Валентин ОСИПОВ

Расул ГАМЗАТОВ: Бейнеге сүртүмдөр

Расул деген сөз элчи дегенди түшүндүрөт. Курандан алынган ыйык ысым. Мен үчүн жазгандары менен гана эмес, айткандары менен да кубанычтын элчисиндей сезилчү. Мен үчүн бакыт сезилген биздин жылуу мамиле, 1962-жылы адегенде «Молодая гвардия» басмасында баш редактор, кийинчерээк «Художественная лнтература» басмасында директор болуп калганда башталды. Ал бул басмаларды абдан жакшы көрө турган.

Бардык мезгилге татырлык эпиграмма

«Художественная литература» басмасында бир редактордун отурган столунун артында, дубалда «Поэзия тарыхынын кыскача курсу» деген афишада эпиграмма болуп Гамзатовдун төмөнкү ыры турар эле:
Ырларыңды бизге окуп бергениңде
Таң калганмын мындайды ким кайдан тапсын.
Эң жаманы: сен туула элек кезекте эле
Бул ойлорду жазып коюптур далай акын.

Басма жөнүндө бастыруучулар үчүн

Басмаканада өткөн Гамзатов менен болгон ар бир жолугушуу өзүнчө бир өрнөк, акыл-насаат эле.

  • Ар бир сап үчүн калем акы төлөйт дейби? Бул дөөпөрөстүк! Мен мыскалдай миниатюра үчүн жүз эсе көп төлөмөкмүн. Асман тиреген аскадан акактап скульптура жасаш үчүн канча мээнет кетет!
  • Көлөмүнө жараша төлөйт дейби? Туура эмес, талантка жараша төлөш керек! – Акын шарап жасайт, а редактор – дегустатор, биринчи ооз тийип, даамын татат. Эгер бөтөлкөдөгү шарап ачып-кычып кетсе – ыргытыш керек аны таштандыга!
  • Узун баш сөз жазгандарды жактыра бербейм. Мага атам айткан: «Баш сөз калдайган чоң тебетейи менен сахнада эмне болуп атканын көрсөтпөй турган кишиге окшош».
  • Басма окурмандардын оюн билиши керек. Менин атам өзүнүн ырларын адегенде сельсоветтин дубал гезитине жарыялачу, анткени айылдагылар сөзсүз окушат, анан аны сөзсүз талкуулашат.
  • Ээй, эй, китеп дегенди батыраак чыгарыш керек. Аны кечиктириш толгоосу башталган аялды төрөбө дегендей эле кеп. Абуталиб бир жолу биздин басманын директорунун мээсин чагып, акылына акыл куюп минткен эле: «Акын өлгөндөн кийин анын эки томдугун чыгаруу өнөкөткө айланды. Мен силердин түйшүгүңөрдү азайтып жардам берейин. Менин биринчи томумду көзүмдүн тирүүсүндө эле чыгарып бергиле».

… жана Гамзатов

Акын Сергей Наровчатов «Новый мир» журналынын башкы редактору, ырдын ырдык касиетин түшүнүп, анын алтындан артык баркын билген, халтуранын барабанын каккандарга каарын чачкан, адабий түшүнүгү кенен, эрудициясы күчтүү адам эле. «Художественная литература» басмасы 1980–1982-жылдары өзүнөн чыгып жаткан Гамзатовдун тандалмаларына баш сөз жазып берүүнү сураганда мындай жооп алганбыз.

«Эгер мага биздин замандагы мыкты акындардан онду ата десе, мен аларды санап келатып, сөзсүз тактап: «Жана Гамзатов!» – деп айтмакмын. Эгерде тизмени бешке кыскарт десе, мен төртөөнү санап аягында сөзсүз: «Жана Гамзатов!» – демекмин. Эгерде бир эле акынды айт десе, ойлонбой туруп: «Гамзатов!» – демекмин. Гамзатовдун ырларын окуганда, анын эли менен сүйлөшүп жаткандай болосуң».

Краснодондун балдары

Фадеевдин романы, Герасимовдун фильми менен элге таанылган жаш гвардиячы Георгий Арутюнянц менин кошунам эле. Айыкпас ооруга чалдыгып, алдан тайып ооруканада жаткан. Подполковник, аскер иши боюнча даражалуу илимпоз, академияда дарс окуган аалым, көптөрдүн колунан келбес китепкана жыйнаган, туугандан да жакын кошунамды көрөйүн деп ооруканага барып калдым. «Сен Гамзатовдун китебин чыгарыпсың. Ырсыз ооруканада жаткан азап экен. Абдан…»

Мен басмаканага барбай Гамзатовго бардым. Ал ошол замат жан эриткен жакшынакай сөздөрү менен кайратты кайрактай кайраган сөз каймагын калпып, автограф жазып берди китебине.

Жора ал китепти колуна алып, көңүлдү көккө көтөргөн автографты окуган соң көзүнөн жаш кылгырды.

Кийин Расулга жолукканымда белекке берилген китепти бергенимди айттым. Ал мага мындай деди: «Жаш кезимде «Краснодондун балдары» деген поэма жазгам. Литинститутка кирүү үчүн эмне жазганыңды көрсөтүүң керек болчу. Мен ошол поэмага кошуп бир нече ырларымды салып жибергем».

Ааламдагы бешик

Гамзатов кеселдеп жатканда ооруканага Юрий Мелентьев экөөбүз барып калдык. Апаппак дубал, апаппак палата. Ушундай кубарган өңүнө окшогон бөлмөдө зеригип жатты бекен десек, жок, иштеп жатыптыр. Карала-торала болгон кагаз, өзүнчө эле дөбөдөй үймөлөктөп жатат.

– Иштеп жатасыңбы? – дедим.

– Ооба. Ыр деген мен үчүн ден соолугумду ордуна келтире турган тамчылаган дары да.

– Окуганга бересиңби?

– Ырлар авар тилинде. Эгер кааласаң сөзмө-сөз которуп берем. Сөзмө- сөз которулган кара сөз түрүндөгү конструкциядан да поэзиянын илеби уруп турду. Гамзатов биздин Жерди Ааламда термелип турган бешикке салыштырыптыр.

Үйүмө келгенден кийин ушул метафора түнү бою мени түйшөлтүп чыкты. Айтса-айтпаса төгүнбү, учсуз-түпсүз учан деңиз Аалам тең салмаксыздыгында бешик терметип турат: адамзат али балалык доордо, эгерде Ааламдын тартиби менен санай турган болсок, адамзаттын жашаган доору али жаш баладай, ал андай болгондон кийин бири-бириңерди сактагыла… жана дагы… дагы…

Мен ушул ырдын таза көчүрүлгөн көчүрмөсү бар экенин билгенден кийин, ошол баракты сурадым.

– Сага анын эмне кереги бар?

– Которуу үчүн эмес, эстелик үчүн керек.

Ошол баракты баалуу буюмумдай көпкө сактап жүрдүм. Бирок ушул жылы ал баракты акындын кыздарына тапшырдым.

Ата жөнүндө

Ал өзүнүн атасын жөн эле ата катары эмес, катаал талап коё билген кадырлуу устат катары да, аябагандай акылдуу адам катары да ыйык көрө турган. «Менин Дагстанымды» окуп чыккан адам, анын ар бир бөлүмүнөн атасына болгон аруу таза мамилеси нурдай жаркырап турганын көрө алат.

Мен Расул Гамзатовдун өзүн өзү сыймыктуу көкөлөткөн:

– Мен Расул, Цада айылындагы Гамзаттын уулу, – деп айтканын көп жолу укканмын.

Чындыгы ушундай эле, бирок да ушул сөз ал сүйлөгөндө атактуу ак сөөктөрдүн сарайындагы эң ардактуу наамдай нарктуу угулчу.

Лев Толстой: Гамзатов жана кайткан каркыралар ыры тууралуу

Толстойдун «Кожо Муратын» окуган сайын менин эсиме Расул Гамзатов келет. Повесть тоолуктардын кан-жан мүдөөсүн терең түшүнгөндүгү менен өзгөчөлөнгөн чыгарма.

Расул менен аңгемелешип жана да бул кабарды жазуудан мурун повестти кайра дагы бир сыйра окуп чыктым. Анда Гамзатка арналган ырда мындай саптар бар эле: «Анда Гамзат өзүнүн жигиттери менен жылкыга тийип, орустардын ак боз үйүрүн өз айылына айдап кетет. Теректен өтө бергенде орус князы кууп жетип, токойдой көп аскери менен аларды курчап алат…»

Капыстан жүрөгүм селт эте түштү: «Гамзат өлөр алдында асманда учуп бараткан куштарды көрөт, көрөт да көмөкөйүн жара кыйкырат: «Ээй, кайткан куштар, биздин үйүбүздүн үстүнөн учуп баратып, силер биздин эжелерибизге, энелерибизге жана акжаркын кыздарыбызга… бизди курман болду деп айткыла…»

Азыр элдик ырга айланган Расул Гамзатовдун кайткан каркыралар тууралуу ырындагы кайтпай калган жоокерлерди каркыраларга салыштыруунун тамыры байыркы баатыр элдин Толстой эске салган ырынан келген турбайбы…

Толстой авар ырын кайталап айтып берген эмес. Толстойду изилдөөчүлөр анын архивинен бул ырдын толук текстин табышкан. Жазуучу аны бүт бойдон повестине киргизүүнү пландаган окшойт.

Повестте Кожо Мураттын энесинин аты Патимат деп берилген.

Эстелик

Бир жолу ал мени эмне дээр экен дедиби же өзүн өзү сынадыбы билбейм: «Пушкинден кийин Россияда «Эстеликти» жазууга кимдин укугу бар?» – деп сурады. Мен аны тамашадай кабыл алдым да, тамашалай жооп кайтардым.

Ал кантсе да «Эстеликти» жазды, бирок анын ырында өзүнө берилген өз баасынын жөнөкөйлүгү жана да көркөм образ, метафорасынын өзгөчөлүгү кимди болбосун өзүнө тартпай койбойт.

Жаралуу болгон жерде айрылуу бар,
Кайрылбас жайга бир күн кеткенимде.
Асмандан канат каккан каркыралар
Армандуу белги берет мен жөнүндө.
Тургуздум эстеликти жалаң ырдан,
Анчалык бийик эмес, эмес аска.
Жок болуп кетпесе элим бул жарыктан
Жок болуп кетпейт ушул эстелик да.

Ишенимге ашкере маани бергенде

Айтпай коё албаймын: Расул Гамзатов айткан ар бир сөзүндө ак көңүлдөн бирөөгө жакшылык кылбаган адам – адам эмес дегенди ар дайым насааттачу.

Жок дегенде өз өлкөбүздөгү бир акындын жашоосундагы өзгөчөлүгүн билген дурус. Бирок да алардын көпчүлүгү өздөрүнөн өздөрү эле эки жаат, эки лагерге бөлүнүп алышып, идеялык келишпестиктин тикенектүү чынжырын ортолоруна тартышат да, кырчылдашкан кылчайнашка өтүшөт. Анан саясый түзүлүштүн буйругу менен түзүлгөн жагдай өзгөрүп, токтолбогон каардуу буйрук угулат: солго карагыла (мисалы, чыныгы улутчулдарга), оңго карагыла (мисалы, батышты туу туткандарга) болду эки тарап бир бирин идеялык укукта аткылай беришет. Алар жыйынга чогулушканда: «Кандайсың» – деп бир бирине учурашпайт, басма сөз бетинде атын атагандан үркүшөт. Кол бермек кайда? Көбү кол беришмек турсун көрсөм көзүм кашайсын деп жарык дүйнө менен кош айтышып кеткендери канча дейсиң…

… Владимир Солоухин – акын жана жазуучу. Жазганда да майын чыгара жазган жазуучу, өткөн кылымдын 60–80-жылдарындагы өзүнчө дүйнө таанымы, өзүнчө үнү бар экинин бири деген урмат, сыйга жеткен. Ал партбилетин чөнтөгүнө салып жүрсө да жеткен монархист, тырмагынан чачына чейин православный эсептелген, ошого жараша орус салт-санаа, орус көөнө мурасын көздүн карегиндей сактоого чакырган айтылуу атуул эле.

Анын Расул Гамзатов менен болгон студенттик кезден берки достугу «Менин Дагстаным» китебин орусчага которууга бел байлатты. Китеп эл атынан жазылган китеп эле, анда элдин жашоого, турмушка болгон көз карашы жаткан, андан да кызыгы — китептеги ой жүгүртүү образы орустардыкынан башкача болчу.

Акын жазгандыктан чыгармадагы лиризм өтө назик, өтө аялуу эле. Тоолук элдин каадасы, каткырык-күлкү, тамашасы кайнап жаткан анда… Бул жолу эки талант ат майданга таймашка чыккан эки күлүктөй эле болду. Бактыга жараша Владимир Солоухиндин таланты ушунчалык кубаттуу экен, ал Расул Гамзатовду «өзүнө» ылайыктап которбоду, маани-маңызын майдалабады, боёгунан оңдурбады, укмуштай сонун которуп койду.

Гамзатов үчүн эң негизгиси, адабий өнөктөшүнүн таланты болчу, анан барып идеологиялык тосмолор, партагитпроптун тизмесиндегилер эсепке кирчү. Расулдун тирүү классиктер Александр Твардовский жана Михаил Шолохов менен бирге түшкөн сүрөтү бар. Бул эки залкар бири-биринин талантын тааныгандыгы менен саясатта келишпес оппоненттер эле.

Виктор Астафьев: поэмага бир шилтем

Расул Гамзатов менен кан майдандагы чындыктын майын чыгара жазган эң мыкты жазуучу Виктор Астафьевдин өз ара мамилелери менин жеке архивимди эле эмес, адабият тарыхы үчүн чоң мааниге ээ эпистолярдык жанрды байытты деп түшүнөм.

Эскертип коёюн: Астафьев мактоого сараң, чөйрөсү да сейрек, өзү ишенгендер жана анын ишенимине татыгандар да аз эле. «Ассаломалейкум!» дегендердин баарына эле жүрөгүнөн орун бере берчү эмес.

Анда эмесе суугу катуу Вологда чөлкөмүнөн Кавказга кеткен катты окуп кой.

«Терең урматтуу Расул Гамзатович! Мен жети жашка чыкканда энемден айрылгам. Кулактын баласы деп айыпталып, Красноярск түрмөсүндө камакта отурган атама тамак-аш алып баратканда, ал отурган кайык оодарылып кетип, апам карагай сүйрөгөн баржанын астында чачынан илинип калат. Ал тогуз күн бою, өрүм чачы жулунуп кеткенче асылып турган…

Ошондон бери эне деген сөз мен үчүн ыйык. Энени кор туткан, сыйлабагандарды көргөндө бүткөн боюм титирейт. Ал эми эне жөнүндө солгун, начар жана көшөкөрлөнүп ыр жазгандарды түшүнбөймүн.

Эне жөнүндө жазыш үчүн Ата Мекен жөнүндө жазгандай эле жазууга акылуу гана болбостон, жазууга укуктуу болуш үчүн кызмат өтөө керек болчу. А бизде андай болбой бул ыйык теманы колуна калем кармагандын баары жазып кирди. Утуштуу тема, демек, жакшы төлөнөт деп эсептешип, отуруп-тура калып, оңго карап – партияга, солду карап – Христоско же Мухамбетке оңду-солду жүгүнүп, революцияга чейин аялдарга кыйын болгонун, азыр жакшы болгонун, бир жерде чиркөө кордосо, бир жерде шарияттын мыйзамы кордогонун да эстен чыгарбай жазып жатышат…

Аял бардык коомдук түзүлүштө – аял, анын бактысы сотто каралбайт, саясаттын колу жетпейт, анын бактысы жашоону улантканында, – балдары бар, демек, ал анын бактысы, жашоонун маңыз-максаты ошол. Анын бийлиги коомдо болгон бардык бийлик-байлыктан жогору; озуйпасы өмүргө өмүр кошуу жана жалпыга жакшылык жаратуу.

Сиз эне жөнүндө кандай сонун, кандай көркөм, бийик жазгансыз! Мен, Сиздин поэзияңызды бир топ эле дурус билген адам катары бул поэманы жазыш үчүн канча узак жол басканыңызды билем. Буга чейин айрым ырлар, ойлор, энеңиздин өлүмү, жоготуунун кайгы-касирети аркылуу, ага урмат менен таазим кылып тизе бүгүп жазганыңыз көрүнүп турат.

Дал ушундай! Эне жөнүндө дал ушундай гана жазуу керек! Дүйнөлүк адабиятта аял жөнүндө, эне жөнүндө көп, өтө көп жазылды. Сиздин «Энелерди сактагыла» поэмаңыз бул түбөлүктүү, өчпөй турган темада жазылган поэтикалык бийик жетишкендиктердин катарынан орун алат. Бүл үчүн пайгамбарлыктын деле кереги жок, болгону көңүл коюп окуган окурман болуу гана жетиштүү. Сиздин ары бийик, ары менин жүрөгүмө жеткиликтүү жазылган сөздөрүңүздү окуп жатып, мен алда качан сөөгү сөпөт болгон өз энемди эстеп ыйладым. Өмүр бою канымда жаңырып келген, бирок айталбаган муңумду гана менин эмес сезимимди билдирүү бир гана Сизге буйруптур!

Ыракмат! Ыракмат! Ыракмат! Эне жана түбөлүктүүлүк жөнүндө жазууну колго алуу менен Сиз биздин адабиятты кордогон саясый майдалыкка барбаганыңыз үчүн ыракмат. Сиз, бардыгыбыз үчүн Эне – Кудай сымал бирөө гана деп айтып, улутчулдуктун шамалынан, ошондой эле желдетпей жемирген жел аргысынан бийик көтөрүлдүңүз…

Сизге эне жөнүндөгү бул гимн үчүн жана сиздин поэзияңыз тууралуу көп жакшы, сонун сөздөрдү айтышат. Эми ушундай бийиктикти алгандан кийин сизге мындан ары иштөө кыйын болот, бирок бул чек эмес, мындан да бийик көтөрүлүү керек. Бул жашоонун мыйзамы, арийне, таланттын тагдырына ушундай жазылган! Мен эненин алдындагы күнөө жана бүтпөгөн кусаны ырдап, Сиздин дагы жаңы бийиктиктерди багынтууңузга тилектешмин. Себеби бул куса менен күнөө адамды тазалайт, бир гана эч кимге баш бербеген ушул эки сезим – колдон келбей турган ишти жасайт, дүйнөдөгү бүт адамзатты акылга чакырат, анткени энелер курман болгон балдарын жоктоп, чексиз кайгы тартып көз жашын төгө бербейт да… Биздин эстутум, биздин толук жетилбеген эсибиз болочок энелердин мындан да чоң кайгы-касиреттен сактап, жер үстүнө жамандыктын үрөнүн сепкендерге түбөлүк каргыш болсун…

Мен Сизге жалаң жесирлери, көпчүлүгү согуштун жесирлери жашаган Вологданын бир кичинекей кыштакчасынан жазып жатам. Мен Сизге алар бардык жакшы адамдарга жакшылык тилегендей, алардын оозунан чыккан жакшы сөздөр менен алардын атынан таазим кылам, Кудай Сизге ден соолук берсин!

Мурунку солдат жана жетимдикти эрте билген адам катары Сизди кучактаймын.

Чекемди жерге тийгизип таазим кылам! 24-июль 1976-ж. Сибла».

Бул катты окуп чыккандан кийин бир гана нерсе ойдо калат: акындын бийик таланты дагы бир таланттуу адамды таасирлентип калем карматып, кат түрүндө болсо да нукура талантка таасын баа берүүгө түрткү болду. Же мындай эмеспи?

Сталин жөнүндө

Ал биринчи ырын 11 жашында жазган. 14 жашында жарыяланып, 20 жашында биринчи ырлар жыйнагы чыккан. 27 жашында Сталиндик сыйлыктын ээси болгон. Сөздөн сөз чыкканда сыйлыкты бир жыл мурда албай калганын айтчу. Сталинге лауреат болчулардын тизмесин алып келгенде ал бул айтылуу фамилияны көрүп: «Атасынан мурун баласына сыйлык бергенди Кавказда кандай түшүнөр болду экен. Бул жаш акындын атасы Гамзат Цадаса Кавказ элинде нары нарктуу, нары көп окулган акын жана агартуучу экенин силер билесиңерби? Бул жолу сыйлыкты атасына берели. Баласын кийинки жылы талкуулайлы».

Кара башын калкалаган комитеттин кызматкерлери өлө коркуп, Сталиндин бу жоругун сыйлыкты бербөөнүн кууланган амалы катары кабыл алып, кийинки жылы акындын фамилиясын тизмеге кошпой алып барышат. Ошондо Сталин жактырбагандай кабагын бүркөп: «Эмне үчүн жаш Гамзатов көрүнбөйт. Анын поэзиясы, эмне, бир жылда эле эскирип калдыбы?» – деп сурайт.

– Ушинтип сураганы чын бекен? – деп Гамзатовдон сурасам:

– Мен Сталиндин кабинетинде жок элем, – деди ал.

Ар бир тамашада

Гамзатов депутат болуп жүргөн кезинде минтип бир тамашалаганы эсимде: «Эл чарбасын өнүктүрүү боюнча токтомдун долбоорун талкуулаганда мага сөз бербей коюшту. Мага сөз бергенде ошол токтомдун долбооруна: поэзияны өнүктүрүү планын киргизмекмин. Ага кошуп жумушчу-дыйкан табына гана эмес – поззия сүйүүчүлөр табына да кам көрүү керек деп айтмакмын».

Чоң делегация конокко баратканда, алардын ичинде Расул да бар экенин билип: «Каякка баратасыңар?» – деп сурап калдым өзүнөн. «РСФСРдын өкмөттүк делегациясынын курамы менен…» ал экономикалык жактан анча өнүкпөгөн Орто Азиядагы бир республиканы атады да, анан бир аз токтоп, тең укуктуу республикалардын конституциялык формуласын бир аз алмаштырып, орун которуштуруп: «Тең укуктуу республикалардын арасында биринчинин юбилейи менен куттуктап… – деп анан «тең укуктуулардын арасында акыркыны деп оңдоп койду.

Кимдир бирөөлөр күлгөндөй болду, ким бирөө: «Расул, сенин сөздөрүңдү жазып жүрүш керек, бардык эл уккандай кылып»… – деп жакшы ниетте айтты эле: «Коркпой эле кой, анын баарын КГБ жазып жүрөт, КГБ баарын билет!» – деп шарт айтып жиберди.

Саясаттын жемиши

Анын томдугун чыгарып жатканда, мен анын өмүр баяны менен терең таанышып, жыл бою ыр жазылбай актай калган жылдарды көргөм. Ал муну минтип түшүндүрдү: «Менин поэтикалык картамдагы ал ак тактар – ал менин дүйнөлүк поэзия глобусуна калтырган котормочулук саякатымдын жемиши. Мен Пушкиндин «Цыгандар», «Жез атчан», «Полтава» поэмаларын, Лермонтовдун да бир нерселерин, Маяковскийдин да бир нерселерин авар тилине котордум»…

Анын поэзия жана публицистикасына канчалаган атактуу делинген ар кыл тилдеги акындардын ырлары кирген. Гамзатов Орто Азиядан Кавказга чейинки көптөгөн поэзия деңиздерин сүзүп өткөн. Алар Месроп Маштоц, Хафиз жана Омар Хаям, Шираз, Шота Руставели, Низами жана башкалар эле. Ал эми өзүнө замандаш, бүткүлсоюздук поззия асманындажылдыздай жаркырап гурган: Кайсын Кулиев, Мустай Карим, Давид Кугультиновдун ырларын да которгон.

Эски сүрөт

Көзүңө жалт эте түшкөндө эле эсине келе калат: баягы калдайган чоң баш, кыска алынып тик турган кайраттуу чач, – кызык, кыйла өзгөрүп кетиптир, чач агарып, ийрийген чоң муруну ого бетер ийрейиптир. Мен ушундай башты кайдан көрдүм эле? Ошол замат менин эсиме миңдеген жылдар мурда римдик ак сөөктөргө тургузулган скульптуралар келди.

Ондогон жылдар өттү. Москвадагы улуттар үйү. Чыгармачылык кече. Ал көптөн бери өзүнүн борбордогу окуучулары менен жолугуша элек эле.

Ал эки кишиге эки жагынан колтуктатып, тепкичтерден теңселе чыгып, микрофон коюлган столго келип отурду. Мен айыкпас кеселдин айынан авагер чеккен, башы өзүнөн өзү калтылдаган, карыш түшкөн кабагынан көзү көрүнө түшкөндө жүрөгүм шуу эте түштү. Көзүндө жалын жок. Мунарык. Сөз дегенде жүнүнөн жата калып, сөз бербеген киши даап сөз сүйлөбөй турат. Жанын жанга ура жагынып, жакшы көрүнгүсү келгендерди карап да койгон жок. Кудай жалгап мага колун сунду, мен шашып алдастап микрофондун үстүнөн колун кармадым, мурунку кол жок, жупжумшак бирдеме болуп калыптыр.

– Эмнеге алып келишти? – деп кейидим.

Ал капыстан сүйлөп кирди. Сүйлөп атып өзгөрүп кетти. Жанданды. Анын эмне үчүн келгенин ошондо түшүндүм. Өмүрүнүн акыркы айларында эч бир сырын жашырбаган окуучуларына баарын айтып, баарлашайын деген өңдөнөт. Баарлашып эле тим болбой кубат алайын деп келгендей. Врачтардын айткандарын аткара берип, үй түрмөдө жаткандан жадаган түрү бар. Диктофонума кээ бир керемет сөздөрүн жазып алгандай болдум.

– Телевидение канчалаган жылдан бери бизди жандүйнөнүн бийик чокусунан ыпластыктын сазына ыргытып келатат. Ошон үчүн мен азыр авторитардык режим үчүнмүн!

– Канчалаган душмандар элдерди бири-бирине кайраштырууда. Чагымдын чагылганы чартылдап жатат. Менин Кавказымда кан төгүлүүдө. Мен патриотмун, интернационалист бойдон каламын. Менин мекеним – жүрөгүмдө. А беш планета – ал менин беш манжам.

– Саясатчылар кылымдын узак эмес экенин таптакыр түшүнүшпөй коюшту. Ошон үчүн шашылыштын кереги жок, андан көрө кенен ойлонуп, жамандыкты эмес, жакшылыкты тез жана көп жасаган жакшы.

– Өмүрдөн эмнени күтөм? Ажырашууну: Үй-бүлөм менен. Досторум менен. Эгер ажырашам деп уламдан-улам айта берсең абаны уулантып иет окшойсуң, анте берсең үй-бүлөң да, досторуң да карабай коюшу мүмкүн.

Ал аябай чарчап калды, бирок да коштогон кол чабуулар аны сергитип, эргитти. Кече бүттү, көргөн көзүмө ишенбейм, ал кайра ушерге келгендей алсыз абалына келип калса болобу.

Саясатчылар үчүн китеп

Акын чыныгы саясатчы, тагырак айтканда, тажрыйбалуу коомдук ишмер болуп чыкты. 1962-жылы аны СССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайлашты, көп жылдар бою анын Президиумунун мүчөсү болду. Көпчүлүк менен иштешип, көрбөгөндү көрүп, укпаганды укту. Эгерде анын Кремлде сүйлөгөн сөздөрүн, реплика-сунуштарын чогулта турган болсо, анда анын акындык өмүр баяны, чыгармачылыгы дагы толукталар эле.

Образдуу ой жүгүрткөн, кичинекей калыссыздыкка каны кайнап чыккан, жоктон бар кылып заматта ойдо жок ойду айтып оргуштаган талант, сыртынан опоңой көрүнгөн, бирок иштей келгенде иши бүтпөгөн, колу, буту байланып чинге ийилип турганга кантип көндү экен?! Өмүрүнүн аягында минтип бир моюнга алганы бар:

«Кремлдин залдарында баары алтындай,
Сессияда отурганым көрүндү элге.
Мен саясый туткун өңдүү ооз ачпай
Ойлорумду катып жүрдүм катчу жерге».

Бирок да ал, бул сыймыктуу кызматтын өзү үчүн да, шайлаган шайлоочулары үчүн да баа жеткис мааниси бар экенин билчү.

Анын китептери боюнча бардык мезгилдин бардык саясатчылары столуна коюп алып, окуй турган өзүнчө бир жыйнак чыгарса болот.

Ал китептин биринчи бетинде учкул сөзгө айланып улуу-кичүүнүн оозунда калган:

  • Колго канжар кармаганда ойлонгун: канжар үчүн кындан жакшы жер жок.
  • Өткөндү тапанча менен атсаң, ал сага замбирек менен жооп берет деген сөздөр жазылыш керек.

Менин оюма койсо ушундай алтындан артык саптарды чоң плакатка жаздырып алып, бирин өкмөттүн жана башкы командачынын, экинчисин мезгил алмашканда тарыхты кайра жаздырган өкүмдарлардын эшигине илип коймокмун.

Которгон Анатай ӨМҮРКАНОВ
«Жаңы Ала-Тоо» 2011 №6 (26)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *