Ашым ЖАКЫПБЕКОВ 

 I. АВАЛЫ ТЕК. (Эл – тегинен, кас – кебинен). Библияда: авалы Сөз, анан Сөз Кудайдын оозунда (пейилинде), анан Кудай болгон делинет. «Сөз» дегени Ой… А бирок Киши болмоюнча Ой кайдан жаралып, кайдан чыкмак?.. Демек, авалы Тек – кишинин Киши болмогу. Антсе да Тек космостук ээндик эмес, анын кош аяктап турар Жери болмогу да ырас. Демек, Киши оюнда авалы Тек менен Жер жаралган… Тегибиз Теңирди ойлоп тапкан. Эми кызыгы: кымызга талыкшыган кыргыз бетегелүү боордо кеңирсип жатып алып («жамбаштап жатсаң сонун да» эмес), көктү караган, акылы бар экен, тообо кылган, анан Көк Теңирди ойлоп чыгарган («Манас»)…

II. ЖЕТЕ. Тектен кийин көп кылымдап, Жете туулган, жана да урпактарынын оозунда эмес, мээсинде калган. (Бою пас эмес, ою пас кишини «жетесиз» деген себеп). Киши көктө туулбайт, Көктү карап ой толгойт. Ошол себеп – Көк Теңир Ойдон жаралган аалам акылы («Манас»). А Жерге болсо Кишинин киндик каны тамган энеден туулар замат. Ошол үчүн Жер эне (Эне-Жерине чыккынчылык кылганды Эненин ак сүтү урсун деген улама акыл ошондон) Алмамбет келгенде Манас экөөнө эки эмчеги ийип берген Акбайбиче Чыйырды, чырымтал Семетейди бооруна катып, Каныкейди «желкелеп» төркүнүнө «төркүлөтүп» айдап кеткен Акбайбиче, ошентип Манастан тукум асырап калган Акбайбиче Чыйырды эне, Жер эне!

III. ЖОТО. Бу сөз устукан эмес, Жетесинен көп кылымдап кийин өсүп-өнгөн эл кулуну, Жер эне куну. Ошол үчүн асыл Каныкей апабыз Семетейинин, демек, кыргыздын намысына деп Карткүрөңдү байгеге чаап баласына ак жол батасын берген. Мына эл касиети, Жото касиети. Ошол Каныкей апабыз кыргыздын тукум улантар Уулун өз Жерине, Ордо (борбор) Таласка жетилтип жөнөтүүнү улуу намыс туткан. Бул акыл Улуу Сөздөн (Т.Сыдыкбеков). Демек, Семетей Жото эсебине кирет. Манастан нары отуз эки ата өткөн дейт санжырачылар. Семетей он эки жаш бала эмес, кыргыз Жотосу. Ал дагы тегим, жотом, Элим-Жерим деп күрөшүп, атасынын кегин кууп, жөн өлбөй (эл өлтүрбөйт да!) кайып болуп кеткен. (Бакай аба менен Айчүрөк сулууну да өлтүрбөй кайып кылып жиберген Эл акылынан айланса болот). Мунун баарын кыргыздын акылман карысы билет, эстүү жашы билет, менин ниетим – кайталап эске салуу.

IV. АЖО. Кеп төркүнү ушунда. Бул Сөздүн маанисин көптөр талашат, бүгүнкү сөздүктөрдө «Ажо – мамлекет башчысы» делет, а бирок К.К.Юдахинде жок. (Анда бир акылынан Алла да жаңылат деген эл сөзү тегин эмес.) А бирок «ай дээр ажосу жок, кой дээр кожосу жок, Тексиз!» (Т.Сыдыкбеков) деген Сөз да бейтегин эмес. («Тегин» демекчи – Тек тукуму, жарапача – принц). Мынчалык болду, дагы кошолу, Сөз атасы өлбөсүн: «Бай» деген сөз түп тегинде «Ата», «Байбиче» – «госпожа», кыз бала – «Баян» деген маани… Узун сабак, Улуу сөз. Белгилүү дайра Нилдин башаты Эфиопиядан чыгат эмеспи, ошол тегинде «Аббай» – Суу Атасы деп аталат. Манастын атасы Жакып бай – Жакып ата. Ошол Бай Жакып, Бакайдын атасы Бай баары – Ажо аталар. А бирок түпкүлүктүү цивилизациядан кабары бар Кыргыз Ата Бакай Семетейди кайып кетирип, Жакып атаны дөөлөт талашкандыгы үчүн жөн киши кылып койгон. Кызыгы – ошол алмустактан бери ар бир эл Ажо күткөн, Ажо тилин алган, улама калтырган. Карыя даанышмандар айтат: «Киши топурактан жаралган, кайра топуракка кетет», – деп. Акыйкат Сөз. Бул динден эмес, динге кошуп койгон эл акылы… Дин демекчи: кыргыздар качан динчил эле? Ырас, Күнгө, Сууга, Отко, Тоого, Жерге тайынган. Алтай – Алтаг, Ала-Тоо («Ала» – пестрые горы эмес, Тоо. Ж.Мукамбаев). Ошол үчүн Жер энесин сагынган, колго түшүп, орго түшүп өлүп бараткан кыргыз эрлери «Энесай» деп ыйлап өлгөн. Ошол үчүн Чоң майканда эл-жеринен качып кутулган. Орус каймагы Парижде бейит жай таап, таш бетине сөөгүм болбосо да сөпөтүмдү Россияма жеткирип койгула деп керээз таштап өлгөн. Ошол үчүн «ач бел, куу жондо» каза тапкан Ажолордун өлүгүн «кылыч менен кырдырып, кымыз менен жуудуруп, чарайнага чаптатып, ысык жайга сактатып» («Манас»), Сөөк деп, Тек жерине кайра берген.

Ошол Жер ат туягы из калтырган жер эмес, аскер болуп бөтөн элди кор туткан жер эмес, Алтаг менен Ал(а) тагдын ортосу, б.а., Борбор Азия, Сөз таасын айтканда, Орто Азия гана Ата Мекен ажо Жери болгон, болуп кала бермеги. Ажодон калган салт. А бирок окко учкан эр (эркек) чымын жаны Көккө учар алдында Теңирди жалдырай тиктеп: «Апа!» – Эне, Жер деп өлгөн.

V. БАБА. Кыргыздар Түрктөн улуу (Л.Н.Гумилев). Азыркы «тюркоязычные» деген дүйнөлүк көп улуттар эмес, байыркы Түрктөрдүн (ушу күнгө калган) Тил негизи, б.а., Тил Энеси болуп берген Кыргыз тили (Ойрот-Орус сөздүгү), Умай эне тилибиз. Мынчалык болду, Бабалардан бир-экөөн атап өтүш парз: Барсбек, Карачоро бабалар… Атуулдар… (Кыргыз ичинде «кытай» деген уруу бар. Бир билгенимде Карачоро баатырдын токолу Кытай императорунун кызы экен. Анда Карачоро Алтагда. Алиги «кытай» уруусу ошо кытай катындан тараган дешчү… Атактуу манасчы Жусуп Мамай менен көзмө көз көрүшүп, өз оозунан уктум: «кытай» эмес, «кутай» деген маани дейт ал киши.) Макул, мунун баарын аңыз сөз дейли. А бирок сөз тегине келгенде кыргыздар касташкан жоонун «үй үстүнө туу сайып, мамысына ат байлап» («Манас», Тарых), «Моголстандын жапайы арстандары» (Бартольд) аталып, Уйгурдун Беш Балык деген ордо шаарын басып алып, зор дөөлөт (мамлекет) куруп (IX кылым, Тарых), дүйнөгө дүңгүрөткөн сабагын, андан кийин өчкөн сабагын кантип унутабыз?! «Беш Балык» демекчи: Балык – шаар деген сөз. (Древнетюркский словарь). Балыкчыны «Балыкты» деп «КМ» сөз талашса, аксакал-көксакалдар ынанбады. А түпкүлүгүндө Балыкты, Чырпыкты, Сөгөттү, Корумду, Өрүктү деген аталыштар Бабалардын Жер ээлик мурасы. Байыркы Барсбектин таш бетине жаздырып өлгөн керээзи да дамаамат эсте тутула жүрсө кыргыз акылы бөксөрбөс эле…

Андан соң кыргыз аты өчүп, Чынгыш ханга аскер болуп, көрбөгөн кордукту, билбеген зордукту башынан кечирди. «Зордун түбү – кор, кордун түбү – зор» деген ушу тура деп канкакшаган кыргыз сөзү ошондон мурас калган окшобойбу… Ошентип кыргыздын кийинки миң жылдаган кулдугу башталат. «Рабская психология» – «кулдугум бар, таксыр» деген ылакап ошондон калган окшобойбу?! Бул туурасындагы ой толгоо эмки санатта.

VI. АТА. Кайран гана Аталар!.. Тегин, жетесин, жотосун, ажосун, бабасын эстегенде көзүнөн жаш эмес, кан аккан кайран Аталар!.. Эне Жеринен куугунга түшүп, шамал кууган эбелектей дүйнөнүн төрт бурчунан жай таппай далбастаган кайран Аталар. Ошондо да жаны чыгар алдында Энесайым, Алтагым, Ала-Тоом деп көз жумган кайран Аталар!.. Мына ошо заманда (Х–ХII кылымдар. Жаңылсам тарыхчылар тактап берер) Алтаг эмес, ала-тоолук кыргызга ислам дини кирет. Жанталашып, кырылып-жоюлуп, тукум болор деген баланы бешикке бөлөп, келинин караңгы түндө караңгы кокту-колотко атчан айдап жашырып, калмак кастыгына Аталар көкүрөк тосуп, сөөгү Жерде калып, чымын жаны чыркырап Көккө учкан. Дүйнөдөгү диндердин (мен билгенден) үч улугу бар: буддачылык, машаякчылык (христианство), муслимчилик (мусулманчылык). Буддачылыгына философия мүнөздүү, машаякчылыгына (эгер Библияны эстей айтсак) – тарых-таржымдуулук, муслимге – адат-абийир (юрисдикция) мүнөздүү. Кыргыздын канчалык мусулман экенине такыбалык жагынан күмөндөрмүн. А бирок ислам шарыятына илгерки наркыбыз аралаша киргени бештен белгилүү (Күнгө, Жерге, Сууга, Отко тайынуу, атүгүл, эсеби маселен, Жаңы жыл тосууда – Нооруз – жан менен малды арча түтөтүп аластоо…). Бирок Орусияга баш ийгенге чейинки кыргыздын улуттук майрамынан кайсы бири калды?! Алиги «кулчулук психология» дегендин залдары ушул…

Улуу Сөздүн башаты Теңирге да тиешеси болгон соң дагы бир сөз: илгери бир заманда, болжолу X кылым (тарыхчылар тактап берер), Кытайдын үч кыл сакал көкшүн илимпозу (а балким, шмыяны чыгар) кыргыздар момун деп угуп (Ч.Айтматов), басып алууга жараар Жер бекен деп изилдеп келет да, тоо арасынан башы айланып, меймандос кыйын кыргыздын биринен сурайт: «Бу тооңордун, бу Жериңдин аталышы кандай?» – деп. Анда кыргыз: «Теңир Тоо» – дейт. Алиги неме Сөз маңызын кытайча которуп, «Тянь-Шань» деп жазып кетет. Дүйнөлүк илимге ошол аталыш менен кирип калганы. Азыр ушу күндө да ошо. «Тянь-Шань – кышта жылуу, жайда салкын» – деп Мидике (М.Алыбаев) өз доорунун сурагына жараша, а бирок Жерин сагынып, Теңир-Тоосун сагынып жазганы ырас. Теңир жалгап «Хан-Теңир» деген күмүш чоку, Туу чоку сакталып аман калганы ырас гана түгүл, ырыс. Мурас.

VII. БАЛА. Баланын доору деп ХIХ кылымдан бери карайлычы. (Эгер тарыхчылар туура тапса). Кокон хандыгын билебиз. Орусияга (Ак падышага) өз ыктыярыбыз мененби, зордолуппу – кантип кошулганыбызды, жана дагы бүгүнкү чоң борбор басма сөзүндө Ермак «завоеватель» эмес – «первопроходец». Столыпин реакционер эмес – прогрессивдүү болуп бааланып жатат. СССР эл депутаттары деп биз шайлаган депутаттарыбыз «тумчугуп» олтурганын айтпайлы, кыргыздын Атакеден же кийинки Боронбайдан Санкт-Петербургга кеткен саламчы эмес, суранчыларын да сөз кылбайлы…

Ошондо өзүбүз эмне болдук элек? Кылжырдын эки Баласы касташып, эл кырылып кетпедиби?.. Анда Жер да эстен чыкты. Ошол үчүн «Ак падыша» шмыян саякатчысы Пржевальский Ысык-Көл менен Теңир-Тоону аралап көрүп, кыргызча айтканда, сөөгүм Караколго коюлсун деп, бизге эмес, «Ак падышага» керээз салам таштап кетпеди беле. Ал аз келгенсип (бу сөзүмдүн архив тактыгын тарыхчылар такташар), дайыны Чоң Борбордогу Военно-Исторический архивде, бөтөнгө көрсөтпөс жайда деп угам. Агерим ушул айтар сөзүм калп болуп чыкса, Пржевальскийдин арбагынан өзүм кечирим суроого даярмын, ошол саякатчы «Ак падышага» жазган имиш (отчет-сообщение): Ысык-Көл деген кооз жерди тургундар (аборигендер – колонизатордун сөзү) Көк Теңирдин көзү дешет экен. Айткандарындай бар. Асыл жер, Айрыкча Түп тарабы. Андыктан биздин орустар көчүп келип жер ээлей берсе, себеби тургундар жайкысын жайлоолоп көчөт экен, күзгүсүн күздөлөп конот экен, кышкысын гана Жерин эстейт экен. Ага чейин биздин орустар Жер ээлеп калса, дыйканчылыкты түштүк Орусия тарабы жакшы билет эмеспи, бу тургундар тоо таянып көчө качат да, ошону менен өздөрү өз алдынча тукум курут болот… деген экен.

Ошенткен Пржевальскийдин керээзин урматтап, кыл кыргыз Каракол деген балыгыбызды (шаарыбызды) ысмына которуп бердик. Муну бир дейли. Экинчи – Пржевальскийден мурун жана кийин эки жолу келип кеткен П.П.Семенов («министр ботаники» – Л.Дядюченко) Кашкарга чейин шмыяндык кылса да, Ысык-Көлдүн касиетине тамшанып, алиги кырылышып жаткан Кылжырдын эки баласын жараштырып, Хан Теңирден сүрдөп кайра кайта берген. Жөн кайтпай, кыргыз элинин атынан «Тяньшанский» деген наам ала кеткен. Ошол илимпоздун абийирдүүлүгү үчүн кыргыз элинин атынан эстелик коюлду. Турсун, сыйлоо керек. Эми ошо кул Баланын «Үркүнүнө» келели. Анда эмне болгонун баарыбыз билебиз. А бирок андагы «бейбаштыкты» кысып, элүү миңби, жүз миңби кыргыз азаматтары Орус–Герман согушунун оорук жумушуна барып берсе, ал үчүн ошончодон он-жыйырма миңи өлүп берсе, калганы аман келсе, Орусия деген улуу калктын маданиятын көрө келсе, улуу Үркүндөгү жарым миллион кыргыз апат болмок эмес эле го (С.Жигитов)? деген ой… Кийин Ата Мекендик улуу согушта (сөздү туура сүйлөсөк: Великая Отечественная Война – Ата Мекендик улуу согуш) официал маалымат боюнча жалпы СССР жерибиз үчүн үч жүз миң кыргыз атуулу жан кыйбадыбы…

«Баланын» жоругу ушундай болгон. Эгер Ленин болбосо, эгер анын Октябрь майканы болбосо, кыргыз бүгүн бар болот беле, жок болот беле?.. Аны бир Теңир өзү билмек. Октябрь майканынын улуулугу, кыргыздын бүгүн кайра кыргыз болмогу ушунда деп түшүнүү керек.

VIII. НЕБЕРЕ. Ортодогу доор тууралуу, жалпы СССР эли кор көргөн зомбулук заман тууралуу басма сөздө көп кеп болду. Андан өтүп, бүгүнкүгө келсек, Теңири жалгап кыргыз тукуму үзүлбөдү. Перестройка доору келди. Демократия доору. Айкындык доору. Булар болбосо бу окулуп жаткан сөздөр айтылганча – баш кетмек. Бар болсун!!! Бирок Тектен бери келаткан Жер аталышы өз ордунда болмогу ырас го. М.В.Фрунзе деген атактуу кол башчы 1925-жылы каза болсо, 1926-жылы жамы кыргыз Калкы Чоң борборго кат жазып, Пишпек деген башкалаасынын аталышын өзгөртүп берүүнү суранат. Кат-сабаты ачыла элек жамы кыргыз ошентип суранганына күмөнүм бар… СССРдеги республикалардын кайсы биринин борбору бөтөн атта?! Кыргыз дөөлөтүнө (республикасына) кире бериш кан жолдон (Кайыңды, Чалдывардан бери карай) кыргызча аталышын эстеп көрөлүчү. Сокулуктан башка эчтеме эске түшпөйт. Мындан ары Ысык-Көл тарап, же Талас тарап… баары ошого окшош – тургундар эмес, келгиндердин атоосу менен.

IХ. ЧӨБҮРӨ. Тогуз санат кеп козгогон себеп – биринчиден, Урум (Рим) эсебине ылайык. Кыргыз Урум менен тең, эгер улуу болбосо. Экинчиден, чөбүрөлөр – бүгүнкү эс тарткан муун. Кийин урпактар уланат. Ошолорго Тектен бери келаткан нарк сабак болор.

1989-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *