Ысмайыл КАДЫРОВ

АҢГЕМЕ

— Атсалоомуалейкум! — деди бала табылгынын кыйылган учунан оң колу менен тутамдай кармап.

— Алейкума атсалом! — деди ата оң колун баланын колуна улаштыра табылгыны тутамдап.

— Кайда барасың? — Бала сол колу менен атасына кол улаштырды.

— Камчы сапка. — Атасы баланын сол колуна колун улаштырды.

— Бар болсо бирди кыя кел, жок болсо жообун айта кел, — деп бала оң колун кайрадан атасынын сол колуна улаштыра тутамдады да, табылгыны кыйып кирди.

Бул байыртан келаткан камчы сап ченөөнүн элдик ыкмасы. Эпейе отуруп, ишине берилип алган уулуна атанын ичи элжиреп, кырданган калыбында кыйлага кыймылсыз жатты. Баланын уюган кыттай омоктуу отурушу, бүркүттөй теше тиктеген көздөрү кимди болбосун айбыктырбай койбойт.

— Уулум, — деди ошол калыбынан жазбай тээ кыйлада. — Өзүң али кичине болсоң да аркы­беркини ажырата билгениң, акты ак, караны кара деп бетке айткан тайманбастыгың, өткүрлүгүң мага жагат. Бул — жигиттиктин белгиси. Ушунуңдан жазба. Менин өмүр күзүм жакын. Өсөөрүм калган жок. Сенин чоңоюшуңду күтүп, көкүрөгүмдө кастарлап сактаган бабаларыңдын тарыхын айтып берейин. Менин билгеним өз башым менен кошо кетпесин. Жакшылап тыңда. Мындайды биле жүрүшүң эп. Эмесе кулак сал…

Өткөн заманда бирөө эки­үч күндүк жолду арытып, күйөөдөгү карындашын издеп барат. Учурашып, сагынычы тараган соң үйүнө кайтат. Аттын жол жоргосу менен жайма­жай жүрүп отурат. Күзгө жуук учур. Күн батайын деп калган. Ээрдей белести аша бергенде өтөктөн үч­төрт боз үйлүү айыл көрүнөт. Кудайы конок болууну ойлоп, атынын башын бурат. Мал жайыттан келип, айыл ичи чуру­чуу. Айылга жакындаганда там­туң баскан бала үйдөн алыстап баратканын көрөт. Баланы ат үстүнөн эңип алат. Бала ыйламак түгүл ар кайсыны көрсөтүп, “чу, чу” деп атка өңөргөнгө кубанат. Ал адам кырктын кырынан ооганча бала көрбөй, балага зар — башка чукак адам экен. Көңүлү бузулуп, баланы  кементайы менен кымтылайт да, айылга кайрылбай жүрүп кетет. Алыстаганда  кылчактаса, баланы издеген киши байкалбайт. Бардыгы мал менен алек. Барган сайын теребел күүгүмдөп, ал адам караңгыга сүңгүгөндөн сүңгүп отуруп, изин суутат.

Түнү бою жүрүп, таң сүрүп күн аркан бою көтөрүлгөндө туу белге жетет. Киши кара жок, белде экөө гана  экенине көзү жеткенден кийин түшүп ат чалдырып, куржундагы тамактан жешет.  Бала ыйлап аргамды кетирээр бекен деп бушайман болуп келаткан киши, баланын жооштугуна кубанат. Бетинен сүйүп, баланы бооруна тартат. Бир аз эс алышкан соң, эч ким көрбөсүн үчүн баланы ээрдин актасына учкаштырып, сыртынан кементайын кийип, белинен кур менен бош курчап коёт. Күндөп­түндөп жүрүп үйүнө келет. Карындашымдын баласын асырап келдим дейт элге. Түлөө өткөрүп, “мен муну өз балам деп эсептейм, кагылайын журтум. Бакма экенин билгизе көрбөгүлө, кокус “асыранды баланы айылчы катын билгизет” болуп, ооздон чыгып кеткенин уксам, тууганчылыктан кечишип, кыркылышып кетпейли!” — деп суранат.

Азан чакыртып балага Табылды деп ат коёт. Күркүрөгөн күз, кычыраган кыш өтүп, жадыраган жаз келет. Аркасынан бетегеси белден буралган жай келет. Бала эс тарта баштайт. Бир күнү ал үйгө эки салт атчан түшөт. Мал жоготтук эле дешип, жай кеп салып отурушат. Бир оокумда ойноп жүргөн Табылды чуркап кирет. Үйдөгү чоочун кишилерди көрүп, чочуркай туруп калат.

— Кел, келе гой, — дейт бири. — Кимдин баласысың?

Эки жашар бала эмнени жарытып айтмак эле, меймандын биринин колундагы камчысына кызыгып, аны кармалайт. Ал кишинин чыдамы жетпей баланы бооруна кысып өөп­өөп жиберет. Көрсө, дайынсыз жоголгон баласынын сары изине чөп салып жүрүп, жыл маалында гана дайын­дарегин боолгологон өз атасы экен.

— Бала меники! — дейт абдыга. — Таптым туягымды. О, журт, сүйүнчү! Каралдымды таптым, каралдымды! — деп аны бооруна кыскан бойдон тышка жөнөйт. Үй ээси саамга өзүн жоготуп, дабдырай түшөт да, жагдайды баамдай коюп:

— Каяктан чыккан куу тумшук киши элең. Багыма конгон бактымдан ажыратасыңбы кокуй!? Бала меники, меники дейм бала! — деп чаңырып, чаңырып жиберет.

Баланы колдон колго өткөрүп талашат, акыры ортого арачы түшөт.

— Чакыр, — дейт ал адам үй ээсине. — Чакыр элиңди. Буюмду деле тапкан сүйүнөт, тааныган алат. Буюмча жокпу? Кара башыл киши жоготуп, таанып отурбаймынбы! — деп калчылдайт.

Айыл аксакалдары чогулуп кеңеш курушат. Беркинин карындашымдын баласы деген айыбы ачылат. Бири баланы өз атасына бериш керек десе, бири бербеш керек дейт. Ары кетишет, бери кетишет, акыры баланы так ортого коюп, эки атасы чакырсын, кимисине келсе бала ошонуку болсун деген бүтүмгө келишет. Аталары ага макул болуп, өз атасы бир четке,  баккан атасы бир четке чыгат. Дал ортого баланы коюп бир карыя кармап турат.

— Каралдым. Энең сен деп жүрүп акылынан ажырамай болду.

— Секетиң кетейин сербейген, кел мага, келчи! — деп чебеленет өз атасы.

Бала ага бурулуп, барсамбы барбасамбы дегендей, бир­эки кадам шилтеп туруп калат.

— Жыттоочум. Кара көзүмдү кашайтпа карангүн. Өзүмө эле кел, сен кетсең менин көргөн күнүм не болот!? Кел, келегой бери! — деп буркурайт баккан атасы. Бала аны бир карап, кел­кел деп далбас уруп аткан өз атасын бир карап, чоң эле кишилер эмне болуп атышат дегенсип таң кала карап турат да, баккан атасына чуркап келип моюнунан кучактап калат.

— Ырысым, таалайым! — деп жалынат ал. Өз атасы болсо бир буркурап алып, кайра кайратына келип ордунан турат.

— Эй киши, — дейт-баланы кучактап отурган беркиге. Деги сенде эмне айып? Агынан уул, кызылынан кызың болсо мени менен бала талашат белең! Тураң түгөнгөндө жасаганың да бул. Өзүмдүкү болбосо да туяк аты калсын дегениң да. Бала менен күчүк ким көп эркелетсе ошонуку. Бир жылдан бери алчактатып отурган сага келбегенде, бала жат боло түшкөн мага келмек беле. Ошону билип туруп, үмүт шайтан азгырып шартка макул болбодумбу. Эми болору болду. Бул окуяны кийин балага айтсаң өзүң айт, асти элден укпасын. Бирөөдөн укса арамза өсүп, кыйды болуп калар. Сени да, мени да жыргатпас. Баланы тири карак тарбияла, жалтак кылба. Ата уулу дедиртип эл кызматына жарагыдай өстүр. Сенден суранаарым: мобул камчыны уулуң ат жалын тартып минип, эрезеге жеткенде берип кой. Бир жолоочунун ак дилинен берген табериги де, — деп камчысын анын астына таштайт да, баланын алкымынан куркурата бир жыттап алып, жолдошун ээрчитип артын карабай жүрүп кетет.

— Тыңдап атасыңбы!? — деди карыя камчы жасап аткан уулуна.

— Угуп атам ата. Аңгемеңиз тим эле жомоктой экен, — деди бала.

— Бул жомок эмес уулум, нукура чындык. Ошол талашка түшкөн бала сенин бабаң, менин атам Табылды экен.

— Чын элеби ата!?

— Чын уулум. Өткөн заманда не деген гана окуялар болбогон. Ошол бабаң эр жеткенде баккан атасы аны өз атасына алып барган экен. Болгонду болгондой айтып, баягы камчыны мойнуна салып, ата­баладан кечирим сурайт. Аяр сактап жүргөн камчыны уулунун астына коёт.

— Уулум. Жамандыгың калбаса жаштыгың калган жок. Бул сырды сага эч качан  ачпайын дедим. Бирок эл оозу элек деген. Биринен болбосо биринен кеп чыгып кетсе, балам жер карап, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болбосун, тукумуңа доо кетпесин дедим. Бир кезде бирөөгө бүлүк салып, күйүткө түшүргөн күнөөмдү башым менен ала кетким келбеди. Өзүм уулдуу болуп бакытка батканым менен, булардын бозала болуп, томсоруп калганы ошол мезгилден бери жүрөгүмдү өйүп, көңүлүмдү тынчытпай келди. Эми кечирсеңер да, күнөөлөсөңөр да өзүңөр билгиле! Кокус көзүм өтүп кетсе да эми өз абийиримдин астында көңүлүм тынч, — дейт.

Баланын өз атасы анын даанышмандыгына  ыраазы болот.

— Бардыгы чын. Өз баламдан жат болгонум да чын. Бүгүн өчкөн отту тамызып, өлгөн жанды тиргизип отурасың бурадарым. Бул акылгөйлүгүңө башым тартуу. Мурда бейтааныш болсок, бала талашкан жоо болсок, эми бир тууган бололу. Өзүбүздү бармактай кезибизде бөлүнүшүп кетип, эми кайра табышкан эгиз деп сезели! — деген экен ал айкөл. Ошентип, алар мына азыркы экөөбүз отурган ата конушубузга көчүп келишип, эки бакыр, бир тукур болуп көздөрү өткөнчө  бир туугандык адил ниетте турушуптур. Алардын биринин аты — Осмон, экинчисиники Садык болуптур. Бир даанышман экөөнүн тең аты өчпөсүн деп бабаңды Осмонсадык уулу Табылды атаптыр. Бабаң Табылды да тегин адам болбоптур, уулум. Өгүздү мүйүздөн алып саздан сууруп чыккан балбан болгон экен. Ушул өрөөндүн болушу Адылдын ашында эр сайышка түшүп бер дешиптир аны. Ошондо жүрөгү сезгенби, айтор сайышка чыгууга анча көңүлдөнбөптүр. Эки тарап болуп бөлүнгөн элдин ортосунда наркы тараптан чыккан баатыр  чапанды желбегей жамынып, буркулдата кыл чайнап, найзасын ойното бастырып турат.

Баатырыңар жок болсо,
Баш байгени бергиле.
Намысыңар бар болсо,
Кана бириң келгиле! — деп жарчы безилдеп ырдап турат.

— Бир намыска жарап бер! — дешип, эл чурулдап Табылдыга бата берип жиберишет.

— Мейли эми, намыс үчүн чыкса чыгайын, — дейт Табылды.

Баатырлар эки­үч ирет беттешет. Төртүнчүсүндө берки баатырдын найзасы Табылдынын табарсыгына кадала түшөт. Бабаң кулап түшөт. Оозуна тиштеген камчысын алып:

— Уулума бергиле, ата мурасы эле! — дегенге араң жарайт бабаң Табылды. Ошол мезгилде мен бешикте экемин. Андан кийин  бу баштан нелер гана өтпөдү. Октябрь  революциясы менин жигит кезиме туш келди. Бай­манаптар, кулактар менен күрөштүк. Бейпил заман орноп, жаңыдан өз оозубузга өз колубуздан аш жете баштаганда батыштан “өрт” чыкты. Отуздан жаңы эле ооганда согушка аттанып, ата журттун тузу буюрган экен жеңиш менен кайттым. Анан үйлөнүп, көп өтпөй уулдуу болдум. Уулумдун атын эл ичинде аман жүрсө деген ниетте Аман койдум. Бирок тилегенимдей болбоду. Аманым аман жүрсө камчы саптык уул болот эле. Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети демекчи терс жолго түшкөндөргө кошулуп, ичкиликке ыктап жүрүп, жол кырсыгынан каза тапты. Аттиңай, ошондо дүйнө мага бир караңгылай түштү. Анткен менен ичээр суум, көрөр күнүм түгөбөптүр. Сен курсакта калган экенсиң. Сен төрөлгөндө туягымдан калган туякты көрүп, башыма күн, аягыма ай тууду. Бирок ал кубанычым да көпкө созулбай, жыл айланып Амандын ашын бергенден кийин келиним Гүланданын ата­энеси алдыма келди.

— Эки баланын аркасы менен кудай кошкон куда болдук эле… Жадырап­жайнап катышып турсак болот эле. Тилегибиз таш каап Аманыбыздан ажырадык… Ниетибиз ак эле айланайын кудам. «Кудай кылса кубаарыңдын акысы барбы» демекчи, ушундай болот деп үч уктасак түшүбүзгө кирген жок эле го… Кызыбыз жаш калды. Алдыңардан өтүү ата­бабадан келаткан салт экен… — деди Мырзабай кудам каргылдана. Мында заманам бир куурулду.

— Айланайын кудам! Тагдырдын башка салганы ушул болду… Уулум жалгыз эле. Жалгызымдан жалгыз туяк калды… Кызымдай көргөн келиним бар… Анын жолуна  кедерги болбойм. Гүландамдын багы ачылсын. Суранаарым: кудам, медер туткан неберемди өз колума калтыргыла. Уул­келинимдин ордуна көзүмө сүртүп жүрөйүн, — дедим. Аманым экинчи ирет өлгөндөй болуп, кемпир экөөбүз ээн үйдө соксоюп  калганыбыз көзүмө элестеп, жашым токтобой сакалымды жууп жатты.

— Ата­баба салтын кармап, менин келечегимди ойлоп, башымды бошотуп коюу милдетиңер экенин түшүндүм аталар. Өз тагдырымды эми өзүм чечейин. Баланы өз ата журтунан ажыратпайлы, — деди Гүланда.

Анын акылдуулугуна тен бердик. Сыртыбыздан да, ичибизден да Гүланданы алкадык. Кийин Гүланда турмушка чыкты. Өз колум менен кызымдай узаттым. Жолдошу да эстүү, жакшы адам чыкты. Сен эжекем деп жүргөн Гүланда энең, байкем деп жүргөн ыраматылык Аман атаң, мен чоң атаң экенимди биле жүр балам. Көзүм өтүп кетсе атам  айтып койсо болмок экен деп токо наалат кылбагандай бол…

Карыя саамга тунжурап, кончунан жылан боор өрүлгөн элик шыйрак камчыны алды да, балага сунду.

— Кулунчагым, бул ата мурасы, бабаларың Осмонсадыктын Табылдыга берген камчысы. Атадан балага өтүп келаткан кымбат белек, ыйык таберик. Бир гана Аман жети атасынын тарыхын билбей өттү бул дүйнөдөн. Ага өзүм күнөөлүүмүн. Улам кийин айтам деп көр тирлик менен жүргөндө  Амантайымдын капысынан дүйнө салганы арылбас арманым… Эми артындагы туягы — сенин укканыңа да каниет…  Муну аздектеп ыйык сакта, кулунум. Кезегинде сен да уулуңа өткөр. Камчы эр жигиттин куралы, жан жолдошу. Өзүң да камчы жасаганды жакшылап үйрөн. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деген. Камчынын сабын туура ченеп, түшкүнүн жакшылап өрүп, мыктылап саптай билгендин өзү  өтө чоң өнөр.

Бала камчыны алып, тарыхы бар ата мурасы колуна тийгенге сүйүнүп да, андан сүрдөп да турганда ата табышмагын айтты:

— Көл жакалай көпкөк,
Төөгө минген сөксөк.
Каптын оозу кийиз,
Карганын оозу мүйүз.
Кой баласы шишек, — деди ата.

— Көл жакалай көпкөк эмей эмине,
Төөгө минген сөксөк эмей эмине.
Каптын оозу кийиз эмей эмине,
Карганын оозу мүйүз эмей эмине.
Кой баласы шишек эмей эмине!? — деп чечмеледи бала.

— Жандырмагың калетсиз чындык. «Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат» деген.. Ала куштун атын жашырсаң да, ал ала куш боюнча калат. Кеп чындыгынан бузулбайт. Ар дайым адал иштеп, ак сүйлөсөң эч качан кар болбойсуң уулум.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *