Түрк жомогу

Илгери бир отунчу жашаптыр. Анын аялы бар экен. Күн сайын ал токойго барып отун алуучу. Отунун сатып, кайра базардан ар кандай тамак-аштарды ташынып келчү. Аялы кечки тамак бышырчу да, аны жеген соң көңүлдүү отуруш башташчу: ырдашчу, бийлешчү, ар кандай оюндарды ойношчу.

Ошол элдин падышасы жарлык чыгарат да, анда  кечинде оюн-зоок өткөрүүгө, жарык жагууга туюу салынат. Элдин баары түнү катуу сүйлөбөй, чырактарын күйгүзбөй калат.

Бир күнү өз жарлыгы кандайча аткарылып жатканын билүү үчүн падыша эл аралап чыгат. Келип-келип биздин отунчунун үйүнө туш болот. Ал болсо өкүмдардын буйругуна баш ийбей, баягыдай эле чардап жүргөн эле.

Падыша ошол үйгө белги кылат да, улуу башын кичүү кылбай кете берет.

Эртеси падыша ошол үйгө отунчуну алып келүүгө киши жиберет, ага ат жана кийим да берип ийет. Чабарман келсе отунчу жок. Токойго кеткен болот.

Токойго издеп барышат. Эптеп таап келишет да, ат мингизип, жаңы кийим кийгизип, падышанын алдына алып жөнөшөт.

Ордого бараткан отунчуга кайырчылар эки жагынан кол сунуп, тилемчилик кылышат. А тигинин берейин десе сокур тыйыны жок.

— Келатканда! Келатканда! Кайра кайтканда! — деп кутулат.

Ошентип ал падышанын өзүнө келди. Падыша анын эмне жумуш кыларын сурайт. Ал болгонун болгондой айтып берет.

Отунчунун сөзү, кылык-жоругу өкүмдарды өзүнө тартат. Аны сакчылардын башчылыгына дайындайт да, ушунчалык бир кооз кылыч тартуулайт.

Отунчу үйүнө кайтат. Койкоюп ат минген, келиштирип кылыч тагынган жигитти кайрадан кайырчылар жандап алат.

— Силерге да жок, мага да жок, мага да жок, силерге да жок! — деп качып отуруп кайырчыларга эч нерсе бербей эптеп үйүнө келет.

Кечке отуруп аялы экөөнүн тең курсагы ачат.

— Эми эмне кылабыз? Ушул жакшыбы, бир күкүм нан алууга акча жок, — дешет.

— Кой, эркек болуп сен кылычыңды дүкөнчүгө алып бар да, жей турган бир нерсе таап кел? — дейт аялы.

Отунчу дүкөнгө барып тез эле жей турган бир нерселерди кылычка алмаштырып жетип келет. Анан баягыдай эле шаан-шөкөт, ыр-бий башталат. Кылычтын амалы табылат — жыгачтан жасап кынга салып коет, аны ким көрмөк эле?

Ушунун баарын падышанын бир баканооз сөз ташыгычы көрүп турган.

Ал отунчунун кылыктарын өкүмдарга төкпөй-чачпай жеткирет. Шах жаңы кызматкерин жазаламак болду.

Бул падышачылыкта илгертеден бир салты бар эле. Эгер кимде ким хансарайга жаңы кызматка дайындалса, ал кызматкер сыноо катары ошол замат биринчи кылмыш кылган кишинин башын алчу.

Ошондой кылмышкердин башын алуу үчүн падыша элин топтой да, желдет катары баш аларга биздин отунчуну издетет.

— Мынабул кишинин башын ал! — дейт ал жарлыгын окуп кылмышкерди отунчуга көрсөтүп.

Отунчунун болсо кылычы жыгач эмес беле, эми кантет?

— Оо, Алла! — деп жалынат отунчу-баш кесер көктү карап. — Эгер бул кишинин күнөөсү жок болсо менин кылычым жыгач болуп калсын, эгер күнөөсү болсо анын башын шылып түшсүн.

Ошентип ал кылычын кынынан сууруп чыкса эле, анысы – жыгач.

— Мына, эфендим, бул кишинин күнөөсү жок экен! — Отунчу кубанычтуу өң менен өкүмдарга карайт.

Падыша билди. Түшүндү. Кымбат кылычы кантип жыгач болуп калганын да аңдады. Бирок тигил отунчунун тапкычтыгына баа берди. Ага чоң үй курдуруп берди да, көп акча тартуулады.

Ошентип отунчу аялы менен ошол үйүндө жыргап-куунап жашай берсин, бизди болсо кемебиз күтүп калды.

Түрк тилинен которгон Абдыкерим МУРАТОВ

0 Replies to “Отунчу”

  1. Жакшы которулган жомок экен. Адилеттикти даңалап, бийлик башындагылар ушул падыша карманган позицияда болсо деген ойду пайда кылат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *