АҢГЕМЕ

Бул мал чарбасы дегениң таптакыр бүтпөс илим тура. Искен ушуну ойлогондо эсине  күрөң ую түшө берет. Апасы экөнүн эрмеги ушул күрөң уй боло турган. Апасы эртең мененкисин бадага кошот. Ал кезде Искен уктап жаткан болот. Анан кечкисин бададан тосуп алуу Искендин милдети.

Ошентип күн өткөрүшчү. Апасы күрөң уйду бадага кошуп келип, уулуна чай берип, мектепке жөнөтүп коюп ишине кетет. Искен болсо мектептен келип түштөнүп, анча-мынча кирди-чыкты иштерди кылып, кечкисин айыл четине барып бададан келген күрөң уйду тосуп алып, короого айдап кирип байлайт.

Искен мектепти бүтөрү менен апасы  күрөң уйду пулдап ийди. Анан ошол  акча менен шаарга келип, айыл-чарба институтуна Искенди окууга өткөрүп, биртууган инисине табыштап, жолго түштү. Ошону менен Искен бакандай бир институттун студенти болуп калды. Ветеринария деген илим тээ алмустактан бери келатканын, канча бир аалымдар мал чарба табиятын изилдеп бүтө албай  жүргөнүн, бул илимди азыр дагы казса канчалаган сыр чыгарын, Искен ушул жерден түшүндү.Түшүндү да ошол илимдин артынан түшүп кетти. Бир баш көтөргөн жок. Окуганы китеп, ичкени сары чай болуп жүрүп, окуусун артыкчылык менен аяктады. Шаардын сырт жагындагы мал чарба илим изилдөө институтуна жолдомо менен келип, кенже илимий кызматкер болуп ишке орношту.

Бул жерден түйшүгү ого бетер артты. Бир жагынан аспирантура, экинчи жагынан иш. Кеч кандай кирип, таң кандай атканы билинбейт. Жашы болсо жыйрма жетиден өтүп баратат. Жолдош жоролору качан үйлөнөсүң дешип кулак мээни жей башташты. Искенден башкасынын баары үйбүлө күтүп, бирден экиден балалуу.

Айылдагы апасы менен телефондон сүйлөшкөн сайын чайналып турат.

–Мен карыдым, балам, — дейт апасы кыйыта сүйлөп. Бул – “качан эми келинчек аласың” дегендегиси. Үйлөнүп алса эле көңүлү самаган ишинин баары калып калчудай болуп жүрөксүйт.  Балээ болду. Андан калса ушул кезге чейин чындап бирөөгө көңүлү деле түшүп көрбөптүр. Шаар толо жүргөн кыздардын баарын эле өзүндөй ойлоп, илим-билим кууп жүргөн жаштар да деп жүрчү. Көрсө, турмуш дегениң өз мыйзамына эсеп сурап турган улуу жобо тура.

Апасы чын эле карып калыптыр. Автобекеттен тосуп алганы барган. Эки каруусунан жөлөп-таяп атып, автобустан араң түшүрдү. Жүрөгү бир булкуп алып, өксүй түштү. Жападан жалгыз каралдысы болгон апасынын минтип турушу, зээнин кейитти.

Инститтуттун директору аны апасы кеткенден кийин эки-үч күн өткөрүп чакырды.

— Бу куранда жети үйбүлөгө өкүл ата болгон киши түз эле бейишке чыгат дейт экен. Ушу сени жетинчи өкүл балам болот го деп ойлоп жүрсөм маалкатасың да, — каткырып күлүп калды директор.

Искен кыпкызыл болуп уялып кетти. Башка го башка. Ал эми өзү пайгамбардай сыйлаган Алым Нарматович анын келечеги тууралуу кабатырланып турушу оңой тийген жок. –Илим өз жолу менен. Эмине, илимпозго жеке турмуштун кереги жок бекен!? Биринчи кезекте үйбүлө деген илимпозго керек. Ансыз болбойт. Күн деген өтө берет. Жаш деген кете берет, — деп Алым Нарматович дагы далай акыл-насаат сөзүн айтты.

Үйлөнүү үлпөтүнө чакырып; “Өкүл ата болуп бериңиз” деген такилип менен киргенде Алым Нарматович өз сунушунан караманча баш тартты.

–Жок, жок, менин планым ашыгы менен толгон. Мен сага өкүл ата болбой эле коеюн. Сен экөөбүздүн ортобузда дагы далай иштер бар, ошого тоскоол болот. Аны бара түшүнөсүң, — деп таптакыр болбой койду.

Ошону менен той да болду. Искен өзүнүн жакын досунун чырактай балдызына үйлөндү. Колуктусу догдурдун окуусун бүтүп, ооруканада иштейт. Апасы уул-келинине каралап, айылдагы үйүн сатып, бирин-экин топтогон дүйнөсүн сатып, ошол Искен иштеген жерден бир үй сатып алып, чогуу туруп калышты.

Көптөн бери бере албай жүргөн карызынан кутулгансып, Искен бир жеңилдеп алды. Көрсө үйбүлө дегениң сонун болот тура. Биринчи уулдуу болгондо төбөсү көккө жете кубанды. Өзүнөн өзү шерденип, буту менен жер баспай эле, булут кечип жүргөнсүп өрөпкүдү. Келинчеги көзүнө андан бетер ысык көрүнүп, апасынан далдаалана калып бирде колуктусун, бирде наристесин жыттап алса, чарчаган жаны сеп ала түшөт. Ошентип жүрүп кандидаттык диcсертациясын жактады. Кучагы гүлгө толуп, куттуктоолордон кулак тунду. Илимди илимдей күтүп, тыкыр иштеген Искендин аброю ошентип өзүнөн өзү арта берди.

— Мен карыдым. Эми ушул мекеменин эки тизгин бир чылбырын өз колуңа аласың, — деди Алым Нарматович бир күнү Искенди чакырып алып.

— Жок, жок. Менин ишим ансыз да чачтан көп… Мен иштей албайм! — деп чочуп кетти Искен.

Иниститутка директор болобуз деп тымызын тилек багып жүргөндөр көп экенин Искен билчү. Ишмер, акылман жетекчинин күндөн күнгө шылкыны бошоп, апасынан бетер карылыкка алдырып баратканына чындап ичи күйчү. Бирок Алым Нарматовичтин ордун басып, деректир болуп калам деген ой анда таптакыр жок болчу.

Алым Нарматович ыкшып күлүп калды.

–Ушу сен бир кызык бала экенсиң. Менин ордуму алабыз дешип, канча бир киши түн уйкусунан безип жүрүшөт. Канча бир киши таманы жер жыттабай ар эшикти бир сүзүп жүрөт. А сен келген ооматты өз бутуң менен ыргыта тепкиң келет. Иштейсиң дегенден кийин иштейсиң! Мен эмине ордума өзүмүн өкүл баламы коюп кетип атыпмынбы. Мен ордума ушул иштин түйшүгүнө түтө турган таланттуу окумуштууну коюп кетип атам, — дегенде эле Искен унчуга албай калды.

Көрсө, Алым Нарматовичтин баягы өкүл аталыктан баш тартып койгонунун жөнү ушу турбайбы. О-уу, андан бери канча мезгил өттү. Ушунча мезгилден бери карай пайгамбардай болгон киши ордуна Искенди ыроолоп жүргөн экен да. Демек артка кымындай да жол жок…

Институттун директору болгондон бери убакыт дегениң мурдагыдан да тез өтө баштады. Күнүң менен айыңды мындай кой, жылдар зымырай түштү. Ал ортодо апасын акыркы сапарга узатты. Алым Нарматовичтин көзү өтүп кетти. Экөөндө тең өпкө өпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлады. Жан күйөөрлөрүн жоктоп, ичи өрттөндү. Ошондо Искен Саматович дешип, көзүнүн агы менен тең айланып, ушул эле мекеменин кишилери тегеректеп жүрүштү. Искен ыйласа кошо ыйлап, сооронсо сооронуп жүрүштү. Кайра-кайра көңүл айтышып, алымча-кошумчаларын белендеп, байма-бай куран окутуп жүрүштү.  Бул адам дегенден айланса болот экен го деп ойлоду Искен өзүнчө. «Карачы, ушундай кыйын күндө мага дем-кубат болуп тоорулуп турушканын. А кокус жалгыз калсам, көңүл айткан киши болбосо, ыйлай берип, өпкөм көөп» — деп барып каңырыгы түтөп кетет.

Тургун Калмурзаев деген жаш окумуштуу кудай өмүрүн бергир, тим эле адамдан башкача жароокер экен. Айланып күнү-түнү жанынан чыкпайт. Эл топурап келип атканда, боз үйдүн кырчоосун кармап өксүп аткан ошо болду. Кичине тыным боло калса, эки чаканы колуна алып сууга жүгүргөнүчү. Балтаны алып бапырата отун жарган да Тургун болду. Самоор коюп, чай кайнатканда да ошол Тургун Калмурзаев жүрдү.

Искендин көзүнө кайра-кайра Тургун урунуп атты. Ошо менен экөөнүн ымаласы келишип, ортодо ынактык пайда болду. Искен өзү жетише албай калган иштерин бүт Тургунга айтат. Айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарат  Тургун. Өзүнүн эки уулу али жаш. Ошондуктан Тургун биртууган инисиндей болуп колун узартып турат.

Үйгө конок келгенде базарга барып, союштун мыктысын таап келип, аны союп, жиликтеп, этти бышырып аткан Тургун. Келген конокторго ийиле табак тартып жүргөн Тургун. Меймандар эшик-эликке чыкканда улам бир жарыкты күйгүзүп коштоп жүргөн да Тургун. Коштошуп бараткандардын чапанын ала чуркап, ар кимисин кийиндирип жүргөн да Тургун. Кыскасы, жана айткандай кудай өмүрүн эле узун кылсын. Бир алтын жигит.

Ошого жараша өстү Тургун.  Мезгил өтүп, мекеменин ортон колдой бөлүм башчысы болуп турду. Институттагылардын баары менен тил табышып, дегеле бирине да үн көтөрүп сүйлөгөн жок. Кичүүсүнө ага, улуусуна ини. Майрам салтанат менен той тамашаларда дайым тамада. Кишинин оюндагысын айттырбай табат. Элдин баарын ыраазы кылып, көңүлүн алат. Ошентип жүрүп жогору жактагылардын көзүнө түшүп калды белем, кызматынан дагы көтөрүлдү. Түз эле барып институтка декан болуп калды.

— Искен Саматович, кечинде жеңем менен келип үйдөн чай ичип кетиңиз, жаман иниңиздин кубанычына орток болуп, — деген чакырыктан улам, ошол күнү кечинде Тургундукуна барышты.

Конок камы болуп, ашканада эт бышып, үлпөт дасторкону даяр экен. Келиңиз деп жакшы кабыл алды. Демейкидей эле кабак кашы сүйкүм.

— Келгиле, олтургула — деп лыпылдап  капталдан эки орундукту жылдыра койду. Унчукпай байбичеси экөө орун алышты.

— Ректор келмек эле бир аз кечигип атат. Бир-эки чыныдан чай ууртагыча келип калаар. – Чыныны ала коюп өзү чай куюп сунуп жүрдү.

— Оо, Искен Саматович, кандайсыз, сак саламат жүрөсүзбү? Сизди көргөнүмө кубанычтуумун, — деп ректор сырттан жайдары кирди.

Ушул тушта аялдар өздөрүнчө болуп, ректордун аялы менен учурашып, ал-жай сурашып калышты. Тургун ректор кирээри менен төргө лып өтө калып, башкы үстөлдү жылдырып тигиге даярдады.

— Жок, жок сиз өтүңүз, Искен Саматович! Төр сиздики!  Сизден мурда төргө өтүп… — Ректор кичүүнүн ызаатын кылып турду.

-Биз эми жайланышып алдык, иним. Анан калса күндө эле келип жүргөн үйүбүз. Бүгүн бир төргө олтуруп бериңиз, — деп Искен Тургундун ыкыласына карап иш кылды.

— Жок, сиз өтүңүз! Мен кантип сизден жогору отурмак элем, — деп ректор көжөлүп койду.

— Замана башка болуп кетти, Искен Саматович! Азыр эми рынок деген келип баарыбызды чүкөдөй калчап олтурат. Мына, сиздердин кызматкерлер да эки айдан бери айлык албай иштеп атышат. Кандай кылабыз?!

Үлкөн жетекчинин бул суроосуна Искен не демекчи. Ушуга чейин жалаң илимдин отун жагып, суусун алып жүргөн киши унчуга алган жок.

— Тургун  Калмырзаевди билесиз. Мурда сиздерде иштеп кеткен. Биз ошол кишини сизге орун басар кылып жиберсекпи дедик эле? Андан калса жогору жактан да ошондой сунуш бар…

Искен үндөгөн жок. Баягы ректор менен олтуруп конок болгондон бери аны менен байланышын деле үзүп койгон. Бирөөлөрдөн сураштырса, илимге деле саламчы мамиледеги шылуун деп  жамандап койгон.

— Макул. Ошондой сөз болсо, силер айткандай болсун…

Ошону менен Тургун Күчүкович Искенге орун басар болду да калды. Келээри менен институттун имаратынын бир бурчун бошоттуруп,  кайдан жайдан усталарды таап келип, өзүнө келиштире кабинет жасатып алды. Мекемеге тиешелүү жерди кыдырып көрүп чыгып, бош калган бөлмөлөрдү бүт ижарага бердирди. Ошону менен илимий кызматкерлерге авансалап акча тараттырды.

Искен буга ыраазы болду. Антпесе кызматкерлердин көбү  иштен бошойбуз дешип арыз жаза башташкан.

— Мобул жерге кол коюп бериңиз, Искен Саматович!

— Бул эмине?

— Бул баягы тажрыйба станциясынын жери. Ошол жерди он жылга ижарага берип атабыз. Чет элдиктер келип опыт жүргүзөбүз дейт. Ижара акысы жарым миллион доллар экен…

— А өзүбүз эмине кылабыз мынча жерди чет элге берип ийип?!

— Ой жарыктык, о-о-й! Ансыз деле эки жылдан бери иштебей эле бош жатпайбы! Четтиктерге бербесек, дагы ошентип бош жата берет. Андан көрө ижарага болсо да иштеп турсун?!

Чын эле. Каражат жогунан ошол жер иштетилбей калганына эки жыл болду. Ошол ортодо тажрыйба станциянын малы да түгөндү. Илим иштери да токтоду. Айлыгы төлөнбөгөн жерге жада калса кароолчу да турбайт экен. Ошо менен баары таландыга түшүп кетти.

— Мобул жерге сиздин колуңуз керек болуп турат Искен Саматович! Бул лабораториялык имараттын теңин ижарага берүү тууралуу келишим. Мындан бизге  он миң доллар түшөт. Бул үч эле айдын аренда акысы. Буйруса, дагынкысы дагы болот!

Ошентип күндөн күнгө институттун  кедери кете берди. Кийинки эки-үч жыл ичинде илим изилдейт элем деп бир да жаш кадр басып келбеди. Иштемиш этип жүргөндөрдүн деле берекеси жок. Эптеп келип кетмей. Бир гана Тургун Күчүковичтин:

– Сиздин колуңуз керек болуп турат, — деген сөзү кулагында жаңырат. Анын да бир жагымсыз илеби бар. — «Сиз кол койбосоңуз деле бүтүп калган иш бул», — деген өкүм дымак турат тигинин үнүндө.

— Мен бир кызмат машине алайын, Искен Саматович. Ансыз боло турган эмес. Эски «Волга» менен тигил жакка бир, бул жакка бир чаап жүрүп, чарчап бүтөт экен киши, — деди Тургун бул жолу.

Кагазына унчукпай кол коюп берди. Башка аргасы да жок болчу. Ушул азыр Тургун болбосо эле институтта иш токтойт. Ансыз деле эптеп кыбыраган эле жаны калды. Баягыдай болуп айлык, кварталдык пландарды түзүп, ошонун үстүндө чарк айланып иштемей эчак токтогон. Штаттар кыскарып олтуруп үч жүз кишиден, элүүдөй кызматкер калды. Алардын баары  институттун ысык-суугуна күйүп,  көп жыл иштегендер. Чачтары агала болуп, жашы улгайып калгандар.

— Мына буйруса, аргымактуу да болдум! Эми иштешти көрүп аласыз, — деди Тургун институттун алдында турган  кымбат «Мерседести» көрсөтө берип.

Анын бул сөзүнө Искен бир ичиркенип алды. «Кайсы кыйратып койгон ишин айтып атат бул түгөт. Сатчусун сатып, алчусун ташып кеткен да иш болмок беле? Бул талоончулук эмеспи?!» — деген күдүк ой турду көңүлүндө. Бирок ачык айта алган жок. Айтканда эмине. «Шарт ушул болуп атпайбы» дейт да. Анан калса кагаздарына өзү деле кол коюп берип атпайбы…

Ар кайсы ойго чарпылып санааркап атып, Искен кеч уктады. Ошол түнү түшүнө  айылдагы өзү чоңойгон үйү кирди. Искен апасы экөө жашаган үйдүн алдында Тургундун жапжаңы «Мерседеси» турат. Аны көрүп жүрөгү опкоолжуй басып келсе, баягы күрөң уйду союп салышыптыр.

Кандуу булоондо жеңин түрүп алган Тургун күпүлдөп, билермандык кылып, тегеректеп тургандарга күрөң уйдун этин таратып берип атыптыр…

Калчоро   КӨКҮЛОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *