№18

Бүтпөй калып уясын,
Сыртта калды күчүгүм.
Кыйнап жатса уятым,
Жылуу үйүмдө үшүдүм.

Сыртка чыксам — жанымда,
Үйгө кирсем зеригет.
Чынымды айтсам жашырбай,
Жакын көрөм инимдей.

Байкесиндей эми аны
Ойнотууга тырышам.
Байкеме окшоп мен дагы,
Шоктонсо аны урушам.

МЕН ЧОҢДОРГО ТААРЫНАМ
Кызык оюн кечирдик,
Бир күн кечке секирдик.
Көз байланып калганда,
Кеч киргенин кеч билдик.

Бизден кетти чекилик,
Чакырган үн эшиттик.
Атам, апам, чоң апам,
Койгой эле кечирип.

Мынча кызык, ойлоном,
Достор менен ойногон!
Мен таарынам чоңдорго,
Бир түшүнүп койбогон.

Тойбой калам оюнга,
Чыкпас болсо соңуна.
Таарынчым бүт унтулат,
Топ тийсе эле колума.

Сынак шарты менен ушул жерден тааныша аласыздар.

P.S. Сынакка келип түшкөн чыгармалардын авторлору жана калыстар курамындагы төрт адамдын аты-жөнү сынак жыйынтыгына чейин эч жерде жарыяланбайт. Азырынча купуялык үчүн ар бир автор номер түрүндө гана белгиленет.

Аталган сынакка катышкан авторлор менен калыстар курамындагы адамдар туурасындагы маалымат сынактын жыйынтыгынан кийин гана коомчулукка жарыяланат. О.э. бул сынакка тандалган калыстар курамындагы мүчөлөр да азырынча бири-бирин тааныбайт…Балдар үчүн жарыяланган бул сынак объективдүү баасын алсын үчүн сынактын катышуучуларынын да, калыстар курамынын да аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбоону туура көрдүк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *