Лев ТОЛСТОЙ
ПОВЕСТЬ

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

I

Казналык палатанын председатели, ашкан ак жүрөк, ушунусу менен сыймыктанган, түнт либераль  жана  динин  моралды  гана  четке  какпастан,  бирок  да  ырымчылдыктын  калдыгы катары  эсептеген  динчилдиктин  ар  кандай  көрүнүшүн  жек  көргөн  Федор  Михайлович Смоковников  палатадан  аябай  капалуу  кайтты.  Губернатор  ага  ашкан  келжирек  кат  жиберди, аны  окуп  олтуруп  Федор  Михайловичти  митаамчылык  бир  иш  жасаган  экен  деп  ойлойсуң.

Федор Михайловичтин ушунчалык кыжыры кайнап, ошол замат кер какшык жооп жазды. Үйдө бардыгы өзүнө каршы иштелип жаткандай сезилди Федор Михайловичке.

Саат бешке беш мүнөт калган эле. Мына азыр тамак алып келишет деп ойлоду ал, бирок тамак али даяр эмес. Федор Михайлович каалганы тарс жапты да, өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Кимдир бирөө каалганы такылдатты. «Дагы кимиси болуп кетти»,— деп ойлоп, үн катты:

— Ким бул?

Бөлмөгө  бешинчи  класстын  гимназисти,  он  бештеги  улан,  Федор  Михайловичтин  уулу кирди.

— Эмне келдиң?

— Бүгүн айдын бир жарыгы…

—  Эмне? Акчабы?

Көңүл  ачсын  деп  атасы  ар  айдын  биринчи  числосунда  баласына  үч  сомдон  берип туруучу. Федор Михайлович кабагын чытып, капчыгын алды да, издеп жатып эки жарым сомдук купон алып чыкты, ага дагы элүү тыйын кошту. Баласы үн катпады, акчасын алган жок.

—  Ата, теңир жалгасын, эмки айдыкын кошо бериңиз.

—  Эмне?

— Сурабай  эле  коёт  болчумун,  сөз  байлашып  жатып  бирөөдөн  карыз  алгам,  убада бергем. Мен, ак ниет адам катары, анте албайм… мага дагы үч сом керек, чын айтам, мындан кийин сурабайм… теңир жалгасын, ата.

—  Сага айтылдыбы…

—  Ата, бир эле жолу…

— Айына үч сом айлык аласың, ошо да аз сага. Сендей кезимде мен элүү тыйын да алчу эмесмин.

— Азыр  жолдошторумдун  бардыгы  менден  көп  алышат.  Петров,  Иваницкий  элүү  сом алышат.

—  Сага айтып коёюн, эгерде ушинтип жүрсөң алдамчы болуп кетесиң. Айтпадымбы.

— Эмнени  айттыңыз.  Сиз  эч  качан  менин  абалыма  түшүнбөйсүз,  мен  эми  жүзүкара аталууга тийишмин. Сизге эмне, баары бир да.

— Жогол мындан, салпаяк. Жогол!

Федор Михайлович ордунан ыргып туруп, уулуна жулунду.

— Жогол! Жон териңерди сыйрыш керек.

Уулунун  бир  эсе  үрөйү  учса,  бир  эсе  жини  кайнады,  бирок коркконго  караганда  ачуусу үстөмдүк  кылды,  анан  шылкыйып,  эшикти  карай  ылдамдай  басты.  Федор  Михайлович  уулун урайын деген эмес, бирок өз каарына куштар болуп, уулун сөгүнүп-сагынып узатты да, далайга дейре айкырды.

Горничная келип тамактын даяр болгонун айтканда Федор Михайлович ордунан турду.

— Адамды зарыктырып,— деди ал. — Тамак ичким да келбей калды.

Анан үтүрөйгөн бойдон ашкананы карай жөнөдү.

Столдо  олтурганда  аялы  сөз  катты  эле,  ал  ачуулуу  бурк  этип  койгондо  аялы  оозун  жап кылып  отуруп  калды.  Уулу  да  башын  көтөрбөй  унчукпады.  Оокатты  унчукпай  ичип,  унчукпай тарап кетишти.

Оокаттан  кийин  гимназист  өз  бөлмөсүнө  кайтып  келип,  чөнтөгүнөн  купонду,  майда тыйындарды  алып  чыгып,  столдун  үстүнө  ыргытып  жиберди  да,  мундирин  чечип,  курткасын кийди. Гимназист адегенде тамтыгы кеткен латын грамматикасын колуна алды, анан каалганын илгичин  илип,  акчаны  ящиктин  ичине  шыпырып  салды,  ящиктен  гильзаларды  алып  чыгып бирине тамеки толтуруп, кебез тыкты да, бурулдатып тарта баштады.

Грамматиканы  окуп,  дептерлерин  карап  эки  саатча  отурду,  бирок  башына  эч  нерсе түшпөй  койгон  соң  ордунан  туруп,  бөлмөдө  аркы-терки  басып,  атасы  экөөнүн  кежилдеше кеткенин  кайрадан  эсине  түшүрө  баштады.  Атасынын  богооз  сөздөрүн,  өзгөчө  анын  каардуу жүзүн  кудум  эле  азыр  угуп,  азыр  көрүп  тургандай эстеди.  «Салпаяк.  Жон  териңди  сыйрыш керек».  Ал  канчалык  эстеген  сайын,  атасына  ошончолук  ачуусу  келип  атты.  Атасынын айткандары эсине түштү: «Сенден алдамчы чыгат окшойт. Эсиңде болсун» — «Ушинте берсең алдамчы  болуп  чыгасың».  Ага  баары  бир  да.  Жаш  кезинде  өзүнүн  кандай  болгонун  унутуп калыптыр  да.  Деги  мен  эмне  кылмыш  кылдым  эле?  Болгону  театрга  бардым,  акчам  жок  эле, Петя  Грущецкийден  алдым.  Анын  эмнеси  бар?  Башка  бирөө  болсо  боору  ооруп,  териштирип көрмөк,  ал  болсо  тилдегенден,  өзүнүн  керт  башынын  камын  жегенден  башканы  билбейт. Бирдемеси  жок болуп  калса  бакырып-өкүрүп  үйдүн  чаңын  асманга  сапырат,  мен  алдамчы аталып  калам.  Жок,  өз  атам  болгону  менен,  аны  жаман  көрөм.  Билбейм,  бардыгы  эле ошентишеби, иши кылып мен жаман көрөм».

Горничная каалганы такылдатты. Ал кат алып келди.

—  Сөзсүз жообун берсин деди.

Кат  мындайча  жазылган  экен:  «Мен  берген  алты  сомду  кайра  бер  деп  ушуну  менен сенден  үчүнчү  ирет  өтүнүп  олтурам,  бирок  тил  эмизип  келатасың.  Бул  чынчыл  адамдын кылар иши эмес. Ушул барган адамдан токтоосуз берип жиберишиңди өтүнөм. Менин өзүмдүн да муктаждыгым .кекиртектен. Кантип эле таба албай жүрөсүң? Сени,  берип  жибергениңе  же  бербегениңе  жараша,  жек  көргөн  же  урматтаган жолдошуң.

Грушецкий:

«Мына  эми  ойлоно  бер.  Ушундай  чочко  болучу.  Күтө  турбайбы. Дагы  бир  жолу  аракет кылып көрөйүн».

Митя  энесине  жөнөдү.  Бул  акыркы  үмүт  болучу.  Энеси  жок  дегенди  билбеген  мээрман адам,  мүмкүн,  жардам  берет  беле,  бирок  азыр  кенжеси,  эки  жашар  Петясы  ооруп  калып, айласы кетип жүргөн. Кирип барары менен азан-казан түшүргөндүгү үчүн Митяга ачуусу келип, дароо жок деп койду.

Митя  күңкүлдөгөн  бойдон  эшикти  карай  басты.  Уулуна  боору  ооруй  түшкөн  эне  аны кайра чакырды.

—  Токто, Митя,— деди ал. — Азыр жанымда жок эле, эртең таап берейин.

Бирок Митянын атасына ачуусу али тарай элек.

—  Мага бүгүн керек, эртең эмне кылам? Билип койгула, мен жолдошума кеттим.

Ал каалганы тарс жаап, чыгып кетти.

«Башка  арга  жок,  атам  саатымды  күрөөгө  койгонго  үйрөтмөй  болду»,— деп  ойлоду чөнтөгүндөгү саатын кармалап көрүп.

Митя  столдон  купонду  жана  майда  тыйындарды  алып,  пальтосун  кийди  да,  Махинге жөнөдү.

II

Махин  мурутчан  гимназист  эле.  Карта  ойноочу,  аялдарды  билип  калган,  ошондуктан анда  дайыма  акча  боло  турган.  Ал  эжеси  менен  туруучу.  Махиндин  жакшы  жигит  эместигин Митя билүүчү, бирок аны менен бирге  жүргөндө  ага  аргасыздан  баш  иер  эле.  Махин  үйүндө экен, театрга барганы жатыптыр: анын кичинекей кир бөлмөсү жыттуу самын, атыр жыттанат.

Митя башына түшкөн мүшкүлдү айтып болуп, купонду жана элүү тыйынды көрсөттү да тогуз сом керектигин билдиргенден кийин:

— Амал,  аргаң  куруган  экен,  тууган,— деди  Махин. — Күрөөгө  саатыңды  койсоң  да болот, андан башкача жол да бар. — Махин бир көзүн кысып койду.

— Кандайча жол?

— Опоңой жол. — Махин купонду алды. — 2 с. 50 дегендин алдына бирди койсок 12 с. 50 болот.

— Кантип ошондой болсун?

—  Ананчы, миң сомдук билеттерчи. Ошондойлордун бирин ишке жараткам.

—  Мындай болушу мүмкүн эмес!

— Эмне,  көрсөтөйүнбү?— деди  Махин  калем  сапты  алып,  сол  колу  менен  купонду тегиздеп.

—  Минткенибиз жакшы эмес да.

—  Кеп эмес.

«Айтса-айтпаса  төгүнбү,— Митя  ушинтип  ойлоду  да,  атасынын  алдамчы  деп  сөккөнүн кайра  эсине  түшүрдү. — Мына  эми  чындап  алдамчы  болом».  Ал  Махинди  тиктеди.  Махин бейкапар жылмайып, аны карады.

—  Кана, көрсөтөйүнбү?

—  Көрсөт.

Махин мыкчыңдап жатып бирди жазды.

— Мына, эми дүкөнгө барабыз. Тиги бурчта фотографиялык буюмдарды сатуучу магазин бар. Мага рамка керек эле, мына бул сулууга.

Ал  чачы  чөмөлөдөй,  көкүрөгү  келишкен,  бакыраң  көз  кыздын  фотографиялык  сүрөтүн алып чыкты.

—  Укмуш кыз бекен? Ыя?

—  Ооба, ооба. Албетте…

—  Иттен оңой. Кеттик.

Махин кийинди, алар чогуу чыгышты,

III

Фотографиялык магазиндин сырткы каалгасынын коңгуроосу шыңгырады. Гимназисттер буюмдар текчелери  жана  прилавкалардын  үстүнө  орнотулган  витриналары  бар  ээн  магазинге киришип,  элеңдеп  эки  жагын каранышты.  Арткы  эшиктен  өңү  серт  болгону  менен  мээримдүү аял кирди да, прилавканын жанында туруп, силерге эмне керек деп сурады.

—  Жакшынакай рамка болсо, мадам.

— Канча  сомдук? — деп  сурады  аял  мээлей  кийген,  муундары  шишимик  тарткан манчалары менен түрдүү фасондогу алкактарды шыпылдата көрсөтүп. — Булар элүү тыйындык, булар болсо кымбатыраак. А мунусу өтө кооз, жаңы фасон, бир сом жыйырма тыйын.

—  Анда, ушуну бериңиз. Баасын төмөндөтө албайсызбы? Бир сом алыңыз.

—  Биз соодалашпайбыз,— деди аял нарктуу карап.

—  Антканыңыздай эле болсун,— деди Махин купонду витринанын үстүнө коюп жатып.

—  Раманы бериңиз да, акчанын калганын тезирээк кайрыңыз. Театрга кечигип калабыз.

—  Жетишесиңер,— деди аял купонду көзүнө жакын алып барып карай баштап.

—  Ушул рамкага тим эле жарашып калар. Ыраспы? — деди Махин Митяга кайрылып.

—  Башка акчаңар жокпу? — деди сатуучу.

—  Азаптын баары ошо жоктугунда. Атам берген, майдалатуум керек да.

—  Кантип эле бир сом жыйырма тыйыныңыз жок болсун?

— Элүү тыйыным бар. Эмне, жасалма купон берип, алдап жатышат деп турасызбы?

—  Жок, жөн эле.

—  Анда кайра бериңиз. Майдалатып келебиз.

— Силерге канча кайрыйм?

— Он бир сом бир нече тыйын.

Сатуучу  счётту  чакылдатып,  конторканы  ачты,  он  сомдук  кагаз  акча  алып  чыкты  да, жыйырма тыйындык күмүш тыйындан алтыны жана беш тыйындыктан экини санап берди.

—  Ороп бериңизчи,— деди Махин шашпай акчаны алып атып.

—  Азыр.

Сатуучу ороп, жип менен таңды.

Оозгу  каалганын  коңгуроосу  арт  жактан  шыңгырап,  алар  көчөгө  чыгышты,  Митянын көңүлү ошондо гана жайланды.

—  Он сом сага, а мунусун мага бер. Кийин берем.

Махин театрга жөнөдү, ал эми Митя Грушецкийдикине барып, андан кутулду.

IV

Гимназисттер кеткенден бир сааттан кийин дүкөндүн  ээси үйүнө  келип, түшкөн акчаны санай баштады.

— Тейтек  бут  келесоо  десе!  Келесоо  десе!  Келесоо  деп  ушуну  айт,— деп айкырды аялына жасалма купонду көрө коюп. — Купондорду неге алат.

— Женя, менин көзүмчө сен деле албады белең, болгондо да он эки сомдукту,— деди бир  чети  уялса,  бир  чети  өкүттө  калган  аялы  ыйламсырап. — Гимназисттер  кантип  башымды айландырып кетишкендиктерин өзүм да билбейм,- деди ал. — Келишимдүү жаш жигит болучу, адептүүдөй эле көрүнгөн.

— Адептүү  келесоо. — Акчаны  эсептеп  атып  күйөөсү  сөгүнө  берди. — Мен  купонду алганда  андагы  жазууларды  көрүп  туруп  алам.  А  сен  карыганыңа  карабай  эки  көзүң гимназисттерде.

Ушуну укканда аялы чыдай албай кетти да, ал өзү да ачууланып кирди.

— Эркек имиш! Башкаларды айыптаганга эле маш, өзү кумарга элүү төрт сом уттурса эч нерсе эмес.

—  Менин жөнүм бир бөлөк.

— Сүйлөшпөйм сени менен. — Аялы ушинтип айтты да, өз бөлмөсүнө кирип кетти, анан абалы  боюнча  күйөөсүнүн  алда  канча  төмөн  экендигине  карап,  ата-энеси  кызын  бербейбиз дегенин,  өзү  жалгыз  мойноп  жатып,  буга  турмушка  чыгып  алганын  эсине  түшүрө  баштады; өзүнүн  чарчап  калган  баласын,  бул  жоготууга  күйөөсүнүн  бейкапар  мамиле  жасагандыгын эстеп, күйөөсүн жек көрө түштү да, өлүп калса кандай сонун болор эле деп ойлоду. Бирок минтип  ойлоорун  ойлоп  алып,  кайра  өзү  чоочуп  кетти.  Нары-бери  кийине  салып,  кетмекчи болду. Күйөөсү үйүнө келсе, аялы жок экен. Аларды кечеге чакырган француз тилинен берген мугалиминикине күйөөсүн күтпөй эле кетип калыптыр.

V

Француз  тилинен  сабак  берген  орус  полягынын  үйүндө  таттуу  печенье  менен  шаан-шөкөттүү чай берилди, анан бөлүнүп-бөлүнүп алышып, карта ойной башташты.

Фотографиялык  буюмдарды  сатуучунун  аялы,  үйдүн  ээси,  офицер  жана  парик  кийген, музыкалык  магазиндин  ээсинин  жесири,  оюн  дегенде  ичкен  ашын  жерге  коё  конгон,  маш оюнчу,  кулагы  катуу  кемпир  төртөө  бир  столго  олтурушту.  Фотографиялык  буюмдарды сатуучунун аялынын колу келип турду. Ал эки жолу шлем койду. Жанында жүзүм жана алмурут салынган кичинекей табак; сыртка чыгарбаганы менен көңүлү куунак.

— Эмне,  Евгений  Михайлович  келбейби? — деп  сурады  бөлөк  столдо  олтурган  үй ээсинин аялы. — Биз аны бешинчи кылып жазып койдук.

— Эсеп-кысабы менен алек болуп жатса керек,— деди Евгений Михайловичтин аялы,— кире отун акысын төлөөгө тийиш эле.

Күйөөсү  менен  кер-мур  айтышып  калганын  эстеп,  кабагы  бүркөлө  түштү,  мээлейчен колдору ачуусуна чыдабай калтырап кетти.

— Айтып  оозду  жыя  электе,— мына  өзү  да  келип  калды,— деди  үйдүн  ээси  эшиктен кирип келаткан Евгений Михайловичке кайрылып. — Эмне кечиктиңиз?

Түрдүү иш чыгып,— Евгений Михайлович колдорун ушалап көңүлдүү үн катты. Анан аялынын жанына басып келди:

—  Алиги купондун көзүн тазаладым.

—  Кантип?

—  Отундун акысы деп мужикке бердим.

Евгений Михайлович аялын сөзгө аралаштыра олтуруп, анын уят-сыйыттан кеткен алиги гимназисттерге кантип алдатып жибергендигин бажырап айта баштады.

— Кана,  эми  ишке  киришели,— деди  ал  кезеги  жеткенде  столго  олтуруп,  картаны аралаштырып атып.

VI

Чын  эле  Евгений  Михайлович  отун  үчүн  деп  купонду  Иван  Миронов  деген  дыйкандын колуна кармата салды.

Иван Миронов отун сатып күн көргөн адам, ал жыгач складынан бир саржан жыгач алат да, шаар аралап сатат, аны арабага ушунчалык эптүүлүк менен жүктөгөндүктөн, бир саржандан беш  чейрек  чыгат,  алардын  ар  бирин  жыгач  сарайындагы  бир  чейректин  баасына  сатат.

Алдырар  күнү  жаздырар  болуп,  ошол  күнү  Иван  Миронов  эртең  менен  эрте  сегизден  бир, бөлүгүн сатып келе койду да, дагы ошончо отун жүктөп жөнөдү, аларман издеп кечке жүрдү, бирок  эч  ким  албады.  Баталашып  алышкансып,  ага  өңчөй  эле  жыгач  саткан  мужиктерте алдатып  коюп,  ооздору күйгөн  кыйды  шаардыктар  туш  келе  берди,  жыгачты  кыштактан  алып келдим  дегенине  эч  кимиси  ишенбеди.  Курсагы  ачты, көөнөрүп  калган  чолок  тону,  жыртык калың  кемсели  суукка  байым  бербеди,  көгөрүп  үшүдү:  аяз  кечке  жуук  жыйырма  градуска жетти;  шумпайлардын  бирине  сатмакчы  болуп  жүргөн  атын  аябады,  анысы  биротоло  баспай калды. Аргасы куруп, кем болсо да сатмакчы болгон Иван Мироновго дүкөндөн тамеки алып, үйүнө келаткан Евгений Михайлович жолугуп калды.

— Алыңыз, мырза, арзан берем. Чобурум такыр баспай калды.

—  Кайдан келгенсиң?

—  Кыштактанбыз. Жыгач өзүбүздүкү, кургак.

—  Билебиз силерди. Болуптур, канча аласың?

Иван Миронов улам төмөндөтүп олтуруп, акыры өз баасына берди.

—  Сиз үчүн гана, мырза, үйүңүз да жакын экен,— деди ал.

Евгений  Михайлович  купондун  көзүн  тазалайт  экенмин  деп  кудуңдап,  анча  көп соодалашпады.  Иван  Миронов  арабаны  ок  жыгачынан  алып  өзү  сүйрөп,  жыгачты  короого жеткирди  да,  сарайга  өзү  түшүрдү.  Короо  шыпыргыч  жок  экен.  Иван  Миронов  адегенде купонду  албай  бир  аз  кыйылды,  бирок  Евгений  Михайлович  аны  аябай  муютуп  ишендирди, анын үстүнө ал ушунчалык салабаттуу мырза болуп көрүнгөндүктөн Иван Мироновдун албаска амалы калбады.

Кызматчы  кыздардын  бөлмөсүнүн  арткы  крыльцосунан  кирген  Иван  Миронов  чокунду да, сакалына тоңгон музду эритип, кафтанынын этегин көтөрүп, булгаары капчыгын алып, анын ичинен сегиз сом элүү тыйынды чыгарып, Евгений Михайловичке сунду, ал эми купонду болсо кагазга ороп, капчыгына салды.

Көндүм  адат  боюнча  мырзага  ыраазылыгын  билдирген  Миронов  төрт  аягын  зорго кыбыраткан, тулкубоюн кыроо баскан, өлүмгө баш койгон чобурун эми камчы эмес камчы сап менен сабап, бош арабаны трактирди көздөй кубалап жөнөдү.

Трактирге  кирип,  Иван  Миронов  сегиз  тыйынга  шарап  жана  чай  алды,  денеси  жылып, тердеп да чыкты, чечекейи чеч боло түшкөн ал жанында олтурган короо шыпыргыч менен узун сабак  сөзгө  кирди.  Ага  өз  абалын  терип-тепчип  айта  баштады.  Шаардан  он  эки  чакырымча жердеги  Васильев  кыштагынан  экенин,  атасынан  жана  бир  туугандарынан бөлүнүп,  аялы,  эки баласы  менен  бөлөк  жашай  тургандыгын,  балдарынын  улуусу  жаңы  гана  училищага киргендигин, андан азырынча кайыр жоктугун айтты. Бул жерде фатерде турарын, эртең жылкы базарга барып, бу чобурун сатаарын, карап көрүп, же ылайыгы келсе, башка ат сатып аларын божурады.  Азыр  акчасы  бири  кем  жыйырма  төрт  сом  болгонун  жана  акчасынын  жарымы купондон экенин айтты. Ал купонду алып чыгып, короо шыпыргычка көрсөттү. Короо шыпыргыч сабатсыз адам болучу, ал мындай акчаларды короодо жашагандарга майдалатып келип берип жүргөндүгүн,  алардын  жакшы  акча  экендигин,  бирок  жасалмасы  да  боло  тургандыгын  айтты, ошондуктан анын чын-төгүнүн билиш үчүн азыр трактирдин ээсине берип көр деп кеңеш салды.

Иван  Миронов  аны  ашкана  кызматкерине  берди  да,  артканын  кайрып  алып  кел  деди,  бирок ашкана  кызматкери  келбеди,  анын  ордуна  эткээл  колуна  купонду  кармап,  кашка  баш,  бети жылтылдаган приказчик келди.

—  Сиздин акчаңыз жарабайт,— деди ал купонду көрсөтүп, бирок аны бербеди.

—  Жакшы эле акча, мага мырза берген.

—  Кеп мына анын жакшы эместигинде, мунуң жасалма акча.

—  Эгер жасалма болсо өзүмө бер.

— Жок,  тууган,  сага  окшогондордун  акесин  таанытыш  керек.  Бир  алдамчыга  кошулуп жасагансың муну.

—  Бер акчаны, кандай акың бар сенин?

—  Сидор! Полицейскийди чакырып койчу,— деди буфетчи половойго.

Иван Миронов кызымтал болучу. Ал эми ичип алганда делөөрүп кетчү адаты бар эле .Ал приказчикти алка жакадан алып, айкырып коё берди:

—  Кайта өзүмө бер, мырзага барам. Кай жерде жашаарын билем.

—  Приказчик жулкунуп алды эле, көйнөгү дырт дей түштү.

—  А ошондой экенсиң да. Карма муну.

Ашкана кызматкери Иван Мироновду кармай калды, городовой[1] да жетил келди. Иштин жөн-жайын начальник катары угуп бүттү да, турган эле жеринде бүтүм чыгара салды.

—  Участокко.

Купонду городовой өз намыянына салды да, Иван Мироновду аты менен кошо участокту карай айдап жөнөдү.

VII

Иван  Мироноз  мастар,  уурулар  менен  участокто  түнөп  чыкты.  Түшкө  жакын  гана околоточныйга[2] алып  келишти.  Околоточный  аны  суракка  алды  да,  городовойду  кошуп, фотографиялык буюмдарды сатуучу адамга жөнөттү. Көчө менен үй Иван Мироновдун эсинде. Городовой  алиги  мырзаны  чакырып,  ага  купонду  жана  Иван  Мироновду  көрсөттү,  бул купонду  мага  дал  ушул  мырза  берген  болучу  деди  ал.  Евгений  Михайлович  таңдана карап туруп, анан кабагын түйдү.

—  Акылыңдан айныган немесиң го. Муну биринчи жолу көрүшүм.

—  Мырза, күнөө болот, баарыбыз эле тиги дүйнөгө барабыз,— деди Иван Миронов.

– Буга  эмне  болгон?  Түш  көргөндөн  соо  эмес  ко.  Башка  бирөөгө  сатсаң  керек,— деди  Евгений Михайлович.—Айтмакчы,  токтой  туруңуздарчы,  аялымдан  сурап  келейин,  кече  отун  албады бекен?

Евгений  Михайлович  чыгып  кетти  да,  сулуу,  ашкан  балбан  жана  эпчил,  сылаңкороз, шайыр, жаш короо шыпыргыч Василийди дароо чакырып, эгерде отундун акыркы жолу кайдан алынгандыгын  сурашса,  складдан  алганбыз,  эч  кандай  мужикти  көргөн  эмеспиз  деп  айткын деди. Болбосо  тиги  мужик  жасалма  акчаны  ушундан  алгам  деп  мени  көрсөтүп  атат.  Ал  бир келесоо неме окшойт, оозуна келгенин оттогон, а сен аркы-беркини түшүнгөн адамсың. Демек, отунду складдан гана сатып алабыз деп айт. А муну сага көптөн бери берейин деп жүргөм, куртка  сатып  ал,— деп  кошумчалап  койду  Евгений  Михайлович  дворникке  беш  сом  берип атып.

Василий  акчаны  алды,  көздөрүн  кагазга,  анан  Евгений  Михайловичтин  жүзүнө ойноктотту, чачтарын силкилдетип, акырын жылмайып койду.

— Алардын  беймаани  эл  экени  белгилүү  деңизчи.  Түркөйлүктөн.  Кабатыр  болбой  эле коюңуз. Кантип айтарды билем го мен.

Иван Миронов Евгений Михайловичтен бул менин купонум деп айтып коюңузчу, ал эми короо шыпыргычтан менин сөзүмдү төгүнгө чыгарбаңызчы деп канчалык ыйламсырап жалбара өтүнсө да алар эч качан мужиктерден отун алып көргөн эмеспиз деп айткандарынан кайтпай, кашайып туруп алышты. Ошентип городовой жасалма купон үчүн айыпталган Иван Мироновду участокко кайра айдап жөнөдү.

Өзү менен бирге олтурган мас катчынын кеңеши боюнча Иван Миронов околоточныйга беш сом берди да, купонунан жана кечеки жыйырма беш сомунун жети сому калганына кайыл болуп, камактан кутулуп чыкты. Иван Миронов ошол жети сомунун үч сомун ичип, бети-башы жарылып, өлгүдөй мас болуп аялына келди.

Аялы  ай  күнүнө  жетип  турган,  оорукчан  жан  эле.  Күйөөсүн  тилдей  баштады,  күйөөсү аялын  түртүп  жиберди,  аялы  аны  сабай  баштады.  Иван  Миронов  үн  катпады,  нарга  барып көмкөрөсүнөн түштү да, озондоп ыйлап кирди.

Аялы  иштин  жөн-жайына  эртеси  эртең  менен  гана  түшүндү  да,  өзүнүн  Иванын  сызга олтургузуп кеткен каракчы мырзаны далайга дейре каргап-шиледи. Соолуккан соң, Иван кечеки бирге олтуруп ичишкен жумушчунун кеңешин эстеди да, адвокатка барып даттанмакчы болду.

VIII

Адвокаттын бул ишти колго алышына өз чөнтөгүнө түшө турган акчага караганда, Иванга ишенгендиги  көбүрөөк  түрткү  болду,  мужикти  карабеттик  менен  алдап  кеткендиктерине кыжыры кайнады.

Сотко  эки  тарап  тең  келишти,  короо  шыпыргыч  Василий  күбө  катары  өтмөк.  Сотто  дал ошонун  өзү  кайталанды.  Иван  Миронов  кудайды,  акыры башка  бир  келүүчү  өлүмдү  эскертти. Жасаган  ишинин  былыктыгын  жана  коркунучтуулугун  сезип  кыйналганы  менен  Евгений Михайлович мурдакы берген көрсөтмөсүн азыр өзгөртө алмак эмес, ошентип ал сыртынан өзүн токтоо тутуп, караманча тана берди. Короо  шыпыргыч  Василий  дагы  он  сом  алды,  ал  бейкапар  жылмайып  туруп,  Иван Мироновду өңүндө гана эмес, түшүндө да көрбөгөндүгүн айтты. Касам ичиришмек болгондо, ал ичинен жүрөксүгөнү менен, бардык чындыкты айтам деп крестке жана ыйык инжилге таазим кылып туруп, карыя священникти ээрчип, касамдын сөздөрүн сыртында токтоо кайталады.

Иш мындайча аяктады: судья Иван Мироновдун доосун четке кагып, андан соттук чыгым үчүн 5 сом өндүрүлсүн деди. Бирок Евгений Михайлович айкөлдүк кылып, кечирим берди. Иван Мироновду  коё  берип  жатып,  судья  ага  мартабалуу  адамдарга  мындан  кийин  байкабыраак күнөө  коюп  жүр  жана  соттук  чыгымдарды  кечирип,  жапкан  жалааң  үчүн  соттоп жибербегенибизге тобо кыл, болбосо үч айча түрмөдө олтурат элең деп насаат айтты.

— Абдан  чоң  рахмат  айтабыз,— деди  Иван  Миронов,  башын  чайкап  улутунду  да, камерадан чыкты.

Бул  иш  Евгений  Михайлович  жана  короо  шыпыргыч  Василий  үчүн  жакшы  бүткөн сыяктанган.  Бирок  ал  ошондойчо  гана  көрүнгөн  болучу.  Эл  көрбөгөн,  бирок  эл  көргөндөн  да маанилүү окуя башталды.

Василийдин кыштактан кетип, шаарда жашаганына үч жылга аяк басты. Атасына акчаны жыл  өткөн  сайын  азыраак  жибере  баштады,  аялын  чакыртып  албады,  бу  жерде,  шаарда, топондой аялдар турганда илээнди неменин ага эмне кереги бар. Жыл өткөн сайын кыштактын салт-санаасын  унутуп,  шаардык  тартипке  көнө  баштады.  Кыштакта  бардыгы  одоно,  мазасыз, жарды,  башаламан,  мында  бардыгы  назик,  ойдогудай,  таза,  бай,  бардыгы  өз  ирети  менен. Кыштактагылар токойдогу айбандарга окшоп, түшүнүксүз жашашат, мындагылар болсо чыныгы адамдар деген түшүнүк көңүлүнө тереңдеп сиңе берди. Мыкты жазуучулардын чыгармаларын, романдарды окуду, элдик үйгө барып, оюндарды көрдү. Мындайларды кыштакта түшүңдө да көрбөйсүң. Кыштакта карыялар аялың менен закондуу жаша, эмгек кыл, оокатты ашыкча жебе, короздонбо деп айтышат, а мында болсо адамдар акылдуу, билимдүү, демек, чыныгы законду билишет, өз билгениндей жыргап жашашат. Ыр-чыры да жок.

Алиги купондун чатагына чейин мырзалар үчүн эч кандай закондун жоктугуна баары бир ишенбеген. Алардын законун билбейт окшойм, канткен менен закон бар деп жүрдү. Бирок купон жөнүндөгү акыркы иштен, эң башкысы  коркуп  жатып  ичкен  жалган  касамдан  залал  тартпай,  тескерисинче,  дагы он  сомдуу болгон  Василий  эч  кандай  закон жок  тура,  өз  билгениңдей  жыргап  жашай  берүү  керек  экен деген ишенимге биротоло батты. Ал дал ушинтип жашай баштады, дал ушинтип жашай берди.

Адегенде  ал  короодогулардын  соода-сатыгынын  эсебинен  күн  көрүп  жүрдү,  бирок  бул  анын бүткүл чыгымына жетпеди, анан ыгы келе калганда короодо жашагандардын квартираларынан акча, баалуу буюм уурдай баштады, Евгений Михайловичтин капчыгын кымтып алды. Евгений Михайлович билип калды, бирок сотко бербеди, иштен бошотуп жиберди.

Василийдин  үйүнө  кеткиси  келбеди,  орун  издеп, асылкечи  менен  Москвада  жашап калды.  Акысы  азыраак  болсо  да  дүкөнчүгө  дворник  болуп  орношту.  Бирок  кийинки  эле  айда бир  топ  кап  уурдап,  колго  түштү.  Кожоюн  даттанып  олтурбай,  Василийди  сабап  туруп  кууп жиберди.  Мына  ушул  окуядан  кийин  башка  орун  табылбады, акча  түгөндү,  кийимин  сатып бүттү,  тытык  күрмө  шымы  жана  кончу  кесик  чарыгы  калды.  Асылкечи  таштап  кетти.  Бирок Василийдин  ындыны  өчпөдү,  мурдагыдай  эле  көңүлү  сергек,  шайыр,  жаз  чыккан  кезде  үйүн карай жөө жөнөдү.

IX

Бакене бой, кетирекей мурун, кара көз айнек тагынган (анын көздөрү ооруп, биротоло азиз болуп  калуу  коркунучунда  жүргөн)  Петр  Николаич  Свентицкий  адатынча  таң  ирең-баранда турду,  бир  стакан  чай  ичти,  саңсаң  кыюуланган,  башы  жабык  чолок  тонун  кийди  да  чарбаны тейлештиргени сыртка чыкты.

Петр  Николаевич  бажыкана  чиновниги  болуп  жүрүп,  он  сегиз  миң  сом  жыйнаган. Мындан он эки жылча мурда аргасыздан отставкага чыгып, дүнүйөсүн туш келди ысыраптаган улан-помещиктин чакан имениесин сатып алган. Петр Николаич кызматта жүргөн кезинде эле үйлөнгөн  болучу.  Анын  аялы  дворяндык  уруудан  чыккан  жарды  жетим,  өмүрү  согончогу канабаган,  сөөк-саактуу,  толук,  сулуу  аял.  Петр  Николаич  бардык  иштин  көзүн  таап  иштеген, бүйрө адам. Чарбадан эч кабары жок Петр Николаич (ал польшалык шляхтичтин баласы болгон) ишке шымаланып киришкендиктен, үч миң сомдук чыгымды талап кылган имение он жылдан кийин  кулпунуп  чыга  келди.  Анын  үйдөн  кампага  чейин  бекемдеп  жатып  тургузган  кошумча курулуштары,  өрт  өчүрүүчү  трубанын  үстүндөгү  бастырмасы  тунуке  менен  жабылып,  өз убагында  сырдалган.  Балта-чоту  сакталуучу  сарайга  арабалары,  буурусундары,  соколору, малалары  иреттелип  коюлган.  Ат  жабдыктары  майланган.  Аттары  жапыз,  негизинен  өз заводунан — кула,  эттүү,  карылуу,  бирине  бири  окшош.  Молотилка  жабык  бастырманын ичинде  иштеп,  тоют  атайы  курулган  сарайга  жыйылат,  чыла  боорлоруна  таш  коюлган  аңга куюлат.  Уйлары  да  өз  заводунан,  жапыс,  бирок  сүттүү.  Чочколору  англиялык  чочколор. Канаттуулары,  көп  тууй  турган  тукумдагы  тооктору  бар.  Жемиш  бактары  акталып,  араларына жаш  көчөттөр  отургузулган.  Чарбасында  кынтык  жок,  бекем,  таза,  оң.  Петр  Николаич  өз чарбасына өзү куштар, мунун бардыгына дыйкандарды кыйнап-кыстабай, тескерисинче, аларга жасаган катуу адилеттиги менен жетишкендигине сыймыктанат. Ал гана тургай дворяндардын арасында  орточо,  консервативдүү  көз  карашка  караганда,  либералдуу  көз  карашта  турат, крепостниктердин  алдында  ар  качан  элге  жан  тартат.  Алар  менен  жакшы  жүрсөң,  алар  да жакшы  жүрүшөт.  Ырас,  жумушчулардын  жаңылыштыктарын  жаза  кетирбейт,  кээде  өзү  да аларга анда-санда көмөктөшө коёт, жумушту талап кылат, анткен менен берген үйү, тамагы эң мыкты, айлыкты ар качан өз убагында төлөйт, майрам сайып арак да берет.

Эрип жаткан карды чеберлей басып,— бул февралда болучу,— Петр Николаич жумушчу аткананын  жанынан  өтүп,  жумушчулар  жашаган  үйгө  бармак.  Жерге  жарык  кире  элек;  каптап турган  тумандан  улам  айлана  ого  бетер  караңгы  тартат,  бирок  жумушчулардын  үйлөрүнүн терезелеринен жарык жылтылдайт. Жумушчулар тура башташкан. Аларды шаштыргысы келди: наряд боюнча алардын алтоо токойго барып, акыркы отунду тартып келмек.

—  «Бул эмнеси?» — деп ойлоду ал аткананын эшигинин ачык турганын көрүп.

—  Ой, ким бар мында?

Эч ким жооп кайтарбады. Петр Николаич атканага кирди.

—  Ой, ким бар мында?

Эч ким жооп кайтарбады. Караңгы, баскан сайын таман алды былпылдап, кык жыттанат. Каалганын  оң  тарабындагы  акырга  эки  жаш  кула  байлануучу.  Петр  Николаич  колун  сунду — аңгырап бош. Буту менен түрткүлөп көрдү. Жатып алып жүрүшпөсүн? Буту эч нерсеге урунбады. «Кайда  чыгарып  кетишти  экен?» — деп  ойлоду.  Чанага  чекти  дейин  десем, чаналар  сыртта турат. Петр Николаич сыртка чыгып, катуу кыйкырды.

—  Ой, Степан.

Степан старший жумушчу болучу. Ал жумушчулардын ичинен чыккан.

—  Оов! — деди Степан. — Бу сизби, Петр Николаич? Балдар азыр барышат.

—  Атканаңар эмне ачык турат?

—  Аткана? Биле албадым. Ой, Прошка, фанарды алып кел.

Прошка фонарды алып жетип келди. Атканага киришти. Степан түшүнө койду.

—  Ууру кирген экен, Петр Николаич. Кулпуну сындырышыптыр.

—  Ыраспы?

— Алып кетишиптир, каракчылар. Машка жок, Карчыга жок. Карчыга мында. Торала жок. Чүрөк жок.

Үч ат жок болуп чыкты. Петр Николаич ооз ачпады. Кабагын чытып, оор дем алып турду.

—  Ох, колума түшсө ээ. Күзөттө ким эле?

—  Петька, Петька уктап калыптыр.

Петр  Николаич  полицияны,  становойду,  земствонун  начальнигин  карай  жөнөдү,  туш-тушка киши чаптырды. Аттар табылбады.

— Каргыш  тийген  калк! — деди  Петр  Николаич. —  Кылгандарын!  Менден  эмне жамандык  көрүштү  эле.  Токтой  тургула.  Каракчылар,  бардыгы  каракчы.  Акеңерди  таанытам эми.

Ал эми үч кула бул убакта өз-өз  орундарын  таап  кетишкен.  Машканы  цыгандарга  он сегиз  сомго  сатып,  Тораланы  кырк  чакырымча  жердеги  мужикке  бутташтырып  жиберишти, Чүрөктү союп салышты. Терисин үч сомго сатышты. Бул ишти уюштурган Иван Миронов болду. Ал Петр Николаичте иштей турган: анын кылык-жоругун жакшы билчү, акчасын кайрып алгысы келди. Ошентип, ишке киришти.

Жасалма  купондон  улам  кырсыкка  кабылгандан  кийин  Иван  Миронов  далайга  ичип жүрдү,  эгерде  аялы  каамыттарын,  кийимдерин  жана  сатып  ичүүгө  жарай  турган  буюм-теримдерин катып койбогондо, ал бардыгын ичип, аягына чыкмак. Иван Миронов ичип жүргөн кезинде  өзүн  ызалаган  адам  жөнүндө  гана  эмес,  бирок  да  бүткүл  мырзалар  менен  айымдар туурасында тынбай ойлоно берди, алар бизге окшогон шордууларды талап-тоноо  менен  гана жансакташат тура деп түшүндү. Күндөрдүн биринде Иван Миронов Подольскинин алдындагы мужиктер менен ичти. Мас болуп алган мужиктер жолдо келатышып, бир мужиктин аттарын кантип  алып  кетишкендиктерин  айтып  беришти.  Мужикти  ызалагандыктары  үчүн  Иван Миронов ууруларды жемелей баштады. «Күнөө мунуңар,— деди ал,— мужикте чабыр ат боор эт  менен  барабар,  а  силер  анын  шорун  шорподой  кайнатыпсыңар.  Анча  эле  алгыңар  келсе, мырзалардыкын албайсыңарбы. Ал иттер ошого татыктуу». Барган сайын сөз тереңдей берди, подольскилик  мужиктер  ал  жерде  жол  көрсөтөр  өз  кишиң  болбосо,  алардын  аттарын  уурдоо оңой эмес дешти. Ошондо Иван Мироновдун эсине Свентицкий түштү, бир кезде анда жумушчу болуп  иштеген,  арабанын  киндик  жыгачын  сындырып  койгондугу  үчүн  бир  жарым  сомду Свентицкийдин кем бергендигин, анын кула аттарын эстей койду.

Иван  Миронов  жумушка  алыңыз  демиш  болуп  Свентицкийге  барды.  Күзөтчүнүн жоктугун,  аттар  сарайдагы  бир  акырга  байланып  тургандыгын  билип,  ууруларды  ээрчитип келди да, Свентицкийди сызга олтургузду.

Түшкөн олжону подольскилик мужиктер менен тең бөлүштү да, беш сом менен  үйүнө келди. Аты болбогон соң үйдө кылар иши да жок. Ошентип Иван Миронов ошол күндөн тартып ат уурдоочулар жана цыгандар менен ашына болуп кетти.

XI

Петр  Николаич  Свентицкий  ууруну  сая  түшүп  издеди.  Айылдагылардын  биринин  эле колунан келди. Ошондуктан ал  өз  кишилеринен шек санай баштады, ошол түнү кимдин  үйдө түнөбөгөндүгүн  жумушчулардан  сурамжылап  жүрүп,  Прошка  Николаевдин  үйүндө түнөбөгөндүгүн билди, ал албансубандай болгон жаш жигит, аскердик кызматын жакында эле өтөп  келген,  сулуу,  шамдагай  солдат,  аны  Петр  Николаевич  бир  жакка  чыкканда  арабакеч катары  пайдалануу  үчүн  кызматка  алган.  Становой  Петр  Николаичтин  жакшы  санаалашы,  ал исправникти  да,  башчыны  да,  земство  начальнигин  да,  тергөөчүнү  да  тааный  турган.  Туулган күнүндө  бул  адамдарды  түгөлү  менен  үйүнө  чакырып,  даамдуу  наливкасын  куюп,  туздалган түрдүү  козу  карындарын  коюп,  сый  көрсөтүп  жүрүүчү.  Алардын  Петр  Николаичке  жандары ачып, жардам бермекчи болушту.

— Мына,  сиз  мужиктерге  жан  тартасыз,— деди  становой. — Жырткычтан  жаман  деп бекеринен айтпагам. Аларга камчы менен таяк гана керек. Сизде арабакеч болуп жүргөн алиги Прошканын колунан келген иш дейсизби?

—  Ооба, ошо.

—  Мында алып келгиле аны.

Прошканы айдап келип, суракка ала башташты:

—  Ошол түнү кайда болдуң?

Прошка чачын силкилдетип, көздөрүн жалжылдатты.

—  Үйдө.

—  Кантип, үйүндө болгон жок деп жумушчулардын бардыгы айтып атышпайбы.

—  Эрк сиздики.

—  Кеп менин эркимде эмес. Кайда болдуң?

—  Болуптур. Баары бир муну станга алпарыңыз.

—  Эрк сиздики.

Кайда  болгондугун  Прошка  баары  бир  айтпады,  айтпагандыгынын  себеби  ал Парашаныкында болгон, анын айыбын ачпаска убада берген, убадасында турду. Мойнуна коё алышпады. Прошканы коё беришти. Бирок Петр Николаич бул иш Прокофийдин гана колунан келди деп, аны жек көрүп жүрдү. Күндөрдүн биринде Петр Николаич араба берип, Прошканы жолго  чыгарды.  Прошка  адатынча  кербен  сарайдан  сулу  алды.  Анын  төрттөн  үчүн  аттарга берип,  калганын  ичип  алды.  Петр  Николаич  муну  билип  калып,  аны  мировой  судьяга  берди.

Мировой судья Прошканы 3 айга абакка кести. Прокофий намыскөй неме болучу. Ал өзүн жогору  сезип,  өзүнө-өзү  сыймыктануучу.  Абак  аны  кордоду.  Эл  алдында  кекирейбей  койсо болмок, дароо ындыны өчө түштү.

Прошка абактан үйүнө Петр Николаичке бир эсе ачууланса, элге эки эсе ачуулуу кайтты. Прокофий  абактан  кийин  чөгө  баштады,  ыкшоо  тартып,  ичкиликке  берилип  кетти,  көп  узабай кожоюндун аялынын кийимин уурдап, колго түштү да кайра абакка камалды.

Петр  Николаичтин  аттарынын  дайны  билинбеди,  болгону  бир  куласынын  териси  гана табылды,  ал  Чүрөктүкү  экен.  Уурулардын  минтип  жазасыз  калгандыктары  Петр  Николаичти мурдагыдан да туталантты. Эми мужиктерди көргөндө же алар жөнүндө кеп кылганда кыжыры кайнап, ыгы келе калган жерде басмырлай берет.

X

Алиги көзү тазаланган купон Евгений Михайловичтин эсинен чыгып кеткени менен, анын аялы Мария Васильевна алдатып койгондугу үчүн өзүн да, катуу айткандыгы үчүн күйөөсүн да, эң башкысы, каратып туруп алдап кетишкен алиги жубарымбек балдарды да кечире албады. Алдатып койгон күндөн тартып гимназисттерди аңдып карап жүрдү. Күндөрдүн биринде ал  Махинди  кезиктирди,  бирок  тааныбады,  анткени  бала  аны  көрө  коюп,  бети-башын бырыштыра койду эле, өңү такыр өзгөрүлө түштү. Бирок эки жумадан кийин тротуарда бетме-бет келе түшкөн Митя Смоковниковду жазбай тааныды. Сыр алдырбай өткөрүп жиберди, анан кайра  кайрылып,  артынан  аңдып  жөнөдү.  Анын  үйүнө  чейин  барып,  кимдин  баласы  экенин билип  кайтты,  эртеси  гимназияга  барды,  кире  бериштен  дин  сабагынын  мугалими  Михаил Введенскийге  жолукту.  Сизге  эмне  керек  эле  деп  сурады  ал.  Мария  Васильевна  директорду көргүсү келгенин айтты.

— Директор  жок,  ооруп  жатат;  мүмкүн  ажатыңызга  мен  жарармын,  же  ага  айтып коёрмун?

Мария Васильевиа ага бардыгын төкпөй-чачпай айтмакчы болду.

Дин  сабагынын  мугалими  Введенский  аялы  өлгөндөн  кийин  кайра  төшөк  жаңыртпаган бойдок адам, кадемик, өтө намыскөй неме. Өткөн жылы ал бир үлпөттө Смоковниковдун атасы менен жолугушкан болучу, дин жөнүндөгү талашта Смоковников анын таш-талканын чыгарып, элдин көзүнчө шерменде кылган, мына ушундан кийин анын баласын аңдый баштаган, динге ишенбеген атасына окшоп, анын да динге кош көңүл экендигин аныктап, анын соңунан түштү, ал гана тургай экзаменде кулатып да салды.

Мария  Васильевнадан  жаш  Смоковниковдун  кылыгын  уккан  Введенский  чиркөөнүн жетекчилигинен  ажыраган  бузук  адамдар  жөнүндөгү  өзүнүн  ой  жорууларынын  далилин  ушул окуядан  тапты  да,  ырахаттана  түштү,  өзүн-өзү  ынандыра  олтуруп,  ал  окуяны  чиркөөдөн чегингендердин баки-жогун күтүп турган ошол коркунучту айкындоого, кекирейген жана өзүнө ишенген атеисттен өч алууга пайдаланмак болду.

— Да,  өтө  өкүнүчтүү,  өтө  өкүнүчтүү,— деди  священник  Михаил  Введенский  кресттин жылмакай  капталын  сылагылап. — Ишти  мага  өткөрүп  бергениңизге  өтө  кубанычтуумун; чиркөө  кызматкери  катары  ал  баланы  насаатсыз  калтырбоого,  бирок  да  насыятты  мүмкүн болушунча жумшартууга да аракет кылам.

«Ооба,  наамыма  жараша  иш  кылам» — деди  священник  Михаил  өзүнчө  кобурап, баланын атасынын жасаган баягы карасанатай мамилесин таптакыр эсинен чыгарып койду да, уландын бактысы жана аны сактап калуу жөнүндө ойлоду.

Эртеси күнү сабакта священник Михаил Жасалма купондун окуясын окуучуларга төкпөй-чачпай айтып берди, муну жасаган гимназист деди.

— Мунуңар  жаман  жорук,  уят,— деди  ал,— бирок  өжөрлөнүп  айтпай  коюу  андан  да жаман.  Эгерде  ага  мен  ишенбей  турган  болсом,  анда  муну  силердин  бириңер  жасагансыңар, жашырынуунун ордуна, аны мойнуна алып, кечирим сураганы абзел.

Священник  ушинтип  айтты  да,  Митя  Смоковниковду  кадала  тиктеди.  Аны  ээрчип, гимназисттер  да  Смоковниковго  тигилишти.  Митя  кызарды,  тердеди,  акыры  ыйлап  жиберип, класстан чуркап чыгып кетти.

Митянын  энеси  муну  угуп,  баласынан  бардык  чындыкты  сурап  билди,  фотографиялык буюмдар  сатылуучу  магазинге  чуркап  жетти.  Ал  он  эки  сом  элүү  тыйын  төлөп  берип, гимназисттин  атын  атабай  эле  коюңуз  деп  жалбарды.  Баласына  болсо  атаң  сураса  бардыгын тан, эч качан мойнуңа алба деди.

Федор Михайлович гимназияда болгон окуяны угуп, баласын чакыртты, чынында эле ал көшөрүп  танып  койду,  ошондо  Федор  Михайлович  директорго  барды  да,  иштин жөн-жайын айтып  бүтүп,  мугалимдин  бул  кылыгы  ашкан  уятсыздык  экенин  жана  муну  ушу  бойдон калтырбай  тургандыгын  айтты.  Директор  священникти  чакыртты,  ошентип  мугалим  менен Федор Михайлович жаакташа баштады.

— Жанагы келесоо аял уулума жөнү жок жерден жалаа жабат да кайра өз сөзүнөн өзү танат, а сиз болсоңуз ак баланы каралап, жаманаттылайсыз.

— Жаманаттылаган  жерим  жок  жана  мени  менен  минтип  сүйлөшүүгө  сизге  жол бербейм, Сиз менин наамымды унутуп жатасыз.

– Урганым жок наамыңызды.

— Сиздин  жалган  түшүнүгүңүз,— мыйзам  кишисинин  ээги  калчылдап,  сейде  сакалы дирилдеп кетти,— бүткүл шаарга маалым.

— Мырзалар,  жарыктык,— директор  жаакташып  жаткандардын  буусун  басууга аракеттенди. Бирок аларды токтотууга мүмкүн эмес эле.

— Мен өз наамым боюнча диний-нравалык тарбия туурасында кам көрүүгө тийишмин.

— Анткорлонбой  эле  коюңуз.  Сиздин  кудайга  да,  өлүмгө  да  ишенбей  турганыңызды билбейт дейсизби мени?

– Сизге  окшогон  мырза  менен  сүйлөшүүгө  өзүмдү  татыксызмын  деп  эсептейм,— Смоковниковдун  акыркы  сөзүнө  өзгөчө  сына  түшкөн  священник  Михаил  ушинтип  айтып жиберди,  анткени  ал  сөздөрдүн  адилет  экенин  өзү  жакшы  билет.  Ал  духовный  академиянын толук курсунан өткөн жана жүргүзүлгөн үгүт-насыятка көптөн бери ишенбей калган, мен өзүмдү эмнеге зордоп ишендирсем, бардык адам ошого гана өзүн зордоп ишендирүүгө тийиш деген ойдо жүргөн.

Смоковников  священниктин  бул  кылыгына  бир  эсе  кыжырланса,  бир  эсе  аны  бизде пайда  боло  баштаган  ошол  клерикалык  таасирдин  мыкты  иллюстрациясы  деп  тапты  да,  ал окуяны көрүнгөнгө айта баштады.

Жаштарда  гана  эмес,  карт  муундарда  да  тамырлай  баштаган  нигилизмдин  жана атеизмдин көрүнүшүн баамдаган священник Введенский ага каршы күрөшүүнүн зарылдыгына улам  көбүрөөк  ынанды.  Динге  ишенбеген  Смоковниковду  жана  ага  окшогондорду  канчалык көбүрөөк  айыптаган  сайын,  өзүнүн  диний  ишениминин  бекемдигине  ошончолук  көбүрөөк ынана  берди,  ал  ишенимди  текшерүүнүн  же  аны  өз  турмушу  менен  шайкештештирүүнүн муктаждыгын  ошончолук  азыраак  сезди.  Өзүн  курчаган  бүткүл  дүйнө  тарабынан  таанылган диний ишеними динди четке кагуучуларга каршы күрөштө башкы курал болгон.

Смоковников менен болгон кагышуудан кийин жана ошол кагышуудан улам гимназияда келип  чыккан  чатак,— тактап  айтканда,  начальство  тарабынан  берилген  сөгүш,  эскертүү менен бирге пайда болгон бул пикирлер аны алда качан аялы өлөр менен өзүнө тартып жүргөн чечимди кабыл алууга: монахтыкты тутууга жана академияда чогуу окуган айрым жолдоштору (алардын  бири  алда  качантадан  бери  архиререй,  экинчиси  епископтун  вакансиясындагы архимандрит) тандап алган ошол карьераны жолдоого мажбурлады.

Академиялык  жылдын  аягында  Введенский  гимназияны  таштап,  Мисаила  деген  ат менен  чачын  монархтарча  кырдырды,  көп  узабай  Волга  боюндагы  шаарлардын  бириндеги семинариядан ректордун орду берилди.

XIII

Бул убакта дворник Василий чоң жолго түшүп алып, түштүктү карай кетип бараткан.

Күндүз сапар чегет, кечинде десятский аны дагы бир үйгө алып барып кондурат. Кайсы жерге  барса  да  адан  нан  аяшпады,  кээде  столго  олтургузуп  тамак  да  беришет.  Орлов губерниясындагы  кыштактардын  биринде  ага  помещиктин  багын  алган  көпөс  мыкты кароолчуларды  издеп  жүргөнүн  айтышты.  Василий  кайыр  сурап  жүрүп  бүттү,  ал  эми  үйүнө баргысы келбеди, ошентип ал көпөс-багбанга барып, беш сомго кароолчу болуп жалданды.

Өзгөчө грушовкалар  быша  баштап,  кароолчулар  бариндин  кырманынан  молотилкадан жаңы  эле  чыккан  боо-боо  саман  алып  келишкенден  кийинки  алачыктагы  турмуш  Василийге көктөн издегени жерден табылгандай болду. Алма уурдаганы келген балдар бакка кирип кетип жүрүшпөсүн деп, анда-санда ышкырып коюп, курсакты сылап, үймөктүн жанындагы буруксуган жаңы  самандын  үстүндө  кечке  ырдап  жата  бер,  буруксуган  самандан  да  эрте  бышуучу  жана кышкы  алмалардын  топтоп  түшүп  турганычы.  Ал  эми  Василий  ырдаганга  маш.  Үнү  да  мыкты. Жумуртка же тыйын алып, кыштактан катындар, бойго жеткен кыздар келишет. Василий алар менен  тамашалашат,  алманы  көңүлүнө  жакканына  көбүрөөк,  жакпаганына  азыраак  берет  да, кайра чалкасынан түшөт; таңкы, түшкү, кечки тамакты басып барып ичип келсе болгону.

Василийдин  жалгыз  кызгылт  чыт  көйнөгү  бар,  анысы  да  айрык,  бутунда  эч  нерсе  жок, бирок денеси чымыр, саламаттыгы чың, үч кишинин боткосун бир өзү жейт, кароолчу чал муну көрүп  аябай  таңданат.  Түн  ичинде  Василий  уктабайт,  бирде  ышкырса,  бирде  кыйкырып  коюп жүрө берет, караңгыда мышыктан бетер алыстагыны көрөт. Күндөрдүн биринде алма какмакчы болушуп,  кыштактан  чоң  балдар  келишти.  Василий  уурданып  барып,  аларга  катылды;  күчкө салып кутулуп кетишмек болушту эле аларды бирден кармап ыргытты, бирөөн чатырга сүйрөп келип, кожоюнга тапшырды.

Василийдин  биринчи  алачыгы  бактын  тиги  бурчунда,  экинчиси  грушовка  терилип бүткөндөн  кийин  бариндин  үйүнө  кырк  кадамча  жакын  жылдырылды.  Бул  алачыкка  келгени Василийдин  турмушу  мурдагыдан  да  көңүлдүү  өтө  баштады.  Мырзалар  менен  бариндин кыздарынын  курган  оюндарын,  сейилдеп  баскандарын,  ал  эми  кечинде  жана  түнүчүндө фортепиянодо,  скрипкада  ойногондорун,  ырдап,  бийлегендерин  күнү  бою  карап  олтурат. Бариндин  кыздарынын  студенттер  менен  терезеге  олтуруп  алып,  кылтыңдашканын,  анан тилкеленип,  темгилденип  гана  айдын  нуру  аралап  өткөн  липалуу  караңгы  аллеяга  сейилдеп кирип  кетишкендиктерин  көрөт.  Тамак  жана  ичкилик  көтөрүп,  буту-бутуна  тийбей  тызылдап чуркаган  малайларды  мырзалардын  курсактарын  тойгузуу,  ичкилик  ичирүү,  көңүлдөрүн көтөрүү  үчүн  гана  ашпозчулардын,  кир  жуугучтардын,  приказчиктердин,  багбандардын, арабакечтердин  тыным  албай  иштеп  жүргөндүктөрүн  көрөт.  Кээде  жаш  мырзалар  анын алачыгына  да  баш  бага  калышат,  анда  ал  жакшы  бышкан,  кызыл  боор  алмалардан  тандап берет,  бариндин  кыздары  ошол  эле  жерде  карс-карс  тиштеп  алышып,  мактап  киришет,  анан күбүр-шыбыр боло калышат, сөз өзү жөнүндө болуп жатканын Василий түшүнөт,— аны французча да ырдап бер деп кыйнашат.

Василий өзүнүн москвалык турмушун элестете олтуруп, ушул турмушка суктанды, кептин баары акчада экен го деген ой улам барган сайын мээсине тереңдеп сиңе берди. Ошентип  Василий  дароо  көп  акчалуу  болуунун  жолун  күнү-түнү  ойлоштура  баштады.  Өткөндө  кылгандарын  эске  түшүрдү,  мурдагыга  окшоп,  ээн  жаткандарды  илип  алып  баса бербей,  эң  мурда  ар  тараптан  ойлонуштуруп,  адегенде  жакшылап  билип  алып,  эч  кандай  из калтырбас  үчүн  таза  жасоону  чечти.  Кожоюн  айтпаганы  менен  жакшы  ниетте  жүрдү,  бардык кароолчуларга, Василийге да, акысын берип жатып, алкышын айтты.

Жаш  мырза  берген  куртка  менен  калпакты  кийип  алып,  Василий  жолго  чыкты,  үйүнө баргысы келбеди, мужиктердин одоно турмушун ойлогондо жүрөгү өлгүдөй айланып кетти, өзү менен  бирге  бак  кайтарган  аракеч  солдатка  кошулуп,  шаарга  кайра  жөнөдү.  Шаарда  баягы сабап  туруп,  акы  бербей  кууп  жиберген  кожоюндун  дүкөнүн  түн  кире  кулпусун  бузуп,  тоноп кетүүнү  ойлоду.  Ага  баруучу  жолду  жана  акчанын  кайда  жатканын  билүүчү,  солдатты  күзөткө койду  да,  өзү  короо  жактагы  терезени  талкалап  кирип,  акчаларды  тыйынынан  бери алып чыкты. Иш чеберлик менен жасалды, эч из калбады. Акча үч жүз жетимиш сом экен. Василий жүз  сомун  жолдошуна  берди,  калганын  алып,  бөлөк  шаарга  жөнөп  кетти,  ал  жерде  акчанын көзүнө карабай, жолдоштору жана аялдар менен шаракташып, шапар тепти.

XIV

Бул  убакта  Иван  Миронов  ашынган  ууру  атыгып  калган.  Жаман  иштери  үчүн  мурда жемеге алчу аялы Афимья азыр күйөөсүнүн башы жабык ичигин кийип, өзү бир байлам шалы жоолуктуу жана жаңы тондуу болгондугу үчүн ага ыраазы, аны менен сыймыктанат.

Бир дагы аттын ансыз уурдалбай тургандыгын кыштакта жана округда бардыгы билишет, бирок айыбын ачуудан коркушат, ал эми шек туула калса, суудан кургак чыгып кетет. Ал акыркы уурулукту  Колотовкадагы  түнкү  жайытта  жасады.  Мурда  Иван  Миронов  ылгап  уурдай  турган, көбүнчө помещиктер менен көпөстөрдүкүн алганды жакшы көрчү. Бирок помещиктердикин да, көпөстөрдүкүн да оңой менен алалбайсың. Алардыкы Колго илинбей калса, дыйкандардыкын деле  алып  кете  берчү  болду.  Мына  ошентип,  Колотовкада  түңкү  жайытта  жүргөн  аттардын колуна  тийгенин  айдап  кетти.  Муну  өзү  эмес,  азгырмага  кирген  шылуун  Герасим  жасады. Мужиктер  аттардын  жоголгонун  таңында  гана  билишип,  туш-туштан  издеп  жөнөштү.  Аттар болсо казналык токойдогу аңдын ичинде турган. Иван Миронов аларды бу жерде кечке кармап туруп, түн киргенде кырк чакырым жердеги тааныш дворникти көздөй айдамак. Иван Миронов токойдогу  Герасимге  пирог,  арак  жеткирип  берип,  киши  деле  жолуга  койбос  деген  ой  менен, токойдогу бир аяк жолго түштү. Кырсык чалып, ал күзөтчү — солдатка кабылды.

—  Козу карын терип жүрөсүңбү? — деди солдат.

— Бүгүн  эч  нерсе  таппадым,— деди  Иван  Миронов  не  бар,  не  жок  деп  ала  жүргөн чарбасын көрсөтүп.

— Быйылкы жайда козу карын деле болбоду,— деди солдат,— орозо тутат окшойбуз,— анан нары басып кетти.

Солдат  күдүк  санап  калды.  Болбосо  Иван Мироновдун  таң  атпай  казналык  токойдо эмнеси  бар?  Солдат  кайрылып  келип,  токойду  түп  көңтөрө  тинтий  баштады.  Аңга  жакын жерден  аттардын  кошкуругу  угулду,  ал  жыла  басып,  үндү  улап  жөнөдү.  Аңдын  түбү  тапталып калыптыр,  аттын  кыгы жатат.  Нааракта  Герасим  бирдеме  жеп олтурат,  бакка  байланып  эки  ат турат.

Солдат кыштакка жетип барып, старостаны, сотскийди жана күбө болсун деп эки кишини ээрчитип  келди.  Алар  үч  жагынан  чыгышып,  Герасимди  кармап  алышты.  Гераська  көшөрүп олтурбай, мастыгынан бардыгын дароо мойнуна алды. Иван Мироновдун аны мас кылып алып азгырганын,  бүгүн  токойго  келип,  аттарды  алып  кете  тургандыгын  айтты.  Мужиктер  аттарды жана Герасимди ошол жерде калтырышты, өзүлөрү Иван Мироновдун келишин күтүп, буктурма уюштурушту.  Күүгүм  кирер  менен  ышкырык  угулду.  Герасим  жооп  кайтарды.  Иван  Миронов дөңдөн түшүп келери менен жабыла тура калышты, кармап алышып, кыштакка айдап келишти. Эртең менен старостанын үйүнүн маңдайына эл топтолду.

Иван  Мироновду  айдап  келип,  суракка  ала  башташты.  Узун  бойлуу,  бүкчүгүрөөк,  шаты кол,  куш  тумшук,  түнөрүңкү  Степан  Пелагеюшкин  биринчи  болуп  сурак  Жүргүзө  баштады.

Степан аскердик милдетин өтөп келген, жалгыз бой адам. Атасынан бөлүнүп, жаңы эле ирдене баштаганда,  атын  алып  кетишкен.  Степан  шахтада  бир  жыл  иштеп,  дагы  эки  ат  сатып алса, экөөнү тең уурдап кетишти.

— Айт,  кайда  менин  аттарым? — деди  бирде  жерди,  бирде  Ивандын  жүзүн  каардуу тиктеген Степан ачуусуна чыдабай, купкуу болуп.

Иван  Миронов  мойнуна  албады.  Ошондо  Степан  аны  бет  талаштыра  муштап  калды.

Мурду талкаланып, кан дирилдеди.

—  Айт, өлтүрөм!

Иван Миронов башын шылкыйтып, үн катпай тура берди Степан өзүнүн узун колу менен дагы эки жолу муштады. Иван башын оңду-солду шылкылдатып коюп бу жолу да ооз ачпады.

— Жабыла сабагыла! — деп айкырды староста.

Ошентип  жабыла  сабап  киришти.  Иван  Миронов  үн-сөзсүз  кулап  түштү  да,  минтип кыйкырды:

—  Таш боорлор, азезилдер, өлтүрө ургула. Коркпойм силерден.

Ошондо Степан даярдалып коюлган замбилден таш ала коюп, Иван Мироновдун башын жара урду.

XV

Иван Мироновду өлтүргөн адамдарды соттошту. Ошол киши өлтүрүүчүлөрдүн арасында Степан  Пелагеюшкин  да бар.  Аны  башкаларга  караганда  катуураак  күнөөлөштү,  анткени  Иван Мироновдун башын таш менен жара койгон ушу болучу деп айтышты беркилер. Степан сотто жашырбай бардыгын айтты, акыркы эки атымды алып кетишкенде станга билдиргем, изин кууп барса  цыгандардан  табылмак,  бирок  Становой  менин  сөзүмдү  чымын  чакканчалык  көрбөдү, издетпеди,— деди.

—  Ага окшогондордун чекесинен сыламак белек? Тоноп бүттү бизди.

—  Эмне үчүн башкалар урбай, сиз урдуңуз? — деди айыптоочу.

— Туура  эмес,  бардыгы  тепкилешкен.  Эл  өлтүрөбүз  деп  чечишкен.  Ансыз  да  чала  жан болуп жаткан немени бекер кыйноонун кажети не, бир уруп өлтүрүп салдым.

Өзүнүн  жасаган  айыбы,  Иван  Мироновду  кантип  тепкилешкендиктери,  анан  аны  кантип өлтүргөндүгү  жөнүндө  Степандын  камаарыбай  туруп  сүйлөгөнү  судьяларды  аябай таңдандырды.

Иван  Мироновдун  өлүмүн  Степан  чынында  эле  кадыресе  нерсе  катары  кабыл  алды. Аскерде  кызмат  өтөп  жүргөн  кезинде  ал  бир  солдатты  атып  салган,  ошондогудай  эле  Иван Мироновду  өлтүрүп атып да коркунучтуу эч нерсе көрө албады. Өлтүрсө өлтүрсүн, анын эмнеси бар экен.

Степанды  бир  жылга  түрмөгө  кесишти.  Кийимин  чечип  алышты  да,  номер  коюп, цехгаузга өткөрүштү, ага арестанттык халат жана чарык кийгизишти.

Степан  начальниктерди  мурда  эле  сыйлабай  турган  начальниктердин  бардыгы, мырзалардын  бардыгы,  элди  аяган  жана  адилеттик  кылган  жалгыз  падышадан  бөлөгүнөн бардыгы элдин канын соргон жырткычтар экенине эми толук ишенди.

Түрмөдө жатып, сүргүндө жана каторгада жүргөндөрдүн далайы менен таанышты, алар да ушул көз карашты ырасташты. Бири начальниктердин уурулугун айтып койгондугу, экинчиси жок жерден дыйкандын мүлкүн каттай баштаган начальникти муштап жибергендиги, үчүнчүсү ассигнацияны оңдоп койгондугу үчүн каторгага айдалышкан. Мырзалар, көпөстөр кандай күнөө кылса да суудан кургак чыгып кетишет, ал эми бечера мужиктер кылт этсе эле битке таланып, абакка айдалат.

Абакка  аялы  келди.  Күйөөсү  жок  аябай  кыйналып  жүргөн,  окшошконго  мушташкан болуп,  үйү  да  өрттөнүп  кетти,  балдарын  жетелеп,  кайыр  сурап,  талаада  калды.  Аялынын  бул кырсыгы  Степандын  кыжырын  ого  бетер  кайнатты.  Ал  абакта  да  бардыгына  кыжырланып жүрдү, күндөрдүн биринде балта менен аз жерден ашмачынын башын жара чаппады, бул үчүн ага дагы бир жыл кошулду. Ошол жылы аялынын  өлгөндүгүн  жана  үйүндө  эч  кимдин калбагандыгын укту.

Мөөнөтү  бүткөндө  Степанды  цехгаузга  алып  барышты,  текчеден  баягы  кийип  келген кийимин алып чыгып, колуна карматышты.

—  Эми кайда бармакмын? — деди ал кийинип жатып каптенармуска.

—  Кайда бармак элең, үйүңө.

—  Үйүм жок. Калыбы, жолго чыгат окшойм. Элди тоногону.

—  Анда кайра бизге түшөсүң.

—  Көрө жатаарбыз.

Степан чыгып кетти. Баары бир үйүн карай жөнөдү. Башка барар жери жок.

Үйүнө жетпей, аракканасы бар тааныш кербен сарайга кирди түнөмөкчү болуп. Сарайды  туткан  владимирдик  семиз  мещанин.  Ал  Степанды  тааныйт.  Кырсык  чалып, анын абакка камалганын да билет. Ошентип, Степанды үйүнө кондуруп койду. Алиги  бай  мещанин  кошуна  мужиктин  аялын  бузуп  алып,  аны  менен  бир  чети кызматкериндей, бир чети аялындай жашай турган.

Мещаниндин мужикти кантип ызалагандыгын, азыр боорсоктой торсоюп, тердеп-кургап чай ичип, Степанга да ак көңүлдөн чай куюп берип олтурган ушул оңбогон аялдын күйөөсүнөн кантип  кетип  калганын — иши  кылып,  ал  бардыгын  билет.  Степанды  кухняга  жаткырышты.

Матрена  идиш-аякты  чогултту  да  жайкы  бөлмөгө  кирип  кетти.  Жуула  берип  оңуп  кеткен  чыт көйнөктөн салаңдап турган мещаниндин курсагы эсинен чыкпай койду. Ошол курсакты бычак менен бышып алып, казысын чубасамбы деп  улам азгырыла берди. Кээде өзүнө өзү «шайтан алсынчы  буларыңды,  эртең  кетип  калам»,  десе,  кээде  Иван  Миронов  эсине  түшө  калат  да мещаниндин  салаңдаган  курсагын,  Матренанын  ак,  тердүү  кекиртегин  кайра  ойлой  баштайт.

Өлтүргөн соң экөөнү тең өлтүрүү керек. Короз эки кыйкырды. Жайлай турган болгон соң азыр жайлоо  керек,  антпесе  жарык  кирил  кетет.  Бычак  менен  балтанын  кайда  жатканын  кечинде болжолдоп  койгон.  Ал  мештен  сойлоп  түшүп,  балта  менен  бычакты  алып  кухнядан  чыкты.  Ал сыртка  чыгары  менен,  каалганын  илгичи  шалдырай  түштү.  Мещанин  сыртка  чыкты.  Степан  өзү каалагандай  жасай  албай  калды.  Бычак  менен  бышпай,  балта  менен  башын  жара  чапты. Мещанин босогонун үстүнө кулап түштү.

Степан  жайкы  бөлмөнү  карай  жөнөдү,  Магрена  ыргып  туруп,  жалаң  көйнөкчөн керебетке сүйөнө калды. Степан аны да ошол балта менен өлтүрдү. Анан чыракты жандырып, конторкадан акча алды да жолго түштү.

Уезддик  шаарда  мурдакы  чиновник,  аракеч  чал  эки  кызы  жана  күйөө  баласы  менен элден  окчунураак  жашайт.  Күйөөдөгү  кызы  да  ичет,  жүрүш-турушу  начар,  бүт  бардыгын жансактаткан  жалгыз  гана  улуу  кызы,  чүрүшүп  арык,  элүү  жаштагы  жесир  Мария  Семеновна: анын пенсиясы эки жүз элүү сом. Бүткүл үй-бүлө ушул акчаны карап олтурушат. Үйдө иштеген да  жалгыз  Марпя  Семеновна.  Ал  начар,  мас  атасын,  сиңдисинин  баласын  багат,  оокат  да бышырат, кир да жууйт. Бардык жумушту ага жүктөшөт, анысы аз келгенсип бечараны үчөөлөп  тилдешет,  күйөө  баласы  мас  кезинде  уруп  да  коёт.  Ал  бардыгын  унчукпай  көтөрөт, дайыма  боло  жүргөндөй,  жумуш  канчалык  көп  болсо,  ал  ошончолук  көбүрөөк  үлгүрөт.  Ал тыйынынан кийим-кечесинен жардыларга да кайрылышат, оорулууларды да карашат.

Күндөрдүн биринде Мария Семеновнанын үйүнө бир буту жок, элеттик тикмечи келип, чалдын майда  бүрмөлүү  кемселин  оңдоп  тигип,  Мария  Семеновнанын  кышында  базарга  кийчү  чолок тонуна нооту тыштады. Чолок тикмечи акылдуу, баамчыл, өз кызматы боюнча ар кандай элди көп көргөн, жана да чолоктугуна байланыштуу баспай, көп олтурган, ошондуктан ойлонууга көнүп алган адам. Ал Мария  Семеновнаныкында  бир  жума  жашап,  анын  турмушуна  аябай  таңданды.  Тикмечи кухняда иштей турган, күндөрдүн биринде Мария Семеновна келип, сүлгүлөрдү жууй баштады, тикмечинин турмуш-жайы туурасында сөз козголуп, ал бир тууганына таарынып, андан бөлүнүп кеткендигин антты.

—  Түзүк болобу деп ойлогом, бирок баягыдай эле, муктаждык.

— Өзгөртпөгөн жакшы, кандай жашасаң ошондой жашай бер,— деди Мария Семеновна.

– Сага  аябай  таңым  бар,  Мария  Семеновна,  таңдан  кечке  чымындай  жаның  тынбай,  көргөнүң элдин камы. Бирок алардан сага жакшылык аз окшойт.

Мария Семеновна унчукпады.

– Мунун эсесин тиги дүйнөдө берет деп китептен уккан окшойсуң.

— Ал  бизге  маалым,— деди  Мария  Семеновна,— бирок  колдон  келишинче  жакшы жашаган абзел.

—  Ал китептерде барбы?

— Китептерде да бар,— деди ал, анан инжилден үзүндү окуп берди. Тикмечи ойлонуп калды. Акысын алып, үйүн көздөй жөнөдү, жолду карай Мария Семеновнанын үйүнөн көргөндөрү, анын айткандары жана окуп бергендери жөнүндө ойлоно берди.

XVII

Петр  Николаевич  элге  мамилесин  өзгөрттү,  эл  да  ага  ошондой  кылды.  Жыл  айланбай, жыйырма  жети  түн  эменин кыйып,  камсыздандырылбаган  сарайы  менен  кырманын  өрттөп жиберишти. Петр Николаич бул эл менен оокат өтпөйт экен деген чечимге келди. Ошол кезде ливенцовдор өзүлөрүнүн именнесине башкаруучу издеп жүрүшкөн, муну уккан башчы уезддеги мыкты кожоюн катары Петр Николаичти сунуш кылды. Ливенцовдордун имениеси эсепсиз чоң болгону менен эч кандай киреше киргизбей турган, дыйкандар андан ой келди  пайдалана  беришчү.  Петр  Николаич  бардыгын  иретке  келтирмек  болуп,  ишке шымаланып  киришти,  өзүнүн  имениесин  арендага  берди  да,  аялын  алып,  Волга  боюндагы алыскы губернияга көчүп кетти.

Петр Николаич тартипти жана закондуулукту сап туткан адам болучу, ушул жапайы, орой калк  законду  бузуп,  башка  бирөөнүн  мүлкүн  энчисине  басып  албасын  үчүн  ого  бетер жаналакетке түштү. Эми алардын акелерин тааныта турган кез келгенине кудуңдап, ишти колго катуу алды. Жыгач уурдадың деп бир дыйканды абакка каматты, экинчисин башынан калпагын алып,  жолдон  бурулуп  кетпегендиги  үчүн  өз  колу  менен  сабады.  Дыйкандар  менен ливенцовдордун  ортосунда  көптөн  бери  чүчү  кулак  жүргөн  шалбаага  Петр  Николаич малыңарды жайбагыла, эгерде жая турган болсоңор айдатып алып коём деп жардык айтты.

Жаз  келди,  дыйкандар  көнгөн  адаттарынча  бариндин  шалбаасына  малдарын  коё беришти.  Петр  Николаич  бардык  кызматкерин  чогултуп,  алып,  малды  бариндин  короосуна айдап  киргизгиле  деп  буйрук  кылды.  Мужиктер  кошто  жүрүшкөн,  ошондуктан  кызматкерлер катындардын  ызы-чуусуна  карабай,  малды  короого  кийрип  салышты.  Жумуштан  кайткан мужиктер  чогулуп  алышып,  бариндин  короосуна  келишти  да  малдарын  доолай  башташты.

Мылтык асынган Петр Николаич (имениени кыдырып жүрүп, жаңы эле кайткан) чыгып келип ар бир  мүйүздүү  ири  малга  элүү,  ар  койго  он  тыйындан  төлөмөйүнчө  малыңар  берилбейт  деди. Мужиктер шалбаа биздики, аны ата-бабаларыбыз менчиктеп келишкен, бөлөк бирөөнүн малын барымталоого эч кимдин укугу жок деп чуулдай башташты.

— Малды кайра бер, антпесең чатак иш болот,— деп бир чал Петр Николаичти демите баштады.

—  Ал кандай чатак иш? — купкуу боло түшкөн Петр Николаич чалды карай басты.

—  Күнөө болот, малыбызды бер. Шылуун.

—  Эмне? — Петр Николаич ушинтип кыйкырды да чалды бетке муштап жиберди.

—  Сенин сабоого акың жок. Балдар, малды күчкө салып айдап чыккыла.

Топураган эл жабыла жөнөштү. Петр Николаич кетип калмак болду эле, бирок аны коё беришпеди.  Ал  бет келгенин  койгулай  баштады.  Мылтык  атылып,  дыйкандардын  бири  каза тапты. Кимди ким көрсүн, айтор чаң ызгып эле калды. Петр Николаичти тепкилеп киришти. Беш минутадан кийин жанчылган денесин аңга сүйрөп барып ташташты.

Киши өлтүргүчтөрдү аскердик сот соттоду, экөөнү даргага асууга өкүм чыгарылды.

XIII

Баягы тикмечи жашаган кыштактан беш бай дыйкан бир миң бир жүз сомго помещиктен кара  майга  окшоп  былпылдаган  жүз  элүү  теше  семиз  жер  сатып  алышты  да  мужиктерге бирөөнө  он  сегиз,  бирөөнө  он  беш  сомго  бөлүп  беришти.  Бир  да  жер  он  эки  сомдон  төмөн болбоду.  Олжого  туйтунушту.  Өзүлөрү  болсо  беш  тешеден  алышты,  бул  жер  аларга  бекерге түштү. Алиги мужиктердин бири дүйнөдөн кайтты, чолок тикмечини бизге шериктеш бол дешти алар.

Жалданган  мужиктер  жерди  бөлүштүрө  баштаганда  тикмечи  арак  ичкенин  токтото салды, кимге канча жер бериле тургандыгы жөнүндө сөз болгондо тикмечи бардыгына бирдей бөлүштүрүлсүн, жалдануучулардан ашык албай, тийиштүүсүн гана алуу керек деди.

—  Себеп?

— Эмне,  биз  христилерден  эмеспизби?  Анткениңер  мырзалардын  чырагына  гана  май тамызат, а биз христиандарданбыз. Кудайды карап иш кылалы. Христилердин закону ошондой.

— Андай закон кайда экен?

—  Китепте, инжилде. Жекшембиде келгиле, окуп берем, чогуу талкуулайбыз.

Жекшембиде  тикмечиникине  бардыгы  болбосо  да, үч  мужик  келди,  ал  инжилди  окуй баштады.

Матвейден  беш  главаны  окуду,  талкуулай  башташты.  Жалпы  угуп  олтурушту,  бирок жалгыз  гана  Иван  Чуевге  муюшту.  Ушунчалык  муюшкандыктан,  басса-турса  да  кудайды  эсинен чыгарбай турган болуп калды. Үй-бүлөсү да анын жолун жолдошту. Ашык жерден баш тартып, өз үлүшүн гана алды. Ошентип  тикмечи  менен  Иванга  мужиктер  келе  да  башташты,  түшүнө  да  башташты, түшүнүп  да  алышты,  тамеки  тартканды,  ичкенди,  богооз  сөздөр  менен  тилдешкенди  да коюшту, бири-бирине көмөктөшө турган да болушту. Чиркөөгө барбай да калышты, икондорду попко алып барып беришти. Минткендер он жети үй болду. Бардыгы алтымыш беш жан. Үрөйү уча  түшкөн  священник  архиерейге  кабар  берди.  Архиерей  ойлоно  баштады,  анан  кыштакка гимназиянын мурдакы дин сабагынын мугалими архимандрит Мисаилди жибермек болду.

XIX

Мисаилди жанына олтургузуп алып, архиерей өз епархиясында пайда болгон окуяларды божурай баштады.

— Мунун  бардыгы  алиги  священниктин  мажүрөлүгүнөн,  түркөйлүгүнөн.  Сен  окумуштуу адамсың. Мен сага ишенем. Баргын да, элди чогултуп, түшүндүр.

— Эгерде  кудурети  күчтүү  архиерим  ак  батасын  берсе,  бар  күчүмдү  жумшайм,— деди архимандрит  Мисаил.  Ал  берилген  тапшырмага  жетине  албады.  Ыгы  келе  калган  учурларда динге ишенгендигин көрсөтө алгандыгына кубанчу. Башкаларды динге үгүттөө менен, ал динге ишенем деп өзүн ого бетер бек ынандыра турган.

— Аракет  кыл,  өзүмдүн  чиркөөлүк  коомумдан  аябай  жапа  чегип  жүрөм,— деди архиерей кызматкер сунган стакан чайды аппак, эткээл колу менен шашпай алып жатып.

– Вареньең  ушул  элеби,  башкасын  алып  кел,— деди  ал  кызматкерге.  – Жаным  аябай кашаят,— Мисаилди карап сөзүн улантты.

Мисаил  өз  макулдугун  билдирмекчи  болгонуна  кубанды.  Бирок  жарды  адам  катары, жолго  деп  акча  сурады,  анан  орой  элдин  мамилесинен  чочулап,  керек  болгон  учурларда жергиликтүү полиция  мага  көмөк  көрсөтүшүн,  губернаторго  буйрук  берип  койсоңуз  экен  деп өтүндү.

Архиерей  анын  айткандарынын  бардыгын  аткарды,  ошентип  Мисаил  өз  кызматкерине чакан  сандык  жасатты  да,  ага  кухарка  бышырган  тамак-ашты  салып,  жолго  аттанды.  Ушул командировкага  баратып,  Мисаил  өз  кызматынын  маанилүүлүгүн,  анын  үстүнө  динге  өз ишенимине ар кандай  шек саноолор тыйылып, тескерисинче, анын  кадиксиздигине  биротоло ынангандыкты сезип, бою балкыды. Анын  ою  ишенимдин  маңызына  эмес,— ал  аксиома  тарабынан  таанылган,— анын сырткы формалары жагындагы ошол талаш-тартыштарды четке кагууга багытталган.

XX

Кыштактын священниги жана анын аялы Мисаилди аябай ардактап тосуп алышты, эртеси элди чиркөөгө чогултушту. Жибектен тигилген жаңы узун чепкен кийген, крест тагынып, чачы  таралган  Мисаил  амвонго  кирди,  анын  жанына  священник  турду,  окчунураак  жерде дьячоктор, хорго катышуучулар, ал эми каптал жаккы эшиктерде полицейскилер. Майланышып кейпи кеткен чолок тондорду кийип сектанттар да келишти.

Ибадаттан  кийин  Мисаил  диний  үгүт  жүргүзө  баштады,  бөлүнгөндөрдү  чиркөө  энеге кайра  кайткыла,  болбосо  тозокко  түшөсүңөр,  тобо  кылгандарга  кечирим  берилет  деп  бирин коркутса, экинчисин алдап-соолай баштады.

Сектанттар ооз ачышпады. Берген суроолорго жооп кайтара башташты. Силер эмне үчүн бөлүнүп кеттиңер деген суроого алар чиркөөдө колго жасалган жыгач кудайларды ардакташат, ал эми инжилде бул көрсө күлмөк гана түгүл, тескерисинче айтылып жүрөт, —  дешти.

— Ыйык  икондорду  жалпак  жыгач  дегениңер  чынбы? —  деп  Мисаил  Чуевдец сураганда ал минтип жооп кайтарды: «Каалаган иконуңду алып, арт жагын кара, өзүң көрөсүң».

Эмне  үчүн священствону  тааныгыңар  келбейт  деп  сурашканда  алар:  «Бейакы  алдыңарбы, бейакы  бергиле» — деп  жазылган  инжилде,  ал  эми  поптор  болсо  өз  жакшылыктарын  акчага таратышат,  деген  жоопту  айтышты.  Мисаил  ыйык  инжилге  канчалык  таянса  да,  анда жазылгандарды  мыкты  билген  тикмечи  менен  Иван  ага  жайбаракат,  бирок  катуу  каршылык көрсөтүштү. Мисаилдин ачуусу келип, калктын каарына каласыңар деп коркутту. Ага сектанттар: «Мени куушкан — силерди да куушат» деп жазылгандыгын айтышты.

Эч тыянак чыкпады, ошентип бардыгы жакшы бүтмөк, бирок эртеси күнү шерттин убагында  Мисаил  азытмалардын  зыяндуулугу,  алар  ар  кандай  катуу  жазалоолорго  татыктуу экендиктери  туурасында  осуят  айтты,  анан  чиркөөдөн  чыккан  адамдардын  арасында  элди бузбай,  жөн  жүрүшсүн  үчүн  кудайбезерлерди  теске  салып  коюу  жөн  болор  эле  деген  күбүр-шыбыр келип чыкты. Мисаил шаардан келген адептүү инспектор менен бирге семга жана сиг балыктарын  жеп  олтурган  кезде  кыштакта  тополоң  башталды.  Провославие  динин  туткандар аларды  сабамак  болушуп,  Чуевдин  үйүнүн  жанына  топтолушту,  качан  сыртка  чыгышаар  экен деп  аларды  күтүп  турушту.  Сектанттар  эркек-аялы  болуп,  жыйырма  чакты  адам.  Мисаилдин үгүт-насыяты,  православиеликтердин  минтип  камалап  турушу  жана  аларды  коркута  чыккан сөздөрү  сектанттарда  мурда  болбогон,  ачуу  сезимди  туудурду.  Күн  кечтеп,  катындардын  уй саай  турган  убагы  болду,  ал  эми  православиеликтер  кетпей  күтүп  туруп  алышты,  сыртка  чыга калган  бирин-экин  адамды  камчыга  алып,  кайра  үйгө  кууп  киришет.  Эмне  кылуу  керек  деп кеңеш курушту, бирок бир пикирге келе алышпады.

Тикмечи коргонуунун кереги жок, чыдаганыбыз матал деди. Чуев эгерде минтип чыдай берсек алар ар кимибизди бир-бирден сабашат деди да темир көсөөнү ала коюп, көчөгө чыкты.

Православиеликтер ага жабалакташты.

— Кана,  Моисейдин  закопу  боюнча,— деп  кыйкырды  да,  православиеликтерди  сабап кирди, бирөөнүн көзүн чыгара чапты, беркилер үйдөн чыгышып, үйлөрүнө тарашты.

Чуевди  соттошту,  кылган  күнөөсү  үчүн,  чиркөө  реликвияларына  акарат  келтиргендиги үчүн сүргүнгө өкүм чыгарышты.

Мисаилге сыйлык берилип, архимандриттикке көтөрүштү.

XXI

Мындан  эки  жыл  мурда  Петербургга  Дон  войскаларынын  жеринен  курска  албеттүү, чыгыш  эли  түспөлдөнгөн,  Турчанинова  деген  сулуу  кыз  келди.  Ал  кыз Петербургда  Симбир губерниясындагы земство начальнигинин баласы студент Тюрин менен жолугушуп, аны сүйүп калды,  бирок  анын  аялы,  анын  балдарынын  энеси  болуу  ниетиндеги  кадыресе  аялдык  сүйүү менен  эмес,  көбүнчө  жашап  жаткан  түзүлүшкө,  ал  гана  тургай  анын  өкүлдөрү  болушкан адамдарга  бирдей  кыжырлануу,  аларды  бирдей  жек  көрүү  сезимин  боюна  сиңирген жолдоштук  сүйүү  менен  сүйдү  жана  да  өзүнүн  акыл,  билим  жана  нравалык  жактан  алардан артыкчылык кыла тургандыгын аңдай олтуруп сүйдү.

Ал  окууга  жөндөмдүү  кыз  болучу, лекцияны  жеңил  кабыл  алып,  экзамендерди  жеңил тапшырат,  андан тышкары  жаңы  китептерди  өлчөөсүз  көп  окуду.  Ал  өзүнүн  милдетим  бала төрөп,  аларды  багып  өстүрүүдө  эмес деп, ал  мындай  милдетке  жийиркеничтүүлүк  жана  жек көрүүчүлүк  менен  карай  да  турган. Элдин  мыкты  күчтөрүн  думуктуруп  басып  жаткан  ушул азыркы  түзүлүштүн  ойронун  чыгарып,  европалык  соңку  жазуучулардан  үйрөнгөн  ошол  жаңы турмушумдун жолун элге көрсөтүүдө деп ишенген. Толук, кызылы кызыл, агы ак, сулуу, көздөрү карагаттай  жайнаган,  олоң  чачтуу  ал  далай  эркектин  жүрөгүн  козгоп,  сезимин  ойготту,  кыз аларды каалабады, анын үстүнө бөлүштүрө албайт да болучу,— анткени ал бүт бойдон өзүнүн оозеки үгүт-насыят иштерине берилип кеткен болучу. Бирок боюн жасап-түзөбөсө да барк албай, таштап койбосо да, мындай сезимдерди туудурушу деген менен, анын көңүлүн жубатты.  Эркектердин  жактырганына  ичинен  кудуңдайт,  ал  эми  иш  жүзүнө  келгенде  башка аялдар тарабынан ушунчалык бааланган нерсени канчалык жектегендигин көрсөтө алат. Жашап жаткан  тартипке  каршы  күрөштүн  каражаттарына  болгон  көз  караштары  жагынан  ал  өз жолдошторунун  көпчүлүгүнөн,  ысык  курдашы  Тюринден  озуп  кетти  жана  күрөштө,  киши өлтүрүүнү кошо алганда, бардык каражаттар жакшы жана колдонулушу мүмкүн деп эсептеди.

Ал  эми  чын-чынына  келгенде  ушул  революционерка  Катя  Турчанинова  өз  пайдасынан, ыракатынан,  жыргалчылыгынан  башка  бирөөнүн  пайдасын,  ыракатын,  жыргалчылыгын -ар качан жогору койгон жана кимдир бирөөгө — балага, карыга, айбанга — жагымдуу иш кылуу үчүн  ыгы  келе  калган  мүмкүнчүлүккө  ар  качан  чын  ниеттен  кубанган  өтө  ак  көңүл  жана кайраттуу аял.

Жайды  Турчапинова  Волга  боюндагы  уезддик  шаарда,  өз  курдашы,  кыштактык мугалимдин  үйүндө  өткөрдү.  Ушул  эле  уездде  атасынын  үйүндө  Тюрин  да  жашайт.  Уезддик врач  үчөө  тез-тез  көрүшүп  турушат,  китеп  алмашып  окушат,  талашып-тартышат, кыжырланышат.  Тюриндердин  имениеси  Петр  Николаич  башкаруучу  болуп  барган Ливенцовдордун  имениесине  жамалаш.  Петр  Николаич  келер  замат  тартипти  колго  алгандан кийин жаш Тюрин ливенцовдук дыйкандардан өз алдынчалык духту, өз укуктарын коргоп калуу ниетин  көрүп,  аларга  кызыга  баштады,  кыштакка  бат-бат  барып,  дыйкандардын  арасында жалпы  алганда  социализм  жана  жеке  алганда  жерди  улутташтыруу  теориясын  өнүктүрө олтуруп, алар менен аңгемелешип жүрдү.

Петр  Николаич  өлтүрүлүп,  судьялар  жабыла  жетип  келишкен  кезде  уезддик  шаардын революционерлеринин кружогунун сотко кыжырлануу үчүн күчтүү негизи бар болучу жана аны тайманбай  айтты.  Тюриндин  кыштакка  барып,  дыйкандар  менен  сүйлөшүп  жүргөндүгү  сотто аныкталды. Тюриндин үйүн тинтишти, революциялык бир нече брошюралар табылды, ошентип студентти камакка алышып, Петербургга жеткиришти.

Турчанинова анын соңунан жөнөдү, аны менен жолугушмак болуп түрмөгө барды, бирок киргизбей  коюшту,  жалпы  жолугушуулар  өткөрүлүүчү  күнү  гана  уруксат  беришти,  ошентип  ал Тюринди эки тордун нары жагынан көрдү. Бул жолугушуу кыздын кыжырын ого бетер кайнатты. Жандармдык сулуу офицердин менин айтканыма көнсөңүз тилегиңизди орундатууга даярмын деп чөк сала олтуруп, кыйыта сүйлөгөнү кыздын кыжырын чегине жеткирди. Бул анын бардык начальниктерге болгон  жаалын  акыркы  баскычка  алып  барып  такады.  Ал  арызданып, полициянын  начальнигине  барды.  Полициянын  начальниги  колубуздан  эч  нерсе  келбейт, министрдин  буйругу  бар  деп  жандармдын  сөзүн  кайталады.  Ал  жолугушууга  уруксат  сурап, министрге  докладдык  кат  жөнөттү;  өтүнүчүн  четке  кагышты.  Ошондо  ал  арга  түгөнгөндөгү жумушту жасамак болуп, револьвер сатып алды.

XXII

Министр өзүнүн  көндүм убагында кабыл ала баштады. Ал келгендердин үчөөн жандай өтүп,  губернаторду  кабыл  алды,  анан  кара  кийип,  сол  колуна  кагаз  кармап  турган  кара  көз, сулуу  жаш  аялдын  жанына  басып  келди.  Сулуу  аялды  көргөндө  министрдин  көздөрүнөн сүйкүмдүү — аял  жандуулук  учкун  чачырай  түштү,  бирок  өзүнүн  кызмат  абалын  эстей  коюп, министр олуттуу боло калды.

—  Сиз кандай жумуш менен? — деди ал жакындай басып келип.

Ал  жооп  кайтарбай,  револьвер  кармаган  колун  пелеринкасынын  астынан  сууруп  ала коюп, аны министрдин төшүн каратып туруп, атып жиберди, бирок жаза атты.

Министр  анын  колун  кармай  калмак  болду  эле,  ал  буйт  берип,  экинчи  ирет  атты.  Министр качып  жөнөдү.  Аялды  кармап  калышты.  Ал  калтырап-титиреп  сүйлөй  албады.  Аңгыча истерикалуу каткыра баштады. Министр жарадар да болбоду.

— Бул — Турчанинова  эле.  Аны  алып  барып  камап  коюшту.  Эң  жогорку  даражалуу адамдардан,  ал  гана  тургай  падышанын  өзүнөн  куттуктоо  жана  көңүл  айткан  каттарды  алган министр  акыры  келип  ушул  кол  салууга  такалган  ошол  заговорду  иликтөө  үчүн  комиссия дайындалды.

Албетте, эч кандай заговор болбогон; бирок жашыруун жана ачык полициянын чиндери дарексиз  заговордун  учугун  жаналакетке  түшүп  издөөгө  киришишти,  алган  жалыйналарын  ак ниеттүүлүк менен акташты: таңзаарынан турушат да кеч күүгүмгө чейин тинтүү артынан тинтүү жүргүзүштү, кагаздарды, китептерди катташты, күндөлүктөрдү, жеке каттарды окушту, алардан татынакай  кагаздарга  татынакай  кылып  экстрак  жасашты,  Турчанинованы  далай  ирет  суракка алышты, анын жанжөкөрлөрүн табуу үчүн беттештирүүлөрдү уюштурушту.

Министр  өз  көңүлүндө  мыкты  адам  болгон,  ушул  албеттүү,  сулуу  казак  аялын  аябай аяды, бирок ал өзүнө-өзү мойнумда мамлекеттик оор милдет бар, алар канчалык кыйын болсо да  аткарып  жүрөм  деп  айтты.  Анын  мурдакы  жолдошу,  камергер,  Тюриндердин  таанышы сарайда  өткөрүлгөн  балда  жолугуп  калып,  Тюрин  менен  Турчанинованы  бошотуп жибербейсиңби  деп  өтүнгөндө  министр  ийиндерин  куушурду  эле  ак  желетинин  үстүндөгү кызыл тасма тырышып-бырыша түштү.

— Jе  nе  demanserais  pas  mieux  due  de  lacher  cette  pauvre  tillette,  mais  vous  caver — ledevoir[3] — деди.

Ал эми Турчанинова бул убакта камакта олтурган, кээде жолдоштору менен жайбаракат дубал чертип сүйлөшөт, алар берген китептерди окуйт, кээде таптакыр үмүт үзүп, жинди боло түшөт, дубалдарды койгулайт, чаңырат, каткырып күлөт.

XXIII

Марья  Семеновна  күндөрдүн  биринде  казнадан  пенсиясын  алып  келатып,  тааныш мугалимге жолугуп калды.

— Эмне,  Марья  Семеновна,  казна  алдыңызбы? — деп  кыйкырды  көчөнүн  наркы бетинен.

—  Алдым,— дейт Мария Семеновна,— тешиктерди бүтөгөнгө араң жарайт.

– Коюңузчу, акча көп, тешиктерди да бүтөйсүз, артып да калат,— деди мугалим, анан коштошуп өтүп кетти.

— Кошуңуз,— деди  Мария  Семеновна,  мугалимди  карап  бара  жатып  шаты  колдуу, чырайлуу, узун бойлуу адам менен карпа-күрп беттеше түштү.

Ал  үйүнүн  жанына  жетти,  алиги  шаты  колдуу  адамды  кайра  дагы  көрүп  таңданды.  Аял үйүнө кирип кеткенден кийин ал бир аз турду да терс бурулуп, жолуна түштү.

Мария  Семеновнанын  адегенде  төбө  чачы  тик  турду,  анан  капалана  баштады.  Үйүнө кирип,  чалга,  булак  оорулуу  кичинекей  жээни  Федяга  базарлык  берди,  кубанганына  чыдабай кыңшылап  жиберген  Трезорканы  эркелетти,  кайра  көңүлү  көтөрүлө  түштү,  акчаны  атасына берди да өмүр бою бүтпөгөн жумушуна киришти.

Мария Семеновнага жолуккан адам Степан болучу. Кербен сарайда дворникти өлтүргөндөн кийин Степан шаарга кетип калбады. Анан дагы бир  кызыгы  дворниктин  кантип  өлтүрүлгөндүгүн  ойлогондо  денеси  дүркүрөй  түшкөнүнө карабай, аны күнүнө бир нече ирет эсине түшүрөт. Мындай ишти таза да, кылдат да жасай алат экенмин, мындан ары башкаларды да ушинте берсем эч ким билбейт, эч ким жолто кылбайт экен го деп ойлогондо көңүлү көтөрүлө түшөт. Трактирде чай жана арак  ичип  олтуруп,  элди караган сайын буларды да өлтүрүү керек деп оолуга берди. Түнөп кетүү үчүн жердеши, жүк ташуучу арабакечтикине  кирди.  Арабакеч  үйүндө  жок  экен.  Күтө  турам  деди  да  олтуруп  алып аял менен сүйлөшө баштады. Ал меш жакка бурула бергенде, өлтүрмөк болуп оолугуп кетти. Ал таңданды,  башын  чайкады,  анан  өтүгүнүн  кончунан  бычагын-алып  чыкты  да,  аялды  жыгып алып, мууздап жиберди. Балдар ызы-чуу түшүштү, аларды да өлтүрдү, түнөбөй шаардан чыгып кетти. Шаардын сыртындагы кыштакка барып, трактирге түнөдү. Эртеси  уезддик  шаарга  кайра  келди,  Мария  Семеновнанын  мугалим  менен  сүйлөшкөн сөзүн  укту.  Аялдын  көз  карашынан  чочуп  кетти,  бирок  баары  бир  анын  үйүнө  кирип,  алиги акчасын  алып  кетмек  болду.  Түн  ичинде  ал  кулпуну  бузуп,  бөлмөгө  кирди.  Биринчи  болуп чалдын күйөөдөгү кичүү кызы угуп, кыйкырып жиберди. Степан ошол саат мууздап салды аны.

Күйөө  бала  ойгонуп,  аны  менен  кармаша  кетти.  Ал  Степанды  кекиртектен  алып,  далайга  бой тирешти,  бирок  Степан  карылуулук  кылды.  Ошентип  күйөө  баланы  да  өлтүрдү,  кармашуудан кийин толкунданып, делебеси козголо түшкөн Степан тосмонун жанына барды. Тосмонун нары жагында  Мария  Семеновна  жаткан  экен, ал  башын  көтөрүп,  Степанды  алаңдап  жалт  карап алды да, чокуна баштады. Анын көз карашынан Степан кайра чоочуп кетти.

—  Ал жер карады.

—  Акча кайда? — деди ал көзүн көтөрбөй.

—  Аял унчукпады.

—  Акча кайда? — деди Степан ага бычагын көрсөтүп.

—  Бу эмнең? Чындап элеби? — деди аял.

—  Демек, чындап эле.

Степан анын жанына жакын барды, жолтоо кылбасын үчүн колдон алмак болду, бирок аял  колун  көтөрбөдү,  каршылык  көрсөтпөдү,  болгону  колдорун  көкүрөгүнө  катып  алып,  оор улутунду да, минтип айтты:

— Өх,  мунуң  улуу  күнөө.  Бу  эмнең?  Өзүңдү  ая.  Бирөөнүн  канын  мойнуңа  жүктөбө,  өз жаныңа зыян…

—  Ө-өх! — аял кыйкырып жиберди.

Степан анын үнүнө, көз карашына чыдай албай кетти, бычагын кекиртегине малып алды. «Силер  менен  сүйлөшүп  олтурамбы».  Ал  жаздыкка  кулап  түшүп,  кырылдай  баштады,  жаздык канга  чыланды.  Ал  терс  карап  кетти,  бөлмөнү  тинтип,  буюмдарды  чогулта  баштады. Керектүүлөрүн  алды  да,  чылым  чегип  бир  аз  олтурду,  кийимин  тазалап  сыртка  чыкты.  Ушул жолкум  да  мурдакыдай  билинбей,  ың-жыңсыз  калат  деп  ойлоду,  бирок  түнөгүн  карай  баратып, кыбырарга алы калбаганын сезди. Арыктын ичине барып жата кетти, түндүн калганын, күндү жана кийинки түндү ошол жерде өткөрдү.

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

I

Мария  Семеновнанын  чүкөдөй  арык,  алаңдап  корккон  бети  арыктын  ичинде  жаткан Степандын  көз  алдынан,  «Бу  эмнең?»  деген  сөздү  айткандагы  өзгөчө,  шамшаңдап,  жалбара чыккан  үнү  кулагынан  кетпей  койду.  Анын  үрөйү  уча  түштү,  ошол  ойду, элестерди  силкип ыргытып таштамак  болуп,  көзүн  жуумп, чачы  үксүйгөн  башын  чулгуп-чулгуп  алды.  Бир  саамга алардан бошоно түштү, бирок аңгыча көздөрү чоктой кызарган кара караандар келе башташты, адегенде  бири,  анан  экинчиси,  алардан  кийин  башкасы  келди,  бети-баштарын  бырыштырып-тырыштырышты,  анан  бир  ооздон  минтип  айтышты:  «Аялды  өлтүрдүң — эми  өзүңдү  өлтүр, болбосо  тынчтык  бербейбиз».  Ал  көзүн  ачты,  баягы  аял  кайра  көрүнүп,  үнү  угулду,  ага  боору ооруп  кетти,  өзүнө-өзү  жийиркенди,  үрөйү  учту.  Көзүн  кайра  жумду,  алиги  каралар  кайра көрүндү.

Кийинки  күнү  кечке  жуук  ордунан  туруп,  кабакты  карай  жөнөдү.  Кабакка  илкип  зорго жетти да иче баштады. Бирок канча ичсе да мас болбоду. Ал столго олтуруп алып, стакандын артынан стаканды жутту. Кабакка урядник келди.

—  Кайдан жүргөн немесиң? — деп сурады урядник андан.

—  Кече күнү Добротворовдо элдин бардыгын мууздаган адамдын өзүмүн.

Анын  колу-бутун  байлашты,  становойдун  үйүндө  бир  күн  кармап  турушту  да, губерниялык шаарга жөнөтүштү. Түрмөнүн бакылоочусу көрө замат Степанды өзүнүн мурдакы чатак  арестанты  экенин  жазбай  тааныды,  эми  минтип  ашкан  баш  кесер  болуп  алган  немени кабыл алып жатып, жаалы келди.

— Көзүңдү ачып жүр, менде шойкомдончу болбо,— деп кирилдеди бакылоочу кабагын чытып,  астыңкы  жаагын  орсойтуп,— Бир  эле  кылыгыңдын четин  билсем — териңди  тескери сыйрам. Менден качып кете албайсың.

—  Эмнеге качмак элем,— деди Степан жер карап,— колго өзүм түшүп бердимби.

— Токтот  сөзүңдү,  мени  менен  жаакташпай.  Ал  эми  начальник  сүйлөп  атканда  көзүн түз кара,— бакылоочу ушинтип кыйкырды да, аны жаак талаштыра муштап жиберди.

Бул  убакта  алиги  аял  Степандын  көзүнө  кайра  көрүнүп,  үнү  угула  баштаган. Бакылоочунун эмне дегенин укпай калды.

—  Эмне? — деди жаагына муштум тийип, эсине келе түшкөн Степан.

—  Болду, болду, марш, анткорлонбой.

Бакылоочу  бул  эми  чатак  чыгарат,  берки  арестанттар  менен  сүйлөшүп  алып,  качууга аракет  кылат  деп  күткөн.  Бирок  андай  болбоду.  Каалганын  тешигинен  вахтер  же бакылоочунун  өзү  кайсы  гана  убакта  шыкаалап  карашпасын,  Степандын  саман  шыкалган мүшөктүн үстүндө башын колуна таяп алып, дайыма күбүрөп олтурганын көрүшөт. Тергөөчүнүн сурагында  да  ал  бөлөк  арестанттарга  окшобойт:  ал  өзүн  элегей  тутуп,  суроолор  кулагынын сыртынан кетет; ал эми суроолорго түшүнгөн кезде нукура чындыкты гана сүйлөйт, караңгыда шатынын  кылда башына  жетип,  анын  жок  тепкичине  такандамак  болуп,  бүт  көтөргөнүндө кандай  сезимге  кабылсаң,  айыпталуучунун  сурактагы  булт  берме  айла-амалдары  менен күрөшүүгө  көнүп  калган  тергөөчү  аны  көрүп  олтуруп,  дал  ошондой  сезимге  кабылды.  Степан кабагын бүркөп алып, бир чекитти тиктеген калыбында, канча адам өлтүргөндүгүн эң жөнөкөй, каадалуу үн менен майда-чүйдөсүнөн бери терип-тепчип айта баштады: «Жалаңаяк,— деп сөз баштады Степан биринчи жолу өлтүргөн адамы жөнүндө,— сыртка чыкты да каалганын жанына тура  калды,  а мен  болсом  керилип  туруп  согуп  калдым,  ал  кор  дей  түштү,  буйдалып  карап турбай,  аялын  да  өлтүрүп  тындым»  ж.  б.  Прокурор  абактын  камераларын  кыдырып  жүрүп, андан кандай арыз-арманың бар, эмне керек деп сурады. Ал мага эч нерсенин кереги жок жана эч  кимден  деле  ыдык көрө  элекмин  деди.  Прокурор  каңырсыган  коридордо  бир  аз  басып барып  токтой  калды  да,  ээрчип  жүргөн  бакылоочулардан  алиги  арестанттын  кылык-жоругу кандай? деп сурап калды.

— Чексиз ыраазымын,— деди Степандын мактагынына компоё түшкөн бакылоочу.— Бизде  отурганына  эки  айдын  жүзү  болду.  Жүрүш-турушу  үлгүлүү.  Бирок  бир  билгениң  барбы деп корком. Эр жүрөк, эпсиз карылуу адам.

II

Түрмөнүн  биринчи  айында  Степанды  тынымсыз  кыйнаган  баягы  эле  көрүнүш  болду: анын  көргөнү  өзүнүн  камерасынын  бозомтук  керегелери,  укканы  абактын  үнү — асты жагындагы  жалпы  камеранын  уу-дуусу,  коридордо  наркы-терки  баскан  часовойлордун добуштары,  сааттын  чыкылдаганы,  аларга  аралаша  алиги  аял — көчөдө  кездешкенде  эле Степанды  багынтып  алган  кыска  көз  карашы,  өзү  шылый  кескен  арык,  бырыш-тырыш  баскан мойну бар аял көзүнө көрүнүп, анын жүрөктү элжиретип, жалооруп чыккан, кемшеңдеген үнү угулат: «Бөлөк бирөөнүн каны-жаны өз жаныңа зыян. Ушу кантип болсун?» Анан үн басылат да, алиги үч кара келишет. Көзү ачыкпы, жабыкпы, ага карабай келе беришет. Көзү жабык кезде алар  даана  көрүнүшөт.  Степан  көзүн  ачканда  алар  каалгаларга,  керегелерге  аралашып, акырындап  жоголо  башташат,  бирок  кайрадан  пайда  болушат  да,  бети-баштарын бырыштырып-тырыштырышып,.  үчөө  үч  жактан  жакындай  башташат:  «Өзүңдү  өзүң  өлтүр, өлтүр»,— деп  коркутушат.  Муунуп  өлүүгө  болот,  өрттөнүп  өлүүгө  болот.  Аңгыча  Степандын денеси калтырап-титирей баштайт да «Богородицаны», «Вотчаны», иши кылып билген дубасын окуп кирет, адегенде алар жардам бергенсип жүрдү. Дуба окуп олтуруп өзүнүн  өткөн  өмүрүн эсине түшүрө баштайт: атасын, энесин, кыштагын, бөрү басар итин, мештин үстүндө жатчу чоң атасын,  балдарга  кошулуп  сыйгалак  тээп  ойногон  скамейкаларды  эстейт,  анан  үн  созуп,  ыр ырдаган  кыздарды,  анан  аттарды,  аларды  кантип  уурдап  кетишкендиктерин  жана  уурунун кантип колго түшкөнүн, араң жан жаткан уурунун башын таш менен кантип былчырата урганын эстейт.  Биринчи  абак  да,  андан  чыкканы  да  эске  түштү,  семиз  дворник,  арабакечтин  аялы, балдары да, анан алиги аял  кайра эсине түштү. Ошентип, денеси ысып-күйүп чыкты, ийнинен халатын  силкип  ыргытып,  нардан  секирип  түштү,  капастагы  жырткыч  айбанга  окшоп, керегелерин тер баскан, ным, тар камерада наркы-терки шыпылдап баса баштады. Кайра дуба окуду, бирок дубаң эми жардам бербей калды.

Мордон шамал ышкыра баштаган күздүн узун кечтеринин биринде ал камерада наркы-терки баса берип, чарчаган кезде койкасына келип олтурду да мындан ары күрөшүүгө болбой тургандыгын,  каралардын  жеңип  кеткендиктерин  сезди,  аларга  моюн  сунду.  Ал  мештин отдушинасын көптөн бери багып жүргөн. Эгерде ага ичке жипти же сызманы казык боо чалып байласаң жылмышпай тургандай. Бирок муну кылдат жасоо керек. Ошентип ал ишке киришти, өзү  астына  салып  жатып  жүргөн  мүшөктүн  жиптерин  чубап,  сызма  жасай  баштады  (вахтер кирип  келгенде  ал  койкасын  халаты  менен  жаба  салат).  Сызманы  улаштырып,  үзүлүп  кетпей, денеге туруштук  берсин  деп  эки  кабаттап  эшти.  Муну  кыйналбай,  бейкапар  иштеди.  Бардыгы даяр  болгон  соң  чечилгис  кылып,  илмек  жасады,  аны  мойнуна  илди  да  керебетке  чыгып, асылып  калды.  Тили  салаңдап чыга  баштаган  кезде  сызма  үзүлүп  кетип,  жерге  кулап  түштү. Күрс-тарс  эткен  дабышты  угуп,  вахтер  кирип  келди.  Фельдшерди  чакырып,  аны  ооруканага алып   барышты.  Эртеси  куландан  соо  тура  келди,  ошентип  аны  ооруканадан  чыгарып, жалпы камерага жайгаштырышты.

Жалпы  камерада  жыйырма  адамдын  ичинде  жашаганы  менен,  ал  өзүн  жалгыздай сезди, эч кимди көрбөдү, эч ким менен ооз ачып сүйлөшпөдү, мурдакыдай эле кыйнала берди. Ал  беркилер  уктаган  кезде  өзгөчө  кыйналат,  чакчайып  уктабайт,  баягы  аял  көзүнө  көрүнүп, кулагына үнү угула берет, анан жүрөк түшчүдөй болгон көздөрү бар алиги каралар кайра келип коркута башташат. Мурдакысындай  эле  кайра  дуба  окуй  баштайт,  бирок  ал  дуба  мурдакысындай  аралжы боло албайт.

Күндөрдүн биринде дубадан кийин алиги аял Степанга кайра дагы келди, мени коё бер, кечир  мени  деди  ага,  анын  арбагына  чокуна  баштады.  Таңга  жуук  гана  будаланып  бүткөн мүшөгүнүн  үстүнө  кулап  түшүп,  катуу  уйкуга  кетти,  илмийип  арык,  бырыш-тырыш  баскан, шылына кесилген мойну бар аял түшүндө кайра келди.

—  Кана, кечиресиңби?

Аял ага кыска көз чаптырды, бирок ооз ачпады.

—  Кечиресиңби?

Аялдан  ал  ушинтип  үч  ирет  сурады.  Бирок  ал  баары  бир  эч  нерсе  айтпады.  Аңгыча ойгонуп  кетти.  Ошондон  тартып  ал  жеңилдей  түштү,  уктап  ойгонгонсуп,  жанжагын  каранды, камерада бирге жаткан өз жолдошторуна биринчи ирет ооз ачып, аларга жакындаша баштады.

III

Ууру  кылгандыгы  үчүн  кайра  колго  түшүп,  сүргүнгө  өкүм  кылынган  Василий,  абакка  өкүм кылынган Чуев да Степан менен бир камерада. Василий өнө бою жолдошторуна өзүнүн кереметтүү үнү менен же ырдап, же башынан өткөргөн окуяларын жомоктоп айтып берет. Чуев болсо  иштейт,  көйнөктөн  же  ич  кийимден  бирдемелерди  тигет,  же  инжил  менен  псалтырды окуйт.

Степандын  эмне  үчүн  абакка  түштүң  деген  суроосуна  Чуев  чыныгы  христов  дини  үчүн, инжилдин  жолу  менен  жашаган  адамдардын  духун  уга  албаган  жана  айыптарын  ашкере кылгандыктары  үчүн  аларды  жектеген  алдамчы  поптордун  азабынан  сүргүнгө  айдалдым  деп жооп  кайтарды.  Ал  эми Степан  инжилдин  законунун  маңызы  эмнеде  деп  сураганда, Чуев  ага инжилдин  закону  колго  жасалган  кудайларга  чокунбай,  духка  жана  чындыкка  чокунуу  деп түшүндүрдү.  Ушул  нукура  динди  ал  жер  бөлүштүрүп  жаткан  кезде  бир  буту  жок  тикмечиден уккандыгын айтып берди.

—  Ал эми жаман иш жасагандар кантет? — деп сурады Степан.

—  Бардыгы айтылган.

Ошентип Чуев окуй баштады.

«Адам  баласы  атак-даңкка  жетишкенде  ыйык  периштелер  да  бүт  бойдон  аны имерчиктешет,  анан  ал  өзүнүн  атак-даңкынын  тактысына  олтурганда  анын  кашына  бүткүл  эл чогулушат; койдон эчкини бөлүп, койду оң жагына, эчкини сол жагына жыйган койчуга окшоп, бирин  экинчисинен  бөлөт.  Ошондо  падыша  өзүнүн  оң  жагында  тургандарга  минтип  айтат: «Жараткандын  алкышына  татыктуу  болгон  пенделер,  келгиле  да  дүйнөнү  жараткандыгыңар үчүн өзүңөргө таандык падышачылыкты мурастагыла: анткени курсагым ача баштады эле тамак бердиңер; чаңкады элем суусун бердиңер; селсаяк элем башпаанек бердиңер; жылаңач элем кийим  кийгиздиңер;  оорулуу  элем  көңүл  сурадыңар;  зынданда  жатсам  келип  турдуңар».

Ошондо  такыбалар  ага  мындайча  жооп  кайтарышат:  «О-о  кудурет!  Ачка  жүргөнүңдү  көрүп тамак ичирген же чаңкаганыңда суу берген биз белек? Селсаяк болуп жүргөнүңдө башпаанек берип  же  жылаңач  жүргөнүңдө  кийим  кийгизген  биз  белек?  Оорулуу  кезиңде  же  зынданда жатканыңда  сага  барып  турган  биз  белек?  Анда  падыша  аларга  минтип  жооп  айтат: «Силерге чындыкты  айтып  атам:  «Аны  тиги  инилеримдин  бирине  жасаганыңар  мага  жасаганыңар». Ошондо сол жагында тургандарга да минтип айтат: «Жоголгула жанымдан, каргыш тийгирлер, азезилге жана анын периштелерине делген өчпөс отко түшкүлө; анткени курсагым ачты, оокат бербедиңер;  чаңкадым,  суусун  ичирбедиңер;  селсаяктык  кылып  жүрсөм,  баш  манек бербедиңер;  жылаңач  элем,  кийиндирбедиңер;  оорулуу  элем  жана  зынданда  жаттым, келбедиңер». Анда алар ага мындайча жооп кайтарышты: «О-о кудурет! Сени ач кезиңде, же чаңкаганыңда,  же  селсаяктык  кылып  жүргөнүңдө,  же  жылаңачында,  же  оору  кезиңде,  же зынданда  жатканыңда  сага  кызмат  кылбай  койду  белек?»  Анда  аларга  мындай  деген  жоопту айтат: «Силерге чындыкты айтып атам; муну кичүү инилеримдин бирине кылбаганыңар, мага кылбаганыңар».  Ошентпи  алар  түбөлүк  кыйноого түшүшөт,  ал  эми  такыбалар  өмүрлүк  жашап калышат.

Чуевдин  маңдайында  сыңар  тизелеп  олтурган  Василий  татынакай  башын  ийкеңдете берди.

— Калпы  жок,— деди  ал  чечкиндүү  сүйлөп,— баргыла,  каргыш  тийгилер,  түбөлүк тозокко,  эч  кимге  даам  татытпай,  оокатты  өзүңөр  курсагыңар  айрылганча  жейсиңер.  Аларга ошо  гана  керек.  Кана,  бери  берчи,  мен  окуюн,— деп  кошумчалады  өзүнүн  кат  тааныганына мактангысы келип.

— Унчукпай  олтура  турчу,— деди  Чуев  байлар  селсаяктарга  эч  качан  оокат бербегендиктерин,  зынданга  да  барбагандыктарын  айтып,  тынбай  кобурай  берген  Василийге.

— Токтой турсаң боло,— деп  кайталады  Чуев  инжилди  барактап  жатып.  Чуев  керектүү  жерин издеп таап абакта жатып кубарып кеткен карылуу колу менен барактарды сылагылады. «Ошентип  Христоско  кошуп,— деп  баштады  Чуев,— эки  шумпайды  да  өлүм  жазасына айдап келишти. Жаза берилүүчү жерге жеткенде аны жана шумпайларды колу-буттарын керип, крестке кадашты, бирин оң жагына, экинчисин сол жагына керишти. Анда  Иисус  мындан  дейт:  «Бу  эмне  кылганың,  кечир  буларды,  анткени  эмне кылгандыктарын өзүлөрү да билишпейт…» Эл карап турушту. Аларга кошулуп, начальниктер да келекелешти,  минтип  айтышты:  «Башкалардын  жанын  аман  алып  калган  Христос,  эгерде кудайдын өкүлү болсо, анда өз жанын өзү сактап калсын». Анын жанына келип, уксус беришкен жоокерлер  да  сөгүнүштү,  минтип  айтышты: «Эгерде  сен  иудейдин  падышасы  болсоң  өзүңдү өзүң  сакта».  Анын  үстүндө  «Бул  иудейдин  падышасы»  деп  грек,  рим  жана  еврей  тилдеринде жазылган  жазуу  бар  болучу.  Асылып  коюлган  шумпайлардын  бири  аны  жамандап,  мындай деди:  «Эгерде  сен  Христос  болсоң,  анда  өзүңдү  да,  бизди  да  сакта».  Экинчиси  болсо, тескерисинче,  аны  сооротуп  мындай  деди:  «Ошол  эле  жазага  өзүң  да  кириптер  болуп олтурасың,  же  кудайдан  коркпойсуңбу?  Биз  адилет  соттолдук,  анткени  биз  ошого  татыктуу болдук; ал эми тиги эч деле жаман иш кылган эмес». Анан Иисуска муну айтты: «Тиги дүйнөгө барганымда мени өз жаныңа алагөр». Анда Иисус ага муну айтты: «Чындыкты айтам: бүгүндөй баштап менин жанымда бейиште болосуң» (Луки, XXII, 32—43).

Степан  тыңшаган  болуп,  үн  катпай,  ойлуу  олтурду,  бирок  Чуевдин  кийинки окугандарынын бири да кулагына кирбеди. «Чыныгы  дин  дегениң  ушу  экен  да,— деп  ойлоду  ал. — Бей-бечараларга  оокат бергендер,  суу  бергендер,  абактагыларга  баргандар  гана  кутулуп,  ал  эми  муну  жасабагандар тозокко түшөт турбайбы. Каракчы болсо крестке керилип турганда гана күнөөсүн мойнуна алып өкүнгөн,  анысы  да  бейишке  кетти».  Ал  мындан  эч  кандай  карама-каршылыкты  көрбөдү, тескерисинче,  бири  экинчисин  ырастады:  кайрымдуулар  бейишке,  ал  эми  кайрымсыздар тозокко  түшөт,  бул  бардык  адамдар  кайрымдуу  болууга  тийиш  дегендикке  жатат,  ал  эми Христостун  каракчыга  кечирим  бергени,  демек,  Христостун  өзү  да  кайрымдуу  болгон.  Бул Степан  үчүн  таптакыр  жаңылык;  ушул  күнгө  чейин  укпаганына  аң-таң  болуп  олтура  берди.

Ошентип  ал  бош  убактыларынын  бардыгын  Чуев  менен  өткөрөт,  сурайт,  тыңшайт.  Тыңшап олтуруп, түшүнө берет. Адамдардын бир тууган экендиктери жана алар бирин-бири урматтоого жана  аёого  тийиш  экендиктери,  ошондо  бардыгына  ийги боло  тургандыгы  жөнүндөгү  бүткүл илимдин  жалпы  маңызы  ага  ачылды.  Ал  тыңшап  олтурганда  унутулуп  калгандарды  жана  бул илимдин  жалпы  маңызын  ырастаган  бардык  тааныш  нерселерди  кабыл  алат,  аны ырастабагандарды кулагынын сыртынан кетирет да, муну өзүнүн куйма кулагына оодара салат. Мына ошентип, Степан ошол күндөн тартып бөлөк адам болуп калды.

IV

Степан  Пелагеюшкин  мурда  эле  бейчатак  адам  болгон,  бирок  андагы  өзгөрүүлөр кийинки  убактарда  бакылоочуну  да,  вахтерду  да,  жолдошторун  да  аябай  таңдандырды.  Ал жеткен  оор  жумуштарды  кезек  күтпөй  эле  өзү  билип  иштей  берет,  абактагылар  олтурган чакаларды  да  тазалайт.  Бирок  ооз  ачып,  кишини  өйдө  карабаганы  менен  анын  өжөр, аябагандай күчтүү экенин билген, өзгөчө эки  селсаяк менен мушташа кетип, биринин » колун сындырып, эсен-соо кутулуп кеткенин көргөн абакташ жолдоштору аны сыйлашат, коркушат. Ал селсаяктар оокаттуу жаш арестант менен кумар ойноп, анын бар мыдырын утуп алышат. Степан ага  болушуп,  уттурган  акчасын  алардан  кайра  тартып  берет.  Селсаяктар  адегенде  аны  сөгө башташат,  анан  таяктап  киришет,  бирок  ал  экөөнө  тең  моюн  бербейт.  Бакылоочу  чатакты териштире баштаганда селсаяктар Пелагеюшкин бизди сабады деп айтышат. Степан актанбады, аны үч күндүк карцерге камап, жалгыз адамдык камерага которушту, бул жазаны ал кың дебей көтөрдү.

Жалгыз  адамдык  камера  ал  үчүн  оор  болду,  анткени  Чуевден  бөлүнүп,  инжилден ажырады,  андан  тышкары  көзүнө  баягы  көрүмчү  көрүнүп,  каралар  кайра  келеби  деп  коркту. Бирок  көрүнчү  көрүнбөдү.  Анын  көңүлү  жаны,  кубанычтуу  мазмунга  толду.  Ал  жалгыз жатканына сүйүндү, эгерде кат тааныса инжили да болмок. Ага инжилди беришмек, бирок ал окуй албайт. Бала  кезинде  ал  окууну  эскиче  баштаган:  зээнсиздигинен  тамгалардан  аркысын өздөштүрө албаган,  муунга  бөлүп,  эжелеп  окуганды  такыр  билбей  турган,  ошентип  сабатсыз бойдон  калган.  Сабатын  эми  жоймок  болуп,  вахтёрдон  инжил  бер  деп  өтүндү.  Вахтер  алып келип  берди,  ошентип  ал  ишке  киришти.  Тамгаларды  тааныганы  менен,  бирок  кошуп  окуй албады.  Сөздүн  тамгадан  кантип  кураларын  түшүнүү  үчүн  канчалык  жаналекетке  түшсө  да андан  эч  нерсе  чыкпады.  Ал  түн  ичинде  уктабайт,  ойлоно  берет,  тамак  жегиси  келет, кусалыктан эти жыбырлап, бит басып кеткенсип тырманат, андан такыр арыла албады.

—  Дагы эле түшүнө албай жатасыңбы? — деп сурады күндөрдүн биринде вахтер.

—  Ооба.

—  «Отчени» билесиңби?

—  Билем.

—  Анда ошону оку. Ал мына,— вахтер ага инжилдеги «Биздин отчени» көрсөттү.

Степан тааныш тамгаларды тааныш тыбыштарга салыштырып, «Отчеге» киришти. Аңгыча тамгаларды кошуп окуунун сыры ачыла түштү да ал окуй баштады. Бул чоң кубаныч болду. Ошол күндөн тартып китептен башын албады, оор курулган сөздөрдөн акырындап бөлүнө баштаган ой-пикир андан да чоң мааниге ээ болду. Жалгыздык эми Степанды жабыркатпай, тескерисинче кубанычка бөлөдү. Бүт бойдон өз иши менен гана алек, бирок ал жаткан камерага жаңыдан келген саясый туткундарды камамак болуп, аны жалпы камерага которушту, буга капаланды.

V

Камерада  баягыдай  инжилди  Чуев  окубай,  Степан  окуй  турган  болуп  калды, арестапттардын  айрымдары  богооз  ырларды  ырдашса,  экинчиси  инжилге  жана  окугандары жөнүндө анын айткандарына кулак төшөшөт. Анын окугандарын ушинтип үн катпай, кунт коюп уккандар  эки  адам:  биринчиси,  каторжник,  желдет  Махоркин,  экинчиси,  Василий  ал  ууру кылгандыгы  үчүн  колго  түшүп,  эми  сотту  күтүп,  ошол  абакта  олтурган.  Судьялардын  өкүмүн аткаруучу адам табылбагандыктан Махоркин түрмөдө жаткан кезинде сыртка барып, эки жолу өз  милдетин  аткарып  келген.  Петр  Николаичти  өлтүргөн  дыйкандар  аскердик  сот  тарабынан соттолушуп, алардын экөө дарга асылсын деп өкүм чыгарылган.

Пензага  барып,  милдетиңди  аткарып  кел  дешип,  Махоркинден  талап  кылышты.  Кат-сабаты  кадимкидей  жоюлган  ал  мурда  мындай  учурларда  губернаторго  дароо  кагаз  жазып, анда өз милдетин аткаруу үчүн Пензага командировкага бараткандыгын түшүндүрүп келип, губерниянын  начальнигинен  суткалык  оокат-ашыма  акча  бериңиз  деп  өтүнчү;  бул  жолу  ал барбайм да, желдеттин милдетин мындан  кийин аткарбайм да деп түрмөнүн  начальнигине  кесе айтты.

—  А камчы эсиңден чыгып калдыбы? — деп кыйкырды түрмө начальниги.

—  Сабаса сабашат экен да, арга барбы, ал эми өлтүрүүгө закон жок.

—Бу сен эмне, Пелагеюшкинден үйрөндүңбү? Абакчы пайгамбар чыккан экен го, шашпа сени.

VI

Купон  оңдогонду  үйрөткөн  алиги  гимназиячы  Махин  бул  убакта  гимназияны  жана университетте  юридикалык  факультет  боюнча  курсту  бүтүп  калган  болучу. Министрдин  карт жолдошунун мурдакы көңүлдөш  аялынан  жолу  болгон  ал  жапжаш  эле  бойдон  соттук тергөөчүлүккө  дайындалды.  Ал  алган  карызын  кайра  оңой  менен  бербеген,  аялдарды  көп азгырган, кумарпоз, бирок эстүү, зирек, укканын унутпаган, ишти жакшы жүргүзө билген адам. Ал  Степан  ПелаТеюшкин  соттолгон  округда  соттук  тергөөчү  болучу.  Биринчи  эле  суракта Степан  аны  өзүнүн  жөнөкөй,  чындыкка  толгон  жана  токтоо  жооптору  менен  таңдандырды. Кишен салынып, чачы такырайта кырылган, эки солдатка айдалып келип, кайра айдалып кетип турган  ушул  адамдын  эркин,  нравалык  жактан  кол  жеткис,  өзүнөн  күндүк-түштүк  жогору турганын кадиксиз сезди. Ошондуктан, аны суракка алып атып, кысылбоо, ишти чаташтырып албоо үчүн дайыма өзүнө өзү дем берип, өзүн-өзү  камчыланат.  Алда  качан  өткөн  окуялар жөнүндө,  аларды  өзү  жасабай  эле  башка  бирөө  жасагансып,  Степандын  кебелбей  туруп сүйлөгөнү аны аябай таңдандырды.

—  Аларга бооруң ооруган жок беле? — деп сурады Махин.

—  Жок. Ал кезде түшүнгөн эмесмин.

—  Азырчы?

Степан муңайым жылмайды.

—  Азыр мени отко салсаң да ал иштерди жасабас элем.

—  Эмне үчүн?

—  Анткеним, бардык элдин бир боордош экенин түшүндүм.

—  Эмне, мен да сага боордошмунбу?

—  Ананчы.

—  Абакка кескени жатсам анан кантип сага боордош болом?

—  Түшүнбөгөндүктөн.

—  Эмнени түшүнбөйт экемин?

—  Соттогонуңдан кийин, түшүнбөгөнүң ошо.

— Болуптур, Улантабыз. Анан кайда бардың?..

Пелегеюшкиндин  желдет  Махоркинге  тийгизген  таасири жөнүндө,  жазаланганына кайыл  болуп,  анын  өз  милдетин  аткаруудан  баш  тартканын  бакылоочудан  укканда  Махин мурдагыдан да таңданды.

VII

Махин Еропкиндин бойго жеткен кыздарынын экөөнө тең сөз айтып жүргөн. Ошол эки бой  колукту  бирдей  катышып,  Еропкиндердикинде  өткөрүлгөн-кечеде  ырдалган  романстарда өзгөчө айырмаланган, кошулуп ырдаганды да, аккомпаненттегенде да мыкты билген, укканын эч  унутпаган, өтө  музыкалуу  Махин  ыр  токтогон  соң,  кечеге  катышып  олтургандарга  мурдакы баш  кесерди  такыбалык  жолго  салган  бир  укмуш  кылмышкер  жөнүндө  терип-тепчип,  эң ишенимдүү  кылып  айтып  берди.  Махиндин  минтип  эсине  мыкты  туткандыгынын  жана  аны ийне-жибине чейин кайра айтып бере ала тургандыгынын жөнү да бар, анткени ал иши түшкөн адамга  өнө  бою  кош  көңүл  мамиле  жасайт.  Ал  башка  адамдардын  жандүйнөсүнө  түшүнгүсү келбеген,  түшүнө  да  албаган,  адамдардын  башынан  өткөрүп  жаткандары,  айткандары  анын эсинде  бек  сакталгандыгы  да  ошондон.  Бирок  Пелагеюшкин  аны  кызыктырды.  Ал  Степандын жандүйнөсүнө  түшүнүүгө  аракеттенбеди,  бирок  аргасыздан:  мунун  оюнда  эмне  бар,  деген суроого кептелди, ага жооп таба албады, бирок анын кызыктуу бир жагдайы бар экенин сезип, кечеде  бардыгын:  Пелагеюшкиндин  баш  кесерге  айланганын,  анын  өзүн  бир  башкача туткандыгы,  инжилди  окугандыгы,  жолдошторуна  таасири  күчтүү  экендиги  жөнүндө бакылоочунун айткандарын аңгемелеп берди.

Махиндин  аңгемеси  бардыгын,  өзгөчө  жаңы  эле  институтту  бүтүргөн,  өзү  өнүп-өскөн ошол караңгы жана тар шарттардан кутулуп кече эле эсине  келген жана кудум суунун ичинен  атып  чыккан  адамга  окшоп,  турмуштун таза  абасынан  жаналы  калбай  энтиге  жуткан кенже  Лиза  Еропкинаны,  он  сегиз  жашар  кызды,  баарынан  көбүрөөк  кызыктырды.  Ал Махинден  Пелагеюшкиндин  эмне  үчүн  минтип  өзгөргөндүгүн  терип-тепчип  сурай  баштады.

Ошентип  Махин  Степандын  акыркы  жолку  өлтүргөнү  алиги  кең  пейил  аял  болгонун,  анын момундугу, кыңк этип сөз кайрыбаганы жана өлүмдөн коркпой туруп бергени аны жеңип, көзүн ачкандыгын, анан окуган инжили иштин акырына жеткендигин айтты.

Бул түнү Лиза Еропкина көпкө уктай албады. Кыз көңүлүндө эжеси аздектеген ак сөөктүк турмуш менен Махинди оң жолго салуу ниетине тутумдашкан кумарлуу сезиминин ортосунда бир нече айдан бери күрөш жүрүп келет.  Азыр  кийинкиси  үстөмдүк  кылып  кетти.  Өлтүрүлгөн аял  туурасында  ал  мурда  эле  уккан.  Эми  денени  дүркүрөткөн  ушул  өлүмдөн  жана Пелагеюшкиндин  сөзү  кылып  айткан  Махиндин  аңгемесинен  кийин  Мария  Семеновнанын тарыхын ийне-жибине чейин билип алды, уккандарынын бардыгына суктанды.

Лизанын  кудум  Мария  Семеновнадай  болгусу  келди.  Ал  бай  кыз  болгон,  Махин  мага акчанын  айынан  гана  сөз  айтып  жүрсө  керек  деп  күдүктөндү.  Ошентип  ал  өз  дүнүйөсүн  ким көрүнгөнгө таратып жибермек болду, муну Махинге айтты.

Махин пайдага чаппай турган адам экенин айтууга сөздүн орою келгенине кубанды, мен сени акчасыз эле сүйөм деп айтты Лизага, анан кең пейилдүүлүк кылдым окшойт деп өзүнө-өзү корустон  боло  түштү.  Бул  убакта Лиза менен  энесинин  ортосунда  күрөш  башталды, мал-мүлк атаңдыкы, аны таратууга эч кимдин акысы жок деди эне. Лизага Махин жардам бере баштады. Махин  канчалык  ошенткен  сайын,  таптакыр  бөтөн,  ушул  кезге  дейре  өзүнө  жат  рухий умтулуулардын  дүйнөсүн  ошончолук  көбүрөөк  түшүнө  берди,  ал  умтулууларды  Лизадан баамдады.

VIII

Камера  жымжырт.  Степан  нардагы  өз  ордунда  уктап  жаткан.  Василий  анын  жанына барып,  бутунан  тартты,  туруп,  менин  жаныма  кел  дегенсип  көз  ымдады. Степан  нардан соймолонуп түшүп, Василийге барды.

—  Кана, тууган,— деди Василий,— мага көмөктөш.

—  Кандай көмөк?

—  Качкым келип жүрөт.

Анан Василий качмакчы болуп, бардыгын даярдап койгонун Степанга айтты.

— Эртең  буларды  дүрбөлөңгө  түшүрөм,— ал  уктап  жаткандарды  көрсөттү. —Баарын кылган ушул деп мени көрсөтүшөт. Жогору жакка которушат, ал жерде калганын өзүм билем. Өлүккананын илгичин ыкшап бошотуп койсоң гана болгону.

—  Ал колдон келет. Барар жериң кайсы?

—  Баш оогон жакка. Жаман адамдар азбы?

—  Аның ырас дечи, тууган, бирок аларды жазалоо биздин иш эмес да.

— Мен бир киши өлтүргүч белем. Өмүрү киши өлтүрүп көрбөгөм, а уурулук кылса эмне болмок? Мунун эмнеси жаман? Алар бизге окшогондорду талап-тонобой жатышыптырбы?

—  Бул алардын иши. Өзүлөрү жооп беришет.

— Качанкыга  чейин  алардын  ооздорун  карап  олтурабыз?  Баягыда  чиркөөнү  тоноп кеткем. Мындан ким залал тартты? Эми мен жарыбаган дүкөндү эмес, казнаны көтөрүп кетип, элге таратып бергим келет. Ак көңүл адамдарга.

Ошол  маалда  бир  арестант  нардан  башын  көтөрүп,  тыңшап  калды.  Степан  менен Василий өз-өз орундарына басып кетишти.

Эртеси Василий айткандай жасады. Берген нандары чийки экен, бакылоочуну чакырып, нааразылык  билдиргиле  деп  бардык  арестанттарды  көкүттү.  Бакылоочу  келди  да  бардыгын сөгө баштады, бул ишти баштаган Василий экенин билип, аны үстүңкү кабаттагы бир адамдык камерага жалгыз камагыла деп буйрук берди.

Василийге ушул гана керек болучу.

IX

Василий  өзү  камалган  үстүнкү  камераны  жакшы  билчү.  Ал  жерге  камалары  менен тактайларын чыгара баштады. Анан астыңкы бөлмөнүн — өлүккананын шыбынын жыгачтарын чыгарып,  төмөн  секирип  түштү.  Ал  күнү  өлүкканадагы  столдун  үстүндө  бир  адамдын  өлүгү жаткан. Ушул эле өлүкканада төшөк ордуна жүрүүчү мүшөктөр жыйылып турчу. Василий муну да биле турган, анын көздөгөнү ушул камера болучу. Камеранын илгичи жулунуп туруп, кайра бош  салынып  коюлуптур.  Василий  эшиктен  чыгып,  корпдордун  аягында  курулуп  жаткан ажаткананы карай жөнөдү. Бул ажатканада үчүнчү кабаттан тартып подвалга чейин тешик бар.

Василий  каалганы  сыйпалап  таап,  анан  кайра  келип  өлүкканага  кирди,  муздай  тоңгон  өлүккө оролгон  болотнойду  сыйрып  алды  (болотнойду  сыйрып  жатканда  өлүктүн  колдорун кармалады) анан мүшөктөрдү бирине-бирин байлаштырып, аркан жасады да, аны ажатканага алып барды; ал жерде арканды туура жыгачка байлап, ылдый карай сойголоно баштады. Аркан астанага  жетпеди.  Астанага  дейре  канча  аралык  бар  экенин  билбеди,  бирок  башка  арга  жок, секирип түштү. Бутун оорутуп алды, бирок басууга жарайт. Подвалда эки терезе бар эле. Чыгып кетүүгө  болот,  бирок  алар  темир  тор  менен  тосулган.  Аларды  талкалоо  керек.  Эмне  менен? Василий  сыйпалап,  бир  нерсе  издей  баштады.  Тактайлардын  кесиндилери  жаткан.  Учтуу кесиндини  таап,  торду  кармап  турган  кирпичтерди  коңторо  баштады.  Далайга  убараланды. Короз  экинчи  ирет  чакырды,  ал  эми  тор:  болсо  кыймылдабады.  Акыры  бир  жагы  чыкты. Василий  кесиндини  сүңгүтүп  жиберип,  чирене  тартты,  тор  бүт  бойдон  жулунуп  кетти,  бирок кирпич  кулап  түшүп,  калдыр-шалдыр  дабыш  чыкты.  Күзөтчүлөрдүн  угуп  калышы  мүмкүн болучу. Василий катып калды. Айлана жымжырт. Терезеден сыртка чыкты. Ал дубалдан ашып качууга  тийиш.  Короонун  бурчунда  жама  салынган  үй  бар.  Мына  ошол  үйдүн  үстүнө  чыгып, анан  керегелери  аркылуу  түшүүгө  тийиш.  Ага  тактайдын  кесиндиси  керек  болду.  Ансыз  чыга албайсың.  Василий  кайра  түштү.  Кесиндини  алып,  сыртка  чыкты,  күзөтчүнүн  кайда  экенин билмек  болуп,  дым  чыгарбай  туруп  калды.  Өзү болжогондой,  күзөтчү короонун  квадратынын тиги тарабында жүргөн. Василий алиги үйдүн жанына барып, кесиндини жөлөдү да жогору чыга баштады.  Кесинди  жылмышып,  кетти.  Василий  байпакчан  болучу.  Жылмышпасын  үчүн байпагын чечти, кесиндини кайра жөлөдү, анын үстүнө секирип чыгып, суу акчу түтүктү кармай калды. Акебай, жулунуп кете көрбө, чыда. Ал суу акчу түтүктү бекем кучактады, мына анын тизеси  чатырдын  үстүнө  илинди. Күзөтчү  келатканын көргөн  Василий  жаткан  бойдон  катып  калды.

Күзөтчү көрбөдү, кайра кетти. Василий ыргып турду. Бут алдында тунуке темир калдырайт. Дагы бир, эки кадам басты, мына кереге көрүндү. Ага кол оңой жетет. Бир колун, анан экинчи колун созду, денеси бүт тартылды, керегенин үстүнө да чыкты. Секирип түшөм деп, бир жерин майып кылып  албаса  гана  болгону.  Василий  керегени  бек  кармап,  ылдый  карай  сойголоно  баштады, бир колун, анан экинчи колун коё берди,— жараткан, өзүң жар бологөр!— Жерге түштү. Жер да жумшак. Буттары аман, ошентип качып жөнөдү.

Айыл  четинде  Маланья  эшик  ачты,  ал  тердин  жыты  аябай  сиңген  курама  жууркандын астына кирди.

X

Петр  Николаичтин  албансубандай,  сулуу,  өзүн  дайыма  токтоо  туткан,  эгерим  согончогу канабаган,  кызыр  уйга  окшоп  эттүү  аялы күйөөсүн  өлтүрүп,  аны  талааны  карай  сүйрөп  баратышканда  терезеден  көрүп  турган.  Ушул  төбөлөшүүнү  карап  туруп,  Наталья  Ивановнанын (Петр Николаичтин жесирин ушинтип аташчу) башынан өткөргөн үрөй учурган сезими, ар качан боло жүргөндөй, эпсиз чыңалып, андагы башка сезимдерди бүт бойдон суу сепкендей өчүрдү.

Топураган эл бактын тосмосунун наркы бетине өтүп, уу-дуу басылган кезде Петр Николаичтерге кызмат  кылып  жүргөн  кыз — жылаңаяк  Маланья  көздөрүн  алайтып,  Петр  Николаичтин өлтүрүлүп,  аңга  сүйрөтүлүп  ташталганын  кудум  эле  сүйүнчүлөмөк  болгонсуп,  чуркап  жетип келгенде  үрөй  учурган  биринчи  сезимден  экинчиси  бөлүнүп  чыга  баштады:  ал  сезим  өзүн  он тогуз  жыл  бою  кулчулукта  кармаган  кара  көз  айнекчен  деспоттон  бошонгондогу  кубаныч.  Бул сезимден өзү аябай коркуп кетти, бирок аны өзү да мойнуна албады, жан адамга да айтпады.

Таанылгыс  болуп  жанчылган  сары,  жүн  баскан  денени  жууп,  кийим  кийгизип,  табытка жаткырышканда анын үрөйү учту,  өпкөлөп  ыйлады.  Өзгөчө  маанилүү  иштер  боюнча  тергөөчү келип,  күбө  катары  суракка  алганда  тергөөчүнүн  үнүнөн  башкы  кылмышкер  деп  табылып, кишенделген эки дыйканды көрдү. Бири картайып калган, тармалданган ак саргыл сакалы бар, өңү  калбаат,  келишимдүү  адам,  экинчиси  цыганга  окшогон,  орто  жаштардагы,  көздөрү жалтылдаган,  чачтары  тармалданып,  уюлгуган  адам.  Буларды  тааныйм,  Петр  Николаичти биринчилерден  болуп  колдон  кармашкан  ушулар  болучу  деди.  Цыганга  окшогон  мужиктин нары-бери  жылган  каштарын  ээрчип  ойноктогон  көздөрүн  жалтылдатып:  «Күнөө  болот, барыня!  Акыры  тиги  дүйнөгө  барабыз» — деп жемелей  сүйлөгөнүнө  карабай,  аларды кымындай да аяп койбоду. Тескерисинче, тергөөнүн мезгилинде анда душмандык сезим күчөп, күйөөсүн өлтүргөндүктөрү үчүн алардан өч алууну көксөдү. Бирок  иш  аскердик  сотко  берилип,  андан  кийин  сегиз  адамдын  каторгалык жумушка,  ал  эми  ак  сакал  карыя  менен  жылтырак  кара  цыгандын  (эл  аны  ушинтип  аташчу) өлүм  жазасына  өкүм  кылынгандыгын  укканда  ал  кандайдыр  бир  жагымсыз  нерсени  сезди. Бирок  бул  жагымсыз  күдүктөнүү соттук  салтанаттуулуктун  таасири  астында  бат  эле  тарап  кетти.

Жогорку начальниктер туура деп табышкан соң, калыбы, ошондой болгону оң го.

Даргага  асуулар  кыштакта  ишке  ашырылмак.  Жаңы  көйнөк,  жаңы  башмак  кийген Маланья  жекшемби  күнү  ибадаттан  кайтып  келип,  барыняга  дарганы  куруп  жаткандыктарын, шаршемби  күнү  Москвадан  желдет  келерин,  катын-балдардын  улуп-уңшугандыктары  бүткүл  кыштакка угулуп жатканын айтты.

Дарганы да, элди да көргүсү келбеген Наталья Ивановна үйдөн чыкпады, бүтөр иш бат эле бүтсө экен деп көксөдү. Соттолгондор жана алардын үй-бүлөлөрү  жөнүндө  ойлобой,  өзү жөнүндө гана ойлоду.

XI

Шейшемби күнү Наталья Ивановнанын үйүнө тааныш становой келди. Наталья Ивановна аны  арак  жана  өзү  туздаган  козу  карын  менен  сыйлады.  Становой  арак  ичип  олтуруп, кылмышкерлердин эртең да даргага асылбай тургандыгын айтты.

—  Кантип? Эмне үчүн?

— Таңгаларлык окуя болду. Желдетти таба алышпаптыр. Москвада бирөө бар эле, анысы да  кийин  инжилди  көп  окуп  алып,  киши өлтүрүүдөн  баш  тартыптыр,  балам  айтты.  Өзү  киши өлтүргөндүгү үчүн каторгалык жумушка кесилген экен, эми минтип киши өлтүрүүгө закон жол бербейт  деп  кашайып  болбой  коюптур.  Аны  шапалактайбыз  деп  коркутушуптур. Шапалактасаңар шапалактагыла, бирок анте албайм дептир.

Наталья Ивановна кызара түштү, өз оюн эстеп алып, тердеп да кетти.

—  Аларга эми кечирим берүүгө болбойбу?

— Сот  тарабынан  айыпталган  соң  кантип  кечирим бере аласың?  Падышанын  өзү  гана кечире алат.

— Падыша аны кантип билет?

— Кечирим жөнүндө өтүнүч жасоого акылары бар.

— Бирок  аларды  менин  азабымдан  даргага  аскан  жатышпайбы,— деди  акмак  Наталья Ивановна. — А мен кечирем.

Становой күлүп жиберди.

— Анда, кечирим сураңыз.

— Болобу?

— Болот.

— Эми үлгүрбөй калам го?

— Телеграмма жиберүүгө болот.

— Падышагабы?

— Эмнеси бар, падышага да жиберүүгө болот.

Желдеттин  мойноп  болбой,  адам  өлтүргөнчө  азап  чегүүгө  даярмын  деп айткандыгы жөнүндөгү кабар Наталья Ивановнанын көңүлүн астын-үстүн кылды, анан сыртка чыгууга нечен курдай суранган боорукерликтин жана коркунучтун ошол сезими оргуп кайнап, аны өз кучагына алды.

— Берекем,  Филип  Васильевич,  мага  телеграмма  жазып  бериңиз. Падышадан кечирим сурагым келет.

Становой башын чайкады.

— Минткенибиз үчүн азабыбызды колубузга берип жүрүшпөсүн?

— Жоопту мен берем. Сиз жөнүндө ооз ачпайм.

«Ак көңүл мыкты катын экен,— деп ойлоду Становой. — Менин катыным ушундай болсо эмне, минтип жүрбөй жыргабайт белем».  Ошентип  становой  падышага  телеграмма  жаза  баштады:  «Улуу  урматтуу  императорго. Дыйкандар  тарабынан  өлтүрүлгөн  коллеждик  асесор  Петр  Николаич  Свентицкийдин императордук улуу даражаңызды чын жүрөктөн урматтаган жесири сиздин басып кеткен ыйык изиңизге  чөгөлөп  (телеграмманын  ушул  жери  аны  жазып  жаткан  становойдун  өзүнө  өзгөчө жакты),  баланча губерниядагы,  уезддеги,  волосттогу,  кыштактагы  өлүм  жазасына  өкүм кылынган түкүнчө дыйкандарга кечирим берүү жөнүндө сизден жалынып-жалбарып өтүнөт».

Телеграмманы  становойдун  өзү  жөнөттү,  Наталья  Ивановнанын  көңүлү  көтөрүлүп, кубанычка  батты.  Өлтүрүлгөн  адамдын  жесиринин  өзү  кечирим  сурап  жаткан  соң,  падыша кечирим бербей коё албайт деп ойлоду Наталья Ивановна.

XII

Лиза Еропкина өнө бою өрөпкүп жүрдү. Христиандык турмуштун жолу менен канчалык илгерилеген  сайын,  бул  жолду  ал  чыныгы  жол  деп  ошончолук  ишене,  жүрөгү  ошончолук кубанычка туна баштады. Эми  анын  жакынкы  эки  максаты  бар:  биринчиси  Махинди  тезирээк  бери  каратуу,  же өзүнө-өзү  айткандай,  өзүнө,  өзүнүн  мыкты,  татына  натурасына  кайра  кайтаруу.  Аны  сүйөт, сүйүүсү жайнап  турган  кезде  анын  бардык  адамдарга  жалпы  болгон,  укмуштай  жандүйнөсүн баамдады,  бирок  бардык  адамдарга  жалпы  болгон  ушул  өмүр  башатынан  анын  өзүнө  гана таандык кең пейилдикти, назиктикти, бийиктикти көрдү. Анын экинчи максаты — бай болгусу келбеди. Махинди сынап көрүү үчүн ал байлыктан кутулгусу келди, анан өзү үчүн, өзүнүн жаны үчүн — инжилдин сөзү менен айтканда — ушуну жасагысы келди. Адегенде ал тарата баштады, бирок  атасы  токтотуп  койду,  атасынан  да  топурап  өзүлөрү  келип  же  кат  аркылуу  жабалактап сурагандар  көбүрөк  бөгөт  болушту.  Ошондо  ал  өзүнүн  ыйык  өмүрү  менен  даңкы  чыккан карыяга кайрылып, акчаларымды алыңыз да, аны эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз деп айтмакчы болду. Муну угуп, атасынын ачуусу келди, кызы менен кызыл чеке болуп айтышып олтуруп, аны келесоо,  психопат  деп  атады,  келесоо  катары  аны  өзүнөн-өзүн  коргоо  үчүн  чара  көрө тургандыгын айтты.

Атасынын ачуулуу, туталанган үнү ага таасир кылды, ал эс-акылын жыя албай, шолоктоп ыйлап  жиберди,  деспот,  ал  гана  турган  дүнүйөкор  деген  сөздөрдү  айтып,  атасына  ачуу  тил тийгизип алды. Ал  атасынан  кечирим  сурады,  атасы  капа  болгонум  жок  деп  айтты,  бирок  анын  шагы сынып  калганын,  көңүлүндө  кечирбегенин  көрүп  турду.  Бул  жөнүндө  Махинге  айткысы келбеди.  Махинди  кызганып  жүргөн  эжеси  андан  биротоло  оолактады.  Оюн  ортого  салып бөлүштүрөр, күнөөмдү кечиргиле деп айтар эч кимиси калбады.

«Кудайдан  кечирим  суроо  керек»  — деди  ал  өзүнө-өзү,  чоң  орозонун  убагы болгондуктан  орозо  кармап,  чиркөөгө  барууну,  тобо  кылып  жатып,  духовникке  бардыгын айтууну жана андан мындан аркы турмуштун жолун сурамак болду. Шаарга жакын жерде монастрь бар эле, анда өз өмүрү, айткан акыл-насыяты, олуялыгы жана табыптыгы менен атак-даңкы чыккан бир карыя жашоочу, андагы бул сапаттар чындыкка анча  коошпогону  менен,  эл  бирге  экини  кошуп  айтып  жүрүшүп,  анын  зоболосун  асмандатып жиберишкен болучу.

Алиги карыя күндөрдүн биринде карт Еропкинден кат алды, анда ал кызым сизге барат, ал  келесоо,  элирмеси  бар,  сиздин колдонулуп  жүргөн  шарттарды  бузбай  туруп,  аны  чыныгы жолго — нукура христиандык турмушка багыттай тургандыгыңызга ишенем деп жазыптыр. Карыя чарчаганына карабай, Лизаны кабыл алды да, жашап жаткан шарттарга, ата-энеге эстүү мамиле  жасап,  кыңк  этпей  баш  ийүү керектигин  токтоо  түшүндүрө баштады.  Лиза  үн катпады,  кызарып-татарды,  тердеди,  ал  эми  карыя  сөзүн  бүтүргөн  кезде  ал  көз  жашын кылгыртып, Христос: «Атаңды жана энеңди ташта да мени ээрчи» деген экен деп сөз баштады, адегенде жүрөксүдү, анан бара-бара боюн токтотуп, христианство жөнүндөгү түшүнүктөрүнүн бирин  койбой  айта  баштады.  Карыя  адегенде  болор-болбос  жылмайып,  өзүнүн  адаттагы осуяттарын  айтып,  каршы  болду,  анан  унчукпай  калды,  «Оо  жараткан» — деп  кайра-кайра кайталап коюп, улутуна баштады.

— Болуптур анда, эртең кел, тобо кыласың,— деди ал териси бырышып-тырышкан колу менен бата берип атып.

Эртеси карыя кызды тобо кылдырды, бирок кечеги сөздү улантпады, мүлкүңдү албайм деп кыска жооп айтты да, кетирип жиберди.

Бул кыздын кудайдын эркин таза тутушу, ага берилгендиги жана кызуу кандуулугу чалды таң калтырды Карыя алда качан эле элден баш тартмак болгон, бирок монастрь андан иште деп талап  кылды,  анткени  анын  кызматы  монастрга  каражат  түшүрүп  турган.  Өзүнүн  абалынын бүткүл жалгандыгын элес-булас сезип турса да макул болгон. Аны ыйык, кереметтүү адам деп даңазалашты,  чынында  ал  мажүрө,  ийгиликтин  артынан  түшкөн  киши  эле.  Алиги  кыздын жандүйнөсү анын да жандүйнөсүн ачты. Анан ал өзү көздөгөн жана жүрөгү азгырган нерседен алыс экенин көрдү.

Лиза  кеткенден  көп  узабай  ал  каалгасын  ичинен  илип  жатып  алды,  үч  жумадан  кийин гана  чиркөөгө  барып, намаздан  кийин  акыл-насаат  айтып  атып  өзүнө  акарат  келтирди,  элди күнөөлү деп айтып, аларды тобо кылууга үндөдү. Ал ар бир эки жумада бир жолу акыл-насаат  айтчу  болду.  Анын  бул  акыл-насаатын укмакчы  болгондор  улам  көбөйө  баштады. Диний үгүтчү катары анын даңкы ого бетер дүңкүлдөдү.  Айткан  акыл-насааттарында  таамай,  чын  жүрөктөн  айтылган  кандайдыр  бир өзгөчөлүктөр бар эле. Ошондуктан ал адамдарга ушунчалык күчтүү таасир кылган.

XIII

Бул  убакта  Василий  айткандарын  ишке  ашырып  салган  болучу.  Жолдоштору  менен  түн ичинде  бай  Краснопузовдун  үйүнө  кирди.  Василий  анын  зыкым,  бузук  адам  экенин  билүүчү, столунун тартмасынан отуз миң сом алып чыкты. Василий сөзүндө турду. Ал ичкенди да койду, акчаны болсо жарды колуктуларга таратты. Аларды күйөөгө берди, карыздардан куткарды, өзү да жашырынды. Анын бар болгон мүшкүлү канткенде акчаны көзүн таап таратуу. Ал полицияга да берди. Ошентип алар Василийди издешпеди.

Ал  кымыңдап  жүрдү.  Бирок  баары  бир  колго  түштү,  сотто  өзүн  жайдары  тутту,  чоң курсактын акчасы ар кайсы жерде жатчу, ал акчасынын эсебин да билбей турган, а мен аларды керекке жараттым, ак көңүл адамдарга бөлүп бердим деп мактанды.

Соттук  процесс  уу-дуу  болуп,  көңүлдүү  өттү, аз  эле  жерден  присяжныйлар  аны  актап жибере да жаздашты. Сүргүнгө өкүм чыгарышты. Ал алкыш айтты да, баары бир качып кетем деп күн мурдатан эскертип койду.

XIV

Свентицкаянын телеграммасын падыша чымын чаккандай да көрбөдү. Кечирим берүүчү комиссиядагылар ал жөнүндө падышага айтпай эле коёлу деген бүтүмгө келишти,  бирок  падышанын  үйүндөгү  эртең  мененки  тамактын  убагында  Свентицкийдин  иши жөнүндө  сөз  башталып,  анда  падыша  менен  чогуу  тамак  ичип  олтурган  директор  өлгөн адамдын жесиринин телеграммасы жөнүндө баяндады.

—C’est très gentil de sa parte[4] — деди падышанын үй-бүлөсүндөгү бир аял.

Падыша  болсо  улутунду,  эполеттүү  ийиндерин  куушуруп,  минтип  айтты:  «закон»,  анан бокалын  тосту,  камерлакей  ага  шуулдак  мозельвейин  куйду.  Бардыгы  падыша  тарабынан айтылган сөздүн акылмандыгына таңдангансыган түр көрсөтүштү. Телеграмма жөнүндө экинчи сөз болбоду. Ошентип карысы менен жашы болуп, эки мужикти Казандан чакырылган мыкаачы бачаваз, татар-желдеттин жардамы менен даргага асышты.

Кемпир  чалын  аруу  жууп,  ак  кепиндемек  болду  эле,  бирок  анттиришпеди,  экөөнү көрүстөндүн тосмосунун сыртындагы бир аңга сүйрөп барып көөмп салышты.

— Ал укмуштуудай акыл-насаатчы адам деп айтты мага княгина Софья Владимировна,— күндөрдүн  биринде  падышанын  энеси,  карт  императрица  өз  уулуна. —  Faites  le  venir.  Il  peut

preacher ába cathèdrale[5]

— Жок,  андан  көрө  бизде  айтсын,— деди падыша,  Исидор  карыяны  чакырууга  буйрук кылды.

Сарайдагы  чиркөөгө  генералдар  бүт  чогулушту.  Жаңы,  укмуштуудай  акыл-насаатчы  эл ичин уу-дууга түшүрдү. Ак чач, арык, чүкөдөй чал чыгып, элди айландыра карады: «Атанын жана баланын, ыйык духтун урматына», ошентип ал ишке киришти. Адегенде  иш  жакшы  жүрдү,  улам  нарылаган  сайын  начарлай  баштады.  Кийин императрица айткандай, «il devenait de plus en plus agressiv»[6]. Ал бардыгын талкалады. Даргага асуулар  жөнүндө  сүйлөдү.  Даргага  асууларды  башкаруунун  мажестигине  ыйгарды. Христиандык өлкөдө элди өлтүрүү кайсы кудайга жаксын?

Бардыгы  бирин-бири  карашты,  бардыгы  муну  адепсиздик  деп  билишти,  бул  падышага канчалык  жагымсыз  болсо  да,  муну  эч  кимиси  айтпады.  Исидор:  «Оомийин»  деп  айтты, митрополит анын жанына басып келип, биздикине жүрүңүз деди.

Митрополит  жана  обер-прокурор  менен  болгон  аңгемелешүүдөн  кийин  алиги  чалды монастрга, бирок өзүнүкүнө эмес, Суздалдагы монастрга токтоосуз жөнөтүштү, ал жерде башкы поп жана комендант болуп священник Михаил иштей турган.

XV

Бардыгы Исидордун акыл-насаатында эч кандай жагымсыз иш болбогон түр көрсөтүштү, ал  жөнүндө  эч  кими  сөз  да  кылбады.  Падыша  да  карыянын  сөзү көңүлүндө  эч  кандай  из калтырбагандай сезди, бирок даргага асылган дыйкандар, аларга кечирим бериңиз деп жазган Свинтицкаянын телеграммасы күнү бою эсине эки жолу түштү. Күндүзү парад өткөрүлдү, анан сыртка чыгып тамаша курду, анан министрлерди кабыл алды, анан түштөндү, кечинде театрга барды.  Падыша  адатынча  жаздыкка  башы  тиер  менен  уйкуга  кетти.  Коркунучтуу  түш  көрүп, чочуп ойгонду, талаада даргаларда термелип турган өлүктөр, өлүктөр тилдерин салаңдатышат, тилдер барган сайын узара беришти. Алардын бири: «Бу сенин кылганың, сенин кылганың»— деп  кыйкырды.  Падыша  ойгонуп  кетти,  алма-чөлмө  тердеп  калган  экен,  ойлоно  баштады. Мойнуна жүктөлгөн жоопкерчилик биринчи жолу оюна келди, ошентип алиги чалдын бардык сөзү кайра эсине түштү…

Бирок ал өзүн алыстан көргөн адам болучу, ошондуктан падышага ар тараптан коюлган талаптардан  келип  чыккан  адамдын  жөнөкөй  талаптарына  назар  сала  албаган;  падышанын талаптарына караганда адамдын талаптары алда канча милдеттүү экенин моюнга алууга анын кудурети жетпеди.

XVI

Абакка  экинчи  ирет  камалган  алиги  шыпылдаган,  намыскөй,  сылаңкороз  Прокофий андан  биротоло  бузулуп  чыкты.  Соо  кезинде  куурай  башын  да  сындырып  койбой,  мелтиреп олтура берет, атасы канча тилдесе да аяк бошоткондон башканы билбейт, анысы аз келгенсип, ичкилик  ичүү  үчүн  үйдөн  кабакка  бирдемкелерди  кымтып  кетсем  деп  оолукчу.  Олтуруп  алып жөтөлөт, какырып-түкүрүнөт. Доктор анын көкүрөгүн тыңшап, башын чайкады.

— Сага, тууган, өзүңдө жок нерсе керек.

— Ал мага белгилүү, ар качан керек.

— Сүт ич, тамеки тартпа.

— Азыр ансыз да орозо, анын үстүнө уй да жок.

Жаз күндөрүнүн биринде ал түнү бою уктабады, куса болду, ичкиси келди. Үйдө колго илинер  эч  нерсе  жок.  Шапкесин  кийип,  сыртка  чыкты.  Көчө  менен  басып,  поптор  жашаган үйлөргө жетти. Дьячоктун сыртта маласы турат, сокмо тосмого жөлөнүп коюлуптур. Прокофий маланы  көтөрүп,  көчөнүн  баш  жагындагы  Петровнанын  ашканасын  карай  жөнөдү.  «Ичине ыйман кирсе, бир бөтөлкө бирдеме берер». Ал узап кете электе дьячок крыльцого чыга калды.

Таң аппак болуп калган,караса, Прокофий маласын көтөрүп баратат.

— Ой, бу эмнең?

Эл сыртка чыгышты. Прокофийди кармап алып, камап коюшту. Мировой сот аны он бир айга түрмөгө кести.

Күз болучу. Прокофийди ооруканага которушту. Ал жөтөлөт, өпкө-боору кысылат. Такыр жылый  албады.  Алдуурактары  канткен  менен  калтырап-титирешпеди.  Ал  эми Лрокофий  күн-түнү менен калтырайт. Бакылоочу отунду үнөмдөп, ооруканага ноябрга чейин от жактырбады. Прокофийдин денеси бир эсе жапа чексе, жандүйнөсү эки эсе жапа тартты. Эч кимди кыртышы сүйбөйт,  ал  дьячокту  да,  от  жактырбагандыгы  үчүн  бакылоочуну  да,  вахтерду  да,  кызарып эриндери  калбайган  койкалаш  кошунасын  да,— иши  кылып  бардыгын  жек  көрөт.  Аларга жаңыдан алынып келип кошулган каторжникти да жектеп жүрдү. Ал каторжник Степан болучу. Анын  башына  кыйма  чыгып,  ооруканага  которушкан,  Прокофийдин  жанына  жаткырышты. Адегенде Прокофий аны жек көрүп жүрдү, кийин экөө аябай ашына болуп кетишти, аны менен сүйлөшкүсү эле келе берет, сүйлөшкөн сайын Прокофийдин кусалыгы тарап, көңүлү жай боло түшөт. Степан акыркы жолу өлтүргөн адамы жана анын тийгизген таасири жөнүндө бардыгына айтып чыкты.

— Кыйкырмак түгүл, кайра ме, мууздай бер. Мени эмес, өзүңдү ая. — Алиги  аялдын өлөр алдындагы ушу сөзүнө аябай таңгалдым деп айта турган ал.

— Адамдын жанын алуу коркунучтуу экендиги түшүнүктүү иш дечи, а мен бир жолу кой соём деп  кыжалат  болгом.  Бирок  ушу  күнгө  чейин  киши  өлтүрүп  көргөн  жан  эмесмин,  ага карабай шумпайлар мени минтип сандан чыгарып олтурушат. Жамандык кылган эмесмин…

— Аның бүт эске алынат.

— Ким эске алмак эле?

— Ким дегениң кандай? Кудайчы?

— Эмнегедир  аныңды  көрө  албадым;  кудайга  ишенбейм,  тууган,— өлсөң  көрүңдү  чөп басып, изиң өчөт. Бар болгону ошо.

— Сен  муну  кандай  дейсиң?  Мен  далай адамды  өлтүрдүм,  ал  эми  алиги  аял  ак  көңүл, элден  жардамын  аябаган  адам  болучу.  Жалгыз  ошонун  каны  мени  канчага  алып  барарын билесиңби? Жок, токтоп турчу…

— Эмне, өлсөм жаным соо калат деп ойлойсуңбу?

— Ананчы, бул чындык.

Прокофийдин  өлүмү  оор  болду,  деми  кыстыкты.  Бирок  акыркы  саатта  эмнегедир жеңилдене түштү. Степанды чакырды.

— Кана, тууган, кайыр  кош. Ичер суум,  көрөр күнүм бүттү окшойт. Мурда коркчу элем, эми коркпой калдым. Эртерээк эле бүтсө экен.

Ошентип, Прокофий ооруканада өлдү.

XVII

Бул  убакта  Евгений Михайловичтин  иши  улам төмөндөп бара жаткан. Магазин  күрөөгө коюлган. Соодасы жүрбөдү. Шаарда башка магазин ачылган, ага карабай, процентти талап кыла беришти. Процент төлөө үчүн кайра да карыз алуу керек. Ошентип, магазин жана бүткүл товар сатылмак  болду.  Евгений  Михайлович  аялы  экөөлөп  туш-тушка  чабагандашты,  эптеп  бул абалдан чыгып кетүү үчүн төрт жүз сом керек, бирок эч жерден табылбады. Үмүтү жалгыз  көпөс  Краснопузовдо  калды,  анын  ойношу  Евгений  Михайловичтин  аялы менен тааныш. Бирок Краснопузовдун аябагандай акчасын уурдап кеткендиктери ошол кезде шаарга маалым болуп калган. Жарым миллион экен деп айтып жатышты.

— Аны  уурдаган  ким  экенин  билесиңби?—деди  Евгений  Михайловичтин  аялы. — Василий,  биздин  мурдакы  дворник.  Ал  ошол  акчаларды  көзүнө  карабай,  туш  келди  чачып жүрөт дейт, полиция да сатылып кетиптир.

— Акмак болучу,— деди Евгений Михайлович. — Ошондо ал берген убадасына турбай, тез эле уурулукка баш койбоду беле. Андай кылат деп эч ойлобогом.

— Элдин айтымына караганда, биздин короого да келген экен. Кухарка да көрүптүр. Ал он төрт жарды колуктуну күйөөгө бериптир деп кухарка айтты.

— Келжирешет.

Дал  ошол  маалда  казимет  куртка  кийген,  түрү  бир  башкача  улгайыңкы  киши  кирип келди.

— Сага эмне керек?

— Сизге кат бар.

— Кимден?

— Анда жазылган.

— Жообу керекпи? Токтой тур.

— Болбойт.

Алиги адам конвертти берди да дароо чыгып кетти.

— Кызык!

Евгений  Михайлович калың конвертти ачты, өз көзүнө өзү ишенбеди: жүз сомдук кагаздар.  Төртөө.  Бул  эмнеси?  Евгений  Михайловичке  чала  сабат  жазылган  кат  да  бар  экен: «Инжилде атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер деп айтылат. Баягы купондун айынан сиз мага кыянаттык кылдыңыз, ошентип мен далай мужикти сызга олтургуздум, а мен баары бир сени аяйм.  Мобу  төрт  екатеринканы  алыңыз  да  өзүңүздүн  дворник  Василийиңизден  экен  деп билиңиз».

— Жок, бул таңгаларлык окуя,— деди Евгений Михайлович, бул сөздү аялына да, өзүнө да  айтты.  Ошентип  муну  эстегенде  же бул  жөнүндө  аялына  айтканда  көзүнө  жаш  тегеренип, көңүлү жайдарылана түшөт.

XVIII

Суздаль түрмөсүндө он төрт дин кызматкери жатчу, негизинен бардыгы православиеден артка  чегингендер;  Исидор  да  ошол  жакка  айдалды.  Священник  Михаил  Исидорду  кагаз боюнча  кабыл  алды,  аны  менен  сүйлөшпөй  туруп,  маанилүү  кылмышкер  катары,  өзүнчө камерага  жайгаштыртты.  Исидордун  түрмөдө  жатканына  үч  жумага  караганда  священник Михаил  камактагыларды  кыдыра  баштады.  Исидорго кирип,  кандай  муктаждыгың  бар  деп сурады андан.

— Менде муктаждык көп, элдин көзүнчө айта албайм. Жекеме-жеке олтуруп сүйлөшүүгө мүмкүндүк бер.

Алар  тиктеше  калышты,  Михаил  корко  турган  эч  нерсе  жоктугун  түшүндү.  Исидорду менин үжүрөмө алып келгиле деп буйрук кылды, алар экөө жалгыз калышканда, минтип айтты:

— Кана, сүйлөй бер.

Исидор чөгөлөп олтура калды.

— Боордош!— деди  Исидор,— Бу  сенин  эмне  кылганың?  Өзүңдү  ая.  Сенден  ашкан шумпай жок, ыйык бүткөндөрдүн баки-жогуна акарат келтирдиң.

Бир айдан кийин Михаил Исидор баш болгон жети адам күнөөлөрүн моюндарына алып, өкүнүштү, кечирим бергиле деп кат жөнөттү, өзү да монастрга суранды.

XIX

Арадан он жыл өттү.

Митя Смоковников техникалык окуу жайынан курсту  бүтүрдү. Сибирдеги алтын чыккан жерде  көп  айлык  алып,  инженер  болуп  иштеп  жүрдү.  Ал участокторду  кыдырмак  болду. Директор жанына каторжник Степан Пелагеюшкинди кошуп алгын деди.

— Кантип каторжникти? Ал коркунучтуу адам да?

— Чоочуба. Ал такыба адам.

— Ал кандай жүрүп такыба боло калган?

Директор жылмайды.

— Алты адамды өлтүргөн, бирок ыйык адам. Мен кепил болом.

Ошентип Митя Смоковников Степанды кашка баш арык, күнгө күйгөн адамды ээрчитип жүрүп кетти.

Степан  колунан  келген  жерлерде  башкаларды  өз  баласындай  кылып  кандай  бакса, жолду  карай  Смоковниковду  да  ошондой  бакты,  жолду  карай  өз  өмүр  баянын  төкпөй-чачпай аңгемелеп берди. Азыр кандайча жана эмне үчүн, кантип жашап жаткандыгын да айтты.

Кызык  окуя  башталды.  Ушуга  чейин  ичкиликтен,  оокаттан,  картадан,  шараптан,  аялдан башканы билбеген  Митя  Смоковников  өмүрүндө  биринчи  жолу  ойго чөмүлдү. Бул  ой  андан алыстабады,  барган  сайын  анын  жандүйнөсүн  астын-үстүн  кыла  берди.  Ага  чоң  пайда  чыкчу орунду  сунуш  кылышты.  Ал  андан  баш  тартты,  колундагы  акчасына  имение  сатып  алып, үйлөнмөкчү, алынын жетишинче элге кызмат кылмакчы болду.

XX

Ал  дал  ошондой  кылды.  Бирок  алды  менен  атасына  келди,  жаңы  үй-бүлө  күткөндүгү үчүн  аны  менен  аябай  араздашып  жүргөн.  Эми  атасына  жакындашмак  болду.  Ошондой жасады. Атасы таңданды, аны келекелеп күлүп жүрдү, анан уулуна катылганын өзү эле таштап койду, анын алдында далай-далай күнөөлүү болгон, мына ошол учурларды эстей баштады.

Которгон Э. Долонов
1904.

[1] ГородовойПадышалык Россиядагы шаардык полициянын төмөнкү даражасы (котормочу)
[2] Околоточный – Полициялык даража.
[3] Ошол бечера кызды бошотуп жибергенине аябай курстант болор элем, бирок өзүңүз түшүнөсүз – милдет ошондой (франц.).
[4] Ал эң кайрымдуулук кылган экен (франц.).
[5] Чакыргыла аны. Ал собордо акыл-насаат айта алат (франц.).
[6] Ал улам барган сайын агресивдүү боло баштады (франц.).

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *