Жапон жомогу

Төрт кечил[1] тоо этегинде жайгашкан храмдын үжүрөсүндө[2] жети күн бою унчукпоо үчүн антташат. Аларга керектүү ар нерсени ташып кирүүгө малай баладан бөлөккө уруксат болбойт.

Караңгы кирери менен үжүрөдөгү чырак мына-мына өчүп калчудай үлбүлдөп баштайт. Башкаларга караганда шамга жакын отурган кечилдин бири бейпайга түшүп сүйлөп жиберет:

– Эй, бала, чырактын билигин түзөп койчу!

Муну уккан жанындагы кечил күңкүлдөп жиберет:

– Унчукпоо үчүн убада берген ким?!

Муну уккан үчүнчү кечилдин да тиги экөөнө жаны кашайып, ал да өзүн кармана албайт:

– Эй, силер эмне болгон адамсыңар?!

Тигилердин үнүн эшиткен эң төрдөгү кечилдердин улуусу да салабаттуу кейиптенип айтып турганы дейт:

– Ой, чиркин-ой! Мен гана үндөбөбөстөн отурдум го!

Кыргызчалаган О.ШАКИР

[1] Кечил – монах.

[2] Үжүрө – бөлмө.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *