«Айтыш» коомдук фонду, «Калемгер» адабий клубу, «Коом жана Мен» сайтынын атынан жана жалпы эле адабият күйөрмандарынын атынан мекенчил эр-азаматтарыбыздын бири Кылыч Исамамбетовго биртууган карындашы Байыш кызы Жибектин кырчындай жашында көз жумгандыгына байланыштуу азадар кайгыбызды билдиребиз.

Кылыч мырза, биз үчүн бул да күтүүсүз суук кабар болду! Карындашың Жибектин жаткан жери жайлуу болсун, кайрат кыл! Карындашыңдын калган өмүр-жашын жакындарына тилейли… Башка арга не?!

О, мүрзөлөр, огундай жер шарынын,
октолгонсуп тик асманга жарымың:
ойлондурат тирүүлөрдү сүрүңөр,
«оомийин» деп айтар кезде парызын.

Шамал боздоп, шыбак жыты бур этсе,
жамгыр төгүп, жаныңарга гүл өссө,
жатасыңар сезип, туюп, тыңшабай,
чагылгандар «чарт» жарылып «күрр» этсе.

Келет канча келгин куштар кайрылып,
келет түнү үстүңөргө Ай жылып.
Кезек менен кээде келсе тирүүлөр,
келет бирөө өмүрүнөн айрылып…

«Үшкүрүк» китеби

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *