Эфиоп жомогу

Эмне гана шумдуктар болбойт. Бир бай өлүмдөн ушунчалык коркчу экен. Ал өлүмгө даярданыш үчүн ажал ага алдын ала эскертүү бермек болуп, экөө убадалашат.

Бай ошону менен өлүмдү ойлонбостон камаарабай жашап, анын басса-турса бир гана санаасы болуптур: «Канткенде алтындарымды көбөйтсөм экен? Өлүмдөн эртеле корккондон эмне чыгат? – дейт оюнда, – Качан өлөрүмдү «даярдан!» деп өлүм мага өзү эскертмек болбодубу. Андыктан ичер суум түгөгөнгө чейин баардык күнөөмдөн жеңилденип, ыйманым таза өлөт экемин» деген бүтүмгө келет.

Жылдан жылга ошентип жашай берет ал.

Күндөрдүн биринде ал өз короосундагы улактардын бирин ажал алып тынганын билет. Бирок байлыгы ашып-ташып турган ага бир улак кеп бекен, улактын өлүмүнө убайым деле чекпептир.

Көп өтпөй анын малын кыргын деген балээ мойсой баштайт. Күнү кур калбай – бир туруп эчкиси, бир туруп жылкысы же букасы өлгөнүчү.

Бай болсо минтип ойлойт: «Өзүмдүн башым аман болсо болду, ажал мени алганча малымды алсын!»

Кийин анын балдары ооруп-сыркап, биринин артынан бири өлө баштайт. Анан аялы өлөт. Бай коколой башы менен калат, ажал анын тынчын албайт.

Акыры ажал анын да босогосун аттап:

– Жүрү, сенин да кезегиң келди! – дейт.

Бай ызаланат:

– Сен ажал, эмнеге өз убадаңа турбадың?

– Жок, мен өз убадама бекем турдум, – дейт анда ажал.

– Кантип өз убадаңа турдуң?! – деп чырылдайт бай, – Сен биздин убаданы унутупсуң! Сен мага алдын ала эскертип келериңди убадалагансың! Азыр сени менен кеталбайм, анткени мен өлүмгө даярдана элекмин!

– А мен сага буга чейин эскерткен жокмунбу? – дейт ажал. – Мен күндө келип каалгаңды кактым. Малыңды четинен алып кетип аттым, а сен өлүм жөнүндө ойлонбодуң. Катын, балдарыңды алып кеттим, башыңа эч нерсе келбеди. «Даярдан! Мен келдим!» деп күндө кайталадым. Мунун баары сага түшүнүксүзбү? Эгерде ушунун баары эсиңди ойготпосо, демек, эсиңди Эге, кулагыңды Кудай алганбы?!

Ажал ушуну айтыптыр да, байды алып кетип калыптыр.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *