«Коом жана Мен» сайты буга чейин маалымдап келгендей: бу сапар өспүрүмдөр арасында чыгармачылык конкурс жарыялайт. Конкурс 2016-жылдын 24-декабрында башталып, 2017-жылдын 30-майында жыйынтыкталат жана жеңүүчүлөрдүн байгеси – балдардын Эларалык майрамына карата 1-июнда тапшырылат.

Байге фондубуз 32 000 (отуз эки миң) сом!

10 жаштан 13 жашка чейинкилер арасында:

1-байге – 5 000 (беш миң) сом;

2-байге – 4 000 (төрт миң) сом;

3-байге – 3 000 (үч миң) сом;

4-байге – 2 000 (эки миң) сом;

5-байге – 1 000 (бир миң) сом;

Кызыктыруучу байге эки өспүрүм үчүн 500 X 500 сомдон бөлүнөт.

14 жаштан 16 жашка чейинки улан-кыздар арасында:

1-байге – 5 000 (беш миң) сом;

2-байге – 4 000 (төрт миң) сом;

3-байге – 3 000 (үч миң) сом;

4-байге – 2 000 (эки миң) сом;

5-байге – 1 000 (бир миң) сом;

Кызыктыруучу байге эки өспүрүм үчүн 500 X 500 сомдон бөлүнөт.

Конкурска он жаштан он алты жашка чейинки улан-кыздарыбыз катыша алышат. Андыктан аталган сынакка катышууну каалаган 10 жаштан 13 жашка чейинки өспүрүмдөр «Менин айылым» же «Менин шаарым» деген аталышта дил баян жазууга тийиш. Дил баянда ар бир өспүрүм өз айылынын же өз шаарынын тарыхын жана сулуулугун көркөмдөп берүүсү кажет.

Ал эми 14 жаштан 16 жашка чейинки улан-кыздарыбыз «Мен ким болгум келет» деген темада дил баян жазып, oljobai.shakir@mail.ru дарегине жөнөтө алышат. Дил баяндар бир гана кыргыз тилинде кабыл алынат!

Конкурска жөнөтүлгөн дил баяндын көлөмү эки беттен ашпоого тийиш. Бул адабий сынак болгондуктан дил баяндын авторлорунун көркөм образдуу ой жүгүртүүсүнө жана фантазиясына карата баа берилет.

Эскертүү: ар бир дил баянды жөнөткөн өспүрүм өзүнүн туулуп өскөн жери жана район, шаары туурасында атайы маалымдама берүүсү талап кылынат. Маселен: Мен Ташмат уулу Эшмат Ош облусунун Кара-Суу районунун баландай деген айылында, түкүндөй деген ысымдагы № … мектебинде окуйм.

P.S. Себеби, конкурстун жеңүүчүсү болуп калган өспүрүмдөрдү «Коом жана Мен» сайты Ала-Тоонун кайсы бурчунан таап келет?.. Андыктан урматтуу ата-энелерден да суранаарыбыз, уулуңуздун же кызыңыздын чыгармачылык жөндөмүн сынаганды кааласаңыздар, сиздерди да аталган конкурска кайдыгер карабайт деген ишенимдебиз! Өспүрүмдөргө баардыгыңыздар

шарт түзүп берүүгө кызыкдар болуңуздар!

 

Аталган конкурстун демөөрчүлөрү:

kylyzh
Кылыч Исамамбетов, жеке ишкер

 

altynbek
Алтынбек Жунус уулу, Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» фракциясынын депутаты

 

One Reply to “Балдар чыгармачылыгы боюнча конкурс!”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *