөнөдү. Чаңдуу чоң жол, анан жалгыз аяк жол, анан кара жол. (“Кызык, — деди Алым, башы катып, — эмне үчүн “кара жол” дешет. Бул, эмне, асфальтталганына байланыштуу коюлганбы? Же чоң жол дегениби?..” Таппай, башын чайкап койду. Эмики барганда айылдагылардан сурабасам деп ойлоду.) Мына ушул жолдор менен салып-уруп жөнөдү да, бейиттерге келип такалып калды. Андан ары өтө албай койду. Башын ташка койгуласа да өтө албады, кара терге түшсө да өтө албады. Бейиттер… Жүрөгү шуу дей түштү – эски бейиттер эмес, жаңылары тартылды көз алдына. Жүрөгү ого бетер шуулдады – бейиттердин дайыма жаңылары эске түшөт, дайыма жаңылары. Эмне үчүн, эмне үчүн?.. Билбейм дегендей башын чайкады. Жаңы бейиттер… Бейиттерди аралап жүргөндө, жаңылары көзүнө чалдыга калса, селт этип чочуп кетет. Кимдики? Окуйт. Эстеликтеги атты окуйт, жазууну окуйт. Аны баарынан да канча жашында жана качан көз жумганы бейпайга салат. Өзүнөн кичүүлөргө туш келгенде, негедир өзүн күнөөкөрдөй, алардын алдында айыптуудай сезип кетет. “Жаш экен, — дейт өзүнчө, — менден кичүү экен…” Өзүнө тааныш бейиттер. Булар бир кезде тирүү кишилер эле. Азыр бейитке айланышыптыр. Көпкө ойго батат, эмне жөнүндө ойлоп жатканын билбесе да, ойго чөгөт. Бейиттер аны ойго чөгөрө берет. Бирок кандай ойго батырып жатканын аңдоого бейиттердин өздөрү тоскоол болот. Аңдоону ойлоп да койбойт, анткени бейиттердин арасында мен эмнени ойлоп жатам деп ойлоого эч кимдин дарамети жетпейт эмеспи. Бейит деген ой эле баарына, баарына, баарына тоскоол болот… Узайт бейиттерден. Узап келатып, кайрадан бурулуп карайт. Карайт да, ойлондумбу, же жокпу, азыр ойлонуп жатамбы деп дел болуп туруп калат. Дал ушул маалда, кайдан-жайдан жаралганы белгисиз, анын башына бир ой күтүүсүздөн пайда болот – аны тууган жери менен көбүнчө бейиттер гана байланыштырып тургандай туюлат. (Бейиттерден узай түшкөндө анын башына дайыма ушундай ой келерин кийин-кийин – бейиттерден ажыраганда гана – туят, билет.) Азыр да ойлору бейиттерди аралап жүрдү. Ойлору эстеликтерди теше тиктеп жаткандай болду. Жүрөгү шуу дей түштү – ага бейиттер да бири-биринен ажырап бараткандай туюлуп кетти. Эстеликтердеги маркумдардын аты-жөнү, туулган-өлгөн жылы, аза ыры… Булар куду адрестей туюлду Алымга. “Адрес!.. – деди ал жан айласын таппай. – Адрес…” Башы жарылып кетчүдөй, чатырап чыкты. “Мен азыр… — деди кимдир бирөөгө шыбырап сыр айтып жаткансып. – Мен азыр…” Ордунан турду. Теңселе басып келатты. Шыбырап келатты: “Мен азыр… Мен азыр…” Аялынан сурайын деп келатты. Үйүнүн адресин, өзүнүн үйүнүн… Аялы бейкапар уктап жатат. Аны тигиле карап турду да, негедир чечине кетти. Өзүнүн кийиминен качкандай, көйнөк, шымын будалай ыргытты да, акырын төшөккө кирди. Аста шыбырады:

— Эй, эй…

Аялы уйку-соонун арасында ыңгыранып койду да, уйкуга көшүлүп кетти. Алым үнүн катуу чыгарып, акырын түрткүлөдү:

— Эй, эй дейм!..

Аялы чочуп, башын көтөрдү:

— Ыя?! Эмне, жүрөгүңбү?..

— Жок, — деди Алым жүрөгүнө колун коюп. Чын эле, жүрөгү дүкүлдөп жатыптыр. Селт этти. – Жок… — деди анан кайра. Ушул маалда адрес жөнүндө сурайын дегени эсинен чыгып кетти. Атүгүл эмнени сурайын дедим эле деп ойлогон да жок. – Жок… — деди угулар-угулбас шыбырап. – Мен жөн эле… Колуңду басып жатып калыпсың…

— Аа…

Аялы, санаасы тынгандай, кайра уйкуга көшүлдү. А Алымдын жүрөгү дүкүлдөгөндөн дүкүлдөй баштады. Бүт денеси жоюлуп, бир гана жүрөгү калгандай. Жүрөгү бар экенин ал жакында эле туйду, жүрөгү ооруй баштаганда гана. Мурда деле билчү, бирок даана туйчу эмес. Жүрөгү бар экенин жакында гана – жүрөгү ооруй баштаганда гана – сезе баштады.

— Жүрөгүңбү?.. – деди аялы көп өтпөй башын көтөрүп элеңдей.

— Жок… Жок… Жата бер. Мен жөн эле..

— Дүкүлдөп жатпайбы.. Бир башкача дүкүлдөп…

— Согуп жатат да. Жүрөк болгондон кийин…

Сөзүн бүтүп-бүтпөй сол ыптасына оодарылды. Жүрөгүн ого бетер даана туя баштады. Денесинде эмес, төшөктө бир нерсе бүлкүлдөп жаткансыйт. Алым ошол бүлк-бүлк эткен жандыктын үстүнө жатып алгандай. Чочуп кетти, көңүлү айнып бараткансыды. Кайра бери оодарылды. Кичине эс ала түшкөнсүдү. Жакшы нерселер жөнүндө ойлогусу келди. Эч бир ой келбеди. Жакшылык тууралуу эмес, жамандык жөнүндө да ой келбеди. Өзүнө баарын жутуп-сиңирип алып, жүрөгү эле калгандай, бул дүйнөдө жүрөгү эле жалгыз калгандай. Өзүнөн өзү качкысы келди, жата берсе жүрөгү көөдөнүнөн суурулуп-атып кетчүдөй туюлду. Айласы кеткенде чүмкөндү. Жүрөгү дале бүлк-бүлк, дүк-дүк. Тыңшап жата берди, жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү аны алаксыта баштады. Жүрөгүнүн оорусу биринчи жолу кандайча кармаганы эсине капысынан келе калды. Сүйүнүп кетти. Алаксытчу нерсе өзүнөн өзү табылганына сүйүндү. Кутулгусу келбеди, баштан-аяк эскере баштады… “Жалгыз болчумун… — деди шыбырап. – Жок, карындашым да бар эле…” Мына бүгүн кулайт, мына эртең кулайт деген ушул эле үйдө жатышкан. Өзү төркү үйдө, карындашы оозгу бөлмөдө. Уктап жаткан. Кайсы маал экенин жакшы билбейт, айтор, бир учурда эле чочуп ойгонуп кетти. Түш көрүп жатыптыр. Эмне түш экенин өзү деле билбейт. Түшүнөн чочуганын гана билет. (Чочуганына караганда коркунучтуу болсо керек. Кийин ушинтип боолгологон. Учурунда билген эмес эле.) Анан эле көөдөнүнөн бир нерсе бүлк-бүлк этип жатат. Колун акырын алып барып, ал жерге такады. Жүрөгү экен. Бүлк-бүлк, дүк-дүк. Колун тартып алды коркуп, жүрөгү эми жуурканды ургулай баштады. Тим эле желпилдетип жаткансыйт. Ордунан акырын турду да, жарыкты жандырды. Көйнөгүн кийди. Эңкейип жүрөк жакка көз жиберди. Көзү тунара түштү – жүрөгү көйнөгүн лепилдетип жатат. Көңүлү айнып, башы айланып кетти. Үйдүн дубалына сүйөнүп, акырын жыла басып эшикке бет алды. Чыгып баратканда, үйдүн ичин бир карап алгысы келди. Көзүнө шыдыр эле баарынан бейкапар уктап жаткан карындашы урунду. “Аа…” — деди санаасы тынгандай. Бир азга болсо да жүрөгүн унута түшкөнсүдү. Бирок кайра эле… (Кийин аялы айтты: “Айна (карындашы) билиптир, сенин уурданып эшикке чыгып баратканыңды көрүптүр. Оору түк оюна келбептир. Мурда-кийин оорубаса. Анан сени жаман көрүптүр. Жеңем жокто эле ушинтип уурданып… кете берет турбайбы деп ойлоптур…” Алым муну укканда, буркан-шаркан түшүп аял аттуунун баарын ата-ботосуна жеткирген: “Баарыңар ушундай итсиңер!.. Шыдыр эле жамандык келет башыңарга. Өлгөнү атса. Эгер өлүп калсам деле…) Эптеп короодон чыгып, көчөгө бет алды. Жай басып келатты, басканына караганда жүрөгү тез согуп кирди, жүрөгү аны түртүп бараткандай болду. Жүрөгүнөн качып, кадамын тездетти. Жүрөгү уламдан-улам оордоп баратты, акыры денеси жүрөгүн көтөрө албай калды. Өзгөчө башы. Жүрөктүн салмагы шыдыр эле башка урат экен. Башы чытырайт. Жүрөгү соккон сайын, жарылып кетчүдөй чытырайт. Ошондо да алаксыгысы келген, бирок алаксый албай, жан-айласы кеткен. Акыры жүйүртө басып отура калып, жанталаша чыкыйын укалаган. Кичине эс ала түшкөнсүдү. Колун чыкыйынан албай, айланага көз жиберди. Не бир татына, не бир таза жана да не бир кымбат көрүндү. Баары: бактар да, жол да, шылдырап акырын агып жаткан киргил суу да, машинелердин доошу да… Баары, баары… “Ушулар… Ушулар калабы?..” – деди өзүнчө шыбырап. (Кийин айыкканда ушу сөзүн эстеп ушунчалык таң калды. Өзү минтип деле ойлобогондугун, муну көөдөндө бугуп жаткан көзгө көрүнбөгөн кандайдыр бир нерсе шыбыраганын мойнуна алууга аргасыз болгон Алым.) Анан өз шыбырынан өзү селт этти – өлүмдү ойлогону капысынан эсине шак дей түштү. Титиреп кетти. “Ушулар…” – деди бирок кайра эле. Алеки заматта оюна нелер келип, нелер кетпеди. Чуу-чуу этет тим эле. Көзгө илешпей сызып кетет тим эле. Өзүнүн жарык дүйнөнү элес-булас тааный баштаган курагына бир барып келгендей болгон. Заматтын эле ортосунда. Ошонун баары-баары жакшы, ыйык көрүнгөн. Атүгүл жаман деген нерселери да ыйык, кымбат көрүнгөн. Акырында жүрүп отуруп, көөдөнүндө кандайдыр бир кусалык, көксөө пайда болгон. Балдарымды бир көрүп калсам экен деп көксөгөн. (Балдары айылда эле.) Баары-баары жуурулушуп келип, балдарына такалып калган. Анан ичи ачыша баштады. Өмүрүндө мынчалык ичи күйгөн эместир. Өкүрүп-бакырып ыйлагысы келди. “Урдум!.. – деди оюнда. – Баарын урдум: ишин да, диссертациясын да! Эптеп… Эптеп эле айыксам…” Ордунан турду да, ойдон качкандай ары басты, бери басты. Ушул эле маалда ойлонгусу да келди, ойлонуп өзүн-өзү алдагысы келди. Кимдир бирөө менен сүйлөшкүсү келди. Тегеректе жан жок. Ошентсе да сүйлөшө баштады. Кимдир бирөө менен сүйлөшүп бараткансыды. Бара-бара өзүнө келе баштады. Жүрөгү баягыдай эле. Бирок башы чатырабай калды. Жеңилдей түштү. Сууга чөмкүп чыккандай сергиди. Үйгө кирди. Кирди да, жаткандан коркту. Төшөккө баш койсо эле, жүрөгү кайрадан туйлай баштачудай туюлду. Коркту. Отурду да, иштей баштады. Кызык. Башына не бир сонун ойлор келет десең. Мурда кыйналып-кысталып, ыйынып-ычкынса да жолобогон ойлор аны тебелеп-тепсеп кирди. Тазара түшкөндөй. Баары: денеси, башы, ойлору… Таңданды. Эми эле баарын урдум деп карганганын эстеп, таңданды… Кийин жүрөгү далай туйлабадыбы. Бир жолу калтыратып-титиретип катуу кармады. Ошондо аялы ыйлактап жатып, доктурга алып жөнөгөн. Жолдо баратканда аялы: “Өмүрү доктурга бара элекмин деп жүрүп, мына эми… Кесир сүйлөп…” – деп ого бетер ыйлактаган. Чын эле, доктурга күнү түшпөгөнүнө канча жыл болду дейсиң. Буга чейин акыркы жолу качан доктурга барганы эсинен чыгып кетиптир. Тээ кичинекей чагында суук тийип, атасы менен чогуу доктурга жаткан экен. Аны өзү билбейт, атасы айтып берген. Өзү болсо беш-алты жаштарында апийимдин уругуна дыңкыя тоюп алып, ичин бошото албай, эки-үч жолу атасы доктурга алып жөнөгөнүн гана элес-булас билет. Бирок, анда эмне, аа сен дагы келип калдыңбы, эргул дегенсип, доктур мыйыгынан жылмайчу  да, алып кирип кетчү. Анан алеки заматта жөнгө келтирип туруп, азыраак жеп жүрбөйсүңбү деп, айдап чыкчу. Андан бери канча жыл өттү. Жыйырма жылдай зуулдап өтүп кетти го. Мына ушул жыйырма жыл бою бир да жолу даттанып доктурга барбады. Ноокастабай койгон жок дечи, бирок барчу эмес. Өзүнөн өзү эле айыгып кетчү. Чын-чынына келгенде, доктурга бурууну ойлоп да койчу эмес. Биресе барууну каалабаса, биресе негедир чочулачу. Оору, доктур жөнүндө кеп болуп калган жерде мактана кетчү: “Кудая тобо, мен эс тартканы бир да жолу доктурга бара элекмин…” Буга кээси суктанып таңданса, кээси таптакыр ишенчү эмес. Эми минтип… Бул жолу деле барбайм деп жакшы эле кыйылды. Албетте, аялы канчалык ыйлактабасын, барбайм деп көгөрсө, барбай эле коймок. Бирок коркту. Оорудан коркту. Оору өлүмдү эске салып туруп алат экен. (Айрым адамдардын өлгүм келет деп наалыганын укканда, Алым алардын муну чыныгы ниетинен айтканына таптакыр ишенчү эмес. Ушунчалык кыжырданып, туталанып кетер эле: “Жаның көзүңө көрүнүп, бир эле жолу ооруп көрчү!..”) Ооба, коркту. Оорудан да, өлүмдөн да. Мурда коркуп барбаса, азыр коркконунан жөнөдү. Аялы ишенбей ээрчип алды. “Эмнеңиз ооруйт?” — деди сапсары аял. “Жүрөгүм…” – деди Алым күнөөлүүдөй. Текшере баштады. Тыякка жүгүрмөй, быякка жүгүрмөй. Бу кейпи менен текшерип бүтчүдөй түрү жок. (А диссертация былк этпей жатат!..) Барган сайын коёндой опокшош суроолор. Тажатып бүтүрдү. Атүгүл кийинчерээк доктур аны атайылап эле эзип, шылдыңдап жаткандай сезилчү болду Алымга. “Муну кечээ эле сурабадыңыз беле, жазып да алгансыз!..” – деди акыры бир күнү чыдай албай. “Биз дайыма сурашыбыз керек… – деп койду сапсары доктур кайдыгер гана. Анан алдында үйүлүп жаткан бырыш-тырыш кагаздарды аркы-терки аралаштырып, ары сапырып бир карап, бери сапырып бир карады да. – Сиздин жүрөгүңүз, атүгүл эчтекеңиз оорубайт экен. Таптаза турбайсызбы…” Ушинтти да, кете берсеңиз болот дегендей, дагы эле кайдыгер карап койду. Алымдын жүрөгү шуу дей түштү, эч нерсең оорубайт, таптаза экенсиң деген сөз аны биротоло дабдыратып таштады. Мындан көрө бул жериң дартка чалдыккан экен десе, ал жеңилдей түшмөк эле. Ызаланды. Сапсары доктур өзүнүн кайдыгер көз карашы менен аны бул жолу да мыскылдап жаткандай туюлду. Арга жок, ордунан турууга кам урду, туруп баратып: “А мен эмне үчүн анда коркунучтуу, тири шумдук түштөрдү көрө берем?..” – деди күнөөлүүдөй. “Жаман нерселерди көп ойлойсуз да, — деди тиги токтолбой, көзүн кымыңдата кайдыгер, — ошон үчүн ошондой түштөрдү көрөсүз…” Башка чапкандай болду. Эшикке кантип чыкканын билбей калды. Кароолчудай какыйып, келинчеги туруптур. Эмне деп жиберет дегенсип, ал Алымды элейе тиктеп калды. “Эч жерим оорубайт экен…” – деди Алым күнөөлүүдөй, башын жерге салып. Аялы бирдеме дейин деп камданып келатканда, аны ооз ачууга үлгүртпөй, шаша-буша жөнөп калды. Тиги ыйлактап артынан ээрчип келатты: “Кантип эле оорубасын? Дүкүлдөп жатпайбы… Эчтекем оорубайт, доктурга өмүрү бара элекмин деп жүрүп…” (Оору деген оору дечи, ошентсе да аялынын үрөйүн өзгөчө учурган нерсе – бул Алымдын жүрөгүнүн согушу эле. Адегенде анча деле чочулачу эмес, атүгүл колу менен басып көрүп да жүрдү. Кийин басып көрмөк турсун, кароодон да коркчу болду. Бүлк-бүлк эткени көйнөгүнүн сыртынан да даана билинип турганын көргөндө эле, көңүлү айнып, “и-ий” деген бойдон тескери бурулуп кетчү. Анан үйгө бирөө-жарым келип калса, аларды атайы Алымга ээрчитип келип, басып көрсөң дегенсип, анын жүрөгүнө колун жаңсар эле. Алар акырын басып көрүшчү да, Алымдын да, аялынын да үрөйүн ого бетер учуруп, боор ооругандай баш чайкашчу. Ошентип жүрүп Алым да жүрөгүн кароодон коркуп калды. Соо турганда да, ооруганда да. Бирок көрмөк түгүл карабаса да, бүлк-бүлк эткен жүрөгү ар дайым көз алдынан кетчү эмес…) Жүрөгү мындан кийин да канча жолу алып учпады. Ошондуктан Алым аны түбөлүк коңгуроого окшоштура берет. Бир тийдиңби, бир шыңгыраттыңбы, бүттү, түбөлүк токтобойт, сен болсо аны түбөлүк шыңгырын тыңшап жата бер. Жүрөгүңдүн бар экенин жүрөгүң менен туйдуңбу, түбөлүк коңгуроого тийгениң – ошол. Түбөлүк коңгуроо… Мына ушул түбөлүк коңгуроо шыңгыраган сайын, Алым шыңгырынан алаксуу үчүн, ойлонуудан качат. Бирок ушул эле маалда бир нерселерди ойлонуп алаксыгысы да келет. Ойлоно албайт, ой келбейт, жанталашса да келбейт. Ойлонуп эле жаткансыйт, бирок ойго окшогон бир бүдөмүк нерсе ойго айланайын дегиче болбой эле, дүкүлдөгөн жүрөк менен чатыраган баштын курмандыгына чалынат. Эртеси доктурга жөнөмөй. Коркконунан. Оорудан коркот, өлүмдөн да коркот. Оорукананы көрөрү менен эле, кымыңдаган көздөрү, ырай-пешенеси, сүйлөгөнү, күлгөнү, жада калса кыймылы – баары, баары кайдыгерликтин заарын чачкан баягы сапсары доктуру көз алдына тартылат да, кичине тынчып калган жүрөгү бир туйлап алып, дүкүлдөтүп сого баштайт. Бирок кезек үчүн ар ким менен талашып-тартышып, кер-мур айтыша баштаганда, жүрөгү жайлап калат. Алым жүрөгүн басат да: “Дагы баягысын баштаган тура!.. – дейт кыжырдана. Анан түндө чын эле оорудубу беле, же… деп шектене кетет да. – Кычаган энеңди…” Ал эми жөөлөшүп атып эптеп доктурга жеткенде, кычашкансып ого бетер жай сого баштайт. Анан баягы эле да. Текшермей. Коёндой окшош, тажатма суроолор. Акыры куландан соо чыкмай. “Жана эле, — дейт Алым адатынча күнөөлүүдөй, — жүрөгүм тим эле кабынан чыгып кетчүдөй дүкүлдөгөн…” “Кебетеңиз алкы болсо (арыктыгымды айтып жатат деп ойлойт Алым), — дейт сапсары доктур тажагандай, Алымды тике карап, — жөн соксо деле чыгып кетчүдөй сезиле берет да…” Түшүндүм дегендей башын ийкеп, ордунан турат. Оору эмес, соо экенине дайым өзүн айыптуу сезип, үйүнө маанайы пас кайтат. Башын жерге салат да, ойго чөгүп, санаа чеге берет. Балким, чын эле жүрөгү оорубас, куландан соодур? Анда эмне үчүн дүкүлдөп жанды жай алдырбайт да, башты чатыратып, көңүлдү айнытат? А мүмкүн жүрөгү жоктур? Анда көөдөндү тепкилеп, туйлаган нерсе эмне? Башы катат. Аргасы түгөнгөндө, экинчи силерге барсам… деп доктурларды да, ушу силерге барган мен да… деп өзүн да ашатып, колун шилтеп коёт. Бирок…

Алым ушуларды ойлоп отуруп, жүрөгүн унутуп калгансыды. Анан башын көтөрдү да, үстөлгө көз жиберди. Китептер. Иретсиз. Каршы-терши. Кагаздар да чачылып жатат. Жанына барганга жүрөк даабайт. Ошентсе да жыйнап койгусу келди. “Эртең…” – деди анан шыбырап. Жаздыкка башын коёрдо, жерде жаткан кагазга көзү чалдыкты. Жана алактап ордунан турганда учуп түшкөн окшойт. Жакшылап карай баштады. Конверт экен. Алсыз шыбырады: “Конверт…” Ушул шыбыр менен кошо адрес эсине келе калды. Жүрөгү кайрадан булкуп алды. Чочуп кетти да, жуурканга башын катты. Бүткүл дүйнө анын жүрөгүнө айланып, түбөлүк коңгуроо шыңгырап кирди: дүк-дүк, бүлк-бүлк, дүк-дүк… Ушул маалда уулу аны муңайым тиктеп тургансыды:

— Сен эмне эле мени дайыма жулкулдата бересиң?..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *