Ушул жылдын 1-ноябрында жарыяланган балдар адабияты боюнча сынак 20-декабрь күнү ЭлТР каналы аркылуу түз эфирде жыйынтыкталып, жеңүүчү авторлор аныкталды. Буга чейин ысымдары коомчулукка жарыяланбай келген конкурстун катышуучуларынын жана калыстар курамынын аты-жөндөрү конкурс жыйынтыгында гана түз эфирде жарыяланды.

Аталган конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктаган адабиятчылар: Бекташ Шамшиев, Садык Алахан, Жолдош Турдубаев жана Улан Турдалиев болду. Сынакка катышкан 19 чыгарманын арасынан эң жогорку упай топтогон автор №3 саны менен жарыяланган Самара Насырова «Оюнчуктарды «эмдөө» аттуу ыры менен биринчи сыйлыктын ээси деп табылды. Андан кийинки жогорку упай топтогон №4 саны менен жарыяланган » Өтүкчү жигит» аттуу жомоктун автору Сайрабүбү Касымова экинчи орунду; №14 саны менен жарыяланган «Ак эмгек – даамдуу нан» аттуу жомоктун автору Нурайым Шаршенбаева үчүнчү орундун жеңүүчүсү деп табылды.

_avatar180 1779168_1514923585480143_8161348449752883412_n 15284808_1642017862765788_3571056252913858624_n

Андыктан 1-орундун жеңүүчүсү Самара Насыровага 7000 сом; Сайрабүбү Касымовага 5000 сом, Нурайым Шаршенбаевага 3000 сом акчалай байге тапшырылат. О.э. кызыктыруучу байге катары 5000 сом каралгандыктан, ага алты автор татыктуу деп табылды. Алар: №11 — Тынчтыкбек Алтымышев, 13 — Ысмайыл Кадыров, 18 — Нурланбек Кайрыев, 19 — Мусакун Сатыбалдиев о.э., тең упай менен чыккан № 1 — Абдыкерим Муратов жана 17 саны менен жарыяланган Насыпбек Асанбаев болду. Булардын ар бирине 1000 сомдон жана тең упай менен чыккан авторлорго 500 сомдон байге берилет.

Жогоруда аты-жөнү аталган урматтуу жеңүүчүлөр, баарыңыздарды сыйлыгыңыздар менен куттуктайбыз! Байгеңиздерди конкурстун дөөмөөрчүсү, Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулунун өз колунан аласыздар. Андыктан «Коом жана Мен» сайтынын негиздөөчүсү жана аталган конкурстун уюштуруучусу Олжобай Шакир менен байланышка чыгууңуздарды суранабыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *