БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Орто азиялык мамлекеттик ишмер, окумуштуу, инженер, астроном, агартуучу Улугбек (чыныгы аты Мухаммед Тарагай ибн Шахрух ибн Тимур Улугбек Көрөгөн) 1394-ж. 22-мартта чоң атасы Темирдин аскерлери Иран менен Азербайжанга жасаган жортуулунун учурунда Султания шаарында туулган. Темир небересинин төрөлгөндүгү жөнүндөгү кубанычтуу кабарды укканда анын урматына өзү камап жаткан бир тоолуу чептин тургундарына ырайым кылып эркиндик берген. Чоң атасы Темир бүтүндөй Орто Азияны бийлеп, Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгына империя орноткон. Борбору Самаркан болгон. Аны арабдар Мавераннахр деп аташкан.

Ал ошентип Индия, Түркия, Мавераннахр, Закавказье, Иранды бириктирген Тимурилер мамлекетин негиздеген (1370-1469) ортоазиялык ири ишмер, кол башчы эмир болгон. Тарыхта ал Темир, аксак Темир, Тимур, Темур, Тамерлан деген аттар менен белгилүү. Темир небереси Улугбекти абдан жакшы көргөн жана кызыл кыргын согуш менен коштолгон Армения, Афганстан, Индияга жасаган жортуулдарында да Улугбек кошо болуп, Темирдин Отрар шаарында 1405-жылы 18-февралда өлгөнүн  өз көзү менен көргөн. Темир өлгөндөн кийин  урпактары өз ара бийлик талашып беш жыл кырчылдашкан. Мында Темирдин үчүнчү уулу Шахрук жеңишке жетишкен. Ал өзүнүн резиденциясы катары Герат шаарын тандаган. Ал Мавераннахрды (борбору Самаркан) өзүнүн улуу уулу Улугбекке берген. (Улугбекти 10 жашында Чыңгызкан тукумундагы ханыша айымга үйлөнтүшкөн, ал болсо гурогани титулун алууга мүмкүнчүлүк түзгөн).

Ошентип, 1409-жылдан баштап 40 жыл бою ал өлкөнү Улугбек башкарган. Ага Фергана (1414-жылдан), Кашгар (1416) кошулган. Моголстан, Ак ордого жортуул жасап, өз наамын коймок болгон Улугбектин максаты ордунан чыккан эмес. Ошентсе да, Улугбек чоң атасынын жолун жолдоп, кыргын салып, улам жаңы жерлерди багынтуу менен алектенбестен, бейпил турмуш орноткон. Өлкөнүн экономикасын чыңдап, маданиятын көтөргөн. Илимди өнүктүргөн.

Улугбек илимге жаш кезинен эле кызыга баштаган. Анын илимге кызыгуусуна чоң атасы менен атасынын дүйнөнүн бардык бурчтарынан чогулткан бай китепканасы түрткү болгон. Ал тарыхка, поэзияга, өзгөчө астрономияга кызыккан. Улугбек 1428-29-жылдары (хижранын 832-ж.) Самарканга жакын жердеги Кухак дөбөсүнө обсерватория курдурган. Бул ири курулушка ошол мезгилдин мыкты илимпоздору: көрүнүктүү математик Гиясуддин Жемшид, “өз доорунун Платону” Салахуддин Муса ибн-Мухаммед Казызаде Руми, “өз доорунун Птолемейи” Алауддин Али ибн-Мухаммед (кийин ал Али Кушчу аталган), “көрүнүктүү билерман” Гилясуддин ал-Чусти, “илимдердин кенчи” Низамуддин ал-Каши ж. б. тартылып, алар обсерватория долбоорун иштеп чыгышкан, керектүү астрономиялык аспаптарды өркүндөтүшкөн. Обсерваторияга Али Кушчу жетекчи болуп дайындалган.

IX – XVI кылымдарда Орто Азия ири астрономдору жана математиктери менен даңазаланып, дүйнөлүк маданияттын байыркы очокторунун бири болуп турган. Улугбек обсерваториясы алардын катарына көп окумуштуулардын ысымдарын кошкон жана Самаркан гүлдөп өнүгүп, дүйнөлүк илимий борборлордун бири болуп калган, илимдин өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Бул обсерватория ошол кездеги жана андан кийинки мезгилдеги обсерваториялардын эң алдыңкысы болгон. Ага ошол мезгилде дүйнөдө тең келишээр эч кандай имарат болгон эмес. Диаметри 46,4 м, бийиктиги 30 метрден кем эмес тегерек 3 кабат имаратка мрамор секстант куюлуп (жаасы айлананын алтыдан бир бөлүгүнө, б. а. 60 градуска, радиусу 40,2 метрге барабар болгон астрономиялык бурч ченөөчү аспап), анын жардамы менен Күндүн, Айдын жана планеталардын меридиан аркылуу өтүп бараткандагы координаталары ченелген. Секстант жер алдында, атайын казылган жайда жайгашкан. Ага чейин бышкан кыш төшөлүп, тепкич жасалган. Азимут байкоолору имараттын үстүндөгү айлана ж. б. куралдардын жардамы менен жүргүзүлгөн.

Байыркы Греция астроному Гиппарх 1022 жылдыздын каталогун түзгөн. Улугбек шакирттери менен бул жылдыздарды Самаркан обсерваториясында кайтадан изилдеген жана 1018 жылдыздын координаталарынын тагыраак жаңы каталогун 1437-ж. түзүп бүтүшкөн. Бул “Зижи-Гурогони” (Улугбектин жылдыздар каталогу) деп аталып, дүйнөлүк атак алган. Улугбектин “Астрономиялык жаңы таблицалар” аттуу илимий эмгеги дүйнөлүк астрономиялык илимге зор салым болгон. Ал “Календарь тууралуу”, “Убакытты өлчөө жөнүндө”, “Планеталардын кыймылын аныктоо жагдайында”, “Астрономиялык башка маалыматтар” деген 4 бөлүмдөн турган. Улугбектин көптөгөн таблицаларынын ичинде 683 шаардын (Орто Азия гана эмес, Россия, Армения, Иран, Ирак, Испаниядагы) географиялык координаталарынын берилгендиги да кызыктуу. Ал бир жыл 365 күн 6 саат 10 мүнөт 8 секундага барабар экенин да эсептеген. Азыркы кездеги эсептөөлөр боюнча ал 365 күн 6 саат 9 мүнөт 9,6 секундага барабар. Демек, Улугбек 1 мүнөттөй гана ката кетирген. Мына ушул байкоолор эч бир оптикалык приборсуз, жөнөкөй көз менен гана жүргүзүлүп, өтө так эсептелгендиги абдан таң калыштуу. Ошентип, бул эмгектен көптөгөн кызыктуу фактыларды келтирүүгө болот.

Улугбектин учурунда Самарканда көптөгөн монументалдуу имараттар курулган. Регистан аянтында жаңы медресе, мечит пайда болгон. Бухара менен Гиждуванга эки медресе курдурган. Бухарадагысы азыркы кезге чейин бар. Бирок ошого карабастан Улугбектин илимий жана агартуучу эмгектери ислам дин кызматкерлерине жакпай, аны дин жолунан тайды деп тымызын козголоң уюштурушкан. Ошол кандуу жылдарда жалган менен чындыктын, илим менен диндин, прогресс менен реакциянын ортосунда элдешкис катаал күрөш жүргөн. Ислам фанатиктери Улугбекке каршы күрөштө анын улуу уулу Абдуллатифти курал катары колдонушкан. Бул козголоңдон кийин Улугбек Самаркандан чыгып, Мекеге бараткан жолдо Абдуллатифтин аскерлери кылычтап өлтүрүшкөн.

Бул 1449-жылдын 27-октябрында болгон (Абдуллатиф өзү да андан бир жылга жетпей динчилердин колунан  өлгөн). Улугбектин сөөгү Гур-Эмир мавзолейине коюлган. Ал өлтүрүлгөндөн кийин көрүнүктүү илимий борбор (обсерватория) талкаланган. Андагы окумуштуулар куулуп, 15 миң китептен турган баалуу китепкана талап-тонолгон, өрттөлгөн. Улугбектин ишенимдүү шакирти, илимпоз досу Али Кушчу анын китептеринин, эмгектеринин бир азын гана алып качканга үлгүрүп, Самаркандын жанындагы кум дөбөгө каткан. Кийин Осмон мамлекетин империяга айландырган Мехмет II Фатихтин өтүнүчү менен Аясофия медресесинде мударис жана жеке китепканасынын директору болуп иштеп, Улугбектин эмгектеринин бир азын Стамбулдан бастырып чыгарган.

Ошентип, Улугбектин жылдыздар китеби “Зижи Гурогониси” гана биздин күндөргө жеткен. Кийин ал дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. Ал эми көптөгөн эмгектери белгисиз бойдон калган. Обсерваториянын жайгашкан орду кийин көп жылдар бою (400дөн ашык) тарыхчыларга табышмак болуп келген. Анын чалдыбарын 1908-жылы гана самаркандык археолог В.М.Вяткин тапкан. Бул анын улуу илимий эрдиги болгон.

Обсерваторияга 1948-жылы казуу иштери жүргүзүлгөн. Кийин В.М.Вяткиндин сөөгү өзүнүн керээзи боюнча обсерваториянын аймагына коюлган. Азыр обсерваториянын жанына мавзолей курулган. Орус антрополог-скульптору жана археолог М.М.Герасимов адамдын баш сөөгү боюнча бет түзүлүшүн калыбына келтирүү методун иштеп чыгып, ал боюнча айрым тарыхый ишмерлердин, анын ичинде Улугбектин бюстун жасаган.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *