БИЛГЕНДЕН БИЛЕ ЭЛЕГИҢ КӨП

Математика менен астрономиянын өз алдынча илим болуп калыптануусуна жана өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон Аль-Хорезми Мухаммед бен Муса (толук аты арабча Абу-Абдала Мухаммед ибн Муса аль-Хорезмий) 780-783-жылдары Хорезм мамлекетинде (азыркы Өзбекстан аймагында) жарык дүйнөгө келген. Аны аль-Мажуси деп да аташкан. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө маалыматтар толук сакталган эмес. Бизге белгилүүсү, 9-кылымдын башталышында араб халифи Мамун ар-Рашид Багдадда көрүнүктүү илимпоздорду чогулткан.

Алардын ичинде Хорезми да болуп, ал Багдаддагы Окумуштуулар үйүнүн зор китепканасын башкарган, математиктер менен астрономдорго жетекчилик кылган. Ал жердеги окумуштууларды мамлекет илим изилдөө, башка элдердин илим-билими, маданияты менен таанышуу максатында ар кайсы өлкөлөргө жиберип турган. Хорезми алар менен Индияда, Афганстанда ж.б. өлкөлөрдө болгон. Хорезми Индияда V кылымдарда Ариабхата аттуу окумуштуу жазган “Ариабхатиам” деген астрономиялык трактатты араб тилине которгон. Ошондон тартып, араб цифраларына 0 (нөл) саны кирген. Бул дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Ошондон кийин ал “Индиялык эсептөө жөнүндөгү китеп” аттуу арифметикалык жана “Китаб аль-жебр вальмукабала” аттуу алгебралык трактаттарын, “Зийж-и Харизми” аттуу жылдыздар каталогун, астрономиялык таблицаларын жана географиялык трактаттарын жазган. Арифметикалык трактаты XII кылымда араб тилинен латын тилине которулуп, андан европалыктар индиялык эсептөөнүн позициялык системасы менен таанышкан. Ал эсептөөнүн ондук системасын индиялыктардан үйрөнүп, аны Азияга гана эмес, Европа элдерине да тараткан.

“Китаб аль-жебр вальмукабала” эмгегинде алгебраны математиканын өзүнчө тармагы катары караган. Мында алгебралык сандар менен болгон амалдар киргизилген жана 1-2-даражадагы теңдемелер чыгарылган. Бул эмгектер XVI кылымга чейин Европа өлкөлөрүндө математика боюнча окуу китептери катары пайдаланылган. Хорезминин “аль-жебр” деген сөзүнөн “алгебра” термини келип чыгып, ал өз алдынча илим даражасына чейин көтөрүлгөн. Бул китеп 1145-ж. арабчага, 1187-ж. латынчага, 1831-ж. англисчеге, 1838-ж. французчага, 1961-ж. орусчага которулган. Ошентип, азыркы алгебра сабагынын аты алгач Орто Азияда жаралган.

Хорезми математика илиминин пайдубалын түптөгөндөрдүн башатында тургандардын бири катары кошуу, кемитүү, көбөйтүү, бөлүү, даражага көтөрүү, тамыр чыгаруу, тамырды тамырга көбөйтүү жана бөлүү амалдарынын эрежелерин баяндап жазган. Математиканын тарыхында биринчи болуп, аль-Хорезми квадрат теңдемени чыгаруунун жалпы эрежесин сунуш кылган. Бирок квадрат теңдемени чыгаруунун азыркы кездеги формуласы жүздөгөн жылдардан кийин гана жалпы формага келтирилген. Алгебрада логорифманы тунгуч ирет системага келтирип, иретке салган да Хорезми болгон. Аны Европа өлкөлөрүнө тараткан. Азыркы мезгилде кеңири колдонулуп жүргөн “алгоритм” деген сөздүн келип чыгышы да Хорезмиге таандык. Ал түгүл европалык математиктер Хорезмини орто кылымда Алгоритмус (Алгоризмус) деп аташкан. Хорезми астрономиялык күн сааты,  астролобия ж.б. боюнча да илимий эмгектерин жазган. Астрономиялык эмгектеринде тригонометриялык аныктамалар да болуп, анда “сеув” деген сөз колдонулган.

Бул сөздү кийин европалыктар “синус” деп колдонушкан. Жылдыздар каталогун түзгөн. Жаратылыш таануу илимине көп жаңылык киргизген. Орто кылымда география илимин иретке салган. Ал алгач Жер меридианын өлчөп, математикалык географияны негиздеген. Жер жана асман картасын камтыган атлас түзгөн. Орто Азия жана Түштүк Казакстандын географиясы жана калкы тууралуу кеңири баяндап жазган. Каспий жана Арал деңиздери, Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыя тууралуу өтө баалуу маалыматтарды топтогон. Алар ар тараптуу географиялык материалдар болуп эсептелет.

Хорезми 850-жылы Багдад шаарында каза болгон.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *