БИЛГЕНДЕН БИЛЕ ЭЛЕГИҢ КӨП

Толук аты-жөнү Махмуд ибн ал-Хусейн ибн Мухаммед ал-Кашгари. Окумуштуулар анын “Түрк тилдеринин сөздүгү” аттуу эмгегине жана Караханийлер мамлекетине тиешелүү маалыматтарга таянып, 1029-жылы Ысык-Көл кылаасындагы байыркы Барскан шаарында (азыркы Барскан кыштагы жайгашкан жер) туулган деп эсептешет. Анын балалык чагы Ысык-Көл боюнда өткөн. X кылымдын 90-жылдарында Чыгыш-Түркстан жана Жети-Суу аймагында Караханийлер мамлекети түзүлүп, анын 1-ханы Абдулкерим Мухаммед Сатук Каракан болгон. Махмуд мына ушул Караханийлердин тукумунан чыккан. Атасы Барскан шаарынын эмири болгон. Көптөгөн окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча Махмуддун атасы мураскор жарыялангандан кийин Караханийлер династиясында ич ара бийлик талашуу жүрүп, ордодо көңтөрүш болгон. Махмуддун чоң атасы Мухаммедди (Буура хан) аялы ууландырып өлтүргөн.

Атасы Хусейн (ал Мухаммеддин башка аялынан төрөлгөн) жана анын бир катар туугандары да каза болгон. Бийликке ошол өгөй эненин баласы Ибрахим ибн Хусейн келген. Окумуштуулардын (О.Прицак, Ө.Караев, Т.Чороев ж. б.) болжолу боюнча Мухаммеддин жабыр тарткан тукумдарынын ичинен аман калганынын бири Махмуд болуп, ал коңшу түрк өлкөлөрүнө өтүп, саясый качкын катары орто кылымдагы маданий очоктордон болгон Кашкар (адегенде Кашкар шаарынан билим алгандыктан Махмуд Кашгари – Кашкарлык Махмуд аталган), кийин Бухара, Самаркан, Нишапур, Багдад  ж. б. шаарларда кыйла жылдар дервиштик турмушта жан сактаган. Ушул учурларда ал илим-билим алууга баш-оту менен киришип, түрк элдеринин тилдерин жана диалектилерин, фольклорун, салт-санаасын ж. б. изилдей баштаган. Алардын турмушундагы, көркөм маданиятындагы тарыхый-географиялык, этнографиялык, тилдик өзгөчөлүктөрдү ырастаган бай материал топтогон жана алардын негизинде 1072-77-жылдары араб тилинде “Диван лугат ат-түрк” (“Түрк тилдеринин сөздүгү”) деген эмгегин жазган. Ага 7500дөй түрк сөзү камтылган. Махмуд бул эмгегинде ошол кездеги түрк тилдеринин фонетикалык жана грамматикалык, диалектикалык өзгөчөлүктөрү боюнча тилдик кубулуштар менен фактыларды талдоо үчүн түркология илиминин тарыхында салыштырма-тарыхый методду биринчи колдонуп, түрк тилдеринин диалектологиясына негиз салган.

Эмгек 8 бөлүмдөн туруп, негизги бөлүгү сөздүк тартибинде түзүлгөн. Эмгекте түрк элдеринин негизги уруулары жана алар жайгашкан аймактар, алардын көркөм кол өнөрчүлүгү, оозеки көркөм чыгармаларынан үлгүлөр, тилдеринин классификациясы жөнүндө көптөгөн маалыматтар камтылган. Сөздүктө огуздардын алгач 24, кийин 22 уруудан куралган, монгол дооруна (XI кылым – XIII кылымдын 1-жарымы) чейинки куман же кыпчак тили жөнүндөгү маалымат, ал түгүл азербайжан тилинин элдик оозеки поэтикалык чыгармаларынын үлгүлөрү, ал эле эмес Африкадагы элдер, алардын үрп-адаттары, кесипчилиги жана табигый байлыгы жөнүндөгү маалыматтар да учурайт.

Эмгекте 290 макал-лакап, 100дөй ыр, 100дөй шаар-кыштак аттары, астрономиялык жана географиялык аталыштар, адам аттары ж. б. кездешет. Дагы бир кызыктуусу Махмуд бул чыгармасына жарым шар түрүндө дүйнөнүн өзү түзгөн тегерек түстүү картасын тиркеген. Орто кылымдагы араб карталарына Жердин борбору катары Мекке жана Мединаны көрсөтүү мүнөздүү (салттуу) болсо, Кашгари өз картасына дүйнөнүн борбору катары Ысык-Көлдү, тагыраак айтканда Ысык-Көл менен Баласагундун аралыгын көрсөткөн. Орто Азия элдеринин дүйнө жөнүндөгү көз караштарына таянып, Чыгышты картанын жогорку бөлүгүнө жайгаштырган. Тоолор, дарыялар, мамлекеттердин ортосундагы аралыктын пропорциясы негизинен так сакталып, көпчүлүгү чындыкка туура келет. Айтор Махмуд Кашгари орто кылымдагы бүтүндөй түрк элинин өкүлү катары өз чыгармасын жазып, “түрк” сөзүн этностук жалпы аталыш катары колдонгон. Он кылым мурунку түрк элдеринин тарыхын, маданиятын изилдөөдө урпактарына баасы ченемсиз мурас калтырган. Бул эмгек огуз тилиндеги жазма эстеликтердин соңкуларынын бири болуп эсептелет. Махмуд Кашгаринин атын илим дүйнөсүнө, деги эле жалпы журтка кеңири таанытып, өз заманынын чыгаан филологу, тарыхчысы, этнографы, географы катары белгилүү кылган да ушул эмгек болду.

Эмгектин түп нускадан көчүрүлгөнү 1914-жылы табылып, ошол нуска боюнча анын автору Махмуд Кашгари экендиги аныкталган. Бул эмгекти 1914-жылы Стамбулдун эски китеп базарынан чыгыш китепкөй аалымдарынын бири Али Эмири сатып алган. Аны Махмуд Кашгари өзү жазган түп нускадан 1266-жылы Абу Бакр ас-Сави ад-Димашкы деген адам көчүрүптүр. Көчүрмө нуска Стамбул шаарындагы Улуттук китепканада сакталууда. Муну белгилүү аалым, мугалим Рифат Билге иретке келтирип, 1915-жылы 1 жана 2-томдорун, 1917-жылы 3-томун Стамбулдан басып чыгарган (Китеп чыга электе эле өтө кызыгууну пайда кылгандыктан аны 3 томго бөлүп жиберген). 1928-жылы чыгыш таануучу Карл Броккельман анын кыскартылган вариантын немис тилине которгон. 1939-43-жылдары Бесим Аталай түрк тилине, 1960-63-жылдары С.Муталлибов өзбек тилине которгон. 1981-84-жылдары анын уйгурча котормосу жарык көргөн. Сөздүктү филология илимдеринин доктору, профессор Таалайбек Токоев, арабист Кубатбек Кошмоков кыргыз тилине которуп (баш сөзүн жазган академик Абдылдажан Акматалиев) 2011-12-жылдары 3 томдук кылып кыргыз окурмандарына тартуулашкан.

Окумуштуулар Махмуд Кашгари “Жавохирун-н-нахв фи лугати-түрк” (“Түрк тилдер синтаксисинин негиздери”) деген дагы эмгек жазган деп эсептешет. Бирок ал эмгеги азырынча табыла элек. Махмуд Кашгаринин эмгектери – орто кылымдагы илимдердин тарыхын изилдөөгө негиз болуучу эң бир маанилүү илимий даректерден.

Мына ушул орто кылымдагы адабий эстеликтерибизди изилдөөдө Жусуп Баласагын боюнча К.Артыкбаев, Ү.Асаналиев, Р.Ашыралиев, С.Е.Малов жана башкалардын мыкты илимий эмгектери бар. Айрыкча акын Төлөгөн Козубеков “Куттуу билимдин” өзүн бир катар кемчиликтери болсо да кыргыз тилинде сүйлөтүп, зор иш аткарган. Ал эми Махмуд Кашгари боюнча П.К.Жузе, С.Муталлибов, А.Н.Кононов, А.Б.Халидов, О.Прицак, Б.Ө.Орузбаева, Б.Осмоналиева, В.В.Бартольд, С.Г.Кляшторный, Ө.Караев, Т.К.Чороев ж. б. изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Айрыкча Тынчтыкбек Чороев Махмуд Кашгаринин өмүр жолун жана илимий мурасын иликтеп-изилдөөдө, аны кыргыз окурмандарына тааныштырууда өзгөчө кызмат өтөп, зор жигердүүлүк менен эмгектенген. Ал көптөгөн илимий дагы, илимий-популярдуу дагы макалаларды, китептерди жазып, Жусуптун мекендештерине тартуулаган.

Айрым маалыматтар боюнча Махмуд 1126-жылы 97 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

Бул эки даанышмандын өмүр жолун, чыгармачылык жана илимий мурастарын изилдөө, ачыла элек жактарын ачуу, бизге белгисиз сырларын табуу ж.б. али алдыда. “Куттуу билим” дастаны жана “Түрк тилдеринин сөздүгү” чалкыган мухит, учу-кыйырына көз жетпеген мейкиндик, соолбос булак жана алар жөнүндөгү ар бир табылга ааламдагы болуп өткөн бир чоң жаңылыкка тете.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *