Алтай жомогу

Көк кашка булактын боюндагы таштардын коңулунда бир кичинекей сыгырган[1]-чөп үймөктөгүч жашаптыр.

Ал жанындагы башка кошуна сыгыргандар сыяктуу эле тиши менен чөп кертип, анан аны бир жерге ташып келип үймөктөчү.

А булардын турагынан өйдөрөөктө кырдагы жайытта тоонун кызыл түлкүсү турак кылчу.

Бир күн аба айнып турганда ошол түлкү карды ачып ууга чыкты. Түлкүнүн шырп алдырбаган доошун, анын жагымсыз жытын сезип сыгыргандын баласы башын ары-бери чулгап, кыйкыра баштады:

— Сыйт! Сыйт! Түлкү келатат!

Сыгыргандар таштын кычыктарына жана ийиндерине кирип, таш бетинде алар жыйнаган тоорсуган чөп гана калды.

Түлкү ошол үйүлгөн чөптү жыттап-жыттап туруп, ыйлап жиберчүдөй минтти:

— Ушуга чейин бир да түлкү чөп жеп көргөн эмес эле, эми ушинтип мен чөп жейминби?

Оозуна тиштеп, чайнап көрдү, жагымсыз даам келди, тили тилинип, тамагын чөп өйкөдү.  «Сениби, сыгырган-чөп үйгүч, ушунун баарын кылган сен,  түлкү ачууланып кирди, – шашпагын, сени жана сенин бүлөңдү бүт жебесем элеби!»

Анан ал сыгырган кирген кычыкка келип, муңайым, назик үнүн акырын чыгарды:

— Ияу-у, бул жердин ээси кандай камкор немелер. Чөптөрдү бирдей кылып кескенин көр. Кандай жакшы кургатканын көр. Анан аларды кантип үймөктөгөнүн көр. Укмуш. Тим эле суктанасың. Бай-бай! Карасаң, кылган ишинен бир кынтык таппайсың. Мактанган киши деген жаныбарлар дале мындай кыла алышпайт. Бай-бай! Адамдар булардан үйрөнсө болгудай. Булар не деген жаныбарлар болду экен? Ушул акылдуу, камкор, ажайып жандарды бир көрүп өлсөм арманым жок эле.

Ушундай мактоолорду угуп сыгырган ийининде кантип тынч жата берсин, акырын-акырын кыймылдады, дем ала баштады.

Түлкү дале таң калганын токтотпойт:

— Ырахмат, ырахмат, булардын атасына ырахмат! Ушундай азаматтарды мен кантип эле көрбөй калам. Алардын көзүн көрүп, бир ооз сөзүн угуп, кумарданып отурсам, эки дүйнөдө армансыз өтпөйт белем…

Сыгырган мактоого чыдабай кетти, ийининен акырын тумшугун чыгарды.

— Ой, бой, укмуш турбайбы, – түлкү андан бетер мактоого маарытты, – ушундай эле болсо керек дегенмин. Мен ойлогондой эле сулуу тумшугу бар турбайбы. Пай-пай! Жону андан бетер керемет сулуу дешти эле, чынында ошондой окшойт. Жонун көрбөй атпаймынбы…

Сыгырган тумшугун катып, эми жонун ийинден чыгарды.

Ошо замат түлкү акең аны тиштеп алды. Сыгырган кыйкырууга да үлгүрбөдү.

Түлкү тоо тарапка акылдап, жемин балдары менен бөлүшүүгө ашыгып жөнөдү. Сыгырганды болсо бекем тиштеп коё бербейт.

Ал байкуш ыйлап-сыктайт, кыйкырат:

— Ох, байкуш атам, шору каткан шорлуу энем…

Сыгыргандын жалынган үнүн сагызган угуп калды. Не болуп кетер экен деп ал ала-була канаттарын күүлөп, шакылыктап булардын артынан түштү. Жөн ээрчибей сүйлөп алган:

— Өзүң-өзүң, сыгырган, өзүң түлкүнүн тишин кычыштырган өзүңсүң. Эми эмнеге ыйлайсың, эмнеге жалынып-жалбарасың?

— Кантип мен ыйлабайм, кантип мен көз жашымды көлдөтпөйм? Атам да, энем да менден дайыма суранчу, буйрук кылчу: «Бизди жалгыз калтырба, уулум. Кайда барсаң, бизди кошо ала жүр, биз сени менен бололу» дечү. Мына-а, сагызган аке, карабайсызбы, мен болсо жыргап тоого баратам, байкуш атам менен шордуу энем күйүт тартып үйдө калды. Мунум үчүн алар мени эч качан кечирбейт. Алар эми бул өмүрдө мага таарынып өтүшөт.

Муну угуп туруп түлкү ансайын кымыңдай түштү, ордунда тык токтоп:

— Аларды дале алып алалы, ата-энең кайда турат? – деди.

— Ой, мында эле, алардыкы тээтигил камыштардын арасында.

— Жүр, анда ээрчитип бар мени! – Түлкү анан аны тишинен бошотуп жол баштасын деп коё берди.

— Сыйт! Сыйт! – Чөп жыйнагыч бир-эки чыйылдап алды да, таштардын кычыгына кире баштады.

Ошо кезде аңдып келаткан түлкү анын куйругун тиштегенге үлгүрдү. Бышык тиштеп, коё бербей турду.

Сыгырган да жан талашып, кычыктан чыкпай тартынат.

Түлкү тарта берди, тарта берди, эч чыгара албады. Акыркы күчүн топтоп тартты эле кежигеси менен ташты сүзүп, буту менен араң-араң турду, тишинде болгону сыгыргандын куйругу калыптыр.

Ошондон кийин түлкүнүн тумшугу узун болуп, сыгырган болсо куйруксуз калыптыр…

Кыргызчалаган Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Сыгырган – куйругу жок, кулактары кыска, коёндор тукумуна кирүүчү, кемирүүчү жаныбар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *