АҢГЕМЕ

Күндөрдүн бир күнүндө Бир Экиге мындай деди:

— Эй Эки, кел менин жаныма, Он Эки бололу.

— Жок, — деди Эки. — Сен менин жаныма келип тур, Жыйырма Бир болобуз. Кантсе да Жыйырма Бир Он Экиден чоң да.

Анда Бир:

— Жок, мен сенин алдыңда турам, себеби мен сенден биринчимин.

Анда Эки:

— Жок, мен сенин алдыңда турам, себеби мен сенден чоңмун.

Ортодо талаш жаралды…

Акыр аягында мындай пикирге келишти: Үчтөн барып сурап көрөлү. Ал бизден чоң, калыс чечим чыгарып берсин.

Үч акылдуу жан эле. Эсепти да мыкты билчү. Бул экөө Он Эки да, Жыйырма Бир да боло алышат деди ичинен. Экөөнүн бирөөсүнө жан тартуу туура чечим эмес деп ойлоду. Акырында ага мындай ойго келди. Ал көптөн бери алты болгусу келип жүргөн. Бир менен Экинин талашын көрүп өзүнө жакшы бир мүмкүнчүлүк жаралганын сезди. Кокус бул экөө биригип кетче үч болуп алышат. Күчүбүз тең болуп калса кантем деди бир тараптан. Аларды алдап өзүнө кошуп алууну туура көрдү.

Үч алгач Экини чакырып алып сүйлөштү. Өзүнө кошуп алды. Андан кийин Бирди. Ошентип Алты болду.

Төрт Бешке мындай деди:

— Көрдүңбү тигилерди? Үч бизге төмөндөн жогору көздөй карайт эле. Эми Алты болуп кутурду. Бизге жогору жактан карап калды.

Анда Беш Төрткө мындай деди:

— Туура кылышты. Кел биз дагы кошулуп ондун астындагы Тогуз бололу.

Төрт менен Беш кошулуп Тогуз болушту.

Алты муну угаары менен жини келип, өзүнө эч кимди кошпой тоголонуп, тескери айланып Тогуз болуп алды….

Тогуз бул окуяны угар замат кабар жөнөттү. «Сен чыныгы тогуз эмессиң, алдамчы тогузсуң, алтыдан тогузга айланып алдың. Эгер өз оордуңдү билбесең, ыргытып жиберем, башың айланып кайра эле Алты болуп каласың», — деди.

Жасалма тогуз чыныгы тогузга кайра кабар жөнөттү. «Калп эле акылдуу боло бербе, бир жолу чапсам, үч бөлүнүп кетесин», — деди. Андан кийин бири-бири менен урушууну токтотушту.

Күндөрдүн бир күнүндө чыныгы тогуз ойлонду. Канткенде жалгыз тогуз бойдон калам. Керек болсо өзүмө бир жакын санаалаш таап алайын деди. Бир пикирге келгенден кийин Тогуз Жетиге элчи жөнөттү. Жасалма тогуз да өзүнчө ойлонуп, мен деле жалгызмын, мага дагы бир санаалаш керек деди. Ал сегизге элчи жөнөттү.

Чыныгы Тогуз муну угар замат кайрадан ойлонду. Эгер мен Жетини өзүмө кошуп алсам Токсон Жети болобуз. Ал эми тиги жалганчы тогуз өзүнө сегизди кошуп алса Токсон Сегиз болот. Жок, ал неге менден артык болот? Жетини унутуп ал дагы Сегизге жармашты.  Бир Тогуз сегизди башынан кармап өзүнө тартты, бир Тогуз бутунан кармап ал өзүнө тартты. Байкуш Сегиздин ичке бели үзүлүп кетип бир тогологу чыныгы Тогузда, бир тогологу жалганчы Тогузда калды.

Чыныгы  Тогуз: “Бул тоголокту эмне кылам?”- деп кайрадан ойго чөмүлдү. Акыры ойлоп тапты. Тоголоктун ичине үйлөп жел толтуруп баштады. Үйлөй берди, үйлөй берди. Тоголоктун ичине жел толуп Нөл пайда болду. Тогуз Нөлдү жанына койду.

Муну көргөн жалганчы Тогуз өзүнүн колунда калган тоголокту үйлөп толтуруп жанына койду. Бирок караңгы болгонуна байланыштуу оң тарабына койбой сол тарабына койуп алды. Чыныгы Тогуз 90 болуп, асмандын тогуз катына чыкты, ал эми жалганчы тогуз 09 болуп, жердин тогуз катмарына чейин түшүп кетти.

Жердин тогуз катмарына түшүп кеткен 09, асмандын тогуз катмарына чыгып кеткен 90 кыйкырды:

– Мени бул жакка таштаба, жаныңа кошуп алчы? Убагында сен дагы Тогуз болгонсуң, мен дагы.

Токсон Нөл Тогузга карап мындай деди:

– Ооба, убагында сен дагы тогуз болгонсуң, мен дагы. Эми сен сыяктуу “Тогузду” менин жанымдан көрүшсө, мени келесоо деп ойлошот, токсон тогуз дешет.

Нөл Тогуз жооп берген жок. Эмне десин?

Бул дүйнөдө ар түркүн окуялар боло берет эмеспи. Бул экөөнүн окуясынан кийин башка сандар жок болду. Мектептерде эсеп сабагы токтотулду. Мугалимдерди токсон манат[1] берип үйлөрүнө кетиришти. Базарларда бардык нерсенин баасы 90 манат менен эсептелип калды. Бир килем сатып алсаң дагы, бир ширеңке сатып алсаң дагы 90 манат. Футбол оюндары 90 мүнөт ойноло баштады. Акырында бардыгы окшош эсеп саны менен бүтчү: 0:9. Жазуучулар дагы 90 беттен ашык китеп жаза албай калышты. Самалеттор, машиналар, кемелер, поезддер да 90 мүнөттө 90 километр аралыкты басып өтө турган болушту. Баарынын бойу 90 см, салмагы 90 килограмм. Баары тең 90 жашта. Жолугушуулар да эртең мененки саат 9.0да башталып, кечки саат 9.0да бүтөт. Кечки саат 9.0да жатмай, эртең мененки 9.0да турмай.

Токсон күн өттү. Акыры  бул абалдан чарчаган адамдар Токсондун жанына чогулушту:

— Эй Токсон, сагындың го бизди?

Араң турган Токсон жооп берди:

— Силер менен сүйлөшүүнү сагындым. Бул байкуш Нөлдүн дагы аты бар эле.

Муну эмнеге кошуп алып Токсон болгонумду билбейм. Жакшынакай эле Тогуз элем. Жалгыз элем. Балким бир күн Он болот элем.

Адамдар кайрадан Токсонго кайрылышты:

— Эй, Токсон! Кел биз жакка. Курама болсоң сени эч ким тааныбайт. Андан көрө сени бөлөлү.

Токсон макул болду. Өзүнөн Бирди бөлүп төмөн карай жөнөттү. Сексен Тогуз болду. Андан кийин Үч, Төрт, Беш, Алты, Жети, Сегиздер бөлүнүп чыгышты. Элүү Төрт калды. Аны дагы алтыга бөлүп Тогузду алышты.

Бир, Эки, Үч, Төрт, Беш, Алты, Жети, Сегиз жана Тогуз катары менен тизилишти.

Адамдар сандарга карап мындай дешти:

— Урматтуу достор! Ар кимдин өз оорду болот. Эгерде Бир болбосо эч качан Он да Миң дагы Миллион дагы болбойт.  Бийиктикти кааласаңар жалгыз каласыңар. Өз оордуңарга барып, өз милдетиңерди аткаргыла. Ийкемдүү болгула. Китеп беттери менен мектеп такталарынан тез-тез жолуккула.

Ушундан кийин  Бир, Эки, Үч, Төрт, Беш, Алты, Жети, Сегиз, Тогуз жетелешип, Низами музейинин жанындагы жаңы орнотулган саатка келишти. Ал жерде Он, Он Бир, Он Эки аларды күтүп жаткан эле.

Азербайжан тилинен түз которгон Урмат Бек НУРСЕЙИТОВ 

urmatУчурда кыргыз адабиятында сын жана котормо жанры солгундап турган мезгилде «Коом жана Мен» сайтынын окурмандары үчүн Урмат Бек НУРСЕЙИТОВ инибиз советтик белгилүү жазуучулардын бири Анар Рзаев РАСУЛ оглынын чыгармаларынын бирин түп нускасынан которууга белсенгени көптү үмүттөндүрүп койду. Адатта котормо тургай өз чыгармасын сунуштаган жаш авторлордун көбү текст курууга келгенде бизди да көп убарачылыкка салып келсе, Урматбектин котормодогу чеберчилиги, тилинин элпектиги кадыресе айырмаланып туру. Өзү 1991-жылы Атбашы районунун Акмуз айылында туулуп, 2014-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түркология бөлүмүн бүтүргөн экен. Учурда ал аталган бөлүмдө магистрант о.э., аталган университтин Китепкана жана Ишкагаздар башкармалыгынын кызматкери…

[1] Манат-азербайжан акчасы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *