Серб жомогу

Болгонбу, болбогонбу, айтор, жомок мындай экен: жөргөмүш менен безгек кезигип, экөө саякатка чыгат. Жол жүрүп чарчашат. Эс алмакка жүзүмдүн кароолчусу жашаган алачыкка токтошот.

– Мындан ары жүралбайм, чарчадым. Шаар да алыс. Мен ушу кароолчунукунда эле калам, – дейт безгек.

– А мен бир аз эс алып, шаар жакка жол улайм, – дейт жөргөмүш.

Жөргөмүш эс алган соң жолун улайт. А жалгыз калган безгек кароолчунун денесине шап жармашат. Бирок кароолчу кетменин алып жер казганга киришери менен боюнан тер шорголоп агып, безгектин айласы куруйт. Эртеси күнү да кароолчунун денесине кайра жармашат. Бирок тиги кетменин алып жер казганга киришкенде эле боюнан тер шорголоп, безгектин шайын оодарат. Күнүгө ошол кайталанат, безгектин аргасы түгөп, акыры кароочудан качып жаны тынат.

Жөргөмүш болсо шаарга жетип, аксөөк мырзанын үйүнө жайгашары менен туш-тушка өз желесин тартып баштайт, бирок колунан шыпыргы менен чүпүрөк түшпөгөн кыз бар экен, үй кызматчы. Ал келери менен жөргөмүш тарткан желелердин ишпалдасын чыгарат. Эртеси да желе тартып баштайт, бирок оңбогур үй кызматчы жөргөмүштүн кол эмгегин бааламак тургай, күнүгө эле кыйраканын чыгара берет!

Бу жерде тынчтык жогун түшүнгөн жөргөмүш кайрадан тентип жөнөйт. Жүрүп-жүрүп эски шериги – безгекке жолугат. Экөө бирине-бири арыз-армандарын айтат. Акыры журт алмашып: жөргөмүш – кароолчунукуна, безгек – шаардагы аксөөк мырзаныкына жөнөйт.

Безгек аксөөк мырзага жабышары менен – тигинин денесин калтырак басып, төшөккө жыгылат. Дарыгер чакыртат. Безгек ага көргүлүктү көрсөтөт.

Жөргөмүш болсо кароолчунун алачыгына келери менен каалашынча желесин жаят. Кароолчу да желени жайына коёт, жөргөмүштүн ошондон кийин жаны жай алып калат.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *