ЭСКЕРҮҮ

1972-жылы Фрунзеге окууга келип акын Тургунбай Эргешовго жолугуп калдым. Ал поэзия менен жашаган, чыгармачыл адамдарды жүрөгүнө көтөргөн адам эле. Менин окууга өтүшүмө жан дилден күйөрман болуп, борбордогу өз чөйрөсүнө аралаштырып, достору менен тааныштырып жүрдү. Абитуриент кезимде акын, Шербет Келдибекова деп бир кыз менен тааныштырды. Түш маалы эле. Шербеттикине барып чай ичтик. — Шербеттин  атасы – башкарма, үй сатып берген, — деп койду Тургунбай Эргешов. Мен анда шаарга жаңы келип, шаардагы үйдүн баркын түшүнө элекмин, анча эле маани бергеним жок. Шербет чачын Анна Ахматованын портретиндегидей тараган (мен ал портретти 1985-жылы көрдүм), тизесинен саркеч костюм-юбка кийген, кишини жактырган-жактырбаганы билинбеген, сүйлөбөгөн кыз экен.

Ошо бойдон Шербетти Университеттин 5-курсунда окуп жүргөнүмдө «Тоо жылдызы» адабий ийримден көрдүм. Барып эле ийримге катышпай кетип калган.

Ийримдин жетекчиси Беганас Сартов «Тоо жылдызынын» мүчөлөрүнүн чыгармаларын «Учкун», «Темир канат» деген альманахтарга чыгарчу. Шербет ыры альманахка кирбей калса: «Менин ордума ким кирди? Көрсөт ошол ырды», — дей турганын уктум. Беганас Сартов ийримдин ар бир мүчөсүнүн чыгармаларынын жана мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн байкап, ачып берген киши эле. Шербет кеткенден кийин анын ырларынын мыкты экенин айтып туруп, жогорудагыны кошумчалаган. Өз ырларынын баркын, ордун билген кудуреттүү инсан экенин түшүнүп, ичимден баалагамын. Өтүмдүүлүгүнө, ишенимдүүлүгүнө суктангамын.

1985-жылы мен Жазуучулар союзунун «Манас» секциясында машинистка болуп иштеп калдым. Шербет Жазуучулар союзунун органы «Кыргызстан маданияты» газетасында корректор экен. Жазуучулардын конференция, пленум, съезддеринен көрүп калып жүрдүм. Тоңдоосун бойдон чечилбедик. СССР кыйрап,  Жазуучулар союзунун иши жүрбөй баштаганда мен чыгармачыл аялдар бирлигин түзүш жөнүндө ойго кабылып, акын-жазуучу, ырчы, сүрөтчү, колөнөрчү, илимий ж.б. өзүм билген кыз-келиндер менен ой бөлүшүп жүрдүм. Бир чогулушта бирге отуруп Шербетке айтсам, жактырды. Уюмдун расмий кагаздары жасалып, бирок түзгөн уюмубуз кагаз бойдон туруп атты. Өгөйлөгөн, кодулаган, муну бир байлык, бийлик катары түшүнүп көрө албаган, ушак-айың, интрига жүргүзгөн акын-жазуучу аялдар  болду, ошонун таасири көңүлдү кайтарып, коомдук ишти коюп, өз тиргилигибизди карап кеттик.

Кайсы жыл экени эсимде жок, ошо кыйраган жылдардын биринде, телевизордон Шербетти көрүп, ырларын угуп отурдум. Алып баруучу:

-Акын кыздардан кимдерди билесиң? – деген суроо берсе, Шербет: -Сагын Акматбекова, Айгүл Узакова… дагы болсо керек, — деп койду. Мен иренжий түштүм. «Болсо керек» дегени катуу тийди. «Э тобо, ушинтип да айтат экен э?!» — деп таң калдым. Бул көрсөтүүнү мага окшогондон канчоосу карап отурат! Өлтүрдү го баарыбызды! Кийин байкасам, «болсо керек» Шербеттин төл сөзү экен. Бирөөлөрдү тоготпогондон, жокко санагандан эмес, «дагы бар, аттары эсиме келбей турат» деген эле мааниде экенин кийин бир «болсо керегинен» түшүнгөмүн да баягы нааразылыгыма күлгөмүн.

Шербет экөөбүз катташып, жакын болуп кеттик. Качантан баштап, эмнеден улам ушинтип кеткенибизди түк эстей албайм. Үйгө келип калат. Мен коомдук ишти коё сала сооданы өздөштүрүп, эптеп жан багып, «Ашың тургай, табагыңы таап ал» деген заманга моюн бербей көшөрүп жүргөнүмдө, акын атагым менен «базарная бабага» айланганыма кичине арданып жүргөнүмдө, зор иштин акыбетине ушул жол алып бараарын билип, ошол  жолдон, беттеген максаттан кайтпай, аны ичтен бышырып жүргөнүмдө Шербеттин келип калганы тоодой кубат, арка-бел болот. Шербет да так ушул ички күч-кубат, ишеним, ак дил менен келет. Санаалаш, тилектеш, жан жолдош. Көп сөздү айтпай түшүнүшөбүз. Олуттуу, ойго тунган кебетеси кишиге эш.

Каатчылык каарып турган кезде ырыскылаш болдук. Анда-санда келип калса, болушунча бирдеме өнтөлөйм. Ал бир жолу нан бышырып келиптир. Ошо нан эмдигиче азык болуп тургансыйт. Өзү бышырган нандын даамы! Баарысы эле нанынан бөлүшүп атыптырбы! Сыпайыгерчиликке ачуу-таттуу көтөрбөй, өз колунан бышкан, көңүлүнөн чыккан нан ортобуздун нандай ыйык болушунун шертиндей.

Бир жолу телефондон кайра-кайра операция болуп, кескен жери айыкпай атканын, кардиология клиникада жатканын, бешинчи жолу операция боло турганын, операциянын алдында үйгө суранып чыкканын, эртең ооруканага барарын айтты. Көңүлүм дүрт эте, «болсо керекке» бет келдим. «О, Кудай, ошо нааразылыгымы кечир!» — деп безилдедим, эртеси  ооруканага бардым. «Операциядан кийинки остеомелит, кыргызча муну кулгуна дейт. Бул айыкпайт, эми эки кабырганы алып таштай турган болуп атышат», — деди. Мен жаным, дилим менен бардым да. Ажалдан арачалап бардым.

–Кудайга ишенесиңби? Ишенбесең, ишен. «Кудай, туура эмес бирдеме жасаган болсом, туура эмес бир сөз айткан болсом, кечир, мага жардам бер, мени сакта», — дегин. Айтасыңбы ушинтип? Өзүң жалгыз отуруп, үнүңү чыгарбай, чыгарып айт. Чын ыкластан айт. Айтасыңбы? Кудайга ишенбесиң мүмкүн. Ишенбесең, ишен, — десем унчукпай отуруп, анан: -Айтам, — деди. Мен үйгө жетер-жеткиче Кудайдан кечирим сурап, жардам сурап күбүрөп-шыбырап жүрүп отурдум. Операция ийгиликтүү болду. Кудай үнүбүздү угуп, тилегибизди берип Шербет айыгып кетти.

Ошо кезде жаңы түзүлгөн коомдук уюмдар көп эле. Президент Аскар Акаев ал уюмдардын жетекчилерин чакырыптыр Мен Шербетти жүр десем, кошо барды. Ошерден Шербеттин жүрөгүнө жасалган операциядан көкүрөк сөөктөрү жабыркап, бешинчи операциядан жаңы чыкканын, жардамга, камкордукка муктаж экенин айттым. Президент жардам бермек болду. Чогулуш бүтүп, таркап баратканыбызда Аскар Акаевич Шербеттин жанына жетип келип сөзсүз жардам бере турганын айтты. Ошондон көп өтпөй эле Шербет үйгө келди. Президенттен 1000 сом жардам алыптыр. Ошондо 1000 сом жакшы эле акча болчу. 100 рубль эмгек акы 20 сом болгон кез эле. Бул – ден соолугун гана аягандык эмес, чыгармачылыгын да баалагандык болчу. Ооругандын баарына эле 1000 сомдон жардам бериш кайда! Бирок ошончо дарт менен талантты көтөргөн жанга бир жолку 1000 сом эмне болуп калыптыр! Ушуну жеткире түшүндүрүшкө мен да ошондо жарабапмын. Кийин президенттик стипендия деген болду эле. Ошого да алакан тоспоппуз. Улуктан кайыр сурагандан көрө түзгөн уюмдун корун өзүм түзгөнгө бел байлап, жекече иштин көзүн издеп баштадым.

Шербеттин денсоолугу оңолгондой болду.  Бир жолу келип, кечке чейин сүйлөшүп отурдук. Мен уулумун кечиккенине тынчсызданып: -Эми эмне кылам? Э, Кудай, эми эмне кылам?!- дей баштасам: — Минтпе, ушул – эң жаман. Келет, келип калат азыр, — деп тынчытты.

Ырас эле, балам келип калды. Баламы жемелей баштасам: — Ай, мас келсе, кантет элең? Соо келбедиби. Эркек бала да. Бу маалга чейин кыздар жүрөт көчөдө. Жемелебе, — деп шыбырап мени тыйды.

Телефондон байланышып, Алымды «критикалап» калабыз. Бир күнү дагы «критикага» киргенде: -Мен сени Алымды сүй, тий дедим беле? – десем күлдү. Анан андан нары уланттым: — Сүйсөң да тийбей эле койбойсуңбу! Өзүң сүйүп алып, тийип алып… Эми… Койкойто жасантып колтуктап алып конокко барсаң, Алым жакшы. Ал сенин күйөөң, ал – сеники, мага айтпа, — дедим. Ушуну менен бул тема жабылды. Ошого азыр өкүнөм. Угуп эле коё берсемчи! Турмуштун шары, толкуну –  көңүлгө толгон чер эле, ошону бөлүшүп койсом эмне эле! Экөөнүн легенда-сүйүүсүн коргой сөзүн кайтарып, шагын сындырыпмын да. Мен кыйшык сөз айтсам, өзү коргомок, өзү үйрүлүп түшө калмак. Балким, өзүнө гана тең өмүр шериги жөнүндө жакшы сөздөрдү уккусу келгендир менден.

Өткөн чактын өкүнүчүн кантейин!
Сөздү таап айтпапмын го алпейим.
Көңүлүңдү ооруттум го, курбум ай,
Орой, оңой сөздөрдү айтып анчейин.

2009-жылы майда «60ка чыгып атам, чыгарышып койгула», — деп чакырды. Сагын, Айгүл, Калбүбү, мен – төртөөбүз бардык. Ата-энеси, бир туугандары, келиндери бар экен. Замирбек иниси кой алып келип союп, келини дасторконун жайнатып тейлеп жүрдү. «Кербез» китебин Бурул сиңдиси басмага даярдап, эжеси Бермет басманын чыгымын көтөрүп жарыкка чыгарышкан. Ырыс-кешиктүү ушул бир туугандардын ынтымагына таңыркап, ыраазы болуп, даңазалап-даңктагым келип отурдум. Алым бизди «беш кемпир» деп шакабалады. Биз болсо, Шербеттин 16 жашын белгилеп отургансып, өзүбүздү жапжаш сезип, бактылуу элек. Он сегиздеги Алымдын көпкөлөң сөзүн көтөрүп көңүлдүү отурганбыз. Ошондогу жоолукка кошуп алып барган белек-ыр:

Шербет Келдибековага

ШЕР АКЫН

Шамал айдап жааган карды тизеден,
Кар учканын көрүп алып, музадан
Көкүрөккө шыкап, Жазда гүл терген
Көңүлү көркөм, көзү гөзал кыз элең.

Көкөлөтүп поэзия мунарын
Генийлердин катарында тураарың
Келди беле кыз кезиңде оюңа
Келин бойдон алтымышка чыгаарың?!

13-17.05.2009.

Дасторкондо ичкилик да болду. Ичкилик болгон жерде «чырт-пырт» учкун болбой коёбу. Шербет барганыбыздан кеткенибизге чейин былк этпей, үнүн чыгарбай тейлеп, Алым менен Айгүлдү – экөөнү эки алаканына салып отурду. Эки дөө жөөлөшсө, ортосунда Шербет шерим бир чымынга зыян кылбай зыңкыят. Майда толкундарды кебелбей жиреген кемедей элеси көз алдымда кала берди. Аны турмуштун далай зор толкундары да чөгөрө алган эмес. Алтымыш жылдык тоюна ата-энесинин катышканы чоң дөөлөт эмеспи. Атасы: -Ушу кызым жүрөктүн поргу менен төрөлгөндө алтымышка эмес, алтыга чыгаар бекен дегенбиз, Кудайдын мунусуна шүгүр, — деген. Шекем төрөлгөндөн баштап эле ажал менен алышып келгенин ошондо билдим. Поэзиясы ажалдан талашып, коргоп, күч-кубат болуп келди го.

Телефондон сүйлөшүп калганда: — Ыр жазып атасыңбы? – десем, жазбай калганын, үй кызматчы болуп алганын айтып жүрдү. «Кагаз-калемиңди таштаба, ал – сени колдогон, сактаган касиетиң, аны таарынтпа», — дебегениме өкүнөм. Алым экөө алмак-салмак сыркоолоп, ооруканага жатып чыкчу болушту. Андайдан өзүм да куру эмесмин го. Баарынан да катар-катар бир туугандарыбыздан айрылдык. Менин эки апежем удаа кайтыш болуп азада жүргөнүмдө Шербеттин Бермет эжеси каза болуптур, ар дайым жардам берип, колдоп жүргөн тиреги эле. Көп өтпөй иниси каза болду. Ушул кайгылар түбүнө жетти бейм.

Кийинки жылдары мен кол жазмаларымы басмага даярдап, баш көтөрбөй, эч ким менен байланышпай калдым. Бир күнү Калбүбү Сариева телефондон: — Шербетти уктуңбу? – дейт. Айй, укканы курусун! Өткөндө, инисин айтканда  «Ооруп атам, ооруканага жатам», — деген эле, ооруп, айыгып кеткенине көнүп калыпмын да. Ооруканага жатып айыгып чыгат дебедимби. Баягы-ы, бешинчи операциядагыдай безилдеп жетип барбай не болдум! Кудай угат эле да, көрөт эле да. Жакындарыңан алыстап кеткенде, ак тилек тилеп, жарыгыңы чачпай, өз кишилериңе өзөлөнүп мээримиңи салбай калганда жазалайт тура Жараткан. Ыйласаң, какшасаң кайра бир көрсөтпөй өкүнтүп арманга салат экен го. Жаш өткөн сайын өзүң менен өзүң болуп, жакындарың менен каттооң баштагыдай болбой, өз очогуңда очорулуп калат турбайсыңбы. Шербет кылт-кылт эсиме түшкөндө телефондон да сүйлөшүп койбой, ХХ кылымдан берки жетимсиреп жаткан колжазмаларым менен алек боло бербедимби. Мен байланышпасам, өзү да байланышпай калганына маани беришке алым келбей иштеп аттым. Акыркы  сүйлөшкөнүбүздө китептерди жарыкка чыгарууга аракеттенип атканымы айтсам: — Сен поэзия үчүн жашап аткан турбайсыңбы, мен жаным үчүн жашап атам, — деген. Ушул да мага жете бербептир. «Алдыраарда жазгыраар». Кол үзүшкөндөй болуп кеткендеги, көкөйдө турса да көңүлдөн, өмүрдөн (убакыт) бөлүшпөй калгандагы Кудайдын жазасы мына ушу – бир барайын, көңүлүн бир алайын, жок дегенде, телефон чалайын десем, эми жок. Киргили жок таза, ойку-кайкысы жок түз мамилеси менен мага кымбат эле. Ошол акыркы жолу телефондон  сүйлөшкөнүбүздө китептерим жарыкка чыкканда бет ачаарына чогулуп, мурда чыккан башка авторлордун китептеринин да бетин ачкым келгенин айтсам, жактырды. Ак дилибиз дилдиреп сүйлөшкөн элек:

-Сени телевизордон бир жолу жазуучулар менен көргөн элем.

— И, «Арашанда» тартылган.

— Ошондогу көйнөгүң сонун болчу. Ошо көйнөгүң барбы азыр?

— Бар.

— Ошо көйнөгүңү кийип чыгасың. Мен беш китеп чыгардым деп кайкайып жалгыз отурбайм. Жанымда отурасыңар. Кайсы жерде өткөрүштү чогуу тандайбыз. Презентация баарыбыздыкы. 4000дей китеп болот. Бул китептерди реализациялап алсам, чыкпай жаткан мыкты чыгармаларды чыгарабыз, «эл китеп окубай калды» дешет, окутабыз.

— Жакшы оюң бар экен, эми эртелет.

— Китептер чыгып бүтсүн, элди ар китепке ар башка козгобой… чама чакталуу да. Алым экөөңүн китептериңерден барбы?

— Калган жок окшойт. Алым «Салижандын сабактары» деген жаңы китеп чыгарган. БГУда жакшы өттү. Ал деле аз калды окшойт.

— Алымдын китебин үйүңөрдөн 2009-жылы көргөмүн, сенин «Кербениң» андан да мурда чыкты эле. Убакыттын билинбей өткөнүн карачы, былтыркыдай, мурдагы жылкыдай эле болуп турат.

— Жанагы айтканыңы эртелет, өзүбүздүн бар экенибизди сезип… жакшы болот эле.

Ушул – акыркы сүйлөшкөнүбүз. Пикирибиз, оюбуз биригип тураар эле. Ичинде ит өлүп, эмне айтсам, жаратпай четке кагып турган да теңтуштарым бар эмеспи. Сырдашым, курдашым, колдоочум кайтпас сапарга кетти. Бир жакшы ишке бирге жетпей калдык. Көкжал, — деп калар эле. Коркпой аялдар уюмун түзгөнүмү айтты бекен, коркпой базарга киргеними айтты бекен… Эмне үчүн минтип айтканын сурап койбопмун. Аялдар, болгондо да, чыгармачыл аялдар уюмун түзөт деген, акын соодагер болот деген эмне шумдук! Артта калган ал жолдорду эстесем, эми жүрөгүм түшөт.

Шербет жан-жүрөктөн жазылган ырларын таштап, жалжылдаган көзүнөн бу дүйнөнүн жарыгын өчүрүп кете берди. Анын тунук акыл-эси, сергек сезими, көркөм көңүлү ырларында калды. Шербетти эстегенде, ырларын окуганда  анын жогу күйгүзүп ич ачыша берет эми.

Калемдештер, жакшы сөзүбүздү, ырыбызды тирүү кезде арнашалы. Шекеме көзү өткөн соң арнаган ырым бул болду:

Бул акын, чыны, алп эле,
Бир аял болуп калп эле
Унчукпай, басмырт көрүнүп,
Узанып ичтен алчу эле.

Шербетим, чыны, шер эле,
Эркекке бергис эр эле.
Көтөрүмдүүлүк жагынан
Тең келчү ага Жер эле.

Сүйүүнү сүттөй ак күткөн,
Турмушта Туудай бак күткөн.
Жашоонун ыры, чырына
Мынчалык аял аз түткөн.

Бүт баарын үрөп жанынын,
Баладай баккан Алымын.
Балдары менен ырына
Берчү эле жүрөк жалынын.

Ыманы ысык жан эле,
Ырлары анын нак эле.
Халтура деген ылаңдан
Ырынын дени сак эле.

Эсилим, эстүү кайраным,
Жайылып аккан дайранын
Өзүндөй эле. Билинбей
Деңизге терең айланып.

Акыным, асыл, кайраным,
Өзүндөй Нарын дайранын
Мелмилдеп үнсүз акчу эле
Мухитке аста-а айланып.

03.06.2014.

Ушуну жазып, эскерүүдөн эсими жыйып алгыча Шербеттин артынан Алымдын кете бергени  кайгылуу болгону менен, күтүүсүз эмес болчу. Алым Шербетсиз жашай алмак эмес, жашай алган жок. Алымдын ошончо кырс кыялын, морт көңүлүн, назик жүрөгүн Шербет аярлап кармап турчу эмес беле. Шербеттен айрылганда: — Өзүңүн денсоолугуңу кара, — деп мени сооротуп жүргөн Алымдын кайратына ишенип да калдым эле…

Кыштын бир күнү Чынар Унурова инисине куран окутканга чакырып: — Алымга да айтып кой, — деди. Айтсам: — Баарыбыз – бир кишибиз да. Барайын, — деген үнү кулагымда калды. Ал үн өмүр менен өлүмдүн өзөгүн тең аралап чыккандай болгон.

Куран окулган жерден чыкканда элден окчун басып Самсактын абалын айттым: — Тегерегиңде алдуу-күчтүү балдар бар сыяктуу, айтып көрбөйсүңбү, кантип ушуга жардам бериш керек? – десем: — Билбейм… андай деле… кимге айтса болот? – деп айласыз тунжурады. – Эми, ыгы келсе бирөөгө айтаарсың, — дедим. Ал сөздү бирөөлөргө айттыбы, жокпу…  Ошондон кийин көрүшкөн жокпуз.

Жарыкка чыгып, элге таркай элек «Килемдин өөнү» китебими ала барып бергемин. Ичинде Шербетке, өзүнө жазылган ырлар бар. Шербет алтымышка чыкканда  жаңы чыгып үйдө жыйылып турган Алымдын китептерин көрүп жазган элем.

Алым Токтомушевге

АЛП ЖАЗУУЧУ

1.

Муза муунуп, бир тирилип, бир өлүп,
Бир замандан бир заманга сүйрөлүп
Жетип алып… эптеп-септеп чыгарган
Чыгармалар үйдө турат тирелип.

Сенден чыгып, элге чыкпай бекинип,
Бүтө элекпи чек-мөөнөтү жетилип?
Жолун бууган, — ойлойм, — кайсы каргаша,
Кай кылымда, ким кетирген чекилик?

Аргымактар ат болду жүк артынган,
Сенсиң, менмин аны ошентип калтырган.
Мааракеде Мааникердей күлүктү
Марага! – деп сүрөп турган салтым бар.

24.05.2009.

                 2.

Ажыдаар менен арбашкан Алым,
Карышкыр менен кармашкан Алым,
Жүрөгүң жалын, жүрөгүң жалын!

                                                30.05.2009.

Шербет шер менен Алым алп ээрчишип кетип калышты. Кудай акыретин берип, бейиштин төрүн буйруган чыгаар. Алым айткандай: «Баарыбыз – бир кишибиз». Алым-Шербеттин жаркын элестери биз менен.

06.09.2014.

Үрүниса МАМАТОВА       

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *