БОЛМУШ

Жайдын толук кези. Үч салт атчан бирде жарыша, бирде алыша кырга чыга келишти. Колдорун серепчилей төмөнгө көз салышты.

— Суусун жута кеткенге айыл-апа көрүнбөйт го!? – деди бири.

— Айыл ылдыйда, Алтын-Булактын боюнда болуш керек!? – деди экинчиси.

— Тээтигинде бир караан жүргөнсүйбү? – деп үчүнчүсү оң колун көзүнө серепчилеген боюнча үзөңгүсүн тээп тура калганда, үзөңгү боосунун бири тарс үзүлүп кетти. – Олда кокуй ай-э! Эми эмне кылдым ээн талаада? – деп шыпшынып алды.

Үчөөнүн тең мингени ойноктоп турган бышты. Зоңкоюшуп өтө эле олбурлуу болушса да кыймылдары шайдоот. Үстүлөрүндө этеги оюуланган баркыт кемсел, баштарында кызыл кыргак калпак, белдеринде кемер кур. Кийген кийимдери, ат жасалгалары бардар турмуштагы мырзалар экенин кабарласа да, али бойдок экендиктери калпактарынан эле көрүнүп турат.

Үзөңгү боонун үзүлүп кеткени үчөөнү бир аз кабатырлантып, алар унчугушпай караанды көздөй бастырышты. Үчүнчү жигиттин бир буту салпактап, үзөңгүнү чирене тээп көнгөн неме ыңгайсызданып баратты. Караанга жакындаганда анын оттоп турган өгүз экенин көрүштү. Көчкөндө жүк арткан, мингич унаа экени байкалып турат. Өгүз алардан качпай ыңгырана бир карап койду да, кайрадан бышылдап оттой баштады. Үчөө тең  мурда сүйлөшүп алгандай аттарынан секирип түшүп, бири өгүздү эки колдоп шак мүйүздөн кармады. Экинчиси чүлүктөн алып, оң колунун манжаларын уй баласынын эң талуу жери болгон таноосуна киргизе мыкчый кармады. Капыстан болгон кол салууга аргасыз баш ийген өгүз титиреп туруп берди. Үчүнчүсү жалаңдаган кестигин сууруп чыгып, шамдагайлык менен өгүздүн кыр аркасына тууралап, желке жагынан туурасынан бир, узунунан ортосун төрт элидей кылып шарат-шарт эки тилип жиберди да, терини кармап туруп тартканда чычаңына чейин узун тилке болуп сыйрылып кетти. Куйруктун үстүнөн терини кесип алып, тыбырчылай  мөңкүп турган өгүздү коё беришти да, терини чоё кармашып, кестиги менен түгүн кырып жиберди. Чоң эрдик жасагандай шерденишкен жигиттер аттарына шап-шап минип, терини көкбөрү тарта узап кетишти.

Күчкө толуп турган карылуу жигиттердин колунан тери бат эле ийге келди. Чыгы кургап, улам агаргандан агарып отуруп, кадимки булгаарыга айланды. Бир аз арылап баргандан кийин мөлтүр кашка булактын боюна түшүп, аттарынын жонун эс алдырганча ийленген терини үзөңгү боого тууралап, үзөңгүнү тагышты да андан ары шайдоот жүрүп кетишти.

Эртеси кайта келатышып, коктудагы суунун боюнан жалгыз кара боз үйдү көрүштү. Мурунку күнү ушул эле аймактан өтүшсө да негедир байкабай калышса керек. Кыргыз баласы жол жүргөндө “Эр азыгы элден”, — деп жанына азык албайт эмеспи. Суусун жута кетели деп үч жигит кара боз үйгө жакындап келип аттан түшүштү. Үйдүн жанындагы уй байлаган казыкка аттарын байлап жатканда үйдөн бир кемпир чыкты.

— Арбаңыз апа! – дешти жигиттер.

— Жакшы айланайындар. Келгиле, үйгө киргиле! – деп кемпир үй ээси экендигин билгизе, боз үйдүн эшигин көтөрдү.

Үйдө жалгыз карыя отурган экен. Чоң казанда эт боркулдап кайнап туруптур.

— Атсалоомалейкум, аксакал! – дешти жигиттер жарыша.

— Алейкума атсалом, келгиле балдар, — деп карыя ызат көрсөтө ордунан обдулду.

— Отура бериңиз, отура бериңиз! – деди жигиттердин бири шашыла.

— Ошентсе да меймандын жолу улук болот балдар. Төргө өткүлө, — деп колу менен жаңсай отура турган жерди көрсөттү. Жигиттер жайгашып, ортодо бир аз тымтырстык өкүм сүрдү. Карыя сырттан кирген кемпирине:

— Байбиче, балдарга суусундук бер. Балдар суусашкан чыгар!? – деди кемпирин карап.

Кемпир буркулдап ачыган кара жармадан жыгач аяктарга куюп, балдарга сунду.

Чаңкап турган жигиттер жарманы шак-шак тартып жиберишти.

— Ыракмат апа! Жармаңыз мыкты экен. Кар болбоңуз! – деди бири. Калган экөө да ага кошулгандай ишарат кылышты.

Алар даам ооз тийип, үйгө бир аз көнүгө түшкөндөн кийин гана:

— Жол болсун, баатырлар!? – деди карыя.

— Андай болсун ата. Биз тек гана майдө-чүйдө жумуштар менен тиги өйүздөгү айылга барган элек. Кайра өтүп баратып, суусун жутканы кайрыла калдык дешти жигиттер.

Түндө өйүздөгү айылда “Кыз оюн” болгонунан кабары бар кексе карыя, булардын кыз уулап, өздөрүнө жар тандап жүргөн бойдок жигиттер экенин баштарындагы калпактарынан эле баамдап, суроону андан ары тереңдетпеди. Саамга жымжырттык уялагандан кийин:

— Биз туралы. Жакшы калыңыздар ата, – деди жигиттердин бири.

— Тамак бышып атат балдар. Бышкан ашты таштаган болбос. Анын үстүнө байбичем экөөбүз да туз-насип буюрган жолоочулар келип калабы деп күтүп жаттык эле. Силерден башка мейманыбыз жок, шашылыш жумушуңар болбосо коно жатып конок болуп кеткиле, — деп жашы өйдөлөгөндөн кыймылы ыкшоо тартып калган карыя очорула ордунан турду да, кемпири экөөлөп эт чыгара баштады. Ордуларынан шып-шып тура калган жигиттер:

— Сиз отура бериңиз ата, биз эле чыгарабыз, — деп этти чоң чарага чыгарып, карыянын алдына коюшту.

Карыя эттен ооз тийип, устукандап, бир устуканды өзүнүн алдына, экинчисин кемпиринин алдына коюп, калганын жигиттерге сунду. Чарадагы калган этти  ортого жылдырды. Кестиктери менен шашпай кесип жей башташканда, жигиттердин бири:

— Ата, осолураак болсо да бир суроо сурасам болобу? – деп калды.

— Сурай гой балам. Тартынба. “Келгиче конок уялат, келгенден кийин үй ээси уялат”, — демекчи кандай суроо берсең да, алымдын жетишинче айтайын деди карыя.

— Баамымда жалгыз үй калган жатакчы экенсиздер. Анан чакырган мейманыңыздар жок, экөөңүздөр эле кудайы конок күтүп, бир казан эт салып коюп отурганыңыздарга айран таң болуп отурмун.

— Ээ балам! Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу дегендей, байбичем экөөбүз жыргагандан бир казан эт салып отурат дейсиңби!? Жалгыз уулубуз бар. Ал дагы жалчы болуп бирөөнүн малын багып жүрөт. Каранар карманганыбыз жалгыз өгүздү ошол уулубуздун жакшылыгына жараар деген үмүттө  багып жүрдүк эле. Күнү кечээ бирөөлөр жонунан кайыш тилип кетиптир. Кара көзүбүз кашайып көрбөй калыптырбыз. Анан ысыктын күнүндө жаны кыйналбасын деп өгүздү эптеп союп койдук эле. Кемпир экөөбүздүн карысак деле бир уйчалык алыбыз бар экен.

— Ылайым көздөрү кашайып калсын! Кандай гана таш жүрөк, мыкаачы, мерестердин колу барды экен. Жакшылыкка арнаган малды тирүүлөй кордогондор, өмүрү жакшылык көрбөй кор болуп өтүшсүн! – деп кемпири кемшиңдеп ыйлап жиберди.

— Кой, антчү эмес байбиче! Көпкөндөрдүн жазасын берчү кудайым бар! – деп карыя күрсүнүп койду.

Эт  жеп отурган жигиттердин тамагынан эч нерсе өтпөй, бири бирине уурдана баам салып, ооздоруна бир ооз сөз кирбей отуруп калышты. Ооздорун кыбыратып жеген болушканы менен жегендери желимге айланды. Бата тиленгенге чейинки мезгил кылымга созулгандай болду.

Эт жебей эле таш жегендей болгон үч жигит, билдирмексен болушканы менен абышка-кемпирди түгүл бирин бири тике карай алышпай, алар менен сыпаа коштошуп, аттанып кетишти.

Өгүздүн жон терисин сыйрып кеткен ошол үч жигит экенин абышка-кемпирдин билгенинен же билбегенинен кабарыбыз жок. Бирок ошол үч жигиттин үчөө тең ар кандай себептер менен кийин сокур болуп калгандарын айтып жүрүштү. Мүмкүн бул окуяны абийирлери тынчтык бербей, кийин өздөрү ачыкка чыгаргандыр. Окуя совет мезгилине чейин болуптур.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *