Мындан ары «Коом жана Мен» сайтында жарыяланчу Алтай эл жомокторун которгон жана балдарга ылайыктап иштеп чыккан Абдыкерим МУРАТОВ агабыздан жомок окуган жолдошко же китептин бетин ачар алдында сөз…

Алтай деген эл – бизге тили эң жакын эл. Айрым аалымдар бир кезде кыргыздар менен алтайлар бир эл болгон деген да ойлорун айтат. Алар азыр Сибирдин Түштүгүндө, эң чоң дайралардын бири Обдун баш куймалары жакта жашашат. Кыргыздар сыяктуу эле алтайлыктар да оозеки кепке жакын болуп, өз ойлорун, тилектерин жомок кылып айтышкан, табияттан байкагандарын да жомокторго сиңдиришкен.

Бул жомоктор болсо илгертеден оозеки айтылып келген экен, ошолорду эки жазуучу Анна Гарф менен Павел Кучияк 1936-жылы кагазга түшүргөн. «Кагазга түшкөн кат өлбөйт» дегендей ошол жомокту айтып бергендердин, аны жазып алгандардын көзү өтүп кетсе да, сөзү минтип бизге жетип отурат

Дил-кел

Илгери-илгери, андан да илгери канаттуу куштун баары түштүктө жашап, жазында Алтайда дарыялар гана шоокум салып, теребелди ошолор гана жаңыртып турчу кез экен.

Бир жолу түндүк шамалы канаттуу куштарга ошол жазгы дарыялардын жапан ырын жеткирип келди. Куштар чакчелекейге түштү:

— Күн да тынбай, түн да тынбай, мынчалык сайраган бул эмне болду? Алтайга келген бул не деген шумдук, не деген керемет ырыскы?

Ушинтип чырылдашкан менен мурда куш канаты из салбаган бул кыйырларга барууга эч кимиси даабады.

Канаттуулардын паашасы бүркүттүн чыйырчыктарды, жылкычы чымчыктарды, күкүктөрдү бал тилге салып да, коркутуп да ошол жакка барып келгиле деген үндөөсү текке кетти. Аякка барышка акылман үкү да ынабады, окторулган карчыга да, канатын тындырбаган каздар да баруудан тайсалдады. А түгүл муну укканда шукшурулган ылаачын да калтырап турду.

Бирок ар жердин бир баатыры болот эмеспи. Ошол туңгуюк тарапка барууга кибиреген бармак башындай сары чымчык гана макул болду.

— Барган соң ал жак жакшы болсо дароо келгин да, бул жактагы канаты бар парандалардын баарын ээрчитип кет! – деди бүркүт алыска учууга камынган сары чымчыкка.

— Цици-вю, цици-вю, цици-вю! – Сары чымчык кайраттуу сайрап, дымагы менен баарына сүр кылып турду да: — Келемин, келемин, келемин! Цици-фюить! – деп камгактай делбиреп учуп кетти.

Сары чамчык эбелектей каалгып эчен күн, эчен түн тыным албай деңиздерден, тоолордон, токойлордон, талаалардан, дайралардан өттү. Адегенде канаттарын тез-тез шилеп, шышып учса, бара-бара дарманы куруп, кичинекей, алсыз денесин араң көтөрүп калды. Акыры ал-күчтөн тайып, көктөн топ этип кулап түшөрдө Алтайдын бөксө тоолору көрүндү. Жер бетине эми гана чыгып келаткан күндөн улам Алтай өрт чалгандай мала кызыл боёк менен сүртүнүп туруптур. Ошол өрттө аппак кар жана көк жалтыр муз каптаган бөксө тоолор менен адырлар, жайык өрөөндөр күнгө чагылышып бир башкача ажайып жаркырайт.

— Ой, кандай чоң өрт, – деди биздин сары чымчык бул көрүнүшкө таң кала, – Тоңуп өлгөндөн көрө отко жылынып жүргөн жакшы…

Анан ал канаттарын шилебей койду эле көктөн жерге топ этип түштү. Кызык, анын от дегени от эмес экен…

– Силер, балдар айткылачы, бул эмне эле?.. Туура, кар болчу да. Ошентип ал кардын үстүнө түштү.

— Ци-си-ци… – Сары чымчык чыйылдап ийди.  – Буерде мени өлүм оңой багынтат ко…

Ошентип атып эле бир жайдак бутактан жарака көрүп калды, аерде бир курт кыбырайт да, жанында жүз тордо дагы бирөөсү оронуп жатат.

Сары чымчык аякка бир, буякка бир жыйырылып, силкинип койду эле – дене-башы өзүнө келип, эти жылып, кыйла жакшы болуп калды.

Ошерде жүрүп сары чымчык бул жакка неге келди, аны ким жөнөттү, атасы ким эле, энеси ким эле – баарын унутуп таштады.

Бир күн эле дарактардын башы жерге тийе тургандай ыргалып, ар тараптын баарын шамал чакчелекей түшүрүп, асман-көктү куштардын канаты жире тилип, канаттуулардын көлөкөсү жерди жаап, бир ажайып көрүнүш болуп кетти. Көрсө, баягы калып калган канаттуунун баары ушул жакка келатыптыр.

Алдында асман-көктүн ээси, шуңшурулган, каардуу бүркүт.

Сары чымчык эсине келип, калтырап коркуп кетти. Канаттуулардын падышасы бүркүт болсо анын үстүндө калдайып айланып жүрдү:

— Неге сен бизге кайтып келбедиң!? Неге сен ушундай ажайып аймакка мунабул канаттууларды чакырбадың?!

Сары чымчыктын башы ийилип, куйругу кымчылды. Кантип актанууну билбей башы катты да, терин тамчылатып мындай деп жибергенин өзү да байкабай калды:

— Мен сага, жерге жете карганамын, улуу бүркүт! Бул жерлерде муз жети катмар жатат, кар болсо жетимиш жети кабат жаайт. Мен байкуш бул жерде жапжалгызмын да, кышын, жазын «Дил-кел! Дил-кел! Жаз, кел! Жаз, кел!» деп жалынып сайрап чыгам. Менин ошол суранычымдан мына эми жылуу жел келип, ак кар кете баштап, жер карага айланды. Өзүм да силерге кетейин дедим эле, бирок бошобойм: Дил-кел! Дил-кел! Жаз, кел! Жаз, кел! Цици-вю, цици-вю! Цок-цок-цок! Цици-фюить! Уккула, уккула, улуу урматтуу бүркүт, карагыла, карагыла! Дил-кел! Дил-кел! – Сары чымчык сайроосун улантты. – Жаз, кел!

Сары чымчыктын корккон, алсыз ушул сайроосунан соң кар ээриди, суулар кирди, дарактар бүчүр байлады.

— Макул, – бүркүт кабагын жазды, – бул жолу сени кечирейин, бармак баштай  макулугум. Бир жылдан соң сен туура айттыңбы, алдадыңбы, аның билинет.

Ошондон бери сары чымчык алдаганын билдирбеш үчүн Алтай токоюнда баарынан башта жаз ырын сайрап кирет, андан кийин гана ага башка сайроочу куштардын үндөрү кошулат.

Которгон Абыдкерим МУРАТОВ

0 Replies to “Алтай эл жомоктору”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *