Тарыхый маалыматтар боюнча орто кылымдардагы Түштүк Сибирдеги кыргыз өлкөсү «Көгмөн» деп аталган. IX кылымдын баш ченинде анын ээлеген жерлери батышта Алтайдын түндүк тарабын, чыгышта Хубсугул ( Косогол) көлүнө чейин, ал эми түштүктө Танну-Ола тоо кыркасына чейин жеткен. Кыргыз мамлекетинин эли-журту бири-биринен тили, маданияты, теги, жашоо турмушу, жүргүзгөн чарбасы менен айырмаланган ар түрдүү элдик топтордон турган. Алардын арасында отурукташкан, дыйкан чарба жүргүзгөн элдер көп болгон. Енисейдин оң тарабында жашаган элдер аңчылык, балык кармоо менен алектенген, ормон баскан тоолордо жашаган. Ал эми Енисейдин сол тарабындагы Минуса кырларында енисейлик кыргыздар жана башка элдик топтор жайгашкан.

Чыгыш Алтай тоо кыркаларына караштуу Сайлугем тоо кыркасы менен Алтайдын түндүк тарабында алтайлык кыргыздар жашаган. Кыргыздардын алгачкы тобу Енисейге б.з. II–III кк. келген. Алгачкы ирет алар Абакан менен Кем аралыгындагы Койбал талаасына жайгашып, кийинчерээк Уйбат кырларына өтүп, ал жерде Кыргыз бийлигин орнотушкан. Жергиликтүү элдин айрым топтору башка тарапка сүрүлгөн, башкалары кыргыз бийлигинин астында калган.

Алар Көгмөн жергесинин элинин көпчүлүгүн түзгөн, жер иштетүүнү мыкты билген, дыйкан чарба жүргүзгөн, аңчылык, балык кармоо, курулуш, зергерлик, темир иштетүүнүн устаттары болгон. Ошолордун негизинде тарых илиминде:«Енисейлик кыргыздар» деп белгиленип келген эл түзүлгөн. Алар Енисей дарыясынын сол тарабындагы Минуса аймагын ээлеген. Кыргыздардын башка тобу VI–VII кылымдарда Алтайдын түндүк тарабына келишкен. Буга чейин алар түштүктө «Теле» деп аталган түрк уруулардын курамында жашаган. Алтайлык кыргыздар көчмөн эл болгон, маданияты боюнча енисейлик кыргыздардан айырмаланган. Өздөрү чакан эл болсо да, ал мезгилде бийлик ошолордун колунда болгон. Көгмөндүн жалпы элдерин өз кол астында бириктирип, Уйгур кагандыгына каршы согуш жүргүзүп, натыйжада көп жылга созулган согушту ийгиликтүү бүтүрүштү. Кыргыздардын ордосу «Көгмөн» деп аталган (азыркы Сайлуугем жана Батыш Саян тоо кыркалары) тоо кыркасынын түндүк тарабынын этек жагында жайгашкан.

VIII кылымдын орто ченинде Монголия чөлкөмүндө бийлик «тогуз-огуз» деп аталган элдин курамына өткөн. Анын катарында бир нече чыгыш түрк уруулары болгон. Алардын бириси, уйгур уруусу, төңкөрүштүн негизинде бийликке келип, ошондон кийин бул мамлекет тарыхый (жазма) булактарында «Уйгур кагандыг» деп аталып келет. Уйгур кагандыгы ошол мезгилдеги Азиянын чыгыш тарабындагы эң күчтүү мамлекеттердин бири болуп калган. Алардын ордо шаары Монголиядагы Хангай тоолорунун этегинде, Орхон суусунун жээгинде жайгашкан.

Кыргыз ордосуна чейин ал жактан төө менен басып өткөндө 40 күндүк жол болгон. Кытай маалыматтары боюнча 758-жылы уйгурлар кыргыздарга каршы согуш ачкан. Алардын армиясы Көгмөндү ашып түшүп, Кыргыз өлкөсүн басып алган. 795-жылы тарыхый маалыматтар боюнча кыргыздар көтөрүлүш чыгарып, бирок ал натыйжа берген жок. Уйгурлардын армиясы кыргыз жергесин кайрадан басып алган. IX кылымдын башында Уйгур кагандыгында акыбал начарлап кеткен. Өлкө Тибет менен согушуп жаткан. Тарыхый маалыматтарга караганда, 821-ж. Тибет армиясы Орхон чөлкөмүнө кирип барган жана Уйгур мамлекети аз жерден кыйрап кала жаздаган.

Тибет армиясынын кол башчысы Шан-шацзын өлкөнүн падышасынын күтүүсүз каза болгондугуна байланыштуу армиясын артка буруп кеткен. 820-жылы кыргыздар уйгурларга каршы согуш ачкан. Уйгур каганы аларга каршы аскер министри баштаган армиясын жиберип, бирок алар ийгиликке жетишкен эмес. Согуш жыйырма жыл бою созулган. 832-жылы Уйгур ордосунда төңкөрүш болуп, натыйжада бийликке Эдиз уруусу келген. Тактан түшкөн уйгурлар жөн турбай, аларга каршы согуш ачып, эл экиге бөлүнүп, бири-бири менен жаатташкан. Мындай акыбал 840-жылга чейин созулган. Тарыхый маалыматтар боюнча, 840-жылы Уйгур армиясынын кол башчысы (анын аты кытай маалыматтарда Гюйлу Мохе деп берилет) кыргыздарга кошулуп, жүз миңге жеткен армияны Уйгур мамлекетинин ордосуна алып келген. Тарыхый маалыматтарга караганда Кыргыз мамлекетинин армиясы 80 миңге жеткен экен. Анын курамында жеке кыргыздардын аскери жана мамлекеттин башка элдик топторунан куралган аскер кошундары болгон.

Кыргыздардын аскери 30 миң болгон экен, ал эми калган 40–50 миңди кыргыздарга баш ийген уруулар чыгарышкан. Уйгур кол башчысынын аскердик курамы 10–20 миңди түзгөн окшойт, ошентип жалпысынан Кыргыз мамлекетинин армиясы 100.000ге жетип, түндүк тараптан Хангай тоо кыркасына түшүп келип, Орхон калаасында жайгашкан уйгурлардын ордосуна кирип барышкан. Албетте, шаар талкаланып, тегерегиндеги эл кыргынга учурап, ар тарапка качууга мажбур болгон. Уйгур каганы өлтүрүлүп, канышасы колго түшкөн. Орду Балык шаары толугу менен талкаланып, кыйроого учурайт. Мамлекеттин эли ар тарапка качкан: эки уруусу чыгышка, Байкал көлүнө карай жөнөшкөн; бир тобу түштүккө, Кытайдын чек арасына карай бет алды, айрымдары Тибет менен Куча шаарына кетишкен.

840-жылы бир нече уруулар батышка Тарбагатай жергесине качышкан. Орду Балыкты басканда кыргыздар уйгурлардын канышасын колго түшүргөн. Ал өзү кытайлык канзаада болгондуктан, кыргыз каганы аны урмат-сый менен коштолгон атайын элчилик менен өз мекенине жөнөткөн. Бирок бир нече күндөн кийин бара жаткан жолунда ошол жерлерде жашынып жүргөн бир топ уйгурларга туш келип калган. Алар элчиликке кол салып, бардыгын өлтүрүп, кытайлык канзаадасын колго түшүрүп, түндүккө – Кытайдын чек арасына бет алат.

Элчиликке кол салынганы тууралуу кабар кыргыздарга жетет, бирок аны кылгандар кайсыл тарапка качканын билбегендиктен, шек батышка, түндүк-батышка карай качкан бир топ урууларга түшөт. Кытай канзаадасын издөө үчүн кыргыздар аскер бөлүктөрүн көтөрүп, жортуулга чыгышат. Бул жортуулда кыргыз армиясы батышта кимак-кыпчактардын арасында баш калкалаган тогуз-гуздарга, татарларга, Тянь-Шандын чыгыш жагындагы Аньси (Куча), Бэйтин (Бежин) шаарларын басып алышат.

842-жылы Кытайга кыргыздардан Табу-Хэцзу (Тапу Алп-Сол) элчиси кыргыз кагандын атынан кат алып келет. Жаңыдан такка олтурган Ву Цзун кытайлык императору кыргыз элчисине сүйүнүп, аны урмат-сый менен тосуп алат. Чжао Фань аттуу жогорку даражадагы кызматчысына Кыргыз мамлекетине жөнөп, элинин үрп-адат салттарын, жер-суулары, табияты тууралуу маалыматарды чогултуп келүүгө буйрук берет. Кыргыз кагандын жазган катында өткөн окуялар чагылдырылган жана кытай канзаадасы тууралуу тынчсыздануу билдирилип, аны табуунун керектиги тапшырылган.

843-жылы март айында Кытайга Чжуу-Хэсу (Чугу-Алп Сол) элчиси кыргыз кагандан кат алып келген. Ошол эле жылы Кытайга кыргыздардын Вэнь-у Хэ (Урту Алп) баштаган элчилиги келип, кыргыз кагандын атынан белектер тапшырылган. Ошол эле жылдын 8-айында Кыргыз мамлекетинен Кытайга Дидэисы Наньчжу (Тутут Ынанчу) элчиси келген. Кытай императору жооп иретинде кыргыздарга жана анын элине бир нече кат жөнөткөн. Алтайлык кыргыздар чакан эл болгон, бирок Көгмөндүн жалпы элдерин өз кол астында бириктирип, Уйгур кагандыгына каршы согуш жүргүзүп, натыйжада көп жылга созулган согушту ийгиликтүү бүтүргөн.

Белгилүү тарыхчы, академик В.В.Бартольд жазгандай, Кыргыз мамлекети ал мезгилде Борбор Азиянын чыгыш жагындагы алдыңкы көчмөн мамлекети болуп калган. Албетте, ошол мезгилдеги салт боюнча бийликке ээ болгон эл өз ордосун Монголиядагы Отукен жерине коюш керек эле. Бирок Кыргыз каганы андай кылган жок. Ал Орду Балыкты кыйратып, өрттөп салгандан кийин өз ордосун батышта жайгашкан Кыргыз көлүнүн (монг. Кыргызнор) жанындагы тоо кыркасынын түштүк жагына орноткон.Ушул мезгилден тарта бул көл «Кыргыз көлү» деп аталып калган. Ал мезгилде Монголияга көз арткан мамлекеттер деле жок эле. Түштүктөгү Тибетте өз ара салгылашуулардын негизинде өлкө таптакыр эле урап калган. Тан империясы да окшош абалда болгон. Борбордук бийлик жокко эсе, дубандарды башкарган генерал-губернаторлор (цзе-души) өз аймактарында кожоюн болуп, билгенин кылып, бири- бирине согуш жарыялап, иши кылып өлкөнүн урап бара жаткан кези.

Ал эми Кыргыз мамлекетинде болсо, өлкөнүн ар кайсыл элдери жаңы жерлерге көнбөй, акырындап өз көнгөн жерлерине кете баштайт. Енисейлик кыргыздар көбүнчө Тува жергесине отурукташкан, тоолук ормон элдери кайрадан Енисейдин оң тарабындагы жерлерине кайтып, Монголияда анча-мынча калган енисейлик топтору кийинчерээк түндүккө карай жөнөштү. Бир гана алтайлык кыргыздардын топтору Эртиш тарапта (Чыгыш Казакстан) жайгашып калса, айрымдары Тянь-Шанга, Кашкарга чейин кирип кетишкен. Тарыхый кабарларга караганда кыргыздардын ал мезгилде Алтайдын түштүк тарабында төрт чоң шаары болгон экен. Алар: Хирхир (эки жолу), Хакан-хирхир, Даранд-хирхир.

Тарыхый маалыматтардын аз болгондугуна байланыштуу бир топ нерселер так аныкталбай келет. Кыргыздар Монголияда бийлик жүргүзгөн эң акыркы түрк эли болгон. Алар кеткенден кийин бул жерлер монгол элдеринин карамагына өткөн. Моңголдор, кыргыздан башка түрк элдерин билбегендиктен Монголиядагы бүтүндөй тарыхый эстеликтерди, скиф, сармат, хунну көрүстөндөрүн (корум), бардыгын «кыргыз ур» («кыргыз көрүстөндөрү») деп атап келишкен.

esenКылыч ЭСЕН уулу 

1965-жылы Токмок шаарында туулган. Тарыхчы. Байыркы түрк жана кыргыз тарыхы боюнча адис. Бир катар илимий эмгектердин автору. Алардын арасында, «Древнекыргызское государство Хагяс» (1994), «Древние кыргызы. Кыргызы в Средней Азии» (1993), «Кыргызы в Древности и Средневековье» (материалы и исследования, тарых илим. док., проф. Э.Ж.Маанаев, З.Эралиев менен бирдикте) (1998), «Кыргызский каганат» (2009) жана башкалар.

Жаңы Ала-Тоо 2012, 5 (37)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *