Француз жомогу

Королдун кулак кужурун кандырар жомокчусу болуптур. Ал дайыма королго укмуштай окуяларды баяндачу экен. Король да жомок укмайын уктабаган адат тааптыр. Жаздыкка баш коёру менен жомокчусун чакыртчу экен.

Ал бир күнү уктаар алдында жомокчусун чакыртат. Жомокчу болсо тырп этер алы жок, катуу уйкусу келгендиктен жомок айтар алы калбаптыр.

– Улуу урматтуум, – дейт шайы ооп турган жомокчу, – кеч болуп кетти, уктачу маал келди. Жомокту башка жолу айтпайынбы?

Буга королдун каары кайнап:

– Жаңы жомогуңду айт! – деп аргасыз кылат тигини.

– Улуу урматтуум, илгери бир адам жашаптыр. Анын жүз алтын тыйыны болуптур, ошол акчаларына кой сатып алмак болуп, эки жүз кой сатып алат. Ошончо койду алдына салып, өз айлына айдап жөнөйт. Чоң жайык сууга туш келет. Суу арыктын боюнан ашып-ташып, көпүрөсүн агызып кетиптир. Кечмелик табылбайт! Койлорун кантип өткөрүш керек болот?! Ары чуркап, бери чуркаган кой ээси кайык турганын көрөт. Бирок ал бир койдон ашык жүктөгөнгө болбой турган кенедей кайык экен.

Жомокчу ушул жерден токтоп калат, кирпиктен тартса кулачудай уйкусу келет.

– Саа эмне болду?! – дейт ачуулуу король, – Бир коюн суудан өткөрдү, калгандарынчы?!

– Улуу урматтуум, – дейт көзү ирмелип бараткан жомокчу, – түшүнүп тургандырсыз: арыктын суусу жайык болгондуктан, кайыкка эки жүз койдун бирөөсү гана батат экен. Анча койдун ар бирин суудан ташып өткөнгө көп убакыт керек. Келиңиз, эки жүз кой суудан өтүп бүткөнчө биз тук этип уктап алалык. Баары суудан өткөндөн кийин жомоктун калганын айтып берейин, – деп кутулуптур.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *