Александр ЛУКАШЕНКО

Белорус президенти

Мени белорус эли тобокелдикке салып Президент кылды. Тарыхта бул өтөле сейрек болор, а мүмкүн таптакыр болбой турган да нерсе.

* * *

Силер мени шайлайсыңарбы, жокпу, кайда бармак элеңер. Кеп анда эмес. Шайлайсыңар. Агер мага ынансаңар, мен иштеп берем.

* * *

Биздин диктатура башкалардын өнүгүүсүнө да, жашоосуна да жолтоо болбойт.

* * *

Мен шүмшүктөр менен биргемин, анын ичинде Россиясы да бар.

* * *

Футбол, хоккей ойногонду өлө сүйөм, бирок көп учурда жалгыз ойнойм.

* * *

Мен саясаттын айкын тарабындамын. Өзүмдүн чынчылдыгымдын айынан да 15 жыл бою көргүлүктү көрүп келем.

* * *

Бала күнүмдөн өсүмдүктөр жана жаныбарлар менен өстүм.

* * *

Өлкөдөгү бейпилдикти коргоо үчүн эс-акылымды курман чалганга даярмын.

* * *

Мен атеистмин, бирок православ атеистимин.

* * *

Мен билимим боюнча да, тегим боюнча да экономистмин.

* * *

Эки колум тең таптаза, ага эч качан чынжыр да салынган эмес.

* * *

Элди дагы бир жолу силкип-кагып туруп өз жүзүнө өзүн каратыш керек.

* * *

Күнүнө көзү ачылбай ичкендер мен үчүн добуш бербесин, андайлар менен тилектеш болалбайм.

* * *

Түбүнө түшө ичкендерден нормалдуу бала туулбайт. Бул балээ менен эң чоң коркунуч менен жакалашкандай жакалашабыз. Антпесе – шыңгытат да, кокусунан тууп салып, сен, Лукашенко,баламды асырап ал деп чыгат. Өлкөдө мындай балдардын 35 миң бар.

* * *

…арызданбагыла! Биздин өкмөттө оорукчандар толтура.

* * *

Шиш күрөктү алып жер каз, казбайсыңбы – бүгүн эле ач каласың.

* * *

Беларусиянын уникалдуулугу эмнеде? Менин эч кимге эч нерсе милдеткер эместигимде.

* * *

Мен бүтүндөй парламентти дайыма гөтөндөп коюп турам, кимди оозунан, а кимди башка жеринен кылышты өзүм билем (беларусча акцент менен).

* * *

Гуманитардык жардам – бул итбекер оокат. Ал эл үчүн, анын ичинде окумуштуулар менен аткаминерлер үчүн да.

* * *

Жаңы Жылга карата арбир белорустун үстөлүндө адамдын нормалдуу жумурткасы турарына убада берем.

* * *

Мен ачык айтып коёюн, эгер мага журналист же саясатчы сес көрсөтөм деп катуу үн чыгарар болсо, оозунан тилин сууруп алмакмын.

* * *

Баарыле: “Сен мага акча беришиң керек!” — дейт. Мен эч кимге карыз эмесмин. Силер мамлекетке, ошол мамлекетти башкарган мага карызсыңар.

* * *

Мен жүргүзгөн саясатта принципиалдуу жана чынчыл гана мамиле бар, а паракорчулук эч качан болбойт: сен мамлекетке берсең – биз сени колдойбуз. Ким буга макул болбосо – до свидания!

* * *

Эгер бизди Россия менен жуурулуштуруп, мындайча айтканда, кошоктоштуруп коёбуз десеңер, анык партизандык согушту ошондо көрөсүңөр, ага салыштырмалуу Чечня согушу силерге бала бакчанын эртең мененки көнүгүүсүндөй көрүнүп калат.

* * *

Белорусча сүйлөгөндөрдүн колунан эч нерсе келбейт, аларды сайратып эле койсо, анткени белорус тилинде эч кандай улуу ой жаратууга мүмкүн эмес. Белорус тили – жакыр тил. Дүйнөдө эки гана улуу тил бар – орус жана англис тили.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *