… Койчу ушу көр-тирликти, адам баласы айры бут, жумуру баш болуп төрөлгөндөн ак кепинге оронуп жаткычакты бу кургурдун түйшүгү түгөнбөйт экен го. Койчу ушу саясатты, бийликтегилер менен бийликке умтулгандардын нанын талашпай. Кел, андан көрө поэзия жөнүндө сүйлөшөлүчү. Басену баканын үнүнө кумарланткан поэзия, Нарекацини Кудай менен сүйлөштүргөн поэзия, чыгыштын акындарын сүйүү менен сулууга дербиш кылган поэзия, Уитменди досторунан өгөйлөнткөн поэзия, Пушкинди акылынан адаштырып, Есенинди эрте өлтүрүп, Алыкулду он беш жолу кайра тирилткен поэзия. Кел чын эле андан көрө поэзия жөнүндө сүйлөшөлүчү, көп болду, көр-тирликтин көйгөйүн какшап жүрүп эле…

Биз маектешели деп барганда чыгыш элинин дагы бир кашкөй таланттуу акын кызы Гүлрухсор Сафиева да ушуну өтүндү. «Поэзия жөнүндө эле сүйлөшөлүчү», — деп суранды. Ал азыр аялуу жүрөгүн жараланткан кушка окшоп жүрөгү ооруп Бишкекке келип, дарыланып жатыптыр. Бу Теңир эненин эмчегин, акындын жүрөгүн оорубас кылып жарата албайт экен го. Бирок ооруп жатканына карабай, Алыкулдун бейитинде эскерүү салтанаты болот дегенди угуп алып, ооруканадан чыгып 21-март күнү ошоякка барыптыр.

— Менин биринчи суроом, бу түрктүн тилин – согуштун тили, арабдын тилин – илимдин тили, парс тилин – поэзиянын тили деп коюшат экен, мына ушу парс тилинде сиздин бир ырыңызды уккум келип турат?

(… бир саамга ойлоно калып, олоң чачын артына бир кайрып алып, үстөл үстүндө турган гүлдөрдү карап, анан ырын окуп кирди. Эң эле жеңил, кулакка өтө жагымдуу, ойлуу, ар бир кайрыгы тынч жаткан көлдүн жай толкунундай. Мына ушу тил менен Омор Хайям, Рудаки, Фирдоуси, Саадилер он сегиз миң ааламдын оомал-төкмөлүн ырдашкан. Ыр эмне жөнүндө, кайсы темада экенин сурабадым, бир билгеним чыгыштын акындары түбөлүктүүлүк темасын гана ырдап келишкен).

— Бүт эле улуу акындардын, анын ичинде кыргыз акындары Токтогул менен Алыкулдун да балалык кези бир топ эле трагедиялуу, деген менен өзүнчө бир кайталангыс. Ал эми сиздин балалык чагыңыз кандай тагдырга туш болгонун билгим келет?

— Акындын тагдыры өзүнөн мурун жаралат. Андай тагдырдан кудай мени да кур койбоптур. Алты жашымда алдыма башын жөлөп отуруп апам төрөттөн каза болду. Ошондо бир айда үч бир тууганымдан, апамдан айрылдым. Анан апамды тирилтип бер деп күн сайын кудайга жалынчумун. Кээде асманга жакыныраак деп чатырдын үстүнө чыгып алып жалынчумун. Апам 27 гана жашта болчу, ушунчалык сулуу эле. Менин эсимде ошол түбөлүк жапжаш бойдон калды. Каза болгондон кийин бир жыл бою күн сайын түшүмө кирип жүрдү. Менин шаардын бир коңулунда жашап жүргөн үйүмдү таап, атамды алып кетейин деп келсе керек да… Менин балалык өмүрүм ошо менен бүтүп калгандай болду, 12 жашымда интернатка кирдим, ал жакта такыр башка дүйнө, башка жашоо.

— Чыгармачыл адам үчүн, айрыкча акындар үчүн туулган жер темасы өзүнчө бир мааниге ээ. Сиз өзүңүздүн туулган жериңиз тууралуу эмнелерди айтып бере аласыз?

— Менин мекеним – бул бүт планета. Ал эми туулган жерим – бул менин бешигим – Тажикстан. Ошол жерге таандыкмын, ансыз мен жашай албайм. Атүгүл менин канымдын химиялык составы да ушул туулган жерге таандык. А тургай айбан дагы өз туулган жерин мисир тутат. Балык да уругун чачаарда суунун шарына каршы сүзүп барып, өзү бу дүйнөгө келген жерине барат дешет. Атактуу Рерих Индияда канча жыл жашаса да мени Орусия топурагына көмгүлө деп керээз калтырган. Менин жердеги кудайым – менин мекеним, Мекенсиз адам – ыймансыз адам.

— Канча жашыңыздан баштап ыр жазасыз?

— Төрөлгөндөн баштап эле, а мүмкүн төрөлө элек кезимден баштасам керек…

— Ал эми качан жарык көрө баштады?

— 19 жашымдан. 22 жашымда биринчи китебим чыкты. Ошол жылы Жазуучулар союзуна мүчө болуп өттүм. Биринчи китебиме редактор болгон киши каалашынча редакциялагысы келиптир. Кийин ошол редактор кол тамга жазып бер деп суранып атпайбы. «Оо, редактор, менин ырларым – менин муңум, менин муңумду сен эч качан редакциялай албайсың» деп жазып берген элем.

— Сиздин оюңузча акын динге ишениши керекпи?

— Албетте, акын биринчиден ал адам. Ар бир адамдын сыйына турган кыбыласы болуш керек.

— Демек сиз да дин тутасыз да?

— Албетте.

— Кайсы динди?

— Рудаки, Фирдоуси, Хафиз, Саадилер туткан дин – менин диним. А эгерде сиз эмнеге ишенесиз деп сурасаңыз, бүгүнкү күндө мен эмнеге ишенем, билбейм. Тажик согушу мен аздектеген нерсенин баарынын чак-чалакейин чыгарды. Мен ураган эски мечитке окшоп калдым. Эми мени кайрадан куруш керек, албетте, эгер мүмкүн болсо… Баарыбыз бир дөөлөткө ишенип, ошону ырдап келдик эле. Эми ошол ишенимдер талкаланып, ал эми жаңысын табалбай жатабыз. Ошол заманда төрөлгөн акындардын көбүнүн багы жок болду деп ойлойм. Баарыбыз анан өз доорубуздун кол баласы болуп келбедикпи…

— Кечиресиз, сиз өзүңүздү кол бала акындарга кошконуңузга кошула албайм. Анткени сиздин «Фиалкадан» баштап «Отко сыйынууга» чейинки китептериңизди окуп чыгып, сиздин партияны, Ленинди, СССРди даңктаган ырларыңызды учуратпадым.

— Ооба, мунуң чын.

— А сиз эмне үчүн эл ырдаган теманы ырдаган эмессиз?

— Демек, андан да асыл нерселер болгон да. Ыр жөнеле жазылбайт, ал кимдир-бирөө аркылуу жаратылат. А мен болгону жан-дүйнөмдүн шыбырын гана кагазга түшүрүп келгем.

— Коммунисттик партиянын мүчөсү болгонсузбу?

— Ооба, болгом. Анүчүн кызмат өтөгөм. Путч учурунда партиядан чыктым. Бирок партбилетти өткөзгөн менен ошол замандын пендеси экенимди жашырбайм. Партия – бул дагы ишеним болгон. Ошентсе да бир кезде «Менин ишенимим – менин диним болбой калдың, эми мен кайрыдин болом» деген саптарды жазган элем.

— Аныңыз жарыкка чыкты беле?

— Ооба.

— Анан куугунтукталган эмес белеңиз?

— Албетте, анүчүн маңдайымдан сылашкан эмес. Болгону өз партиям үчүн өз чындыгымды айтайын дегем. Акын элдин эртеңкисин көрүп турушу керек деп ойлойм. Элден эки-үч кадам алдыда жүрүп, элдин бүт турпатын сүрөткө тартып, кээде анан анын негативин көзүнө көрсөтсөң өзүңдү өлтүргөндөн кайра тартпайт.

— Поэзияга эмне деп аныктама берээр элеңиз?

— Поэзия – бул адегенде муң, анан кубаныч. Поэзия бул дүйнөнү өзгөртүшү керек, а болбосо кереги не?

— Батыштын философтору «Поэзия менен философия карама-каршы эки бийиктикте турат, бирок бир эле нерсени ырдайт» деп айтышат экен, сиз ушуга кошуласызбы?

— Философиясыз поэзия таш сыяктуу. Поэзия – бул сыр. Философия да адам жашоосунун сыры. Ал эми поэзия философиянын сыры. Болгону рифма, ритмдер гана айырмалап турат. Поэзиянын жаны – логика жана философия. Философиянын негизи – акыл-эс. Ал болбосо поэзия – поэзия болуудан калат. Шер болбой эле (шер – тажикче акыл-эс) шор (шор – тажикче плакат) болуп калат. Биз негизинен шор жазып келбедикпи.

— Азыр адамзат поэзиянын «алтын кылымын» жашап бүткөн мезгил деп айтып жүрүшөт го?

— Мындай учурлар бир канча жолу болгон. Ал эми качан поэзиянын «алтын кылымы» бүтөөрдө ар дайым согуш, кыргын болуп келген. Адамзат азыр поэзиядан кетип материализмге баратат. Көкүрөк байлыгы эмес, көр оокат байлыгы кымбат сезилгенсип жаткандай. Бирок элдин азабы өзүнүн поэзиясын, өзүнүн акындарын жаратышы керек. Ал акындар анан өзүнүн перзенттерин жаратат. Мисалы Рудаки Фирдоусини, Саади Хафизди жараткандай. Алыкул да Токтогулдун руханий перзенти. Силер да эми өзүңөрдүн кумириңерди күтүшүңөр керек. Мүмкүн ал эмгиче төрөлгөндүр. Бирок анын тагдыры кандай заманга туш келээр экен?

— Тажик эли дагы келечекке, дүйнөгө Рудаки, Фирдоуси, Ибн-Сина, Омор Хайям, Саади, Хафиз, Жами, Айни, Турсун-Задедей акындарды бериши мүмкүнбү?

— Ооба, сөзсүз. Мен ошону чыдамсыздык менен күтүп жүрөм.

— Ал эми азыр Тажикстанда эмне болуп жатканын акындын сөзү менен бир ооз айтып берсеңиз?

— Биз азап-тозоктон кайра жаралып жатабыз. Ушул канавайран анан улуу таланттарды жаратышы керек, бир гана айтаарым, «Шахнаме» турганда тажик эли эч качан өлбөйт.

— Ал эми акын жана саясат дегенге кандай карайсыз?

— Акын – бул өз мезгилинин, өз элинин кулу. Ал эми эл жана мезгил ар качан саясаттын чордонунда жашайт. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы чыныгы турмуш ушундай. Акын саясаттан тышкары болуш керек деп айткан менен, турмуш аны башкача далилдеп жатпайбы. Фирдоусинин «Шахнамеси» 1000 жылдан бери саясатчыларды, бийликтегилерди үйрөтүп, окутуп келатпайбы. Рудакини эмне үчүн сокур кылышты, Ибн-Сина куугунтукта жүрүп өлдү, Низаминин терисин сыйрышты. Фарухияздын оозун төйнөштү, Сабирди чөктүрүп өлтүрүштү. Мындай мисалдар акын саясаттан сырткары эмес экендигин далилдеп жаткан жокпу?

– Билесизби, мен кичинекей кезимде эгерде бул дүйнөнү акындар башкарса, ошондо гана адилеттүүлүк болот деп кыялданчу элем…

— Кыялыңыз кызык экен. Менимче элди билимдүү, акылгөй адамдар башкарыш керек. Ыр да жазып, элди да башкарган адамдар тарыхта көп болгон. А эгерде тубаса акындар жөнүндө айтсак, алар бийликтен алыс болгону эле ийги. Мен чыныгы кудай акын кылып жараткан акындар жөнүндө айтып жатам, ал эми 12 миң мүчөсү бар Жазуучулар союзу жөнүндө кеп башка.

— Советтик доордо бизде поэзиянын чыгыштын эмес, батыштын стили өнүккөн эле. Эми СССРдин ыдырашы биздин экономика, саясатка гана эмес, адабиятка да таасирин тийгизиши мүмкүн. Келечекте чыгыштын болочок акындары поэзиянын чыгыштык стилине кайра кайрылат деп ойлойсузбу?

— Ар бир мезгил өз стилин таңуулайт. Учурунда ак ырлар да революциялык ырлар катары жашообузга кирген. Анткени алар революциялык учурда жаралды. Ал эми биздин парс поэзиясында адегенде музыка, анан барып ыр жаралат.

— Келечекте биз рубаи, газел, кысаларга кайрылабызбы деп атам…

— Мен азыр деле, мурун деле рубаи жазып жүргөм. Газел – бул муңдун ыйы.

— Пир туткан акын-жазуучуларыңыз катары кимдерди көбүрөөк окуйсуз?

— Менин кумирим – Хафиз. Ал Кудайдын тили менен сүйлөгөн акын. Басену, Гете, Шиллер, Гейнени окуйм. Гарсиа Лорка, Габриэло Мистралды окуп, которуп жүрөм.

— Кыргыз акын-жазуучуларынанчы?

— Албетте, Айтматовду. Аны өз окутуучум деп эсептейм. Сен анда али жаш болсоң керек. Айтматовдун 50 жылдыгында «Мындай адамды бир эне жарата албайт, бүтүндөй бир улут гана ушундай адамды жарата алат» деп айткан элем. Аны сындагандан көрө аны кайра кайталап окуш керек.

 — Ырды көбүнчө кайсы убакта жазасыз?

— Бул мен үчүн мааниге ээ эмес. Бир акын сурап атпайбы, күнүнө канча саат иштейсиз деп, күнүнө 48 саат иштейм деп жооп бердим. Ал өзү күнүнө 2 саат иштейм дейт. Деги ушул поэзия дүйнөсүндө жашап жатып андан кантип бөлүнүп кете аласың.

— Жылдын кай мезгилин жактырасыз?

— Жазды. Жазда өзүмдү тааныбай калам.

— Кыргыз жергесине канчанчы жолу келишиңиз?

— Канча экенин эстебепмин, өтө көп, 25 жылдан бери эле келип-кетип жүрөм. Акын-жазуучулардан, сүрөтчү, окумуштуулардан көп досторум бар. Айрыкча, Курманжан датканын 180 жылдык тоюна келгенимде өзгөчө бир таасир алдым. Дегинкиси кыргыз эли дүйнөлүк искусствого көп адамдарды берди. Төлөмүш Океев менен Тургунбай Садыковдун таланттарына кантип таң бербейсиң.

— Кыргыз, тажик элинин өз ара достугу тууралуу эмне айтмакчысыз?

— Биздин тарыхыбыз, тагдырыбыз байланышкан. Эч убакта кыргыз менен тажик бири-бирине кол көтөргөн эмес, ага тарых күбө. Манастын тажик кызына үйлөнүшү эле көп нерсени далилдеп жатпайбы. Өзүм Каратегин тараптан болом, ал жактагылардын кимиси тажик, кимиси кыргыз экенин айрып биле албайсың. Жерге-Тал районунун жетекчиси кыргыз киши экен, тажик тилинде укмуштай сонун сүйлөйт дейсиң. Мүмкүн мен да тажикче андай сүйлөй албайм.

— Сизди СССР Жогорку Кеңешинде активдүү депутат катары билчү элек. Деги депутат болуп жүрүп эмнеге жетиштиңиз?

— Тажикстан эл аралык маданият фондусунун төрайымы катары Москвада жүрүп байыркы кол жазмаларды чогулттум. Рыжковдун жардамы аркылуу Тажикстанда кол жазмалар институтун ачтык. Азыр бул боюнча «Орток маданият» деген журнал чыгарып жатабыз. Мен анда баш редактор болуп иштейм. Аял депутаттар менен бирдикте Жапаниядан техника алып келип педиатрия жана акушерчилик институтуна бердик. Түрмөдөн көп айыпкерлерди бошотууга катыштык. Саясаттын ички көлөкө бетин да көрдүк. Дегинкиси парламентте иштеп жүрүп мен 200 жылга жете тургандай материал чогулттум. Эң негизгиси, депутаттык полномочиеге таянып өтө таңсык Фрейддин, Кафканын, Ницшенин ж.б. китептерин алып окудум.

— Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

— Уулум 18 жашта, сүрөтчүнүн окуусунда, Жолдошум болсо кесиби – геолог, геология институтунда иштейт.

— Жаңы эмне чыгармаларды жараттыңыз?

— Тажик аялдары тууралуу роман жазып, былтыр «Памир» журналынан жарык көрдү. Өткөн жылы Швеция, Люксембург, Иран өлкөлөрүндө да китептерим басылды. Азыр болсо «Өз көлөкөмө корголоп…» деген ырлар жыйнагын жазып бүттүм. Эми «Азаптын жаралышы» деген ат менен ырлар сериясын баштап жатам.

— Кечиресиз, тажик элинин бүгүнкү адабиятынын өкүлдөрүн биз азыраак билебиз?

— Мумин Каноат, Шерали, Сеявуши, Фарзуна. Прозадан Улукзаде, Сейфрахим, Бахманер, Абдухамит Самат жана башкалар бар.

— Эгерде азыр бүткүл адамзатка угуза сүйлөп жатсаңыз эмне деп сөз айтаар элеңиз?

— Адамдар, адам бойдон калалычы…

— А эгерде кечирим сурагыңыз келсе..?

— Ата-энеси тирүү туруп, тирүүлөй жетим калган балдардан ийилип кечирим сурамакмын.

— Маегиңизге чоң рахмат, тезинен сакайып кетишиңизди тилейбиз.

Маектешкен Каныбек ИМАНАЛИЕВ
«Асаба», Жалган курандын 25и, 1993-жыл.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *