Якуп ДЕЛИӨМЕРОГЛУ

АҢГЕМЕ

Күндүн алгачкы нурлары жер үстүнө чачырай баштаганга удаа анын самолёту да жерге конду. Мындан ары жолун такси менен улантмак. Алгач аэропорттун бажы бөлүмүндө документтерин ырастап бүтүп, андан соң транзиттик виза менен коңшу мамлекетке кетмек.

Бажы кызматкерлеринин мамилелери ошол мамлекеттин жашоо-турмушун чагылдырып тургансып сезилчү ага. Эшиктен кирериң менен ошол элдин социалдык турмушу, экономикалык деңгээли, билим берүүсүнүн абалы, калктын тынчтыгы ж.б…баары бажы бөлүмүнүн босогосунан эле айкын болот. Адамдар айтпаса деле алардын кандайдыр бир кыймыл-аракеттери аркылуу түшүнсө болот. Турмуш-шарты мыкты, экономикалык абалы күчтүү өлкөлөрдүн аэропортторунда бири-биринин укуктарын тебелебей, аэропорт менен учуу эрежелерин кынтыксыз аткарган жүргүнчүлөр, кишини кайырмакка илгенди өнөр тутуп алган экономикалык абалы төмөнүрөөк мамлекеттин аэропортуна коно электе эле самолёттун ичинде бири-бирин түртүшүп, жалпы эрежелерди көзгө илбей баштайт. Бир саат мурда эле бири-бири менен маданияттуу сүйлөшүп аткан адамдар дароо өзгөрүлүп, таптакыр башка кишилерден болуп калат.

Конгондон кийин, аэропорттун мостойгон кызматкерлеринин түндүгүңө карап иш кыл дегендей төрөпейил мамилелери жаңы келгендерге көп нерсени тушүндүрөр эле. Ал өлкөдө бара турган мекемеси же кишиси болбогондор ишенимсиз кыймыл-аракеттери менен бажы бөлүмүнөн батыраак өтүп кетүү үчүн далбас урушат.

Кадирдин аэропортунун кире беришиндеги виза иштери узакка созулган жок. Коңшу мамлекеттин визасы менен иш уруксатын көргөн кызматкер зоболосун көрсөтүү үчүн паспорттун бетине тарс-тарс эттире мөөрлөрдү басты да, документин кайра өзүнө сунду. Мейман ал кызматкерге сездирбестен, ичинен бир өх деп алды. Биринчи эшиктен өттү.

Бирок биротоло дем басууга али эрте эле, азыр таксиге отуруп экинчи бажы бөлүмүнөн өтүшү керек. Кадирдин аэропортко жакынкы бажы бөлүмүнө такси менен барышы зарыл болчу. Бара турган машиненин номери коңшу мамлекеттики болушу абзел. Кан жол менен бажы бөлүмүнөн өтө турган бардык мамлекеттерде эки мамлекеттин тең номерлери бар таксилерди табууга болот. Бара турган мамлекеттин мекемесине таксинин номери окшош болбосо аны көргөн жолкүзөт кызматкерлери текшерүүнү шылтоо кылып пара алышат.

Бирок Кадирдин тарбиясынанбы, же пара берип көрбөгөнүнөнбү, аны берип атканда маңдайындагы кишиге наалат айткан сымал, жандүйнөсү кыйнала берчү. Берген акчасын тиги киши чөнтөгүнө салып атканда Кадирдин бети кызарып, жүрөгү дүкүлдөп баштачу. Бу жолу ал аэропорттон чыгып-чыга электе эле эки киши: «Байке, такси керекпи» – деп артынан калбай ээрчип алды. Кадир агарып келаткан таңдын үрүл-баралында таксисттердин үстү-башы тыканыраак, кебетеси түзүгүрөгүн тандай баштады. Эшикке чыгары менен такси сунуштагандар андан бетер көбөйдү. Көз кыры менен бардык таксисттерди карап чыгып, арасынан обочодо турган оор басырыктуу, орто жаштагы толмоч кишиге башын ийкеди.

Ал таксист өзүнө ишеним көрсөтүлгөн соң, алдындагы эки жаш жигитти эки жакка түртө сала Кадирдин чемодандарын алды.

– Машине биякта, жүрүңүз, – деди ал.

Калгандары улам чыккан жүргүнчүлөргө «такси керекпи» деген суроолорду жаадыргандары менен Кадирдин таксист экөө соодалашкандарына кулактарын салып турушат.

– Каякка барабыз, байке? – бул сооданы өз пайдасына чечүү үчүн колдонгон таксисттердин ыкмасы эле.

– Ханчайырына, – деди Кадир.

– Жүзгө жеткирем.

– Кырк туура болот.

– Байке, биз түнкү баа менен барабыз да, түнкү баа ушундай. Кадир теребелден асманга кыйла көтөрүлүп калган күндү карады да:

– Сенин күнүң башкача чыгабы, эртең менен болду го… кыркка барам, – деди.

– Мейли, байке, элүү болсун,– таксист түшүп берди.

Кадир макул дегенсип башын ийкеди да, машинени көздөй басты.

Машине Европадан кантип келгени белгисиз эски «Мерседес» үлгүсүндөгү машине эле. Мотору онтоп атып от алды.

– Коңшу жаккабы, байке?– деди таксист.

Ханчайыры эки өлкөнүн ортосунда жүргүнчү ташыган таксисттердин аялдамасы экенин билген тажрыйбалуу таксист анын каякка бара турганынан жаңылбады.

– Ооба,– деди Кадир.

– Ишенимдүү кишилер бар, байке. Айтып коёюнбу?

– Мейли. Бирок тияктын номери болсун, – деди.

Кадирден алган акча менен нан тапкан таксист чын эле жакшы ниетте айтып атабы, же тиякка отургузган машинеден чотурун алабы, ошонусу кызык болду Кадирге. Кадир мындай суроолорго жооп тапкыча айланасына көз чаптырып баратты.

Жолдо эки жерде жолкүзөт текшерүүсүнөн өтүштү. МАИ кызматкерлеринин машинелерин көргөн сайын таксист өз тилинде аларды паракорлор деп сөгүп атты.

– Алар эле жалгыз эмес да, – деди Кадир күлүп.

– Бизди кыйнаганы үчүн сөгөбүз да аларды, байке, – деди таксист. Андан наркы сөзүн балдары тууралуу бирдемелерди айтып буруп кетти.

Ханчайырындагы орун которуу деле узакка созулган жок. Чын эле Кадирди жеткирип келген таксисттин аэропорттогу отургуза турган таанышынын машинеси таза, өзү да ишенимдүү кишиге окшоду. Бир аз соодалашкан соң, шопур чемодандарды багажга жайгаштырды. Кадир болсо таксисттин акчасын төлөп, тиги менен коштошту.

Коңшу мамлекеттин бажы бөлүмүнө ыкчам эле жетишти. Ал жер жымжырттай сезилди. Айдоочу:

– Мен машиненин документтерин жөндөй калайын, сен паспортторуңду бүтүрүп чыга кал. Маңдайдан жолугушабыз,– деди.

Кадир жаңы салынган бажы имаратына кирди. Көздөрү менен паспорт текшерүү будкасын издеди. Залда эч ким жок эле. Иш күнү жаңы башталгандыктан, кызматкерлердин баары өз орундарында олтурган. Бир будканын артында отурган жаш кызматкер менен капысынан тиктеше калды. Тиги кызматкер кел дегенсип ага башын ийкеди. Кадир ага жакындап келип, паспортун сунду.

Паспорттун беттерин шашылбай ачкан кызматкер алгач эле сүрөттүү бетин тапты. Биринчи сүрөттү, анан Кадирди карады. Паспорт текшерүүнүн эң ыңгайсыз учуру ушул эле. Кызматкер шектенүү менен кайрадан сүрөткө, анан Кадирдин жүзүнө тигилди. Бул учурду атайын эле созуп жаткандай сезилип кетти Кадирге. Сүрөт менен киши дал келгендигине ишенген соң, өз өлкөсүнүн визасын табуу үчүн кийинки беттерин ача баштады.

Кадир кызматкердин кыймыл-аракетин ашыга карап турду. Кызматкер визаны да тапты. Абдан олуттуу түрдө визаны текшерип чыкты. Алдындагы клавиатураны көздөй обдулуп:

– Иштегени келдиңби? – деп сурады.

– Ооба, – деди Кадир, – Курулуш фирмасынын жетекчисимин. Иштеген жери менен милдетин суратпай эле айтып кирди. Баары бир сурамак да.

– Деректирсиңби?

– Жок, деректирдин орун басарымын. Бул учурда компьютерге Кадирдин аты-жөнүн терип атты.

– Жүз доллар бер анда.

– Бардык документтерим ордунда болсо, эмнеге жүз доллар берем?

Тиги Кадирдин айткандарын укмаксанга салып, компьютерге паспорт номерлерин терген болду.

– Канча жылдан бери биякта иштейсиң?

– Төрт жыл болду,– деди Кадир.

– Тилибизди жакшы билип калыптырсың.

– Жакшы деп эсептесе болот.

Кадирдин акценти жок сүйлөгөнүн уккандар аны чет өлкөлүк деп ойлошпой турган.

– Тил курсуна бардың беле?

– Ооба, келген жылы алты ай тил сабагына баргам.

Кызматкер башын көтөрбөстөн:

– Анда элүү доллар бер, – деди.

Алардын тилин билгендиги үчүн жеңилдик берип жаткандай сезилди.

– Силердин кылган ашыкча бир ишиңер жок, эмнеге берем элүү долларды? Бардык документтерим туура.

Тиги болсо дагы эле Кадирдин айткандарын укмаксанга салып, компьютерди караган бойдон суроосун улантты:

– Иш уруксатың барбы?

– Ооба.

– Жаныңдабы?

– Ооба,– деген Кадир иш уруксат кагазын да кызматкерге сунду.

Документти текшерип чыгып, паспорттун жанына койду. Отурган тар столунан мөөрүн издей баштады. Дагы эле башын көтөрбөстөн:

– Мейли, анда жыйырма беш доллар,– деди бажыгер.

Кадир же күлөрүн, же ыйларын билбей калды.

– Эмне үчүн береримди айт, берейин?

Кызматкер мөөрүн тапты. Анысын тез-тезден штампелге, анан Кадирдин паспортуна тарсылдатып басты. Иш уруксатын паспортунун ичине салып атып:

– Кел, чай ичели?– деди.

Кадирге анын сунушун кагууга мүмкүнчүлүк берген жок. Ордунан туруп, будканын артына кел дегендей колу менен ишара кылды.

Арткы коридордогу бөлмөдө отурушуп, Кадир менен тил үйрөнүүдөн баштап курулушка чейин сүйлөшүп отурушту. Чайлар келди. Кызматкер чайынан бир ууртап:

– Болуптур, анда он доллар таштап кет,– деди ийге келгендей.

Кадир аябай айран-таң калды. Жумуштары бүтүп, паспорту чөнтөгүндө эле. Бул он доллар дагы эмненин баасы болду экен?

– Макул берейин, бирок эмнеге бере турганымды айтсаң, анан берем?

Кызматкер ошондо Кадирдин бетине жакыныраак ийилип:

– Кадир бей, сен бербесең, башкалары бербесе, мен биякка жумушка орношуп атканда чоңдорго берген акчамды кайра кантип чыгарам? – деди.

Кадир не деп айтарын билбей нес болуп калды. Чөнтөгүнөн капчыгын алып чыгып он долларды алды да, кызматкерге сунду. Чайын ичпей сыртка чыкты.

Кызматкер аны эшикке чейин узатып чыкты да, эски тааныштары сымал кол берип коштошту.

Кадир өзүн күткөн жанакыл таксиге отурду да, сапарын андан нары улантты.

Ал эми жолдо машинени МАИ кызматкерлери токтотуп калса, аларга он долларды мен төлөймүнбү, же шопур төлөйбү деген кыжаалат суроолорго түйшөлүп баратты.

Түрк тилинен которгон Салия ИБРАИМОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *