№19

Жомок

 Илгери-илгери бир көп балалуу абышка-кемпир болгон экен. Бирок алардын балдарынын улам бири жерден боорун көтөрө электе эле чымчык жандары учуп кете берет. Тагдырдын башка салганына көнбөскө чара барбы? Ошентип, кайгыга чүнчүп, көз жаштан алсырап, алдан-күчтөн эрте тайыган абышка-кемпирдин көкүрөк күчүгү — жалгыз баласы калат. Эми караан тутуп, карманаар жөлөгү ошо каргадай бала. Атын да Жөлөк деп коюшат.

Кудай жалгап, бала тирикарак болуп чоңоюп келатканына ата-энеси ичтен кубанып, Жараткандан өмүрүн тилеп жүрүшөт. Жөлөк кайгыга алдырып, ментинен тайып калышкан ата-энесинин тиричилик кылып, жан багууга дарамети калбай баратканын көрөт да, кабыргасы ката элек болгонуна карабай, айылдагы байга койчу болуп жалданат. Бул кезде анын жашы он экиге толо элек болучу. Керээлди-кечке кой артында жүрүп суй жыгылса да, бир аргасын таап, күн сайын токойдон жер-жемиш, ышкын, жөргөмүш терип келет. Ошону менен абышка-кемпирди ачкалыктын ажалынан коргоп жүрөт.

Демейдегидей эле бул күнү да Жөлөк жайылган койдун этегин кайрып коюп, кучак жеткис карагандын түбүнөн апакай, чоң коенду кармап алды. Ал башка коендорго окшобой, өзгөчөлөнүп турду, жүндөрү ушунчалык ак болгондуктан, күндүн нуру чагылышып, көз уялтат. Башынан акырын сылап койду эле, алаканына жарык нур толо түштү. Көздөрү да өзгөчө экен, кандайдыр бир мээр төгүлүп тургансыйт. Бала аны үйүнө алып баргысы келбеди, алып барса союп, ата-энеси тамак жасаары бышык. Алып барбаса алар ачка калат. Эмне кыларын билбей отурду.

Ушул учурда кайдан-жайдандыр шуулдаган үн угулду. Жөлөк аяк-быягына көз чаптыргыча болбой, асмандан шукшурулуп, жебедей сайылып келген зор бүркүт бала менен коенду чеңгелдеп алып, обого көтөрүлдү. Алп куштун кубаттуу чеңгелинен кутула албасын билген бала эми жулкунбай калды. Коенду колунан түшүрүп жибербөөгө тырышып, койнуна катты. Бүркүт аларды адам буту тийбеген бийик асканын башына салынган уясына таштады. Анда жалгыз балапан бар экен. Ороктой ийрейген тумшугун чоң ачып, буларды көздөй талпынды. Бала артка кетенчиктеди. Эми кичине жылса тээ ылдый кулап, күм-жам болот, болбосо балапан тытып жейт.

Бир маалда аргасы түгөнгөн баланын койнуна жанагы коен булт эте чыга калды, бул кезде балапан дагы талпынып калды эле, бу жолу курч тумшугун баланын көкүрөгүнө матырып алмак. Коен бир силкинип алды, апакай терисинен чачыраган учкундар жарк этип, балапандын көзүн уялтып жиберди. Башын артка серпип, кетенчиктеди. Эми балага тап берүүгө батына албай турду. Арадан дагы бир аз убакыт өтүп, жанагы бүркүттүн аба жарган үнү угулду. Бул жолу ал узун, билектен жоон жыланды таштады. Балапан аны көздөй талпынды. Бала жыланды койнуна ката койду. Балапан болчудай эмес. Канаттарын жайып, тумшугун болушунча ачып, кол салууга ык койду. Ушул учурда коен жанагыдан катуураак силкинди. Эми учкундар да көп чачырап, балапанды артка качырды.

— Ырахмат, досторум! Силер мени ажалдан алып калдыңар, — деди баланын койнунан сойлоп чыккан жыланга тил бүтүп. Жөлөк ага таң кала карады:

— Ой, сен сүйлөй аласыңбы?

— Ооба, бизге кылган жакшылыкты билдирүүгө тил бүтөт.

— Экөөбүз ырахматыбызды коенго айтышыбыз керек, ал мени да арааны чоң балапандан сактап калды, — деди Жөлөк. Бул маалда тап берип калган балапанга нурун чачкан коенго да тил бүттү. Ал бери бурулуп:

— Азыр бири-бирибизге алкыш айтып отурууга убакыт жок. Бул жерден тез кетишибиз керек. Эне-бүркүт келсе соо калбайбыз, — деди.

Жөлөк туш-тарабына көз чаптырды. Бул жер абдан бийик жар эле, кылт этип бут тайыса — бүттү, тээ төмөнгө учуп барып, урчук таштарга тиет. Ага тийген тирүү жандын денеси туш-тушка чачырап кетери бышык эле. Эми кантип түшөрүн билбей, томсоруп отуруп калды. Ушинтип отуруп, бүркүткө жем болобу? Көз алдына өзүн күтүп отурушкан ата-энеси тартылды. Ал барып, жегидей бир нерсе таап бербесе, ачкадан өлүп каларын билип, кабыргасы кайышты.

Уянын кырына сойлоп барган жылан, төмөн жакты карап алды да, мындай деди:

— Кейибегиле, достор. Бул жерден түшүп кетебиз. Жөлөк, адегенде сен менин куйругумду карма, мен төмөн түшүрөм.

Бала анын айтканындай жыландын куйругун бекем кармады. Жылан уянын кырын тиштеп, куйругун ылдый таштады. Ал улам чоймодой чоюлуп, узарып отуруп, акыры жерге жетти. Жөлөк кое бергенде куйрук кайра жогору серпилди. Эми коен түшүп келди, анын артынан жылан түштү. Үчөө чаң жолдо жүрүп отурушту.

Бешим ченде жылан кышылдап, жыла албай калды. Көрсө, бүркүттүн ороктой болгон курч тырмактары денесине кирип, жаралап кеткен экен. Жөлөк аны белине ороп, көтөрүп алды. Шылдыраган булактын жанына келип токтошту. Коен булактан жылтыраган таш алып чыгып, жыландын жараланган жерине сыйпады. Ошол замат жарат жок болду. Андан ары жолун улантышты. Бир жерге келгенде коен токтоп калды:

— Достор, биз ушул жерден коштошолу, мен оң жакка кетем. Бизди балапандын оозунан куткарган жыланга ырахмат, — деди.

— Жок, бизди өлүмдөн куткарып калган Жөлөккө ырахмат, — деди жылан. Ал жалпак башы менен баланын башына жөлөндү. Бала да колу менен аны акырын сылады.

— Жок, сен экөөбүздү адеп коргогон коен болду, ага ырахмат, — деди бала. Ошентип, үчөө бири-бирине ыраазылык билдирип, ажырашып кете  албай көпкө турушту. Акыры коен жанагы дары ташты балага берди. Муну менен ата-энесине күч-кубат берсе болорун айтты да, өз жолу менен кетти. Тигил экөө дагы көпкө жүрүштү. Күүгүм ченде жылан токтоду. Ал балага кайрылды:

— Мына, экөөбүз эки жакка кете турган жерге келдик. Мен сол жакка кетишим керек.

Экөө дагы көпкө чейин коштошо албай, кыйылып турушту. Бири-бирин өлүмдүн кучагынан бошотуп алышкандыктан, бири-бирине чыныгы достордон болуп калышкан эле. Коштошуп жатып, жылан баланын муңайым жүзүнө тигиле карады:

— Эмнеге капалуусуң?

— Бүгүн ата-энеме эч нерсе алып бара албай калдым, алар ачка отурушат, — деди айыптуудай башын жерге салып.

Жылан ага карап турду да, анан куйругун көтөрдү. Куйругунун учунда илинип турган кичинекей шакек жылт дей түштү. Аны баланын алаканына салды:

— Эми алар ачка болушпайт, сен керээли кечке байдын коюн кайтарбайсың. Ушул шакек жардам берет. Бирок муну бир гана жакшылык үчүн пайдаланышың керек, — деди.

Жылан менен коштошкон бала, ата-энесине тезинен жетип, алардын кардын тойгузууга декилдеп чуркап жөнөдү. Көз алдына коен менен жылан улам тартыла берди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *