Мурза ГАПАРОВ

АҢГЕМЕ

Баткенге ал акыркы рейс менен учуп келди. А өзүнүн түнөгүнө, автобус жүрбөй калгандыктан, көрүнгөн машинеге кол көтөрүп отуруп, саат он ченде араң жетти. Жалгыз үйдүн жалгыз терезесинен жарык көрүнбөйт, бүгүн эч ким токтобоптур көрсө. Түн ичинде бирөө-жарым бурулуп калышы ыктымал, тогуз жолдун тоомунда эмеспи бул ээн жердин ээсиз бекети…

Бекеттин эшигинде дайымкыдай эле кулпу жок. Иса аны качырата ачып, ичкери кирди. Үйдүн ичи муздак, караңгы. Ал желкесиндеги сумкасын жерге коюп, көпкө чейин сыйпалап күкүрт издеди. Күкүрт өз ордунан — очоктун боюнан табылбады. Очоктун эки жагындагы текчелерди тинтип көрсө, казан-аяк калдырайт. Дубалдын боорунда чалдын нан салган эски куржуну, туз баштык жана чай салгыч калталары болчу эле деп, аларды караштырды. Куржундан колуна тандырдын катыган наны урунду, туз баштыкта туз, чай салгычта чай бар экен, бирок күкүрт жок. Күкүрт түгөнгөн же аны бир чылым чеккен айбан чөнтөгүнө салып кеткен. Эми эмне кылыш керек? Жөн эле жатып алганга курсак ач, анын үстүнө жатакана суук болуп жатпайбы, аны жылытып жатпаса, уйкусу келеби кишинин…

Исанын айласы кетип, дубалга жөлөнүп отуруп калды. Бул жерде бир түнөгөн кишиге баарысы бар: төшөнчү идиш-аяк, нан, чай, туз дегендей… Ал турмак ичкилик ичкендерге закуске — калемпир, пияз да болуп калат кээде, а намаз окуймун дегенге — дубалда таар жайнамаз илинип турат. Али ава апта сайын он чакырым таштак жолду жөө басып келип, кемпири түйүп берген тамак-ашын таштап, а үйүн болсо жыйнаштырып кетет. Ажайып абышка. Бул бекетти ал атайы жолоочулар үчүн салган. А жолоочу дегениң бул үйгө көпкө токтойт. Фергана же Ош жактан келаткан автобустардан түшүп калып, өздөрүнүн алыскы айылдарына барчу машинелерди күтүшөт. Ал эми ал айылдарга машине сейрек жүрөт, шондуктан көпкө күтүүгө туура келет, а кээде өтө кеч калышса, түнөгөнгө аргасыз болушат. Мындай учурларда алар очокко оттон жагышат, үйдүн артында агып жаткан дарыядан чакалап суу алып чыгып, чай коюшат… Иши кылып, ээсиз үйдө ээн-эркин отуруп, өздөрүн мейман кылышат. Ошондо алардын кээ бирлери Али аваны эстеп, ага сыртынан рахмат айткан болот, а көпчүлүгү буга да жарабайт: чалдын чай-нанын ичип-жеп, үйүндө түнөп алып, эртесинде шашып-бушуп жөнөп кетишет…

Али авадай апенди кишини Иса биринчи жолу Өзгөн менен Оштун ортосундагы ээн талаадан жолуктурган. Албетте, ал кезде адамдар азыркыдай автобус, менчик машинелерде эмес, араба-ат же жөө-жалаң катташчу. Ошондуктан, алар үчүн жол азабы — көр азабы эле. Мына ошол алыскы өткөн мезгилде, жай саратандын аптабында акактап келаткан жолоочунун жолунда дайыма бир кумура булактын муздак суусу күтүп туруучу. А булактын суусу муздак сакталсын үчүн кумура жерге көмүлүп, бетине жыгач жабылып, а капкактын үстүнө алюмин кружка коюлчу. Бир жолу Иса ошо алюмин кружка менен суу сузуп ичип отурган учурда, кокусунан, жол жээгиндеги калың бадалдын арасынан кичинекей, купкуу чал чыга келген. Чалдын колунда бир челек суу бар экен. Чал суу ичип отурган жолоочу жигитти көрүп, өзүнчө момун жылмайып: «Ич, балам, иче кой…» — деген. Анан челегиндеги сууну кумурага оодара куюп, анын капкагын кайра жаап, унчукпай жолуна түшкөн. Ошондо гана Иса кумуранын ээси ким экенин билген. Билип, чалдын артынан: «Рахмат, ава!» — деп кала берген. Бирок анын рахматын чал уккан эмес, челегин чыйкылдатып, калың бадалдын арасына кирип, көздөн кайым болгон…

Кийин Иса ал аппак чалды өзүнүн «Ата Журттун сокмо жолдору менен» деген китебинде кыстарып кетти. Али аваны да киргизген. Бул китепте мындай ыймандуу адамдар толуп жатат. Өзүнүн дайдилик турмушунда Иса жалаң жакшы адамдарды жадына тутуп, сулуу аялдар менен кооз жерлердин элестерин гана эстеп келет. Мунун китеби — жакшылыктын китеби, сулуулуктун китеби. Бирок китеп али жарык көрө элек жана жазылып бүтө элек. Мүмкүн ал анын өмүрүнүн аягына чейин жазылар. Бул — анын өмүрлүк китеби, башкы китеби.

Иса талыган буттарын сунду. Бутунун учу шырык дей түштү. Эңилтип жерди сыйпалап көрсө, колуна күкүрт урунду. Исага жан кирди. Дароо күкүрттү чагып, өзүнө тааныш ташпанарды издеди. Ташпанар киребериштеги түркүктө илинип туруптур. Ал ташпанарды жерге алып, караңгыда анын шишесин чыгарып, пилигин укалады. Кийин кайрадан күкүрт чагып, пиликти күйгүздү да, шишени кийгизди. Шише суукта туруп муздап калыптыр. Адегенде анын ичи күңүрт туманга айланып, анан бара-бара туман суюлуп, а жарык коюуланып отуруп, акырында үйдүн ичи кичине көзгө көрүнө баштады. Бирок булуң-бурчта дагы эле караңгылык уюп жатты. Иса чыракты ордуна илбей туруп, темир чаканы издеди. Чака текчеде экен. Анын ичи какшып, түбүндө жука муз тоңуп калыптыр. Демек, суу алып келиш керек деп чечти Иса. Ал бир колуна чаканы алып, бир колуна чыракты кармап, дарыяга жөнөдү. Дарыяга ийри-муйру ичке жол менен кыялап түшүп барыш керек. Дарыянын жээгинде чычырканак өсөт, алардын арасы шагыраган таш. Иса чычырканакты этияттап аралап барып, акырында дарыяга чыкты. Адегенде чаканы бир-эки курдай чайкап, анан ага суу сузду. Мына ошондо чакадагы чайпалган суунун бетиндеги чайпалган жылдыздарга көзү түштү. Иса дароо асманды карады. Асман ачык, а анын бетиндеги жылдыздар коюу жана тунук экен. Буюрса, бүгүн таңга жуук ай чыгат деп сүйүндү Иса. Анан кырка тоолор тарапты карап, Айгүл тоонун кайсы тушта экенин аныктамак болду. Бирок Айгүл тоо эмес, анын артындагы бийик тоолор дагы көрүнгөн жок. Тоолор да, алардын этегиндеги кең талаа да караңгылыктын астында көшүп жатат…

Иса бекетке кайтып келип, дароо очокко от жакканы киришти. От тутанып, алоо пайда болгон кезде, чөгүнгө чай койду. Бирпастан кийин очоктун бою ысып, анан оттун табы аста-секин үйдүн алыскы булуң-бурчуна карай таркай баштады. Иса үстүндөгү тери курткасын чечип таштап, очоктун боюндагы көлдөлөңгө дасторкон жайып кирди. Дасторконго чалдын нанын койду биринчи иретте, кийин өзүнүн сумкасын ачып, атайы Фрунзеден бери алып келаткан бир шише коньягын, дунган аялдан сатып алган ачытылган калемпирин алып чыкты. Бүгүн саат 2де, 22-марттын түнү кирет. Дагы жарым сааттан кийин. 22-март — бу кишинин туулган күнү, билсеңиз. 22-мартта күн менен түн теңелет эмеспи, эсиңизде болсо. Анан… 22-март деген — жаңы жыл да бизчесинен, Нооруз майрамы да! Мына бүгүн биз эки майрамды кошо майрамдайбыз: туулган күнүбүздү жана жаңы жылыбызды…

Биздин бала кезде бул түнү бүт айыл биригип чоң-чоң кара казандарга сүмөлөк кайнатышчу. А очоктор адатта колхоздун өрүкзарына казылчу. Өрүктөр бул маалда чатырап гүлдөп калган болот. Таңга маалда ай чыгат. А айдын жарыгында, апаппак өрүктөрдүн арасында, жаштар тоотмек ырын ырдашып, а балдар ак чөлмөк ойнойт элек… Кайран биздин балалык, эсил биздин күлгүн курак… Өттү да, кетти. Эми минтип бир кездеги сулуу беттин кан-сөлү качып, кара чачты кыроо басып, кырк сегиз менен кырк тогуз жаштын ортосундагы көзгө көрүнбөгөн кыл көпүрөнүн үстүндө турабыз. Кырк сегизинчи эски жылды узатып, кырк тогузунчу жаңы жылды тоскону отурабыз…Иса саатын караса, он эки болуп калыптыр. Ал чалдын пиаласына толтура коньяк куйду да, анан өзүнчө тост көтөрдү: «Рахмат сага, турмуш, — деди. — Сенде жашоо мен үчүн зор рахат!» Коньягын ичип жиберди. Коньяк өзөгүн жагымдуу куйкалап ылдый түшүп кетти…

Иса сөлү качкан тандыр нандан качырата бир тиштеп алып, чай демдегенге киришти. Бул жаз дагы жакшы башталды деди ал ичинен. Бүгүн таңда Айгүл тоого чыгам, а тоодон түшүп келип, тажиктердин шаарына, Исфарага жөнөп кетем деп ойлоду. Исфара жазда укмуш көркүнө чыгат. Шаардын ичи тазарат. Шаардагы жана анын жака-белиндеги өрүктөр, шапдоолулар гүлдөп кирет… Исфарада эки-үч күн туруп, андан ары Коконго түшүп кетет. Исфара, Кокон, Маргалан… — Фергана өрөөнүнүн бул майда шаарларын Иса абдан жакшы көрөт. Азырынча булар чыгыш шаарларынын эски үлгүлөрүн сактап келатышат. Тар көчөлөрү, тамбашы жалпак жапыз тамдары, кызыл-тазыл базарлары, суу боюна салынган чайканалары, түрктөрчө курулган мончолору… Баарысы Исанын жан дүйнөсүнө жакын, аларды көргөн сайын анын көңүлү көтөрүлөт, делебеси козголот. Айрыкча Кокон шаары… Коконго бир жылда бир ирет тийип өтпөсө, ошол жылкы турмушуна анча алымсынбай калат бул.

Кокондо биринчи жолу ал Гөвар менен болгон. Гөвар анда институтта окучу, он тогуз жаштагы ойсеке кыз эле, жувармек. Калп эле оорудум деп ооруканадан үч күнгө кагаз жаздырып алып, Иса менен кошо Коконго жөнөп берген. Коконго экөө кеч келишип, мейманканага орношо албай, чайканага түнөштү. Чайканачы чал адамгерчиликтүү киши экен бечара, булардын ал-ахывалын түшүнгөн соң, дароо эле макул болду. Ал турмак, чайканасын жаап жаткан жеринде, кайрадан экөөнө чай демдеп, алдыларына нан, нават коюп, анан кетти үйүнө. Бул экөө шашылбай отуруп курсактарын тойгузушту. Кийин сөрүдө жайылып жаткан төшөктөрдү жыйнашып, өздөрүнө жай салганы киришти. Мына ошо кезде кыз кокусунан кыйкырып жиберди. Көрсө, терезеден бир түрү суук мас киши экөө таңыркап карап туруптур. Иса басып барып, чыракты өчүрүп койду. Мас чалыштап басып кетти. Экөө нарыдан бери чечинишип, кучакташып жатып алышты. «Мен бул түндү эч качан унутпаймын», — деп шыбырады кыз караңгыда…

Саар менен чайканачы саат алты ченде келди. Ага чейин булар туруп, бетин-колун жууп, төшөктөрүн өз-өз ордуна төшөп коюшкан.

— Кандай, балдарым, жакшы жаттыңарбы? Үшүгөн жоксуңарбы? — деп кирди чал жайдары түрдө.

Кеч күз, суук болучу. Чынында кичине үшүп чыгышкан.

— Рахмат, ата, үшүгөнүбүз жок, — деди Гөвар.

— Эми биз кетели, — деди Иса.

— Э-э, мен азыр чай кайнатам, чай ичебиз, — деди чал.

— Чайыңызды ичтик, ава. Азыр биздин убакытыбыз тар…

Ошентти да, Иса чөнтөгүнө кол салды.

— Э-э-э, жо-жок! — деди чал анын оюн түшүнүп.

Иса менен Гөвар бири-бирин тиктешип туруп калышты. Кийин, Иса сумкасын ачып жиберип, андан жапжаңы калпак алып чыкты. Өзүм кием деп буякка жөнөөрдө сатып алган болучу. Ошону чалга сунду.

— Биз сиздин чайканаңызды эстеп жүрөлү, а сиз бизди эстеп жүрүңүз, — деди ал.

— Э-э, таза кызык иш кылдыңар го, — деди чал, арсар түрдө.

— Алыңыз, алыңыз, ата! — деп кыстап жиберди Гөвар. — Болбосо таарынабыз.

— А майли, — деди чал акырында. Ал калпакты колтугуна кысты да, анан эки колун алдыга сунуп, экөөнө бата берди. — Оомийин, өмүрүңөр узун болсун, ылайым. Бул турмуштан ойноп-күлүп өткүлө. Облоу-акибар!

— Рахмат, ава, жакшы калыңыз, — деди Иса.

А Гөвар болсо чалдын жаагынан өөп койду. Күтүлбөгөн жоруктарга уста болучу бул кыз.

Эшикке чыгышса, эртең мененки үрөң-бараңда, чайкананын оозунда бир топ жаш кыздар, жаш балдар катар тизилип алып, тандыр нан, бал, каймак сатып турушуптур.

— Ой! — деп кыйкырып жиберди, муну көрүп Гөвар. — Таң атпай жатып… тамак-аш даяр…

— Бул жер сенин Фрунзең эмес, айымкыз, — деди Иса. — Сенин шаарыңда чак түштө кайда барып тамактанарыңды билбейсиң.

Аңгыча балдар чурулдап кирди:

— Нан алгыла!

— Бал алгыла!

— Каймак алгыла! — деп…

— Эртең мененки ырыскыдан кыя өткөн болбойт, — деди Иса.

Ал кыздардын бирөөнөн эки нан сатып алып, бирин Гөварга карматты. Экөө эртең мененки суукта бири-бирине ыктай басышып, ысык нандан рахаттана чайнашып, шаарды кыдырып келгени кетишти…

Ошол эле күнү кечинде Маргаланга келишти. Маргаланда бир түн түнөп, эртеси түш ченде Ферганага карай жол тартышты. Фергана экөөнө тең жаккан жок. Алар аэропортко барышты да, акыркы рейс менен Фрунзеге учуп кетишти…

Жакшына кыз эле деп койду Иса. Сулуу десең — сулуу, акылдуу десең — акылдуу. Бирок тийген күйөөсүн түшүнүп болбойт…

Кийинки жылдын кышында, бир күнү эртең менен өз үйүнөн чыгып баратса, бир бейтааныш жаш жигит мунун алдын торой басты. Жигит узун бойлуу, ыманы ысык экен, анын ак жуумал, арыкчырай жаактарында эми гана кара түк пайда болуп, эриндеринин кызылы кете элек али. Иса таңыркай анын маңдайына туруп калды.

— Мен Гөвардын күйөөсүмүн, — деди бала. Күйөөгө тийген экен да бийкеч деп койду Иса.

— Коош?

— Гөвар айтат: Иса Эшматов менин өмүрүмдөгү биринчи эркек дейт. Ушул чынбы?

Иса аргасыздан мулуюп койду. О-о, жаш колуктуну колдош керек экен деди. Жакшылык иш үчүн, чындыктын атасы өлсө да, калп айтыш керек.

— Чын, — деди Иса.

Жаш күйөөнүн жүзү нурдана түштү. Ушу тапта ал Иса менен достошконго даяр эле.

— Сиз… демек, ушул үйдө жашайт экенсиз да? — деди ал, Исанын үйүн кыдырата карап.

— Таап келиптирсиң го, — деди Иса.

— Жазуучулардын справочнигинен билдим, — деди күйөө.

— Дагы суроо барбы?

— Мм… А эмне үчүн Гөварга үйлөнбөдүң? Сиздин аялыңыз жок турбайбы?

— Гөвар тийбейм деп койду. Өзүң көрүп турбайсыңбы, мен андан эки эсе улуумун да. Гөварга мына сен жарашасың. «Тең-теңи менен тезек кабы менен» деген бар эмеспи.

— Мунуңуз туура, — деди бала.

Иса: бул дагы эмне жөнүндө сурар экен деп коркуп турду. Кудай жалгап, суроосу түгөнүптүр.

— Болуптур эмесе, жакшы калыңыз, — деди да, чукул бурулуп, көңүлдүү түрдө басып кетти. Исага ал өзүнүн сүйүктүү обонун ышкырып ырдап бараткансыды…

Кызганыч деген кыйын иш деди. Чехов: «Жалгыздыктан корксоң, үйлөнбө» — дептир. Буга бизден кошумча: «Кызганчаак болсоң, аял алба».

Аялдарга айла жок.

Айганыштын күйөөсү бул экөөнүн жашырын жолугушуп жүргөнүн билгенде, боздоп ыйлап жибериптир. А соолуккандан кийин Айганыштан: сен аны менен канча жолу жолугуштуң деп такып отуруп алган имиш. Бир гана жолу дей бериптир Айганыш, улам сураган сайын. Ошенте берсе, тигил неме акырында кыйла эс алып, жоошуп калыптыр…

Аялдарга айла жок. Бирок мен баарыңарды жакшы көрөмүн деди Иса. Алиге чейин. Сени дагын… Сени дагын… Сени дагын…

Исанын оюна койсо, жакшы көргөн аялдарынын ар бирине аңгеме арнап чыкмак, бирок, алардын алган жары бар да, же тием деген кишиси бар. Шондуктан, мунун жакшылыгы жамандык кылып кетиши ыктымал…

Иса үстүндөгү эски свитерди назик сылап койду. Свитердин эки чыканактары сүзүлүп, ичиндеги көйнөгү көрүнүп турат. Айганыштын белеги. Айганыш муну өз күйөөсүнөн сатып алган. Күйөөсү, өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, ар түркүн база складдардан табылгыс буюмдарды таап чыгып, анан аларды ар кимге ашыкча наркта сатып, жыргалын көрөт. Айганышка да ал эки эсе кымбатка саткан…

Иса Айганыштын кымча бел кыска боюн, кундуздай кара чачын, апаппак сулуу жүзүн элестетти. Айнанайыным деди жүрөгү элжиреп…

Буюрса, аз күндө Жалал-Абадда болот. Айганыш ар дайымкысындай Оштон Жалал-Абадга келип, аны автостанцияда күтүп отурат. Анан экөө автобуска отуруп, Арстанбапка жөнөп кетишет…

Айтмакчы, Арстанбаптын жазын Айганыш али көрө элек. Экөө жайында жана күзүндө гана барып жүрүшөт. А жазында бирге болушпаптыр көрсө. Мына быйыл көрүшөт жаңгак токойдун жазын. Адаттагыдай эле Айкыз кемпирдин үйүнө токтошот. Айкыз кемпирдин үйү тоонун боорунда, ээн жерде, эки кабат. Биринчи кабаттын бир бөлмөсүндө өзү жашайт, а экинчисине эчкилерин камайт. А үстүңкү кабатын бүтүндөй бул экөөнө бошотуп берет. Экөө бул жерде каалаганда жатышат, каалаганда турушат. А эртең менен буларды дайыма Айкыз кемпир ойготот.

— А-ай, уйкучулар! — деп кыйкырат ал ылдый жактан. — О түшпөйсүңөрбү эми ылдый, нанүштө кылалы. Эчкинин сүтү бышып калды…

Биринчи болуп Иса турат. Туруп түз эле терезеге келет. Терезеден адегенде дарыянын наркы өйүзүндөгү ак карлуу бийик чокулар көрүнөт. Анан ылдыйлап карап отурсаңыз, көп өтпөй эле сейрек токой башталат. Бара-бара токой коюуланып отурат. Кийин ошол коюу токойдун ар кайсы жеринде апаппак аралдар пайда болот. Алыстан куду эрий элек карлардын аралары болуп көрүнөт. Бирок берки өйүзгө өтүп, кемпирдин үйүнө карай өрлөп отурсаңыз, алардын гүлдөп турган алчалар экенин ажырата баштайсыз…

Иса жаңыдан кийинип бүткөн Айганышты ээрчитип кемпирдин жыгач тепкичтери менен ылдый түшүп барат. Кемпир очоктун боюнда күймөнүп отурган болот.

— Тезирээк жуунуп келгиле, — деп айтат ал болсо болду.

Экөө кемпирдин жалгыз аяк жолу менен кемпирдин булагына жөнөшөт. Жалгыз аяк жолу тоону капталдап, чатырап гүлдөп турган коюу алчалардын арасы менен ийри-муйру соймоңдоп отуруп, кичинекей жылгага түшүп барат. Жылганы да апаппак алчалар каптап турат. Булак ошол алчаларды аралап агып барып, тээ ылдый сайдагы дарыяга барып кошулат. Балыктар урук чачкан учурда ал дарыядан миңдеген форелдер бөлүнүп, булактын суусу менен куду анын көзүнө чейин чуурулуп чыгып келишет. Иса менен Айганыш жуунганы эңилгенде, балыктар алардан үркүп, чоң таштардын астына же алчалардын арбайган тамырларынын артына шумкуп кирип кетишет. Булак абдан тунук… Айлуу түндөрдө суу алам деп түшүп калсаңыз, суудагы форелдерди күндүзгүдөй ажырата көрөсүз. Форелдер сууга чагылышкан алчалардын шактарын аралап, каалгый сүзүп жүрүшөт….

Кеч күздө болсо алчалардын бариги күбүлүп түшүп, сапсары бариктер булакты таптакыр көөмп салат. Анда сиз булактагы форелдерди да, ага чагылышкан алчалардын өзүн да көрбөйсүз. А кышында андан бетер. Кышында суунун бетинде калың кар жатат. Кардын астынан булактын үнү араң-араң гана угулат. Кар астынан алчалардын терилбей калган кызыл-тазыл мөмөлөрү мөлтүрөп турат. Алчанын капкара көөдөнүнө бир тепсең, апаппак мамык кардын бетине кызыл, сары, кара түстөгү алчалар жайнап жатып калат. Алар абдан муздак, тиштесең тишиң зыркырайт. Шондуктан, эң жакшысы, кемпирдин жайпак жыгач табагына толтура терип келип, печкенин жанындагы текчеге коюп кой. Жарым сааттан кийин алчанын муз-кары эрип, өзүнөн-өзү жалтырап жуулуп, жылып калат. Мына ошондо Айганыш экөөң табакты ортоңорго койгула да, бири-бириңди жылмая карап коюп, каалаганча жей бергиле…

Исанын «Кар астындагы алчалар» аттуу аңгемесинде Арстанбаптын кышы жазылган. Ал эми азыркы жазам деп аткан повести Арстанбаптын жазына арналат. Кудай буюрса, Арстанбаптан Фрунзеге кайтып барар замат, машинкесин алат да, Ысык-Көлдү көздөй жөнөп кетет. Көлдүн тескей жээгинде «Кайнар булак» деген кичинекей пансионат бар. Пансионат ошол жердеги колхозго карайт, анда колхозчулар гана эс алышат. Бирок эс алуу сезону июндан сентябрга чейин гана созулат. А калган мезгилде «Кайнар булак» эл-журтсуз ээн жатат. Кароолчу кайтарат, албетте. Кароолчусу тил билги киши бечара. Исаны башкарманын аялы жашачу бөлмөгө гана жаткырып коёт. А анын балпайган байбичеси муну күн сайын үч маал чайга чакырып турат… Исанын иши ал жерде жакшы жүрөт. Ар күнү эртең менен эрте туруп, эртең мененки ак тумандын астында жаткан көлдүн ээн жээгин бойлоп, алыска-алыска чуркап барып келет. Анын чуркаган таштак жолун калың кыроо басып калат. Жол коюу чычырканактарды аралап соймоңдоп кете берет. А чычырканактын ичи жык жапайы коён. Байкуш коёндор таң атканча өз жатактарында үшүп жатып, а таң атаар менен жолдун боюна чыгышып, күндүн алгачкы нурларын күтүп, беттерин күн чыгышка тосуп, ар кайсы жерде чочоюп-чочоюп отуруп алышат. Биринчи күндөрү чуркап келаткан Исадан чочуп, чычырканактын ичине томураңдап качып кирип кетишет. Бирок бара-бара бул адамдын зыянсыз экенин көрүп, аны кенебей отура беришет. «Эй, коёндор, салам!» — деп өтөт Иса анда алардын алдынан…

Эртең мененки даярдык бүткөн соң, Иса машинкесинин маңдайына келип отурат. Ошол бойдон ал кечке ордунан турбайт. Кечке чейин канаттары кайрылып, сөөмөйлөрү безилдеп ооруп калат. Бирок кечинде, кылган ишине ыраазы болуп, көңүлү көтөрүңкү түрдө пансионаттын ысык ванналары камалып жаткан жалгыз үйгө келет. Үйдүн бир ачкычы өзүндө болот. Ал шашылбай чечинип, көп сандаган ванналардын бирине түшөт да, анан жердин тээ түпкүрүнөн оргуп чыккан кайнак сууга чөмүлүп, көшүлүп жатып калат. Кайнак суу анын сууктан сыздаган сай-сөөгүн жибитип, жумуштан талыкшыган тулку-боюн жеңилдетип, жан дүйнөсүн жыргалга батырат…

А кайнар булактан кайтып келип, сүрмө сандыктагы сапсары коньяктан жүз грамм ичип алып туруп, анан апаппак шейшептердин арасына кирип кетет.

Иса жарымдай бөксөрүп калган шишесинен дагы бир жолу куйду да, бирок аны ичпестен туруп жатып алды. Куюлган коньягын ал эки сааттан кийин, ойгонгон кезде ичти. Ичип, курткасын кийип, а сумкасын үйгө калтырып, эшикке чыкты. Эшикте түн жарышып, ай чыкканга аз калыптыр. Ал үйдүн жанындагы чоң көпүрөдөн өтүп, анан асфальт жолдон чукул бурулуп, тунжурап жаткан түз талаага түштү да, кийин Айгүл тоону тусмалдап жөнөп берди.

Түн суук экен. Жарым саатка жетип-жетпей түнү бою ичилген коньяктын ысык демин муздак жел денесинен айдап чыгып, Иса кийин кадимкидей чыйрыга баштады. Тоонун башында шамал болбогой эле деп тиледи ал эмитен эле коркуп. А тоо көрүнбөйт, али алды жакта…

Биринчи жолу бу тоо жөнүндө өткөн жайда уккан. Өткөн жайда ал ушул чөлдүн тээ этегиндеги ысык булакка дарыланганы келген. Ысык булак кууш, бирок узун жылганын ичинде агат. А булактын эки жээгинде жыш жапайы розалар өсөт. Бул жердегилер ал розаларды башкача айтышат: жапайы атыр гүл же гүлсөөгар деп коюшат. Иса келген кезде гүлсөөгар толукшуп гүлдөп турган мезгил болучу. Ишенсеңиз, алыстан караган кишиге, жылга толо кызыл кан агып бараткандай элестеп кетчү. Мына ошол ажайып көрүнүштөн улам, жергиликтүү калк бул жылганы Кан жылга деп коюшат имиш…

Кан жылганын аяк жагында бир жапыз жыгач там бар. Там булоолонуп агып жаткан суунун так үстүнө салынган. Эгер үйдүн үстү жабылбаган болсо, аны жыгач көпүрө деп койсо да болчудай. Бирок там, көпүрө үчүн эмес, а дарыланганы келген адамдар аптаптан, же жаан-чачындан корголоп, анан дагы, эркектен аял, аялдан эркек айбыгып, бир-бирине көрүнбөй сууга түшүшсүн үчүн курулган. Шондуктан үй эки каанадан турат: бирөөнө эркектер, экинчисине аялдар киришет…

Үйдү соопчулук үчүн бир дүлөй-дудук тажик куруптур. Иса ал тажикти кийин күн сайын көрүп жүрдү. Тажик Кан жылганын тээ этек жагындагы Сок деген тажик кыштакта жашайт экен. А Иса ошол кыштактын мейманканасына орношкон болчу. Жанагы тажик элүү жаш чамасындагы жапыз бой, сакал-муруту капкара, жоош-момун адам болуп чыкты. Бечаранын кийгени жеңи жыртык чапан, белинде кир чарчы, башында эски чаар такыя, а бутунда өзүнө кең, кончулары тешик кирзе өтүк. Иса анын эмне иш кыларын, ким менен жашаарын биле алган жок. Бирок бир билгени бул болду…

Дудук күнүгө таң азанда Соктун көчөсүнө чыгат. Колунда майышып-чоюшкан, түтүнгө ышталган кичинекей жез мискейи болот. Мискей буркурап түтөп барат. Ал ысырыктын түтүнү. Жыттуу түтүн. Дудук адегенде жолундагы базарга бурулат. Базарга кирип, андагы эртең мененки базарчыларды аралап, колундагы мискейин ары-бери чайпап, аларды ысырыктап чыгат. Базарчылар баарысы бу кишиге көнгөн, ошондуктан буга анча көңүл бурушпайт. А көнбөгөнү, мурда муну көрбөгөнү, көңүлүнөн чыгарып тыйын сунат, же сатып отурган коон-дарбызынын, сабиз-пиязынын жаман-жуманынан бирди экини кармата салгылары келет. Андайларга дудук таарынбайт, кайра аларга муңайым жылмаят да, акырын башын чайкап, басып кетет. Ал өз кызматы үчүн, жыттуу түтүнү үчүн эч качан эч кимден акы албайт, кептин баары мына ушунда…

Базардан кийин дудук жаңыдан ачылып жаткан дүкөндөрдү, челек-чайнек түптөгөн, эшек-атка така каккан устаканаларды кыдырып чыгат; эң акырында автостанциядагы адамдарды аралап өтүп, туптуура Иса чай ичип отурган чайканага келип кирет. Кирип, өзүнүн киргени үчүн кечирим сурагандай, адегенде чайканачыга бажырая жылмайып, анан ошол жылмайган бойдон сөрүлөрдө отурган кишилерди аралай жөнөйт. Исанын жанынан өтүп баратканда, Иса а кишиге өз ыраазычылыгын билдирип башын ийкеп, укпаса да: «Рахмат…» — деп коёт. Дудук муну көрүп, ого бетер жылмайып, «Рахматыңа рахмат» дегендей буга үстөкө-босток башын ийкеп, кийин жылмайган бойдон чайканадан чыгып кетет. Дудук келип кеткенден кийин Иса дагы кыйлага чейин анын калтырып кеткен жыттуу түтүнүн жыттап отуруп, калган чайын ичет да анан шашылбай чайканадан чыгып, Кандуу жылгага, дудук тажиктин жыгач үйүнө карай жөө жөнөп кетет…

Ал жаңыдан келген кезде күн али жакшы ысый элек болучу. Ошол себептен болсо керек, адегенде кыйла күн булакка жалгыз өзү түшүп жүрдү. Арадан бир жумача өткөндөн кийин гана бир кемпир менен анын небере кызы келди. Экөө боз эшек чегилген, төрт дөңгөлөктүү жапыз арабада келишти. Ушу тоо жактан түшүп барышты. Иса эчак суудан чыгып, эми суу боюндагы атыр гүлдөргө суктана карап, алардын арасында сайраган булбулдардын авазын тыңшап, жыгач үйдүн жанында отурган. Эшек араба кокусунан жакынкы дөңдүн артынан чыга келди. Кыз арабанын кырында бутун салаңдатып келатыптыр, колунда ичке чыбыгы бар. Ал Исаны көрөр замат уялып, жерге секирип түштү. Ошондо гана Иса арабада жаткан ак жоолукчан аялды байкады. Аял, араба үйдүн жанына келип токтогончо козголгон жок. Бечара катуу оорукчан көрүнөт деп ойлоду Иса. Анан жардам керек болсо, кызга жардамдашайын деген ойдо, ордунан турду. Бирок аял жөн гана уктап калыптыр көрсө. Кыз аны акырын түртүп ойготту. «Тайне, келдик…» — деди ал, үнүн секин чыгарып. Таянесинин уктап калганы үчүн Исадан уялып аткансып көрүндү. Таянеси өйдө боло берди. Ал жетимиш ашкан, ажардуу, чоң кемпир экен. Исаны көрүп, дароо жоолугун оңдоп, боюн түзөй баштады.

— А-а… Арыба, балам, — деди анан.

— Бар болуңуз, — деп койду Иса.

Кемпир арабанын кырына жөлөнүп туруп, жерге түштү. Кыз ага кыпкызыл болгон четин таяк карматты. Кемпир таягын таянып, кичине оң бутуна сылтый басып, үйдү көздөй басты. Үйдүн босогосуна барганда, токтоп:

— Биссимилла, — деп койду.

Анан эшикти түртүп, ичкери кирип кетти.

Кыз болсо арабанын алдында аялдап калды. Ал адегенде арабага төшөлгөн бедеден бир тутам сууруп алып, аны боз эшектин алдына салды. Беде кызыл экен, бүгүн эле орулса керек, гүлү күбүлбөй келиптир. А кызыл беденин гүлү жапайы атыр гүлдүн гүлүнө түспөлдөш эмеспи. Эшек кызыл беденин кызыл гүлүнөн баштап шашылбай жеп кирди. А кыз эми арабадан бир түйүнчөк алып, таянесинин артынан кирип кетти. Исанын жанына өтүп баратып, атайы аны карабай койду. Бирок Исанын көз карашын сезип, беттери гүлсөөгандын гүлүндөй кызарып кетти.

«Сулуу кыз экен…» — деп койду Иса, кыздын артынан суктана карап.

Анан ал кызды кайра көргүсү келип, анын чыгышын күтмөкчү болду. Бирок ошол эле замат бул ою үчүн өзүнөн өзү уялып, аргасыздан Кандуу жылганы бойлоп, Сокту карай жол алды…

Чырайды чылап ичесиңби деп коёт элде.

А менин көзүм сулуулукка тойбойт деп жемеледи ал өзүн, жолдо келатып. Жашы улгайып баратат, а жаштык сезими дагы эле күчтүү мында. Качан токтолоор экенмин? — деп койду муңканып. Бирок Петрарка минтип ырдаптыр го:

«Бетимдин качып кан-сөлү,
Кубарды чачым бубактай.
Бирок да сүйүү ышкысы
Жүрөктө, жаштык курактай…»

А монах Рекан алтымыш сегиз жашында жыйырма сегиз жаштагы монах кызга абдан ашык болуп калган имиш. А монах кыз болсо, анын көзү өткөнчө ага айныбас ашык жар болуп бериптир. Буга эмне дейсиз?

Эртеси күнү кыз менен таянеси дагы келишти. Бирок бул жолу Иса аларды көралган жок. Анткени, алар келген учурда Иса үйдүн ичинде, өз бөлмөсүндө отурган. Жыгач дубалдын артынан экөөнүн күңкүлдөп сүйлөшкөнүн гана угуп калды. Суунун шарында сөздөрүн ажырата албады. Адегенде, ошолорбу же башкаларбы деп да шек санады. Бирок кийинип эшикке чыкса, кечээги эшек араба туруптур. Боз эшек кызыл беде жеп жатат. Иса кызды көрбөй калганына кичине кыйылган түрдө жолуна түштү.

Бирок үчүнчү күн дегенде бул үчөө дагы жүз көрүштү. Бул жолу Иса жыгач үйдөн чыгып келатканда келишти тигилер. Үйдөн чыга бергенде эле, эшек араба да дөңдүн бурчунан көрүнүп калды. Арабада аял гана отуруптур, а кыз арабага жанаша басып келатыптыр. Араба күндөгү жерине жетип токтоду. Кемпир бул жолу да озунуп салам айтты.

— Жакшысыңбы, балам, — деди ал, арабадан түшүп атып.

— Эсенсизби? — деп койду Иса.

Кемпир, мурдагы күнкүдөй эле четин таягын таянып, үйгө кирип кетти. Кыз дагы кармалып калды. Адегенде эшегине беде берди. Анан негедир арабанын арткы дөңгөлөгү менен алек боло баштады. Исага шылтоо табылгансыды. Ал акырын арабага басып келди.

— Жардам керекпи? — деп сурады ал.

Кыз өйдө боло берди.

— Мынабул гылдырек улам-улам огунан чыгып кетип атат, — деди кыз.

— Темири бошоп калган турбайбы, — деди Иса.

Анан эңкейип, дөңгөлөктү бекиткен болтту бурай баштады.

— Тайнеңдин буту ооруйбу? — деп сурады ал, кыз менен сүйлөшкүсү келип.

— Ооба, — деди кыз, кыска гана.

— Көп болдубу?

— Үч жылга айланып баратат.

— Анан үч жылдан бери каттайсыңарбы бул булакка?

— Угу…

Иса кызды карап калды. Кыздын жүзү аппак, тунук эле. Бирок эки бетинин ортосунда атыр гүлгө түспөлдөш мала-кызыл ыраң жатат. Эриндери дагы мала-кызыл, алар кичине сууланып турат. А кашы-көзү капкара, чачтары карганын канатындай жалтырайт.

Кыз Исанын көздөрүнөн көздөрүн качырып, жыгач үй жакты карап калды.

— А алыстан келесиңерби? — деп сурады Иса.

— Айгүл тоонун астынан, — деди кыз.

— А-а… Айгүл тооң каякта?

— А сиз билбейсизби?

Кыз Исага таңыркай карады.

— Жок, — деди Иса. — Мен бул жердик эмесмин.

— Айгүл тоо деп тээтиги жалгыз тоону атайбыз, — деди анда кыз.

Иса көрдү ал тоону. Туташкан кырка бийик тоолорго жете бербестен, түптүз талаанын бетинде өзүнчө аралга окшоп, бир жапыз тоо турат. Тоо куду куйругун түйүп жаткан итке окшоп кетет экен.

— О-о, алыста турбайбы, айылыңар, — деп койду ал. Анан өйдө болду. — Менимче, эми дөңгөлөгүң огунан чыкпайт.

Эми кыз рахматын айтат да, таянесинин алдына кирип кетет деп ойлоду. Бирок кыз рахматтын ордуна, кокусунан суроо берип калды.

— Анда сиз айгүлдү да билбейт турбайсызбы?

— Айгүлүң ким?

— Ой, айгүл деген — айгүл да. Ошол тоонун үстүндө өсөт. Ошондуктан ал тоону Айгүл тоо деп коёбуз.

— Токточу… Айгүл — гүлдүн атыбы?

— Ананчы! Укмуштай кооз гүл! Андай гүл биздин Советтер Союзу боюнча бир гана жерде — биздин тоодо өсөт!

— Койчу?

— Ошондой! Бул гүл — кызыл китепке кирген. Муну бизге ботаник мугалим айткан. Аскар агай айткан.

— Биринчи жолу угушум…

— Чын элеби?

— Чын.

— Кызык…

— А кайсы маалда гүлдөйт ал?

— Марттын аяк ченинде… Анан бул гүл ай чыккан кезде гана ачылат. А ай батканда, кайра жумулуп калат.

— Ушундайбы?!

— Ошон үчүн айгүл деп аташат да аны!

— Жок, мен мындай гүлдү көрө элекмин. Ажайып гүл экен.

Ушул учурда кыздын таянеси кыйкырып калды.

— Ой, мени чакырып атат, — деди да, кыз жыгач үйгө карай чуркады.

— Токточу! Атың ким? — деп сурады Иса.

Кыз артына кайрылып туруп калды.

— Айзада, — деди ал.

— Айзада… Жакшы кал. Мен эртең кетип атам. Фрунзеге…

— И-и-и…

Кыз үчүн бул күтүлбөгөн жаңылыкка окшоп көрүндү. Исага анын «И-и-и…» — деп оозун ачып калганы, өкүнүчтөй сезилди.

— Ушундай, — деп койду ал.

— Анда… жакшы барыңыз, — деди кыз.

Кийин жаш маралдай басып, жыгач үйгө кирип кетти.

«Бактылуу бол» -деп койду анын артынан Иса.»Кудай, ылайым ошол кызга өз теңин тартуу кыла көр» — деди ал азыр, бир жыл өткөндөн кийин, мына бул таң алдында тунжурап жаткан ээн чөлдү басып баратып.

А таң баягыдан агарып, жер жарышып келаткансыйт. Бирок бул таңдын атышы эмес, а айдын чыгышына байланыштуу көрүнүш эле. А таң атканга кыйла бар…

«Кудай, ылайым ошол кызга өз теңин тартуу кыла көр» — деди ал азыр, бир жыл өткөндөн кийин, мына бул таң алдында тунжурап жаткан ээн чөлдү басып баратып.

А таң баягыдан агарып, жер жарышып келаткансыйт. Бирок бул таңдын атышы эмес, а айдын чыгышына байланыштуу көрүнүш эле. А таң атканга кыйла бар…

Бирпастан кийин тоо артынан ай көрүндү. Адегенде анын нурлары кырка тоолордун жонунда жаткан ак мөңгүгө чагылышып, анан тоолордун бетиндеги кара чүмбөтүн сыйрып, аларды кашкайта көрсөтүп, улам ылдыйлай баштады. Кокусунан, Исанын маңдай жагынан алиги Айгүл тоонун караңгы сөлөкөтү чыга келди. Ой, келип калган турбаймынбы деп сүйүнүп кетти Иса.

Ал жеткенче Айгүл тоого да ай тийди. Өз учурунда келдим деди Иса. Эми ай нурунун астында Айзаданын айгүлү ачыла баштайт. А мүмкүн анын ачылып аткан учурун өз көзүм менен көрүп жүрбөйүн деп үмүттөндү. Печек гүл күндүн чыгышы менен ачылып, күндүн батышы менен кайра жашынат. Анын ачылып-жумулганын өз турмушунда далай жолу көргөн бул.

Иса тоого чыга баштады. Тоону кыроо басып калыптыр. Кыроого айдын нуру чагылышат. Кыроонун астынан муздак жердин жана жаздын нымдуу жыты келет. Жердин кыртышы жумшак көрүнөт, анын бетинде эрбейген ак чөп өсүп турат, майда-чүйдө бадалдар учурайт…

Иса тоонун так түбүнөн баштап эле жерге үңүлүп, куду козу карын издегендей, гүлдү издеп кирди. Деги ал гүл өзү кандай болду экен деген суроо туулду ушул жерде гана, биринчи жолу. Айгүлдү ал өмүрүндө көргөн эмес да… Кокусунан алдынан коён качты. Иса дирт этип чоочуп, ордунда катып калды. Коёндон корккон коркок деди кийин эсине келгенде.

Ал тоону өрлөп отуруп, акырында бир бийик, типтик жарга туш келди. Жар — суу жеп кеткен кемер болуп чыкты. Кемердин асты жагында тептегиз ачык аянт бар. Аянттын орто ченинде боз үйдөй болгон боппоз таш турат. Таштын үстүндө түндүктөй жери как экен. Какка жамгырдын суусу толуп, айдын нуруна айдың көлдөй мелтиреп жатат. Иса бала кезинде балдар менен мал кайтарып жүрүп мындай кактардан далай жолу суу ичкенин эстеди. Азыр да ичкиси келип кетти. Ал таштын жапысыраак жагына жабышты да, какка эңилип, жамгырдын суусун иче баштады. Суу өтө муздак экен, ал жамгыр жана таш даамданат. Кокусунан Иса суунун ичинде көлкүлдөп турган адамдын сөлөкөтүн көрүп калды. Жүрөгү шуу дей түштү. Ичкен суусу алкымына тыгылып, какап кетти. Желкемде бирөө карап турган экен деп чечти бул. Чукул бурулуп, артын карады. Артында эч ким жок. Көргөн көзүнө ишенбей кайрадан какка үңүлдү. Суудагы адам дагы эле муну карап турат. Демек, бул адам эмес, а суу астында жаткан бир нерсе деп ойлоду. Бирок ошентип ойлогончо, тигил сөлөкөткө жан кирип: акырын ары басып кетти. Иса бакырып жибере жаздады. Жүрөгү дүкүлдөп согуп кирди. Үрөйү учкан түрдө секин төгөрөгүн карап чыкты. Тоонун ай тийген жеринде адам аттуу көрүнбөйт. Ал эми айдын нуру жетпеген ар кайсы жердеги капкара аралдар коркунучтуу сыр сактап, унчукпайт. Иса аргасыздан өзүнүн бейтааныш, ээн тоодо жалгыз турганын сезди…

«Бул ким болуп кетти? — деп сарсанаа болду ал. — Адамбы? Айбанбы? Же албарстыбы?».

Акыры суроосунан өзү уяла түштү. Албарсты жөнүндөгү аңгемелерди бала кезде укчу эле жана андан коркчу. Бирок ушу жашка чыкканча ага али албарсты жолуккан жок. Демек, жөн эле коркконго кош көрүндү болду жанагы суудагы неме. Ушинтип көңүлүн кичине жубатып алып, кайтадан гүл издеп жөнөдү…

Ал тоону кадуулап жүрүп отурду. Бир маалда бир көлөкө жерге келип такалды. Көлөкө жер чоң үңкүрдүн оозу экен. Үңкүрдүн оозу аңырайып, а анын ичи капкараңгы болуп тунжурап турат. Иса үңкүр менен тиктешип туруп калды. Кокусунан, үңкүрдүн ичинен кыздын кыйкырыгына окшогон бир ачуу кыйкырык угулду да, ошол эле учурда ал жактан бир бейтааныш куш шуу этип учуп чыкты. Анын канатынын шамалы Исанын бетин желпип өттү. Иса үңкүрдүн оозунан кеткенче шашты. Эми ал алдынан караңгы жер көрүнсө эле андан качып өтө турган болду…

Бирпастан кийин ал тоонун тескей бетине өттү. Тескейине ай али тие элек экен. Демек, ал жакты кыдырыштын кажаты жок. Иса эми тескей менен күңгөй беттин ортосундагы жон менен жогорулап отуруп, тоонун үстүнө чыгып барды. Тоонун үстүнө ай жакшы тийип туруптур, анткени үстү түз жана жалаң экен: ар кайсы жерде адам бою келген зор-зор таштар жатат, анда-санда жапыз бадал сербеет, суук желге суйдаң чөптөр ыргалат…

Айгүл табылса, ушул жерден табылат деди Иса. Бирок тааныбаган гүлдү табыш кыйын болуп атпайбы. Анан кала берсе, бейтааныш тоодон бейтааныш гүлдү издегендин өзү тамаша да. Деги эле, бир гүлдү көрөмүн деп атайы Фрунзеден ушул жерге чейин күндөп-түндөп жол жүрүп келип, эми минтип ээн тоонун башында жалгыз темселеп жүрүш — апендичилик эмеспи? А бул тоого барамын деп, бул гүлдү көрөмүн деп кыш ичи жазды күтүп чыкканын кантесиң мунун! Жок, бул жөнүндө бирөөгө айтсаң ишенбейт, а ишенсе күлөт…

Иса жер тиктеп жүрүп отурду. Бир оокумда ал жакын жерде аял кишинин «А-а-ай!» деген чаңырыгын укту. Угуп, өзү да кыйкырып жибере жаздады. Башын көтөрө берип, маңдайындагы чоң таштын артына бирөөнүн булт этип жашынып калганын көрүп калды. Мунун жүрөгү дагы түшмөк болду.

— Сен кимсиң?! — деп бакырды бул, коркконунан гана.

— Мен… Айзадамын, — деген үн чыкты таштын артынан. Анан таштын артынан акырын Айзаданын өзү башпакты. — А өзүңүзчү? Аскар агайсызбы? — деди ал.

Исанын жүрөгү ордуна түштү.

— Оф… — деп жиберди ал, аргасыздан. — Сен… мени аябай коркутпадыңбы.

Кыз аны тааныды окшойт, алдыга чыга келди. Ал ак жоолукчан, ак пальточон экен. Ипичке, нооча бою менен анын алдында турду. Апаппак жүзү, апаппак тиши ай нуруна чагылышып, ал ушул тапта сулуулуктун жана тазалыктын периштесиндей болуп көрүндү.

— Ой… — деди ал сүйүнүп. — Сизсизби? Атайы келдиңизби?

— Өзүң мактап коюп… — деди Иса, кызды көргөнгө жетине албай, ага эркелеп.- А мен сизди Аскар агай экен дептирмин. Аскар агай дагы жакшы көрөт бул гүлдү. Бирок ал киши апрелдин башында гана чыгып жүрөт бул жакка. А мен дайыма ушул түнү келем…

— А эмне үчүн… дайыма ушул түнү? Бүгүн?

— Бүгүн жаңы жыл эмеспи? Новруз майрамы да? А менин тайнем бул майрамды өтө ыйык көрөт. Анан ал киши: ушул күндөрү үйүбүздө айгүл турсун дейт. Эмне үчүн экенин жакшы билбейм. Мына ошол… Мурдагылары экөөбүз келчү элек, а анын буту ооругандан бери мен өзүм эле келип жүрөм.

— Мм… Ошондой де…

— А мен сизди жарым саат илгери көргөнмүн. Сиз ылдый жакта кактан суу ичип атыптырсыз, — деди кыз кокусунан.

— А сен каерде элең анда? — деди Иса, оозу ачылып.

— Сиздин артыңыздагы жардын кырында тургам.

— А-а… анан эмне үчүн мага белги бербедиң?

— Ой, корктум… Ким экениңизди билбесем…

А Иса өзүнүн коркконун моюнга алгысы келбеди. Эми анын жаны жай алып, өзүн жеңил сезип калды.

— А мен сенин айгүлүңдү таптакыр таппай койдум, — деди ал.

— Ой, мен дагы! — деди кыз. — Эки сааттан бери издейм — жок! Быйыл кечигип чыгат окшойт ал… Келиңиз, дагы издеп көрөлү, ажап эмес таап калсак.

— Кел, — деди Иса.

Эми экөө катар басышып, жер карашып, издеп жөнөштү.

— Кап, ай батып баратат, таң атып келатат, — деди Айзада. — А ай баткандан кийин айгүл табылбайт. Табылса да сотосу табылат, а гүлү ачылбайт.

«Сен өзүң айгүлсүң, — деди Иса ичинен, жүрөгү элжиреп. — Сен өзүң ай кызсың…»

— А мен быйыл мектепти бүтүп атам, — деп калды кыз, дагы бирпастан кийин.

— Ошондойбу? — деп койду Иса. — Анда бир жакка окууга барат турбайсыңбы?

— Жок, эч жакка барбайм. Тайнемди таштап кеталбайм.

— Эмне, сенден башка тайнеңди карай турган киши жокпу?

— Кеп ошондо болуп атпайбы. Биз тайнем экөөбүз бу дүйнөдө жападан жалгызбыз. Биздин эч кимибиз жок!

Кыздын каңырыгы түтөп айтты буларды. Ананайын деди Иса ичинен аны аяп. Ананайындарым…

Айзада андан кийин негедир унчукпай калды. Ал турмак Исадан бөлүнүп, алыстап кетти. Иса эмне кылаарын билбей, өзүнчө темселеп жүрө берди. Кудай жалгап, бир маалда кыздын кубанычтуу кыйкырыгы чыкты.

— Таптым! Таптым! — деди ал. — Мынакей! Бери келиңиз!

Албетте, Иса ошол замат чуркап жетип барды. Барса, кыз чөгөлөп жерде отуруптур. А анын маңдайында айгүл туруптур. Айгүлдүн сотосу жоон, бою узун болот экен. А гүлүнүн өзү коңгуроого окшоп кетет, алар асманды карап турушат. Бир сотодо төрт даана гүл ачылыптыр. Гүлдүн түсү айдын жарыгында кызгымтал болуп көрүндү.

— Ушул экен да, — деди Иса.

— Ушул, — деди Айзада.

— Ажайып гүл экен…

Экөө гүлдүн эки жагында маңдай-тескей чөгөлөп отурушуп, кыйлага чейин гүлгө суктанып турушту.

— Эми сиз… алыңыз бул гүлдү, — деп калды кыз кокусунан.

— А эмне үчүн… мен? — деди Иса.

— Сиз… меймансыз, — деди кыз. — Алыңыз.

Исанын алгысы келди адегенде. Бирок кыздын тайнесин эстеп, дароо айныды.

— Жо-жок, — деди ал. — Гүлдүн мага кереги жок. Өзүн көрдүм — болду. Көркүн көрдүм — жетишет.

— Чын элеби?

— Чын, чын. А сен муну тайнеңе алпар, ал киши да көрсүн.

Иса шашып-бушуп эки колдоп гүлдүн түбүн чукуп кирди.

— Ой-ой, тамырын казбаңыз, — деди кыз. — Тамырын казсаңыз, эмдиги жылы чыкпай калат. Кесип алабыз. Азыр…

Айзада чөнтөгүнөн кичинекей бүктөмө бычак алып чыгып, Исага кармата салды. Иса айгүлдү абайлап түбүнөн кесип туруп Айзадага сунду.

— Рахмат, — деди кыз, гүл менен кошо өйдө болуп. — Ой, ай батып калыптыр.

— Ооба, — деди Иса дагын, айланасын карап. — Таң атып калыптыр.

Экөө бири-бирин тиктешип, бири-бирине жылмайышып туруп калышты.

— Эми… кетелиби? — деди Айзада, куду Исадан уруксат сурагандай.

— Кетели, — деди Иса.

Кыз ылдый жакты, талаа жакты карады.

— Тээтетиги биздин айыл! — деди ал анан, Айгүл тоодон анча алыс эмес жердеги карарган кыштакты көрсөтүп.

— А-а, жакын турбайбы бул жерден, — деп койду Иса.

— Жакын, жакын! Андан көрө жүрүңүз мени менен, чай ичиңиз биздикинен.

Ананайын деп койду Иса ичинен, ыраазы болуп.

— Рахмат, карындашым. Мен бүгүн жөнөп кетишим керек.

— Мм… Анда жакшы барыңыз.

— Жакшы кал.

Иса тобокел деп кызга колун сунду. А кыз анын колуна колун тийгизди да, анан шарт бурулуп кетти. Иса анын шыпылдап басып баратканын карап туруп калды. Кокусунан, Айзада артына бурулду.

— А сиз быйыл дагы Кан жылгага келесизби? — деп сурады ал, күтүлбөгөн жерден.

— Билбейм, — деди Иса. — Иш көп…

— А биз барабыз, — деди Айзада.

Анан кайра басып кетти. Иса аны дагы кичине узата карап туруп, кийин өзүнүн келген жолуна түштү.

«Билбеймин, — деп кайталады ал, Айгүл тоодон түшүп келатып. — Билбеймин. Иш көп…»

Бирок кокусунан, өзүн быйылкы жайда Кан жылгада жүргөнүн көрүп калды. Аптаптуу күн экен. Ал ысык булактын үстүнө салынган жыгач үйдөн чыгып, бурулуштан көрүнгөн эшек арабаны карап туруптур…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *