БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Перс жана тажик акыны, математик жана философ Омар Хайям Гиясаддин Абу-ль-Фатх ибн Ибрахим 1048-жылы Хорасан эмирдигине караштуу Нишапур шаарында (азыркы Иран, Афганстан жана Түркмөнстандын чеги) туулган. Атасы чатыр жасоочу уста болгон. Анын өмүрүнүн көбү Орто Азия жана Иран, Балх, Самарканд, Исфахан ж.б. шаарларда өткөн. Тарыхчылар ал 17 жашында грек жана араб тилиндеги бардык адабияттарды окуп чыккан жана эске тутуусу күчтүү болгондуктан бир китепти бир нече жолу окуу менен жатка айта алган деп жазышат. “Алгебра жана алмукабала маселелерин далилдөө жөнүндө” трактатында теңдемелердин чыгарылышын үчүнчү даражасына чейин геометриялык формада системага салган.

“Евклид китебинин татаал жоболоруна түшүндүрмө” аттуу трактатынын мазмунун параллелдер жөнүндөгү оригиналдуу теория түзөт. Бирок математика боюнча эмгектерин ошол кездеги бийлик колдогон эмес. Ал түгүл азыр бизге “Ньютондун биному” деп аталган формуланы Омар Хаям мурда эле таап койгон деген божомолдор бар. Философияда Аристотель менен Ибн Синанын жолун жолдогон.

Кийин Персия падышасы  Малик шах жана анын увазири  Низам ал Мүлк Омар Хаямдын илимин жогору баалашкан. 25 жашында 1076-ж. Исфахан шаарындагы обсерваториянын жетекчилигине дайындалган. Бул жерде ал жаңы календардын долбоорун иштеп чыккан. Григориян календары боюнча 3300 жылда каталык 1 суткага жетсе, Омар Хайям түзгөн календарь боюнча 4500 жылдагы каталык 1 суткага жетет. 1092-ж. Малик шах жана Низам ал Мүлк өлгөндөн кийинки бийлик тарабынан обсерватория талкаланып, Омар Хаямды шакирттери менен көчөгө кууп чыгышкан. Ал Нишапурга кайра келип, ата-энесинен калган үйдө жашаган. Ал үй-бүлө күткөн эмес. Андан кийинки өмүрү жалгыздыкта өткөн. Анын кубанычы жалгыз гана китеп болгон.

Омар Хайям акын катары дүйнөгө рубаилери (төрт саптары) менен таанылган. Анын акындык таланты обсерваторияда иштеп жүргөндө ачылган. Ырларын фарсы тилинде, илимий иштерин араб тилинде жазган. Азыркы перси жана тажик тилдери фарсы тилинен келип чыккандыктан, ал перс да, тажик да акыны жана илимпозу болуп эсептелет. Көптөгөн эл аны акын катары билишсе да, ал өзүн математикмин деп эсептеген. 1122-жылдар ченде Нишапурда каза болгон. Ал Ибн Синанын медицина боюнча китебин көкүрөгүнө басып жатып, “оо Кудай! Эс тарткандан баштап сени таанып-билгенге аракет кылдым. Сага канчалык жакындаган болсом да, сенден канчалык алыстаган болсом да кечир” деп күбүрөгөн боюнча каза болгон дешет.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *