Франц КАФКА
(1883 – 1924)


Австро-Венгриянын Прага  шаарында  еврей бүлөсүндө  туулган.  ХХ кылымдагы  көрүнүктүү немис  тилиндеги  жазуучулардын бири.  Чыгармаларынын дээрлик көпчүлүгү көзү өткөндөн  кийин  жарык көргөн. Дүйнөнүн көпчүлүк тилдерине которулган.

АҢГЕМЕ

Жаркыраган жаз күндөрүнүн эртеси. Соода-сатык иштеринин кызыгына жаңыдан бата баштаган жаш көпөс Георг Бендеманн жеңил-желпи бирдемелерден жапыз курулган үйлөрдүн биринин экинчи кабатындагы бөлмөсүндө отурат, бири-бирине улангансып, үйлөр дайра бойлото чубалыша салынган, алар бири-биринен бийиктиги жана сырткы түсү менен гана айырмаланышат, болбосо бир караганда коёндой окшош.

Георг Бендеманн  чет  өлкөлөрдүн  биринде жашаган  бир  теңтушуна  кат  жазып  жаңы  эле аяктады, экөөнүн бала чагы бирге өткөндүктөн бирин  бири  жакшы  билишчү,  жазып  бүткөн катын бүктөп, кайра ачып дагы бир жолу көз жүгүртүп  чыккандан  кийин  конвертке  салды, анан  эки  чыканагы  менен  үстөлгө  таянып отурган бойдон  дайра  тарапка  терезеден  көз чаптырды, дайрага салынган көпүрөдөн нары дөңсөөлөр жаңыдан көгөрүп, жаз белгиси даана сезилет, ошол дөңсөөлөрдү тиктей Георг Бендеманн бир топ отурду.

Теребелге  көз  чаптырып  олтуруп, Георг ошол досунун чет өлкөгө, болгондо да Россияга кандай жагдайда кетип калганын эстеди. Соода-сатык иштери аны Петербург шаарына айдап барып, анын иши ал жерде ириде оңдой берди болуп,  ошол  бойдон  көпкө  кармалып  калат, кийинчерээк  иши  кетенчиктеп,  жолу  болбой жатканын анда-санда мекенине келип-кеткенин теңтушу  айтып  калчу.  Бөтөн  эл,  бөтөн  жерде  соода-сатыктан  пайда көрүп, анчалык марып кете албагандай. Анын акыркы келишинде Георг курбусун жазбай тааныды, досунун бала болуп башына жүн чыккандан бери тааныш жүзүн, бети-башын каптап, карылыктын белгиси болгон сакал-муруту жаап-жашыра албагандай, оорукчан көрүнөт, эмнегедир өңү керсары. Орус жергесиндеги жердештери менен анчалык ымалада боло албай же жергиликтүү калк арасына сиңишип кете албай кыйналып, анын үстүнө жашырганда эмне, бойдокчулуктун азабын кантип тартканын өзү саймедиреп айтып берген.

Соода-сатык  артынан  сая  түшүп,  эл-жеринен,  тели-теңтуштарынан таптаза безип кеткен мыңдай немеге эмне деп кат жазса болоруна баш катырып, ириде Георг ыргылжың болуп бир топ жүрдү, акыры чыгынып бүгүн кат жазып отурат. Георгдун ою боюнча андай немеге бооруң ооруйт, арийне, бирок жардам көрсөтүшкө мүмкүн эмес. Чоочун эл, чоочун жерде жолу болбогон неме эли-журтуна кайрылып келип, турмуш-тиричилигин кайрадан баштаса болор эле, ошоңдо ал тели-теңтуштарынын кол кабышынан үмүт кылса болот, ошондо Георг орус жергесинен кайтып келген курбусуна кантип көмөк көрсөтүшкө башкаларга кеңеш беришке даяр.

Баса, өз эл-журтуна кайра келишке тиги курбусуна эч тоскоолдук жок эмеспи, адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң деп бекеринен айтылбаса керек. Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат демекчи, мындай немеге катуу-катуу айтса, жүрөгү түшүп калбайт, ошондуктан Георг жазган катына өзү корстон, эгер аякта иши алга жылбай кетенчиктөөнүн үстүндө болсо, эл-жерине кайтып келүү абзел экенин, эгер ал эл-жерине кайрылып келсе, арийне, эл ага таңыркабай койбой турганын, анын акыбалын курбу-курдаштары, тели-теңтуштары гана туура түшүнө тургандыгы, анткени «эски дос эстен кетпейт, жаңысы баркка жетпейт» деген кепте калет жок экенин калтырбай баарын катка жазган.

Кызык, кайдагы бир неменин камын ойлоп, баш катырыштын деги кажети барбы? Аны эли-жерине кайрылып келишке үгүттөштүн эч кажети жок болуп жүрбөсүн, акыркы жолку келишинде Георгдун курбусу мекениндеги жагдайга эч түшүнбөй турганын, ошондуктан чет жерде жүрө бериши дурус көрүнөрүн өзү айтып бергени бар, кеп-кеңеш демекчи: бири-биринен алыстап чоочункурап бараткандарды жакындатып, ымалаларын оңойт дешчү эле, тели-теңтушунун, дос-тууганынын кеп-кеңеши  тиги  немени,  тескерисинче,  ары  алыстатып  жаткандай. Чыны менен ал курбу-курдаштарынын кеп-кеңешине ынанса, анда ал эл-жерине кайтып келишти сөз жүзүндө ары-бери чойбой, иш жүзүндө бир жаңсыл кылмак, бирок андай болбой жатпайбы. Мүмкүн ал өз керт башынын кызыкчылыгын көздөп жаткандыр, бала күнүнөн бирге өскөн курбу-курдаштарынан,  тууган-туушкан,  жек-жаат  уругунан,  киндик каны тамган жер-суусунан таптаза кол үзүп кетиш анын керт башынын кызыкчылыгы үчүн керектир, жалгыз башын бөтөн жерде эптеп-септеп калкалап оокат өткөрүш ага жагар, өз жеринде ултан болуштан көрө бөтөн жерде султан болуш кызык көрүнөр… Ушуларды ойлоп отуруп, курбусунун эл-жерине кайрылып келишинен Георг күмөн санап кетти, кат алчу неме же бир Георгдун алты тууган атасынын жакыны болсочу, кайдагы тентиген селсаякка боор тартып, ага саймедиреп кат жазып, ички сырын ортого салып, быяктагы жагдайлардын баарын төкпөй-чачпай катка жазып отуруштун кандай кажети бар экенине Георгдун акылы жетпей, башы маң.

Георг теңтуш курбу катары эсептеген неме үч жылдан бери мекенинде боло элек, мунусун ал кайсы бир катында орус жергесиндеги саясый жагдайлар менен түшүндүрүшкө аракет кылыптыр. Орусиянын ички жагдайларына ылайык анчалык көзгө урунбаган, төбөсү  көрүнбөгөн  кайдагы  бир  соодагердин  бир  жакка  чыгышына уруксат берилбейт имиш, жүз миңдеген орустар жер жүзүндө туш келди тентиреп жер кесип жүрүшкөн кезде кайдагы бир бечара соодагердин өлкөдөн бир жакка чыгып кетишке уруксат берилбегени акылга сыйбаган иш. Дал ушул кийинки үч жыл ичинде Георгдун турмушунда бир топ өзгөрүүлөр болуп өттү, эки жылча илгери энеси каза болуп, ошондон бери Георг атасы менен эриш-аркак оокат-тиричилик өткөрүүдө. Георгдун энесинин каза болгонунан орус жергесинде жүргөн курбусу кабардар болгон, ошондо ал кат жазып, адаттагы көнүмүш куру сөздөр менен көңүл айткан, кыязы, тиги жакта аза күтүү жөрөлгөсүнө анчалык маани беришпейт көрүнөт, болбосо Георгдун энесинин көз жумганына байланыштуу жүрөк жылытар сөз табат эле го. Энесинин өлүмүнө байланыштуу өтө кайгырып аза күткөнүнө карабастан Георг соода-сатык ишине шымаланып киришкен, аза күтүп үңкүйүп отура бериштен эч пайда чыкпасын ал беш колундай даана билет, бөркүндөй көрөт. Энесинин  көзү  тирүү  кезинде  соода-сатык  ишине  аралашышка  уруксат бербей, атасы бут тосуп келди, кемпири көз жумгандан кийин абышка токтолуп  калса  керек.

Георгго  тоскоолдук  кылбай  калды, атасынын Георгго тоскоолдук кылбай калышына энесинин өлүмүнөн башка дагы бирдеме  түрткү  болгондур,  буга Георг анчалык  кызыгып,  аныгына жеткен жок, иши кылып эки жылдан бери соода-сатык иши илгерилеп, оңолуп баратат, соода-сатыкта иштеген сатуучулардын санын эки эсеге көбөйтүшкө туура келди, каражатынын айланышы беш эселенди, алдыда дагы илгерилөөлөрдүн жышааны байкалууда. Георгдун ишиндеги өзгөрүүлөр, алга жылуулар туурасында тиги курбусунун эч кабары жок.

Георгдун энесинин өлгөнүнө байланыштуу көңүл айтып жазган акыркы катында болсо керек эле, досу Георгду орус жергесине көчүп келишке чакырыптыр. Георгдун соода-сатык иштерин Петербургда кантип жайылтышы туурасында кеп козгоптур, эми минтип Георгдун соода-сатык иштери көчүп-конбой эле илгерилеп баратат. Ишинин илгерилеп баратышы туурасында Георг катында сөз кылган жок, ишинин илгерилеп, ити  чөп  жеп  калганын  катка  жазышты  мактангандык  катары  көрдү. Георг мактанганды жаман көрөт. Жазган катында ал жөн гана өткөн-кеткенден, тиричилик жагдайлары туурасында кеп салып, ден соолук, ал-акыбал, жай сурашып тим болгон, дем алыш күндөрүн кантип, кайда өткөрөрүн кеп салган, кыязы, эли-жери туурасындагы досунун элесин бузуп, бушайман кылбайын десе керек, ошондон улам Георг көп нерсени катка жазган жок. Арасын создуктуруп жазган кийинки үч катында тең Георг өзүнө окшогон бир карапайым кызга үйлөнүшкө убадалашып, ылайыктуу ырым-жырымдарды жасап койгонун чарпып өткөн, анын дал ушунусуна тиги курбусу аябай кызыгып калыптыр, ийне-жибине чейин сурап кайра кат жазып жибериптир, курбусунун мунусу, арийне, Георгго жаккан жок. Албетте,  курбусунун  үй-бүлөлүк  турмушта  боло  берчү  жоруктарга мынчалык  ынтызарланып  кызыгышында  эчтеке  жок  дечи,  оокаттуу үй-бүлөдөн  тарбия-таалим  алган  бийкеч  Фрида  Бранденфельд  аттуу кыз менен турмуш куруу алдындагы ырым-жырымдарын жасап коюш жашыруун сыр деле эмес, болгону колуктусу оокаттуу үй-бүлөдөн экенин Георг катында айткан эмес. Ошондон бери Георг колуктусу менен маектешип калса эле орус жергесиндеги курбусу туурасында кеп кылып калат, анын кыял-жоруктары туурасында кеп салат, ошондо колуктусу Георгдун досуна кызыкканын билдирип:

– И-ий, андай болсо ошол курбуң үйлөнүү үлпөтүбүзгө келип катыша албайт турбайбы, – деп калат колуктусу, – баса, сенин дос-курбуларыңдын баары менен таанышып чыгышым керек. Чын айтамбы?

– Аның чын дечи, келип калышы ыктымал. Бирок ал тоюбузга келсе, анын өзүнө жаман кыйын болот, анткени ал анда менин бактыма көз артат, ичи күйөт, тойдун үлпөтүндө отуруп өзүн менден кем сезет, көз артма ич күйдүлүктөн кутула албай кыйналып-кысталат, акыры жападан-жалгыз жолго чыгышка мажбур болот, кокоюп жалгыз башы менен жолго чыкканына андан бетер кыжалат болот. Ойбо-ой, кокоюп жалгыз жол тартыш кандай азап экенин билесиңби? – деген Георг.

– Мындайды билгенде тойдун качан болорун ага айтпай деле койсоң болмок экен. Бирок тойдун качан болушун ал дагы бир башка жол менен билип алышы мүмкүн эмеспи же мындай болушу ыктымал эмес дейсиңби?

– Арийне, анын тойго келиш-коюшу өз иши, келеби-келбейби мага баары бир. Деги анын кыял-жоругу, ал тургай турмуш-тиричилиги башкача экенин эскертип коёюн дегеним, – дейт Георг.

– Георг, деги  курбуларыңдын  баары  ушуңдай,  мүнөздөрү  кызык, турмуш-тиричиликтери да башкача болушса, үйлөнүү үчүн шаан-шөкөттү өткөрбөй койсоң болмок экен дегенде Георг колуктусун сөзүнүн аягына чыгарбай кыса кучактап, борсойгон эриндеринен өөп жиберди, кыз-күйөө биринин моюнуна бири колун артып, бир топко айкалыша өбүшүп калышты, колуктусу акыры Георгдун кучагынан акырын бошонуп сөзүн улады:

– Курбуңдун кыял-жоругу кызык көрүнөт, анын сага кылган мамилеси мындан ары мага да тиешелүү эмеспи.

Курбусунун кыял-жоругу чынында Георгдун тынчын алып, мазасын кетирбейт: «Курбумдун кыял-жоругунун мындай кызык болушу менин ага кылган мамилеме байланыштуу болуп жүрбөсүн», – деп, Георг өзүнчө ойлоно калды, бирок оюн ачык айткан жок, анын ордуна колуктусуна минтип айтты:

– Анын кыял-жоругу  андай,  тигинин  жүрүш-турушу  мындай  деп, тели-теңтуштардан обочолой бермек белем, мүмкүн ушул курбум мага караганда досчулукка бектир…

Бүгүнкү  жекшембинин  шашке  ченинде  аяктаган  катында Георг үйлөнүү убадасынын шаан-шөкөттөрү кантип өткөнүн узун сөз салып келип, катында андан ары: «Досум,  сен  үчүн  эң  кызык  кабарды  катымдын  аягына  калтыргам:  Оокаттуу үй-бүлөдөн тарбия-таалим алган Фрида Бранденфельд аттуу суйкайган сулууга сөйкө салуу шаан-шөкөтүн өткөрүп койдум. Бранденфельддердин үй-бүлөсү биздин калаага сен кеткенден кийин көчүп келишкен, ошондуктан аларды сен тааныбайсың. Колуктум туурасында мезгили келгенде  толук  айтып  берермин,  азырынча  сага  айтарым,  мен  өзүмдү ушунчалык бактылуу сезип жүрөм дейсиң, аны келиштирип айтышка сөзүм жетпейт, тилим келбейт. Эми мен баягы сен көрүп-билип жүргөн курбуң эмесмин, Фридага сөйкө салгандан кийин бактыга балкыганымдан өзгөрүп кеттим  көрүнөт,  ушинтип  керт  башымдын  тагдыры  күтпөгөн  жерден өзгөрүп кетип, эми мен сенин бактыга балкып, махабат деңизинде чабак уруп бараткан досуңмун. Колуктум кандай жан экенин сүрөттөп айтышка тил жетпейт, кийинчерээк өзү кат жазар, колуктум экөөң дурус ымалада болуп, ынтымакта болушуңарга көзүм толук жетип турганын эскертип өтүштү туура таптым, сага окшогон карт бойдок үчүн болочок жубайым сыяктуу татынакай селки менен ымалада болуш жаман болбос. Жумушуң чачтан көп болуп, келип-кетишке чолооң тийбей жүргөнүн билип турам, ошондой болсо да мүмкүнчүлүк таап, үйлөнүү үлпөтүнө күбө болуп, тоюбузга келип кетсең сонун болбойт беле. Арийне, сени тойго сөзсүз келип кеткин деп зордой албайм, кандай кылсаң өзүң бил, келип-коюш сенин ишиң, чакырып коюш менин милдетим» – деп жазган.

Ушунтип жазылган катты колуна кармап, терезени телмире тиктеген Георг үстөлүндө олтурду. Көчөдөн өтүп бараткан кайсы бир өң таанышы терезеден Георгду көрө коюп салам айтты эле, Георг жылуу жылмайып алик алды. Анан колундагы катты төш чөнтөгүнө салып, бөлмөдөн чыгып, далистен өтүп атасынын үстүнө кирди, атасынын бөлмөсүнө Георг эки айдан бери башбага элек. Атасынын үстүнө бейчеки кире беришти Георг жактырбайт, атасы менен дайыма дүкөндө кездешет, түшкү тамакты бирге ичишет, кечкисин ар кимиси өз алдынча алек, кээде Георг курбулары менен көңүл ачып кетип калат, кийинки күндөрдө кечти дайыма колуктусу менен бирге өткөрчү болгон. Эгер Георг эч жакка чыкпай үйдө калса, ар кимиси колундагы гезитке үңүлө тиктеп үңкүйүп отура беришет.

Күн чоң шашке болуп калганына карабастан атасынын бөлмөсү күңүрт экенин кирип келген Георг байкады. Короонун бийик дубалы күндүн көзүн тосуп калып, бөлмөгө жарык түшпөгөндүктөн күңүрт тартып турган экен. Георг кирип келгенде атасы бурчта колуна гезит кармап отурган, карылыктан көзү  начарлап  калгандыктан  колундагы  гезитти  обочо  кармап  алган, көздүн курчу кеткенде кай бирлер алыстагыны жакшы көрө алышпаса, кай бирөөлөр жакындан ажырата көрө алышпай калышат эмеспи, Георгдун атасы жакындан жакшы көрө албай калган. Бурчтагы үстөл үстүндө жана дубал бетинде байбичесинен калган майда-чүйдө бирдемелер – сүрөттөр, аны-муну  салчу  кутулар,  шуру-мончоктор,  билериктер,  шакектер,  булардын баары адүйнө кеткен байбичесин эскертип турат. Үстөл үстүндө эртең мененки тамактын калдыктары, ошол тамактан атасы анча-мынча эле ооз тийип жөн болгону даана байкалат.

– А-а, Георг, кел-кел, – деп, атасы ордунан өйдө болуп уулун утурлай басты. Төшөктө кийип жатчу узун халатынын эки өңүрү баскан сайын ачыла түшүп, эки шыйрагына ороло калат.

«Атам алигиче күч-кубатынан тая элек турбайбы», – ичинен ойлогон Георг:

– Түн түшкөнсүп, мында капкараңгы турбайбы, – деди.

– Ооба, туура айтасың, караңгы, – деди атасы.

– Терезелерди эмне мынчалык тумчулап жаап алгансың?

– Жабык турганын жакшы көрөм.

– Тышта күн жыпжылуу болуп турса деле терезелерди тумчулап жаап отура бересиң, – деди Георг, орун алып отурарда.

Атасы Георгдун сөзүнө  жооп  бериштин  ордуна  унчукпастан  үстөл  үстүндөгү  идиш-аяктарды жыйнай баштады. Атасынын кыймылына кайдыгер көз салып отуруп, Георг сөзүн улады:

– Сөйкө салуу шаан-шөкөтү туурасында Петербургга кабарлап коюшту туура тапканымды сага айтып коёюн деп келдим, – деди Георг, жазган катын төш чөнтөгүнөн алып чыгып, кармалап туруп кайра төш чөнтөгүнө салып.

– Петербургга дейсиңби? – деп атасы таңыркай уулуна карады.

– Ооба, ошаяктагы досума кабар жиберип коёюн дегем, – деди Георг атасынын көзүнө тике карап, атасы эки колун кайчылаштырып коюп камырабай уулун тиктейт, үйдө отурганда атасынын көздөрү башкача көрүнөрүн Георг байкап отурду.

– Колуктуга  сөйкө  салыш  шаан-шөкөтү  туурасында  ал  досума  кабар  жибербей  эле  койсом  дегем  ириде,  анын  алдында  мактангансып көрүнөмбү деп ойлогом. Аны билсең керек эле, мүнөзү оор неме өзү.

– Ошентип оюңду өзгөртүп, кабарлап коюуну чечтим дечи? – деди атасы, колундагы гезитти терезеге, гезит үстүнө көз айнегин коюп, көз айнегин колу менен басып туруп.

– Ооба, акыры башкача ойлодум, бир кишинин арысы кайсы, бериси кайсы көпчүлүктө, анын үстүнө экөөбүз бала күндөн ынак элек, ошон үчүн менин бакты-таалайыма ошол бала күндөн бери ынак досум ортоктош болсун дегеним. Убакытты талаага кетирбей ошо замат кат жазышка отурдум. Катты жазып бүтүп, почтого салардан мурун сага айтып коёюн деп келдим, – деди Георг, жайбаракат сүйлөп.

– Георг, – деди атасы, бир ордунан кыймылдабай, үнүн басаң чыгарып.

Атасынын эмне айтмак болуп турганын баласы үнүнүн кыраатынан билет эмеспи, атасынын үнү чыгар замат Георг чөгөлөп отура калды да, башын көтөрүп атасынын чарчаңкы жүзүн тиктеди, атасынын көзүнөн заар чачырап, эки көзү чекирейип кетиптир, атасынын чанактарынан чыгып кеткен көздөрүн түз тиктей албай, Георг тайсалдап көзүн ала качат.

– Петербургда сенин эч кандай курбу-курдашың жок. Тамашакөй бала элең, ошол тамашакөйлүгүңдү карматып жатат көрүнөсүң, кээде ата сакалыма карабай мени да тамаша кыла кетчү элең, дагы ошол адатыңды карматып жатасың го, эмне десең ошо де, Петербургда теңтуш курбум бар эле дегениңе түк ишене албайм, – деди атасы.

– Ата, өзүң ойлоп көрчү, – деди Георг, өзү чөгөлөп отурган жеринен туруп барып атасын жөлөп-таяп барып керебетине жаткырып, үстүндөгү халатын  тартып-чоюп,  этек-жеңин  оңдоп  койду,  анан  кайрадан  сөзүн улады, – унутуп жатат көрүнөсүң, мындан үч жыл илгери келип, конок болуп кетпеди беле, ошондо сен аны анчалык жактыра берген эмессиң, жаман көрүп калгансың, ошол курбум менин бөлмөмдө экөөбүз ардеменин  башын  чалып  отурганыбызды  мен  сенден  эки  ирет  жашырып, айтпай  койгонум  бар. Ал  эми  ошол  досумдун  кыял-жоругу  башкача экенин сенден жаап-жашырбай эле айтып жүрбөймүнбү, сен аны жаман көрүп,  жактырбай  турганыңды  жакшы  билем,  аныңды  түшүнөм. Жаман көргөнүң менен ошондо аны менен өзүң кулак төшөп, кунт коюп баарлашып отурбадың беле, анын айткандарын кулак төшөй тыңшап, ардеме-бирдемелерди кайра-кайра тактап сурап, улам-улам баш ийкеп коюп  отурганына  быякта  туруп  өзүм  кубангам,  атама  алыстан  атайы ат арытып келген курбум жагып калган экен дегем. Эстеп көрсөң, ата, мүмкүн  эсиңе  түшөр.  Ошондо  ал  орус  революциясы  туурасында  үрөй учура турган нерселерди айтып бербеди беле. Соода-сатык иштери менен Киев шаарына барып калып, ал жердеги башаламандыктардын күбөсү болгонун, балконго туруп алып, элге кайрылып сөз сүйлөп жаткан бир попту көргөнүн, поп болсо алаканына чиркөө белгисинин сүрөтүн бычак менен кесип салып алып, каны шоргологон алаканын элге көрсөтүп, бирдеме деп кыйкырып-өкүрүп атканын көргөндө жүрөгү түшүп калганын досум сага саймедиреп айтып бербеди беле. Анын айтып бергендерин кийин өзүң көпкө кеп кылып жүрбөдүң беле.

Сөз арасында Георг атасын креслого отургузуп, трайке шымын, бутундагы байпактарын чечип койду эле, шымынын ичинен кийген батис ич кийими даана көрүнүп калды, анчалык таза эмес ич кийимин көргөндө атасына көп көңүл бөлбөй жүргөнүн эстеп, Георг өзүнөн өзү уялып кетти. Зээни кейип, ичинен өзүн өзү жемелеп да алды. Атасынын кийим-кечесине көз салып, аларды убагында алмаштырып туруш анын милдети эмеспи, ошол милдетин убагында аткарып турбагынына өзүнө өзү жини келди.

Эми, кудай буюруса үйлөнүп алса, атасынын камын көрүп, убагында көз салып туруш оңоюраак болор… Бирок Георг үйлөнгөндөн кийин атасына кантип көз салып туруш жаатында колуктусу менен али кеп-кеңеш кура элек, кантсе да атасы эски үйүндө жашай берет ко, бу жагынан эчак бир бүтүмгө келишкен. Эми бүгүн атасынын кир болгон ич кийимин байкагандан кийин атасын жалгыз таштап кетишке болбой турганын ойлоп кетти, атасынын камын көрүп, ага күн сайын кам көрүп турбаса болбой калганына көзү жетти.

Ушинтип ойлогон Георг атасын так көтөрүп керебетке карай басты, басып баратып байкаса, атасы уулунун чөнтөгүнөн чыгып турган саатынын чынжыры менен балача ойноп баратат, муну көрүп Георг эмнегедир чочуп кетти да, атасын керебетке жаткыза албай буйдала түштү, көрсө, атасы сааттын чынжырын коё бербей бек кармап алыптыр.

Атасы керебетине жатар замат тынчый түшкөнсүдү, шейшепти өйдө тартып жамынып алып, атасы Георгду жекире тиктеп калды.

– Эми эсиңе түштүбү? – деди Георг, атасына карай башын ийкеп.

– Жылуулап жамынбасам болбойт, – деди атасы Георгдун соболуна жооп бериш ордуна, анан бутунун башы жабылганынан шек санагансып, аяк жагын карап койду.

– Ата, төшөгүң жайлуу эле көрүнөт, – деп Георг атасынын үстүндөгү шейшепти кымтылап койду.

– Жылуулап жамындым бекен? – деп атасы сурады.

– Жылуу эле жамындың, тынч жатсаң боло, – деди Георг.

Уулунун сөзү абышкага жакпай калды көрүнөт:

– Жылуулап  жапкан  жоксуң!  –  деп  атасы  ачуулана  үн  салды  да, үстүндөгү шейшепти серпип ыргытып жиберди, шейшеп желбиреп барып жерге түшкөндө атасы жаткан ордунан обдулуп өйдө болду, бир колу менен керебеттин катарындагы тумбочкада турган шам чырактын жапкычын кармап алыптыр.

– Кымтыламыш болуп жаткандай эле болдуң, бирок шейшепти дурустап  жаппаптырсың, чырагым.  Шейшепти  дурустап  кымтылаганга алың келбей калтансып, күч-кубатың ашып-ташып турган убагың болгону менен бир шейшепти дурустап жапкандан колуңдун күчүн аяйсың! Кайдагы бирөөнү «досум, досум» деп какшанасың. Досуң болсо эмне кылайын?! Досуңду билсем, билгендирмин, чынын айтсам, ал жаман бала көрүнгөн эмес, ошон үчүн сен аны бир нече жылдан бери алдап жүргөн турбайсыңбы. Бул эмне кылганың? Ошондо, баягында досуң келгенде сен бекеринен бөлмөңө бекинип алган эмес турбайсыңбы. Бүгүн дагы кыйратып  койгонсуп  бөлмөңө  бекинип  алып,  кат  жазымыш  кылган турбайсыңбы. Бул эмне кылганың? Мунуңду кандайча түшүнсө болот? Андай жакшы баланы, мен эмне, сагынган жок деп турасыңбы? Анан дагы бөлмөгө бекинип отуруп алып кат жазат имиш! Баса десең, унутуп жаткан турбаймынбы, сен эми чоң жетекчи эмессиңби! Ошондуктан сенин тынчыңды алып, алаксыта беришке болбойт да! Орус жергесине жибериш үчүн жалган сөзгө толгон катыңды бекинип отуруп жазган турбайсыңбы. Ар бир ата өз канынан жаралган баласын кантип жаман көрсүн! Ичинен чыккан баласын кандай көрүштү эч ким ата-энеге үйрөтө албайт, ичтен чыккан ийри жылан дегенди сен түшүнүп коюптурсуңбу! Сен аны: «Баш көтөргүс кылып тебелеп-тепсеп, кемсинтип салдым, эми аны көчүгүмө басып отурсам да «былк» эте албайт» – деп ойлойсуң го, баса, бу менин уул сөөрөйүм, үйлөнмөк болуп калган турбайбы!

Бети-башы кумсарып, жүрөк түшүрчүдөй кейипке калган атасын Георг эчтеке түшүнбөгөнсүп элейип карап турат. Петербургдагы немени досум экен деп жүрсө, ал атасынын уулу болуп жатканына Георг түшүнө албай турду, досум деп жүргөн немени атасы беш колундай билет турбайбы, буга Георгдун  акылы  жетпей  абдырайт.  Учу-кыйырына  көз  жетпеген орус жергесинде ошол досу адашып жүргөндөй элестетип кетти. Бир туруп ошол досу таланып-тонолуп эңгиреп ээн калган дүкөнүнүн алдында далдырап отургансыйт, бир туруп быт-чыты чыгып талкаланган дүкөн секилеринин,  тамтыгы  кетип  тытылып  чачылган  кездемелердин  арасында отургансыйт, арыктап аркайып сөөгү эле калгансыйт. Эмне үчүн ал ушунчалык алыс, кулак угуп, көз көрбөгөн жакка кетип калды экен?

Георгдун оюн ошол арада атасы бузуп жиберди:

–  Бери  келчи!  –  деди  эле  атасы,  чалыштай  баскан Георг атасынын керебети тарапка сендиректеген бойдон кадам шилтегенге араң жарады, анан эчтеке тушүнбөгөн немече аңырайып туруп калды.

– Колукту  сөрөйү  этегин  көтөрүп  койсо  эле,  –  атасы  заар  аралаш сүйлөй баштады, – каздай мойнун койкойтуп, этегин көтөрүп койсо эле, – деп атасы Георгдун колуктусу этегин кантип көтөрө турганын туурап, ордунан тура калды, анан шөлбүрөгөн көйнөгүнүн этегин жогору көтөрүп коюп,  куйругун  чайпаганда  согуш  жылдарынан  калган  жоон  сандагы жараттын тырыгы даана көрүнө түштү: – Мына минтип этегин көтөрүп, куйругун серпип койсо, көзү бозоргон байкуш эрип кетпедиби, ойноп-күлүп шапар тээп жан жыргатышка тоскоол болбосун деп, энеңди жутуп алдың,  жутуп  алганың  аз  келгенсип,  анын  элесин  эсиңден  чыгардың, досуңа чыккынчылык кылдың, атаңды төшөккө кыймылдагыс кылып, сулк жаткырып салдың. Кана көрөлүчү, атаңдын кыймылдаарга алы келер бекен же келбес бекен?! – деген атасы ордунан жеңил-желпи тура калып, керебеттен  буттарын  жерге  түшүрдү,  мооку  кана  түшкөнсүп  көздөрү жайнап, жүзүнөн шаттык чачырайт.

Георг  эми  атасынан обочолонуп  бир  бурчта  бүрүшүп  турат,  атасы дагы кандай жорук баштаарын билбей апкаарыган Георг ага бирөө капысынан кол салып жиберчүдөй эки жагына элтеңдейт, ийнени учуктай албай жаткан немече демин ичине тартып турат.

– Баары бир досум деген кишиге карата кылган чыккынчылыгыңды аягына жеткире алганың жок! – деп айткан сөзүн атасы бармагын кесеп бышыктагансып койду, – Эми мен анын атынан сүйлөп жатамын.

– Тамашалап жатасың го, адатыңча маскарапоздонуп, – деп Георг үнүн  көтөрүңкү  чыгарып  сүйлөп  жибергенин  өзү  да  байкабай  калды, кескин сүйлөп жибергенин байкап коюп, Георг оозун жаба берерде тилин тиштеп алды.

– Ооба, туура айтасың, тамашалап жатам, маскарапоздонуп жатам! Маскарапоздонуп!  Сөз  болбосоң  коё  кал! Кемпиринен  ажырап  жесил калган байкуш чалга мындан башка сөз буйрубай калса кантейин! Өйдө чыксам өбөк, ылдый түшсөм жөлөк болчу уулдун оозунан ушундай сөз уккандан  кийин,  айла  канча  чыдайм  да,  чыдабастан  башка  арга  жок. Көзүңдүн алды ириңдеп, көкүрөгүң кирилдеп, карылык как желкеңден баскандан кийин мурда көзүмдүн агы менен тең айланган кызматкерлер тургай өзүмдүн карачечекей уулум сөзүмдү жактырбай, көзүмдү көргүсү келбей калса, амалыңдын кеткени, ажалыңдын жеткени деген ушул. Кантейин, караңгы тамда камалып отура берем да! «Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңдан тал карма» дегендей, ишенген уулум минтип шапар тээп,  оюн-зооктон  башканы  билбесе,  мурда  кызылдай  киреше  берчү дүкөндөрүмдүн баарын бүлгүнгө учуратып жаап салса, жыргатып койгонсуп, эми минтип кайдагы бир немеге кат жаздым эле деп, калп айтып алдыңа келип турса, күйбөгөн жериң күл болбой кантип чыдап турасың! Бети чымырап койсочу! Атасы жыйган дүнүйөгө манчыркап: «Үйлөнөм, катын алам!» – деп каңгып жүрсө! Карыган атасынын ал-акыбалы кантип жатканынан кабар алып коюш оюна келбесе, акылына келбесе, уул ордуна улар багып калсамчы! Сен жолобой качып жүргөн атаң байкуш сени алпештеп баккан жок беле!

«И-ии, эми маскарапоздорчо ийилип, көрөрмандарга таазим кылгансып, жүгүнүп коймою бар эмес беле, эми ошентет», – деп Георг оюнун аягына чыккыча чын эле атасы артисттерче колун жаңсап, таазим кылгансып жүгүнүп койгондо: «Жүгүнөм деп кулап түшүп, күмжам болсо кана!» – деген ой Георгдун оюна кылт келе калды, бирок атасы жыгылган жок, ошентсе да аны сүйөп калышка умтулуп бери обдулган Георгдун кыймылын көрө коюп:

– Жакындаба  мага!  –  деди  атасы,  –  турган  ордуңдан  жылба,  тура бер ошол жерде! Көмөгүңө мен муктаж эмесмин! Ычкырына чалынган абышкага караганда алдуу-күчтүүмүн деп турасың го! Андай эмес, балам, жаңылышасың! Мен али ал-күчтөн тая элекмин, күч-кубатым кудайга шүгүр. Арийне, күч-кубатка мен кокусунан ээ боло калганым жок, энең байкуш мага дайыма дем берип жүрдү, жанагы сен «досум» деп жүргөн киши менен дайыма жакшы алакада жүрдүм. Ал эми сен азыр «кардарларым» деп жүргөн кишилердин баары бир келип мына менин мобу чөнтөгүмдө!

«Жадагалса мунун көйнөгүндө да чөнтөгү даяр», – деп Георг ичинен ойлоп кетти, оюнда Георг атасын эл алдында ашкерелеп, абийирин ачып жаткансыды, мындай ой Георгдун башына кылт келе калып, кайрадан ошол замат жок болуп кеткенсиди.

– Жанагы кылтыңдаган колуктуңду колтуктап алып көзүмө урунчу болбогун, анте турган болсоң, колуктуңду колтугуңдан жулуп алып кишинин көзү көргүс, кулагы уккус жерге айдап жиберем! Ал эми кантип ошентеримди сен билмек тургай, түшүңө да кирбейт, билдиңби?!

Атасынын  сөзүнө  ишенбей  жаткансып, Георг оозу-мурдун  чүйрүп, атасынын сөзүн жактырбай жатканын туюнткансып койду. Атасы болсо оозунан чыккан сөзүн бекемдегенсип, колун Георг турган бурчка карай улам-улам жаңсап коёт:

–  Сөйкө  салуу  шаан-шөкөтүнүн  өтүшү  досуна  кабар  жибериш-жибербеш маселеси боюнча эмне үчүн мени менен кеңешпейсиң я? Мадыра баш бойдон турбайсыңбы али! Колуктуңа сөйкө салыш үлпөтүнүн кандай  өткөнүн  ал  беш  колундай  билет.  Менден  кагаз-калемди  жашырып койгонду унутуп калыпсың, мен ага эчак кат жазып жибергем, билсең! Ошондуктан ал бир топ жылдан бери келбей, сенден боюн ала качып жүрбөйбү, ал сенин чоо-жайыңды өзүңө караганда жүз эсе жакшы билет. Билесиңби, сенин катыңды сол колуна алып, менден барган катты оң колуна кармап, анан эки каттын кайсынысы жакса, ошонусун окуйт, албетте, ал сенин катыңды жактырмак беле!

Абышка өз сөзүнө өзү корстон болуп кубанганынан эки колун көтөрүп, жаш балача жадырап-жайнап кубанып коёт:

– Сенин чоо-жайыңды ал өзүңө караганда жүз эсе жакшы билет деп жатпаймынбы!

– Мага десе  миң  эсе  жакшы  билсин,  –  деди Георг шылдың  менен сүйлөшкө  аракет  кылып,  бирок  анын  оозунан  чыккан  сөз  шылдың-тамаша,  мыскыл  кырааты  менен  айтылбастан  кайгырып  капа  болуш кырааты менен чыкты.

– Мени сен дайыма жөн эле гезит окуп үңкүйүп отурат деп ойлойсуң го! Аңдай эмес, акыры бир күнү ушундай бир собол менен мага кайрыласың деп күтүп жүргөм! – деп атасы колундагы гезитти Георг жакка ыргытып жиберди.

Атасы колуна кайдагы гезитти ала койгонун Георг байкабай да калыптыр, жана эле атасын көтөрүп барып керебетке жаткызганда аерден Георг эч бир гезит-мезит көргөн эмес, кыязы, атасы эски гезиттердин бирөөн керебеттин бир жерине атайылап бекитип койсо керек.

– Сен эс тартып, эр жеткениңче эчен суу агып өттү, эчендеген убакыт суудай агып өттү дегемин. Колуктуңа сөйкөнү өз колу менен салуу ал байкушка буйрубаса керек, жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди. «Досум» деген кишиң ошол арада учу-кыйыры чексиз орус жергесинде дарексиз жоголду. Ошол досуң мындан үч жыл илгери эле эл-жериме жетсем дегенде эки көзү төрт болуп жүрчү, муну мен жакшы билем, ал сенин мындан эч кабарың жок же муну түшүнүшкө сенин акылың жетпейт ко деп чоочуйм. Менин кандай абалга келгенимди көрүп турбайсыңбы же буга да кудуретиң жетпейби? Ал эми сенин эмне кылып жүргөнүңдү менден жакшы билген киши жок.

– Анда сен артымдан айгак коюп, мени аңдып жүргөн турбайсыңбы! – деп Георг бир чаңырып алды.

Георгдун чаңырганын атасы кайдигер эшитти да, үнүн жайбаракат чыгарып:

– Эмне чаңырасың? Эми чаңырыштан эч пайда жок, – деди да үнүн кайрадан көтөрүңкү чыгарып, атасы сөзүн минтип улады:

– Ушуга чейин кара башыңдын камын ойлоп гана карбаластап жанталашып жүрдүң. Жашың бир топко барып, эчак эр жетип калганың менен акылың  наристе  баланыкындай,  бирок  кулк-мүнөзүң,  адамга  кылган мамилең азезилдикинен айырмасы жок. Сен азыр сот алдында турганыңды билесиңби? Сен – сот жообуна тартылып жаткан күнөөкөрсүң, мен – сени соттоочу сотмун! Мен азыр өкүм чыгарып, сени жазага тартам, сенин кылгаң күнөөлөрүңдүң баарын таразалап отуруп, сени кандай жазага тартышка өкүм чыгарамын. Өкүмүмдү какайып түптүз туруп уккун. Сага чыгарылган өкүм: бүгүндөн калбай сууга чөгүп өлүшүң керек!

Уулуна өкүмүн угузгандан кийин атасы керебетине барып, эч нерсе болбогонсуп камырабай жатып алды. Сууга чөгүп өлүш жазасына тартып, өкүм чыгарбай эле атасы аны куйрук талаштыра тээп жибергенсип, Георг үйдөн атып чыкты, тепкич ылдый безилдеп чуркап түшүп баратып, Георг үй шыпыргыч аялды коюп кете жаздады, ал аял күндөгүсүнчө атасынын үйүн жууп-тазалашка келатса керек. Эки жакты карабай, эчтекеден элес албай тепкич ылдый чуркап бараткан Георг өтө бергенде үй шыпыргыч аял:

– Кокуй, Йезус Мария! Катыгүн, бул эмнеси? – кыйкырган бойдон кала берди, анын кыйкырып чырылдаганына эч көңүл бурбастан Георг үйдүн дарбазасынан көчөгө атып чыкты. Артынан бирөө сая кууп келаткансып, жан алы калбай чуркаган Георг түз эле көпүрөнү бет алды. Ачкалыктан көзү карайган адам аш куюлган идишке кандай жабыша калса, Георг да так ошентип көпүрөнүн тосмосуна жетер менен жабыша түштү. Георг турникте жакшы ойночу, ата-энеси буга абдан сыймыктанышчу. Турникте жакшы ойногонунун пайдасын Георг дагы бир жолу көрдү. Көпүрөнүн бийик тосмосунан колу тиер-тийбестен тосмонун аркы бетине артыла түштү да, көпүрөнүн тосмосунун кырына салаңдап илинип калды, бир саамга салаңдап суу үстүндө асылып тургандан колдору уюп кетти көрүнөт, муну Георгдун көз карашынан байкашка болот.

Ошол арада көпүрөнүн үстүнөн омнибус өтүп бараткан, Георгдун эки көзү ошол омнибустан өтөт, бирок омнибустагылар Георгдун суу үстүндө салаңдап асылып турганына байкоос алышпагандай, Георгдун үнүн омнибустун калдыраганы басып кеткендей. Өзүнүн кандай абалга дуушар болгонун эми баамдаган Георг акырын шыбырады:

– Урматтуу ата, айланайын эне, мен силерди ушунчалык жакшы көрчү элем, – деди да көпүрөнүн кырын кармап турган колдорун коё берди.

Дал  ошол  маалда  көпүрөдөн  ары-бери  өткөндөр  көбөйүп,  көчөдө кыймыл жанданып калган.

1913-ж.

Которгон Абдыкерим ЖОЛДОШБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *