Бо Цзюй-И
(772-846) Тан доорунда жашап өткөн кытай акыны
АК БОЗҮЙ
Сан миң койдун жүнүнөн,
Сансыз түйдөк түрүшөт.
Сай талдардын түрүнөн
Кереге-уугун сүрүшөт.

Түндүктүн буурул таңында,
Көк мунарык шаңында,
Көркү сонун бозүйдү,
Көкжал көчмөн эрендер
Көк жайыкка тигишет.
Буюруп жазмыш бу күндү,
Түндүккө түштүк жүгүндү.
Көчмөндүн акбоз өргөөсү,
Жергеме жетип тигилди.
Куюн тийсе солк этпейт,
Жаан-чачын эч өтпөйт.
Дубалы жок, бурчу жок,
Ичи жылуу, көңүл ток.
Жоокерлер менен жол кезип,
Тоо-талааны арытты.
Ак бозүй конуп короомо,
Көргөндүн көзүн талытты.
Ай мунары астында,
Ажары көңүл толкутат.
Ажайып кийиз жабуусу
Кыш чилдесин коркутат.
Кереге-уугу келишкен,
Керемети тири укмуш.
Саймалуу үзүк-туурдук,
Сарамжалы бир укмуш.
Очогунда от бийлейт,
Ойноктоп от шок бийлейт.
Өз тамын чанып андайда,
Ушундай үйгө ким кирбейт.
Коломто чогу кызарган,
Кызгалдак гүлдөй албырат.
Туш кийиз, көрпө, шырдактар,
Көргөндүн көөнүн дал кылат.
Колуңдан келсе жыргап кал,
Төрүндө жатып магдырап.
Түнөргөн түндө түтүнү,
Түндүктөн көккө чубалат.
Мас болуп жыпар жытынан,
Көлкүлдөп көңүл кубанат.
Көктөмдө кирген шар суудай,
Көөдөндү жарып ыр агат.
Ушундай укмуш үйүнөн,
Бейишти берем десе да,
Кандай бир пенде чыгалат.
Канчалар жүрөт камыштан,
Алачык жасап алышкан,
Аязда тоңуп калтырап.
А бозүйдүн жөнү бир башка,
Адамды айраң калтырат.
Дүйнөдөн безген, жер кезген,
Кечил да ага таңгалат.
Карыздан башы чыкпаган,
Эртеден кечке уктаган,
Кесир да ага таңданат.
Кадырлап сыйлуу конокту,
Боз үйдөн күтүп сүйөмүн.
Балдарым үчүн бозүйдү,
Бапестеп сактап жүрөмүн.
Менсинген хандын сарайы,
Бозүйгө кайдан теңдешсин!
Ак урса дагы ага мен
Ак өргөөмдү бербесмин!
Которгон Калык ИБРАИМОВ

Александр ПУШКИН
(Орус акыны)
А. П.КЕРНГЕ
Ал көз ирмем аруу эсимде
Бет алдымдан капыс көрүнүп,
Аян бердиң жарк деп сезимге
Ай перидей көркүң төгүлүп.

Амалсызда көңүл зарыгып
Карбаластуу тирлик ичинде.
Назик бир үн турчу жаңырып
Асыл бир жан кирчү түшүмө.

Жылдар өттү. Жаштык ой кутун
Дүрбөлөңдүү бороон качырды.
Үнүңдү мен назик унуттум
Унуттум мен сендей асылды.

Капас сымал элет жеринде
Күн чоюлуп өтпөй жыл окшоп.
Кудурет жок, шык жок көңүлдө
Жашоо, арзуу, көз жаш — баары жок.

Көңүл кайра куунак кезинде
Кайра да бир мага көрүнүп,
Аян бердиң жарк деп сезимге
Ай перидей көркүң төгүлүп.

Жүрөк согот, кубанч өмүрдө
Кайра кайтып кеткен жыргалдар.
Кудурет бар, шык бар көңүлдө
Жашоо, арзуу, көз жаш — баары бар.
Которгон Омор СУЛТАНОВ

Сулейман ЛАЭК
(Ооган акыны)
ТУЮК ЖОЛ
Калың туман каптап турат дубанды.
Жолдор тайгак, жолдор көзсүз караңгы.
Кара булут туңгуюкка туш болгон,
Кербен сыңар капчыгайга камалды.

Шамал буруп, калтыргансып унутта,
Буура болуп буркулдашат булуттар.
Калч-калч эткен бутактардан коктуга
Суулар агат. Туш тарабым бийик жар.

Эч кайрымсыз салуучудай алаамат,
Асман бети караргандан карарат.
Алачыгын беттеп чабат малчылар,
Чала тоют малын таштап аманат.

Айра таанып болбойт анын жүздөрүн.
Муздай тоңуп калгансыды бүт деним.
Көздөн учат – карааны жок, караңгы,
Жүргөн жолдор жүз кетип да, жүз келип.

Кулак угуп, көз көрбөгөн жерге мен,
Жалгыз-жарым жаралгандай өңдөнөм.
Карбаластайм кадап көздү алдыга,
Үзүлбөгөн күдөр менен, дем менен.

Туңгуюкта туталанам, тумчугам,
А түн демеп бороонуна туш кылат.
Анткен сайын канаттарым кайрылып,
Анткен сайын артка жылат муз-туман.

О, пери кыз! – Сенде жүрөк жалыны.
Өтмө катар өттү түндүн жамгыры.
Эшигиң ач, кучагыңан жай бергин,
Эсалтайын эңгиреген жанымды.

Ашыктыкка арба мени, өрттөгүн,
Азганымды, тозгонумду сезбейин.
Таң азандан турсун нурга чайынып,
Мен табалбай жүргөн жолдор кечтеги!
Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

ХАФИЗ
(Перс акыны)
* * *
Чириген баары, чирибейм деген убара,
Чирибес ырым, чирибес шарап, кумара!

Кейишиң – осол, сапарга шарап ала чык,
Бейишиң – ошол, тозогун жолдун сураба.

Сыйкырын билген жападан жалгыз мен эмес,
Аныгын айтсын: акылман акын Думана.

Алжыган дүйнө аңкилдек атат карачы,
Жыргалын дагы, кууралын дагы туураба.

Акыйкат жолдон мен деле көптү көздөгөм,
Арбачу ажал – жалмачу тажаал тур, ана.
Жараткан жардап жазылган тагдыр маңдайга,
Кутулам дебе – куураба бекер, куураба.

Чым басат баарын, көөнөрбөйт жалгыз махабат,
Коюндаш жатпай кожоюн эмес, кул ага.

Солдойгон сопу соолуккан кезим көрбөсүн,
Куя сал, Апыз – кумарпоз бала, куу бала.
Которгон Кемел БЕЛЕКОВ

Константин ВАНШЕНКИН
(Орус акыны)
* * *
Киринип жаткан сулууга
Чечинди четке кыз барып,
Көрбөйт ко деген болжолдо.
Уялып жаны кысталып,
Энеден туума болгонго…

Каныккан картмак аялдай,
Баспастан кенен чалкалай,
Баратат бекип, даай албай
Кол менен денин калкалап.

Араак өтсө эл чеги,
Бирөө көрүп койсо, уят.
Ак төшүндө мамагы
Тырсыят да, тырсыят.
Суу жеткенде тизеге
Сулк жыгылды түз эле.
Суну шапшып аягы
Сүздү сулуу баягы.

Ыңкып турат түз талаа
Шыбыш какпай жалбырак.
Суз табият тынч гана
Кызды тиктейт жалдырап.
Которгон Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ

Жорж БАЙРОН
(Улуу Британия акыны)
АЙЛА ЖОК! БАКТЫЛУУСУҢ!
Айла жок! Бактылуусуң… минтип эми
Мага да бак табууга мезгил келди.
Ишенгин, сага деген ак тилегим
Дагы эле оргуп турат жүрөктө бу.

Табалап турат жолдуу күйөөң мени
Өзүнүн опол тоодой багы менен.
О жүрөк! Тыйып жатат жек көрүүмү,
Андагы сага деген сүйүү терең.

Балаңдын жылмайышы жүрөгүмдү
Эзгилеп салбадыбы бир азда эле…
Өөп койдум элестетип бир өзүңдү,
Чынында наристенин күнөөсү эмне.

Түспөлү энесиндей. Бирок өзү
Келбетин атасынын тартып турду.
Көзүңдү көрүп анын көзүндөгү,
Эси жок махабатым балкып турду.

Кош, Мэри! Кошкун эми. Кетем, демек.
Байланып бактылууга эмне арга?
Бөлүнүп тынганыбыз, бирок, керек
Сендик мен болуп калбаш үчүн кайра.

Ойлогом уят, намыс, мезгил деген
Өткөндүн демин суутуп коебу деп.
Эгер сен аралыктан туюп-сезсең –
Оттомун жалындаган. А үмүт жок.

Жоошуттум өзүмдү акыр. Арга сынды.
Кутулдум мен баягы сезимимден.
Дирилдек жүрөгүмдү кайрат тыйды,
А нервим жукарган жок кезигүүдөн.

Издебе азыр антип менден такыр,
Аптыккан жүздү жазгак, анан кызык.
Билсең сен, үн-сөзү жок дымып жатыр
Аргасы түгөнгөн бир караңгылык.

Тарт! Кетем! Эзелки ошол кыялымды
Таштаймын. Албай чыгам бу сапарга.
О, жылдар түбөлүктүү! Жан кыярды.
Өл сезим! Же унутул караманча!
Которгон Бурулкан САРЫГУЛОВА

Борис ПАСТЕРНАК
(Орус акыны)
ТАҢ
Тагдырыма негиз салдың сен менин,
Согуш келди чачырадык, бүлүндүк.
Күйүт кечип көпкө сени көрбөдүм,
Кабарың жок мезгилдердин гүлүн күүп.

Көп жылдан соң, кайра баштан кол сундум,
Карегиңден билдим таңдын атаарын.
Түнү боюу осуятың окудум,
Түмөн күндөр эстен танып жашадым.

Болсомбу дейм, көптөр менен турмушта
Көргүм келет ойгонгонун таң кушун.
Чамындыдай чачыратып туш-тушка,
Чөгөлөткүм келди алдыма баарысын.

Тепкич менен тынбай чуркап бараттым,
Тең катардан алга озом деп көшөрүп.
Таңым канбай карлуу жолду карадым,
Таманына түркүн таштар төшөлгөн.

Бардык жерде оттор күйөт, жагымдуу
Чай ичишет, трамвайга шашышат.
Көп өтпөстөн шаар таанылыгыс жаңырды,
Карап турдум зор дөйнөнү жашыл, ак.

Бурганак да дарбазага тор токуйт,
Көктөн тынбай чубалжышат көп түстөр.
Убагында жетиш үчүн толгонуп
Шашылышат, ичип бүтпөй, жеп бүтпөй.

Аларга да баары үчүн кам көрөм,
Ар биринин жонтеринде болгондой.
Ак таңдаймын, кайра өзгөрүп бүркөлөм
Кардай эрийм, жайдакталам жолдордой.

Түмөндөп эл, жаңырыктайт көп үндөр
Бактар, балдар жүрөгүмдүн тушунда.
Мен алардын бардыгына жеңилгем
Менин болгон жеңиштерим ушунда.
Которгон Атахан КОЖОГУЛОВ

Николаз БАРАТАШВИЛИ
(Грузин акыны)
* * *
Сүйүктүүм күнү бүгүндөй,
Эсимде ошол кез толук.
Ыйыңдын сыры билинбей,
Тургансып үнсүз нес болуп.

Ошондо дүйнө опоосу,
Оюңда жогун түшүнгөм.
Ажарың азып, жашоо суз
Аймалап турган жүзүңдөн.

Көп мезгил өткөн кезде араң,
Көз жаштын билдим себебин.
Аянга толгон көз караш
Коколой калдың дегенин.

Жүрөктү эзип, мыжыгат.
Шул азыр көз жаш көрсөм мен.
Эсиме түшөт бир убак
Шүүдүрүм мисал мөлт эткен.
1840-ж.
Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

Евгений РЕЙН
(Орус акыны)
* * *
Өмүр өтүп, сага жибек жоолукчан
Кайрадан мен метро жактан кезиктим.
Мурда болсом — жарат тынбай ооруган,
Азыр сага — бош орунмун, эч киммин.

Бирок да сен мени таанып, тоготтуң,
Бульвардагы отургучка отурдук,
Караандарын козгободуң болгондун,
Күнөөмдү да койгонсудуң унутуп.

А качан жер алдындагы өткөөлдө
Жок болгондо карааның ак жоолукчан
Ойлоп алдым мен эркиндик жөнүндө
Ырга айланып, өмүрдө бир жолуккан.
Которгон Марат ТОКОЕВ

НЕ БОЛГОН ОҢ
Назым ХИКМЕТ
(Түрк акыны)
Деңиздин үстүндө бир ала булут
бетиңде күмүш кеме,
ичинде сары балык,
түбүндө көпкөк балыр.
Жээгинде жылаңач бир адам туруп
ойлонот:
«Мен не болсом,
деги жакшы не болгонум:
булутубу, балыгыбы?
кемесиби, балырыбы?
Жарабайт анысы да, мунусу да.
Балам, сен андан көрө деңиз болгун,
булуту бар, балыгы бар,
кемеси бар балыры бар,
чалкайган бир айкөл деңиз!»
Которгон Салижан ЖИГИТОВ
1958

Ли БАЙ
(Кытай акыны)
КӨККАШКА ӨЗӨН ТУУРАЛУУ ЫР
Көккашка өзөн,
Көккашка суу,
Көктүгүӊдөн бизден кетпей таза актыӊ,
Таза акканыӊ көрүп туруп наз арттым,
Көөдөнүӊө боюм таштап, көӊүлүмдү тазарттым.
Миӊ өзгөнгө бербей турган бир өзүӊсүӊ чалкыган,
Миӊ сан гүлдөр толкунуӊду бешик кылып калкыган.
Көпөлөктөр учуп – конуп жээгинде кылаалап,
Көрөӊ талдын көкүлү тур сага жетпей ылаалап.
Аптап чаӊкап, ысып күйүп, түшүп келет кыялап,
Ысыгандан чыдай албай чечип салып бүт баарын
Таштар жатат кучагыӊда жыпжылаӊач, жылаӊач.
Элестери чагылышат булуттардын, куштардын,
Элестери чагылышат кунгө күйгөн кыздардын.
Кечки ымыртта маймылдардын үнү гана угулат,
Ким бирөөнүн көлөкөсү Ай нуруна урунат.
Которгон Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

Расул ГАМЗАТОВ
(Авар акыны)
ТУРНАЛАР
Кээде мага, кайран аскер жигиттер
Кала берген, кан майдандан кайтпастан
Турна болуп кетишкендей туюлат,
Турпагына кара жердин жатпастан.

Унут калган ошол күндөн, бул күнгө
Учат алар, бизди көрсө үн салып.
А болбосо, арман толгон көз менен
Асман бетин тиктейт белек, мынчалык?

Карап турсам бүгүн дагы, күүгүмдө
Каркыралар, туман жарып, асмандай,
Тизген сабын бузбай кетип баратат
Тирүүсүндө катар түшүп баскандай.

Учуп барат, ким-бирөөсүн чакырып,
Кезип барат, уч-кыйры жок дүйнөсүн.
Ал, ошондон каркыранын тилине
Авар тили үндөш болуп жүрбөсүн?

Чаалыкса да көк тилишкен турналар
Чабытташат, күүгүм туман сапарда.
Калтырылган сыяктанат, мен үчүн,
Чакан орун, ошол тыгыз катарда!

Мезгил жетсе, турналарга кошулуп
Мен да жөнөйм, боз иңирге катылып,
Желе тарткан куш тилинде көктөгү
Жерде калган атыңардан чакырып.
Которгон Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

БАСЁ
(Жапон акыны)
* * *
Ыргыды бака көлмөгө.
Чачылып кетти тымтырстык
Тунжурап жүз жыл турду эле.

* * *
Гүл жазда таардан тон кийип
Келаткан жүдөө кайырчы –
Даанышман чыгаар, ким билет.

* * *
Өскөн жер түштү эсиме…
Ыйладым үнүм чыгарбай
Эскирген жылдын кечинде.

ДОСТОРУМДУ УЗАТЫП…
Кайыша түштүм, болбоду
Кантейин. Келди, бат келди,
«Кайыр кош!» – дешер чак келди.

* * *
Чыйрыктым жолдо. Бир бакча…
Кайтарып туру каракчы.
Чапанын сурап кийсемби?

* * *
Каниет! Узак жол бүттү.
Түнөбөйм эми талаага
Жамынып муздак күз күнүн.

* * *
Асылган казан кеч кире…
Алыска чачып жарыгын
Алоолоп, таптуу от күйөт.
Которгон Сагын АКМАТБЕКОВА

Анна АХМАТОВА,
(Орус акыны)
* * *
Кышкы шамал ойноп жолдун үстүндө
Терезеде шамды үйлөп өчүрөт.
Көңүлдөш таап, сен каранып күзгүгө
Кеттиң жөнөп, жалгызсырайм өкүнөм.

Билбестирсиң кимге көндүң багына
Бийлеп барын оюнчук кылып тептирдиң.
Башың ийип муздак тапсыз жалынга
Босогоңдон далай ирет кеч кирдиң.

Бактым үчүн кызмат кылып далайга,
Терезеден сени күтүп зарыктым.
Кышкы шамал оюн салып арада,
Кечти тиктейм, кардын тиктейм калыңын.

Кара туман көңүлүңө көчүргөн
Көктөн агып алып кетет элесиң.
Кайсы бир күн колун үзөт өзүңдөн,
Күмөнүм жок мага кайтып келсиң.
Которгон Атахан КОЖОГУЛОВ

Омор ХАЙЯМ
(Перс акыны)
* * *
Сүйүү деген – көктө Күндөй өрттөнүү,
Сүйүү деген – бакыт куштай көрктөнүү.
Сыздап-муңдап булбул болуу – сүйүү эмес,
Сүйүү деген – жанды үнсүз төрт бөлүү.

* * *
О жаркыным, жанды жалын кыласың,
Ажарыңа аалам жүзүн бурасың.
Эл үлпөткө өзүлөрүн көрктөсө,
Сен үлпөттү өзүң көрктөп турасың.

* * *
Биз – тактеке Көкөтеңир колунда:
Билгениндей бийлик кылып оюнга,
Так секиртип килеминде турмуштун,
Сандыгына салат бирден соңунда.

* * *
Кубана бер: бүтпөйт жашоо кумары,
О жоголбойт бир да жылдыз кунары.
Сен чопого, чопо кышка айланып,
Тургузулат ким-бирөөнүн дубалы.

* * *
Жаа бою кач арамдыктын жолунан,
Жакшы жолдош күтүп жакшы бол улам.
Дарылыкка суу ичкиче акмактан,
Уу ичкиниң акылмандын колунан.
Которгон Кыялбек УРМАНБЕТОВ

Александр БЛОК
(Орус акыны)
* * *
Айжаркын-ай, ачык мүнөз секелек,
ажал аны алып кетти жетелеп.

Эне кургур берип кызын жайына,
көз жаш менен кулап чиркөө жайы да…

Чырым[1] калкып жатты суунун бетинде
ааламдын бир көлчүк болгон четинде.

Далай жылдар агып өттү зымырап.
Секелегин үйдө күтүп кыбырап,

эне калды. Эшик тиктеп күйүттүү
эркесинен үзалбаган үмүттү.

Ийнесине учук саптайт калчылдап,
жиптин кошо көлөкөсү калтылдап.

Мурункудай баары жарык, тыныккан.
Жыл эсебин жалгыз эне унуткан.

Асмандагы айдан бетер кубарган
өлбөчүдөй өмүрү бар чубалган.

Узунунан турат, үстөл, сандыгы.
Чымын учуп жүрөт билбес кайгыны.

Жерде жаткан кызыл жип-шуу түрмөгүн
бурчту карай чычкан келип сүйрөдү.

Тээ асманда жашоосу тынч, эркиндей
ай да купкуу, кудум жалгыз кемпирдей.

Жиптер деле, чычкан деле мурдагы
өзгөрбөгөн калыбында турганы…

Киргил көлчүк мелтиреген тигинде
караңгыга тигилгени тигилген.

Карегинен нуру өчкөн, ал тайып,
көңүлдүүдөй а кызыл жип барпайып.

Жалгыз жанга жалгызчылык ушул да:
баары жымжырт терезенин тушунда.

Түн да, асман опокшоштой кыйладан
секелекке кырчын жашта кыйраган.

Эне тилейт: «Мен өлгүчө кел, кызым!
Тозгучакты жиптин өңү эң кыжым.
Которгон Олжобай ШАКИР

Сергей ЕСЕНИН
(Орус акыны)
* * *
Аябайсың, сүйбөйсүң мени, билем,
Өңүм сертпи, нурум жок бешенемде?
Көзүңдөн учкуну өчкөн сезим көрөм,
Колдоруң жансыз, муздак ийинимде.

Гүлдөрү жаштыгыңдын күбүлөт жөн,
Жан тартпайм, эмесмин эч орой дагы.
Сыладың канча адамдын көкүлүнөн,
Колдордун, эриндердин канча тагы?

Мен билем — алар кеткен көлөкөдөй,
Жылынбай, муздап калган сезимиңе.
Олтурдуң канча адамга башың жөлөй,
Мына азыр олтурдуң сен кош тиземе.

Мейли сен көз учкунун маган чачпай,
Санааңда калкып турат башка бирөө.
А чыны мен да сага сүйүүмдү ачпай,
Жөлөнөр болгум да жок бекем тирөө.

Сезимдин жылт эткенин тагдыр дебе,
Кездешүү кусалыксыз жемиш бербейт.
Күтпөстөн кез келдим мен сага — неге,
Көңүлүм сенден кызыл гүлдү тербейт.

Коштошуп, сен кетесиң башка жолдо,
Кайырсыз чаңын кече нурсуз күндүн.
Бир гана жаштарга түк жолтоо болбо,
Азгырба, кылын кыркпа күлгүндөрдүн.

Колтуктап, бирөөнү сен буруу жолдо,
Бараткан кезде сүйүү дартын сайрап,
А балким, кездешээрбиз жокто ойдо,
Сезимдер тамандарда калаар жайрап.

Ошондо тигил жанга башың жөлөп,
А көзүң жалтак-жалтак, жерге катып.
«Арбаңыз» дейсиң, үнүң такыр бөлөк,
«Арыба» дейм да, кыйыр кетем басып.

Ошондо, көкүрөк солк этип койбойт,
Сыяктуу өчкөн жылдыз сезимим жок.
Сүйгөндө экинчи ирет сүйүү болбойт,
Отунда күйүп бүткөн калбайт да чок.
Которгон Мусакун САТЫБАЛДИЕВ

РУМИ
(Перс акыны)
ЖУХА ЖАНА БАЛА
Бир бала атасын жоктоду
Мүрзөгө жеткиче боздоду:

“Атаке, кайда эми барасың,
Кара жер алдында каласың!

Карантүн ал жакты байырлайт,
Килем да, төшөнчү салынбайт!

Анда от аш үчүн жагылбайт,
Түндө шам, күндүз нан табылбайт!

Жок эшик, дарбаза, чатыры,
Коңшунун, теңтуштун асылы!

Болорсуң сен өтө бактысыз,
Томсоргон ал жайда сокур, суз!

Караңгы, тар жерде, атаке,
Кубарып, соолурсуң бат эле!”

Ошентип жайына жеткирди,
Жаш эмес, кан төгүп эчкирди!

Жуха деп жиберди: “Атаке!
Сөөк бизге келатат так эле!”

Атасы: “Келесоо!” А Жуха:
“Калетсиз! Айтканы туптуура!

Чын эле бизде жок дарбаза,
Килем, нан, төшөнчү жана да!”
Которгон Бурулкан САРЫГУЛОВА

ДУ ФУ
(Кытай акыны)
ООРУГАН АТ
Баспадык кандай жерлерден,
Байкушум, атым, сен менен.

Ыраак чеп. Кыштын кечтери,
Ызгаары, кары эстеби?

Тырыштың, кошо тырмыштың,
Тартыштың жүгүн турмуштун.

Калганча минтип жарабай,
Күчүңдү бердиң аябай.

«Ат экен», – дешер мерестер,
Акылы тунук эместер.
«Ообу жок», – дешер көргөндөр,
Жеринен дээри кереңдер.

Ордуңан козгоп ала албай,
Ооруңа даба табалбай,
Кайыша түшүп кабыргам,
Карайлап турам жаныңда.
Которгон Сагын АКМАТБЕКОВА
1987-1992.

РАЙНЕР МАРИЯ РИЛЬКЕ
(Чех акыны)
Жок мага сенсиз жашоо бу жарыкта.

Көр болсом – көрөт сени көкүрөгүм,
кер болсом – угат сени бүт илебим,
шал болсом – кууп жетем мунарыкта.
Ант берем эрдим менен – тилди кессең,
кысамын жүрөк менен – колум сынса.
Токтоткун жүрөгүмдү. Мээм кагат
ылайым ырайым жаар жолуң карап.
Жок эгер, аймап, жалмап жалын мени
ашыктык өрткө айлантса, күлгө айлантса –
баары бир бирге айланам каның менен.
Жок мага сенсиз жашоо бул жарыкта.
Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ
1982

Иоганн Вольфганг ГЕТЕ
(Немис акыны)
СУРАКТА
Сурайсыңар «атасы ким балаңдын?» —
Сурагыңа даярмын.
Мен силердей эки жүздүү эмесмин,
Адал жүргөн аялмын.

Билбейсиңер, боюмдагы чүрпөнүн
Ээси менен жүргөмүн.
Алтынбы же саман калпак киеби? —
Ал менин ак сүйгөнүм.

Уят, шылдың, күлкүңөргө чыдаймын,
Ушагыңар кан сиет.
Карап турат калыс көзү Кудайдын
Мен сүйөмүн, ал сүйөт.

Тергөөчүлөр, абийриңе карагын,
Тек, жайыңа тарагын.
Силер эмес бага турган сүт берип,
Мен эмизем баланы!
Которгон Эрнис ТУРСУНОВ

Жусуп НАБИ
(Түрк акыны)
* * *
Менин үйүм ирээттүүлүк көрбөгөн,
Мен да албуут, ачуулуу жан өңдөнөм.

Бакытты түк көрбөгөндөр кайрымдуу,
Бөлүшалат сенин дагы кайгыңды.

Эй, багбаным, акы сурап келбегин;
Гүлдөр билбейт, гүлдөткөн зор эмгегиң.

Бүгүн дагы жансың ийкем, күйүмдүү,
Буга чейин көрбөгөндөй сүйүүнү.

Кайран Наби — сынчыл, эч ким жакпаган,
Бирок сенден эч кемчилик таппаган.
Которгон Зайырбек АЖЫМАТОВ

Атамурад АТАБАЕВ
(Түркмөн акыны)
ҮЧ АСЫЛ
Үч аялды сүйөрүм ак чынында
Үчтү жазды маңдайыма жараткан.
Эркек-али эркек эмес ырымга
Үчөөн жазбай өмүр кечип бараткан.

Алгачкысы түшкө кирген керемет,
Кыялымда кыл жукпаган асылзат.
Экинчиси маган али келелек…
Үчүнчүсү маңдайымда какылдап.
Которгон Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ

Серикпай КОСАН
(Казак акыны)
РУХУМА
Озду жылдар…Не бар дейсин, түбөлүк,
Тозду дүйнөм чыт көйнөктөй кийилген.
Түп нускамды издеп жүрөм каңгырап,
Топурактын арасынан үйүлгөн.

Менде дос да, тууган же бир жакын жок,
Алдакачан баары менден түңүлгөн.
Жүргөн жерим көрдөй болуп элестейт,
Рухумду мен сезем көктөн үңүлгөн.

Кереги не күңгүрөнгөн көп күндүн?
Ай – кашымда, жатар элек чалкайып,
Эми  бу мен өзүмө да жоктурмун,
Жүргөн менен калкайып…

Рухумду көк асманга качырдым,
Чымын жаным мурунумдун учунда.
Тирлик эттим жыйырманчы кылымда,
Нур-Кагандын тушунда…
Которгон Зайырбек АЖЫМАТОВ

Алишер НАВОИ
(Өзбек акыны)
(Диван жанрынан)
* * *
Эгерде жаалың кайначу болсо бурганак,
кең аалам менен көк асман өрткө чулганат.

Жайылып жаткан кебезге чокту таштаба,
жалыны кызыл жалмаса баары – куржалак.

Ойлосом сени – ой-санаам отко тамызгы:
о кокуй бир күн самандай кургак дүр жанат.

Дайыма шүнтип күйүткө салып күрсүнтүп,
дайынсыз житсең: дартизар менден күл калат!

Ашыглык өртү ансыз да бүттү куйкалап,
чагылган тийген камыштай күйсөм, – тур карап.

Кайнаса көз жаш арашан суудай тоодогу, –
шорлогон жандын кирпиги кайдан кургамак.

Башкасын тандап шарап куй тездеп, Навои!
Антпесең жүрөк куйкалайт өрттөн мурдараак!
Которгон Олжобай ШАКИР

[1] Чырым-крест

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *