АҢГЕМЕ

I

Уулу менен кызынын бөлмөсүнөн угулган дабыштан улам Качкын ууру мышыктай болуп каалгадан башбакты. Анар керебетинен жаңы эле туруп аткан экен.

— Кызым турдуңбу? Жакшы уктадыңбы?

— Иги… уктадым. Түш көрдүм ата… айтып берейинби?

— Айта гой… айт. Кана…

— Түшүмдө Эрасыл экөөбүз ажыдардан качып, токойдо жүрүппүз. Апам экөөңөр бизди карабай… Апам токойду аралап өзүнчө… сиз өзүнчө кеттиңиз. Баарыбыз адашып жүрүппүз. Эрасыл экөөбүз апам экөөңдү таппай «Ата-а… Апа-а» деп катуу кыйкырсак… укпайсыңар. Биз ыйлап… ыйлап атабыз, ыйлап атабыз… Айланабыз бүтүндөй сормо саз экен… – Анар берилүү менен айтып аткан бул түшкө уйкудан жаңы ачылган көздөрүн ирмегилеген Эрасыл да селейип кулак түрүп калды.

— Йе, турдуңбу балам? – Качкын уулун өөп, маңдайынан эркелете сылады.

— Ата, бетиңизге эмне болгон? Эмне сыйрылдыбы? – деген уулуна не дээрин билбеди.

— Ао-ув… – Эрасыл төшөгүн тээп, боюн чиренди. Уйкусу кана электей. Керебетинен тургусу жок дале, бирок чекчейген көздөрү эжесинде. Анарды ал цирктин манежиндеги бир укмушка таңгалгандай тиктеди негедир.

— Укпайсызбы мени, ата… – деген Анар атасын жеңден тартты.

— Ии, угуп атам кызым. Анан… айта бер.

— Ажыдардан качып баратабыз, качып баратабыз. Балаңыз бир убакта «Кел ылайга жатсак, ажыдар бизди тийбейт» деп экөөбүз сормо саздагы ылайга оонадык… Ажыдар таппай калды бизди.

— Эй, сен алдабачы! – Эрасыл керебетинен тура калды. – Ата, мен оонаган эмесмин ылайга… калп айтат. Сазга мен барган жокмун.

— Калп айтпай эле… эй. – Экөө түш үчүн чырдашып баштады.

— Анар калп айтат, мен ажыдарды көргөн жокмун. Ажыдардан коркпойм дагы… – Эрасыл чырылдап жиберди.

— Эй, сен уксаң биринчи!.. – деп чебелектеген Анар атасына түшүнүн кызык жерин айткысы келет чыдамсыздана.

— Балам, бул түш… – деди атасы. Ансайын Эрасылдын ызасы күчөндү:

— Мына ишенбесеңиз, кийимдерим таптаза… Кызыңыз калпычы…

Эрасыл атасына кийимдери ылай болбогонун көрсөтүп ыйламсырады. А атасы Анар тарапта болуп алганына ызаланды.

— Апа-а…

— Бул түш да, балам… Түшкө баары кире берет. Болду эми, түшүн угалы.

Эрасыл апасынын үнү чыккан бөлмөгө жөнөдү. Апасы төркү бөлмөдө өзүнчө жатканы адаттан тыш туюлду балага. Апасы жалгыз уктаганын көрүп, уңулдаган ыйы тып басылды.

— Сиз… атам экөөңөр… кантип баттыңар? – деди бала жалгыз кишилик төшөккө таңыркагандай. – Атам каякка жатты?

Апасы мисирейип үндөбөдү. Тек гана мээримдүүлүк менен Эрасылдын маңдайынан өөп тим болду. Бирок анын бул мээрими балага салкын туюлду.

Анар бир бөлмөдө атасына түндө көргөн түшүнүн уландысын айтса, Эрасыл төркү бөлмөдөгү апасына даттанып баштады… Көп өтпөй Анар кирди чоң бөлмөгө. Ага да апасынын жалгыз төшөк салынып жатканы адаттан тыш көрүнүш эле.

— Сиз апа эмне… конок үйгө уктадыңызбы? Атам кайда жатты?

Апасы үндөбөдү. Ичинде жаалы кайнап тургансыйт… Кечээ эле жаңы жылдык майрам алдындагы апасынын жаркылдаган маанайы кайда бүгүн?! Тыштагы кыштын ызгаар суугунан өткөн муздак илепти сүйүктүү апасынын кабак-кашынан туйду Анар менен Эрасыл… Экөөнө бул көрүнүш адегенде таңгалыштуу туюлуп, дагы бир нече мүнөттөн кийин жүрөк түпкүрүндөгү түшүнүксүз бир балээни козгоду… Себеби Качкын шляпасын, плащын кийгенден кийин негедир уул-кызынын гана бетинен өөп чыгып кетти. Жамалга үндөбөдү.

— Атам сизди эмнеге өппөй кетти? – деген Анардын суроосу жоопсуз калды.

Адатта ишине жөнөрдө балдарын, колуктусун эркелетип, арбиринин бетинен өпмөйүн сыртка кадам таштабаган Качкынга бул күнү эмне болду?!

Күндөгүдөй бака-шака жок, кухняда бүгүн үчөө гана соксоюп отурушту. Жамалдын бир жерди тиктеп үн катпаганынан улам Эрасыл менен Анар да бири-бирин тиктеп үн-сөзсү. Атүгүл колдорундагы кашык, кружкалардан да үн чыкпады. Экөө чочулоо менен отурушту. Кыйладан кийин Жамал үн катты.

— Анар… Эмне түштү айтып атат элең жана?

Анар атасына айткан түштү кайталап келатканда, Жамал кызын токтотуп койду:

— Стоп! Та-ак… Чын эле ажыдар беле же? – Жамал тактап сурады муну.

— Да! Апа… Ажыдар! Йе… баса, апа! Оозунан кызыл жалын чыккан ажыдар экен… – деп балатыны кооздогон оюнчуктардын арасындагы ажыдарды көрсөттү. – Так ушундай!

Апасы терең үшкүрүнүп койду муну угуп. Өңү өзгөрүп, ой басып мелтейди.

— Баарыбыз адашып… дейсиңби кызым?.. Кимибиз адашып?..

— Баарыбыз! Жо… баарыбыз эмес. Эрасыл экөөбүз чогу. Силер… – Анар апасынын кызыгуусун жараткан түшүн жандуу сүрөттөп баштады:

— Атам токойду аралап өзүнчө… сиз өзүнчө кеттиңиз…

— Баарыбыз адашкан жокпуз кызым, атаңар адашып жүрөт… Көптөн бери адашып жүрөт атаңар… – Жамалдын үнү мукактанып, ыйлап жиберчүдөй угулду Эрасыл менен Анарга. Алдыңкы эрдин тиштенип, жаак эти титиреген Жамалдын мындай түрүн уул-кызы мурда эч көрбөгөн… Алар муну сурап тактагандан айбыгышты.

«Чоң кишилердин сөзүнө аралашпай жүргүлө» деп дамамат эскерткен катуу тарбияга көнгөн балдар кайра суроо бергенге батына алышкан жок. Анарга атасы менен апасынын бүгүнкү мамилеси ажыдар кирген түштөгү окуядан да коркунучтуу туюлду. А Эрасыл Анарга кызыгуусу артып шыбырады:

— Түшүңдү кайра айтчы маа…

— Айтпайм! – Түшүн кайра айткандан коркту.

— Тезирээк кийингиле, бала бакчадан кечигесиңер, – деди Жамал ангыча.

II

Жаңы жыл босогодон аттаарда Жамал каргашалуу «Кармен – сулуулук салонунда» болгон. Корпоративдик кечеге жасанып баруу үчүн салонго кире калган Жамалдын көзүнө адегенде Гүлзар аттуу бой-турпаты келишимдүү кыздын бейжиги көзгө урунду. Ажарлуу кыз Жамалды босогону аттагандан эле жайдары мүнөз, илбериңкилиги менен тосуп алды.

— Педикюр, маникюр жасатканы келдим эле, – деди ага.

— Бул жерге жайгашып олтуруңуз, – деди кардарга кичипейил Гүлзар.

Жамал жумшак креслого жайгашары менен көзүнө абыдан тааныш кутуча урунду. Бул кутуча өзү иштеген зергер өндүрүштүк ишканасына таандык. Муну жаңылып-жазбай тааныды. Кантип тааныбайт… Заказды кабыл алган бир гана өзү. Дагы бир таңгалыштуусу: өтө сейрек, өтө саналуу заказ менен жасалган мындай кымбат баалуу буюмду сулуулук салонунда педикюр, маникюр жасагандар сатып алуусу мүмкүн эмес. Чанда бир чама-чаркы жеткендер заказ берген бул буюм сулуулук салонуна кайдан келди?! «Мындай болушу мүмкүн эмес» деди ою. Жыл соңуна жакын мындай заказдын үчөөсү парламенттин комитет төрагасы тарабынан күйөөсү Качкын аркылуу заказ кылынган! Парламенттин комитети тарабынан тапшырылчу мындай кымбат белек оңду-солду тартууланбашы керек эле го! Бири – президенттин жубайына, дагы экөө премьер-министр менен спикердин жубайларына арналган заказ дешкен.

— Маникюрдан баштайынбы эже?

— Ии… – деген Жамал кутучадан көзүн тарта албады.

«Кокус өзүбүздүн өндүрүштүк ишканадагылар жең ичинен чыгарып саткан товар эмеспи?!» деген ой тынчын алды. «Же биздин ишкананын атын саткан зергер буюм өндүрүүчүлөр пайда болгонбу?!» Тынчсыздануусун билдирбегенге аракеттенди. Компания үчүн чоң чууну жаратар кенедей ишке кылдат мамиле керектигин түшүндү. «Муну кандай териштирсем экен?!»

— Көрөсүзбү? – деген Гүлзар кутучаны Жамалга карматты күтүүсүздөн. – Аябай кызыгуу менен тиктедиңиз го муну… – деген ажарлуу жаш кыздын оюнда чынында эчнерсе жок болчу.

«Өзү! Өзү!» деди ичинен. Ажыдар сүрөтү түшүрүлгөн кутучаны жазбай тааныды!

— Ажыдар жылына карата сыртынан өйдө абыдан сонун жасалгаланыптыр, – деди Гүлзар да кардары таңыркап караган буюмга мактангандай түр менен.

Чынында бул белек саналуу сааттар мурун эле колуна тийген Гүлзардын жүзү албырып, кубанычын жашыра албай жүрөгү тыбырчылап отурган. Кубанычтын толкунун айланасындагы кыздар менен жаңыдан бөлүшүп баштаганда, сырттан жаңы кардар пайда болду. Болгондо да байыстуу, аземдүү кийинген айым аттады босогодон. Адатта мындай айымдарга Гүлзар да илбериңки болууга аракеттенет. Антпесе мындайлар текеберсинген мүнөзүнө салып, тез эле артына кайрылып кетерин жакшы билет ал. Бирок салабаттуу көрүнгөн айым жумшак креслого отурары менен негедир Гүлзарга тартууланган белектен көзүн тарталбады. Өзүнүн сүйүктүү адамы тартуулап кеткен кутучадан көздөрүн алалбаган кардардын манжалары менен мойнундагы асыл мончок таштарга өзүнүкүн салыштырды ичинен. «Сеники кымбатпы же меникиби?» деген тымызын атаандашуу сезими ойгонду. Бирок кардарынын мойнундагы асыл таштар менен сөйкө, шакектер кымбатпы же өзүнө тартууланган белекпи?.. Ажырата албады.

— Абыдан укмуш чеберчилик менен жасалыптыр, – деди кутучанын ичине да, тышына да көз жүгүрткөн Жамал. Тек гана «Cага муну ким белекке берди?» деген суроо тил учунда эле турду. Бирок сыр алдырбаганга аракеттенди. Азыр анын абалы түбүнөн быкшып турган жалын отко окшош эле. Жамал мына-мына жалыны дүрт деп жанаар чокту оозунда кармап отурду. Тилин тишине катты…

— Берсең даа бир сыйра көргөнгө, – деди ары жактан кепке аралашкан салондогу кыздардын бири Айдай. – Вау… Классно! Это мечта любой женщины! Поздравляю тебя Гульзарка… Ну сен эмне отказываешься от его предложение? Чыга бер турмушка, ал сенин баркыңа жетчү эркек…

— Бирок мен анын жашыруун никедеги аялы болгум келбейт. Түшүнөсүңбү? – деди Гүлзар текеберсинүү менен. – Я хочу иметь полноценную семью!

— Что еще надо тебе, Гульзар? Ал сага бүгүн жаңы жылды үйбүлөлүк майрам катары бирге тосорун айттыбы? Айтты. Значит…

Ушул учурда Гүлзардын уюлдук телефону чырылдап калды.

— Эже, телефонго жооп бере коёюнчу, – деген Гүлзар Жамалдан бир ооз уруксат сурамыш болуп, бирок кардардын «мейли» деген жообун күтпөстөн телефонун шашылыш көтөрдү.

— Как милая твое настроение? – Телефондогу эркектин үнү даана угулуп турду. Үн Жамалга тааныш…

— Отлично… Качкын Сатарович. Как вы уже подъезжаете?

— Да милая, я уже возле вашего салона… – Муну уккан Гүлзардын шаштысы кетип калды. – Я сию минуту…

Жамалга жаңы эле маникюр жасап бүтүп, педикюрду баштаган Гүлзар, Айдайга кайрылды:

— Айдай, пожалуйста… Сенде клиент жок ко пока… Эжеге педикюр жасай салчы. Я в долгу не останусь… Выручи пожалуйста!

— Девушка, что за отношение у вас к своим обязанностям?! – деген Жамалдын көзүнөн заар чачырап чаңырды. Ордунан атып туруп, көздөрү сырттагы Качкын Сатарович отурган KG номурундагы машинеге кадалды. – Я вам сию минуту устрою… – деп өң-алеттен кеткен Жамал уюлдук телефонуна чалып, күтүүсүздөн өктөм үнү угулду:

— Качкын Сатарович! Жашыруун никедеги катыныңа келдиңби?! Заходи прямо в салон! Ждем-с…

Салондогулар бомба түшкөндөй селейди. Албууттанган Жамал Гүлзарга тартууланган кутучаны алгыр куштай колуна илип, көчөгө атырылды. Сыртта машинесинен түшөр-түшпөсүн билбеген Качкын Сатарович көрүндү. Салондон чыккан Жамалды, Жамалдын колундагы кутучаны көргөндө, башы жерге шылкыйды. Ал дароо кылычтын алдында шилиси кесилер адам өз жазасын күткөндөй шөлбүрөдү. Азыр ага колуктусунун айбаты канжар кылычтын мизинен да коркунучтуу эле…

— Бутумдун тырмагын тазалаган кыз ушул белекке татыктуу болуп калдыбы сага?!

Качкындан үн-сөз чыккан жок. Шөмтүрөп, мөгдүрөп турган адамдын кейпин кийди.

— Дагы экөөсү кана?! Ал экөөсүн дагы кайсы жашыруун никедеги канчыктарыңа тартууладың?! Айт… айт деп атам! Же президенттин да жашыруун никедеги катыны барбы сеникиндей? Же төрагаңдынбы?! Айт деп атам!

Албууттанган Жамал Качкындын бульдог иттикиндей салаңдаган бетине шалп түкүрдү. Ага кыбасы канбай, кутучаны күйөөсүнүн чекесине толгоду, бетине толгоду. Качкындын бети пластилин оюнчук сымал толгонуп буралганын сулуулук салонунда иштеген кыздар терезеден үрөйлөрү учуп тиктеп турушту. Алар мындай ырайы бузулган адам жүзүн көрүшкөн эмес эле. Адамдын бети пластилиндей чоюлчак болорун сулуулук салонундагылар биринчи жолу көрүштү…

Сыртты шыңаарлап тиктеген кыздардын арасындагы Гүлзар болсо кирерге тешик таппай кыйпычыктады. Ал өз кезегин күттү…

Олжобай ШАКИР
2015-ж., декабрь

0 Replies to “Жашыруун нике”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *