Акыркы маектеринин бири

— Турмушуңузда күндөлүк же кат жазасызбы?

— Биздин элде андай салт жогу жана андайга маани бербегенибиз өтө жаман. Бирок буга өзүм деле маани бербей келдим. Орустун жана дүйнөнүн улуу жазуучуларынын кат менен күндөлүктөрүн окуп калганда ичим тыз дей түшөт. Ыраматылык Аалыке (Токомбаев) жазуучуларды «кат жазышып жүрөлү» десе, «кенедей бир шаарда жашап атып, ошол кантип болсун» деп тыраңдап күлүшкөнү бар. А негизиле кат жазышуу, күндөлүк жазуу да көркөм өнөргө кирет. Азыр эми телефон менен факс байланышы чыккандан кийин көңүл бурбай калдык да, та-ак…

— Муну эми мемуардык чыгармалар кыргыз адабиятында колго көп урунбаганынан улам айтканым да…

— Бирөө жөнүндө эскерүү жазганда кат менен күндөлүк табылгыс документ болуп берерин көбүбүз эске албайт турбайбызбы. Константин Юдахиндин Москвадагы досторуна жазган каттары көп деп угам. Менин оюмча, ал киши жеткен чынчыл, таза жан эле, мүмкүн далай былыктарыбызды жазды болуш керек. Анан да илим турмушундагы кызыктуу маалыматтарды жазбай койгон жоктур. Илим, тарых, адабият, искусствону изилдегенде, өз мезгилиндеги атмосфераны күндөлүк же каттар гана жакшы бералат, майда көрүнүштөрдөн чоң нерсеге чейин. Мисалга, ушул эле орус турмушунда артисттер деле кат, күндөлүк түрүндө көп мурастарды тарых бетине калтырып кетип аткандарын көрүп, аттиң дейсиң.

— Китеп менен канча жашыңызда дос болдуңуз эле?

— Эптеп эле тамга тааныгандан башталды окшойт. Маданий борбору, темир жолу, асфальт жолу жок шаардан алыс айылдын китепканасынын кынуусун 4-классымдан баштап алдым. Ал аз келгенсип Өзгөн базарына каттагандардан өзбекче китептерди сатып ала кел дечүмүн. Радио угуп, пионер гезитин окуганда, тилегим шаар турмушу болуп, кыялым укмуш эле. Кийин 7-классты бүтүп, Фрунзеге келип окудум. Эки жылда орусча үйрөнүп, «Абай жолун», «Тынч Донду», «Согуш жана тынчтыкты» окугандан кийин абыдан жаман абалда болдум. Жандүйнөм аңтарылып калды. Себеби, айылда окуган кыргызча, өзбекче китептерден башка дүйнө, башка ааламды орусча китептерден тааныдым да. Мага жаңы ачылыштар пайда болду.

— Ал эми китептен, кыялдан бөлүнүп, өз алдыңызча качантан баштап ой жүгүртө баштадыңыз?

— Чыңгыздан башка кыргыз жазуучулары ушуга чейин өз алдынча ойлонгонду үйрөнө алышкан жок, анан мен өз алдымча ойлоном (Мыйыгынан күлүп, көз кыйыгынан мени карап койду. Аябай көпкө күлдүк… – О.Ш). Мен өз алдымча ойлонуп калганым – тарыхты, аны-муну сын көз менен караганым. Өкмөттүн, чоңдордун айткандарына ишенбей, гезиттердин жазгандары менен радионун айткандары башка, жүрүп жаткан турмуш башка экенин көп кыргыздарга караганда эрте ажыраттым. Бирөөлөр сүйлөп атканда анча ишенбей, жалган сезип, эрте эле куу болуп алдым. Чынын айтсам, орусча китептерди окуй баштагандан көзүм ачылды.

— Түркчө, татарчаны кайдан жүрүп өздөштүрүп алдыңыз эле?

— Айылдык мектепте окуп жүргөндөле өзбектердин радиосун тыңшап, китептерине кызыгып, алардын тилдерин окшоштуруп сүйлөй берчүмүн. Болбосо биздин айылда өзбектер деле жашачу эмес. Шаарга каттаганда казакча китептерди да сатып алып окуй берип, казакчаны өздөштүрүп кеттим. Кийин жогорку окуу жайга киргенде татарча китептерди өз алдымча окуп жүрүп эле адабий тилинен өйдө өздөштүрүп кеттим. Академияда иштеп жүргөндө болсо Москва аркылуу түрк тилиндеги адабияттар келип турчу, аларды менден башка бир да кыргыз карачу эмес, анан ошентип түрк тилин да китеп аркылуу үйрөнгөмүн.

— Дегеле кайсы тилдеги адабиятты көбүрөөк окудуңуз?

— Дүйнөлүк жазуучулардын кимиси модага айланып сөз болсоле ошонун баарын окуп чыкканга аракет кылчумун. Негизинен эң көп окуганым — орус адабияты. Кыргыз баарын эле билем дей берет да, мен ошо орус адабиятын абыдан жакшы билем.

— Сиздин мээнетиңиз менен колубузга тийген Назым Хихметтин ырлары эркин котормобу же түпнускасына байландыңызбы?

— Эми кыргызча ыр болуш үчүн Хихметтин сөздөрүн камырдай ийлеп, бирок сөздү кесмедей чойбой турган кылып иштедим, түпнускадан алыстаганым деле жок.

— Ыргак, муун-өлчөмдөрүнө келгенде канттиңиз?

— Ыр кыргызча мүнөзгө айланбаса, кыргыздар Салижанды жети атасына чейин сөкмөк. Назым Хикмет сүрөттү кисти эмес, шыбабыра менен дубал бетине балпайтып тарткандай тартып, бирок деталдарын жакшы иштеген эмес. Алыстан жакшы кабыл алынат, а которуп келсең, өксүгөн жерлери көзгө даана урунат. Мен ошол жерлерин кыргызчада жакшыртып койдум. Экинчиден, кыргыз тили — ырдын тили. Ушуну ыр жазымыш болгондордун көбү билбейт. Мисалы, астырдан деп айтса да, астыртадан деп айтса да, маанисин жоготпой турган сөздөр толтура. Ал эми ырга бул абдан керек. Кээде бир эле муун уйкаштыкка туура келбей калса, издей келсең, ошол бир саптагы бир сөздүн мууну сөзсүз табылат. Керек болуп калса, бир муунду кемитип салсаң да мааниси калат. Анан кыргыз сөздөрүндө абстрактуу сөздөр аз. Сөздөрдүн көбү элестүү. Музыкалык мукамына, көркүнө чыгып, шаңгырап турат. Мындай тил менен ыр жазганга артыкчылыктар көп. Бирок өкүнүчтүүсү, кыргыз акындары техника жагынан чеберчилик көрсөтө алышпайт. Сөз менен узангылары келбейт. Ой-пикир, билимдери артта. Биздин акындар орусча да жакшы билишпегендиктен орус адабиятындагы тажрыйбаларды өздөрүнө сиңирип, үйрөналбай келет. Бул дүйнөдө Пушкин бар экенин билишет, бирок анын чыгармачылыгынын көлөкөсү менен жарыгын көрүшпөйт. Эң жаманы – өздөрүнүн кайгысынан мурда Сталин өлсө Сталиндин, Киров өлсө Кировдун кайгысын каңырыгы түтөп ыр жазып келишкен. Тууганы же баласынан, ата-энесинен айрылса, каңырык түтөткөн ыр жаза алышпайт. Көпчүлүгү элдин атынан кайгырат, элдин атынан сүйлөйт. А дүйнөдө улуу акындар өздөрүнүн гана атынан сүйлөйт.

— Кийинки кездерде ыр менен роман жазуу күчөбөдүбү бизде, буга кандай карайсыз?

— Ыр менен роман жазуу бизде гана болушу мүмкүн, анан эң артта калган майда элдерде. Анан бир гана Пушкиндей улуу таланттардын колунан келет.

— Чыгарманын канчасы апыртма, канчасы турмуштук болуш керек?

— Мукай Элебаев өз өмүр баянын жазган чыгармасында «жаныман бир да сөз ойлоп таап кошкон эмесмин» деп атпайбы, ошо эчнерсе ойлоп кошпогону үчүн романы очерк болуп калган. Азыр эми анын чыгармасын окуп чыгуу мүмкүн эмес. Чыгарма жаралганда кыял, фантазия оргуп кошулуп турбаса, өлүү чыгармага айланат.

— Азыр китептерди мурдагыдай эле көп окуйсузбу?

— Биринчиден, үйдө телевизор деген чоң азгырык бар, (болгондо да кабелдүү) экинчиден, жаңы китептерди сатып алып окууга мүмкүнчүлүк аз. Китептер кудайды карабай кымбаттап кетти. Буга чейин желмогуздай болуп көп нерсени билип алыпмын, колго тийген китептер да канаттандырбай калды. Күнүгө жаңылык билип турбасам, чер жазылбайт, бирок ошентип күндөр өтүп атат. А мен кызыккан гезит-журналдар Орусиядан келбей калды. Баягыле Толстой, Достоевскийди окуй бергенден жададым. Азыр эми каргандан кийин китепти уктап кетиш үчүн эле окуп калдым.

— А кайсы чыгармаларды кайта-кайта окуйсуз?

— Шерлок Холмс. Анын жакшы жери – окуп, сюжеттерди кайта унутуп калып, кайта окуй бересиң. Просто жыргайсың да.

— Совет өкмөтү урагандан кийин, сиз үчүн заман кандай болду?

— Жазуучулар жүдөдү. Совет өкмөтү багып турганда жазуучулар элдин эркеси элек, бекер эле ал замандын цензурасынан жадачу экенбиз. Азыр болсо коомдун кедейлиги – Советтик цензурадан да жаман болду. Биздин эл билимсиздигинен кедей экенин айтсаң, жаман көрүшөт, таарынышат. Же бизге кудай-таала арабдардыкындай нефти, газ берип койбоптур, же казактардыкындай берекелүү кең талаа бербептир, демек, билимдүү бололу, башыбызды иштетели десең, жиндери кайнайт. Ой, башы иштебеген киши кедей болот да, туурабы?

— Китеп текчеңизде кыргыз акын-жазуучуларынын кимиси турат?

— Баарысы эле бар (Ушул жерден аябай күлдүк, мен араң тыйылдым. – О. Ш). Себеби, кудай урбадыбы, студенттерге сабак үйрөтүү үчүн керек да. Бирок аларды окуп чыгыш ушунчалык тозок.

— Орустарда эстрадалык жазуучулар көбөйдү. Сиз аудиторияда лекция окуп, элдин алдына чыгып сүйлөгөндү, күлдүргөндү билесиз, эмнеге артисттик мимикаларыңызды сахнада көрсөтпөйсүз?

— Баягыда 50 жаштагы юбилейим өтүп, ыр окуп, элдин суроолоруна берген жоопторумду теледен көрсөтүштү. Эл аябай күлүптүр, өзүм да күлдүм. Айыл жактагылар ошондо эле «артист турбайсыңбы» дешкен. Во-опше та… сахнага чыксам болот, ошону уюштурган киши жок да.

“Бишкек таймс” гезити (2003-ж., 8-февраль – №2)

Салижан акенин ушул кебинен улам мен анын чыгармачыл кечесин уюштуруу милдетин моюнга алып, 2003-жыл, 16-май күнү Т.Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында кече өткөзмөй болдук. Кеченин алып баруучусу Түгөлбай Казаков болуп, сценарий түзүлө баштады. Массалык маалымат каражаттары да атпай-журтка С.Жигитовдун чыгармачыл кечеси өтө тургандыгын жарыялап жиберди. Билеттердин алды болсо сатыла баштады. Бирок убакыт күндөн күнгө жакындаган сайын Салижан акебиз «ана-мына» дей баштаганына жаным төрт чарчы болуп, Т.Казаков болсо 1-2 жолу репетиция керектигин эскерте баштады. Тынчым кеткенинен Салижан акеге телефон шыңгыратсам, «ооруп жатам, үйгө келип кет, сүйлөшөбүз» деп калды…

Босогону аттаарым менен Салижан аке кабаттуу үйдө, (болгондо да жазында) бутуна чокой кийип алыптыр. Үстүнкү кийимдери да калың. Өңү керсур тартып турат. Амандашарыбыз менен «сөздөн ишке өтөбүзбү» десем, Салижан аке чыйрыгып турганын айтып, акыркы убактагы көргөн түштөрү жөнүндө кобурай баштады. «Күрүлдөп аккан чоң суунун шарына агып баратыпмын. Жээкте Кимия эжең менен Салима (кызы) артыман кубалап эле жетпейт. Дагы бир түшүмдө астыңкы тишимдин барысы эле түшүп калыптыр. Түштө тиш түшкөн жаман болчу эле, кудай уруп…» — деп калды. Менин эсиме ошол замат Фрейдин түш жөнүндөгү аныктамалары келе калганынан — Салижан аке, сиздин астыңкы тиштериңиз каптама тиш (протес) боло турган эле, туурабы? — десем, — ооба, — дегенинен: — андан эч бир жан этиңиз оорубайт, каптама тиш деген эмне… жасалма да, өлсө бир алысырак туугандарыңыздын бирөөсү өлөт экен» — деп койсом Сакем буга кадимкидей ишенкирегенсий түштү. Андан кийин көңүлдөр жай сүйлөшүп отурдук. Бирок чыгармачыл кечесин өткөрүүдөн баш тартып койду. «Алым кетип жүрөт, кечени күзгө жылдыра туралы» дегенинен, аргасыз макул болдум. Бирок күз да келди, Салижан аке болсо денсоолук менен алышып жүрдү. «Кудай уруп, врачтарың рак деп атышат» деген чочулоосун айтты.

Дагы бир далай убакыттан кийин жолуксам, өпкөсүнөн операция болгонун уктум. Өңү шопойо түшүптүр. Кийинчерек онкология бөлүмүндө жатканында дагы бир кезигиштик. Бирок анда өлүмгө баш ийип жашап жаткан Салижан акеге кезиктим. «Эми бул дарттан айыгып кеткен ким бар экен, үйгө чыксам, кыргыз адабиятынын тарыхы жөнүндө бүтпөй келаткан кагаздарды толуктайын деп атам. Баягы «Кызыл күүгүм» романын, «Күн тууду» повестимдин толуктачу жерлери бар эле… Баары эле башымда турат. Жазыш керек. Тандалма ырларымдын чакан жыйнагы да даяр. Айтор, бүгүн түштөн кийин үйгө чыгып барсам, кагаздарымдын аяк-башын жыйнаштырып коёюн деп атам. Анан Табылды Эгембердиевге окшогон байларга барып, «эми мен өлүп калат экемин, китебимди чыгарып бергиле» деп спекуляция жасабай жан жокпу» деп, адатындай карсылдап күлүп калды.

Кийинчерек тандалма ырларыңыздын жыйнагын Садык Шер-Нияз «Айтыш» фонддун эсебинен чыгарып бермей болду дегенимди укканда, кубанып калды. «Эми баш сөзүңүздү өзүңүз эле жазганыңыз туура болот ко» дегениме дароо көндү, «анда китептин редактору Алым Токтомушев болсун» деди. Бирок аттиң ошол «Жаңырык» аттуу ырлар жыйнагынын жарыкка чыкканын улуу акыныбыз көрбөй кетти…

Олжобай ШАКИР
«Dе-факто» №07, 14.02.08-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *