БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП
 Орто азиялык илимпоз-энциклопедиячы, ойчул аль-Бируни (Беруний) Абу Рейхан Мухаммед Ибн Ахмед 973-жылы 4-октябрда Кят шаарында (азыркы Каракалпакстан аймагы) туулган. Атасы кол өнөрчү уста болгон. Ошол мезгилдеги ар дайым болуп турган бийлик үчүн таймаш, ар кайсы уруу, бек, султандардын ортосундагы казаттардын айынан Бируни өз мекенин таштап, улам жер которуп турууга аргасыз болгон. 995-1010-жылдары Иранда жашап, атактуу астроном, математик Абу Наср Мансур ибн Ирактан сабак алган. 1000-жылы орто кылымдын энциклопедиясы деп аталган “Байыркы муундардын эстеликтери” аттуу эмгегин жазган. Ал фарс, араб, грек, латын, хинди, түрк тилдеринде эркин сүйлөп, чыгармаларын арабча жазган.

Халиф Аль-Мамундун доорунда анын чакыруусу менен 1004-жылы Хорезмдин жаңы борбору Гурганжга келип, шахтын кеңешчиси болгон жана ошол мезгилде түзүлгөн академияны башкарган. Ал бул жерде Ибн Сина менен бирге иштеген.

1017-жылы Мамун өлтүрүлгөн. Жаңы султан Махмуд Газнави Бирунини туткун катары Газна шаарына алып келген. Ал андан кийин Газнада жашап, султандын аскерлери менен кээде Индияга каттап турган. Өмүр бою үй-бүлө күтпөй, жалгыздыкта жашаган. Ал бардыгы 150дөй илимий эмгек жазган, анын 45 китеби астрономия менен математикага арналган. Бируни “Хронология” деген эмгегинде Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүндө колдонулган жыл санактар системасын, аларда жашаган элдердин үрп-адатын, салт-санаасын изилдеген.

Пифагор, Сократ, Платон, Аристотель, Гален, Птолемей жөнүндө илимий эмгектерди жазган. Николай Коперниктен 500 жыл мурда эле Ааламды, Күн системасын изилдеп, Жер шар формасында экендигин, Жер өз огунда айлануу менен Күндү тегеренет деген тыянакты илимий түрдө далилдеген. Д.Менделеевден 1000 жыл мурда көптөгөн химиялык заттардын салыштырма салмагын изилдеп, так эсептеген. Жердин радиусу 40 000 км. экендигин эсептеп, Жер шарынын глобусун жасаган. Күн нурунун ылдамдыгы үн ылдамдыгынан да чоң деген божомолду айткан. Галилей менен Ньютондон 600 жыл мурда эле телолордун Жерге тартылуу күчүн болжогон.

Арал деңизинин жээгинен, Индиядан, Афганстандан астрономиялык байкоо иштерин жүргүзгөн, астрономиялык аспаптарды жасаган, Хорезмдин түрдүү жерлеринин географиялык координаталарын аныктаган. Математика, астрономия, география, топография, физика, медицина, геология, минералогия, тарых, этнография, тил илими боюнча терең илимий мааниси бар эмгектерди жазган. Анын эң маанилүү эмгектерине “Индия тарыхы”, “Геодезия”, “Минералогия”, “Хронология”, “Масуд канону”, “Сферика”, “Хордалар”, “Асыл таштар” ж.б. кирет. Бул чыгармаларында Бируни дүйнөнүн гелиоборбордук системасын (Күндүн айланасында Жердин айланышын) айткан, Жердин айланасынын узундугун аныктаган, геометрия менен тригонометриянын айрым маселелерин изилдеген, ошол кездеги белгилүү жерлердин баары айтылып, материктер картага түшүрүлгөн, дүйнөнүн негизи – материя, ал дайыма кыймылдап жана өзгөрүп турат деп ачык айткан.

Ал тынчтыкты, боштондукту, элдер арасындагы достукту жактаган. Биологияда түрдүү өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын тиричилигин изилдеген. Кыргыздар тили боюнча түрк тилдерине кошулаарын айткан. Бируни 1048-жылы 13-декабрда  азыркы  Афганстандын аймагындагы Газни шаарында каза болгон.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *