Түрк жомогу

Бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда бир бай киши жашаптыр. Бир жолу ал чайканада жоро-жолдоштору менен отуруп, кептен кып чыгып, сөз нугу ууруларга бурулат. Бирөө айтат:

— Менин паландай буюмумду паландай кылып уурдап кетишти…

Экинчиси ага кошумчалайт:

— Меникин болсо минтип уурдашты…

— Мен ушу силерге түшүнбөйм, өз буюмуңарды кантип эле бирөөгө уурдатасыңар? Ачык таштайсыңар — уурдайт да анан, өзүңөрдү да кошо көтөрүп кетет.  Андай кыйын болушса мына меникин уурдап көрбөйбү? — деп калды ага[1].

Ошол убакта буларга жакын эле жерде бир ууру отурган. Ал аганын жанагы сөзүн угуп, «шашпай тур, сага көрсөтпөсөмбү» деп калды. Жанында жаткан канжасын[2] акырын уурдап алды. Ал янтарь[3] менен шөкөттөлгөн канжа эле.

Аганын канжасын алып ууру ал кишинин үйүнө барды. Эшик чертти. Каалганы ачкан аялга минтет:

— Мени эфенди жиберди, ишенбесеңиз, мына канжасы. Ал киши эки жез идиш алып кел, рамазанга карата базардан май жана бал алабыз деди.

Чын эле рамазан айы жакындап келаткан.

Ханум күйөөсүнүн канжасын тааныды. Анан үйүнөн эки чоң жез идиш алып чыгып, ууруга карматты. Ууру базарга барып эки идиштин бирине бал, бирине май толтуруп келе калды да аларын ханумга берди.

Анан бир топко ары басып, бери басып, кайра ханумга келет да, канжаны көрсөтүп:

— Мени эфенди жиберди, миң алтын[4] берсин, зергерден үйгө деп алтын жасалгаларды сатып алабыз деп атат, — деди.

Ханум миң алтын салынган капчыгын алып чыгып, ууруга карматат.

Ошол кезде чайканада отурган ага канжасын таппай кайсалып калат.

Үйүнө келип аялынан канжасы кокус бул жерде калбадыбы деп сураганда, ал айтат:

— Сен аны бирөөдөн берип ийген турбайсыңбы, ал келип айткандарыңды алып, канжаңды таштабай кетти.

— Кайдагы неме? Ким? Ал менин канжамды кайдан алып жүрөт?! – Аганын ачуусу аябай келди.

— Ким болмок эле, өзүң жиберген неме. Май, бал алабыз деп жиберипсиң, идиш алып кетип, аларды алып келип берди. Анан миң алтын суратыпсың, аныңды бердим.

Ага башын мыжыгып, алдатканын билип, өңү купкуу болуп, көчөгө атып чыгып, ууруну узатпастан кармоонун камына түштү. Ошол убакта мунун баарын аңдып турган ууру ханумга кайра келди:

— Бол тез, ханум, эфендинин кылычын алып чык, ал ууруну кармады! — деп кыйкыра сүйлөдү.

Ханум далбастап чуркап күйөөсүнүн алтын менен шөкөттөлгөн ажайып кооз, баасыз кылычын көтөрүп чыкты.

Ошондон кийин ууру бул шаардан биротоло ооп кетти.

Ал эми кете берсин. Бул жакта жанагы мактанган бай болсо же уурудан жок, же бир уурунун дайын-дарегин таппа, үйүнө кайтып келет.

Аялы алдынан тосуп чыгат:

— Шүмшүк ууруну кармаганыңар жакшы болгон турбайбы. Акчаны бердиби анан?

— Кайсы ууруну?! Ким айтты сага?!

— Ай сен ууруну кармадык, кылычымды алып кел деп киши жиберген турбайсыңбы. Ал кылычыңды алып кетпеди беле?

Ага муну угуп акылынан айнып кала жаздады. Эми не кылуу керек? Бир заматта канча байлыгы жоголуп отурат?

Ойлонуп-ойлонуп отуруп, не кыларын билбей ушул шаарда үч митайым, амалкер киши бар экенин уккан эле, ошолор оюна түшөт да, ошолорго кайрылууну чечет.

— Жардам кылгыла, достор, менин акчамды да, канжамды да, кылычымды да уурдап кетишиптир. Ошолорду таап берсеңер, мен силерге миң куруш акча берем.

— Жакшы, жардам кылалы, — дешет алар бир ооздон, — бирок сиз бизге ошол уурунун кандай киши экенин, өңү-түсүн сүрөттөп айтып бериңиз.

— Мен аны көргөн да жокмун. Жүргүлөчү аялымдан сурап көрөлү?

Аялы айтат:

— Ал өзү толук – «сиях», башына кийгени бийик калпак – «күлиах», Кейдихан, жүзү сулуу алдамчы – «кейди бутан».

— А бул Хорасан вилайетинен[5] Кейдихан ууру турбайбы, — дешет тигилер.

Үчөө тең ордунан ыргып туруп Хорасанга бет алат. Ал жактан бүт вилайетти кыдырып издешет.

Биринчиси айтат:

— Хорасан вилайети, Хасан Ажы маалеси[6].

Алар Хасан Ажы маалесине барат.

Экинчиси айтат:

— Хасан Ажы маалеси, үйү болсо – мончонун арты.

Анан алар ошол мончонун артына өтөт.

Үчүнчүсү айтат:

— Анын кызы – Михрибан, апасы – Кезибан, анабул дарбаза ошонуку. Такылдатсак Михрибан чыгат.

Алар дарбазаны тыкылдатат. Ушул убакта кудай жалгап ууру да үйүндө экен. Чын эле кызы чыгат.

— Кызым, атаң үйдөбү? — дешет келгендер.

Кызы атасынын айылдаштары келген экен деп каалганы ачык калтырып, атасына чуркап барат. Арты кууш ууру куугунчу келгенин дароо эле билет, бирок кеч болуп калган эле, үйгө киргизүүгө мажбур болот.

— Мына таптык! — деп сүйүнүшөт тигил үчөө.

Ханум айткандай эле ал толук келген, башында кырдуу бийик калпагы бар киши экен.

Үчөөлөп үйдү аңтар-теңтер кылып канжаны жана кылычты табышат, бирок акчанын дайыны билинбейт. Канча сураган менен ууру акчанын дайынын айтпай көшөрөт.

Бир митайым айтат:

— Тигил эшикти такылдатчы, Михрибан келсин да кампанын оозун көрсөтсүн?

Чын эле уурунун үйүндө жашыруун кампасы бар экен, аны издешет, дале акча жок.

Экинчи митайым шыпта турган кичинекей сандыкты байкап калат.

— Кана тигил сандыкты түшүрүп, дүкөнүңдү аччы?! — дешти алар үй ээсине.

Сандыкты түшүрүп, карашса – алтындар. Эсептеп киришет – тогуз миң тогуз жүз токсон тогуз алтын. Бирөө жок.

Үчүнчү митайым айтат:

— Муну көчүккө тебиш керек!

Ууруну жакшылап тебишти эле, оозунан бир алтын ыргып түштү.

Ошентип уурунун алгандары өзүнө буйрубай, кайрадан ээсин тапты.

Түрк тилинен которгон Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Ага – бай киши

[2] Канжа – чылым салып тартуучу буюм

[3] Янтарь – асыл таштын түрү

[4] Алтын – ошол кездеги Түркиядагы акча бирдиги

[5] Вилайет – облус, район сыяктуу территориялык бөлүнүш

[6] Маале – кичи район, квартал

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *