Урматтуу «Коом жана Мен» сайтынын күйөрмандары жана туруктуу окурмандары! Сиздерге ымандай сырымды айтайын эми: эки жарым айдан бери сайтты колдоо акциясына келип түшкөн бирин-экин акчалар менен мындан аркы ишимди улап кетүүгө мүмкүнбү же жокпу деген суроо күнү-түнү жүрөгүмдү мыжыгып, мээмди лукулдатат. Рухий багыттагы алгылыктуу иштерди улантууда жалаң эле моралдык колдоолордун деми менен алгалап жыла берүү да мүмкүн эместей!

Коомдук ишти колкоосу жок аткарса аткара бербейби, эмне бизге жүгүн артат дей турган окурмандар да чыгаар араңардан… Арийне, биздин сайт башынан эле коомдогу рухий катмарды калыптандырууга күч үрөй тургандыгын дамамат эскертип келет, бирок рухий багыттагы долбоордун келечегине мынчалык кайдыгерликти күтпөдүк эле!

Баарыбызды бүгүнкү замандагы моралдык деградациянын тушоосунан бошотууга бир гана Рухий күч таяныч болор деген ишеним менен байтактуу маданият, өрнөктүү адабиятыбыздын салттуу жолуна чыйыр издеп келебиз. Элге гезит-журнал, китеп түрүндө жетпеген рухий азыкты интернет мүмкүнчүлүгү аркылуу жайылтуу жагын ниет кылганыбыз менен, тилекке каршы, жалгыздын иши жалгыз экен, жапатырмак колдоп кетер санаалаштар, тилектештер аз болууда.

«Коом жана Мен» сайты башынан бери кайсы бир саясый топ же бизнес чөйрөсүндөгүлөрдүн каржылоосу менен түптөлүүсүн да каалабадык. Себеби андай финансылык булакка көзкаранды болор сайттын келечегине ишеним артуу да опурталдуу… «Коом жана Мен» сайтынын таянычы бир гана карапайым эл, зирек окурмандардын калың катмары болууга тийиш. Ортодогу ошол алака мамиле гана рухий жана коом агартуу багытындагы аракет баарыбызды бириктирет. Ириде бизге эң ишенимдүү таяныч – бир гана карапайым эл жана мекенчил уул-кыздарыбыз экенин унутпаңыздар!

Каалоочулар 0558 08 08 60 номуруна (ЭЛСОМ системасы аркылуу) жана987912 банк эсебине (РСК) которо аласыздар…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *