БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

XIII кылымдагы перс математиги, механик жана астроном, Орто азиялык илимпоз-энциклопедиячы Насир ад-дин Туси, толук айтканда Насир ад-дин Абу Жафар Мухаммад ибн Мухаммад Туси Хорасан аймагындагы Тус шаарында 1201-жылы 18-февралда туулган. Тус шаарында окуп, Куранды, хадистерди, шариятты, логиканы, философияны, математиканы, медицинаны жана астрономияны үйрөнгөн. Ошол мезгилдеги атактуу аалым Камал ад-Дин ибн Юнистиндин шакирти болгон. Монгол чапкынында туткунга түшүп, бирок анын акылмандыгын баалашып, аман сактап калышкан жана баш вазирдин кеңешчиси, астрологу болгон.

Ошол мезгилдеги бийликке аралашкан шартынан пайдаланып, Мерага обсерваториясын курдурган. Ошентип Түштүк Азербайжанда астрономиялык обсерваторияны негиздеген. Ошол жерде чоң китепкана түзгөн. Өтө ар тараптуу илимпоз катары таанылган, философия, география, музыка, оптика, медицина, минералогия боюнча эмгектерди жазган. Грек тилин абдан жакшы билген. Грек илиминин билерманы болгон, Евклид, Архимед, Автолик, Феодосий, Менелай, Аполлоний, Аристарх, Гипсикл, Птолемейдин эмгектерин чечмелеп жазган. 150дөй трактаты белгилүү, анын 25ин перси, калгандарын араб тилинде жазган.

Анын геометриялык жана тригонометриялык эмгектери математиканын андан кийинки өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ болгон.  Тригонометрияны өз алдынча илим катары негиздеген. Жер Күндү айланаарын биринчи болуп айткан. Геометрик катары да белгилүү болгон. Балдарды тарбиялоо боюнча көптөгөн эмгектерди жараткан. Ал башка илимдер боюнча да көптөгөн эмгектерди жазган. Анын бизге жеткен белгилүү эмгектери: “Китап Шекл эл Катта”, “ Шехри Ишарат”, “Тахрир Оклидес”, “Ахлани Насыри”, “Эвсаф үл Эшраф” ж.б. 1274-жылы 26-июнда Мерага шаарында каза болгон.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *