АҢГЕМЕ

— Теперь здесь будет порядок, — деди Жанат.

Пилоткасын куруна кыстарган кара-тору жигит ийнени шашпай сайып, погонуна старшинанын белгисин тагып атты.

— Утром полковник Сидорчук присвоил мне звание и попросил обеспечить здесь порядок. Теперь будет железная дисциплина. А то совсем распустились…

Бул учурда биз жаңы эле түшкү тамактануудан келгенбиз. Ачык капталдары шамалга желбиреген чатырлардын ичинде бутту сунуп коюп жатышкан студенттердин эч кимиси Жанаттын сөзүнүн чындык экендигине шек санашкан жок. Анткени, Жанат бир кезде Түркмөнстанда, биздин университеттин аскер кафедрасынын башчысы, полковник (ал кезде майор экен) Сидорчук командачылык кылган аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөндүгү, ошондон уламбы, студенттердин арасында жалгыз Жанат гана офицерлер менен кайым айтыша алаары жалпыга белгилүү болчу. Анан калса бүгүн эртең менен студент, офицер аттуунун баары плацка тизилип, сбор боюнча нөөмөтчү лейтенант тээ чатырлардын этек жагында турган кафедра башчысын же күтөөрүн, же өзү жанына чуркап бараарын билбей көздөрү алаңдап, анын бул бечара акыбалын түшүнгөн кексе офицерлердин бири «жанына барып докладывайт этиңиз» деп кеңеш берип атканда Жанат полковник Сидорчук менен жайбаракат гана эски достордой баарлашып турганын баары көрүшкөн.

Жанат «лычкасын» тагып бүтүп, колундагы ийне-жибин ээсине кайра берди да өйдө карай кетти.

— Бул буга чейин эле суу куйду жинди эле. Эми такыр эле Кудай берип калган турбайбы, -деди биздин взводдогу Токо аттуу жигит.

Университеттин төртүнчү курсунун студенттери Ала-Тоо совхозундагы полигонго аскердик жыйынга келгенибизге бир айдан ашып калган. Взвод командирлери, рота старшиналары биздин өзүбүздүн студенттер, ал эми кураторлор университеттин аскер кафедрасынын окутуучулары болгону менен рота командирлери, сбордун начальниги Кой-Таштагы полктон келген офицерлер болчу. Анда-санда шаардан университеттин кафедра башчысы, полковник Сидорчук келе калганда биздин кураторлор да, Кой-Таштын офицерлери да кымгуут түшүп, буту-бутуна тийбей чуркап калышчу.

Биздин 1-ротанын командири Рамишвили аттуу бетин сепкил баскан сары чийкил улук лейтенант эле. Эртең менен биз полигонду айлана чуркап келип, жуунуп, тамактанып, плацка тизиле баштаган маалда ойгончу. Анан сүлгүсүн желкесине арткан бойдон ашкана жакка жөнөйт. Ашкананын арт жагында чай кайнатчу, идиш жууганга суу жылытчу сомоорлор бар. Рамишвили ашканага нөөмөтчүлүк кылган балдардын бирөөнү чакырат да, ага жылуу суудан куйдуруп бети-колун жууган соң ээн ашканага отуруп алып, шашпай тамактанат. Ошондон кийин гана кайра чатырга келет. Анын плацка развод башталаарда араң-араң үлгүрүп келгенин, сбордун начальниги бирде анын кыйшайган галстугун, бирде фуражкасын оңдоп-түзөп атканын, кээде болсо улук лейтенант разводго деги эле катышпай калганын далай ирет көрчүбүз. Кечинде болсо башка ротанын командирлери кол алдындагыларды улам катарга тизип, ким бар, ким жок деп текшерип, «гоняйть» этип атканда Рамишвили чатырда китеп окуп жатчу. Килтейген калың китептерди бир заматта окуп салып, анан чатырма-чатыр кыдырып, жаңы китеп издеп кетет. Дээринен эле ушундай ыкшообу же аскердик кызматтан жедеп чарчап бүткөнбү, айтор, офицер эмес эле колхоздун тоок фермасынын башчысындай жүрчү. Бирок студенттер аны дал ушул мүнөзү, бизди катуу көзөмөлдөп, кыйнабаганы үчүн жакшы көрүшчү.

— Что, хотите чтоб я тоже нянчил вас как этот?- дечү күнү-түнү кол алдындагылар менен кошо жүргөн экинчи ротанын командирин көргөзүп.

— Нет-нет… — дешет анда балдар туш-тараптан чурулдап.

Баарыбыз бир айдан бери мээ кайнаткан ысыкта БТРдин артынан чуркап, таштак талаада окоп казып чарчаганбыз. Желкебиздин териси эки-үч сыйрадан түлөп түшүп, өтүк өйкөгөн буттар баскандан заарканат. Анан сбор бүгүн бүтөт, эртең бүтөт деп күн санап, студенттик жай турмуш көздөн учуп турганда Жанаттын минтип курска старшина болуп, темирдей тартип орнотууга белсенгени биз үчүн көңүл чөгөргөн жаңылык болду.

Жанаттын буга чейинки бир жоругун сбордогулар сөз кылып, талкуулап бүтүшө элек болчу. Мындан бир жума мурда дневальный түн жарымда үшүгөнүнөн одеал жамынып турганын көргөн кафедранын полковниги адегенде аны кийим тартибин бузганы үчүн тилдеп, анан кайра боору ооруган го, таң атканча кезек менен кийип тургула деп үстүндөгү шинелин чечип бериптир. Анан кайран дневальный полковниктин шинелин кийип алып, кербездене ары-бери басып турса тамеки сураппы, же ширеңке сураппы, айтор, эл жатса да жатпаган, эл тынчыса да тынчыбаган Жанат келип калат экен. Дневальныйдан шинелди чечтирип алып, шаша-буша үстүнө киет да ашкана жакка зуу коёт. Андан аркысын балдар «Кара дөө» деп коюшчу ашпозчу жигит мынтип айтып берип атат:

— Алик, Узакбай, мен болуп карта чабышып отурганбыз. Аңгыча эле эшиктен бир полковник кирип келди. «Встать!» деди босогону аттаар замат. «Дармоеды! Государства на вас огромные деньги тратить, а вы тут хернёй заниметесь. Завтра же выгоню вас к чертовой матери! И сборам, и учебам в университете будет конец!» деди. «Конец» деген сөздү укканда жүрөгүбүз түшүп калды. Мен эң четте тургам. Ичимен мобул полковник өтө эле жаш го, фуражкасы да жок, өтүгү солдатский экен деп башымды буруп, эми өңүн карайын дегенде «Смирно!» дейт. Кайра какайып туруп калам. Анын үстүнө орусчаны аябай грамотно сүйлөйт экен. Аябай тилдеген соң мени «Жүр, кампаны ач» деди. Ачып берсем он чакты консерваны баштыкка салдырып, бир бөлкө нанга сары майды сүйкөттү да көтөргөн бойдон кетип калды. Биз болсо мындай полковник жок эле го деп бүшүркөп отурабыз. Бир топтон кийин гана Узакбай: «эми эстедим. Бул жанагы экономфакта окуган бала го деп атпайбы».

Андыктан эми Жанаттын курстун старшинасы болуп дайындалганын укканда сбордогулар бир чети кооптонуп, бир чети дагы эмне баштаар экен деп анын жаңы «приключениелерин» күтүп калышты.

— Жанат сөзүндө турат. Тартип орнотом дедиби, орнотот, — деди Нарынбек аттуу кочкорлук жигит ишенимдүү.

Кечки тамак учурунда Жанат өтө олуттуу түр менен ашканада ары-бери басып жүрдү. Ашкана боюнча нөөмөтчү болгон балдарга эмне үчүн идиштер таза жуулган эмес, эмнеге бат кыймылдабайсыңар деп сын айтып, анан улам бир столдун жанына келет да кандай өтүнүчтөр бар экенин сурайт.

— Нан болсо жакшы болот эле, — деди тамактанып аткан балдардын бири.

— Нет проблем! — Жанат ашкана жакка басып кетти да бат эле кайра келди.

— К сожалению, хлеба не осталось. Но есть каша. Кто хочет, может попросить добавку.

Балдар Жанат нан алып келээринен көп деле үмүттөнүшкөн эмес. Бирок ошентсе да жанагинтип кам көрүп атканына ичтери жылып, сүйүнүп калышты.

Жанаттын сбордогу бийлиги жарым гана күнгө созулду. Кечки тамактан көп өтпөй эле «Жанаттын бети ачылыптыр, «Сидорчук мага старшина наамын берди дегени калп экен» деген сөз чатырдан чатырга шамалдай эле тарады. Көрсө, биз тамактанып туруп кеткен соң Жанат нөөмөтчү майорго барып, «ротаны катарга тизиңиз, мен азыр барып текшерем» дептир. Ызасынан оозуна сөз келбей калган офицер чуркаган бойдон сбордун начальниги, майор Сорокинге барыптыр. Сорокин териштире баштаса полковник Сидорчук Жанатка эч кандай наам бербегени, старшиналыкты ал өзүнө-өзү ыйгарып алганы ашкере болот.

Эртеси күнкү развод Жанаттын айыбын угузуудан башталды.

— Этот новоявленный фюрер обьявил себя старшиной курса и издевался над офицером, — деди Сорокин күпүлдөп. — Если кто-то из вас еще не знает, то запомните: офицер — это официальный человек. И я никому не позволю над ним издеваться.

Анан өктөм буйрук кылды:

— Самозванец, выйти из строя!

— Его здесь нет, — деди ротанын командири.

— А где он?

— В палатке, наверное.

— А ну-ка, быстро приведите его сюда.

Чатырды көздөй чуркап кеткен ротанын старшинасы тез эле кайра келип калды.

— Товарищ майор, он не хочет.

— Как это не хочет? — деди майор ок жеген аюудай айкырып. — Командиры первой роты, приведите его ко мне. Живым или мертвым…

Командирлер безген бойдон кетишти. Беш жүздөн ашуун киши, миңден ашуун көз чатыр жакты телмирип карап турабыз. Бир маалда жоон топ киши көрүндү. Эң алдыда ротанын старшинасы, эки жагында үч взводдун командирлери, ортодо болсо Жанат келатат. Белинде куру, башында пилоткасы жок. Кудум базарда жүргөндөй жайбаракат басып келди да Сорокиндин алдында туруп калды.

— Смирно! — деди майор.

Жанат уктагандай түр көрсөттү.

— Вы не можете или не хотите?

— Не хочу, — деди Жанат.

— В таком случае вы свободны. Я сегодня же напишу рапорт на имя начальника кафедры. Как только он подпишет, вы будете отчислены из университета.

Жанат лагерден кантип кеткенин биз көргөн жокпуз. Ал күнү кечке адырдын этегинде окоп казып, коргонуунун ыкмаларын үйрөнүп, кечинде суй жыгыла жаздап келсек Жанат кетип калган экен. Бирок сбор бүтөөр-бүткөнчө балдардын баары аны сөз кылып жүрүштү.

— Келесоо да, — дешчү кээ бирөөлөр жактырбай, — Жаш бала да кылбай турган ишти кылып, окууну бүтөөрдө айдалып кетти.

Бирок балдардын көбү аны урмат менен эстешчү.

— Молодец! -дешчү ичтери элжиреп, — Жарым күн беш ротаны честь бердирбедиби! Эр экен эй…

Мамат САБЫРОВ  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *