Түрк жомогу

Илгери бир аял жашаптыр. Ал бирөөлөрдү алдоо менен күн көрүп, ошол алдоо менен акча таап, анан ошол тапкандарын көчө таптар ишсиздер менен ичип-жеп, чардап жок кылчу экен. Каражаты жок болгондо кайрадан алдоого өтчү.

Бул жолу да акчасы түгөнөт. Кимди алдарын билбей турса, ошол эле айылда жашаган бир ханум эске түшөт. Ал бай турчу жана эл аны суу ташыгычты жакшы көрөт деп айтышчу. Мына ошону алдамак болот.

Ханумдун үйүнө барат: аны сүйлөшөт, муну сүйлөшөт. Короосунун баары эле тоок, каз, өрдөк, үндүк. Алар кулактын кужурун алып ар кыл чурулдашат.

— Ханум сага ушунча канаттуунун кереги не? Булардын ызылдагынан киши сүйлөшүп да болбойт, — деп үй ээсине кыйды суроосун узатса, анысы:

— Ой, ушулардыкы өттү. Жанагы эт жебей эмирен калгыр күйөө сөрөйүмдүн кылганы да, жалаң ушундай канаттуулардын этин жейт. Ошол неме күндө бирден алып келип толтуруп ийди. Буларың өзү да бир балит экен.

— Ошондой дейм да. Башыңа балээ үйгөн неме турбайсыңбы. Мага бер буларды, мен тез эле ырдай турган кылып коем. Ушунчалык бир мукамдуу ырларды ырдайт дейсиң…

— Кантип? Ошентсе болобу?

— Болбогондочу. Бирок жүгөрү бербей жалаң күрүч менен мейиз бериш керек да. Ырдап калышы тамактан эле да.

— Жакшы. Анда алып кет баарын. Ырдаганды үйрөткөнүңдөн кийин мен сага акча да берем.

Ошентип ханум конок аялга үй канаттууларынын баарын берет. Ал гана эмес жемине деп бир кап күрүч, бир кап мейиз кошуп коет.

Алдамчы аял жыргап калат. Табакташтарын чакырат. Күндө бирден канаттуу союп жешет. Күрүч, мейиз тоок-өрдөктөргө эмес, өздөрүнөн ашпайт. Тез эле баарынын түбүнө жетет.

Анан ал фереджесин кийип ханумга барат. Тиги болсо:

— Кантти? Ырдаганды үйрөнүп калдыбы? — деди сүйүнүп.

— Ой, ананчы. Ушунчалык бир мукам ырдашат. Баарынын эле ырынын кайрымасы бир.

— Кызык, жыргал. Эмне деп ырдашат?

— «Ханым суу ташыгычты жакшы көрөт, сүйүү десе өлөт», — Алдамчы ушунтип айтары менен эле ханумдун өңү бузулуп, жүзү кубарып, «мага суу ташыгычтын күйөөм жокто келип жүргөнүн ушулар билчү эле, ошону ыр кылып алышкан турбайбы» деп ойлойт да аялга карап айтат:

— Мени ушулар аябай жадаткан эле, сен алып кеткенден бери жыргап калбадымбы. Ошол жакта эле калсынчы? Ошолорду сага белек эттим, — дейт.

— Сенин ушунча каз-өрдөгүңдү мен эмне кылмак элем! Же аларың суу ташыгычтан башка ыр билсе экен! Өзүмдүн түйшүгүм чачтан көп! Азыр барып аларыңды айдап келем!

— Кой, айланайын, кой, аларды ошоякта жогот. Ме дагы беш жүз куруш!

— Мен аныңды эмне кылмак элем! Кой, ошондой эле болсо миң беш жүз куруш бер, ошондо гана канаттууларыңды алып калайын!

Ханум не кылмак? Айткан акчасын санап берет.

Алдамчы аял болсо жыргал күнүн өткөрүүгө ал акчанын баарын сарптайт.

Акчалар бир заматта жок болот. Дагы бир нерсе ойлош керек эле.

Ошол күндөрдө падышанын кичинекей баласы өлдү деп угуп калат.

Мүрзөгө барып падышанын жаңы эле сөөгү коюлган баласын гөрдөн казып чыгат. Аны жибек жабуу менен жакшылап ороп, зергерчилик дүкөнгө келет. Дүкөнчү болсо ханыша ханзаада менен келген экен деп түшүнөт.

— Келиңиз, бизден кандай кызмат, ханыша? — дейт зергер дүкөндүн ээси үч бүгүлүп.

— Биз кызыбызды күйөөгө берип атабыз, — дейт ханыша катары көрүнгөн алдамчы аял, — ошон үчүн кызга эң жакшы алмаз чачка таккыч, жуп билерик, жуп сөйкө, бир нече алмаз  төөнөгүч жана дагы бир топ ар кыл асыл таштардан жасалган шакектер керек.

— Болот. Болот.

— Баарын мынабул баштыкка сал! Мен аларды султаншаага көрсөтүп келейин, ал өзү жактырганын алсын.

— Жарайт. Жарайт.

— Сен мага ишенбей турсаң, мынабул шахзаада уктап атат, сага таштап турайын, ыйлабастыр, караганча тур! — дейт да баланы таштап шашылып чыга берет. — Балага этият бол, тийбе! Кокус бирдеке болсо падыша башыңды жулуп алат!

Ошентет да аял кетет.

Бир топтон кийин кайтып келет.

— Кандай? Менин шахзаадам, атасынын орунбасары ойгонбодубу?

— Жок, ал баягы эле бойдон уктап атат. Жоош экен, үн да чыгарган жок. Аял келип эле, баланын бетин ачып, айкырыкты салат.

— Ой, менин шахзаадама эмне болду!? Эмне кылып салгансың?! — Ал чачын жулуп, бетин тытып, кыйкырып, озондоп кирди.

Зергер дүкөнчү не кыларын билбей калды. Абайлап үңүлсө чын эле балада жан жок.

— Мен азыр сени айтам! Падышага айтам! Сенин бышыңды алдырам! – деп аял атырылып дүкөндөн чыгып жөнөп калат.

— Ханышам, кечириңиз, мен тийген эмесмин! Мени аяңыз? Не сурасаңыз берейин!?

Аял аны укпай долулана берет.

— Мына, ханыша, миң алтынды ал! Сизге баягы бергендердин да акчасын албайм, баары сиздики, мени бул балекеттен куткарсаңыз эле болду!

Алдамчы аял акчаны да, асыл буюмдарды да, өлүктү да алып, кымыңдап сыртка жөнөйт…

Ошентип дагы чардап-куунап ал акчасы да аягына чыгат.

Дал ошол кезде падышанын аялы өлгөнүн угат. Хан сарайга келип, бети-башын тытып ыйлап кирет:

— Эжем-ой, эжем! Менин камкор эжем элең, эми кайдан табайын, эми кайдан көрөйүн, артыңдан мен да өлөйүн!

Муну уккан падышанын апасы уулунан сурайт:

— Карачы, сенин аялыңдын ушундай күйүмдүү бир тууганы бар экен да, бизге аны айтпай жүрүптүр.

Аялды эптеп басайын десе басылбайт, сөөктү кучактап болбойт. Ага ордодон бир бөлмө берип, кызматчы дайындап, ошол жерде алып калышат.

Сөөктү жайына коюп келген соң хаким келип жанагы аялды араң өзүнө келтирет. Ал ошол жерде жашап жүрүп, хан ордонун бүт сырын, чырын, жолун үйрөнөт.

Бир күнү ал жашыруун жол менен падышанын бөлмөсүнө кирет. Уктап аткан эл башынын башына жаздык жаап, эстен тандырат.

Эртеси туруп падыша бүт денеси көк ала болуп жанчылганын көрөт, өзү да кыйналып турат, түштөрү да абдан жаман эле.

Кийинки түнү да ошол көрүнүш кайталанат. Падышанын бетине жаздык жаап, ал чабалактап кыйналып атса, тиги аял кыйкырат:

— Таң атса – сиңдим менен баш кош! Таң атса – сиңдиме үйлөн! – Ушинтип улам-улам кыйкырып падышаны койгулай берет.

Эртеси падыша хаким менен кожолорду чакырат, түшүн айтат, алар дуба кылат, дары берет. Бирок мунун баары падышага таасир этпейт.

Үчүнчү түнү да аял оор жууркан менен падышанын бетин басып, ал кыйнала баштаганда баягы сөзүн кайталайт:

— Менин сиңдимди аласыңбы?! Менин сиңдимди тезирээк албайсыңбы!? Эгер эртең эле албасың мен сени өзүм жакка алып кетем!

Падыша эс-акылдан танат. Аял билинбей жылып чыгып, өз бөлмөсүнө барып жатат.

Эртеси падыша болгон окуяны апасына айтат.

— Мен ага үйлөнбөсөм болбойт окшойт. Бул маркумдун мага кылган жакшылыгы бейм, -дейт ал.

— Ошентсең ошент,- дейт энеси да, — бул келин дале койдой жоош, жакшы келин экен. Ага үйлөнсөң, маркум аялыңдын көөнү тынар, сен да тынч алып каларсың…

Кожолор келип, никесин кыйып алдамчы аял менен падыша эрди-катын болот. Биздин алдамчы ханышалык даражага жетет.

Арадан көп убакыт өтөт.

Аял зеригип отуруп, күзгүгө каранып, өзүнүн бүт кылык-жоругун, башынан өткөргөндөрүн айтып аткан. Көрсө анын сөздөрүн билгизбей падышанын энеси угуп туруптур.

— А, сен ушундай белең?! Сен бизди алдып жүрдүң беле?! Шашпа, шашпа, падыша уулум келсе башыңды алдырбасам элеби?!

А ханыша ага жетип барат да арбап кирет:

— Айланайын энекем, менин жалгыз берекем, мен сени ушунча жакшы көрөмүн. — Ушинтип жалынып-жалбарат да:

— Келчи, тилиңен бир өөп койоюн, энеке? — деп тигил кемпирдин тилин тиштеп жулуп ыргытайын дейт.

— Жогол ары, бетпак! — Султаншаа аялды ары түртөт.

Ага болбой эле тигил аял асыла берип, кайын энесинин тилинин жарымын тиштеп жулуп алат. Анан аны өлөрчө сабап, жуурканга жаткырып, кызматкерлерге айтат:

— Падышага баргыла, энеси ооруп жатканын айткыла, келсин! — дейт.

Өкүмдар келип апасынын же өлүү эмес, же тирүү эмес жатканын көрүп таң калат.

— Эмне болуп калдың, энеке!? — деп басып жыгылат. Жооп жок. Тигил аял болсо ыйлап кирет.

— Энекем эрте менен эле куландан соо болчу, эмне болуп кетти, билбейм. Табып чакырып дары берүү керек ко?

Падыша башкы хекимди[1] алдырып келет.

Аял болсо хеким бир нерсе кылып туура эмес дарылап койбосун, мен аны карап турайын деп үйдүн бир бурчуна жашынып алат.

Хеким келип, оорулууну карап, анын тилин кимдир бирөө тиштеп алганын түшүнөт. Аял болсо хекимге айтат:

— Сен буга уу берип ташта, эгер өлтүрсөң мен сага бир өмүр жете турган алтын берем!

Табыптын напсиси бузулат. Алтын дегенде кудуңдап сүйүнүп, ууланган шербет жуткурат. Султаншаа мүрт кетет. Өлүк көмүү ырасымында баягы арам аял кайын энесине күйгөн болуп аябай ыйлап-сыктайт.

Күндөр өтөт. Табып убададагы алтындарды алганы падышанын аялына барат.

— Мен падышанын аялына барышым керек эле, — дейт ал сакчыга.

Сакчы табыптын келгенин билдирет.

— Эмнеге келиптир ал? Менин анда ишим жок, келген жолу менен кетсин! — дейт аял.

Ары кетип, бери кетип акыры табып хан сарайга кирет.

— Сенин өтүнүчүң менен кайын энеңди өлтүрүп бердим, ошондогу убада кылган алтындарды бер, — дейт конок.

Аял дагы өкүрүп, чачын жулуп кирди:

— А, көркоо, сен өлтүрдүң беле?! Жүр азыр падышанын астына, жүр, сени элеби, башыңды алдырбасам элеби!

Ушул сөздөрдү угуп табып акырын жолго түшөт. Ага да жан керек болот. Митайым, долу аял догурунуп жүрүп максатына жетти.

А силер бул жомоктон туура жыйынтык чыгаргыла – ал аял максатына арамдык менен жетти, а силер андай арамдыктан алыс болгула.

Түрк тилинен которгон Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Хекимди — табып, дарыгер.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *