leonid_panteleevАлексей ПАНТЕЛЕЕВ 

*   *   *

Радищев Ломоносовду лорд Бэконго теңештирди. Пушкин ага каршы болду:

“Эгерде Ломоносовду орустун Бэкону атасак, анда Херасковду орустун Гомери деп атагандай эле болобуз. Минтип атоонун кимге кереги бар? Ломоносов деген орустун эле Ломоносову – чындыгында ага ушул эле жетиштүү”.

*   *   *

Грузин өзөн жээгиндеги дачасын сатып атат.

— Карачы, кымбаттуум, бардыгы жаныңда. Сууга түшкүң келсе – үй да жаныңда, суу да жаныңда. Кокус өрт же башка бир нерсе болсо — үй да жаныңда, суу да жаныңда. Балык уулагың келсе —  үй да жаныңда, суу да жаныңда.

— Жакшы, — деди сатып алуучу. – Эгерде суу ташкыны болсочу.

— Суу ташкыны? Кайдагы ташкын? Карабайсыңбы үй кайда да, суу кайда!

 Михаил ПРИШВИН prishvin

                   *    *    *

Жаратылышта өсүмдүктөр өтө көп урук калтырып, айрымдары гана өсүп чыгат, ошентсе да алардын жашоосу уланып келет. Ошентип алар саны менен өлүмгө каршы күрөшөт.

Ал эми адамдар өздөрүнүн өлбөстүгү үчүн санга эмес, сапатка көңүл буруп, түбөлүктүү иштерди жасоого аракеттенишет.

Ага бир эле мисал: абдан байыркы искусство чыгармалары бар, алар бизди азыр да суктандырат.

Окурман жана автор

Чыгарманын ийгилиги: 1) материалдын окурманга жакындыгы, 2) анын авторго жакындыгы менен аныкталат. Окурман менен автордун ою бир эле болот, бирок алардын ортосундагы айырма автордун каарманына жакын турганы, башкалар көрбөгөндү көрүп, ал түгүл аларды башкача көз карашта айтып бергени.

Чолосу жок

Өтүп бараткан жолоочу, иштеп аткандардан жолду сурады.

— Сага жол көрсөтүүгө менин чолом жок, — деди аял.

Ал эми бир жигит ишин токтотуп, жолоочуга жолду көрсөтүп койду.

Ошол мезгилден баштап эркектер иштеп жана эс алып, ал эми аялдар канча иштесе да чолосу тийбей калыптыр.

Поэзия

Поэзия – бул өтө эле акылдуу болууга берилген тартуу.

Которгон Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *