БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Буга чейин Ысмайыл Кадыров агабыздын Чыгыштан чыккан орошон ойчул, табигый илимдер боюнча математика, физика, химия, астрономияны негиздеген жана алардын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон байыркылар туурасында тарыйкаларды жарыялап келсек, бул мерте Батыштын орошон окумуштууларынын таланты, өмүр таржымалдары энциклопедиялык тартипте кыскача баяндалат.

Норвегиялык математик Нильс Хенрик Абель 1802-жылы 5-августта Норвегиянын түндүк батышындагы Финней деген балыкчылардын шаарчасында туулган. Анын балалыгынын алгачкы жылдары жөнүндө маалыматтар дээрлик сакталган эмес. 13 жашында Ослодогу мектепке кирген. Ал адегенде башка окуучулардан өзгөчөлөнгөн деле эмес, болгону шахмат оюнун сүйүп, театрды жакшы көргөн. 3 жылдан кийин мектепке Хольмбое аттуу мугалим келип, математикадан сабак бере баштаган. Анын математиканы жакшы билгендиги жана сабакты кызыктуу өткөндүгү Абелдин математикага болгон кызыгуусун арттырган. Хольмбоенин жардамы менен өтө оор эсептерди чыгарып, жогорку математиканы үйрөнүү менен өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө кирише баштаган.

Абелдин үй-бүлөсү өтө кедейчиликте жашаган. 1820-жылы атасы каза болгон. Үй-бүлө каражатсыз калып, Нильс үйүнөн кетип, иштемекчи болгон. Бирок таланттуу окуучуга профессорлор көңүл буруп, университетке тапшырышына жардамдашкан. Бир нече профессор биригип акча чогултуп берип турушкан. 1825-ж. Христиания (Осло) университетин бүткөн. Абель кийинчерээк Берлинге жана Парижге барган. Ал мезгилдерде Абель 4-даражадан жогорку алгебралык теңдемелерди жалпы учурда чыгарууга мүмкүн эместигин далилдеген. Алгебралык функциялардын интегралдарын (Абель интегралдары деп аталат) изилдеген. Эллипстик функциялар теориясын түзүүчүлөрдүн бири. Интеграл теңдемелер боюнча алгачкы эмгектин автору. Өзү ачкан бир катар теоремалар, теңдеме, группа, формула, өзгөртүп түзүү математикада Абелдин ысымы менен аталат. Сандар теориясы жана катарлар боюнча да эмгектери бар. Абель жасаган ачылыштар мезгилинен кыйла алдыда тургандыктан аны мезгилдештери учурунда түшүнүшкөн да, баалашкан да эмес. Ал өтө кедейчиликте жана жалгыздыкта жашап, кургак учук менен ооруп 1929-жылы 6-апрелде 26 жашында дүйнөдөн кайткан.

Абель XIX кылымдагы ири математиктерден экендиги кийин гана аныкталган. 1908-жылы Ослого эстелиги тургузулган, 2002-жылы Норвегия Өкмөтү жана Илимдер академиясы (ИА) математика илими жаатында Абель сыйлыгын уюштурган.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *