Жек ЛОНДОН

Аңгеме

Илгери-илгери бир заманда дал Түндүк Уюл деңизинин жээгинде Киш деген бала жашаган экен. Ал өз элинин көсөмү катары айлында атак-даңкка ээ болуп, көп жылдар бою бактылуу турмушта өмүр сүргөн. Аны эли, көзү өткөндөн кийин да зор урматтап, Кишти ооздорунан түшүрүшкөн эмес. Андан бери бир топ жыл, бир топ ай, нечен кыш, нечен жай өттү, бирок Кишти унутпай, анын иштеген иштери жөнүндөгү аңызды абышкалар жаш кездеринде өздөрүнүн ата-бабаларынан кулагы чалган, эми алар бала-бакырасына айтып берип жатышат, ал эми жаштар болсо өз кезегинде картайган кезде өзүлөрүнүн балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө аңыз кылышмак. Ошентип, Киш жөнүндөгү аңгеме ооздон-оозго учу-кыйры жок айтылып кете бермек. Түндүктүн озоңдогон каардуу бороону муз бетине кар жугузбай үйлөп, тирүү жанды сыртка баш бактырбаган Түндүк Уюлдун түнөргөн узак кышкы түнүндө эл чогулуп, кедейдин үй-бүлөсүнөн чыккан Киштин эл арасында кадыр-баркка кантип ээ болгондугу жөнүндө аңгемени үйдө отуруп угуу кандай жакшы.

Аңгеме айтылганга караганда Киш акылдуу, чымыр, кайраттуу, күчтүү жана күндүн көзүн он үч жолу көргөн бала болот. Түндүктө жылды ушундай эсептешет, анткени — жыл сайын кышында күндүн көзү көрүнбөй жоголуп, жердин бети түнөрүп, караңгы тартып турат. Андан кийин келерки жылда гана жаңыдан күндүн көзү көрүнүп, жердин бетин жылытып, адамдар бири-биринин иреңин ошондо тактап көрүшө турган. Киштин атасы эр жүрөк кайраттуу мергенчи болгон. Бир жылы катуу ачарчылык болуп, ошондо өз элинин өмүрүн сактап калуу үчүн ал бир чоң ак аюу менен жекеме-жеке алышып, жырткычтын тырмагынан каза тапкан. Аюу анын бардык сөөктөрүн былчырата чайнайт, бирок аюу да соо калбайт. Аюунун эти арбын болучу, ошондуктан айыл ачарчылыктан жабыркабай кенен-кесири кыштан чыгышат. Киш баатыр мергендин жападан-жалгыз баласы болучу. Атасы өлгөндөн кийин бир үйдө Киш энеси экөө гана калышат. Бирок анын атасынын кылган эрдиги элдин эсинен бат эле чыгып кетет. Киш болсо бала эле бойдон, энеси болсо — аял да. Ошондуктан буларды да эл аяң кылбайт, алар жардылыкка учурап, өздөрүнүн жыртык айбаалысында эптеп жан сакташат.

Бир күнү кечинде айыл башчысы Клош-Квандын кең-кесири үйүндө болгон жыйылышта күтүлбөгөн жерден Киш өзүнүн кызуу кандуулугун жана эч кимге баш ийбей турган эр жүрөктүүлүгүн көрсөттү. Ал ордунан кадимки чоң киши сыяктуу салабаттуу турду да, уу-чуунун басылышын күттү.

— Мен чындыкты айтамын,— деп сөзүн баштады ал,— Апам экөөбүзгө тийиштүү эт берилип турат. Бирок көбүнчө эски жана таштай катуу, этинен сөөгү көп.

Бул сөзгө жыйылышта отурушкан аңчылардын баары — аксакал, көк ала сакал карыялар, кара муруттуу жигиттер жана жаштар — баары айраң таң калышты. Эч качан каргадай баланын теңсиздикке каршы чыгып, улуудан уялбай, кичүүнү кичүү дебей бетке чаап сүйлөгөнүн угушкан эмес! Бирок Киш сөзүн тайманбастан мостоюп каардана сөзүн улантты:

— Менин мындай деп атканымдын себеби; атам Боктун атактуу аңчы болгонун мен жакшы билем. Элдин айтымына караганда, ал аңдын этин эң мыкты эки мергенчиден көп алып келчү экен, алып келген этин өз колу менен бөлүп, айылдагы өбөктөгөн кары-картаңга, абышка-кемпирлерге тийиштүү энчилери адилеттүү бөлүндүбү, жокпу, ошол жагын байкачу экен.

— Эшикке кууп чыккыла! — деп ачууланды мергенчилер.— Алып кеткиле, бул оңбогурду! Ары алып барып, уктатып койгула, аксакалдар менен сөз талашууга, каршы сүйлөөгө али жетиле элек, — дешти.

Бирок Киш салмактуу гана ызы-чуунун басылышын күтүп турду.

— Сенин аялың бар, Уг-Глук,— деди ал,— демек, сен аялыңдын таламын талашып сүйлөйсүң. Массук, сенин да аялың, энең бар, сен да алардын камын көрүп, оокаты жөнүндө сүйлөйсүң. Апамдын менден башка эч кими жок, андыктан мен да энем үчүн сүйлөймүн. Менин айтарым: Бок баатыр мергенчи болгондуктан, өзүнүн эли үчүн курман болду, ошондуктан анын баласы — мен, жана Боктун аялы, энем — Айкига айылда эт боло калганда, оокаттан тарыбагандай болуп, тийиштүү бөлүгүбүздү алып турсак дурус болор эле. Мен, Боктун уулу Киштин айтары ушул.

Ал ордуна отурду, бирок өзүнүн сөзүнөн улам чыккан уу-дууну, кыжырланган, ачуулуу нааразылыктарды кунт коюп тыңшады.

— Кенедей балдар жыйылышта бети-башы чымырабай кантип дити барат? — деп булдурады карыя Уг-Глук.

— Оозунан эне сүтү кете элек балдар качантан бери бизди, эркектерди үйрөтчү болушкан?— деп сурады дорулдаган Массук.

— Же эт керек болгондо эле көрүнгөн шок бала мени шылдың кыла бергидей менин колуман эчтеке келбей калган бекен?

Кыжырлануу көбөйө берди. Азыр үйүңө барып укта деп, отургандар Кишке буйрук беришти, мындай кылыгын койбосо мындан ары эттен кур калат деп коркутуп, тентектик иши үчүн аны жакшылап туруп «домдоп» коюуну да эскертишти. Киштин көзү жайнап, каны кызып, бети кыпкызыл болуп албырып кетти. Жеме сөздөр сөөгүнө абдан баткан окшойт. Киш ордунан ыргып туруп:

— Силер, эркектер, угуп койгула!— деп үнүн көтөрүңкү чыгарды ал.— Качан гана өзүңөр мага келип: «Киш, сен бизге өз пикириңди айтып бер, сенин сөзүңдү уккубуз келет» деп сурамайынча силердин жыйылышыңарга келбеймин жана эч качан бир ооз сөз сүйлөбөйм. Менин акыркы сөзүмдү баарыңар уккула жана эсиңерден чыгарбагыла! Менин атам Бок атактуу мергенчи болгон. Анын уулу, Киш, мен да аңчылык кыламын жана мындан ары этти өзүм таап келем. Мындан ары эсиңерде болсун, менин алып келген табылгам калыстык менен бөлүнөт. Бир да жетим-жесир, бир да мусапыр кары эми мындан ары азыркыдай жокчулуктун азабынан түн бою кыңылдап, көз жашын көлдөтүп ыйлабайт; ал эми алдуу-күчтүү эркектер болсо этти чегинен ашыра жеп, күптүү болуп ичи ооруп кыңкыстайт. Мына ошондо этти көп жеп жиберген алдуу-күчтүү эркектер үчүн бетке чиркөө болот. Мен, Киш баарын айтып бүттүм.

Эшикке чыгып баратканда Кишти үйдөгүлөр мыскылдап, келеке кылып, күлкүменен узатышты. Киш тиштенген бойдон, ачуусу аябай келип, эч жакты карабастан үйүнө түз келди.

Киш эртеси жер менен муз кошулган жээкти бойлоп жолго чыкты. Чоң жаа жана учуна шишмекей учтуу темир кийгизилген жаанын көп огун, ийнине атасынын чоң ак сойгогун асынып баратканын көрүшүптүр. Бул жөнүндө ар түрлүү ой жоруулар жана толгон мыскыл, күлкүлөр болду. Чынында да мындай окуя мурда болгон эмес. Бул жакта кичинекей бала жападан жалгыз аңга чыкмак түгүл, ал жөнүндө сөз да угулган эмес. Эркектер баштарын чайкашып, «мунун акыры жакшы болбос» дешип, алдын ала болжоп кобурашты, аялдар болсо Айкиганын түнөргөн, кайгылуу жүзүнө аянычтуу карашты.

— Ал көп кечикпей эле кайтып келет деп,— аялдар кайрат айтымыш болушту.

— Келсе келе берсин. Бул ага абдан жакшы сабак болот,— дешти мергенчилер.— Ал жакында, жоош жана тилин тартып сүйлөй турган болуп, илбериңки кайтып келет.

Бирок бир күн, экинчи күн өттү, үчүнчү күнү алай-дүлөй катуу бороон болду, Киштен кабар болгон жок. Айкига өз чачын жулуп, оор кайгынын белгиси катары бетине көө шыбады. Аялдар болсо, жаш балага эрегишип, аны көз көрүнө өлүмгө жибердиңер деп эркектерди катуу жемелешти. Эркектер кыңк эте албай, бороон басылар менен баланын сөөгүн издөөгө даярданышты. Бирок эртеси таң эртең менен Киш айылга өзү келип калды. Ал жүзү жарык болуп кайтты. Аңдын этинен анча-мынча көтөрүп алган болчу. Киш кандайдыр менменсинип, үнүн көтөрүңкү чыгарып:

— Силер, эркектер чананы айдап менин изим менен жөнөгүлө — деди ал.— Мындан ары бир күн жол жүргөндөн кийин муздун үстүнөн бир ургаачы аюунун жана анын эки мамалагынын этин табасыңар.

Айкига кубанганынан жер үстүнө батпай жүрдү. Киш энесинин кубанычына кошулуп, кадимки чоң кишидей:— Жүр, Айкига, оокаттаныш керек. Андан кийин мен жатып уктайын, абдан чарчадым,— деди.

Ошентип, ал үйүнө келди да, тамакка мыктап тоюп алып, баш көтөрбөстөн жыйырма саат катары менен уктады.

Эл арасында оболу бир топ ишенбөөлөр жана толуп жаткан талаш-тартыш болду. Түндүк Уюлдун аюусун уулоо оңой иш эмес, ал эми мамалагы менен аюуга кол салуу үч эсе коркунучтуу. Каргадай жалгыз баланын колунан ушунчалык чоң иштин келгенине эркектер ишенишкен жок. Бирок аялдар Киш алып келген эт жаңы эле союлган аңдын жаш эти экендигин айтышканда, алардын күмөнү солгундай түштү. Акыры эркектер убап-чубашып этти алып келүүгө кетишти.

Эгер ал чын эле бул ишти иштегенде да, баланын иши чала да, терисин сыйрып, этти жакшылап жайгаштырды дейсиңби дешип кобурашып баратышты. Түндүктө болсо аңды өлтүрөр менен терисин сыйрып, этин жилик-жилик кылып коюу керек, болбосо ошол замат эт суукка тоңуп калат да жалаңдаган курч бычак менен кесип болбойт. Ал эми үч жүз кадактай зыңкыйып тоңгон аюунун этин чанага салып алып, өңгүл-дөңгүл муздун үстү менен сүйрөө оңой-олтоң иш эмес. Бирок чынбы, калппы дешип эки ойлуу болуп келатышкан мергенчилер айтылган жерге жеткенде, Киш аюуну жана анын эки мамалагын өлтүрүп гана тим койбостон, тажрыйбалуу мергенчилердей этти төрткө бөлүп, ичек-кардын алып тазалап таштаганын көрүштү.

Ушинтип Киштин сырдуу аңчылыгы башталат. Күндөр закымдап өтүп жатты, бирок бул сырдын түйүнү чечилген жок. Киш экинчи сапар барып бир жаш чоң аюуну сулатты, андан кийинки жолу — бир чоң эркек аюуну, бир ургаачы аюуну сүйрөттүрүп келди. Ал дайыма айылдан үч-төрт күндүк алыс кетчү, кээде муздуу мейкиндикте бир жума жоголгон кездери да болду. Жанына жолдош албай жалгыз кетип жүргөнүнө эл аябай таң калышчу. «Капырай, колунан мынча зор иш кантип келет?— дешип аңчылар бир-биринен сураша турган.— Жадаса, жанына ит да албайт, ал эми иттин аңчылыкка чоң жардамы тиери баарыга белгилүү».

— Эмне үчүн сен жалаң гана аюуга аңчылык кыласың?— деп сурап калды бир күнү Клош-Кван.

— Аюунун эти бардык аңдын этинен арбын боло турганын ким билбейт!— деп Киш ага тийиштүү жооп кайырды.

Ага карабастан айыл арасында сыйкырчылык жөнүндө сөздөр жүрө баштады.

— Буга жин-перилер даарып, жардамдашып жүрөт,— деп далилдешти кээ бирөөлөр.— Мына ошондуктан анын ар дайым жолу болот. Жин-перилердин дубасы болбосо, ал мындай ишти өмүрүндө жалгыз иштей алмак эмес!

— Ким билсин! Мүмкүн, жин-перилер эмес эле, арбактар колдоп жүргөн чыгар?— дешти башкалар.— Атасы атактуу аңчы эмес беле, мүмкүн азыр уулу менен ууга кошо чыгып, аны чыдамкайлыкка, шамдагайлыкка жана эрдикке үйрөтүп жүргөндүр. Ким билсин аны!

Айтор, эмнеси болсо да Киштин жолу боло берди. Чеберчилиги аз аңчылар көп убактарда айылга Киштин аюусун гана ташуу менен алек болуп калышты. Киш этти да адилет, калыс бөлүштүрдү. Өзүнүн атасы сыяктуу ал чабал-чубал, кары-картаңдарга түрдүүлөп тийиштүү бөлүктүн берилишине ар дайым көз салды. Өзүнө оокаттанууга жеткидей гана эт алып калчу. Мына, ошондуктан жаш мергенчини көпчүлүк эл зор урматтап, кээ бир мурунку күнөм санап жүргөндөр оозачууга даашпады. Карт Клош-Квандын көзү жумулгандан кийик Кишти сөзсүз айылдын башчылыгына коюуну ыйгаштырышты. Ошентип, Киш атак-даңкка ээ болгондон кийин эми ал жыйылышка келет ко деп күтүштү. Бирок өз бетинче барган жок, эркектер болсо өздөрү чакырыштан уялып,  батынышпады.

— Мен өзүмө жаңы үй тургузуп алсамбы дейм,— деди Киш Клош-Кванга жана башка аңчыларга.— Ал үй Айкига экөөбүз турууга ыңгайлуу жана кенен-чонон болуу керек.

— Мейли,— деп алар акыл салганына сыймыктанышып, баштарын ийкешти.

— Жаман жери, менин бул иш менен илешүүгө убактым жок. Менин ишим— аңчылык, убактымдын баары ошого кетет. Ошондуктан, мен алып келген этти жеген айылдын эркектери менен аялдары мага үй тургузуп беришсе, абдан адилет жана туура болгону турат — деди ал.

Көп узабай эле чоңдугу жана кеңдиги жагынан айылдагы эң чоң деп эсептелген Клош-Квандын үйүнөн да ашып түшкөн заңгыраган жарык үй тургузуп беришти. Киш энеси экөө жаңы үйгө көчүп барышты. Күйөөсү Бок өлгөндөн кийин Айкига биринчи жолу жаны жай таап, капарсыз жыргап жашай баштады. Оокаттуу жана жетиштүү жашоо гана эмес, Айкига эң мыкты мергенчинин энеси болгондуктан, айыл арасында кадыр-баркка ээ болду. Күйөөлөрү менен чатакташып, же өз ара талаш-тартыш боло калганда айылдын башка аялдары ага кеңеш салып, акыл сурап, акылдуу сөздөрүн угуп, анын айтканы менен болушту. Бирок Киштин шумдуктуу аңчылыгынын сыры көп кишилерди ойлонтту. Бир күнү Уг-Глук сыйкырчылык менен иштеп, оокат кылып жүргөндүгү жөнүндө Киштин өзүнө бетке айтты.

— Эл-журттун айтканына караганда, сени жин-перилер даарып, ошондон улам жолдуу болуп жүргөн экенсиң,— деди Уг-Глук мыскылдай күлүңдөп.

— Эмне, мен алып келген эт жаман бекен?— деп сурады Киш. – Ошол эттерди жеп ушул айылда кимдир бирөө ооруп калдыбы? Мага сыйкырчылык көмөктөшүп жүргөнүн кайдан билдиң сен? Же көрө албастык менен эле болжоп айтып атасыңбы?

Уг-Глук катуу уялып, эшикке чыгып баратканда, аялдар күлүп калышты. Бир күнү кечки жыйылышта узакка созулган талаш-тартыштан кийин, Киш эмки жолу аюу уулоого чыкканда анын сырын билүү үчүн артынан тыңчылар жиберели дешти.

Акыры бир күнү Киш камданып ууга чыкты. Айылдагы эң мыкты деген жаш мергенчилер — Бим менен Боун анын көзүнө чалдыкпастан, акмалап артынан калбай аңдып жөнөштү. Беш күндөн кийин алар кайтып келишти. Көргөндөрүн тез айтып берүүгө шашып чыдабай аптыгып турушту. Клош-Квандын үйүндөгү чукул чакырылган жыйылышта Бим, таң калгандыктан көзүн чакчайтып, сөзүн баштады:

— Агайындар! Силердин айтууңар боюнча биз Киштин соңунан түштүк. Абдан кылдат, абайлап жүргөндүгүбүздөн, өзүбүздү ага эч сездирген жокпуз. Чыккан эле күнү түш ченде ал аябагандай чоң эркек аюуга жолукту…— дей бергенде:

— Андан чоң аюу да болбойт,— деп Боун Бимдин сөзүн жулуп, андан ары улантты.— Бирок аюу күрөшкүсү келбей артка бурулуп, муздун үстү менен жайбаракат кете берди. Биз жээктеги жарташка чыгып, карап турдук. Анткени аюу түз эле бизди карай келаткан. Киш болсо кымындай да коркуп койбостон аюунун артынан такай ээрчип алды. А түгүл Киш аюуга колун булгалап, бирдеме деп сөгүнүп, катуу кыйкырып атты. Акырында аюу ачууланып, арткы буттары менен тик туруп айкырды, Киш жазганбастан түз эле аюуну көздөй басты…

— Ооба, ооба,— деп илип алды Бим,— Киш түз эле аюуга жакындап басып барганда, аюу аны качырып сала берди. Киш качып жөнөдү. Качып баратып муздун үстүнө кичинекей тоголок нерсени таштап кетти. Аюу токтоп томолокчону жыттагылап туруп, жеп жиберди. Киш чуркап баратып, кичинекей томолокчолорду таштап кете берди, аюу болсо аларды терип жеди.

Бардыгы күмөн санашып, чуулдап жиберишти. Уг-Глук болсо мындай жомокко ишенбей тургандыгын ачык айтты.

— Биз, муну өз көзүбүз менен көрдүк,— деп Бим эркектерди ынандырууга аракеттенди.

— Чын эле өз көзүбүз менен көрдүк, — деп Боун да тигинин сөзүн ырастады.

— Бир топ убакыттан кийин аюу тып токтоп, катуу айкырып улуп-уңшуп кутургандай алдыңкы тамандары менен музду чапчылай баштады. Киш муздун үстү менен жүгүрүп отуруп, коркунучсуз алыстыкка барып токтоду. Аюунун аны менен эч кандай иши болбоду, анткени жанагы жутуп жиберген томолокчолор жанын көзүнө көрсөттү окшойт, аябай катуу кыйналды.

— Чын эле катуу кыйналды,— деп сөздү бөлдү Бим.— Анткени аюу өзүн-өзү тырмалап, оюн салып жүргөн аюунун баласындай мөңкүп, муздун үстүндө ийиктей чимирилди. Бирок ал ойногон жок, тек гана ичи ооруганынан айкырып улуп-уңшуду. Өмүрүмдө мындай шумдукту түк көргөн эмесмин.

— Мен да көргөн эмесмин,— деди кайрадан сөзгө аралашып Боун.— Аюунун чоңдугун айтпа эми!

— Сыйкырчылык,— деп жиберди Уг-Глук.

— Ал жагын билбейм,— деп жооп берди Боун. Өз көзүм менен көргөндөрүмдү гана айтып атам. Лүкүйүп оор болгондуктан аюу катуу секире берип, бат эле чарчап алсырай баштады. Андан кийин ал башын теңселе чайкап, жээкти бойлоп жөнөдү, шоңшоюп отура калып өгүздөй өкүрүп-улуп, анан кайра майпаңдап басып кетти. Киш аюунун артынан, биз Киштин соңунан бир күнү жүрүп отурдук, анан дагы үч күн аларды ээрчип сандалдык. Аюу улам алсырап, өкүрө берди.

— Бул сыйкырчылык, сөзсүз сыйкырчылык!— деп кыйкырды Уг-Глук.

— Андай болуу этимал.

Бим Боундун сөзүн кайта бөлүп, өз сөзүн улантты:

— Аюу айланпадай чарык айланып, оңго, солго, алга, артка же дайынсыз тегеренип, бир баскан жерин улам-улам кезип өтүп, акыры эң алгачкы Киш менен жолугушкан жерге келип токтоду. Мына ушул жерге келгенде аюу таптакыр алдан тайып бутун шилтөөгө дарманы келбей калды. Ошондо гана Киш ага жакын барды да, сойгок менен сайгылап өлтүрдү.

— Андан кийин? — деп сурады Клош-Кван.

— Андан кийин Киш аюуну соё баштады, биз Киштин аңды кандай улай турганын көргөндөрүбүздү силерге дароо жеткириш үчүн быякка чуркадык,— деди Бим.

Эркектер жыйылышта отурган күнү аялдар аюунун этин айылга алып келишти. Киш келер менен эркектер аны жыйылышка чакыртып чабарман жиберишти. Бирок Киш ачка экендигин, чарчап-чаалыгып келгендигин жана анын үйүнө канча адам болсо да кенен бата тургандыгын жыйылышка айтып барууну чабарманга тапшырды.

Киштин аңчылык сырын билүүгө ынтызар болгондор көп эле, ошондуктан, Клош-Кван баш болуп, түп көтөрө Киштин үйүн карай чубашты. Алар келгенде Киш оокаттанып аткан болчу. Бирок ордунан ыргып туруп, аларды ызааттуулук менен урматтап тосуп алып, улуулата жайлаштырып отургузду. Айкига бир туруп уулуна сыймыктанып көкүрөгүн керип кекирейсе, бир туруп оңтойсузданып уялды. Киш болсо өзүн жай баракат, салабаттуу тутту. Бим менен Боундун айтып келген сөздөрүн Клош-Кван баштан-аяк кайталап чыгып, сөзүнүн акырында үнүн катуурак чыгарып:

— Киш, бизге түшүндүрүшүң керек. Чыныңды айтчы, сен аңды кандайча уулап жүрөсүң? Бул иште сыйкырчылык барбы, жокпу?— деп сурады.

Киш башын көтөрүп, Клош-Кван жакка бурулуп, күлүмсүрөдү да:

— О, Клош-Кван!— деди ал.— Кичинекей бала сыйкырчылык дегенди кайдан билсин жана сыйкырчылык эмне экенин да өзүм билбеймин. Мен бар болгону, Түндүк Уюлда жашаган аюуну кантип оңой өлтүрүүнүн жолун гана ойлоп таптым. Ал сыйкырчылык эмес, жөн эле ойлоп табылган амал.

— Ал бардык адамдын колунан келе турган ишпи, же кандай?

— Ооба, кимдин да болсо колунан келет.

Үйдүн ичинде жымжырттык өкүм сүрдү. Эркектер унчугушпай аң-таң болуп бири-бирин карашты. Киш тамагын жей берди.

— Ээ, Киш, сен… сен аны бизге айтып бересиңби?— деп сурады акыры Клош-Кван мукактаган үнү менен.

— Жакшы болот, айтса айтып берейин,— деп Киш колунда кемирип отурган жиликтин чучугун соруп бүтүп, ордунан турду.— Бул өтө эле жөнөкөй. Мына карап тургула!

Ал киттин ичке узун мурутун колуна алып, баарына көрсөттү. Анын эки жагы тең ийнедей учтуу болчу. Киш аны ийип ороп тоголоктогондо, ал кипкичинекей болуп калды, кайта коё бергенде, жазылып мурункусундай түптүз боло түштү.  Андан кийин Киш бир кесим тюлендин майын колуна алды.

— Мына,— деди ал, бир кичинекей кесим тюлендин майын алып,— анын так ортосун оюп, мына мындай оюк жасоо керек. Анан киттин мурутун моминтип бапестеп түрүп ороп, аны оюкка салып, үстүн башка бир кесим май менен жаап, бекитип коёсуң. Анан аны суукка алып чыгып тоңдурганда кичинекей тоголок нерсе болуп калат. Аюу ошол кичинекей тоголок майды жутат, анын ичине барганда май эрип, киттин муруту жазылып кетет да, ичек-кардын оорута сайгылайт. Аюу жанталашып айкыра баштайт. Ичек-карды абдан катуу ооруп, шайманы кеткен кезде, сойгок менен өлтүрөсүң. Мына, бар болгону ушу.

— О-о!— деп жиберди абдан таң калган Уг-Глук.

— А-а!— деди Клош-Кван да.

Мына ошентип ар ким өз билгендерин айтып, Киштин аңчылык сырына түшүнүштү.

Илгери-илгери Түндүк Уюл деңизинин жээгинде жашаган Киш жөнүндөгү аңгеме ушундайча бүтөт. Себеби, ал сыйкырлык менен эмес, акыл менен аракеттенип, өтө жарды кедейдин үйбүлөсүнөн чыгып, кадыр-баркка ээ болуп, өз элинин башчысы болгон. Уламага караганда, ал тирүү кезде эл куунак жашап, бир да жетим-жесир, бир да бөкчөйгөн кары жеп-ичкенге этибиз жок деп түн ичинде зарлап ыйлаган эмес экен.

Которгон С.Эрматов

1904-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *