Биринчи баянды ушул шилтемеден табасыз

Экинчи баян

Э С С Е  

Москвадан дарыланып келгенден көп өтпөй Асакенин көңүлү ачылбай, буулукканы күчөдү. Кусалыгы кууратты! Ал кусалык – эл алдына чыгып ырдоо эле. Бир-эки курдай аким-губернаторлорго кадырын салып, баягы илгеркиче жер-жерлерди кыдырып элге концерт берүүнү самады. Аккордеондун коштоосундагы ырларды элеттиктер сагынды деп ойлоду. Бирок ал заманда Асакем самагандай концерттер кайда?! Жер-жерлерде маданият үйлөрү иштебей, клубдар кыйрап-бүлүнүп, жыгач-таштары тонолуп, уурдалып, көпчүлүк караламан көртирилик айынан Чүй, Бишкекке «чү» койгон… Жан сактоо издеп. Ошол мезгилдеги жакырчылыктын сазына баткан элди кургуйдан алып чыгууга бийликтин чама-чаркы жетпей турган кезеңде, айрым аким-губернаторлор Асакемдин концертин уюштуруп бермек тургай, кайра аны «сенин ырыңды азыр ким угат» деп кагып коюшуптур! Концерт уюштурууга жасаган далалатынан майнап чыкпады ошентип…

Улуу залкардын назик жүрөгүн аткаминерлер да, караламан калк да кайдан түшүнсүн. Өмүрү үй күчүк болуп көнбөгөн Асаке анан жай табабы?! Буулугуп редакциябыздын босогосун аттаганда эле:

– Күн өтпөй калды! – деп келет. Өмүр бою эл алдына чыгып ырдап көнгөн киши капаска камалган куштай болуп каларын айтып мунканат. Кайда барып, эмне иш кыларына башы маң Асакебизди ой басып отуруп калат…

– Түгөлбай досумдун жазганын окудум, – деп кеп баштады бир күнү. – «Эси бар боксер өз мезгили келгенде рингден кетип калганы жакшы, болбосо нокаут алат. Өнөр адамы да өз доорун сүрүп, өз убагында сахнадан кетиши керек», – деп жазыптыр. – Ойлоп көрсөм туура сөз экен. Мен жөнүндө айтылгандай… Бирок башкаларга окшоп бизнес кылуу колуман келер эмес. Эч болбосо Түгөлбай досумдун жарым акылын мага берип койсочу кудай. Мына Түкөмдү көрүп атасыңар: маданият министри Чолпонбек Базарбаевдин орун басарлыгын таштап баса берди эле, ишсиз калбай Эшимкановдун «Асабасында» бакыйган журналист болуп төрдө отурат, кайра сонун жумушка орношуп алды. Түгөлбай досум билимдүү экен, акүйгө барса да ал жактагы саясатчылардын тишин чагат. А мен ыр менен бүтүндөй өмүрүм өтчүдөй, кийинким эмне болорун көрбөпмүн. Түгөлбай досумдай жазганды билсемчи, силердин журналга мен да бирдеңке чиймелебейт белем, – деген таризде кейип жүрүп, баягы ичкиликке ооган адатын кайра баштады.

Асаке үчүн тагдырдын анык катуу соккусу– эрмексиз калуу болду! Көрсө Асакебиздин бул өмүрдө ырдан башка эрмеги болбоптур. Боксер өз маалында рингден кетүүсү туура болгондой эле өнөр адамы да сахнадан өз мезгилинде кетүүсү керектигин Асаке деле сопсонун түшүнүп жүрдү, бирок өзү айтмакчы «ырдан башка хоббиси» жок экен. Чыгармачылык өмүрдөн башка жашоого жөндөмсүз болуп калыптыр! Башкалардай эпчил боло албады. Ырдан башкага жол издебеди. Бу жарыкта Асакем да булбулга окшоп ыр үчүн гана жаралганын ошондо түшүндүк. Анын өмүрү сахна үчүн гана жаралыптыр.

Ызалуу залкар обончубуз ошол күндөрү: «Бир кезде жылдызым көктө жанганда Асакелеген досторум көп болду. Азыр алардын бири жок» дегенди көп айтып жүрдү…

Эскерүүмдүн мурдакы бөлүмүндө «Кербез» редакциясы улуу залкардын экинчи үйү болуп калганына сөз эми жетти, окурман. Ооба, эртеден кечке байланган жери биз болдук. Ырды сагынганын айтып аккордеонун жонуна көтөрө келет. Бирок өз ырларынан эмес, Ырысбайдын ырларынан баштайт. Ушундай бир кусалуу муңун бизден жашыргансып, көздөрүн чылк жумат да, озондоп ырдайт. Өзү менен өзү жалгыз калгандай боздойт. Айланасында жан киши жоктой далайга муңканып, чылк жумган көзүн ачпай аккордеонун сыбызгытат, үнүнүн болушунча озондоп-озондоп бир убакта токтойт да:

– Өх, – дейт, – бугум чыга түштү. Үйдө минтип ырдаш кайда. Жер үйдөгү кошуналарыбыздын баары орус кемпирлер. Алар частушкадан башканы угабы? Кепедей тар үйдө үнүм чыкса эле көчөнүн баш аягына жете жаңырат…

Өзү кант диабети менен ооруп жүргөндүктөн, кургап калган оозун жаланып, жанына биз коюп берген суусундугунан бир ууртап алат да, муңдуу обондорунун кайрыгына сиңип кетет. Жанындагы бизди унутат. Көзүн чылк жумат да, бирде Рысбай Абдыкадыровдун обондорун, бирде өзүнүн «Кусалыгын», же «Ак булуттарын», же «…муңдашым Мунарын» созуп, ырдын аягына чыкканда өзүнчө күрсүнүп алат. Жанында киши отурганын сезбейт… Жалгыз жандай…

«Кербез» редакциясынын чыгармачыл жамааты да ал мезгилде ишсиз отуруп калганбыз. Типографияга болгон карызыбыз уламдан улам өсүп отуруп ишибиз токтоп калган. Же журналдан түшкөн кирешелерибиз «Союзпечаттан» колубузга тийбей, айлык албаганыбызга жарым жылдан ооп, бекерпоз кейпин кийип отуруп калган бизге Асакенин ырын уккандан бөлөк кылар иш калган эмес. Кыялбек байкебизге (Урманбетов) Асакебиз келген сайын текст жазып бер деп кыйнайт, Кыялбек байкебиз 2-3 ыр жазып бергенсиди, бирок Асакенин муңга чөккөн көңүлүнө туура келбедиби же чыгармачылык кризис деген балээ улуу залкарыбызды биротоло ызага муунтуп таштаганбы, айтор, көкүрөктөгү зилин төгалбай жүргөн кез эле бу…

Редакциябыздын жарымын ээлеген бош бөлмөбүз бар, ичи кенен. Жамаатыбыз менен ошол жерде түнөп, бүгүнкү күнгө дейре бала бакчалардан тартып мектеп окуучулары арасында кеңири колдонулуп жүргөн «Бала Кербез» аталган китепти чыгаруу машакатын чегип, ошол бөлмөдө түнөп иштеген далай күндөрүбүз өттү. Көп учурда мен бойдок болгондуктан – ал жерде жалгыз түнөйм. Мени жалгызсыратпай, Асаке түнү келип каалга кагат. Уйку бербейт. Каалганы барскан менен койгондой күрсүлдөтөт. Аргаң жок ачасың. Күнү куру эмес ичкени күчөй баштады. «Асаке, врачтар ичпе деп эскертти дегениңиз кана! Койбойсузбу!» — дейм. «Кантип коё алам, кантип?!» – Асакем өзүнүкүн бербейт. Ыйлайт анан. Ыйлаганда да аюдай жер чапчып боздойт. Өмүрүмдө Асакенин ыйлаганын ошондо көрдүм… Мурда анын муңканган гана ырларын угуп келсем, эми…

Бул эскерүүнү жазууда, азыр өзүм ыйлап отурам…

Ошондой түндөрдүн биринде Асакем жер чапчып ыйлап отуруп, мага негедир бир сырын айтты, ал сыры мага ушул күнгө дейре туюк…

– Мен кыргыз эл артисти наамын алганымда Түгөлбай досум концертимди укмуштай уюштурду. Ал менин тагдырымды билет да… Билген үчүн сахнадагы декорация укмуш коюлуптур. Мага жакты. Сценада арбайган-тарбайган дарак турат. Мөмөсүз…

Асакем ушуну айтып көпкө боздоду…

– Ырысбай акемдин артында эркек уул калбай, туяксыз өттү эле. Менчи?..

– Ой сиздин эки бирдей уулуңуз турбайбы?! – дейм өксүп ыйлаган Асакемди сооротуп.

Ал болсо жер чапчып боздойт. Эмнени булдуруктап ыйлап атканын ажырата албай, мен кулак түрүп акылым айраң…

– Сахнадагы декорация эмнеге коюлганын эл түшүнгөн жок. Ал декорация эмнеге коюлган билесиңби?..

– Эми аны режиссер менен художник койсо коюп салгандыр, анын эмнеси?.. – дейм.

– Режиссер менен художник арбайган-тарбайган даракты жөн койчу беле?! – Асаке боздойт. – Түгөлбай досум концертти башынан аягына дейре жакшы алып барды. Менин дүйнөмдү ачып берди. Бала күнүмдөн Андижанда мал кайтарып өсүп, Ала-Тоого болгон кусалыгымдан өйдө калтырбай айтты. Чыгармачылыгымдын башаты балалык күнүмдөн бери кантип тамыр түйгөнүн билгендей-көргөндөй баяндады. Сибирден кайтып келген Токтогул кийин Керимбай болуштун өзүн кулакка тарттырып, «Беш камандын» тукумдары Андижанга сүргүнгө айдалганыбыздан өйдө жүрөгүмдү сыздатып баяндап берди Түкөм…

Жай мезгили бүтүп, күз келип калган маал эле. Асаке ичкилигин калтырмак тургай, артынан кууп алды. Бир курдай токтогулдук иниси Майрамбек Османов экөө келди мага:

– Жүрү үкам, мончого барабыз. Бүгүндөн кийин арагымды таштайм. Мына, Майрамбек үкама да убада берип келатам баятан. Бу да ичпе деп урушат. Сен да урушасың. үйдөгү катыным да, баарың урушасыңар мени… Ушу экөөңө берген убадамды бузбайм экинчи. Бүгүндөн кийин ичпейм.

– Ичпеңиз Асаке! Кыргыз элине бере турган карызыңыздан али кутула элексиз. Дагы далай чыгармаларыңызды жаратышыңыз керек, – дегенимди уккан Асакем мойнуман кучактап, өпкүлөп жиберди…

– Үкам, укмуш кеп айттың. Мындан кийин балээ ичейин. Оозума албайм. Өзүм да арактан тажадым!..

Ошондон кийин көрүшкөнүбүз жок.

«Кербез» журналы жабылып, ишсиз калдым. Бирок ишсиз калганыма карабай үйлөндүм. Тирилик кылыш керек болду. Чүйдүн Васильевка айлына көчүп кетүүгө туура келди. Чыгармачылыгымды жыйыштырып, чарбалык тирликке башотум менен кирип кеттим. Шаарга каттамай жок. Бир күнү кыш чилдесинде шаарга кеткен ыраматылык келинчегим суук кабар менен келди:

– Асан байке өтүп кетиптир…

Бүткөн боюм «дүр» дей түштү суук кабардан.

Токтогулдук өнөрпоздор чогулуп, Асакенин сөөгүн киндик каны тамган жерге эбак тапшырып келишкенин уккандан кийин – жер муштап отуруп калдым… Мен акыркы жолу көргөндөгү Асакемдин айткандары кулагымда жаңырып туруп алды:

«Мындан кийин балээ ичейин. Оозума албайм. Өзүм да арактан тажадым!..»

Олжобай ШАКИР

P.S. Ошондогу айылда кечирген турмушум… Түгөлбай Казаковго арналган аңгемем:

«Чыйп-чыйп» жөжөлөрүм

0 Replies to “К У С А Л Ы Г Ы М: Мен көргөн улуу залкар”

  1. Ыйлаттың, Олжоке. Анан да Акаевдер азыркыларга салыштырмалуу адам экен. Ошентсе да адам кадырын, талант кадырын билбеген замандын адамдары экенбиз да. Кайран Асаке… эми андай талант кыргызга кай заманда келет эле… Анан да арак…

    1. Бейшенбек байке, Асакени эскерип жазуу мага да оңой болгон жок: биринчи бөлүгүн да, экинчи бөлүгүн да ыйлап отуруп жаздым…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *