Шарль де ЛИНЬ
(1735-1814), бельгия дипломаты жана жазуучу  

 Бейакылдардын эки түрү болот. Бири – ар нерседен шектене берет, бири – эч нерседен шектенбейт.

* * *

Дин же сүйүү болбогон жерде аял намысы тебеленет.

* * *

Оргу-баргы мүнөздүүлөрдү жакшы көрөм. Себеби алардын аккөңүл, акылдуу экенинен шектенбейм. Арампөштөр менен акмактар гана дайыма тымпыйып, зыңгыранып жүрүшөт.

Георг Кристоф ЛИХТЕНБЕРГ
(1742-1799), немис жазуучусу жана окумуштуу  

Китептер китептен улам жазылат. Акындардын көбү да акындарды окуган үчүн акын болуп жүрөт.

* * *

Химиядан башканы түшүнбөгөн адис химияны деле кыйратып түшүнөрүнө көзүм жетпейт.

* * *

Качан болсо убактым аз деп жүргөндөр адатта эч нерсе кылбагандар.

* * *

Өтө көп окуган адамдар чоң ачылыштарды чанда бир жаратат.

* * *

Адамдар дин үчүн кырчылдашканы менен динде айтылгандарды аткарууга кош көңүл мамиле кылгандарына таңгалам.

* * *

Философиядагы жаңы ачылыштар – түп орду менен адаштырчу жаңы багыт.

* * *

Жашоодо акыл айткандар эле көп, кайратыңды курчуткандар аз.

* * *

Мени атеист кылып жаратканы үчүн Кудайга миң мертебе ыраазымын.  

Шарль МОНТЕСКЬЕ
(1689-1755), француз философу  

Көп эле адам улуу иштерге жөндөмдүү, бирок жакшылык кылууга жөндөмсүз.

* * *

Жандүйнөсү таза адамга караганда динчил адам терс жосунга каршы шылтоону бир заматта таба коёт.

* * *

Бир аз бир нерсе билиш үчүн да көп окуш керек.

* * *

Чыгарма адегенде автордун атагын чыгарса, кийин чыгарманын атагын автор чыгарат.

* * *

Биринчи кезекте адам бол, андан кийин өз улутуңдун өкүлүсүң.

* * *

Мамлекетти кармап турган акчалуулар асылган моюнду кармап турган арканга окшош.

Александр ПОП
(1668-1744), англис акыны  

Коомдук бирикме, партия, диний уюмду сагаалагандардын баары дөөпүрөстөр менен фанаттар.

* * *

Көпчүлүк сагаалаган партиянын убайымын ар дайым азчылык көрөт.

* * *

Акмакка ачуулансаң, өз ашмалтайыңды өзүң чыгарасың.

* * *

Мыкты өкмөт башчыга көп аткаминердин кереги жок.

* * *

Ар кимибиздин көзкараш ар кимибиздин саатыбызга окшош: ар ким өз көзкарашын колундагы сааттай туура деп ойлойт.

* * *

Адамдын адамдык касиети – жаңылышат. А Теңир кечиримдүү.

* * *

Масса – мээ кайык.

* * *

Калп айтаар алдында кийинки балээни унутпа. Себеби, бир калпыңды жаап-жашырууга миң калп таппай акмагың чыгат.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *