Авар жомогу

Мергенчи бир күнү кажырлуу капканды койду да, жанына көз кызартар чоң кесим этти таштап кетти.

Эттин жытын сезген ач түлкү шимшилеп жүгүрүп келип, этти жейин дейт, бирок ойлонот: «Йе, бул соо эмес. Мындай сулп эт талаада жөн эле жатканын өмүрүмдө көргөн эмес элем го». Тобокел кылгысы келбеген түлкү өз жолуна түшөт.

Алдынан карышкыр кезигип сурайт:

– Кандайсың, түлкү? Эмне маанайың пас?

– Чоң кесим сулп эт жатканын көрүп, жебей калганыма өкүнүп келатам. Орозо тутуп жүрбөймүнбү.

– А мен орозо тутпаганым жакшы болуптур, – дейт сүйүнгөн карышкыр. Дейт да сулп эт кайда жатканын сурайт.

– Мынабул жерделе жатат, – түлкү эт жаткан жерди көрсөтөт.

Ачкөз карышкыр этти баса жыгылары менен арткы буту капканга чабылып калат. Түлкү болсо этти илип кетет да жеп баштайт.

– Бул эмне кылганың? – карышкыр кыйкырат, – Сен орозо тутуп жүрөм дебедиң беле!

– Мен эми оозумду ача берсем болот, ай жаңырбадыбы,– деп этти жалмап койгон экен.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *