«Эл – бул талаадагы чөп, а падыша – шамал: шамал кайда ыргаса, чөп ошол жакка жапырылат».

КОНФУЦИЙ 

Калетсиз насыят ко. Эл атам замандан эле падышанын оозун карап келген. Арийне, Кудайдан кийинки кудуретке ээ дегенибиз эл чегеси эмеспи. Эл башына акылдуу падыша келсе – бакыт, а бейакыл падыша келсе шор эмей эмине. «Эл кайсы бир мезгилге чейин чоң жазуучусуз деле жан сактай берерин, а чыныгы журтбашысыз жок болуп кетерин» москвалык атактуу жазуучу Тимур Зулфукаровдун таамай айтканы бар. Бизди табынсыз эгемен өлкө курдук деген чейрек кылым ошол жолго апараткансыйт…

Ишке жарам идиректүү жаштардын далайы өлкөдөн чыгып кетти, тирлик кылууга. Дагы да кетип атышат. Азыркы бийлик тышкы миграцияны токтотуу саясатын жүргүзмөк тургай, ички ыйкы-тыйкылардын күчөшүнө өлкө башчы өзү себепкер болуп, өз тегерегиндеги саясый элитаны кармап кала албай, ыдыроого алып келди. Эл чайпалып турат, термелип турат. АШАнын тегерегинде муну терең анализдеген киши жок. Мунун кесепети – бийликтеги бир ууч топту тургай, бир элди топ таштай чачыратар инцидент. Алты жылдан бери Атамбаевдин «алтындарым, муну мен айтпасам ким айтат» таризиндеги балп этмелеринин арты келип – өзүнө арка-күч болуп келаткан идеялаш саясый күчтөрдү алсыратып, кайра мурдагы зулум бийликтин чаар башылары үчүн бийликке жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүп койду!

Көчтү түзөп кетер саясый күчтөрдү өз боюнан оолактатам деп, акыры Бакиевдин батальонундагылар менен бийликтин башкы коалициясы түптөлдү.

А эл арасында болсо ажонун дарегине карата кыйгыл кептер арбыды. Айрыкча быйыл! Мурда Мотуев менен доктор Апаздын айткандарына күлгөн эл азыр Атамбаевдин кайсы бир иш-чарада, же журналисттер менен болгон жолугушуусундабы, же кайсы бир өлкөгө, кайсы бир дубанга иш сапар менен барган учуру болобу, айтору, «кечээ АШАнын айтканын уктуңбу» дешип, анекдот биякта калсын, ажонун оозунан чыккан кепти оозмо ооз азилге айланткандар эки кишинин башы кошулган жерде… Кыскасы, ушул жылы АШАнын андазалары Курманбек Салиевичтин куудулдугунан ашып кетти…

Атамбаевдин саясый диапазону

Барабан же сурнайды адам баласы эмне үчүн атамзамандан бери колдонуп келет? Себеби бул эки аспаптын тең ичи көңдөй, ичине кебез тыгып сал, сурнайдан да, барабандан да үн чыкпайт. Араб, түрк, перс шахтары, Греция жана Рим башчылары бул эки аспаптын үнү жаңырганда адам каны дүргүп, мээнин иштөө жөндөмү начарлап, эмоциялык сезимдер гана башкарарын дадил билип, канмайдан алдында барабан-сурнай жаңырып, аскерлердин каны кызып, кымгуут кыргын согуш талаасына буйрук берүү жеңил болгон. Кыргыздын «кур барабан – кур сүрөөн» кебинин чындыгы да шунда…

Өлкөбүздүн саясый турмушунда да чейрек кылым бою элдин канын дүргүтүп, мээсин чаңдаткан саясатчылардын өздөрү барабан, сурнай добушуна айланды. Арийне музыка арибин тааныгандар билет: барабан, сурнай эч качан соло аспап болалышпайт. Башка музыкалык аспаптардын баарында диапазон бар, барабан сурнайдыкы гана жок, себеби бул эки аспапта тең до, ре, ми, фа, соль, ля, си баскычы болбойт. Болбогон менен – үндөрү бийик.

Алмазбек Атамбаевдин добушу да бийликке келгенге чейин да, келгенден бери да канча бийик жаңырбасын – Кыргызтандын турмушу алга эмес, артка карай тез ылдымдыкта бараткандай… Президентибиздин болгон диапазону ушул экен: алты жылдан бери Акаев-Бакиевдин куйруктары АШАнын тил учуна илээшти да калды. Акыры алар АШАнын өзүнө куйрук болуп алышты. Куйругуна эле эмес, тилинин учуна уч, мөөрүнө мөөр, акылына мээр кошуп турушкансыйт, көшөгө артында…

Эки жолу төңкөрүш жолу менен жаңы бийлик орноттук дедик, а адилеттик орногон жок. Элдин шары Акүйдөн кууп чыккан зулум бийликтин ордуна кайра келгени кийин тез эле ажыдаар кейпин кийгени минтип эми барабан-сурнай символуна айланды. Курманбек Салиевич менен өөп-жытташып жүргөн Атамбаев бийликке жеткени – саясый оркестрдеги фальштар мурдакы фальштардан күчөдү!

АШАнын болсо президенттик мөөнөтү соңуна жетип калды! Жыл жаңырат жакында. Өзү да күн санап аткандыр…

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *