Карыянын ибарат 

 Кыргызда бир киши бар. Өзү айткандай кыбырап-сыбыраган карыялык куракка жеткенге чейин кыргызга тоодой кызмат кылды. Ааламды алаканына салып, акылманча айландыра ойлонуп, дыйканча кажыбай мээнеттенди. Кыйратып салдым деп кыйкырбады. Күлгүндөй жигит курагында «Ыр-сабындагы өмүрдү» жазып, улуу акын Алыкулдун бейнесин, тагдырын ажарына чыгара тартты. Өмүрдүн өрүнө баратып «Байыркынын издерине» түшүп, балбал таштар менен сүйлөштү. Осуяттарын окурмандарга жеткирди. Кыйырды кыдырып, сырды сыдырып «Кыргыздарды» жазды. «Тарых бир эле өткөндүн кабары, баяны гана эмес, урпактарга калган улуу нуска, ибарат. Тарых баяны сырттан чыккан үн эмес, алдыдагы жаңырык, улам кийинкиге кайрылган чакырык» деди. Улут рухий дөөлөтүн тамыры терең улуу чынар терекке салыштырды. Ата мекен деп соккон атуулдук жүрөгү, ак пейили, ажайып аңгеме, эсселери, тарыхый чыгармалары, карапайымдыгы, каада-нускасы менен өзү да бир түптүү, бутактуу, шактуу чынарга айланганын билбесе керек бул киши. Ошол киши — Сизсиз, Кеңеш Жусупов агай. Сиз чыныгы эл жазуучусусуз. Сизге ыйгарылган баардык сыйлык, наамдар өзүңүзгө жарашат. Кыргызда да, чет жактарда да сизди урматтагандар, сүйгөндөр көп. Сиздин жаңы чыгармаларыңызды окусам деп суусагандар, сиз менен учурашсам, аңгемелешсем деп көксөгөндөр андан көп. Ылайым бар болуп, алдыдан булгалап, аркадан үн салып туруңуз.

— Кеңеш агай, чыгармачылык жолуңуз башталгандан бери бир нече публицистикалык чыгармаларды жаздыңыз. Далай китептерди түзүп, агартуучулук вазийпаны да аткарып келдиңиз. Мен билгенден 1961-жылы болсо керек, алгачкы эле жазган аңгеме менен окурмандардын жана жазуучулардын оозуна алындыңыз, чынбы?

— 60-80-жылдары адабиятыбыз, искусствобуз, деле рухий маданиятыбыз алдыга жылган жылдар дээр элем. Музыкадабы, сүрөттөбү, кинодобу, адабияттабы, жакшы чыгарма жаралса дароо сөзгө, талдоого, алкоого алынар эле. Устаттар насаат, кеңештерин айтышчу. Менин алгачкы аңгемем, «Эне кудуретин» окуган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1961-1962-жыл жаңырганда, «Комсомолец Киргизии» газетасында бир далай жаштар менен кошо чыгармачыл ийгилик каалаган. Негедир улуу жазуучунун изилдөөчүлөрү, сынчылары аны көп этибар алышпады.

— Жетимишинчи жылдары улуу акын Алыкул Осмоновдун өмүрү жөнүндө «Ыр сабындагы өмүр» аттуу жазган баяныңыз көптөгөн окурмандарга жакшы белек болгон. Алардын ичинде мен да үзүлүп түшө калып окугам, ошол китептин жазылышына эмне себеп болду?

— Элүүнчү жылдары Алыкул Осмоновдун алгачкы жыйнагы колума тийди. Ошондон баштап акындын чыгармачылыгына кызыгып калдым. Аны туурап ыр да жазып көрдүм. Ошол жылдары сынчы Шаршенбек Үмөталиевдин акын жөнүндө алгачкы изилдөө китеби чыкты. Акындын өмүрүн мен да изилдегим келди. Төрт-беш жылдан кийин көркөм чыгарма эмес, даректүү китеп жазгамын. Чыгарма эссе жанрына кирет. Республиканын комсомол сыйлыгын ыйгарышкан, анда ал сыйлык абдан барктуу болчу.
— Ал китебиңизде жазгандай, Мария Герасимовна деген кошунасынан алып, сыгылышкан автобуста сынбасын деп төбөңүзгө көтөрүп үйгө жеткирген Алыкулдун үстөлү азыр кайда?
— Жетимишинчи жылы А.Осмоновдун кошуна жашаган орустардан үстөлүн таап, досум Кубатбек Жусубалиевдин үйүнө алып баргамын. Кубатбек, Мурза Гапаров досторум табылгага төгүлүп-чачылып сүйүнүшкөнү эсимде. Кийин үстөл бутташып кетиптир.dostor
— Сексенинчи жылдарда Ашым Жакыпбеков экөөңүздөр «Манас» эпосун кара сөз менен жазууга кириштиңиздер эле.
— Жазуучу Ашым Жакыпбеков өтө таланттуу, мыкты туярмандуу адам эле. Рухий дүйнөсү бай, кыргыздын залкар мекенчил уулу болчу. Экөөбүзгө жогортон, Жазуучулар союзунан эпосту кара сөз менен жазгыла деп тапшырма беришти. Эки жылдан ашуун убакытта, бир атты экөөбүз минип байгеге чапкандай болуп, кыйналып иштедик. Акыры Ашыкенин эмгеги, табылгасы, чеберчилиги артыкча болгонун сездим, ага ак жол кааладым. Ошондон кийин Ашыке эргип, эпосту роман түрүндө толкунданып жазып кирди. Мага ыраазы болду.
— Сиз да эпосту балдарга арнап жаздыңыз да…
— Ырас, «Манас» эпосу бир эле балдарга, жаштарга эмес, эпосту толук билбегендерге арналып жазылды десем болот. Бул китеп алты-жети чет тилине которулуп кетти.
— Сиз менин эң жакшы көргөн жазуучуларымдын бирисиз. «Байыркынын издеринин» жазылыш тарыхына, себептерине токтолсоңуз. Мага ал китебиңиз абдан жагат. Ал китеп аркылуу сиздин атуулдук, чебер жазуучулук дидарыңыз ашкере ачылган.
— Жигиттик куракта бир далай өлкөлөрдү өзүм эңсеп кыдырдым: Италия, Япония, Армения, Прибалтика, Кытай, Түркия, Алтай, Хакасия, Тува дегендей… Өнүгүп-өскөн өлкөлөрдүн элдери өткөн тарыхын, көөнө маданиятын эң мыкты билишет, аздектешет, сыймыктанышат экен. Башкалар көрсүн, суктанып сабак алсын дешет экен. Байыркы кыргыздар жөнүндө Батыштын, Чыгыштын чет элдик мыкты окумуштуулары небак эле жазышкан. Ал эми биз өзүбүздүн тарыхыбызды, маданиятыбызды, буга тарыхчылар капа болбой эле койсун, эне тилинде жакшылап жаза элекпиз. «Байыркынын издери» ушу багытта чабыт жасоонун алгачкы публицистикалык (көсөм сөз) ой толгоолордун бири болду. Эргип айтканда бу китеп — байыркы бир чоң кумаранын кылындай сыныгы сыңары көрүнүш. Учурунда мамлекеттик Токтогул сыйлыгы ыйгарылса, айрым замандаштарым алиге ичи күйүп, туз жалап жүрүшөт. Кээде Совет заманында комсомол, партиянын тарыхын жаза коюп, эптеп илимий даражага илинип калган айрым тарыхчы-окумуштуулар, «жазуучу тарыхты жазып, китеп түзүп эмне кылат» деп сынтагып турганында, аларга жаның ачып, өзүнүн колунан келбеген, ал эми колунан келгенди көрө албаган пенде деп айткың келет экен.
— «Кыргыздардын» көп томдугу кандай башталды?
— Сексен жетинчи жылы «Ала-Тоо» журналына башкы редактор болгондон баштап, совет доорунда улуттук тилде жарыяланбай келаткан мурастарды, улуу инсандардын өмүрүн, оозеки тарых-санжыраны, архивдик табылгаларды, көйгөйлөрдү алгач ачык жарыялай баштадык. Чет элдик окумуштуу, изилдөөчүлөрдүн эмгектерин котордук, окумуштууларга тапшырма бердик. Кыргыздардын эзелки тарыхы менен маданияты жөнүндө эмгектерди жарыялоого умтулдук. Журналдын нускасы 70 миңден ашты. Ошо береги жарыяланган эмгектерди кийин толуктап, түзгөндө, адегенде 1991-жылы «Кыргыздар» деп китеп чыкты. 1997-жылга чейин беш китеп жарык көрдү. 2002-жылдан баштап жазуучу Каныбек Иманалиев экөөлөп «Кыргыздардын» көп томдугун түзүп, басмадан чыгарып келатабыз. Он жылдын ичинде, «Кыргыздар» 2004-жылы он томдук, 2011-жылы он төрт томдук болуп жарык көрдү. Бизге атажуртчул демөөрчүлөр жардам беришти.
Бул жыйнактар накта илимий эмгектер эмес. Кыргыз элинин тарыхына, маданиятына кызыккан окурмандарга илимий-популярдуу эмгектерди чогулттук. Келечекте бул жыйнак Түштүк Сибирдеги, Кытайдагы, Монголиядагы, Түркиядагы боордоштордун рухий мурастары менен толукталып, редакцияланып, дагы нускасы көбөйөт деген ойдобуз.
— Быйыл кандай эмгектериңиз жарык көрөт?
— Жакында Улуттук китепкананын басмасынан «Кыргыздардын улуттук маданияты» деген көлөмдүү, сүрөттүү эмгек жарык көрмөкчү. Муну Жылдыз Бакашева, Каныбек Иманалиев жана Кытайдагы кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбай биргелешип түзгөнбүз. Жыйнактын кыргыз маданиятын изилдегендерге, жалпы окурмандарга пайдасы тиет деген тилектебиз. Келечекте кыргыз маданиятынын илимий-популярдуу энциклопедиясына жол ачат деген ойдомун. Бул жыйнакка көбүн эсе «Кыргыздардын» он төрт томдугуна кирген эмгектер топтолду жана боордоштордун маданиятынан үлгү катары маалыматтар окурмандарга сунуш этилди.
— Сиз мыкты устаттарыңыз жана замандаш, калемдеш досторуңуз тууралуу да жазып жүрөсүз…
— Устат, дос күтүү — тагдырдын ырыскысы. Менин жакшы көргөн устаттарым, досторум болду. Устаттардын кээсин көрбөй калсам да, жазгандарынан улам пир тутам. Акын А.Осмоновду, тарыхчы Б.Солтоноевди көрбөдүм. Ал эми Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов, А.Табалдиев, О.Орозбаев, К.Каимов, Ш.Садыбакасов сыяктуу ага-калемдештердин өмүрүнөн, чыгармачылыгынан, адамгерчилик жагынан тарбия-таасир, сабак алдым. Б.Юнусалиев, К.Юдахин, К.Карасаев, Ж.Мукамбаев сыяктуу окумуштуулардын университетте дарс окуганын уктум.
Жылдызы, дидары туура келбеген адамдар эч жолукпайт дешет Чыгыш акылмандары. Мен бир далай таланттуу, эр азаматтар менен жолугушуп, достоштум. Досторум жөнүндө кагаз бетине элес калтыруу парзым деп билемин. Жана да элине рухий эмгектерди жараткандарды журту, келечектеги муун унутпасын дейм. Досторум менен сыймыктанамын жана үлгү алдым. Алар менен кол үзгүм келбейт. А бирок тиричилик, оома-төкмө, келме кезек дүйнө экен, кээлеринин көзү өтүп кетти. Калемдештерим, замандаштарым ыраматылык Ж.Садыков, А.Жакыпбеков, С.Чокморов, С.Жигитов, Ж.Мамытов, М.Гапаров, М.Убукеев ж.б. пикир алышкан, жакшы ниеттеги, сырдаш достор элек. Кудая шүгүр, азыр чогу жүргөн доорлош досторум бар, алар менен тиричилик ырахатын, замандын ачуу-таттуусун бирге татып, жашап келе жатабыз. Замандаш досторум жөнүндө чын ыкластан каалоо тилек, эскерме жазып келатамын.
— «Ала-Тоо» журналына көп жылдар бою башкы редактору болуп иштеген сиз гана болдуңуз окшойт.eki-dos
— Мен он беш жылдай журналды чыгарып келдим, убактымды, күч-кубатымды бердим. Канчалык жанталашып безеленсең да заман агымы күчтүү экен. Журналдын чыкпай калганы менин же жазуучулардын күйүтү эмес, башка элдердин маданиятына көрүлгөн камды көрүп туруп намыстанат, арданат экенсиң. Узак тарыхыбыз, мол маданиятыбыз болуп туруп, акыл-эс, ой-сезим, таланты бөлөктөрдөн кем болбогон биздин элде, эмнеге маданиятыбыз ушунча чүнчүдү деген сабыркоо көкүрөктү өйүйт. Айла жок. Бирок мен келечектен үмүтүмдү түк үзбөгөн токпейил жанмын. Мүмкүн бийликтегилер, саясатчылар эр азамат, намыстуу, мекенчил, ыйман-пейли ак болушса, акыры рухий маданиятка көңүл бурар. Азыркы тапта рухий маданият алсыраганы үчүн кара курсак, байлык-мансап, бийлик, акча бийик бааланат. Ошого жетсек деп жабыла чуркап жатабыз. Мына ушуну — ачкөздүктү, менменсинүүнү, бир гана адамдын рухий маданияты тыйып, токтото алат. Маданиятын унуткан, ага кам көрбөгөн инсандын жана элдин азабы улам арбыйт жана кайгылуу бүтөт. Бул тарыхтын коңгуроосу, мыйзамы.
— Келечекте иштей турган кандай ойлоруңуз бар?
— Ачыгын айтсам, кыргыздардын байыркы маданияты жөнүндө илимий-популярдуу энциклопедияны, кара сөз түрүндө жазылган «Манас» эпосуна улуттук салт, акылмандыкты ширетүүнү, элибиздин эчаккы тарыхы жана маданияты жөнүндө эркин баянды, санжыра менен жазма тарыхты салыштырып, жатык тилде баяндоону, жаш муунга жашоо-тиричилигине тарбия берер, сөөмөт, жөрөлгө жазсам деген тилектемин. Дагы элге пайдасы тиер китептерди жана «Кыргыздарды» уласам дейм. Канчасы ишке ашат, билбейм.
— Сиздин «Айлым жөнүндө баян» деген очеркиңизди окуган элем. Айылыңызга көп каттайсызбы?
— Менин айылым Теңиртоонун бир коктусунда. Ошол айылдыктардын таалим-тарбиясын, батасын алып киши болдук. Сексенинчи жылы айылым жөнүндө кеңири даректүү баян жазгам. Киндик каным тамган айылымдын чоңойтулган сүрөтү бөлмөмдө илинүү турат. Бир күндө нечен ирет карайм. Кокту ичинен «Эчки-Башы» суусу агат. Анын башында да, орто ченинде да, аягында да мазар бар. Мен бала кезде жүздөй түтүн эле. Азыр түтүн көбөйдү, кан жолдун боюна да кичи айыл түшө баштаптыр. Бир жолу Жумакан Тынымсейитова акын эже менен Нарын шаарында отуруп, айылыбыздын башынан түшүп, аягына чейинки адамдардын жоруктарын айтып таң атырганбыз. Ошондой эле Бишкекте журналист-диктор Капар Алиев экөөбүз бир түнү бою айылдыктарды эстеп чыкканбыз. Баягы биз төрөлүп, чоңойгон үйлөрдүн ордунда инилерибиз жаңы там салышты. Айылда атам Жусуп Иманалиев атындагы мектеп бар. Атам кырк жылдан ашуун мугалим болгон. Кийин айылга аз каттап калдым. Айылдык мыкты байбиче, карыялардын бейнесин чыгармаларымда жаздым, али да жүрөктө жүргөндөрү бар. Айылга жакшылыкта гана барганды эңсейм.
— Кеңеш агай, жакында, апрелде 75 жашка толосуз. Өткөн өмүргө өкүнбөйсүзбү?
— Сагын, өмүр аккан суу экен, чиркин, кыска тура, адам өмүргө тойбойт белем. Өткөн өмүрүмө өкүнбөйм. Ар курактын өзгөчө ырахаты, кунары, сулуулугу бар. Кеп — кандайча жашоодо. Балакайыбыздан элеттик ата-энебиз бизди абийирдүү, адамгерчиликтүү, ыймандуу, эмгекчил болууга, күнүмдүк жашообузда кара башка түшчү кыйынчылыкты жеңүүгө тарбиялады. Ал эми рухий маданият жакты кантип тарбиялоонун жол-жобосун алардан ала албай калдык. Биздин муун телевидение, компьютер жана техниканын жаңылыгынан кем-карч болду. Дүйнөлүк маданияттын таасирине кечирээк кабылдык. Эми минтип кыбырап, сыбыраган абышканын кебетесин кийип отурамын. Атаганат, непадан буддизмдеги жоромол чын болсо, бу тирүүлүккө жараткан кайрадан шыпаа кылса, өзүмдү балакат кезден башкача, куштай, күлүктөй таптап, алданемедей тарбиялайт элем.
— Жок, сиз өмүрүңүздү текке өткөргөн жоксуз. Жаштарга кандай карыялык ибарат, насаат айтар элеңиз?
— Аттиң-ай, адам зилинде жалкоо келет экен, аны эрте түшүнүп, өзүн өзгөртүү, жакшы жолго салуу, адамдын өз мойнундагы милдет. Адамдын колунан баары келет. Жаштайынан кандай зарлап тилек кылса, акыры ошого жетет. Ошого адам ишенүү керек. Белди бекем бууп, көк жалдык менен бир келген өмүрдү текке кетирбей, чыйрак жаша. Ашмалтай жашоодон, жалкоолуктан кутул, ыпластыктан кач, иритки ойду, тилекти тазарт. Кара жаныңды карч уруп, аянбай эмгектен. Мекенчил, дадил бол. Өзүмчүлдүктү, ачкөздүктү жой, азгырыктарга алданба, өмүрдү, акылды, күчтү көчөгө кур бекер чачпа, жадатма кыйкырыкка, коогалаңга коротпо, адам болуп максаттуу жашап өтүүгө умтул. Кудайды, Элди, Мекенди, Эне-атаңды кадырла. Улут маданиятын ыйык тут.
Маектешкен Сагын АКМАТБЕКОВА
Де-факто гезити, 15-март, 2012-жыл

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *